Научная статья на тему 'АДАМДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН КАЛЫПТООДОГУ ИСКУССТВОНУН РОЛУ'

АДАМДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН КАЛЫПТООДОГУ ИСКУССТВОНУН РОЛУ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
8
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
искусство / жан дүйнө / рухий / калыптоо / art / soul / spiritual / formation

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Полотова Гүлзат

Бул макалада негизинен искусствонун адам баласынын жан дүйнөсүнө тийгизген таасири, ролу тууралуу баяндалат. Искусствону жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрүүгө болбойт. Ал инсандын ички рухий байлыгын, ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө болгон көз карашын өстүрүүдө, анын адамгерчилик сапаттарын калыптоодо, ошондой эле психофизиологиялык процессине таасир этүүдө искусство эң маанилүү орунду ээлейт

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ROLE OF ART IN FORMING THE HUMAN SOUL

This article mainly talks about the influence and role of art on the human soul. Art cannot be explained in simple words. Art occupies an important place in the development of the inner spiritual wealth of a person, his thinking, his worldview, the formation of his human qualities, as well as the impact on his psychophysiological process.

Текст научной работы на тему «АДАМДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН КАЛЫПТООДОГУ ИСКУССТВОНУН РОЛУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 94-99

ИСКУССТВО

УДК: 7. 7. 08

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 15

АДАМДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН КАЛЫПТООДОГУ ИСКУССТВОНУН РОЛУ

РОЛЬ ИСКУССТВА В ФОРМИРОВАНИИ ДУШИ ЧЕЛОВЕКА THE ROLE OF ART IN FORMING THE HUMAN SOUL

Полотова Гүлзат

Полотова Гүлзат Polotova Gulzat

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет Master’s student, Osh State University polotovagulzat@gmail.com

АДАМДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН КАЛЫПТООДОГУ ИСКУССТВОНУН РОЛУ Аннотация

Бул макалада негизинен искусствонун адам баласынын жан дүйнөсүнө тийгизген таасири, ролу тууралуу баяндалат. Искусствону жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрүүгө болбойт. Ал инсандын ички рухий байлыгын, ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө болгон көз карашын өстүрүүдө, анын адамгерчилик сапаттарын калыптоодо, ошондой эле психофизиологиялык процессине таасир этүүдө искусство эң маанилүү орунду ээлейт

Ачкыч сөздөр: искусство, жан дүйнө, рухий, калыптоо.

РОЛЬ ИСКУССТВА В ФОРМИРОВАНИИ ДУШИ THE ROLE OF ART IN FORMING THE HUMAN

ЧЕЛОВЕКА SOUL

Аннотация

В данной статье в основном рассказывается о влиянии и роли искусства на душу человека. Искусство нельзя объяснить простыми словами. Искусство занимает важнейшее место в развитии внутреннего духовного богатства человека, его мышления, его

мировоззрения, формировании его человеческих качеств, а также воздействии на его

психофизиологический процесс.

Abstract

This article mainly talks about the influence and role of art on the human soul. Art cannot be explained in simple words. Art occupies an important place in the development of the inner spiritual wealth of a person, his thinking, his worldview, the formation of his human qualities, as well as the impact on his psychophysiological process.

Ключевые слова: искусство, душа, духовное, Keywords: art, soul, spiritual, formation.

формирование.

Киришүү

Теманын актуалдуулугу. Музыканын эмоцияга таасири да кызыктуу. Музыканын эмоцияга таасири жөнүндө байыркы замандан бери билишкен. Музыканы дарылоодо, согушта да колдонушкан. Музыка адамды тынчсыздандырган ойлордон арылууда, дарылоодо да колдонулат.

Бул макалада негизинен музыканын, искусствонун адам баласынын жан дүйнөсүнө тийгизген таасири тууралуу баяндалды.

Музыканын адам баласына таасири чоң. Музыканын добушу адамдын жан дүйнөсүн азыктандырат, белгилүү таасир этүү менен кан айлануусун басандатат же тездедет, нерв системеларын ойготот, же аны басылтат, кызыгууну арттырат, же жоошутат. Музыканын добушуна жараша белгилүү эффект пайда болот. Ошондуктан добушту таануу адам баласына башкаруу үчүн сыйкыр шайман, инструмент, жабдуу берет. Көркөм өнөрчүлүк дарылоочу касиетке ээ экендиги жашыруун сыр эмес. Изотерапия, бий изотерапиясы, музыка менен дарылоо - бул ачык чындык. Музыка фармакологиянын жаратуучусу, окумуштуу Роберт Шофлер белгилегендей; дарылоо максатында Чайсковскийдин бардык симфонияларын, Шуберттин- «Лесной, Царь», Бетховендин «К радости» чыгармаларын угуу керек. Ал баса көрсөткөндөй, бул чыгармалар тез айыгууга себепкер болот. Ал эми Колифорния Университетинин изилдөөчүлөрү анализ жүргүзүп Моцарттын музыкаларын 10 минут угуудан студенттердин тест тапшыруу интелектинин коефициенты 8-9 эсе жогорулаганын далилдешти.

Музыканын эмоцияга таасири да кызыктуу. Музыканын эмоцияга таасири жөнүндө байыркы замандан бери билишкен. Музыканы дарылоодо, согушта да колдонушкан. Музыка адамды тынчсыздандырган ойлордон арылууда, дарылоодо да колдонулат. Чарчоодон, чаалыгуудан арылуу каражаты катары музыкага чоң маани берилет. Музыка бир ишти баштоодо белгилүү ритм бере алат.

Көркөм өнөр адам баласынын жандуу, сулуу болушуна себепкер боло алат. Мисалы, сүрөт тартуу: байыркы замандан сакталып калган сүрөттөрдөн мындан эки, үч жана андан да көп кылымдар мурда адам баласы кандай жашаганды билүү мүмкүн. Бүгүнкү күндө учурдагы сүрөтчүлөр жараткан сүрөттөрдө, кандай гана мазмунда болбосун: абстракция, реализм, натюрморт же пейзаж - сүрөт тартуу өнөрү аркылуу адам баласы айлана-чөйрөнү ачык жана түстүү көрүүгө үйрөндү.

Албетте, опера көркөм өнөрүн таанып билүү үчүн, анын өзгөчөлүктөрүн билүү керек, угуучулардын аң-сезимине, эмоциясына таасир этип аткан музыканын жана вокалдын тилин түшүнүү абзел. Поэзияны жана сүрөт тартуу көркөм өнөрүн кабыл алуу үчүн белгилүү даярдык жана ага жараша түшүнүк керек.

Көркөм өнөрдүн адамга таасири узак мөөнөттү талап кылып, перспективдүү болушу мүмкүн. Көркөм өнөрдү тарбиялоодо, прафилактика иштеринде жана ден-соолук чыңдоо максатында колдонууда бул айтылгандардын мүмкүндүгү чоң экендиги баса белгиленет. Көркөм өнөр адам баласынын кандайдыр бир жөндөмүнө же алы күчүнө гана таасир этпестен, анын бүтүндөй инсандык касиетине таасир берет.

Искусство - турмуш чындыгынын коомдук аң сезимдин түрлөрүнүн, психологиянын, экономикалык саясаттын, юридиканын, идеологиянын, моралдык религиянын чөйрөсүн

чагылдыра алат. Ал коомдук аң - сезимдин формасы катары белгилүү образды чагылдыруу касиетинин негизинде адамдын ички психологиялык дүйнөсүнө таасир этет.

Ар кандай доордо жана ар кандай элдерде болбосун, искусство табигый идеал катары өз тарыхын, социалдык - экономикалык шартын, салт - санаасын, ой - мүдөөсүн чагылдырып турат.

Коомдук тиричиликтин негизинде пайда болуп, искусство кайра коом үчүн тарбиялык функцияны аткарат, башкача айтканда ар бир эл же коом өзүнүн тарыхый маңызы менен келечек муундарга таасир этет, же тескерисинче жашоону улантуучу муундар өткөн коомдун пайдалануу мурасына таянат. Ал тарыхты өзүндөй кайталоо дегендик эмес, жаңыча кырдаалга аракет дегендик.

Улам өнүгүп отуруп, коомдук аң - сезимдин негизинде пайда болуп, элдик чыгармачылык такшалып, белгилүү принциптүүлүктөргө жетишет. Искусствону жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрүүгө болбойт. Ал инсандын ички рухий байлыгын, ой жүгүртүүсүн, дүйнөгө болгон көз карашын өстүрүүдө, анын адамгерчилик сапаттарын калыптоодо, ошондой эле психофизиологиялык процессине таасир этүүдө искусство эң маанилүү орунду ээлейт.

Адам турмушу байыртадан бери искусстводо чагылдырылып келген. Бирок алгачкы учурда ал кыйыр түрдө болгон. Адамдарды, алардын турмушун башка предмет катары тикеден - тике сүрөттөө, байыркы гректердин адабиятынан башталат. Ошондон бери искусстводо адам баласынын турмушу негизги орунду ээлеп, анын жашоосу даңкталып келет. Бирок көрөм чыгармада жалаң гана адам сүрөттөлө бербейт. Анда адам тиричилигинин фонунда жаратылыш жана айлана - чөйрө да баяндалат. Ал көрүнүштөр негизги образды ачуучу кошумча каражат катары пайдаланылат.

В.Г. Белинский - “Табияттын чексиз кыймылы, токойлордун шуулдашы, күн нуруна жылтылдаган тулкунун булакташы, жөн турган эгинди тирмелип, эрке желдин жортушу, ырчы булактын шылдыраган үнү - ушулардын бардыгынан адам кээде арфанын ушундай жалгызсыраган муңдуу күүсүн укса, кээде асман алдында шапар тээп, жыргалчылыктын ырын ырдаган боз торгойдун жомогун угат. Ал эми адамдагы поэзия мындан да молураак - деп баса белгилеген. Ошентип улуу сынчы искуссвто жана анын предмети деп адамды, анын турмуш тиричилигин жана бүт ааламды түшүнгөн.

Көркөм образ кеңири түшүнүктү камтыйт. Ар түрдүү турмуш кырдаалдарды, пейзаждагы сүрөттөөлөр башкача айтканда портреттер өз алдынча образ боло алат. Бирок, алар типтештирилгенде гана чыныгы көркөм образдын деңгээлине жетет. Искусстводо жеке образдар аркылуу турмуш жалпыланат. Конкреттүү түшүнүктөр менен гана жазуучу жалпы нерсеге мүнөздүү касиеттерди, белгилерди ачып көрсөтө алат.

Жазуучу адам турмушун көрсөтүүнү максат кылган кезде, анын башынан өткөргөндөрүн ийне жибине чейин тизмелеп отурбайт.

Анткени чыгармачыл адам турмуштун жөнөкөй гана катчысы - регистратору эмес, турмуштун картинкасын дал өзүндөй түшүргөн көчүрмөчү же фотограф да эмес, ал эң ириде жаратуучу. Ошентип чыгармачыл адамдарды турмуштун эң урунттуу мүнөздүү жактарын гана тандап алат. Ушундан кийин гана чыгармачыл адам фактыларды өзүнүн чыгармачылыгын өткөрүп камкордук жактан жалпылаштырат. Андай кылбаганда жазуучунун

көрсөткөн адамдарынын турмушу жөнөкөй гана факты бойдон калаар эле.

К.Маркс искусствонун материалдык өндүрүш менен байланышы жөнүндө айтып келип, искусствону материалдык чындыктын көркөм рухий практикалык көрүнүшү катары эсептеген.

Коомдук турмуштагы эң байыркы жана жалпы ишмердүүлүктөрдүн маанилүү түрү искусство болуп эсептелет. Коомдук аң сезимдин формасы эсептелишин адамзаттын көркөм интеллектуалдык, эмоционалдык, нравалык - эстетикалык керектөөсүн канааттандыруучу функцияны аткарат.

Музыка уктуруунун эфефективдүү деңгээлин көтөрүүнүн эң маанилүү жолу көркөм адабияттарды образдуу түрдө пайдалана билүүнүн негизинде жүрөт. Уктуруулучу материал жана колдонулуучу көркөм адабияттар албетте окуучулардын физиологиялык өсүүсүнө, псхологиялык кабылдоосуна жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалууга тийиш.

Мисалы; кенже класстын окуучулары үчүн музыка уктурууда шайыр мүнөздөгү тез темптеги, чакан диапозондогу чыгармалар берилүүгө тийиш. Көбүнчө оюнкараак мүнөздөгү чыгармалар керектелинет. Психология илими көрсөткөндөй кенже балдардын эмоционалдык дүүлүгүсү тез болуп узакка созулбайт. Ошондуктан алар үчүн чакан гана чыгармалардын тандалып алынышы, максатка ылайыктуу. Ошондой эле өтүлүүчү материал образдуу чагылдыруусу жагынан монотиптүү болгондугу дурус жана конкреттүү форма, ой - мүнөздө болсо окуучулар жакшы кабыл алышат. Айрыкча кенже балдарга жомок стилиндеги чыгармаларды тандоо максатка ылайык. Себеби алардын кыял - жоруктары, элестетүүлөрү, гипербалалык мотивге ылайык келет. Мисалы К. Молдобасановдун “Кара теке” деген чыгармасын угуза турган болсок:

“Кара теке бой - бой,

Чөп тамырын койбой.

Сакалдары сексендеп,

Кепшей берет тойбой.

Күн ысыган кезде,

Жатып калат жылбай.

Кечки салкын түшкөндө,

Кайра ойнойт тынбайт” - деп образдуу кара текени сүрөттөгөн ырдын сөзү менен тааныштырып, андан кийин, андан кийин уктуруп, үйрөткөнүбүз балдардын музыканы кабыл алуусуна ылайыктуу нгарт тузөт. Бул өтө жөнөкөй, сөздөру тушунуктуу, обондун диаппозону квинта интервалын тузөт. Мында кара текенин кылык- жоруктары баяндалат. Балдарга угузууга жана уйрөтуугө өтө ыңгайлуу.

Корутунду. Музыка уктурууда жана көркөм адабияттарды пайдаланууда 5-6-класстын окуучулары учуй тандалган материалдын окуучулардын психологиялык кабылдоолоруна ылайык келуулөру керек. Бул куракта баатырдык, эрдик көрсөт темаларын жана ар кандай элдик чыгармаларды колдонсо болот. Өткөн учурлардын баатыр окуучуларын, эр жрөк азаматтарын идеял тутууга тарбиялоого болот. Мисалы: П Дегейтердин жана Э. Потьенин сөзнө жазылган «Интернационал» деген чыгарманы жана М. Глинканын «Иван Сусанин» операсынан зндлөрд угузууга болот.

Жогорку класстын окуучуларына музыка уктурууда барган сайын чыгармалардын

мазмунун да, көлөмүн да кеңейтүү талапка ылайык.

Р. Ковдун «Садко» операсынан фрагменттерди уктуруу үчүн жомоктун мазмуну же операга кадимки жомоктун өзун айтып берүү маанилүү. Уктурулуучу музыкалык чыгарманы искусствонун башка түрлөрү менен байланыштырып, алардын көркөм каражаттарын музыкалык образдарды түзүүдө эффективдүү пайдалануу азыркы учурдун музыка мугалимине коюлуучу негизги талап.

Адабияттар

1. Агаронян А. С. Культура повседневной жизни. Москва, 1991.

2. Баренбойм, Перунова Н. Путь к музыке. Москва, 1988.

3. Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова, Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 1 21. EDN: XIKOTG.

4. Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык

кабыл алууну өнүктүрүү. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54.

https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 7.

5. Николаев А., Рощина Л. Роль музыки в эстетическом воспитании детей. М.: Музыка, 2020.

6. Орозалиев, Э.С., Ыразаков, Д.А. (2021). Кыргыздын салттуу музыкалык искусствосу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 3, сс. 220-228. EDN: AHNWEQ.

7. Черноиваненко Н. М. Методика музыкального воспитание. М.: Музыка, 1986.

8. Ястребова Н. А. Формирование эстетического идеала и искусство. М.: Музыка, 1978.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.