Научная статья на тему 'ЗАМАНБАП МАДАНИЯТТАГЫ МАССАЛЫК МУЗЫКАНЫН РОЛУ'

ЗАМАНБАП МАДАНИЯТТАГЫ МАССАЛЫК МУЗЫКАНЫН РОЛУ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
массалык музыкалык маданият / базар экономикасы / искусство / коом / ааламдашуу / гедонизм / mass music culture / market economy / art / society / globalization / hedonism

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Арапов Алтынбек Рысбекович, Маматалиева Гулжан Ташмаматовна

Бул макалада коомдун маданий жашоосундагы массалык музыканын ролу иликтенди. Анын замандын талаптарына ылайык өнүгүп, өзгөрүүсү жана музыкага болгон сырткы факторлордун таасирлерине көңүл бурулду. Массалык музыкалык маданияттын социалдык жашоого карата ыңгайлашуу процесстеринин өзчөчөлүктөрүнүн булактары анализге алынды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ROLE OF MASS MUSIC IN MODERN CULTURE

This article examines the role of mass music in the cultural life of society. Attention was paid to its development and change in accordance with the requirements of the time and the influence of external factors on music. The origins of the peculiarities of the processes of adaptation of mass musical culture to public life are analyzed.

Текст научной работы на тему «ЗАМАНБАП МАДАНИЯТТАГЫ МАССАЛЫК МУЗЫКАНЫН РОЛУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№1(3)/2024, 46-52

ИСКУССТВО

УДК: 78.05

DOI: 10.52754/16948823 2024 1(3) 7

ЗАМАНБАП МАДАНИЯТТАГЫ МАССАЛЫК МУЗЫКАНЫН РОЛУ РОЛЬ МАССОВОЙ МУЗЫКИ В СОВРЕМЕННОЙ КУЛЬТУРЕ THE ROLE OF MASS MUSIC IN MODERN CULTURE

Арапов Алтынбек Рысбекович

Арапов Алтынбек Рысбекович Arapov Altynbek Rysbekovich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University altynbekarapov9898@gmail.com_

Маматалиева Гулжан Ташмаматовна

Маматалиева Гулжан Ташмаматовна Mamatalieva Gulzhan Tashmamatovna

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет master's student, Osh State University

ЗАМАНБАП МАДАНИЯТТАГЫ МАССАЛЫК МУЗЫКАНЫН РОЛУ Аннотация

Бул макалада коомдун маданий жашоосундагы массалык музыканын ролу иликтенди. Анын замандын талаптарына ылайык ещ^п, 63repYYCY жана музыкага болгон сырткы факторлордун таасирлерине ^щл бурулду. Массалык музыкалык маданияттын социалдык жашоого карата ьщгайлашуу процесстеринин eзчeчeлYктeрYHYн булактары анализге алынды.

Ачкыч свздвр: массалык музыкалык маданият, базар экономикасы, искусство, коом, ааламдашуу, гедонизм.

РОЛЬ МАССОВОЙ МУЗЫКИ В СОВРЕМЕННОЙ КУЛЬТУРЕ

Аннотация

В данной статье исследуется роль массовой музыки в культурной жизни общества. Уделялось внимание ее развитию и изменению в соответствии с требованиями времени и влиянием внешних факторов на музыку. Проанализированы истоки особенностей процессов адаптации массовой музыкальной культуры к общественной жизни.

THE ROLE OF MASS MUSIC IN MODERN CULTURE

Abstract

This article examines the role of mass music in the cultural life of society. Attention was paid to its development and change in accordance with the requirements of the time and the influence of external factors on music. The origins of the peculiarities of the processes of adaptation of mass musical culture to public life are analyzed.

Ключевые слова: массовая музыкальная культура, рыночная экономика, искусство, общество, глобализация, гедонизм.

Keywords: mass music culture, market economy, art, society, globalization, hedonism.

Киришуу

Теманын актуалдуулугу. «Массалык маданият» термини кооомдук турмуштун бардык чeйрeлeрYндe камтылган тамак жасоодон баштап кино жана музыкага чейин маданий eндYPYштYн ар кандай формаларын билдирет. Анын негизги максаты коммерциялык негизде тYЗYЛYп, жалпы кeпчYЛYктY тYЗгeн элдин кызыктылыктарына туура келген заманбап маалымат каражаттары радио, телекeрсeтYY, интернет аркылуу таркатылат, мYмкYн болушунча кецири аудиторияга керектee YЧYн арналган жана формалардын eзгeчe плюрализмине ээ. Массалык маданият негизинен гедонисттик багытты кeздeгeн маданиятын бир TYPY. Бирок ал ошондой эле социалдык жeнгe салуунун кYчтYY куралы, маданий, салттуу баалуулуктарды жана нормаларды берYY булагы болуп саналат1.

XXI кылымда массалык музыкалык маданият компьютердик маданият жана массалык коммуникациянын жацы интерактивдYY каналдары менен бирге активдYY тYPдe аз убакыттын аралыгында eзгeрYп, eнYГYYгe дуушар болду. Музыкалык маданияттын коомдук мекемелери - музыкалык басмалар, музыкалык соода, музыкалык китепканалар болуп саналат. Маданий мурастардын, заманбап музыкалык маданияттын бардык тYрлeрYHYн, жанрларынын жана стилдеринин сактоочусу катары электрондук китепкананын орду зор.

Массалык маданият «социалдык-маданий практикадагы жацыны, социалдык адекваттуулуктун жана кадыр-барктын образдарынын системасын стандартташтыруунун принципиалдуу жогорку децгээлин, заманбап адамды социалдаштыруунун жана маданийлештирYYHYн жацы формасын, анын ац-сезимин, кызыкчылыктарын башкаруунун жана манипуляциялоонун заманбап системасын чагылдырат жана ал муктаждыктар, баалуулук багыттары, жYPYм-турум стереотиптеринин системасы болуп эсептелет».

Массалык музыкалык маданият XIX кылымда, академиялык кесиптик музыкалык искусствонун eнYГYШYHYн туу чокусунда, классикалык музыкада жана музыкалык ой ЖYГYPTYYHYH эц татаал ыкмаалары симфонизм eнYккeн мезгилден баштап пайда болгон. Массалык музыкалык маданият, бир жагынан, искусствонун «жогорку» YЛгYлeрYнe альтернатива болсо, экинчи жагынан, бул YЛгYлeрдYн eнYктYPYYЧYCY, улантуучусу болуп саналат. Музыкадагы жогорку профессионалдык жана массалык искусствонун eз ара аракеттенYY процесси жана eз ара таасири ^п векторлуу багытка ээ. Бири-биринен иргелип олтуруп, алыстап, музыкалык маданияттын бул TYPДYY катмарлары ошол эле учурда синтезделип, жацы жанрларды, стилдерди, кыймылдарды пайда кылат.

ДYЙнeлYк маданияттын элдин калын катмарына терец белгилYY болгон шедеврлери бир эле учурда жана ырааттуу тYPдe массалык жана экстрамассалык eлчeмдeргe таандык болушу мYмкYн. Заманбап маданий кырдаал - бул кайталоо, маалыматтын жана кeцYЛ ачуунун сакталышы, натыйжада маданияттын «гибриддешYYCY». Массалык маданияттын спецификалык касиеттерине TYЗYЛYШTYH монтаждык принциби да кирет. Массалык маданияттын утилитаризми биринчи кезекте анын жалпы коомдун колдонуу факторунан кeрYнeт. Массалык маданият азыркы коммуникациянын заманбап тYрлeрYнeн жаралган жацы техникалык жана кeркeм каражаттарды пайдалануу болуп эсептелет.

1 . Культурология. XX век. Энциклопедия. СПб., 1998. Т. 2.

2 Костина А.В. Массовая культура как феномен постиндустриального общества. М., 2013

Ыктымалдуулуктун жетишээрлик даражасы менен массалык маданият келечектеги маданияттын прототиби боло алат. Бул пайда болуп жаткан кYHYмдYк маданият жамааттарды жацылоонун объективдYY процесстерине негизделет, мында массалык маданият жацы социалдык-экономикалык шарттарга кез каранды болбогон улуттук жана таптык чек араларды жок кылуучу жана инсанды социалдаштыруучу функцияларын ез ичине камтыйт. Массалык маданият бYГYнкY кYнде ьщгайлаштырылган формада массаны эц татаал руханий жана адеп-ахлактык кейгейлер менен тааныштырып, алардын ички дYЙнесYн агартуучу функцияны аткарат.

Азыркы заманбап санариптик технологиялар бYГYнкY кYнде мурунку муундар жараткан музыкалык мурасты сактоого, кебейтYYге жана угармандардын кийинки муундарына еткерYп берYYге мYмкYндYк жаратат. Бул процессте квалификациялуу кадрларды: музыкалык кызматкерлерди, мугалимдерди, искусство таануучуларды даярдоо гана эмес, ошондой эле азыркы массалык маданияттын кубулуштарынын бири болгон музыканы енYктYPYY да маанилYY ролду ойнойт. Бул процессте атайын музыкалык басылмалар езгече ролду ойнойт, анткени жалпыга маалымдоо каражаттары коомдун маданиятына жана баалуулуктарына, адеп-ахлактык принциптерине активдYY таасир этет.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылган заманбап музыканын жана замандын тенденцияларын жацыртуу аркылуу ишке ашат. БYГYнкY кYнде базар экономикасы басымдуулук кылган коомдо массалык маалымат каражаттарынын ролу зор. Музыка женYндегY адистештирилген басма сез биздин замандын атаандаштыкка жендемдYY басылмаларына коюлган талаптарга ылайык езгерYYДе.

«Массалык маданият» термини 1957-жылы АКШда басылып чыккан Б.Розенберг жана Д.Уайт тарабынан редакцияланган «Массалык маданият» аттуу жамааттык жыйнактын пайда болушу менен, аз убакыттын аралыгында кецири жайыла баштаган. В.Молчанов массалык маданият TYШYHYГY «массалык коммуникация», «массалык коом», «элдик маданият» сыяктуу терминдердин элементтерин езYне сицирип алганын белгилейт .

А.В. Костина, «Массалык маданият постиндустриалдык коомдун феномени катары» деген эмгектин автору, анда «массалык маданият» индустриалдык жактан еиуккен «массалык коомдун шарттарында керYнген реалдуулукту ездештYPYYHYн жана ага ыцгайлашуунун спецификалык жолу» деп белгилейт. Бул заманбап коомдо маданий баалуулуктарды ендYPYY

3

жана жайылтуу езгечелYГYн мYнездеген керYHYш .

Гедонизмдин тарыхый булагы жана анын терец тамыры азыркы массалык музыкалык маданияттын негизги функцияларынын бири. КецYл ачуу аркылуу максаттуу аудиториянын керектеелерYн жана суроо-талаптарын канааттандырууга багытталган массалык музыкалык маданият дYЙненYн объективдYY CYреттелYШYн чагылдырбаган, бирок езYHYн керкем реалдуулугун калыптандырууга жендемдYY болгон концептуалдык маданияттын ролун аткарат.

Массалык музыкалык маданият "бул жерде жана азыр" болуп жаткан нерселер менен болгон байланышты керсетуп турат. Бул критерий коомдук пикирди жеткирYYЧY, коомдун жаман жактарын ашкерелеечY оозеки ролду аткарган массалык маданияттын каалоосуна, кээде функциясына негизделген. Маданий баалуулуктарды муундан муунга еткерYп берYYДе

3 Костина А.В. Массовая культура как феномен постиндустриального общества. М., 2013

сeздYн кYЧYнe, экспрессивдYY каражаттардын ^п тYPДYYЛYГYнe, эмоционалдык боёктордун диапазонуна жараша массалык музыкалык маданият коомдун баалуулук багыттарын гана терец ачып бербестен, аны далилдеп турат4

Тагыраак айтканда массалык музыкалык маданият аркылуу коомдо белгилYY бир маданий багыттар калыптанат, алардын кeрYHYШY музыкалык маданият аркылуу ишке ашат. Заманбап массалык маданияттын негизги баалуулуктары ар кандай маданияттардын, философиялардын жана диндердин баалуулуктарына негизделген универсалдуу идеялар менен тыгыз байланышта болот. Мында социалдык, каада салттык, этикалык, CYЙYY, бакыт, диний проблемалар ж.б. чагылдырылат.

Чынында эле, ХХ кылымдын аягы массалык музыкалык маданияттын eнYГYY кeз карашынан алганда, массалык музыканын формаларынын, тYрлeрYHYн жана жанрларынын активдYY eнYГYШY менен мYнeздeлeт. Коомдук маданияттын башка тYрлeрYнe караганда массалык музыка YCтeмдYк кылуучу функцияга ээ болот. БYткYЛ ДYЙнeлYк пикирди жана учурдагы популярдуу баалуулуктарды чагылдырган массалык музыкалык маданият Батыш жана Чыгыш eлкeлeрYHYн маданиятын синтездee менен катар аларды башка маданиятка жайылтуу музыкалык чыгармаларда кeбYрeeк чагылдырылып жаткандыгы белгилYY.

Массалык советтик ырларга коллективизмди дацазалаган кецири маанидеги жеке же хор ырлар кирет. Композиторлор тарабынан тYЗYЛгeн жана массага арналган музыкалык чыгармалар коомдук турмуштагы же жеке жашоого багытталган тYрлeргe бeлYнгeн. Бул музыкалык чыгармалардын баалуулуктары анын формасынын жeнeкeйлYГY менен айкалышкан массалык ырдын мазмуну, поэтикалык жана музыкалык тил, универсалдуу аткаруу жана кабыл алуу YЧYн максималдуу жеткиликтYYЛYк негизги орунда турат.

XX кылымдын 20-жылдардагы темалардын eзгeчeлYГY гимн, марштын басымдуулугу, мазмунунун лиризминин акырындык менен жогорулашы мYнeздeлeт. Аларды байланыштыруучу элементтер камералык вокалдык лирика менен музыкалык шаардык жана дыйкан фольклору болуп саналат. Ал эми XX кылымдын экинчи жарымы XXI кылымдын башындагы массалык маданияттын бир бeлYГY катары рок музыкасы негизги орунда турган. Заманбап интегративдик процесстердин натыйжасында рок музыкасынын eзгeчeлYктeрY кeркeм маданият катары белгиленет5.

Орус элинин маданиятынын мейкиндигинде классикалык музыка негизги ролду ээлеген. Кийинчерээк классикалык музыкада eзгeчe eзгeрYYлeр орун алган. Ааламдашуу процессинин негизинде жацы технологиянын жана массалык коммуникациянын болуп кeрбeгeндeй eнYГYШYнeн улам, керектee формалары тYп тамыры менен eзгeрYYгe дуушар болгон. Эц ^п мYмкYнчYЛYк чет элдик маданияттын ар кандай баалуулуктарын таанып билYY эсептелет. Заманбап технология адамга классикалык музыканы жеке манипуляциянын объектисине айландырды, аны угууга, видеолорду, классикалык обондорду виртуалдык тYPдe башкаларга жeнeтYYДe зор мYMYKYнчYЛYктeрдY жаратты6.

Азыркы массалык маданияттын мейкиндигинде классикалык музыкаларды заманбап техникалардын жардамында эч тоскоолдуксуз кабыл алууга, угууга кецири шарттар TYЗYЛДY.

4 Массовая культура. Учебное пособие / Акопян К.В., Захаров А.В., Кагарлицкая С.Я. - М., 2004.

5 Гаврилов А.В. Что такое рок? // Музыка и ты. Вып. 9. — М.: Советский композитор, 1990.

6 Зинкевич В.А. Отечественный рок: вчера и сегодня. // Советская музыка. — 1991. — № 10.

Заманбап адамдын алысты байланыштырууга болгон каалоосу иш жYЗYне ашты жана максатына жетти деп белгилееге болот. Массалык маданият езYHYн мейкиндигине башкаларды жигердYY тартуу менен гана чектелбестен, классикалык музыканын образдары жана символдору коомго терец таасир этYYCYне жардам берYYДе.

Заманбап жашоодо ар кандай жанрлардын, тенденциялардын, стилдердин кецири панорамасы пайда болду, ал шоу бизнеске байланыштуу. КYчтYY жана кецири поп-индустрия енугуп, коммерциялык радиостанциялардын бYTYндей тармагы, жеке yh жаздыруучу студиялар, компакт-дисктерди, аудио жана видео кассеталарды чыгаруучу ишканалар, сыналгы аркылуу музыкалык каналдарды сатып алуу адатка айланды. Мындай шарттарда чечуучу ролду экономикалык фактор ойной баштайт.

Анын тескери таасирлери чыныгы массалык музыка мейкиндигинде умтулган композиторлор же акындар, новатордук издеелер учун чектелген, аларга ендуруште орун жок. Бул жерде чечуучу фактор коммерциялык мумкунчулуктер же каржылык колдоо жарнамалык максаттар (аранжировка, жаздыруу, кайталоо, видеоклип чыгаруу, эфир убактысы) чыныгы талантты жок азыркы муун массалык музыканы, маданиятты жайылтуучулары болуп саналат. Музыкалык чыгармалардын авторлорунан жана аткаруучуларынан турган музыкалык индустриянын негизи ете башаламан бойдон калууда жана алардын автордук укуктарынын сакталышын жана алардын ишмердуулугу учун татыктуу автордук гонорарын камсыздай албаганын да белгилей кетуу керек. Бул кесипкей музыканттардын тарабынан жазылган альбомдордун санынын азайышына жана сезсуз турде кесипкей авторлордун жана аткаруучулардын кыскарышына алып келет .

Коммерциялык негизде — массалык музыкалык маданиятта рыноктук мамилелер ачык-айкын чагылдырылган, мында жацы музыкалык чыгарманы жаратуучу езунун максаттуу аудиториясынын суроо-талабына кецул бурууга тийиш. Ошентип, угуучу массанын талабын канааттандыруу менен композитор актуалдуу керкем функцияны аткарбастан, ез угуучусунун табитин ишке ашырып, актуалдаштырууда. Интернационализм — жалпыга маалымдоо каражаттарынын кецири таралган жана дайыма еркундетулушунун шарттарында географиялык факторго карабастан массалык музыкалык маданият кецири жайылууда.

Колдонулган адабияттар

1. Культурология. XX век. Энциклопедия. СПб., 1998. Т. 2. 2. Костина А.В. Массовая культура как феномен постиндустриального общества. М., 2013

2. Козубаев, О. О. Проблемы духовности в современной музыке / О. О. Козубаев, Д. А. Ыразаков, Н. Н. Камбарова // Вестник Ошского государственного университета. -2023. - № 1. - С. 170-178. - DOI: 10.52754/16948610_2023_1_21. - EDN: XIKOTG.

3. Костина А.В. Массовая культура как феномен постиндустриального общества. М., 2013

4. Костина А.В. Массовая культура как феномен постиндустриального общества. М., 2013

7 Костина А.В. Проблемы массового и элитарного искусства [Электронный ресурс]: учебное пособие/ Костина А.В.— Электрон. текстовые данные.— М.: Московский гуманитарный университет, 2011.— 172 с.— Режим доступа: http://www.iprbookshop.ru/8614.— ЭБС «IPRbooks»

5. Массовая культура. Учебное пособие / Акопян К.В., Захаров А.В., Кагарлицкая С.Я.

- М., 2004.

6. Мурзакматов, А. К. Мектеп окуучуларында музыкалык кабыл алууну eнYктYPYY / А. К. Мурзакматов, К. Абдираим Уулу // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. - 2023. - N0. 1(1). - Р. 49-54. - Б01: 10.52754/16948823_2023_1(1)_7. - EDN: CUAWLY.

7. Осмоналиев, Э. А. Заманбап ырлардын жаштарга берип жаткан тарбиялык мааниси / Э. А. Осмоналиев, Г. А. Абдувапова, Т. А. Карыбекова // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. - 2023. - N0. 2(2). - Р. 87-93. - D0I: 10.52754/16948823_2023_2(2)_14. - EDN: GDSWAA.

8. Гаврилов А.В. Что такое рок? // Музыка и ты. Вып. 9. - М.: Советский композитор, 1990.

9. Зинкевич В.А. Отечественный рок: вчера и сегодня. // Советская музыка. - 1991. -№ 10.

10. Нурбаев, А. С. Формирование духовной и музыкальной культуры современной личности / А. С. Нурбаев // Вестник Ошского государственного университета. - 2021.

- Т. 1, № 3. - С. 311-317. - D0I: 10.52754/16947452_2021_1_3_311. - EDN: BDMTDI.

11. Костина А.В. Проблемы массового и элитарного искусства [Электронный ресурс]: учебное пособие/ Костина А.В. - Электрон. текстовые данные. - М.: Московский гуманитарный университет, 2011. - 172 с. - Режим доступа: http://www.iprbookshop.ru/8614. - ЭБС «IPRbooks»

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.