ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 74-79
ИСКУССТВО
УДК: 37.015
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 12
ИНСАНДЫН КАЛЫПТАНУУСУНДА ИСКУССТВОНУН РОЛУ РОЛЬ ИСКУССТВА В ФОРМИРОВАНИИ ЛИЧНОСТИ THE ROLE OF ART IN PERSONALITY FORMATION
Итигулова Жылдыз Кайбалиевна
Итигулова Жылдыз Кайбалиевна Itigulova Yildyz Kaibalievna
ф.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети
к.ф.н., доцент, Ошский государственный университет Ph.D., qssociate professor, Osh State University
Токтогулова Н.М
Токтогулова Н.М Toktogulova N.M
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University
ИНСАНДЫН КАЛЫПТАНУУСУНДА ИСКУССТВОНУН РОЛУ
Аннотация
Бул макалада инсанды калыптандыруу маселеси, андагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору каралат, азыркы коомго шайкеш келген, рухий маселелерди чечүүгө даяр, демилгелүү инсанды калыптандыруунун натыйжалуу жолдорун издөө зарылдыгы макаланын актуалдуулугу деп эсептейбиз.
Ачкыч сөздөр: эстетикалык тарбия, эстетикалык табит, искусство, биргелешүү, мугалим, инсан, көркөм өнөр, жөндөмдүүлүк, өнүгүү, чыгармачылык.
РОЛЬ ИСКУССТВА В ФОРМИРОВАНИИ ЛИЧНОСТИ
Аннотация
В данной статье рассматривается проблема формирования личности, изучаются текущие тенденции и пути их преодоления, обсуждаются духовные аспекты, необходимые для преодоления духовных проблем, и определяются пути успешного формирования личности.
Ключевые слова: эстетическое воспитание, эстетическое восприятие, искусство, совместное действие, учитель, личность, коллективное достоинство.
THE ROLE OF ART IN PERSONALITY FORMATION
Abstract
This article examines the issue of personality formation, analyzes current trends and ways to overcome them, discusses spiritual aspects necessary for overcoming spiritual problems, and identifies paths to successful personality development.
Keywords: aesthetic education, aesthetic perception, art, collaborative action, teacher, individual, collective dignity.
Инсанды калыптандыруу - бардык мезгилде, бардык элдер үчүн коомдун рухий жашоосунда маанилүү маселе болуп келет. Адамзаттын жашоосун адептик-рухий тарбиясыз элестетүүгө мүмкүн эмес, анткени мурдагы муундун тажрыйбасын кийинки муунга жеткирбестен, коомдун өнүгүшү мүмкүн эмес. “Адамды өркүндөтүүнүн улуу сыры -тарбияда, адамдын табийгатын түшүнүүнүн улуу сыры - педагогикада,”- деп улуу Немец философу И.Кант бекеринен айтпаса керек. Тарбия - адамды интелектуалдык, рухий, физикалык өнүктүрүү искусствосу. Тарбиялоо - татаал процесс, ал ар түрдүү педагогикалык иш-аракеттерди ичине камтыйт: улуттук, элдик, адамзаттык маданияттын негизин
түшүндүрөт, туура багыт берет, адам менен мамиле түзүүгө, кызматташууга үйрөтөт, турмуштун философиясын үйрөтөт, жашоого даярдайт ж.б.
Тилекке каршы кийинки мезгилдерде балдардын психикалык, соматикалык көйгөйлөрү көбөйдү, интеллекти төмөн, суйлөө речи өнүкпөгөн, эмоционалдык абалы начар, рухий баалуулуктар жөнүндө түшүнүгү жок өспүрүмдөр арбып баратат. Учурда адептик-рухий кризистен коомду чыгаруу оор маселелердин бири болууда, ошондуктан жаңы социалдык, саясий, экономикалык шартка ылайык жаңы мазмундун негизинде жаш муундарды жаңыча калыптандыруунун зарылчылыгы бышып жетилди. Билим берүүчү уюмдардан эл гуманист адамды, патриот-жаранды, жакшы бүлөкорду, эмгекчил-жаратманды, ыймандуу инсанды калыптандыруусун күтүүдө. Андыктан азыркы коомго шайкеш келген, рухий маселелерди чечүүгө даяр, демилгелүү инсанды калыптандыруунун натыйжалуу жолдорун табуунун зарылдыгы бул макаланын актуалдуулугу деп эсептейбиз.
Психологияда “бөлүкчө адам” (башкалардын баалуулугун түшүнбөгөн, күн тийген жердин күкүгү), “бурама адам” (өзүнө талаптары минималдуу койгон, өз ою жок, башкаруучунун сөзүн кыңк этпей аткаруучу), “адам хакер” (компьютер менен гана иши бар, өзүнчө жашаган), “тиешеси жок адам” (туугандарына, жакындарына жан тартпаган, кайдигер), “масса адам” (эл кандай болсо, мен да ошондой болом, формалдуу окуйт, аткарат), “робот адам” (адам-машине, баалуулугу жок), “адам фантом” (ырайымсыз, катаал), “адам романтик” (чексиз кызыкчылыгы бар, бирок, өзү ишсиз, аракетсиз) деген сыяктуу адамдын типтери пайда болду. Бул-учурдагы коомдук цивилизациянын жемиши, философ Н. Бердяевдин: “Техникалык цивилизация - имперсионисттик, ал адамдан инсан чыгышын каалабайт, активдүүлүгүн каалайт,” - дегени турмуш чындыгына айланды десек жаңылышпайбыз.[1, 91б]
Жалпы эле коомчулукта, аны менен бирге эле кыргыз агартуусунда да адептик-рухий тарбиядагы проблемалар көбөйүп баратат, андан чыга албасак да, азайтуунун жолун издөө иштин максаты деп эсептейбиз. Инсан (личность) - бул бытиенин, адамдын, коомдун табийгатын тааныган эркин адам. Төрөлгөн бөбөк чыгармачылык эмгектин натыйжасында гана инсан болуп калыптанаары баарыбызга белгилүү. Демек ар тараптан өнүккөн инсанды калыптандыруунун каражаты катары этнопедагогикабызга, көркөм өнөргө кайрылуунун зарылдыгын турмуш чындыгы көрсөтүп турат. Искусствонун инсанды калыптандыруудагы негизги милдети - табияттагы, көркөм өнөрдөгү, адамдардын мамилесиндеги руханий асылзаттыкты, боорукердикти, ак ниеттүүлүктү көрө билүүгө үйрөтүү жана анын негизинде өзүндөгү адепти, нравалуулукту түптөө болуп саналат. Анын бирден бир каражаты катары көркөм өнөр, сүрөт, музыка, адабият менен театр, музыкалык обондор эсептелет.
Байыртадан эле агартуучулар көркөм өнөрдүн тарбиялык мааниси өтө чоң деп эсептеп, адептүүлүккө тарбиялоодо, көркөм табитти калыптандыруудагы эң негизги ролду искусствого ыйгарышкан. Мектеп жана үй-бүлөнүн негизги милдети — балдарды жашынан эле сырткы дүйнөдөгү, табияттагы, коомдук мамилелердеги сулуулуктарды көрүп түшүнө билүүгө үйрөтүү болсо, искусство- чыныгы инсанды калыптандыруунун эң зарыл составдуу бөлүгү катары баалангандыгы баарыбызга белгилүү.
Инсандын калыптанышындагы көркөм өнөрдүн ролун белгилөө менен В.А.Сухомлинский мындай деп жазат: “Адам өз колу менен биринчи эмгек куралдарын жасагандыгы менен гана айбанат дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгып, бары-жокко жөндөмдүү жаныбарга айланган эмес. Ал көк асмандагы мелтиреген түрдүү түстү, жымыңдаган жылдыздарды, танкы күн чыгаардагы адамды магдыраткан кооздукту, бүркөлүп ачылаардагы күндүн манаттай кызарып батышын, мемиреген учу-кыйырсызсыз чексиз талааны, мелтиреген көк асмандагы шурудай тизилген каркыралардын учканын, эрте мененки мөлтүрөгөн тунук шүүдүрүмдөгү күндүн чагылышы, күзгү бүркөө күндөгү төгүлүп жааган майда жамгырды, байчечекейлердин назик сабагы менен коңгуроо кейиптүү жашыл гүлдөрүн көрө алган. Көрүп, аларга суктануу менен өзүнүн сулуу кооздуктарын жарата баштаган. Сен да ошол сулуулуктарга карап тандана алсаң, сенин жүрөгүндө да сулуулук гүлдөй ачылат. Адам ушинтип адам болгон”.[2, 117б]
Инсанды калыптандырууда илим менен көркөм өнөрдүн өз ара байланышы зарыл, өтө маанилүү. Көркөм өнөр - билим менен бекем байланышканда гана баланын акылын өстүрүп, сырткы дүйнө жөнүндөгү илимий түшүнүгүн калыптандырарын турмуш далилдеп келет. Кийинки мезгилде мектептерде көркөм адабий студиялар, мектеп театрлары, музыка, сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөрдүн клубу, кечелер, концерттер азайып, а түгүл жок болуп деле кеткенин билебиз [6, 7, 8].
Бирок, музыка инсандын руханий өсүүсүндөгү негизги каражаттардын бири болуп эсептелет. Ал адамдын нравалык, эмоционалдык жана эстетикалык чөйрөсүн бириктирет. Музыка - адамдын жан дүйнөсүнө сөз жеткире албаган сезимди, көркөмдүктү, сулуулукту, кооздукту, сүйүүнү бере алат.
Музыка - сооротуу, тынчтандыруу, басылтуу менен дарылануу үчүн, ошондой эле чарчаган кезде аны менен күрөшүүгө, жумуш кылардын алдында сергектик багыт берүүгө, кандайдыр бир тыныгуу убагында жакшы эс алууга жардам берет (мисалы: бешик ырлары). Инсандын иммунитетин көтөрүүгө, денедеги заттардын алмашуусун жакшыртууга жана оорунун алгачкы пайда болуу процессин төмөндөтүүгө музыканын жардам берери илимий жактан далилденген. Адамды дарылоодо музыканын эффективдүү күчү бар экендигин да байыркы заманда эле айтып, жада калса өз турмуштарында да колдонуп келишкен. Адамдын организмине музыканын тийгизген таасири жана дарылык касиети жөнүндөгү алгачкы илимий божомолдорду өз доорунда Байыркы Грек философу Пифагор айтып кеткен.[3, 279б]
Музыкада жазылган мелодияларда адамды дүүлүктүрүүгө түртүп туруучу касиети бар экендигин аныкташкан. Мындай акыбалда согушууга же урушууга психологиялык жактан даяр болуп, тайманбастык акыбалга келерин да айтышкан (патриотизмди козгогон марштар). Музыканын жардамы менен адамдын дем алуу органдарынын иш-аракеттерин жана нерв системасынын тең салмактуулугун орнотсо болот дешкен. Ошондой эле чарчоону жоюуга же шамдагайлыкты, сергектикти жогорулатууга, туура эмес жана ашыкча кыймылдарды жөнгө
салууга жана өтө эле толкунданган темпераментти басаңдатууга музыканын жардамы аябагандай зор экендигин белгилүү психолог, физиолог жана таланттуу дарыгер В.М Бехтерев тастыктаган.[4, 121б]
Демек, инсандык калыптанууда музыкаканын ролу жогору, ал эми музыкасыз ал аксак болуп калаары шексиз. Музыка ыр сабагы эле эмес, Д.Кабалевский айткандай, музыка адамдын жашоосуна “кошумча” эмес, ал жашоонун өзү.[5, 39б]
Адам музыканы канчалык көп угуп, өзү тынымсыз кыңылдап ырдап жүрсө гана, анын бүт инсандык сапаттары өсүп, шык, таланттары артат. Улуу илимпоз Ч. Дарвин: «Эгерде мен кайрадан жарык дүйнөдө дагы бир жолу жашап калсам, эң жок дегенде аптасына бир жолу бир нече ыр окушту жана музыка угушту эреже кылып алат элем. Ушундай үзгүлтүксүз көнүгүүнүн натыйжасында азыркы мээмдеги шал болуп калган бөлүктөрдөгү активдүүлүктү мүмкүн сактап калаар белем. Бул табитти жоготуу бакытты жоготууга барабар эмеспи, мүмкүн акыл жөндөмүнө, андан да көбүрөөк адеп-ахлагыма мунун зыяны тийип жаткандыр»- деген ойду бекеринен айтпаса керек.[3,110б]
Сүрөт өнөрү- асылзат дүйнөнү көрө турган жарык терезенин дагы бири болуп эсептелет. Сүрөт искусствосу да инсанды калыптандыруунун күчтүү каражаттарынын бири. «Окуучулардын руханий дүйнөсү» деген китебинде В.А.Сухомлинский башталгыч класс окуучуларынын жан дүйнөсүнүн баюусундагы сүрөт сабагынын таасирине жүргүзгөн байкоосун баяндап: “Бүт балдарга сүрөт тартууну тамганы жазууну окуткандай кылып үйрөткөн өлкө көркөм өнөрдүн бардык түрү боюнча башка өлкөлөрдү бат эле басып өтүп кетерин белгилеп көрсөткөн.”[2, 320б]
Музыка жана сүрөт инсандын ар тараптан өркүндөп жетилүүсүнүн эң эле күчтүү каражаттары болгондугуна карабастан, театрларда спектаклдер коюлбай, ырлардын мааниси иргелбей, адабий кружоктор иштебей, өспүрүмдөргө арналган газета-журналдар чыкпай, акча үчүн күрөш биринчи орунга чыккан коомдо, албетте инсандык калыптануу кризиске кептелет... Келечек муундун искусство менен болгон байланышы өз элинин жана дүйнөлүк маданий баалуулуктарды өздөштүрүүгө гана эмес, инсандын калыптануу процессине да чоң таасирин тийгизерин белгиледик. Айтылгандарды жыйынтыктап, көркөм өнөрдүн аткарган төмөндөгү функцияларын бөлүп көрсөтөлү:
• Эстетикалык функция-эстетикалык табитти түзөт. Көркөм чыгарманы баамдап, түшүнүү менен анын мазмунун гана сиңирип тим болбостон, бул мазмунду жүрөктөн, сезимдерден өткөрүп, сүрөткер жараткан сезимдик конкреттүү образдарга эстетикалык баа берүүгө үйрөтөт. Искусство эстетикалык баа берүү жөндөмүн калыптандырат, эмненин чыныгы кооз жана улуу экенин ажырата билүүгө үйрөтөт;
• Социалдык функция искусствонун коомго идеологиялык таасирин тийгизгендигинде, ошону менен коомдук чындыкты өзгөртүүдө көрүнөт;
• Компенсациялык функция психикалык тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө, психологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, боз күнүмдүк жашоодон убактылуу “качууга”, күнүмдүк жашоодо сулуулуктун жана гармониянын жоктугунун ордун толтурууга мүмкүндүк берет;
• Г едонисттик функция искусствонун адамга ырахат тартуулоо жөндөмүн чагылдырат;
• Когнитивдик функция реалдуулукту билүүгө жана аны көркөм образдардын жардамы менен анализдөөгө мүмкүндүк берет.
Колдонулган адабияттар
1. Бердяев Н. О назначении человека - М., 2011- 91 б.
2. Сухомлинский В.А., Сердце отдаю детям. - М., Издательство Концептуал, 2019 - 117 б., 320 б.
3. Душенко К.В. Мысли и изречения древних. -М., 2008. 110б, 279 б.
4. И.Ф. Харламов. Педагогика. - М., Гордарика, 2002, 121 б.
5. Байгазиев С. Педагогикалык руханият - Бишкек, 2008; 39, 25 б-т.
6. Курбанбаев, К.А., Ахмеджанова А.М. (2021). Мораль менен искусствонун өз ара байланышы. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 1, No. 3, сс. 252258. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_3_252. EDN: NXLZCN.
7. Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык
кабыл алууну өнүктүрүү. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54.
https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 7.
8. Ысмайылов, М.З., Мамазаиров, М.Л., Абдураимова, Н.И. (2021). Көркөм сүрөт өнөрү жана анын адам турмушундагы орду. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 1, No. 4, сс. 384-392. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_4_384. EDN: WFKYFC.