Научная статья на тему 'МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ИСКУССТВОНУН РОЛУ'

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ИСКУССТВОНУН РОЛУ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
49
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
искусство / эстетика / чыгармачылык / калыптануу / сезим / рационалдык / инсан / эмоционалдык / art / aesthetics / creativity / formation / feeling / rationality / personality / emotional

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Макаев Таалайбек

Бул макалада негизинен искусствонун мектеп окуучуларна эстетикалык тарбия берүүдөгү тийгизген таасири, ролу тууралуу баяндалат. Эстетикалык тарбиянын чыгармачылык өңүттүн калыптануусундагы мааниси баланын сезиминин өрчүүсүнө түрткү берүүсү, инсандык сезимин тариздөө жана байытуусунда гана эмес, дүйнөгө болгон көркөм мамиленин рационалдык жана эмоцианалдык муктаждыгын да негиздейт. Эстетикалык тарбия гана дүйнө таануу сезиминин калыптануусунда чоң мааниге ээ жана ал сезимди өрчүтөт.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ROLE OF ART IN THE ART AND AESTHETIC EDUCATION OF SCHOOLCHILDREN

The article mainly describes the influence and role of art in the aesthetic education of schoolchildren. The value of aesthetic education in the formation of the creative side lies not only in stimulating the development of the child's feelings, shaping and enriching the sense of personality, but also in the formation of a rational-emotional need for an artistic approach to the world. Only aesthetic education is of great importance in the formation of a sense of knowledge of the world and develops this feeling.

Текст научной работы на тему «МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ИСКУССТВОНУН РОЛУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 80-86

ИСКУССТВО

УДК: 7. 7. 01

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 13

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ

ИСКУССТВОНУН РОЛУ

РОЛЬ ИСКУССТВА В ХУДОЖЕСТВЕННО-ЭСТЕТИЧЕСКОМ ВОСПИТАНИИ

ШКОЛЬНИКОВ

THE ROLE OF ART IN THE ART AND AESTHETIC EDUCATION OF SCHOOLCHILDREN

Макаев Таалайбек

Макаев Таалайбек Makaev Taalaibek

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет Master’s student, Osh State University

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ

ИСКУССТВОНУН РОЛУ

Аннотация

Бул макалада негизинен искусствонун мектеп окуучуларна эстетикалык тарбия берүүдөгү тийгизген таасири, ролу тууралуу баяндалат. Эстетикалык тарбиянын чыгармачылык өңүттүн калыптануусундагы мааниси баланын сезиминин өрчүүсүнө түрткү берүүсү, инсандык сезимин тариздөө жана байытуусунда гана эмес, дүйнөгө болгон көркөм мамиленин рационалдык жана эмоцианалдык муктаждыгын да негиздейт. Эстетикалык тарбия гана дүйнө таануу сезиминин калыптануусунда чоң мааниге ээ жана ал сезимди өрчүтөт.

Ачкыч сөздөр: искусство, эстетика, чыгармачылык, калыптануу, сезим, рационалдык, инсан, эмоционалдык.

РОЛЬ ИСКУССТВА В ХУДОЖЕСТВЕННОЭСТЕТИЧЕСКОМ ВОСПИТАНИИ ШКОЛЬНИКОВ

Аннотация

В статье в основном описывается влияние и роль искусства в эстетическом воспитании школьников. Значение эстетического воспитания в формировании творческой стороны заключается не только в стимулировании развития чувств ребенка, оформлении и обогащении чувства личности, но и в становлении рационально-эмоциональной

потребности в художественном подходе к миру. Только эстетическое воспитание имеет большое значение в формировании чувства познания мира и развивает это чувство.

Ключевые слова: искусство, эстетика, творчество, формирование, чувство, рациональность, личность, эмоциональный.

THE ROLE OF ART IN THE ART AND AESTHETIC EDUCATION OF SCHOOLCHILDREN

Abstract

The article mainly describes the influence and role of art in the aesthetic education of schoolchildren. The value of aesthetic education in the formation of the creative side lies not only in stimulating the development of the child's feelings, shaping and enriching the sense of personality, but also in the formation of a rational-emotional need for an artistic approach to the world. Only aesthetic education is of great importance in the formation of a sense of knowledge of the world and develops this feeling.

Keywords: art, aesthetics, creativity, formation, feeling, rationality, personality, emotional

Киришүү

Теманын актуалдуулугу. Искусствонун каражаттары менен эстетикалык тарбиялоо педагогикада көркөм тарбия деп кабыл алынган. Искусствонун чыгармаларына түздөн түз кайрылуу менен көркөм тарбия окуучунун кооздуктагы кубулушту туура кабыл алуусун өнүктүрүүнү кабыл кылат. Бул деген окуучу профессионал сүрөтчү же адис искусство таануучу болуусу керек дегендикке жакпайт. Окуучу бир нече көркөм чыгармаларды билүү менен бирге, тигил же бул искусствонун тарбиясын жана тарыхында белгилүү деңгээлден маалымат алуусу керек.

Бул макалада негизинен музыканын, искусствонун ролу мектеп окуучуларынын таалим-тарбиясына, адеп-ахлагына тийгизген таасири тууралуу баяндалды.

Көркөм өнөрдүн бир нече түрү бар: адабият, музыка, сүрөт тартуу, театр, архитектура жана башка. Баланы тарбиялоодо көркөм өнөрдүн жалгыз тана түрү менен чектелүүгө болбойт. Көркөм өнөрдүн бир нече түрү тана жеткиликтүү эстетикалык тарбия берүүгө өбөлгө болот. Эстетикалык тарбия баланын жаңы гана кадам шилтеп, сүйлөп, кылыктары чыга баштаган убактан башталат. Балага көркөм өнөрдү эрте тааныштыруу менен бирге анын чыгармачыл жана өрчүгөн инсан болуусуна шарт түзүлөт.

Балалыктын алгачкы күндөрүнөн баштап оюн ойноо менен айлана чөйрөгө көнүшө баштайт. Башкаларды кайталоо менен кыймылдын маданиятын жана адам менен баарлашуунун элементтерин үйрөнөт. Оюн ойноо баланын ой жүгүртүүсүнүн, алгачкы эстетикалык таасирленүүсүнүн, ошондой эле андагы чыгармачылыктын ойгонуусунун эң алгачкы жана эң үзүрлүү ыкмасы. Балдарды көркөм өнөрдүн эбегейсиз зор дүйнөсү менен тааныштырууга, айлана чөйрөдөгү чындыкты көрө билүүсүнө, толук адеп ахлактуу болуп өсүүсүнө, ой-жүгүртүүсүнүн өрчүүсүнө, билим алуусуна, мээсинин оң жана сол жарым шарларынын активдештирилүүсүнө эстетикалык даярдоо абзел. Бул жаатта инсанга эстетикалык таасир этүү жардам берет: көркөм чыгарманын образдуу материалы, фольклор, этникалык, улуттук үрп-адаттар. Эстетикалык өрчүүнүн ыкмаларын колдонуу менен башталгыч класс окуучуларын окутуу чоң жыйынтык алып келет. Себеби чыгармачыл ишмердүүлүктүн эстетикалык багытын уюштуруу билим берүүдөгү үч компонентти ишке ашырат. Алар: окутуу процесси, билим берүүчү мекеменин коомдук чөйрө менен байланышынын негизинде сабактан жана мектептен тышкаркы иш-аракеттер1.

Кыргыз тил сабагында балада Кыргызстандын биримдиги, тилдин жана маданияттын көп жактуулугу тууралуу баштапкы ой жүгүртүүсү калыптанат; туура, көркөм сүйлөө калыптанат, окууга болгон сүйүүсү ойгонот. Сабактан тышкаркы ишмердүүлүк менен байланыш формалары ар түрдүү: сүйлөө речин өрчүтүү сабактары, риторика, сүйлөшүү маданияты. Майрамдардын сценарийлерин жазуу, театрлаштыруу, көркөм окуу кружоктору, театрга баруу өзгөчө мааниге ээ. Булардын жардамында балада көркөм өнөргө болгон табити ойгонот, коомдогу тажрыйбасы кеңейет, көркөм сүйлөөгө кызыгуусу артат.

Айлана-чөйрө тууралуу сабактарда балада патриоттук сезим ойгонот, мекенге болгон сүйүү пайда болот. Буга өлкө таанууну уюштуруу, «Ветерандарга камкордук», «Жер жүзүнүн тазалыгы үчүн» деген коомдук акцияларга катышуу өбөлгө болот. Мектеп музейинин иши, мектеп үрп адатынын калыптанышы, балдардын кабыл алуусуна таасир берүүчү элдик

1 Баренбойм, Перунова Н. Путь к музыке. М.: 1988.

тарыхый окуялар, аярлап сактоону талап кылган жаратылыштын кооздугу, эстетикалык таасир этүү каражаттарынын натыйжалуулугу өзгөчө маанимге ээ. Кыргыз элинин руханий-адеп-ахлактуулук маданиятынын негизинде жүргүзүлгөн сабактан тышкаркы иш аракеттер чоң мааниге татыйт. Мында майрамдарды өткөрүү, мугалимдер менен ата-энелердин катышуусундагы элдик оюн-зоокторду, элдик каада салттарды театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү уюштурууга болот. Клуб жана кружоктор чоң ролду ойнойт, мисалга, «Жандуу этика», «Мамиле маданияты». Булардын баары биригип эстетикалык өсүү жана руханий-адеп-ахлактык тарбия маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Көркөм өнөр сабактары да өзгөчө мааниге ээ. Эстетикалык таануунун жана чыгармачылыктын процессинде салтка, үрп-адатка, элдик фольклорго болгон класстан класска ырааттуу кызыгуунун өрчүшү чыныгы патриоттордун, сактоочулардын, мыкты ойлоп табуучулардын калыптануусуна өбөлгө түзөт. Көркөм өнөр сабактары сабактан тышкаркы төмөнкүдөй ишмердүүлүктөрдө өзөктөш уланууга ээ, алар: белгилүү бир көркөм өнөр жаатына болгон ийкемдүүлүктү жогорулатууга багытталган кружокторду жана клубтарды уюштурууда, вокалдык жана драматикалык коллективтерди, көркөм сүрөт студияларын уюштурууда, башкача айтканда көркөм өнөр сабактарында алган билимди жана ыкты чыныгы чыгармачылык ишмердүүлүктө ишке ашыруу. Айтылган билим берүү жааты менен экскурсияларды уюштуруу, театр жана кинотеатрга баруу, маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушууларды уюштуруу2.

Мындан билим берүү программасынын бардык предметтик жааттарын анализдөөгө болот жана эстетикалык таасир этүү каражаттары окутуунун сапатын жаратаарына ынанабыз, себеби окууга болгон умтулуу жогорулоодо. Баланын конкреттүү предметке кызыгуусуна таянуу менен анын билимге умтулуусуна, жүрүм-турумуна, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөгө, мекенге болгон мамилесине таасир берүүгө болот. Баса белгилөөчү нерсе таасир этүүнүн жыйынтыктуулугу башталгыч класс окуучуларынын эстетикалык өрчүүсү менен предметтик ишмердүүлүктүн байланышына көз каранды.

Эстетикалык тарбиянын чыгармачылык өңүттүн калыптануусундагы мааниси баланын сезиминин өрчүүсүнө түрткү берүүсү, инсандык сезимин тариздөө жана байытуусунда гана эмес, дүйнөгө болгон көркөм мамиленин рационалдык жана эмоцианалдык муктаждыгын да негиздейт. Эстетикалык тарбия гана дүйнө таануу сезиминин калыптануусунда чоң мааниге ээ жана ал сезимди өрчүтөт.

Баланын турмуш тажрыйбасы анын ар бир өрчүү баскычтарында ошончолук чектелгендиктен, жалпы көпчүлүктөн жеке эстетикалык табиятын бөлүп таануусу үчүн бир далай убакыт талап кылынат. Көркөм өнөрдүн максаты баланын көркөм өнөрдөн рахаттануусу, эстетикалык муктаждыктарын, кызыгууларын өрчүтүү, аларды эстетикалык табитин жогорулатуу, андан соң идеалдуулук даражасына жеткизүү. Окуучулардын көркөм потенциалы акын эстетикалык мүмкүнчүлүктөрү мүмкүн болушунча толугураак жана ырааттуулугу менен искусстводо гана байкалышы мүмкүн. Адам эмгеги менен жаралган искусство белгилүү бир тарыхый этапта материалдык өндүрүштөн өзгөчөлөнүп, коомдук аң сезимдин бир нормасы катары өзгөчө ишмердиктин түрүнө айланат. Искусство адамдын чындыкка болгон мамилесин эстетикалык өзгөчөлүктөрүн турмушка ашырат.

Искусствонун жогорку коомдук милдети - эл массасын көркөм өнөрлүккө, чеберчиликке

2 Черноиваненко Н. М. Методика музыкального воспитание. - М.: Музыка, 1986.

ойготуу жана аларды өркүндөтүү болуп эсептелет. Көркөм өнөрчүлүккө, чеберчиликке ойготуу искусствону туура кабыл алуу үчүн гана эмес, жалпы маданияттуулуктун прогресси -эмгектин маданияты, жашоонун маданияты, эмоциянын маданияты үчүн да керек.

Кандай гана көркөм кооздук жөнүндөгү талкуу же лекция болбосун искусствонун өзүндөй эстетикалык таасирленүүнү бере албайт. Искусство тасирленүүнүн жандуу материалы, бул акысыз жасалга эмес, артыкчылык эмес, түштөнүүдөн кийин берилген таттуу тамак эмес, бул тарбиянын зарыл керектүү элементи3 4.

Искусствонун каражаттары менен эстетикалык тарбиялоо педагогикада көркөм тарбия деп кабыл алынган. Искусствонун чыгармаларына түздөн түз кайрылуу менен көркөм тарбия окуучунун кооздуктагы кубулушту туура кабыл алуусун өнүктүрүүнү кабыл кылат. Бул деген окуучу профессионал сүрөтчү же адис искусство таануучу болуусу керек дегендикке жакпайт. Окуучу бир нече көркөм чыгармаларды билүү менен бирге, тигил же бул искусствонун тарбиясын жана тарыхында белгилүү деңгээлден маалымат алуусу керек. Искусствонун закондорун жана сүрөтчүлөрдүн чеберчилигин билүү окучууга искусствону эмоционалдуу кабыл кылууга шарт түзөт.

Мындай деген суроо туулушу мүмкүн: мектеп окуучуларынын көркөм кооздуктун асыл нускасын туура балоого жана түшүнүү ыкмаларына атайын тарбия керекпи? Эгерде жогорку искусство озүнүн жаратылышы боюнча жалпыга жеткиликтүү жана түшүнүктүү деп белгиленсе?

Чындыгында көрөм чыгармалар анык тараткан чыгармачыл адамга тана белгилүү болгондой табышмак болушу мүмкүн эмес. Бирок искусствонун жалпыга жеткилүктүүлүгүнө коюлган талап алынып ташталбастан, тескерисинче аны түшүнүш үчүн жакшы көркөм табитти тарбиялоону талап кылат.

Бул боюнча К. Маркстын пикири принципиалдуу мааниге ээ : “ Эгерде сен искусство менен ырахаттангың келсе, сен өзүн көркөм билимдүү адам болушуң керек”.

Искусствонун каражаттары менен окуучуларды, эстетикалык тарбиялоону искусствонун жаратылышына ылайык келүүчү, алардын ар биринин өзгөлүктөрү эске алынган ар түрдүү жолдор менен ишке ашырууга болот. Окуу процессинде окуучуларды көркөм тарбиялоонун төмөндөгү жалпы жана кеңири усулдарын белгилөөгө болот:

Көркөм чыгармаларды демонстрациялоо, көрсөтүү же аткаруу. Искусство менен түз байланышсыз, угуу жана көрүү сезимсиз эстетикалык тарбиянын ийгилигине жетишүү кыйын .

Искусствонун каражаттары менен окучууларды эстетикалык тарбиялоонун жаратылышына ылайык келүүчү, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү эске алынган ар түрдүү жолдор менен ишке ашырууга болот. Окуу процессинде окуучуларды көркөм тарбиялоонун төмөндөгү жалпы жана негизги усулдарын белгилөөгө болот.

Көркөм чыгармаларды демонстрациялоо, көрсөтүү же аткаруу Искусство менен туз байланышсыз угуу же көрүү сезимисиз эстетикалык тарбиянын ийгилигине жетишүү кыйын. Ошондуктан окуучулардын искусствонун кубулуштары менен түздөн түз мамилесинин

3 Николаев А., Рощина Л. Роль музыки в эстетическом воспитании детей. М.: Музыка, 2020.

4 Черноиваненко Н. М. Методика музыкального воспитание. - М.: Музыка, 1986.

аймагын максималдуу кеңейтүүгө аракет жасоо керек.

Көркөм чыгармаларды анализдөө, талдоо жана баалоо. Көркөм табит искусствонун жакшы сапаттарын баалоодон ырахат алуу дегендик эмес. Ал кооздуктун кубулуштарына баа берүүчүлүк мамилени тарбиялоого, баа берүүнүн системасына жана негиздүү эстетикалык ой жүгүртүүгө шарт түзүү дегендик. Искусство таануу илимдеринен кабардар кылуу. Окуучулар белгилүү деңгээлде ар түрдүү искусствонун теориясы, тарыхы жана алардын көркөм каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды алуулары зарыл.

Окуучулар көркөм ишмердиктин ар түрдүү формасында көнүгүү жасап жатып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана искусствонун каражаттары менен чындыктын кубулуштарын жана предметтерин кайра жаратуунун ыктарын өз алдынча өстүрүшөт. Эстетикалык тарбиялоонун жана аны өнүктүрүү процесинде белгилүү милдетти адабият, тил, ырдоо жана музыка жана көркөм өнөр искусствосу аткарат. Адабияттык табитти жана эстетикалык тасирленүү тарбиялоонун күчтүү каражаттарынын бири бул окуунун маданиятын өнүктүрүү болуп эсептелет. Тил сабагында окуучулар адабиятты, сөздүн искусствосу катары кабыл алууну, көркөм чыгармалардагы образдарды өзүнүн кыялында өздөштүрүүнү, каармандардын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөрүн баамдоодо, алардын иш аракеттеринин мотивин анализдөөгө үйрөнүшөт. Окуунун маданиятына жетишкенден кийин окуучу окулган китеп эмнеге чакыраарын, эмнеге үйрөтөөрүн, кандай көркөм каражаттардын жардамы менен жазуучу окуучунун терец, айкын ойлонуусуна чакырып жатары жөнүндө ойлбого багыттайт.

Көркөм табитти тарбиялоо окучууларды эстетикалык ишмердикке үндөйт. Эстетикалык иштердин белгилүү жыйынтык жана искусство менен машыгуу мезгилинде алардын тажрыйбасына ылайык кооздуктун элементтерин турмушка ашыруу менен мүнөздөлөт. Жомокту же аңгемени аткарып жатып алар автор айтайын деген ойду, шартты, максатты кайрадан жараткандай болушат, б.а. каармандарын эмоционалдык абалын өзгөрүүнүн жеке тажрыйбасына жараша байыткан түрдө айтып беришет. Окуучулардын жеке тажрыйбасына, аз же чектелгендигине карабастан алардын аткаруусунда жазылып , кайталангыс өзгөчөлүк байкалып турат.

Окуучулук курак - бул окуучунун биринчи тажрыйбасынын курагы. Адабий чыгармачылыкта окуучулардын көркөм өнөрдүктө шыктандыруусунун жыйынтыгы тана мааниге ээ болбостон, ошол процесстин өзү окуучунун инсандын сапаттарын байытат. Ошол эле мезгилде балдардын бирөөну туурасынан, механикалык турдо копировкалоосунан этият болуу менен бирге аларды турмуштук байкоого, даана жана образдуу адабий форманы табууга үгүттөйбүз жана үйрөтүүбүз керек.

Музыкалык тарбияны негизин баатырдык жана музыкалык сезимдерди чогуу биргеликте баштан өткөргөн, музыкалык эске тутуусу, ритмдери, гармонияны, ырдоого көркөм табитти камсыз кылган хордук ырдоо болуп эсептелет. Көбүрөөк орун мектептерде музыкалык чыгармаларды угууга ошондой эле музыкалык сабаттуулуктун элементардык негиздерин тааныштырууга берилет.

Адабияттар

1. Агаронян А. С. Культура повседневной жизни. М.: 1991.

2. Баренбойм, Перунова Н. Путь к музыке. М.: 1988.

3. Курбанбаев, К.А., Ахмеджанова А.М. (2021). Мораль менен искусствонун өз ара байланышы. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 1, No. 3, сс. 252258. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_3_252. EDN: NXLZCN.

4. Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык

кабыл алууну өнүктүрүү. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54.

https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 7.

5. Мурзакулова Ч.А. (2019). Компетенттүү музыка адистиги мугалиминин заманбап балдардын тарбиялоодогу ролу. Вестник Ошского государственного университета, No. 1, сс. 116-120. EDN: ZOMXBB.

6. Николаев А., Рощина Л. Роль музыки в эстетическом воспитании детей. М.: Музыка, 2020.

7. Черноиваненко Н. М. Методика музыкального воспитание. - М.: Музыка, 1986.

8. Ысмайылов, М.З., Мамазаиров, М.Л., Абдураимова, Н.И. (2021). Көркөм сүрөт өнөрү жана анын адам турмушундагы орду. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 1, No. 4, сс. 384-392. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_4_384. EDN: WFKYFC.

9. Ястребова Н. А. Формирование эстетического идеала и искусство. М.: Музыка, 1978.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.