Научная статья на тему 'АЗЫРКЫ ЗАМАНБАП МУЗЫКАНЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ'

АЗЫРКЫ ЗАМАНБАП МУЗЫКАНЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
59
6
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
эстрада жанры / заманбап музыка / муза / шоу-бизнес / композитор / хит / хип-хоп / реп / pop genre / modern music / muse / show business / composer / hit / hip-hop / rap

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Осмоналиев Эмил Авазбекович, Абдувапова Гүлчехра Акылбековна

Бул макалада XX кылымдын аягы XXI башында чыккан заманбап музыкалык жанрындагы ырлардын азыркы замандын музыка сүйүүчү жана угуучу жаш күйөрмандарынын психикасына жана алардын руханий жактан өсүшүнө тийгизген оң же тескерисинче терс таасирин тийгизип жаткандыгы туурасында кыскача баяндалат. Азыркы мезгилдин заманбап музасынын эстрадалык жанрындагы (хип-хоп, реп, поп, рок, джаз, ж.б.) жарык көрүп жаткан ырлардын сөздөрүнүн маани-маңызы, бири-бирине уйкаштыгы, обондорунун сөздөрүнө дал келүүсү, обондун уккулуктуулугу жана ал музыкалык чыгарманын клибине тартылган актёрлордун, бийчилердин же атайын тандалып алынган катышуучулардын аткарган ролу да эбегейсиз чоң мааниге ээ экендиги айтылат. Заманбап хит ырлар кыргыз, казак, өзбек, түрк жана чет элдик шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн көрүнүктүү ырчы-обончу, композиторлордун аткаруусундагы эстрадалык чыгармаларды ар кайсы телеканалдардан, телерадио толкундарынан интернет желелеринен (YouTube, Instagram, Facebook, TikTok ж.б.у.с.) жалпы дүйнө элдерине тартууланып жаткандыгы жөнүндө да маалыматтар берилди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE INFLUENCE OF MODERN MUSIC ON YOUNG PEOPLE

This article briefly describes the positive or negative impact of songs of the modern musical genre, as well as on the psyche of young music lovers and listeners and their spiritual growth, released at the end of the 20th beginning of the 21st century. The meaning of the words of songs published in the pop genre (hip-hop, rap, pop, rock, jazz, etc.) of modern music, their similarity to each other, the correspondence of melodies with words, the consonance of the melody and excerpts of the musical work. They said that the role played by actors, dancers or specially selected participants are also of great importance. Popular songs performed by famous singer-songwriters and composers from the Kyrgyz, Kazakh, Uzbek, Turkish and foreign show business from various TV channels, television and radio stations, as well as from the Internet (YouTube, Instagram, Facebook, TikTok, etc.) were provided to the whole world.

Текст научной работы на тему «АЗЫРКЫ ЗАМАНБАП МУЗЫКАНЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 53-61

ИСКУССТВО

УДК: 782/785

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 9

АЗЫРКЫ ЗАМАНБАП МУЗЫКАНЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

ВЛИЯНИЕ СОВРЕМЕННОЙ МУЗЫКИ НА МОЛОДЕЖЬ THE INFLUENCE OF MODERN MUSIC ON YOUNG PEOPLE

Осмоналиев Эмил Авазбекович

Осмоналиев Эмил Авазбекович Osmonaliev Emil Avazbekovich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University

[email protected]_____________

Абдувапова Гүлчехра Акылбековна Абдувапова Гулчехра Акылбековна Abduvapova Gulchekhra Akilbekovna

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University [email protected]

АЗЫРКЫ ЗАМАНБАП МУЗЫКАНЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ Аннотация

Бул макалада XX - кылымдын аягы XXI - башында чыккан заманбап музыкалык жанрындагы ырлардын азыркы замандын музыка сүйүүчү жана угуучу жаш күйөрмандарынын психикасына жана алардын руханий жактан өсүшүнө тийгизген оң же тескерисинче терс таасирин тийгизип жаткандыгы туурасында кыскача баяндалат. Азыркы мезгилдин заманбап музасынын эстрадалык жанрындагы (хип-хоп, реп, поп, рок, джаз, ж.б.) жарык көрүп жаткан ырлардын сөздөрүнүн маани-маңызы, бири-бирине уйкаштыгы, обондорунун сөздөрүнө дал келүүсү, обондун уккулуктуулугу жана ал музыкалык чыгарманын клибине тартылган актёрлордун, бийчилердин же атайын тандалып алынган катышуучулардын аткарган ролу да эбегейсиз чоң мааниге ээ экендиги айтылат. Заманбап хит ырлар кыргыз, казак, өзбек, түрк жана чет элдик шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн көрүнүктүү ырчы-обончу, композиторлордун аткаруусундагы эстрадалык чыгармаларды ар кайсы телеканалдардан, телерадио толкундарынан интернет желелеринен (YouTube, Instagram, Facebook, TikTok ж.б.у.с.) жалпы дүйнө элдерине тартууланып жаткандыгы жөнүндө да маалыматтар берилди.

Ачкыч сөздөр: эстрада жанры, заманбап музыка, муза, шоу-бизнес, композитор, хит, хип-хоп, реп.

ВЛИЯНИЕ СОВРЕМЕННОЙ МУЗЫКИ НА МОЛОДЕЖЬ

Аннотация

В данной статье кратко описывается положительное или отрицательное влияние песен современного музыкального жанра, а также на психику юных меломанов и слушателей и их духовный рост, выпущенные в конце ХХ - вначале XXI века. Значение слов песен, изданных в поп-жанре (хип-хоп, рэп, поп, рок, джаз и др.) современной музыки, их сходство между собой, соответствие мелодий со словами, созвучность мелодии и отрывки музыкального произведения. Говорят что большое значение имеет также роль, которую исполняют актеры, танцоры или специально отобранные участники. Популярные песни в исполнении известных авторов-исполнителей и композиторов из кыргызской, казахской, узбекской, турецкой и зарубежной сферы шоу-бизнеса с различных телеканалов, теле и радиостанций, а также из интернета (YouTube, Instagram, Facebook, TikTok и др.) были предоставлены всему миру.

Ключевые слова: поп-жанр, современная музыка, муза, шоу-бизнес, композитор, хит, хип-хоп, рэп.

THE INFLUENCE OF MODERN MUSIC ON YOUNG PEOPLE

Abstract

This article briefly describes the positive or negative impact of songs of the modern musical genre, as well as on the psyche of young music lovers and listeners and their spiritual growth, released at the end of the 20th - beginning of the 21st century. The meaning of the words of songs published in the pop genre (hip-hop, rap, pop, rock, jazz, etc.) of modern music, their similarity to each other, the correspondence of melodies with words, the consonance of the melody and excerpts of the musical work. They said that the role played by actors, dancers or specially selected participants are also of great importance. Popular songs performed by famous singer-songwriters and composers from the Kyrgyz, Kazakh, Uzbek, Turkish and foreign show business from various TV channels, television and radio stations, as well as from the Internet (YouTube, Instagram, Facebook, TikTok, etc.) were provided to the whole world.

Keywords: pop genre, modern music, muse, show business, composer, hit, hip-hop, rap.

Киришүү

Теманын актуалдуулугу. Музыка - инсандын ички дүйнөсүнө кандайдыр бир деңгээлде чоң таасир берип турат. Музыка адамзаттын бардык тарыхы менен тыгыз байланышта болот. Заманбап дүйнөдө музыка - бул жер бетиндеги көптөгөн адамдарды бириктирип турган нерсе деп айтылып келет. Кээ бир музыкалык жанрлар адамдын жашоо образын жана жүрүм-турумун аныктайт. Ааламда күн сайын миллиарддаган адамдар музыка угушат. Балким, алардын кайгылуу маанайынын себеби эртең мененки угулган лирикалык, классикалык музыка же турмуштун ачуу чындыгын ачып берген поп, хип-хоп, рэп стилиндеги музыка экенинен шек санабасак да болот. Демек, музыка биздин аң-сезимибизге жана жыргалчылыгыбызга таасир этеби? Албетте, таасир этет. Себеби; музыка - ар дайым адам баласынын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнүн катарында жашап келет.

Учурда музыка уюлдук телефондор, онлайн агым кызматтары жана башка жаңы технологиялар аркылуу барган сайын жеткиликтүү болуп жаткандыктан, анын азыркы жаштарга тийгизген таасирин түшүнүү өтө маанилүү. Музыка инсандардын жанынын бир бөлүгү болуп калыптанып калгандыгын ачык айкын эле байкоого болот. Музыкалык каражаттардын табиятынан улам экспрессивдүүлүк, инсандын эмоционалдык чөйрөсүнө, адеп-ахлактык дүйнөсүнө моралдык жана психикалык жактан тийгизген таасири өтө чоң экендигин айта кетүүбүз керек. Ошондуктан изилдөөнүн негизги максаты: Азыркы заманбап музыкалардын жаштарга тийгизген таасири деп аталат.

Жаштар музыканы эмне үчүн жана кантип колдонушат? Жаштар музыканы ар кандай жолдор менен колдонушат:

• чыңалуудан же зеригүүдөн арылуу үчүн;

• чыгармачылык жол менен камсыз кылуу;

• алардын сезимдерин же маанайын башкарууга жардам берет;

• форманын идентификациясы (мисалы, музыканын артыкчылыктары топтун иденттүүлүгүн табуу жолу болушу мүмкүн);

• көңүл ачуу же алаксытуу катары.

Алардын музыканы тандоосу, ага болгон реакциясы, аны чечмелөө жаш курагына, маданиятына, улутуна жараша болорун да билдик. Мисалы, бир изилдөө көрсөткөндөй, жаш кыз-келиндер эркек балдарга караганда өздөрүнүн эмоционалдык абалын чагылдыруу үчүн музыканы көбүрөөк колдонушат (мисалы, көңүлү чөккөндө кайгылуу музыкаларды угуу). Ал эми эркек балдар стимулдаштыруучу музыкаларды (мисалы, өздөрүнүн позитивдүү образын түзүү же энергия деңгээлин көтөрүү үчүн) көбүрөөк угушат.

Эстрада (француз тилинен estrade, «сахна, аянтча») — ырдоо, бийлөө, сахнада цирк, иллюзионизм, баарлашуу жанры, пародия, клоундук сыяктуу тармактарды камтыган, негизинен популярдуу жана көңүл ачуу мүнөзүндөгү сахна искусствосунун бир түрү. Башка сөз менен айтканда, сахна эстрадалык ыр жанрын да, ошондой эле оозеки жана аткаруучулук искусствонун башка жанрларын да чагылдырган ар түрдүү чыгармачыл адамдардын тобу болуп саналат.

Кыргыз эстрадасы 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап өнүгө баштаган. 1962-жылы Мамлекеттик филармонияда курамы 15 музыканттан турган атайын профессионал эстрада тобу түзүлгөн. Ал алгачкы кыргыз эстрада ансамбли болуп, анда комуз-прима, комуз-альт,

комуз-бас, аккордеон, басгитара, электр-орган жана урма аспаптар колдонулган. Ансамблди

Ч. Кожомжаров жетектеген. Ал топтун музыкалык репертуарына кыргыз элдик обондору жана күүлөрү, композиторлордун эстрадалык ырлары, аспаптык чыгармалары кирген. Атап айтсак: Э. Мойдунов, Ш. Өтөбаев, Г. Мамашева, З. Шакеева, А. Сапаралиев, А. Исраилова, А. Базарбаева, А. Момунгазиев, К. Барктабасова, Н. Калназарова, А. Ибраев ж. б. ырчылар кыргыз эстрадасын түптөгөн. Эстрада өнөрүнө кызыгуу күчөп, окуу жайларда, айылдык, райондук, областтык маданият үйлөрүндө аваздык-аспаптык топтор уюштурула баштаган. 1975-жылы К. Кожомкулов уюштурган “Арашан”, 1980-жылы В. А. Пругло уюштурган “Наристе” вокалдык-аспаптык топтору пайда болгон. Кийин аткаруучулук профессионалдуулугу менен айырмаланган “Ариет”, “Досум Үсөн”, “Кыз бурак”, “Мурас”, “Биз тобу”, “Мээрим”, “Жаштык”, “Семетей”, “Арман”, “Гүлдесте”, “Аракет” аттуу вокалдык-аспаптык ансамблдер республикалык жана эл аралык конкурс, фестивалдардын лауреаттары болушкан. 1990-жылдан кыргыз эстрадасы жаңы багытта, жаңы нукта өнүгүү жолуна түштү. “Элес”, “Агым”, “Аян”, “Инсан”, “Жаш кыял”, “Кербен”, “От”, “Эрсай”, “Энесай”, ошондой эле А. Головин жетектеген джаз ансамбли, “Эриксон-Диксибэнд” ж. б., “Гольфстрим”, “R-18”, “Континент”, “Южный крест” рок-топтору түзүлгөн. Учурда “Джаз Ок”, “Солёные орешки”, “Аура”, “Теоника”, “Анна Парадайз”, “Артек” ж. б. эстрадалык топтор бар.

Кыргыз эстрадасынын калыптанышына композиторлор: А. Малдыбаев, К.

Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Жумалиев, С. Осмонов, Р. Абдыкадыров, А. Керимбаев, Т. Казаков, Ж. Мамажанов, Ч. Сатаев, Т. Эшпаев, М. Бостонкулов Ж. Малдыбаева, М. Бегалиев, К. Эралиева, Б. Алишеров, ошондой эле обончуларга: К. Тагаев, М. Рыскулбеков, А. Бөдөшев, А. Ураимов ж. б.; Ал эми аткаруучуларга: Г. Сатылганова, С. Садыкова, К. Азыкбаев, А. Исабаев, Ы. Осмонкулов, А. Иманалиева, Т. Черикчиева, И. Аманбаев, А. Темиров, К. Артыков, С. Каримов, Д. Акулова, А. Жетигенова, К. Жолдошев, Г. Тойгонбаева, Г. Кахарова, А. Турдалиева, Ж. Муратова ж. б., кийинки муундагы чыккан ырчылар: С. Бейшекеев, Б. Борбиев, А. Карымов, С. Балтаева, Т. Назаров, Т. Асаналиев, М. Атабеков, М. Иманбеков. С. Садыралиев, С. Искеналиев, Ч. Төрөбеков, Г. Суранчиева, Нэна (М. Абдылдаева), Г. Сатыбеков, Омар, Арсен, Каныкей, Б. Исраилов, А. Раимбердиев ж. б.; аранжировщиктерден: Р. Сарлыков, Э. Кадырбаев, Э. Мээрканов, А. Головин, А. Юртаев, Б. Айтбосунов, Т. Бейшеев, М. Батырканов, Р. Усманов, М. Ниязов, А. Такырбашев ж.б. салым кошкон.

Кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү эл аралык конкурстарда Кыргыз мамлекетинин желегин бийик көтөрүшкөн (акыркы 5 жыл ичиндеги жеңүүчүлөр): Омар (Ө. Жанышев) “Жаңы толкун” (“Новая волна”), Латвия, Рига, 2008, А. Пугачёванын жеке сыйлыгы (50 000 АКШ доллары); Э. Кадырбаев — “Астана жылдызы”, Казакстан, Астана, 2008, Гран-При; Ома (Ө. Андарбеков) — “Бүткүл дүйнөлүк чемпионат”, АКШ, Лос-Анжелес, 2008, 3 алтын медаль; Н. Азыкбаева — “Бүткүл дүйнөлүк чемпионат”, АКШ, Лос-Анжелес, 2009, алтын медаль; Ю. Руцкая —”Еврофест”, Македония, Скопье, 2011, Гран-При; Г. Калыков, “Евразия жылдызы”, 2012, Түркия, Стамбул, Гран-При. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын профессионалдык үн жазуу студиялары иштейт. Жыл сайын республикалык, эл аралык джаз, эстрада, фольклор, бий жана спорт бий конкурстары жана фестивалдары өтүп турат.

Поп-музыка - заманбап поп-музыка булар менен параллелдүү калыптанган рок музыка сыяктуу жанрлар да бар.

Рок-музыка (англ. Rock music) - поп-музыканын заманбап бөлүгү. Рок-музыка өзүнүн калыптануусунда “ритм-эндблюз” жана “кантри-энд-вестрн” чыгармачыл багыттарына таянган. Рок-музыка 20-кылымдын 50-60-жылдарында Англия, АКШда калыптанган. Анын өнүгүшүнө “Битлз”, “Роллингстоунз”, “Лед-Зеппелинг”, “Пинк Флойд” сыяктуу ансамблдердин салымы чоң. Бүгүнкү күндө Рок-музыка көп түрдүү чыгармачыл багыттардан турат. Чет элдик электрондук музыкалык аспаптар (электро соло гитара, синтезаторлор, электр бас-гитара, электрондук барабандар) жана бул аты аталган жанрдагы музыкаларды аткаруучу-композиторлор, чыгармачылык топтор (бардык рок музыканттар) бар.

Кыргыздын учурдагы рок ырчысы Чынтемир Акбарали уулу рок музыкасын алга сүрөп келе жаткан жаш музыканттардын бири болуп саналат. Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп жүргөндө достору менен “The Dreamers” аттуу топту түзгөн. Он жыл ичинде чыгармачыл топ жети чыгарма жаратып, төрт видеоклип тарткан. Ал “Азаттыкка” берген маегинде “15 жылдай мурда болсо керек, Бишкектеги “Цеппелин” барында рокту жакындан уккам. Музыканы энергетикасы үчүн жактырып калдым. Сахнадагы бардык аспаптардын үнү мени арбап, жан дүйнөмдү ээледи. Ошондон баштап рок менен жашоону чечтим”. “The Dreamers” долбоору таанылып калган кезде Чынтемир Акбараали уулу музыка айдыңында мурдагыдай көрүнбөй калды. Рокко баш-оту менен киришип, сахна артында даярдык көрүп жүргөндөй элес калтырган. Көп өтпөй хоррор жанрындагы (коркунучтуу) “Албарсты” тасмасынын саундтреги - “Жок” ырын жазганы белгилүү болду.

Хип-хоп музыкалык жанры эки негизги элементтен турат: шалкан (так белгиленген рифмалары бар ритмикалык речитатив) жана ди-джей койгон ритм, бирок вокалсыз композициялар сейрек кездешет. Бул комбинацияда рэп аткаруучулар өздөрүн “MC” деп аташат (Eng. MC - Master of Ceremony). Мында өзгөчө барабандын коштоосундагы ыргактар (ритмдер) аткаруучу чыгармаларынын фрагменттери болуп бас-бөлүктөрдү колдонуу жана синтезаторлор), винил пластинкаларын манипуляциялоо, анда-санда “битбокс” барабан аркылуу ритмин вокалдык тууроо. Азыркы учурда хип-хоп заманбап көңүл ачуунун коммерциялык жактан ийгиликтүү түрлөрүнүн бири жана стилистикалык жактан муза жанрындагы көптөгөн багыттар менен берилген.

Ал эми кыргыздын алгачкы хип-хоп, реп ырчыларынан Латыш Мырза (Алтынбек) “Кыргыз бала”, “Келе жатам”, Kiggaz (Мирлан) & Асылкеч Асаналиева “Сагынамын” ж.б. популярдуу реп ырлары бар. MC Amir “BOSS”, “За жизнь” MC Надыр “Без понтовый РЕП” (Алфавит), “Кыргызский реп” ж.б. Этно репер - Тата Улан “Карындаш”, “Баары бир”, “Не керек” ж.б. ырлары элибизге белгилүү. Реперлерден - Добр “Башаламан”, “Байланыш”, “Алга Кыргыз”, “Патриот” “Спорт” ж.б. ырлары белгилүү. Бегиш & Баястан “Жерим Кыргызстан”, “Ким жетсин”, “Эне тил” ж.б. ыр жыйнактары бар. Улукманапо, Ага-Ини тобу, Ямаджи & Фейджи, Осмон, Freeman996, Бакр ж.б.у.с. реп ырчылары бар.

Маданий-массалык иштин бир түрү катары эстрадалык музыка шоу-бизнестин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Хит түшүнүгү поп музыка менен да тыгыз байланыштуу.

Музыка адамдын психикасына, ден соолугуна кандай тассирин тийгизерин бардыгыбыз эле биле бербейбиз. Азыркы заманбап музыкалык технологиялык, анын ичинде музыкатерапия, дегеле музыкалык искусство адамдын ан сезимин, жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, эмоционалдык жактан жардам берет. Ошондой эле кээ бир музыкалар адамдын

психикасын бузуп, ден соолугуна зыян келтирерин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. XXI - кылымга чейинки музыкаларды ала турган болсок тексти, музыкасы жагынан адамды ар тараптан тарбиялоочу мааниге ээ экендигине шек жок экендигин айтсак болот. Ал эми азыркы заманбап музыкалар менен салыштыра турган болсок асман менен жердей айырмасы бар экендигин айта кетүүбүз керек.

Заманбап музыкалар жаштардын психикасына көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизип келүүдө. Жаштар чыгыштын ырларынын сөздөрүн тургай обонун кандай экенин түшүнүшпөй туруп эле ал ырларды угуп, чет элдиктерди туурап келгени адам баласын кейитпей койбойт. Ал эми заманбап кыргыз ырларын ала турган болсок көпчүлүк учурда маанисин жоготуп келүүдө. Элдик, терме ырлар менен заманбап ырларды салыштыруу мүмкүн эмес. Азыркы заманбап музыкалардын текстери жарымы кыргыз тилинде жазылса, жарымы бөтөн элдин тилдеринде жазылып жаткандыгы коркунуч туудурбай койбойт. Ушундай темпте кете турган болсо кыргыз тилибиздин келечегине балта чаап, алдыда өз эне тилибиздин жок болуп кетүү коркунучу да ойлондурбай койбойт. Элибиздин залкар таланттары Б. Алыкуловдун “Мөлмөлүм”, “Дүнүйө”, “Гөзал кыз”, “Буракжан”, “Өзгөчөм”, “Самаргүл”, Токтогул “Алымкан”, “Дүнүйө- санат ыры”, “Аккан суу”, “Гүлдөп ал”, “Эмне кызык” аттуу укмуштуудай терең философиялык мааниге ээ болгон жогорудагы көрүнүктүү болгон инсандарыбыздан жазылып калган обондуу ырлардын сөз байлыктарын ала турган болсок азыркы жаштарыбыз ал сөздөрдү колдонмок тургай, мааниси кандай экендигин түшүнүшпөй келгендиги учурда ото кооптуу маселелердин бири болуп келүүдө.

Заманбап ырлардан мисал катары Жан Сабыровдун “Самсышка” ырынын сөздөрүнө маани берип карап өтөлү:

Кыргыздын кызы просто рай,

Жанымда жүрсөң болот кайф.

Капкара көздөрүң, фигураң кашык,

Сен үчүн басамын узгенский аш, кара каш.

Ай сендей сулуу кыз дүйнөдө табылбайт,

Ай сен ысыткандай мончода ысытпайт.

Ай башканы сүйсөң, ал сага жете албайт,

Ай-ай сүйүүм ай.

Кайырма:

Элдер мени сындаса, жакшы көрсө да,

Кыздар кыйнап өпсөда,

Сүйүүм сага, сага, сага,

Самсышка, самсышка.

Сын пикир айтса барыбир мага,

Барыбир жаным сүйүүм сага.

Ичемин сен үчүн кола, спрайт,

Даң-даң тик-ток инста хайп.

Хайп-хайп баары хайп,

Эй красотка гоу летать.

Хайп-хайп баары хайп,

Эгер жакса баскын лайк.

Кайырма:

Жогорудагы “Самсышка” ырынын мааниси, бири-бирине уйкаштыгы, адамга тарбия берүүчүлүгү б.а. эч кандай маниси жок. Орус тилинен алынган сөздүктө да “Кайф” деген сөз көчө сөзүнө кирет. Ошондуктан биз азыркы коомдун жаштарына мааниси жок жарымы кыргызча, жарымы орусча же болбосо башка тилдерди аралаштырып эле ырдап, ошого болбогон клиптерди тартып элге жарыялап келе жаткан ырчылардын жеңил-желпи эле чыккан ырларын угуудан баш тартууңуздарды суранабыз. Себеби: Жогорудагы ыр саптарына окшогон аралаш жана жеңил ырлар жаштардын психикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизээрин баса белгилей кетебиз.

XIX-XX-кылымдарда улуу инсандар көп чыккан. Себебин айта кете турган болсок, ал учурда технологиянын жок болгондугуна байланыштуу апаларыбыз балдарынын түйүлдүгүнөн баштап “Алдей” ырларын айтып беришкен. Энелерибиз уламыштарды, жомокторду, дастандарды жана элдик ырларды түндөсү балдарына айтып (ырдап) берип уктатышкан. Азыркы заманда технология өнүккөндүгүнө байланыштуу жаш балдарыбыз төрөлгөндөн баштап апасынан кийинки эле таанып билгени мобилдик телефон болуп жатат. Ошондуктан келечектеги жаштарыбыз музыка угуу эмне экендигин билбей калууда. Алардын оюн башка нерселер ээлеп калып жатат. Балдарыбыз төрөлгөндөн баштап алдей ырларын, терме ырларын уктуруп турбагандыгыбызга байланыштуу балдарыбыз музыка угууну каалашпайт.

Азыркы заманбап музыкалардын жазылган сөздөрү башкача айтканда тексттери азыркы заманга жараша заманбап жазылууда. Заман өзгөргөн сайын кесиптер, ырлар, сүйлөө речтеринин баары замандын талабына жараша өзгөрүүдө.

Картөшкө баасы асмандап,

Кадырдын баасы арзандап.

Кийимдин баасы асмандап,

Кишинин баркы арзандап.

Каякка бара жатабыз.

Темирдин баасы асмандап,

Өмүрдүн баасы арзандап.

Көмүрдүн баасы асмандап,

Көңүлдүн баасы арзандап.

Каякка бара жатабыз.

Музыка жана нерв системасы, музыка адамга оң таасирин тийгизип, чарчоодон, алсыздануудан, капалыктан арылтып, ички сезимге кубаныч алып келет. Кээ бир учурда тескерисинче болушу да мүмкүн. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жаштыгы менен импульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.

Музыкаларды айрым учурда өтө узак мөөнөткө же добушун бийиктетип уккан убакта кээ бир адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Жагымсыз, катуу коюлган музыка адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Катуу ызычууга айрыкча нерви жука жана жүрөк оорулар чыдай алышпайт. Алар түнү жатаарда оңой менен уктай албай, уктап жатканда да улам ойгонуп, жаман түштөрдү көрүшөөрү

байкалат. Айрыкча хард-рок жанрындагы музыканы уккан адамдарда агрессия күчөшү мүмкүн. Хеви-метал музыкасын көп уккан инсандарда психикалык жактан жабыркап, ар кандай коркунучтуу ооруулардын пайда болуусу аныкталат. Улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда (комуз, кыл кыяк, жетиген ж.б.у.с.) аткарылган классикалык жай темптеги обон-күүлөрүбүздү көбүрөөк угуу - адам баласынын жүрөк кан тамырларын тең салмактап, кан басымдарын нормалдаштырууга көмөк көрсөтүп турат.

Ал эми чопо-чоор, сыбызгы, флейта, керней, саксофон аспаптарынын коштоосундагы музыкалар - уккан жандын өпкө системасын жакшыртып, кан тамырларды калыбына келтирип, тромбдордун пайда болуусунун алдын алат. Баскычтуу аспаптардан рояль, пианино, аккордеон аспаптарындагы классикалык чыгармаларды угуу - боор, калкан бези ошондой эле зара чыгаруу системаларын жакшыртат.

Корутунду. Эртең менен сергек жана ритмдүү музыканы угуу жакшы жана организмди ойготуп, күн аягына чейин энергия менен кубатташы мүмкүн. Кыргыз эл музыкасы кандай таасирин тийгизет деген ойго келебиз. Албетте оң таасирин тийгизет. Элдик ырлардын сөздөрү, музыкасы өзгөчө жазылган. Азыркы күнгө чейин кайра жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы- обончу, аткаруучулар тарабынан ал ырлардын обондору замандын талабына ылайык жаңыланып (аранжировкаланып) жазылып, учурда хит болуп келүүдө. Ал эми саламаттыкты сактоо кызматкерлери инсандарды рэп, хард-рок, хеви- метал стилиндеги музыкаларды угуудан алыс болуусун сунуштап келүүдө. Ошондуктан музыка угуудан мурда анын таасири жөнүндө да кеңири маалымат алып, андан соң ал музыкалык чыгармаларды угуу заарыл. Заманбап, хит деп эле музыканы тандабай уга берүү да уккан жандарга терс таасирин тийгизет. Ошол себептен улам биз жалпы эле музыка сүйүүчү жаштарыбызга жана бул макаланын окурмандарына классикалык эстрада жанрындагы музыкаларды көрбүрөөк угуусун сунуштаар элек. Себеби: Классикалык, жай аткарылган музыка адамды тынчтантып, жашоодогу көйгөйлөрүнөн алаксытып, мээдеги ойлорду ирээтке келтирүүгө жардам бере алат. Ошондой эле мындай музыка уйку качканда абдан соонун угуучунун ичиндеги катылган дартына даба боло алат. Классикалык жанрдагы музыкаларды угуу инсандын калыптанышына жана адамдын аң сезимдүү болуп өсүшүнө оң таасирин тийгизээрин бул изилдөөлөргө чейин эле көптөгөн музыка таануучу окумуштуулар айтып келгендиги баарыбызга белгилүү.

Колдонулган адабияттар

1. Алагушов Б. Кыргыз музыкасы (Энциклопедиялык окуу куралы). [Текст] / Алагушов Б. - Башкы редактору Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 400 б.

2. Базарбаев Ш. Кыргыз маданиятынын өнүгүсүнүн диалектикасы. [Текст] / Ш. Базарбаев. - Ош: Б-сыз, 2001. - 322 б.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

3. Жешинский А., Куйкеева З. , Исмаилова С. Музыка тарыхынын барактары. [Текст] / Жешинский А., Куйкеева З. , Исмаилова С. - Б.: Полиграфбумресурсы, 2017. - 164 б.

4. Исиров П. Ырчылар чыгармачылыгы (Окуу китеби). [Текст] / Исиров П. - Б.: Бийиктик, 2004. - 212 б.

5. Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова, Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 1 21. EDN: XIKOTG.

6. Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык

кабыл алууну өнүктүрүү. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54.

https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 7.

7. Орозалиев, Э.С., Ыразаков, Д.А. (2021). Кыргыздын салттуу музыкалык искусствосу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 3, сс. 220-228. EDN: AHNWEQ.

8. Шарипова, Э.К., Ыразаков, Д.А., Асан уулу, А. (2021). Массовая музыкальная культура. Вестник Ошского государственного университета, Т. 1, №3, сс. 318-326. DOI: 10.52754/16947452 2021 1 3 318. EDN: KYTIGZ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.