ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 87-93
ИСКУССТВО
УДК:
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 14
ЗАМАНБАП ЫРЛАРДЫН ЖАШТАРГА БЕРИП ЖАТКАН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ
ВОСПИТАТЕЛЬНОЕ ЗНАЧЕНИЕ СОВРЕМЕННЫХ ПЕСЕН ДЛЯ МОЛОДЕЖИ THE EDUCATIONAL VALUE OF MODERN SONGS FOR YOUTH
Осмоналиев Эмил Авазбекович
Осмоналиев Эмил Авазбекович Osmonaliev Emil Avazbekovich
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University
[email protected]____________
Абдувапова Гүлчехра Акылбековна
Абдувапова Гулчехра Акылбековна Abduvapova Gulchekhra Akilbekovna
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University [email protected]_____________
Карыбекова Турдугүл Асылбековна
Карыбекова Турдугүл Асылбековна Karybekova Turdugul Asylbekovna
м магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University
ЗАМАНБАП ЫРЛАРДЫН ЖАШТАРГА БЕРИП ЖАТКАН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ Аннотация
Бул макалада XXI кылымдын башында чыгып жаткан кыргыздын заманбап музыкалык жанрындагы ырларынын буга чейинки XIX-XX кылымдын аягында чыккан кыргыздын классикалык музыкалык жанрындагы ырларына салыштырмалуу бир топ эле жеңил болуп баратканы баяндалат. Адам баласынын жашоо-турмушу канчалык жеңил болгон сайын, ыр жазуу да замандын талабына ылайык ошончолук жеңил болуп бара жатат. Азыркы учурда ырлардын жеңил жазылып жаткандыгы адамдын да жеңил ойлуулугунун таасири астында десек жаңылышпайбыз. Инсандын бири-бирине болгон сүйүүсү, мекенге болгон сүйүүсү да мурдагыга караганда бир эле топ айырмаланып баратканын байкоого болот. Музыка кылымдар бою кандай гана чөйрөдө болбосун маанай жаратып, ыр угуу аркылуу инсанды руханий жактан ички сезимдерин ойготуу үчүн колдонулуп келген. Диний ырым-жырымдардан тартып үйлөнүү үлпөтүнө жана сөөк коюуга чейин музыканын сезимдерди козгоп, адамдар арасында байланыш сезимин жаратуучу күчү болгон. Ал эми эс алууга келгенде, музыка акыл-эсти тынчтандыруу жана стресс деңгээлин төмөндөтүү үчүн күчтүү курал боло алган. Ыр угууда музыканы туура тандоо менен адам баласы кандайдыр бир ички дүйнөсүндөгү оруулардан арылып, бул жашоонун жыргалчылыгына өбөлгө түзүп, жагдайына жараша тынчтандыруучу атмосфера түзө алышы жөнүндө маалыматтар берилди.
Ачкыч сөздөр: акыл-эс, атмосфера, дербиш, руханий, мажор, минор, ырым-жырым, стресс.
ВОСПИТАТЕЛЬНОЕ ЗНА ЧЕНИЕ СОВРЕМЕННЫХ ПЕСЕН ДЛЯ МОЛОДЕЖИ
Аннотация
В данной статье описывается тот факт, что кыргызские песни в современном музыкальном жанре, выпущенные в начале XXI века, становятся значительно легче по сравнению с песнями кыргызской классической музыки, выпущенными в конце XIX - XX века. По мере того, как жизнь людей становится легче, писать песни в соответствии с потребностями времени также становится легче. Можно сказать, что в наши дни песни легко пишутся под влиянием легкомыслия людей. Можно заметить, что любовь людей друг к другу и их любовь к Родине сильно отличаются от прежних. Музыка веками использовалась для создания настроения в любой обстановке и пробуждения внутренних духовных чувств человека посредством прослушивания музыки. От религиозных церемоний до свадеб и похорон музыка способна вызывать эмоции и создавать ощущение связи между людьми. А когда дело доходит до релаксации, музыка может стать мощным инструментом успокоения ума и снижения уровня стресса. Была дана информация о том, что, выбрав правильную музыку при прослушивании песни, человек может избавиться от некоторых внутренних проблем, способствовать благополучию жизни, создать успокаивающую атмосферу в зависимости от ситуации.
Ключевые слова: разум, атмосфера, дервиш,
духовность, мажор, минор, ритуал, стресс.
THE EDUCATIONAL VALUE OF MODERN SONGS FOR YOUTH
Abstract
This article describes the fact that Kyrgyz songs in the modern musical genre, released at the beginning of the 21st century, are becoming significantly lighter compared to songs of Kyrgyz classical music, released at the end of the 19th and 20th centuries. As people's lives become easier, writing songs according to the needs of the times also becomes easier. It can be said that nowadays songs are easily written under the influence of the frivolity of people. You can notice that people’s love for each other and their love for their Motherland are very different from before. Music has been used for centuries to create the mood in any environment and awaken a person's inner spiritual feelings through listening to music. From religious ceremonies to weddings and funerals, music has the power to evoke emotions and create a sense of connection between people. And when it comes to relaxation, music can be a powerful tool for calming the mind and reducing stress levels. Information was given that by choosing the right music while listening to a song, a person can get rid of some internal problems, promote well-being in life, and create a calming atmosphere depending on the situation.
Keywords: mind, atmosphere, dervish, spirituality, major, minor, ritual, stress.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Азыркы XXI кылымдын жаштары XIX-XX кылымдагы ырлардын маани-маңызына түшүнүшпөй келе жаткандыгын айта турган болсок. Мисалы: эмгек, партия, лелинчил ырлары. Замандын талабына ылайык азыркы эл ичинде аткарылып жүргөн заманбап ырларды маанилүү жана маңыздуу жазып жаткан көрүнүктүү акын, обончу жана композиторлорубуз, акындарыбыз жок эмес. Алсак: А. Кубанычбеков, Б. Жамгырчиев, Б. Чотурова, Б. Борбиев, С. Бейшекеев, ж.б. Ал эми жаш обончуларыбыз Г. Сатыбеков, М. Атабеков, Н. Насип, Т. Колдошов, ж.б.у.с. “Бардык нерсе ниетке жараша болот” деген кыргызда накыл сөз бар эмеспи, ошол сыңарындай эле музыканы да тандап угуу абзел. Кайгылуу (минордук) музыканы уккан адамдын жашоосу да кайгылуу жана аракетсиз болуп калат. Шаңдуу (мажордук) музыканы уккан адамдын жашоосу да шаңдуу жана ошол адамдын жашоого болгон аракети кучтуу болот.
Мен далил катары жашоомдо болгон бир окуяны жаза кетейин. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2017-ж.), ырчы-обончу Г. Сатыбековдун “Мен сенден кетейинчи” деген ыры 2013-жылдары жаңыдан чыккан эле. Жолдошум Ош-Бишкек жолунда жүк ташуучу унаа айдоочу. Ошол ырды эртеден кечке угуп да, ырдап да жүрдү. Ошондой эле жолду да ушул ырды угуу менен кыскартты. Ошондо ырга маани бербегеним менен жолдошума суроо бердим. Эмнеге кечке эле ушул ырды уга бересиз деп. Анан жолдошум мага мындай деп жооп берди. Бул ыр өзүнчө бир башкача жазылыптыр. Мааниси, музыкасы да соонун жазылган деди.
“Мен сенден кетейинчи”
сөзү, обону: Г. Сатыбековдуку Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей куурап калды.
Үйрүлүп мээримицди төксөм дагы,
Көцүлүм жакшы сөзгө суусап калды.
Кайырмасы:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныцда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүцө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен жогорудагы ырдын маанисине көнүл бурбагандыктан унчукпай эле кала бердим. Бирок жолдошум көп узабай авто кырсыктан каза болуп, о дүйнөгө сапар алып кетти. Бир күнү ошол “Мен сенден кетейинчи” деген ырды кайра угуп калдым. Укканда да ырдын сөзү, обонуна аябай маани берип уктум. Ошондо гана ал ырдын маанисине түшүндүм. Бирок анда кеч болуп калаган эле. Эмнеге “Дербиш” болуп кеткиси келди экен деп сурагым келди, бирок жооп ала албайт элем. Бул жашоодон кетишин жүрөгү сездиби же музыка жашоосун өзгөрттүбү ал жагы мен үчүн караңгы бойдон кала берди.
Музыка - кээде адамдын жашоосун, кулк-мүнөзүн өзгөртүп жүрөктөрдү жумшарта алат. Жогоруда айтылгандай эле адам баласы кечке кайгылуу музыканы уга берсе, жашоого болгон көз карашы үмүтсүз болуп калышы толук ыктымал. Себеби адам бир машина сыяктуу. Музыка клеткалар аркылуу жүрөкө (адамдын матору) алып келет, жүрөк мээге жеткирет, мээ болсо бүткүл органдарга жеткирип турат. Ошондон улам ар бир клетканын жашоого болгон аракети
азая баштайт. Ошондуктан музыканы угууда биринчи ырдын сөздөрүнө (текстине), экинчи маанисине көңүл буруп угуу өтө заарыл.
Жогорудагы ырдын текстинен “Дербиш” деген сөздү биринчи жолу уктум. Ошондон улам сөздүн маанисин изилдеп көрдүм. Дербиш (фарсча - сөзмө-сөз которгондо - жакыр, тентимиш) -дүнүйө, байлыктан кечкен, коомдон өзүн бөлгөн, дин адамы. Алар: “Бул дүйнө-жалган дүйнө, чыныгы дүйнө тигил жакта, бул дүйнөдөн ошончолук жыргал көрөбүз” деген түшүнүк менен жашашат. Ошондо гана түшүндүм. Бирок анда кеч болуп калган эле. Арадан он жыл өтсө да мен үчүн ушул ыр жашоомду өзгөрттүбү деген ой келе берет. Ошондуктан өзүмдүн жашоомдо кайгылуу музыкаларды угуудан алыс болууга аракет кылам.
Адам баласы өзүнүн мүнөзүнө жараша ырларды угат. Музыканы угуудан адамдын кандай экенин байкоого болот. Музыканы укканда адамдын ар бир клеткасы дем алат же болбосо тескерисинче чарчайт. Музыканы түшүнүп угуу көбүрөөк адам баласына, уккан жандарга оң таасирин берет же болбосо классикалык музыканы угуу адамдын мээсин дем алдырып турат.
Азыркы заманбап музыканын жазылган сөздөрү да дал келбей калып жатканын байкоого болот. Ырлар эмес макалдар да бири-бирине дал келбей бара жатат. Мисал катары ала турган болсок “Ат адамдын канаты” - бул макалда ат азыркы заманда адам баласына канат боло албайт деген түшүнүктө жашап жатабыз. Кыргыздын көптөгөн сөздүктөрү орус тилинен которулуп, көптөгөн сөздүктөрү азыркы учурда колдонулбай эле келе жатат. Акындарыбыз ыр жазганда кыргыздын унутта калып жаткан сөздөрүн колдонушса кыргыз тили өнүгөт деген ойдомун. Бизге окшогон инсандар азырга чейин уга элек сөздүктөрдү угуп, анын маанисин тереңден түшүнүп, сөз байлыктарыбызды өнүктүрсөк жакшы болмок.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2022-ж.), обончу жана аткаруучу Съездбек Искеналиевдин “Сезим” аттуу ырын угуп жатып кайырмасына “Да” деген сөздүктү кошуп койсо уйкаштык болот экен деп ойлодум. “Да” деген сөз бир маанини түшүндүрбөсө да, бир сөзгө кошкондо күчөтүлгөн сезимди билдирет.
“Сезим”
обону: А. Кылычовдуку
Аппак карда, аппак карда биз бараттык,
Ал бульварда и-ий,
Бак дарактар ак оролуп,
Күбө болгон биздин сүйүүгө.
Кайырмасы:
Себелеп, себелеп майда,
Аппак кар, аппак кар жаады.
Ал жааган аппак карда,
Сезимдер, сезимдер башка.
Кайырмасына “да” деген сөздү кошо турган болсок биринчиден сөздөрү уйкашат, экинчиден сезимин күчөтүлгөн даражада көрсөтөт.
Себелеп, себелеп майда,
Аппак кар, аппак жаайт да.
Ал жааган аппак карда,
Сезимдер, сезимдер башка да.
Азыркы чыгып жаткан заманбап ырлар жеңил сезим жана ачык жазылганы менен адамга терс таасирин тийгизип жатат. Көбүнчө шаңдуу (мажордук) форматта жазылганы жаштарды сергек жашоого тарбиялап жатат. Алсак, XIX - XX - кылымда жарык көргөн ырларда акындар жана обончулар ички сезимдерин ачык айта алган эмес. Азыр болсо жашоода да, ырларда да ачык эле айтылып калды.
Кыргыздын бир жарк этип жаркырап чыккан ырчысы Бекжан Темирхан (2-октябрь 1995-ж.- 10-ноябрь 2022-ж.) Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында туулган. Бекжандын алгачкы 2020-жылы эл ичинде хитке айланган “Эзилип бүттүм” аттуу ырынын бир куплет жана ырдын кайырмасындагы сөздөрүнүн маанисин карай турган болсок;
“Эзилип бүттүм”
сөзү: Топчубек Адылбек уулу обону: Бекжан Темирхандыкы
Агарып аткан таңым элең сен,
Жашоодон тапкан багым элең сен.
Сени сүйөмүн, сени күтөмүн,
Эзилип бүттүм.
Кайырмасы:
Ай-ай-ай, эзилип бүттүм,
Алтыным өзүңдү күттүм.
Кайдасың асылым азыр жаным,
Сагындым өзүңдү гүлүм.
Жогорудагы ырдын тексттериндеги сөздөрүнүн маани-маңызы эски ырларга окшоп кагазга ороп айтылбагандыгын байкоого болот. Мурунку жаштар сүйүүсүн кат аркылуу билдирип айлап кутушкон болушса, азыркы замандын жаштары телефондо да бир саат күткүсү келбейт. Ошондуктан ырлар да заманына жараша жазылып, угуучулардын сезимине оң жана кээ бир учурларда терс таасирин тийгизип жатканына анализ жасай алдык. Заманбап ырлардын жаштарга берип жаткан тарбиялык жактары жана таасирлери өтө жакшы темпте өсүп бара жатат. Жазылып жаткан ырлардын сөздөрү дагы заманбап сөздөр менен жазылып жаткандыгы талашсыз. Бардык нерсенин өнүгүү жолунда болгондугуна байланыштуу, ырлардын да заманбап болуусу абзел. Мисалы, жаштарды шарты жок, техника, электр жарыгы жок үйдө жашап кетүүсүн элестете албайбыз. Ошондой эле кээ бир жеңил-желпи ырлар да ошол сыяктуу жашап кетүүсү өтө кыйын болуп калууда. Бирок биз маданиятыбызды, үрп-адаттарыбызды, улуттук аспаптарды унутуп койсок болот дегени эмес. Бардык нерсенин өз нугунда кеткени жакшы. Азыркы жаш акын-копозиторлорубуз дагы заманбап ырларды жаратып келе жатышат. Алардын катарын толуктап Зарлык Камбаралиевдин обонуна жазылган “Мен Юпитер” деген ырын мисалга алсак:
“Мен юпитер”
Жылдырбай кармап турат салган тузагың, Билбеймин амалым жок кантип чыгарым. Көзүмө сенден бөлөк эч ким көрүнбөйт,
сөзү: А. Соороев обону: З. Камабаралиев
Оюм онго бөлүнүп калды тунарып.
Жүрөгүмдүн кагышы жай,
Убактылуу турат жылбай.
Көңүлүмдө муңдуу нота,
Кайталанат до-ре-ми-фа,
Кыялымда дүйнө кезем,
Оңүм эмес, түшүм эмес.
Бирок аны түшүндүрөт,
Сага жазган СМС.
Кайырмасы:
Мен жер, сен юпитер,
Аралык жакын эмес Мен мүмкүндүк берсе,
Жакындагым келет.
Бул ыр саптарында заманбап сөздөр колдонулган “СМС” деген сөздүктү айтсак болот. Азыркы заман талабы, канчалык заманбап, уккулуктуу жазылган ырлар болсо башка элдердин музыка сүйүүчү жаштарына да эбегейсиз чоң таасирин берип жатат. Учурда жаш акындар, ырчы-обончулар ырдын текстине анчайин маани беришпей, көбүнчө ал ырдын обонуна көбүрөөк басым жасап калышты.
Мисалга, Маданияттын мыкты кызмакери төш белгисинин ээси (2013-ж.) ырчы-обончу Ильяз Абдразаковдун обонуна жазылган “Жаным ай” ырын айта турган болсок, ал 40 тилге которулган. Ырдын сөздөрүнө маани берип карасак;
“Жаным ай”
сөзү, обону: И. Абдыразаковдуку
Байланам шок кыздардын,
Көздөн учкан сыйкыр нуру.
Мен балкыган жанга дары,
Алтын жибек, мончок шуру,
На-на-ней.
Ал жомоктогу перидей.
Сезилет жылмайганы,
Сезим өрттөп тамшандырат.
Көрсөң көзүң тойбос болуп,
Көксөп адам арман кылат На-на-ней.
Кыргыздын заманбап ырларынын жанрлары салттык музыка, классика жана эстрадалык жанрларга бөлүнөт. Кыргыз музыкасы түрк элдеринин маданияты. Орто Азиядагы коңшулаш элдердин музыкасы менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан ырчыларыбыз коңшу элдердин (казак, өзбек, түрк, тажик) ырларын кыйналбастан өз тилибизге которуп ырдап жүрүшөт. Алар да биздин ырчылардын ырларын өз тилдерине которуп алып ушул күнгө чейин ырдап келүүдө. Байыркы элдердин жашоо шартына, эмгегине жараша ырлар, обон-күүлөр чыгып турган. Ошондон улам эмгек ырлары пайда болуп, эмгекке үндөгөн. Бирок азыркы күндө эмгек ырлары жаштарга өз таасирин тийгизбей калды. Себеби эмгектенген жаштарыбыз жокко эсе.
Талаа жумуштары, мал багуу деген түшүнүктүн жоголуп бара жаткандыгында деп айта алабыз. Ошол себептен ар бир нерсе заманына жараша болгондугу жакшы. Бул илимий изилдөөнүн жыйынтыгында ырлар гана эмес ар кайсы кесиптер да замандын талабына ылайыкталып, өзгөрүү жолуна түшкөндүгүн айта кетүүнү туура көрдүк.
Колдонулган адабияттар
1. Абдышев К. - Кылым инсандары. [Текст] / - Кыргызстан: Шам, 2003-ж. 534 б.
2. Асанканов А.А., Аалиева Ш. - Кыргыз тарыхы. Энциклопедиялык окуу куралы. [Текст] / - Кыргызстан: Турар, 2003. 463 б.
3. Балбай Алагушов - Кыргыз музыкасы. Энциклопедиялык окуу куралы. [Текст] / -Бишкек: Бийиктик, 2007. - 531 б.
4. Исиров П. - Ырчылар чыгармачылыгы (Окуу китеби). [Текст] / Исиров П. - Б.: Бийиктик, 2004. - 212 б.
5. Касымалиев Б.Ж. - Тил жана улуттук салт: (Кыргыздын улуттук каада-салт сөздөрүнүн
кыргызча-орусча тематикалык сөздүгү): [Текст] / окуу
тексттери. Кыргызстан: Турар, 2009. 225 б.
6. Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова , Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 1 21. EDN: XIKOTG.
7. Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык
кабыл алууну өнүктүрүү. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54. DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 7.
8. Мурзакулова Ч.А. (2019). Компетенттүү музыка адистиги мугалиминин заманбап балдардын тарбиялоодогу ролу. Вестник Ошского государственного университета, No. 1, сс. 116-120. EDN: ZOMXBB.
9. Орозалиев, Э.С., Ыразаков, Д.А. (2021). Кыргыздын салттуу музыкалык искусствосу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 3, сс. 220-228. EDN: AHNWEQ.
10. Шарипова, Э.К., Ыразаков, Д.А., Асан уулу, А. (2021). Массовая музыкальная культура. Вестник Ошского государственного университета, Т. 1, №3, сс. 318-326. DOI: 10.52754/16947452 2021 1 3 318. EDN: KYTIGZ.