ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 34-40
ИСКУССТВО
УДК: 7.78
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 6
КЫРГЫЗСТАН ФОЛЬКЛОРИСТТЕРИ ФОЛЬКЛОРИСТЫ КЫРГЫЗСТАНА FOLKLOREIST OF KYRGYZSTAN
Абдыраева Рахат
Абдыраева Рахат Abdyraeva Rahat
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет Master’s student, Osh State University [email protected]
КЫРГЫЗСТАН ФОЛЬКЛОРИСТТЕРИ
Аннотация
Бул макалада негизинен музыкалык кыргыз фольклоруна чоң салым кошкон композиторлор жана кыргыз фольклорунун түптөлүшү тууралуу баяндалат. Фольклордун үлгүлөрүн жыйноо, жазуу, элдик музыканын көркөм каражаттарын талдоо, аларды композиторлордун чыгармаларында колдонуу принциптерин аныктоо, ошондой эле фольклорду пропагандалоо иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө баяндалмакчы.
Ачкыч сөздөр: фольклор, түптөө, пропаганда, элдик музыка.
ФОЛЬКЛОРИСТЫ КЫРГЫЗСТАНА FOLKLORISTS OF KYRGYZSTAN
Аннотация
В данной статье в основном рассказывается о композиторах, внесших большой вклад в музыкальный кыргызский фольклор и основу кыргызского фольклора. Сбор образцов фольклора, сочинение, анализ художественных средств народной музыки, определение принципов их использования в произведениях композиторов, а также популяризация фольклора будут доложены.
Abstract
This article mainly describes the composers who made a great contribution to musical Kyrgyz folklore and the foundation of Kyrgyz folklore. Collection of folklore samples, writing, analysis of artistic means of folk music, determination of the principles of their use in the works of composers, as well as the promotion of folklore will be reported.
Ключевые слова: фольклор, основание, пропаганда, Keywords: folklore, foundation, propaganda, folk music. народная музыка.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Октябрь революциясынан кийин кыргыз музыкалык фольклорун изилдөөнүн жаңы этабы башталып, Кыргызстандын музыка таануучулук мектебинин жана ачылышы үчүн негиз пайда болгон.
Бул макалада негизинен музыкалык кыргыз фольклоруна чоң салым кошкон композиторлор жана кыргыз фольклорунун түптөлүшү тууралуу баяндалды.
Октябрь революциясынан кийин кыргыз музыкалык фольклорун изилдөөнүн жаңы этабы башталып, Кыргызстандын музыка таануучулук мектебинин жана ачылышы үчүн негиз пайда болгон.
Өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн ар тараптан түптөндүрүү, калыптандыруу процессинде ишке ашырылуучу социалдык маданий өзгөрүүлөрдүн таасири астында фольклористика боюнча изилдөөчүлөрдүн алдына бир нече милдеттер коюлган. Фольклордун үлгүлөрүн жыйноо, жазуу, элдик музыканын көркөм каражаттарын талдоо, аларды композиторлордун чыгармаларында колдонуу принциптерин аныктоо, ошондой эле фольклорду пропагандалоо иштери жүргүзүлгөн.
Кыргыздардын этностук тарыхын, турмуш-тиричилигин жана маданиятын комплекстүү изилдөөлөр Орусиянын окумуштуулары В. Бартольд, А. Бернштам, С. Абрамзон тарабынан жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда Түркстан автономиялык республикасынын өкмөтү жергиликтүү этностордун музыкалык салттарын изилдөөгө багытталган бир катар атайын иш-чараларды турмушка ашыра баштаган. Алсак, 1919-ж. Жети-Суу облусунун Улуттук иштер боюнча комиссиясы 1920-жылдын январында Верный (азыркыАлматы) шаарында облустагы ырчы-акындарды чакыртып, алардын чыгармаларын жазуу жөнүндө токтом кабыл алган.
1920-ж. Оренбург шаарында Кыргыз (Казак) эл агартуу комиссариатынын Академиялык борбору түзүлүп, фольклорчу музыка таануучу композитор Александр Викторович Затаевич (1869-1936) ишке тартылган. Ал 16 жыл бою Борбордук Азия, Алтай, Сибирь элдеринин 2600 ырын жана аспаптык пьесаларын нотага жазып, аларга түшүндүрмө берген, элдик обондорду фортепианого жана үнгө кайрадан иштеп чыккан. Фольклор менен байланышкан бир нече китептерди, макалаларды жарыкка чыгарган1.
Фольклорчу - Затаевичдин өз ишине терен берилгендиги, элдин акылмандыгын чын жүрөктөн сүйүп баалагандыгы, энтузиазмы, адамгерчилик сапаттары, кесиптик чеберчилиги, аткаруучулар менен болгон кылдат мамилелери ал менен иштешкен музыканттар тарабынан жактырылып, жагымдуу пикирлерди пайда кылбай койгон эмес.
А. Затаевичдин фольклордук экспедициялары татаал гео-саясаттык кырдаалда өткөрүлгөндүктөн бир топ уюштуруучулук кыйынчылыктарды жеңүүнү талап кылган. Ал ыр, күүлөрдү үйдө, роялдын жанында, көбүнчө окуу курстарында, жатаканаларда, мектептерде, казармаларда, жайкысын Уралдын бейпил жээктеринде, кышында караңгы түнөк үйлөрдө кир болгон жыртык кийизде отуруп, базарда тыгылышкандардын арасында, театрдын коридорлорунда, бир сөз менен айтканда, кайсы жерде болсун менин фольклордук коллекцияларымды толукташ үчүн болушунча баалуу булак кездешсе эле ырчынын ак көңүлү кармаган учурун пайдаланып туш келген жерде жаздым", - деп белгилеген өзунун биринчи
жыйнагынын үстүндө иштегенин эскирип биринчи ЖОЛУ КЫРГЫЗ фольклоруна Затаевич 1924-ж. кайрылган. Москвада окуган кыргыз студенттеринен ыр жанрынын сегиз үлгүсүн жазып алып, 1925-ж. Оренбургдан чыккан.
Кыргыз элинин (казак элинин деп да бөлүшүнүү керек) 1000 ыры" аттуу жыйнагына киргизген. Бул жыйнак коомдо зор илимий жана маданий резонанс туудурган. "Сиздин бул эмгегиңиз эбегейсиз зор, - деп жазган советтик орус музыка таануучусу, академик Б. Асафьев, -ал куч жумшоо, чарчабастык, адамдан башкача өжөрлүк эмгек жагынан чынында эле эпикалык атактуу француз жазуучусу Ромен Роллан Затаевичдин бул чоң зайыттуу эмгегин "баатырдыкка барабар музыкалык иш деп баалап, анын маанисин жергиликтүү проблематиканын чегинен алда канча кең тургандыгын жана өз учурундагы М. Балакирев, Б. Барток, Комитастын жаратып кеткен фольклордук музыкалык эмгектерине тен келгендигин белгилеген.
Ошону менен бирге бул казак, кыргыз ырларынын жыйнагында фольклордук салттарга тиешелүү болгон бир катар маанилүү проблемалар күн тартибине коюлган. Затаевич атап кеткен фольклордун "эркин өлчөм", "симметриялуу эмес мезгил”, "анык диатонизм", "варианттардын көбөйтүлүшү" сыяктуу өзгөчөлүктөрү кийин атайын илимий изилдөөлөрдүн предмети болуп калды. Алардын айрымдары А. Затаевичдин жана А. Кастальскийдин ”1000 ырындагы" кириш сөзүндө козголгон2 3.
Фольклорчу-илимпоз жазып алган кыргыз музыканттарынын ичинде Муратаалы Күрөнкеев, Карамолдо Орозов, Жолой Боогачинов, Абдылас Малдыбаев ж.б. болгон. Затаевич улуу демократ, акын, комузчу Токтогул Сатылганов менен бетме-бет бир отуруп иштешкен жападан жалгыз фольклорчу-музыкант болгон. Токтогулдан он сегиз комуз күүсүн жазып, аларды өзүнүн жогоруда аталган китебине жарыялаган. Ал китепте болочок урпактарга фольклорчу элдик ырчы акындардын жандуу портреттерин түзүп, алардын ар бирине квалификациялуу баа берген.
1936-ж. А. Затаевич Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн республикалык массалык элдик чыгармачылык олимпиадасына жюринин төрагасы катары катышып, жюри иштеп бүткөндө музыканттарды жазууга киришкен. Натыйжада 173 жаңы фольклордук чыгарма топтоп басмага экинчи жыйнагын даярдаган, бирок шум ажал аны жыйнак жарыкка чыга
3
электе алып кетти .
Мындан сырткары Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн кесипкөй композиторлору өз чыгармаларында А. Затаевичдин жыйнактарындагы элдик обондорду ар дайым тематикалык материал катары колдонушкан. Илимпоздун эмгектери көптөгөн музыканттар үчүн такай пайдаланылуучу окуу куралы болуп калды.
Улуттук фольклористика үчүн этаптык монография болуп эсептелген "Кыргызская народная музыка" (Фрунзе, 1958) аттуу китепте музыкалык фольклордун тарыхый мезгилдештирилиши, анын стилдик, жанрдык өзгөчөлүктөрү теориялык жалпылоодон майда-бараттарына чейин толук жазылып, көрүнүктүү чеберлердин чыгармачылыктары талданган.
Ошентип музыкалык фольклор "тыштан" гана эмес, "ичтен” да изилдене баштады. Мындай жагдайдын пайда болушунун себеби, илимпоздордун ичинде өз элинин фольклоруна
2 Дүйшалиев К. Кыргыз эл музыкасы. Бишкек. "Шам", 2007. 325-б.
3 Беляев В. М. Очерки по истории музыки народов. М.: Музыка, 1955. С. 78.
кызыккандардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, фольклорчулуктун принциптүү жаңы механизмдеринин ырааттуу ишке ашырылышынан келип чыкты. Мезгил талабына ылайык кыргыздын салттуу искусствосунун терең өз алдынчалыктуу жана ички структурасы уюшулган формадагы система экендиги, ага категориялардын, түшүнүктөрдүн өзгөчө
4
структурасы дал келип, изилдөөнүн өзгөчө методун колдонуу керектиги айкындалды .
Улуттук фольклористиканын өнүгүшү, бир жагынан, музыка таануучуларга адистештирип окутууга, илимий проблемалар арасын чектеп, дифференциялап изилдөөгө, музыкалык фольклордун конкреттүү көрүнүштөрүн жана жалпы эстетикалык маселелерин чечмелөөгө мүмкүндүк берди.
Б. Алагушов эки фольклордук жыйнактын түзүүчүсү. Алардын бирөөндө классикалык комуз күүлөрдүн залкар автору жана аткаруучусу Карамолдо Орозовдун чыгармалары толук камтылган. Экинчисинде байыркы элдик ырлардан азыркы обончулардын жана комиозиторлордун ырларына чейинки чыгармалар ноталары жана сөздөрү менен жарыяланган. Б. Алагушов өнөктөштөрү Т. Бөрүбаев, С.Мусаев, К.Камбаровдор менен бирге 36 граммпластинкадан турган "Кыргыз музыкасынын антологиясын" эки жолу жарыкка чыгарган, анда улуттук ыр, күү маданиятынын ар түрдүү жанрларынан тандалып алынган чыгармалар киргизилген жана алардын түшүндүрмөлөрү тиркеме катары берилген.
Кыргыз музыкалык фольклористикасына жемиштүү салым кошуп келе жаткан илимпоздун бири музыковед, искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор Екатерина Сергеевна Лузанова. Ал Кыргыз улуттук консерваториясынын этно-музыкалык илимий иштерине, андагы жарык көргөн эмгектерге түздөн-түз тиешелүү иштерге катышып келе жатат. Анын калеминен кыргыз музыка фольклору жөнүндө «Ала-Too» журналына илимий публицистикалык макала жарыяланган. Профессор К. Дүйшалиев менен бирдикте «Сорос-Кыргызстан» фонду чыгарган «Кыргызское народное музыкальное творчество» деген китепке авторлош болуп катышкан4 5.
Тунгуч кесипкөй композитор Абдылас Малдыбаев (1906-1978) өзү фольклор искусствосунан өнүгүп-өскөндүгүнө байланыштуу ага урмат, сый көрсөтүү иретинде "Ырлар" (Фрунзе, 1937), "Кыргыз эл ырлары" (Фрунзе, 1972) деген жыйнактарды чыгарган. Композитор жана дирижер Б. Феферман темир комуз үчүн 36 элдик күүдөн турган биринчи системалаштырылган жыйнагын жарыялады (Фрунзе, 1965). Кыргыздын музыка фольклорун жыйноо, ноталаштырып жазуу, пропагандалоо жана кайрадан иштеп чыгуу боюнча эмгек кылгандардын арасында П. Шубин, В. Власов, В. Фере, М. Абдраев, М. Раухвергер, Т. Эрматов, А.Жээнбаев ж.б. бар.
Фольклордук экспедицияларга чыгып, көптөгөн ыр, күүлөрдү магнитофонго жазып, практикалык фольклористикага бир далай эмгек өтөгөн фольклорчулардын катарына комузчу Бектен Бейшенбиев кирет. Б. Бейшенбиевдин демилгеси менен 50дөн ашык элдик ырлардын ноталары "Киргизские народные песни" (Киев, 1980) деген ат менен украина тилинде жарык көргөн.
Көп жылдык педагогикалык жана илимий ишмердиктин жемиши катары музыка таануучу Владимир Янковскийдин "Музыка советской Киргизии: 1917-1967 (Фрунзе, 1982),
4 Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын тарыхынан. Фрунзе, Мектеп, 1989. 98-б.
5 Виноградов В. Киргизская народная музыка. Фрунзе, 1958. С. 115.
Б. Алагушовдун, Т. Койгелдиеванын, Ш.Турдумамбетованын "Кыргыз музыкасынын тарыхынан" (Фрунзе, 1989), профессор В. Романдын "Кыргызская музыкальная литература" ("Кыргыз музыкалык адабияты" (Бишкек, 1995) деген эмгектери эсептелет. Бул окуу куралдарынын тиешелүү бөлүмдөрү фольклордук музыкага арналган.
Фольклорду жазуунун азыркы методдорунун жардамы менен солисттердин, ансамблдердин жана элдик оркестрлердин концерттик репертуары толукталууда. Музыкалык аспаптар өркүндөтүлүп эң мыкты деңгээлге жеткирилүүдө. Фольклордук үлгүлөрдүн грамжазуулары, аудио, видео жазуулары жана компакт дискалары көбөйүүдө. Аларды массалык нуска менен чыгаруу үчүн жеке менчик студия-ишканалар пайда болду. Элдик музыка чыгармачылыгы боюнча фестивалдар, конкурстар, конференциялар, симпозиумдар өткөрүлүп жатат.
Эгемендүү Кыргызстандагы мамлекеттик, улуттук ан-сезим ата-мекенибиздин искусство тарыхын терең түшүнүүгө шарт түзүшү зарыл. Ал эми музыкалык фольклористика ушундай глобалдуу рухий таанып-билүүнүн бирден-бир аспабы болуп эсептелет.
Фольклор, аны жараткан калк сыяктуу эле, түгөнгүс көркөм байлык жана дараметтеги адеп-ахлактык нерсе. Андыктан ал түбөлүктүү, өнүгүп-өсүүчү, жаңыланып туруучу искусство.
Көркөм маданияттын жалпы системасында фольклордун ээлеп турган орду өзгөрүп турушу мыйзам ченемдүү. Бир жагынан, традиция музыкалык ишмердиктин башка формалары менен кысылышы мүмкүн, айрыкча урбанистикалык (шаардык) тенденциялардын таасири астында. Экинчи жагынан, коомдун аң-сезиминде эл музыкасы жөнүндөгү түшүнүктүн өзү кеңейип турат, анткени ал өзүнчө жаңы стилдик типтеги фольклордун үлгүлөрүн камтыйт жана сиңирет. Азыркы убакта фольклордун бардык тарыхый катмарлары көчмөндүк архаикадан азыркы масс-медиа музыкалык стандарттарына чейин жанаша жашайт.
Бирок, кандай гана модерндештирүү болбосун фольклордук түпкү булактын жандуу түрүн өчүрө албайт жана эч бир жаңылык, жада калса азыркы эстрададагыдай "темирдей" эн катуу музыкалык добуштар чыныгы элдик "үн-идеалды" баса албайт6.
Корутунду. Азыркы коомдун татаалдыгы фольклордун болушун токтотуп коё албайт. Тескерисинче, маданият чөйрөсүндө базар экономикасынын мамилелери белгилүү бир өлчөмдө реформалык таасир берүүсүнө карабастан, фольклор эволюциялык өнүгүүнүн жолунан чыкпады.
Кыргыз музыка фольклорунун келечегине болгон оптимисттик көз караш даты эле мамлекеттик социалдык-маданий программага жана искусствону демөөрчүлүк, меценаттык колдоонун жаны институттарына таянат. Мындан сырткары, азыркы мезгилде кыргыз эл музыкасын пропагандалоо жана изилдөө маселелери ЮНЕСКО иштеп чыккан дүйнөлүк маданий салттарды сактоонун глобалдык принциптерине таянат.
Коомдун руханий турмушунда элдик музыканын ролу улуттук аң-сезимдин кайра жаратуу формаларынын бири катары уламдан-улам олуттуу болууда. Бул эгемендүү Кыргызстандын музыкалык турмушу менен далилденип отурат жана анын Конституциясы менен ырасталган. Өлкөнүн символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гимниндеги салтанаттуу жанырган "Манас” эпосунун баатырдык башкы мотив-интонациясы улуттук мамлекеттүүлүктүн музыкалык туюнтмасы катары кабылданат7.
Адабияттар
1. Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын тарыхынан. Фрунзе, Мектеп, 1989.
2. Алишерова, Э.Ө. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS.
3. Беляев В. М. Очерки по истории музыки народов. М.: Музыка, 1955.
4. ВиноградовВ. Киргизская народная музыка. Фрунзе, 1958.
5. Дүйшалиев К. Кыргыз эл музыкасы. Бишкек. "Шам", 2007.
6. Жамгырчиева, Г.Т. (2021). Азыркы фольклортаануунун айрым актуалдуу маселелери. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 3, сс. 14-19. DOI: 10.52754/16947452 2021 2 3 14. EDN: KGXESO.
7 Беляев В. М. Очерки по истории музыки народов. М.: Музыка, 1955. С.56.