ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 62-68
ИСКУССТВО
УДК: 398.54
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 10
КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ФОЛЬКЛОРУНУН БАШАТЫ РОЖДЕНИЕ КЫРГЫЗСКОГО МУЗЫКАЛЬНОГО ФОЛЬКЛОРА THE ORIGIN OF KYRGYZ MUSICAL FOLKLORE
Джумабаев Бакай Саматович
Джумабаев Бакай Саматович Dzhumabaev Bakai Samatovich
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University dzhumabaev.bakai@gmail.com___________________
Баякова Айкан Фархидиновна
Баякова Айкан Фархидиновна Baiakova Aikan Farhidinovna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University aikanbayakova@gmail.com
КЫРГЫЗ МУЗЫКАЛЫК ФОЛЬКЛОРУНУН БАШАТЫ
Аннотация
Кыргыздардын жашоо үчүн күрөшүүдө, калк сыпатында сакталып калышы, өздүк маданияты менен жанаша жашаган элдердин ичинен ордун табуусунда. Алсак, өзбек, казак, түркмөн элдеринин оозеки жана улуу кытай жазма маалыматында Орто Азия элдеринин эң байыркыларынын бири, түрк урууларынын арасынан өзгөчөсү деп аталбаса керек эле. Кыргыздар көчмөн турмушта жашап өздөрүнүн каада-салт, үрп-адаты жашоо тиричилиги географиялык абалынын негизинде өзүнүн жалпы маданияты калыптанып өсүп өнүгүп - келген эл. Ал эми музыкалык маданияты элибиздин жашап өткөн тарыхый мезгилинде түрдүү жанрларды өз ичине камтып, уламдан улам байытып олтуруп, коңушу элдердин ээсине дүрбөлөң маданияты менен эсте калып бүгүнкү деңгээлине жеткен. Андыктан кыргыз маданиятынын жазма булактарга өткөнгө чейинки доорун фольклор менен байлоо туура эле болот. Фольклор - эл чыгармачылыгы жөнүндөгү илим. Фольклористикада калайык жараткан (оозеки көркөм чыгарма, ыр, музыка, бий, драма жана башка) коллективдүү чыгармачылык изилденет. Кыргыз фольклористикасынын изилдениши, анын тарыхы совет доорунан башталат. Бул макалада кыргыз фольклористтеринин алгачкы изилдөөлөрү, анда элдик музыканын табияты, жанрлары жана ладдык өзгөчөлүктөрү баяндалып кыргыз фольклорунун тарыхын изилдөөчү фольклористтердин баалуу эмгектеринин маани-маңызы чечмеленет.
Ачкыч сөздөр: фольклор, жанр, лад, музыка табияты, аспатык, аваздык түшүнүктөр.
РОЖДЕНИЕ КЫРГЫЗСКОГО МУЗЫКАЛЬНОГО ФОЛЬКЛОРА
Аннотация
Кыргызы борются за выживание, сохраняя свою культуру среди народов, живущих бок о бок со своей культурой. Например, в устных и письменных сведениях узбекского, казахского и туркменского народов можно назвать тюркское племя одним из древнейших народов Средней Азии. Кыргызский народ ведет кочевой образ жизни и развивает свою общую культуру исходя из своего географического положения, своих традиций, обычаев, образа жизни. В исторический период существования нашего народа музыкальная культура включала в себя различные жанры, все больше обогащалась и достигла современного уровня, запомнившись соседним народам своей бурной культурой. Поэтому правильно связать эпоху киргизской культуры до перехода к письменным источникам с фольклором. Фольклор - наука о народном творчестве. В фольклоре изучается коллективное творчество, созданное народом (устные произведения искусства, песни, музыка, танец, драматургия и т. д.). Изучение кыргызской фольклористики, и ее истории начинается еще в советское время. В данной статье описаны первые исследования кыргызских фольклористов, описывающие природу, жанры и способы народной музыки, интерпретирующийся смысл ценных трудов фольклористов, изучающих историю кыргызского фольклора.
Ключевые слова: фольклор, жанр, настроение,
природа музыки, мюзикл, акустические концепции.
THE ORIGIN OF KYRGYZ MUSICAL FOLKLORE
Abstract
The Kyrgyz are fighting for survival, preserving their culture among peoples living side by side with their culture. For example, in the oral and written information of the Uzbek, Kazakh and Turkmen peoples, the Turkic tribe can be called one of the most ancient peoples of Central Asia. The Kyrgyz people lead a nomadic lifestyle and develop their common culture based on their geographical location, their traditions, customs, and way of life. During the historical period of the existence of our people, musical culture included various genres, became increasingly enriched and reached the modern level, being remembered by neighboring peoples for its vibrant culture. Therefore, it is correct to connect the era of Kyrgyz culture before the transition to written sources with folklore. Folklore is the science of folk and art. Folklore studies the collective creativity created by the people (oral works of art, songs, music, dance, drama, etc.). The study of Kyrgyz folklore and its history begins in Soviet times. This article describes the first studies of Kyrgyz folklorists, describing the nature, genres and methods of folk music, the interpreted meaning of the valuable works of folklorists studying the history of Kyrgyz folklore.
Keywords: folklore, genre, mood, nature of music, musical, acoustic concepts.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Жалпы эле кыргыз музыкасын изилдөө XIX-кылымдын жарымынан баштап Кыргызстандын аймагында экспедициялык талаа иштери жүргүзгөн орус жана чет өлкөлүк саясатчылар тарабынан азын-олак жүргүзүлө баштаган. Элдик музыка жөнүндө айрым бир маалыматтар чет өлкөлүк саясатчылардын край таануучулардын, тарыхчылардын, лингивисттеридин эмгектеринде жазылып калган.
XIX -кылымдын жарымында Орусиянын Императордук Г еографиялык Коому ачылганда анын этнографиялык бөлүмү Түркстан аймагына келип элдердин экономикасын, жаратылышын, турмуш тиричилигин изилдөөнү тынымсыз жүргүзүп турган.
Бул этнографиялык бөлүмдүн илимий максаттарына көркөм маданият, көркөм өнөрдү изилдөөнү да өз ишине алган. Алардын катарына И. Андреев (Алибий), Маев Н. Зеленд Н. Краснов А. Котвицкий М. П. Г. Бонвалло, Ч. Валиханов, В. Вега, М. Венюков, В. Верещагин, А. Гейне, М. Готовицкий, С. Дмитриев, Г. Загряжский, И. Ибрагимов, К. Каразин, Г. Капю, Е. Ковалев, А. Краснов, В. Липский, Н. Пржевальский, П. Шубин, А. Цеско. Э.Лузанова. Р. Пфенниг, В. Радлов, Н. Северцев, П. Семенов Тян-Шанский, Б. Тагеев (Рустамбек), А. Шебелин, А. Эйхгорн, Н. Ядрыщев ж.б. кирген.
XIX-кылымдын жарымынан баштап чет элдик изилдөөчүлөр арасынан француз окумуштуулары Г ион Капью жана Пьер Г абриэль Вонвалло тарабынан жүргүзүлгөн. Алар 1880-жылдары орто азия экспедицияларына катышып кыргыздын элдик музыкасы жөнүндө маалыматтарды басма сөз беттерине жарыялаган.
Ал эми өткөн кылымдын 50-жылдарынан баштап кыргыздын музыкалык маданиятын изилдөө үчүн кыргыз изилдөөчүлөрү, окумуштуулары даяр болгон. Алардын катарында Б. Алагушов, К. Дүйшалиев. С. Субаналиев, Г.Байсабаева, Р. Аманова, А. Жээнбеков жана башкаларды кошууга болот.
Фольклор - эл чыгармачылыгы жөнүндөгү илим. Фольклористикада калайык жараткан (оозеки көркөм чыгарма, ыр, музыка, бий, драма жана башка) коллективдүү чыгармачылык изилденет. Кыргыз фольклористикасынын изилдениши, анын тарыхы совет доорунан башталат. Кыргыздын фольклордук музыкалык чыгармаларды жазып алуу ишинде А. Затаевич, В. С. Виноградов, А. Беляев, Б. Алагушов жана башкалар алгылыктуу эмгек сиңиришти. Өткөн кылымдын эл аралык фольклордук коомдун негизгилери фольклордук шериктик, ЮНЕСКОго караштуу этнология жана фольклор боюнча эл аралык коом. Эл музыкасынын эл аралык совети, СССР композиторлору Союзуна караштуу Бүткүл союздук фольклордук комиссиясы жана башка уюмдар иш жүргүзүшкөн. 1960 - жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун алдына фольклордук кабинет уюштурулат. Аны Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор Б. В. Феферман жетектейт. Ал элдик композитор Ы. Тумановдун күүлөрүн, обончу - ырчы Б. Эгинчиевдин ырларын, темир ооз комуз күүлөрүн нотага түшүрөт. Композитор М. Абдраев, С. Юсупов Түштүк кыргыздардын эл ырларын нотага түшүрүп, кол жазма укугунда жарыялайт. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенден тартып, фольклордук кабинет жоюлуп, эл казнасы жыйылбай, иликтенбей калды1.
1 Алагушов Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедия. / Сүрөтчүсү М. Кадыров. - Б.: “Бийиктик”, 2007. - 532
б. 479-б.
Октябрь революциясынан кийин кыргыз музыкалык фольклорун изилдөөнүн жаңы этабы башталып, Кыргызстандын музыка таануучулук мектебинин жаралышы үчүн негиз пайда болгон.
Өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн ар тараптан түптөндүрүү, калыптандыруу процессинде ишке ашыруучу социалдык маданий өзгөрүүлөрдүн таасири астында фольклористика боюнча изилдөөчүлөрдүн алдына бир нече милдеттер коюлган. Фольклордун үлгүлөрүн жыйноо, жазуу, элдик музыканын көркөм каражаттарын талдоо, аларды композиторлордун чыгармаларында колдонуу принциптерин аныктоо, ошондой эле фольклорду пропагандалоо иштери жүргүзүлгөн.
Кыргыздардын этностук тарыхын, турмуш - тиричилигин жана маданиятын комплекстүү изилдөөлөр Орусиянын окумуштуулары В. Бартольд, А. Бернштам, С. -Абрамзон тарабынан жүргүзүлгөн2.
Алсак, 1919- жылы Жети - Суу облусунун Улуттук иштер боюнча комиссиясы 1920-жылдын январында Верный (азыркы Алматы) шаарында облустагы ырчы - акындарды чакыртып, алардын чыгармаларын жазуу жөнүндө токтом кабыл алган.
1920-жылы Оренбург шаарында Кыргыз (Казак) эл агартуу комиссариатынын Академиялык борбору түзүлүп, фольклорчу музыка таануучу композитор Александр Викторович Затаевич (1869 - 1936) ишке тартылган. Ал жыл бою Борбордук Азия, Алтай, Сибирь элдеринин 2600 ырын жана аспаптык пьесаларын нотага жазып, аларга түшүндүрмө берген. 100гө жакын элдик обондорду фортепианого жана үнгө кайрадан иштеп чыккан. Фольклор менен байланышкан бир нече китептерди, музыкаларды жарыкка чыгарган.
Фольклорчу - Затаевичтин өз ишин терең берилгендиги, элдин акылмандыгын чын жүрөктөн сүйүп баалагандыгы, энтузиазмы, адамгерчилик сапаттары, кесиптик чеберчилиги, аткаруучулар менен болгон кылдат мамилелери, ал менен иштешкен музыканттар тарабынан жактырылып, жагымдуу пикирлерди пайда кылбай койгон эмес3.
А. Затаевич 1928-жылы Кыргыз АССР Эл агартуу комиссариатынын чакыруусу менен республиканын борбору Пишпекке келип, эки айдын ичинде элдик кесипкөй музыканттардан жана окуучулардан ыр күүлөрдү жазып, 1934-жылы Москвадан “Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обондору“ аттуу китебин киргизген.
Фольклорчу - илимпоз жазып алган кыргыз музыканттарынын ичинде Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо Орозов, Жолой Боогачинов, Абдылас Малдыбаев жана башкалар болгон. Затаевич улуу демократ акын, комузчу Токтогул Сатылганов менен бетме - бет бир отуруп иштешкен жападан жалгыз фольклорчу - музыкант болгон. Токтогулдан он сегиз комуз күүсүн жазып, аларды өзүнүн жогоруда аталган китебине жарыялаган. Ал китепте болочок урпактарга фольклорчу элдик ырчы акындардын жандуу портреттин түзүп, алардын ар бирине квалификациялу баа берген.
А. Затаевичтин жаңы жазууларынын арасында ошол кезде таланты табына келип, элге, журтка жаңыдан тааныла баштаган эл шайырлары Атай Огонбаевдин, Молдобасан
2 Бартольд В. Киргизы: Исторический очерк // Соч. Т. II, ч. 1. - М., 1978. С. 317.
3 Виноградов В. “Манас” // Советская музыка. - 1946. - №7; Киргизский народный речитатив // Вопросы музыкознания. - М., 1955; Эпос “Манас”, его стих и напев // Музыка народов Азии и Африки. - М., 1981; Напевы “Манаса” // Манас. Кн. I. - М., 1984.
Мусулманкуловдун, Ыбрай Тумановдун, Калык Акиевдин, Муса Баетовдун ыр, күүлөрү бар эле.
Ал эми окумуштуу В. Беляев биринчи болуп Советтик Чыгыш элдеринин салттуу маданиятын бүтүндөй жана салыштырып изилдөөгө кайрылган. Анын “Очерки по истории музыки народов СССР”. СССР элдеринин музыкалык тарыхынын очерктери аттуу окуу куралы катары жазылган эмгегинин “Кыргыздын музыкалык маданияты” деп аталган бөлүмүндө улуттун этногенезинин теориясына, маданий өнүгүшүнө, жанрлардын түзүлүш системасына (иерархиясына) болгон көз карашы берилген. Оозеки кесиптик салттын көрүнүктүү өкүлдөрү - Тоголок Молдонун, Токтогул Сатылгановдун, Мураталы Күрөңкөевдин, Муса Баетовдун, Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы мүнөздөлгөн. В. Беляевдин өзүнчө жазылган бир көлөмдүү макаласы М. Күрөңкөевдин чыгармачылыгына арналган. Макала элдик кесипкөй музыканттын чыгармачылыгы жөнүндө алгачкы жолу толук иштелген монографиялык изилдөө болчу. Андан соң В. Виноградовдун китептери пайда болот. В. Беляев Мураталы жөнүндө. “Даана композитордук жекече өзгөчөлүгү бар, эң мыкты чыгармачыл инсан, композитордук жана аткаруучулук стилдердин жогорку баскычтарынын жетишкендиктерин эркин өздөштүргөн”, - деп жазган4.
В. Беляев жана башка кыргыз музыка илиминин татаал жолун изилдөөчү фольклорчулардын эмгектери Кыргызстандын музыкалык илиминин өнүгүшүнө олуттуу түрткү болду. Композиторлор П. Шубин, В. Власов, В. Фере, Н. Раков,
М. Раухвергер, С. Германов, С. Ряузов, Д. Шостакович, М. Бурштин, Б. Глухов, В. Гусев жана башка композиторлордун элдик музыкага болгон кызыгуусун арттырды.
А. Затаевич баштап кеткен элдик музыканын антологиясын олуттуу толуктаган Виктор Сергеевич Виноградов (1899 - 1993) болгон. Кең профилдеги чоң музыка таануучу катары ал изилденүүчү материалдардын жана илимий проблематикалардын алкагын, чегин көрүнөөрлүк кеңейтти. Ал КМШга кирген жана алыскы чет элдик музыканттар жөнүндө 300гө жакын эмгектерди жазган. В. Виноградов - монографиялардын, популярдуу очерктердин, эсселердин, аңгемелердин автору, илимий жыйнактардын түзүүчүсү жана редактору, ири музыкалык коомдук ишмер.
Илимпоздун башкы темасы - Кыргызстандын музыкасы. 1939-жылы Москвадан “Музыка Советской Киргизии” (“Советтик Кыргызстандын музыкасы”) деген биринчи китеби чыккан, анда атактуу элдик ырчылардын, музыканттардын чыгармачылыгы, фолклордун стилистикасы жана элдик аспаптар жөнүндө Виноградовдун ондон ашык китеби жарык көргөн.
Анын “Кыргызская народная музыка“ (Фрунзе, 1958) аттуу китебинде музыкалык фольклордун тарыхый мезгилдештирилиши, анын стилдик, жанрдык өзгөчөлүктөрү теориялык жалпылоодон майда - бараттарына чейин толук жазылып, көрүнүктүү чеберлердин чыгармачылыктары талданган.
Чыгармачылык очерк жана портрет жанрында анын “Атай Огонбаев“ (М., 1960) китепчеси, “Муратаалы Күрөңкөев“ (Фрунзе, 1962), “Музыкальное наследие Токтогула“ (Токтогулдун музыкалык мурасы. М., 1961), “Киргизкие народные музыканты и певцы“
4 Затаевич А. 500 казахских песен и кюев. - Алма - Ата, 1931. - IV - б. С. 312.
(Кыргыз эл музыканттары жана ырчылары. М., 1972), бул китеп кыргыз тилине которулган) деген китептери жарык көргөн.
В. Виноградов көп жылдар бою элдик эпостун речитативтердин, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жеке аткаруучулук манерасын изилдеген. Саякбай Каралаевдин жана Ыбрайым Абдракмановдун аткаруусунда “Манастын“ үзүндүлөрүн магнитафонго жазып алып эпостук речитативди ноталык талдоо менен гана эмес, кулак менен угуп, көз менен көрүп талдооонун негизинде төрт түргө, көптөгөн мотивдик варианттарга бөлүп классификациялаган5.
Кыргыз элдик музыканын теориялык жана тарыхый маселелерин фундаменталдуу түрдө жазып чыгуу иши музыка изилдөөчү В. Виноградовго таандык. Ондогон жылдар бою аларды изилдеп, өзүнөн мурунку окумуштуулардын эмгектериндеги маалыматтарды чогултуп, музыкалык салттарды улантуучулардын өз ооздорунан фольклордук үлгүлөрдү жазып алып, Виноградов кыргыздардын элдик музыкасынын ар кандай жактарын -образдуулугун, жанрдык табиятын, формаларын, ладдарын, ыргактарын, аткаруучулук стилин талдоодон өткөрүп принциптүү корутундуларды чыгарган.
Бул тармак боюнча илимпоздун энциклопедиялык деңгээлде кабардар болушу ири масштабда салыштырмалуу талдоо берүүгө мүкүнчүлүк ачты. Анын жыйынтыктары -“Музыка Советского Востока; от унисона к полифонии“ (Советтик Чыгыштын музыкасы; унисондон полифонияга чейин. М., 1968) деген эмгектеринде жазылган.
Бул макалада кыргыз музыкалык фольклоруна алгачкылардан болуп көңүл буруп, изилдөө иштерин жүргүзгөн музыка изилдөөчүлөрү, окумуштуулар жана композиторлордун ишмердиктерине токтолуп, алар кандай изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгү жөнүндө кыргыздын комузчу, ырчы - акындарынын чыгармаларын топтоп, алардын обон, күүлөрүн нотага түшүрүп, залкар-таланттардын аткаруусундагы элдик музыкалык чыгармаларды жазып алып, илимий эмгектерди жараткандыгы жөнүндө маалыматтарды берүүгө аракеттендик.
Биз кийинки макалаларда жаш фольклористтердин жүргүзгөн илимий эмгектерин окуп үйрөнүү менен, кыргыз музыкалык фольклору жөнүндөгү алардын илимий жетишендиктерине жана баалуу жыйынтыктарына токтолобуз.
Пайдаланылган адабияттар
1. Алагушов Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедия. / Сүрөтчүсү М. Кадыров. - Б.: “Бийиктик”, 2007. - 532 б. 479-б.
2. Алишерова, Э.Ө. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS.
3. Бартольд В. Киргизы: Исторический очерк // Соч. Т. II, ч. 1. - М.,
4. Виноградов В. “Манас” // Советская музыка. - 1946. - №7; Киргизский народный речитатив // Вопросы музыкознания. - М., 1955; Эпос “Манас”, его стих и напев //
5 Смирнов М. (Беляев В.) Творчество Муратаалы Куренкеева // Советская музыка. - 1949. - №2; Ошол эле башка кит.: Беляев В. О музыкальном фольклоре и древней писменности. - М., 1971. С. 313.
Музыка народов Азии и Африки. - М., 1981; Напевы “Манаса” // Манас. Кн. I. -М., 1984.
5. Затаевич А. 500 казахских песен и кюев. - Алма - Ата, 1931. - IV - б
6. Жамгырчиева, Г.Т. (2021). Азыркы фольклортаануунун айрым актуалдуу маселелери. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 3, сс. 14-19. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_14. EDN: KGXESO.
7. Смирнов М. (Беляев В.) Творчество Муратаалы Куренкеева // Советская музыка. -1949. - №2; Ошол эле башка кит.: Беляев В. О музыкальном фольклоре и древней писменности. - М., 1971.