Научная статья на тему 'ФОЛЬКЛОР – УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ'

ФОЛЬКЛОР – УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
21
7
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
чыгармачылык / талант / үйлөмө аспаптар / аткаруучулук / сыбызгы / чопо-чоор / улуттук генезис / эл чыгармачылыгы / creativity / talent / wind instruments / performance / flute / clay pipe / folk genesis / folk art.

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Боронбаев Ажимамат Жусупович, Калыбеков Аскер Ибрагимович

Бул эмгекте адамдын колуна урунган ташты, топуракты, жыгач-отунду жана аны кармануудагы аң-сезимдин материалдык жана материалдык эмес маданияттарынын жаралуусуна маани бергибиз келди. Анда, элдин колуна эмерек катары карманып, жашоосунда курал-аспап сыпатында сакталып калган өнөрдүн сакталуу ыкмаларын, жөрөлгө-өбөлгөлөрүн, күнүмдүк колдонуп жүргөн эмеректердин жардамында жандуу чыгармачылыгы, адамдын жашоосунда түздөн-түз таасирин этүүчү урунттарды табууга далалат жасадык. Аң-сезимдин калыптанышында парасаттуулукка, улуттук көрөңгөлөрдүн таасири астында маданияттуулукка кептелип калган адам, андан кийинки жашоосун ата-бабаларыбыздын асыл-ой, ак эмгектеринин салттык эрежесин кармануу менен учук улап келгенин бүгүнкү күндүн фольклор жыйнагынан байкоого болот. Фольклор – үй. “Үй” руханий жана материалдык маданияттын негизги ордосу. Андагы үрп-адат, каада салттардын жардамы менен улуттун жүзү, барлыгы, улуттар аралык байланышы аныкталып турат. Ал формасын өзгөртүү менен түрдүү доорду ээлеп, кылымдын алмашуусуна жаңырык катары кызматын жаңылап келет. Алсак, таш доорунда – жаргылчак таш,таш кесе; коло доорунда – жез най, феодалдык доордо – керней-сурнай, сыбызгы ж.б.у.с. Доордун алмашышы менен элдин “журт” ордун тактап, улуттук көрөңгөсүн сактаганга көмөкчү болот. Улуттук аспаптар улуттук-фольклордук чыгармачылыктын короосуна топтолот, жаңылануудагы башат болуп, аткаруучулукта рухий кабылдоодо таасирин берип келет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

COMFORT OF NATIONAL ART – FOLKLORE

In this work, we wanted to attach importance to the creation of a material and immaterial culture of consciousness of stone, soil, wood and firewood that fell into the hand of a person. Thus, we have demonstrated methods of preserving the art, rituals and traditions of the people, which are preserved in the hands of people as furniture, and living creativity through the furniture that they use on a daily basis. From today's folklore collection, one can be notice that a person who relied on common sense in the formation of consciousness, cultural under the influence of national ideas, followed the traditional rules of the noble thoughts and white deeds of our ancestors. Folklore – home (comfort). “Home” is the main place of spiritual and material culture. With the help of its customs and traditions, the face of a nation, its existence, and interethnic relations are determined. It changes its form and enters a different era, resuming its service as an echo of the turn of the century. For example, in the Stone Age a grindstone, a stone bowl; in the Bronze Age a copper pipe, in the feudal age trumpets, whistles, etc. When eras change, the “nation” of a people helps clarify the place and preserve the national vision.

Текст научной работы на тему «ФОЛЬКЛОР – УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 28-33

ИСКУССТВО

УДК: 398.54

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 5

ФОЛЬКЛОР - УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ УЮТ НАЦИОНАЛЬНОГО ИСКУССТВА - ФОЛЬКЛОР COMFORT OF NATIONAL ART - FOLKLORE

Боронбаев Ажимамат Жусупович

Боронбаев Ажимамат Жусупович Boronbaev Ajimamat Jusupovich

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет Master’s student, Osh State University [email protected]__________________________

Калыбеков Аскер Ибрагимович

Калыбеков Аскер Ибрагимович Kalybekov Asker Ibragimovich

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет Master’s student, Osh State University

ФОЛЬКЛОР - УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ

Аннотация

Бул эмгекте адамдын колуна урунган ташты, топуракты, жыгач-отунду жана аны кармануудагы аң-сезимдин материалдык жана материалдык эмес маданияттарынын жаралуусуна маани бергибиз келди. Анда, элдин колуна эмерек катары карманып, жашоосунда курал-аспап сыпатында сакталып калган өнөрдүн сакталуу ыкмаларын, жөрөлгө-өбөлгөлөрүн, күнүмдүк колдонуп жүргөн эмеректердин жардамында жандуу чыгармачылыгы, адамдын жашоосунда түздөн-түз таасирин этүүчү урунттарды табууга далалат жасадык. Аң-сезимдин калыптанышында парасаттуулукка, улуттук көрөңгөлөрдүн таасири астында маданияттуулукка кептелип калган адам, андан кийинки жашоосун ата-бабаларыбыздын асыл-ой, ак эмгектеринин салттык эрежесин кармануу менен учук улап келгенин бүгүнкү күндүн фольклор жыйнагынан байкоого болот. Фольклор - үй. “Үй” - руханий жана материалдык маданияттын негизги ордосу. Андагы үрп-адат, каада салттардын жардамы менен улуттун жүзү, барлыгы, улуттар аралык байланышы аныкталып турат. Ал формасын өзгөртүү менен түрдүү доорду ээлеп, кылымдын алмашуусуна жаңырык катары кызматын жаңылап келет. Алсак, таш доорунда - жаргылчак таш,таш кесе; коло доорунда - жез най, феодалдык доордо - керней-сурнай, сыбызгы ж.б.у.с. Доордун алмашышы менен элдин “журт” ордун тактап, улуттук көрөңгөсүн сактаганга көмөкчү болот. Улуттук аспаптар улуттук-фольклордук чыгармачылыктын короосуна топтолот, жаңылануудагы башат болуп, аткаруучулукта рухий кабылдоодо таасирин берип келет.

Ачкыч сөздөр: чыгармачылык, талант, үйлөмө аспаптар, аткаруучулук, сыбызгы, чопо-чоор, улуттук генезис, эл чыгармачылыгы.

УЮТ НАЦИОНАЛЬНОГО ИСКУССТВА -ФОЛЬКЛОР

Аннотация

В данной работе мы хотели придать значение созданию материальной и нематериальной культуры сознания камня, почвы, дерева и дров, попавших в руку человека. Таким образом, мы продемонстрировали методы сохранения искусства, ритуалов и традиций народа, которые сохраняются в руках людей как мебель, и живое творчество с помощью мебели, которую они используют ежедневно. Из сегодняшнего фольклорного сборника можно заметить, что человек, опиравшийся на здравый смысл в формировании сознания, культуры, под влиянием национальных представлений, следовал традиционным правилам благородных помыслов и благих дел наших предков. Фольклор -дом (уют). «Дом» — главное место духовной и материальной культуры. С помощью ее обычаев и традиций определяются лицо нации, ее существование, межнациональные отношения. Он меняет свою форму и вступает в другую эпоху, возобновляя свою службу как отголосок рубежа веков. Например, в каменном веке - точильный камень, каменная чаша; в бронзовый век - медную трубку, в феодальный век - трубы, свистки и т. д. При смене эпохи «нация» народа помогает прояснить место и сохранить национальное видение.

Ключевые слова: творчество, талант, духовые

инструменты, исполнительство, флейта, глиняная дудка, народный генезис, народное творчество.

COMFORT OF NATIONAL ART - FOLKLORE

Abstract

In this work, we wanted to attach importance to the creation of a material and immaterial culture of consciousness of stone, soil, wood and firewood that fell into the hand of a person. Thus, we have demonstrated methods of preserving the art, rituals and traditions of the people, which are preserved in the hands of people as furniture, and living creativity through the furniture that they use on a daily basis. From today's folklore collection, one can be notice that a person who relied on common sense in the formation of consciousness, cultural under the influence of national ideas, followed the traditional rules of the noble thoughts and white deeds of our ancestors. Folklore - home (comfort). “Home” is the main place of spiritual and material culture. With the help of its customs and traditions, the face of a nation, its existence, and interethnic relations are determined. It changes its form and enters a different era, resuming its service as an echo of the turn of the century. For example, in the Stone Age - a grindstone, a stone bowl; in the Bronze Age - a copper pipe, in the feudal age - trumpets, whistles, etc. When eras change, the “nation” of a people helps clarify the place and preserve the national vision.

Keywords: creativity, talent, wind instruments,

performance, flute, clay pipe, folk genesis, folk art.

Киришүү

Теманын актуалдуулугу. Аң сезимдүү адам баласы жашаган доорлордун катмарында колдонулуп келген материалдык жана материалдык эмес маданияттардын жаралуу процесси жаңыланууну талап кылып келээри дайын. Инсандын жашоо турмушундагы күнүмдүк колдонуп келген үй тиричилигинде колдонулуучу эмгек куралдар анын жыйындысы. Алсак, жылкы кармоо үчүн - укурук, кой кайтаруу үчүн - асатаяк, мал-жанды коргоо үчүн - ышкырык, кыйкырыктар колдонулган. Ошол эле учурда паранда (куш, кекилик, улар, тоок ж.б.) чакыруу максатында дарактардын кабыгы же камыштар пайдаланылган. Мындай көрүнүштөр түгөнгүс башат жана унутулгус табылгалар болуп эсептелинет. Табият менен адам байланыштарынын тынымсыз учук-улап келиши үрп-адатка, каада-салтка айланып, акырындык менен улуттун кармануудагы олжосу, тутунуудагы музыкалык аспаптары болуп калды. Анын жыйынтыгы, салттуу комуз, кыяк, урма аспаптар жана үйлөмө аспаптардын жаралышына себеп болду окшойт.

Кыргыз коомчулугунун калыптанышында улуттук музыкалык аспаптардын түрүн өздөрүнүн жашоо шартына, учурдун талабына ылайык кылып жасап алган сыяктанат. Анткени, колдонулуп келинген ар бир аспабынын жаралуу тарыхы жөнүндө өзгөчө мифологиялык, таң калыштуу тарыхый жаралуулар бар. Алардын жаралуусу чындыкка жакын экенине элибиз өтө чоң маани беришкен.

Кыргыз улуту жөнүндө сөз баштаардан алдың ар бир илимпоз “көчмөндүк жашоо” образын элестетишет. Жаралууда, калыптанууда, турмушта эмнени карманышкан? Эмне менен алектенишкен? Эмнеге кызыккан? Үйлөмө аспаптар (сигналдык) - адамдарды коомдук иштерге чакыруу, мал айдоо, күзөтүү ж.б., ал арада - көркөм эстетикалык (көңүл ачуу, рахаттануу, кыйкырык салып ырдоо ж.б.) убакытты өткөрүүнү карманышкан. Кээ бир маалыматтарга таянсак, өткөн кылымдарда урма аспаптар менен кошо аскердик багыттар түзүлгөн. Мисалы: Манастын жүрүшү, Ормон баатырдын ак өргөөсүндө салттык аспаптардан куралган топтун кармалышы, элдин жашоо - тиричилигинин шаңдуу сезимде жана ой жүгүртүүсүнүн көңүлдүү болушуна шарт түзүлгөн деп айтсак болот.

XX кылым кыргыздын материалдык эмес маданияты үчүн чоң бурулушка кабылды. Орус маданиятын кабылдоо аны менен европа маданиятынын “евроцентрикалык” тушоосуна чүмбөттөлүү кыргыздын салттуу маданиятын карманып барууну бир аз басаңдатып жиберди. Алсак, жыйырманчы кылымдын 90 - жылдарына чейин үйлөмө аспаптар, комуз, кыл кыяк жана темир комузга салыштырганда көп тараган жок. Бул жагынан өсүү болгон эмес. Анын себеби, үйлөмө аспаптарды жасап чыгаруучу, аларды кайра жаңыдан иштеп чыгуучу атайын устаканалар, бедизканалар жокко эсе абалда болгон, жаштарды окутуп үйрөтүүнүн кесиптик мектеби курулбаган эмес.

Ошондой болсо да XX кылымдын экинчи жарымында өздөрүнүн аткаруучулук чеберчилиги менен эл оозуна алынган чоорчу аспапчыларыбыз Р. Сакеев (сыбызгы), М. Калжигитов (балтыркан чоор), С. Калчороев (ышкырык чоор, камыш сурнай) ж.б. кыякчы, чоорчу музыканттардын атынын аталып жүрүүсү барлык. Алардын устатчылыгы менен андан кийинки жаштар аз санда болсо да өнөр кармап, аспаптык фольклордун сейрек учуроочу көөнө салттык музыкалык чыгармаларына айланууда. Демек, бул аспаптар жөнүндө сөз уласак болот.

Үйлөмө аспаптар башында “чоордун” атын атап, элибиздин эң байыркы музыкалык аспаптарынын бири катары чогойнодон, шилбиден, камыштан, бөрү карагаттан, сөөктөн, чоподон, жезден, балдыркандан жана темирден жасалган түрлөрүнө анализ берүүгө болот. Аспап эмнеден жасалса ошол нерсенин аты менен аталып жез чоор, чопо чоор, чогойно чоор, камыш чоор, балтыркан чоор деп айтыла берген. Өнөр жолунда ар бири ар кандай көлөмдө, кооздукта, чеберчиликте пайдаланылган. Көчмөндөргө тиешелүү үйлөмө аспаптарды түрк тилдүү элдерде, хакастарда, алтайлыктарда, тувалыктарда - шоор, казактарда - сыбызгы, башкырларда, татарларда - курай, өзбектерде -най, кош най, тажиктерде - түтүк, түркмөндөрдө - тюйдук деген аттарды карманышып, жасалышы, ойнолушу, добуштары боюнча чоор менен тектешет. Байыркы элдердин бир түркүмдөгү аспаптары пайдаланышы карманышкан мал-жанына, койчулук турмушуна түздөн-түз тиешеси бар. Андан сырткары жаратылыш менен үндөшкөн обондорду, күүлөрдү жаратышы да ушуга байланыштуу. Ал эле эмес, аспаптарынын тоналдуулугу анын диаметрине, узундугуна жараша болгон. Эгерде чоор узун жана жоон болсо, күүлөнүшү төмөн, ал эми тескерисинче, кыска же ичке болсо, күүлөнүшү жогору болот, туруктуу бирдей бийиктикке ээ эмес. Добушу анча катуу чыкпаса да, эң бир мукамдуу, назик, лирикалуу ыргагы менен өзүнө тарта алат. Чоор үнү ачык абада таза жана назик болуп жаңырып чыгат.

Кыргыз маданиятынын мураскору катары атактуу чоор аткаруучулар Шыгай, Бокеш, Кара чоорчу, Муратаалы, Өскөнбай өңдүү эл шайырларын айтып келебиз. Аларды улай Нарбай, Акжол, Асанбай атту чоорчулар чыккан деп айтылат. Бул чоорчулардын аткаруучулук жөндөмү, устаттыгы, тарткан күүлөрү бири экинчисине окшобогон мүнөздү карманышат. Алсак, Шыгай чоорчунун аткарган күүлөрү кадимкидей жылкыларын каалаган жерден чакырып, каалаган жакка бура бастыра алган деген сөздөр бар. Бокеш чоорчу учкан куштар менен сүйлөшө алган абалды карманат. «Бокеш аспабын тартканда асманда учуп бараткан каркыралар канат какпай токтоп калышчу экен». Ал эми Кара чоорчу аспабын сызгырылта тартканда жылкы аттуунун баары бүт жуушап, чоордун үнү басылганда бет-бетинен жайылып кетчү экен, сыяктуумактоолор айтылып жүрөт. Ушул сыяктуу адам түгүл жаныбарды ийиктирген, кыргыздын жүрөгүнөн орун алган керекмет үндүү чоордо негизинен анча татаал эмес, бирок, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарта алган обон түрүндөгү кайрыктар, күүлөр жаралганы табияттын талабы окшойт.

Чоор күүлөрүндө адамдардын кубанычы, кайгысы, өкүнүчү, сүйүүсү ээн-эркин көп жактуу турмушу кеңири баяндалат. Көптөгөн чоорчулар күүлөрүндө кошок, кайым айтыш, куштардын түркүн сайрашын чагылдырышат. Алсак, чоорчу Асанбай Каримов «Улардын учушу» аттуу күүсүндө улардын сайраганын, «Кызыл конушта» атуу чыгамасында туулган жердин кооздугун керемет добуштар менен берүүгө жетишкен. Ал эми чоорчу Өскөнбай Сейдалиев «Кемпир менен Келин» аттуу күүсүндө каардуу кемпир менен армандуу келин ортосундагы үй-бүлөлүк араздашу, жарашуу жөнүндөгү ой бөлүшүүлөрүн баяндайт. Макала ээлери эң жөнөкөй аспап аркылуу эки түрдүү образды бере алууга мүмкүндүк жарата алган. Чоордо чыгарманын түрүн көргөзгөн программасыз «Эки күү», «Чоор күүлөрү» деген да күүлөр тартылат. Булардын ичинен «Эски күү» өтө сейрек кезигүүчү дориялык ладда ойнолот1.

Чоор - кыргыздын салттуу, узунунан кармап ойнолгон аэрофону. Алгачкы музыкалык аспаптардын бири. Бул аспапта ойноочуларды кыргызда чоорчу деп атап коюшкан. Чоор Кыргызстандын түштүк өрөөнүндө койчунун аспабы катары көбүрөөк тараган.

Чопо чоор- (ылай чоор) - кыргыз элдик үйлөмө аспаптардын бир түрү. Негизинен республиканын түштүгүндөгү дыйканчылык райондорунда тарап чопо чоор, ылай чоор деп аталган. Аспап азырга чейин ар кандай көлөмдө жасалып келет. Бул аспаптарды жасоого топурак тандоодо Ноокат, Өзгөн жана Токтогул районунун эсептелүү жерлеринин топурактары пайдаланылат. Ал эми чебер усталар катары Нурлан Нышанов, Болот Батыркановдорду сыймыктануу менен атоого болот.

Сыбызгы - элдик үйлөмө аспаптарынын бири. Чоордон айырмаланып бул аэрофон туурасынан кармалып ойнолот. Сыбызгы чоорго караганда ышкырыктуу бийик, ар кандай тембрлер, жогорку тесситура, октавалык диапозон мүнөздүү2.

Сурнай - биздин күнгө чейин келип жеткен байыркы үйлөмө аспап. Ал өрүктөн, жезден, камыштан, мүйүздөн жасалат. Сурнай казактарга, өзбектерге, тажиктерге, кара калпактарга -сурнай, сырнай, азербайжан, грузин, армяндарда - зурна деген ат менен тараган. Сурнай абалтан эле аш, тойлордо, ат чабыштарда, эр сайыштарда, жортуулдарда тартылган. Ал доол, добулбас, добул, дал, чымылдак, керней өңдүү аспаптардын коштоосунда ансамбльдешип, өзүнчө «чакан оркестрди» түзүп, ар түрдүү шарттарда, жагдайларда тартылган. Анын үнү «Манас» эпосунда айтылгандай такылдап абдан так, өзгөчө ачык баяндалат3.

Элдик музыканын тарыхында атактуу сурнайчылар Кара Тураптын, Тойкожонун, Жунусаалынын ысымдары айтылып жүрөт. Алар сурнай күүлөрүн жаратуучу, калк арасына таратуучу болуп калышкан. Ал эми сурнайдын жасалуу ыктары боюнча Г.С.Загряжский “...металлдан турган эки конструкциясы тең жезден жасалып калай менен ширетилген, - деп жазып калтырган. Түтүктүн кеңейип кеткен оозу оюлар менен кооздолот. Сурнай урма-үйлөмө аспаптар тобуна кирип, чакырык берүүчү милдетин аткарган (барымтада, жүрүштө, тойдо, ашта, ат чабышта, сайышта). Ошол эле учурда керней-сурнайдын биримдиги той-тамашаны шаңга бөлөөчү, жаңыртуучу ролду аткарып, турмуш тиричилик салтанаттарында пайдаланып калган. Мыкты сурнайчылардын (Турап, Тайкожо, Шадыкан) ысымдары эл эсинде сакталган. Доолду (Доолбас), кернейди, сурнайды согуштук-музыкалык акспаптар деп атоого болот.

Үйлөмө музыкалык аспаптардын ичине чоор кирет. Ал шилбеден, кызыл жыгачтан жасалат. Чоордун эки учун мүйүз металл менен алкактап коёт. Аны алып жүргөндө сынбас үчүн ичине сумбо салып коёт. Түз бутагы жок шилбини, кызыл жыгачты (3-4 жылдык) кесип алып кабыгынан тазалайт, анан таякчанын тепе - тең ортосунан экиге жара бөлөт, өзөгүнөн арылтат, өзөгүн кеңейтет. Анан аны жел жүргөн көлөкө жерде кургатат. Жакшы кургаткандан кийин экөөнү бириктирип сыртын кызыл өңгөч же тазаланган ичеги менен каптайт. Андан соң кызарган жүмүрү темир менен күйгүзүп. Көзөнөк (бирдей аралыкта 4-5) жасайт,-деп музыка таануучулар айтып келет. Кыргыз маданиятын жаңылоодо мыкты чоорчулар (Белек, М. Күрөңкеев, А.Каримов) аспапка тил киргизген деген сөздөр бекеринен эмес.

Совет доорундагы залкар сурнайчы Жунусаалы Куттубаев 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун 1 -декадасында «Ак токту», «Ат кетти», Кара

2 https://gosstrov.gov.kg > uploads > reestr-licenziv / чебер уста Нурлан Нышанов)

3 Ошол жерде. 14-б.

Тураптын «Кайырма», «Календин күүсү», Тойкожонун «Эр сайыш», «Найза сал», «Сурнай күү» деген күүлөрүн өтө устаттык менен өзгөчө эргип, мукамдуу аткарып элдин эсинде калганы бар. Андан майрамдык шаңды, ат чабышты элестеткен көрүнүштү, калайыкка жар салган жарчылыкты туябыз. Күүнүн жүрүшү салтанаттуу, мүнөзү шайыр. Бул аспапта тартылган күүлөр угуучуларды гана эмес, залкар профессионал комузчуларды, кыл кыякчыларды да таң калтырган. Аларды шайырлар комуз менен кыл кыяк үчүн иштеп чыгышкан. Алсак: Шекербек Шеркулов Тойкожонун «Калча баатыр, найза сал», «Торгой сайрап таң атты» деген күүсүн комузга, Жолой Боогачинов «Тойкожонун күүсү», «Тойкожонун Кер өзөн» деген күүлөрүн кыл кыякка салган. Ушундай эле башка шайырлар да сурнай күүлөрүн комуз, кыл кыяк үчүн өзгөчө мукамдуу, бөтөнчө көркөмдөтүп иштеп

4

чыгышкан .

Жыйынтыктап айтканда, биздин бул темага киришүүбүз улуттук аспаптардын жаралуусу жана калыптанып келүүсү боюнча учурдагы жаштарга теориялык булактарынын көзөнөгүн ачып берүү гана болду. Ал эми бул тема боюнча магистрлик диссертация учурунда көптөгөн табылгалары сунуштаганга аракет кылабыз. Демек, бул жыйынтык сөз эмес экенин айтуу менен кыска оюбузга чекит коё туралы.

Пайдаланылган алабияттар

1. Абрамзон С.М. Очерки культуры Кыргызского народа. - Ф., 1946.

2. Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

3. Алишерова, Э.Ө. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS.

4. Айтманбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX- начало XX века. - Ф., 1967.

5. Бекбоев И.Б.”Маданият таануу” Бишкек-2007.

6. Боронбаев А.Ж. “Маданият таануу” Ош - 2015.

7. Жамгырчиева, Г.Т. (2021). Азыркы фольклортаануунун айрым актуалдуу маселелери. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 3, сс. 14-19. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_14. EDN: KGXESO.

8. Жумагулов М.Ж., Садыкова Г.Э. «Маданият таануу» . - Бишкек 2017

9. https://gosstroy.gov.kg > uploads > reestr-licenziy / чебер уста Нурлан Нышанов).

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.