ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№1(1)/2023, 1-6
ФИЛОСОФИЯ
УДК: 1-925.2
DOI: 10.52754/16948823 2023 1(1) 1
СУФИЗМ ЭСТЕТИКАСЫНДАГЫ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВОНУН
РЕФЛЕКЦИЯСЫ
РЕФЛЕКЦИЯ МУЗЫКАЛЬНОГО ИСКУССТВА В ЭСТЕТИКЕ СУФИЗМА
REFLECTION OF MUSICAL ART IN THE AESTHETICS OF SUFISM
Жалалов Эламан Исакжанович
Жалалов Эламан Исакжанович Zhalalov Elaman Isakzhanovich
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University
etno.muz.kg@gmail.com_
Назарова Охиста Назиржоновна
Назарова Охиста Назиржоновна Nazarova Ohista Nazirjonovna
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master's student, Osh State University
Карыбекова Турду^л Асылбековна
Карыбекова Турдугул Асылбековна Karybekova Turdugul Asylbekovna
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master's student, Osh State University
СУФИЗМ ЭСТЕТИКАСЫНДАГЫ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВОНУН
РЕФЛЕКЦИЯСЫ
Аннотация
Суфизмдин эстетикалык концепциясында искусствонун тYрлeрYHYн ичинен музыка езгвче орунда турган. Суфийлердин пикири боюнча музыка Таза дYЙнeгe, башкача айтканда, Кудайдын дYЙнeсYнe тиешелYY, ал Кудайдын рухунун гармониясы, ошондуктан музыка Кудайды тYШYHYYДe адамдарга жардам берет, аларды жаман жолдордон сактайт. Суфизм эстетикасы поэзиядан eздeрYHYн идеалына жараша форманы жана мазмунду так ажыратышкан. Поэтикалык чыгарма эмоционалдуу жана кабыл алууга жецил болууга тийиш. Ырдын мазмуну-бул барынан мурда жараткандын рухтук KYЧYHYH ачыкка чыгышы, адам бул рух менен биригип тазаланат. Чыгарманын формасы - абсолюттук бытиенин материалдык дYЙнeнYн предмети тYPYндe чагылдырылышы. Суфийлер YЧYн поэзия таза, жагымдуу форма жана ыргак, уйкаштыктардын куралышы гана эмес, ал ички дYЙнeнYн керектeeсYHYн табигый тYPдe ачык билиниши, абсолюттук сулуулук жана кооздукту баамдай 6^yy, ага жетишYY. Суфийлик ырларды ири араб, перс, тYрк жана азербайжан акындары (Аттар, Саади, Руми, Хафиз, Ниязи, Джами, Насими) жазышкан. Алардын поэзиясы символика менен байланышкан, бул исламдын кугунтуктоосунан чочулабай кескин пикирлерди билдирYYгe мYмкYнчYЛYк берген.
Ачкыч свздвр: абсолюттук бытие, гедонисттик музыка, ислам догмалары, поэзиянын табияты, музыкалык искусство, катарсис, неоплатондук окуу, суфизм, эстетикалык гармония, этикалык норма.
РЕФЛЕКЦИЯ МУЗЫКАЛЬНОГО ИСКУССТВА В ЭСТЕТИКЕ СУФИЗМА
Аннотация
В эстетической концепции суфизма из всех видов искусства особое место занимала музыка. В понимании сущности музыки и её оценке идея суфизма противостояла исламской идеологии. Ислам, как нам известно, не любит никакой музыки, в преклонении перед Аллахом применение музыки запрещается. Поэтому эстетика суфизма сначала отказалась от музыки, но постепенно оценили и начали применять понемногу. По мнению приверженцев этого течения музыка относится к Чистому миру, т.е. миру Бога, это гармония духа Бога, поэтому она поможет людям в понимании Бога, спасает их от плохого поведения. Эстетика суфизма согласно своим идеалам чётко отличали форму и содержание от поэзии. Поэтическое произведение должно быть эмоциональным и легко воспринимаемым. Содержание стиха - это, прежде всего, обнаружение духовной силы создателя, человек соединяется с этим духом и очищается. Форма произведения - отражение абсолютного бытия в виде предмета материального мира. Для суфистов поэзия не только чистые, приятные форма и ритм, сложение рифм, это естественное проявление потребности внутреннего мира, умение разуметь красоту и прекрасное, достижение их. Суфийские стихи сочиняли крупные арабские, персидские, тюркские и азербайджанские поэты (Аттар, Саади, Руми, Хафиз, Ниязи, Джами, Насими). Их поэзия связана с символикой, это дало возможность выразить резкие мнения, не боясь изгнания.
REFLECTION OF MUSICAL ART IN THE AESTHETICS OF SUFISM
Abstract
In the aesthetic concept of Sufism, of all art forms, music occupied a special place. In understanding the essence of music and its evaluation, the idea of Sufism opposed Islamic ideology. Islam, as we know, does not like any music, in worship of Allah, the use of music is prohibited. Therefore, the aesthetics of Sufism initially abandoned music, but gradually appreciated and began to apply little by little. According to the adherents of this trend, music belongs to the Pure World, i.e. the world of God, this is the harmony of the spirit of God, so it will help people in understanding God, save them from bad behavior. The aesthetics of Sufism, according to their ideals, clearly distinguished form and content from poetry. A poetic work should be emotional and easily perceived. The content of the verse is, first of all, the discovery of the spiritual power of the creator, a person unites with this spirit and is purified. The form of the work is a reflection of absolute being in the form of an object of the material world. For Sufis, poetry is not only a pure, pleasant form and rhythm, the addition of rhymes, it is a natural manifestation of the need for the inner world, the ability to understand beauty and beauty, to achieve them. Sufi poems were composed by major Arabic, Persian, Turkic and Azerbaijani poets (Attar, Saadi, Rumi, Hafiz, Niyazi, Jami, Nasimi). Their poetry is associated with symbolism, which made it possible to express strong opinions without fear of exile.
Ключевые слова: абсолютное бытие, гедонистическая музыка, догмы ислама, природа поэзии, музыкальное искусство, катарсис, неоплатоновское учение, суфизм, эстетическая гармония, этическая норма.
Keywords: absolute being, hedonistic music, Islamic dogma, nature of poetry, musical art, catharsis, Neoplatonic teachings, Sufism, aesthetic harmony, ethical norms.
Киришуу
Теманын актуалдуулугу. Суфизмдин эстетикалык концепциясында искусствонун тYрлeрYHYн ичинен музыка езгече орунда турган. Музыканын мацызын тYШYHYYДe, ага баа берYYДe суфизм идеясы ислам идеологиясына карама-каршы мааниде болгон. Ислам, баарыбызга белгилYY болгондой эч кандай музыканы жактырбайт, Кудайга сыйынууда аны колдонуу таптакыр мYмкYн эмес. Мына ушундан улам, суфизм эстетикасы адегенде музыкадан баш тарткан, алар музыкага акырындап баа берип, аз-аздан колдоно башташкан. Суфийлердин пикири боюнча музыка Таза дYЙнeгe, башкача айтканда, Кудайдын дYЙнeсYнe тиешелYY, ал Кудайдын рухунун гармониясы, ошондуктан музыка Кудайды тYШYHYYДe адамдарга жардам берет, аларды жаман жолдордон сактайт.
Музыка Жараткандын жан дYЙнeсYHYн уландысы болуп эсептелет жана андан дYЙнeнYн бардык бeлYГY бийге айланат. Мындан «чeйрeнYн гармониясы» жeнYндeгY пифагордук окуунун жана музыканын космостон келгендиги жeнYндeгY неоплатондук окуунун жацырыктары байкалып турат жана алар суфийлердин каалосуна жараша eзгeртYлгeн деп божомолдоого болот.
Ыргактуу жана жанга жагымдуу Yндeр аркы дYЙнeнYн YндeрYнe окшош, ушул себептYY ал адамдын жYрeгYн кытыгылап, анын каалоосун ойготот. Суфизмде музыка таанып-билYYЧY кYчкe жана чоц кубатка ээ, ал Кудай менен жакындашууда, жерден тышкаркы, реалдуу эмес турмушту ацдап-билYYДe гана эмес, адамдын жашоосунун психологиялык жана моралдык-этикалык жактарын таанып-билYYДe да жогоруда аталган эстетикалык-этикалык максаттарына жетет.
Музыканы кабыл алуунун ыкмаларына таянып, суфизм тeмeнкY Yч жанрды бeлYп кeрсeтeт: аднул ачуучу, гедонисттик жана экстаздык.
^нул кeтeрYYЧY музыка аты айтып тургандай адам YЧYн абдан жагымдуу, бирок анда байкалбаган зыян жана жамандык да болушу мYмкYн. Исламдын догмаларына каршы суфизмде мындай музыкага тыюу салынбайт, ал кандайдыр децгээлде ден-соолукка пайдалуу жана жанга жагымдуу деп эсептелинет. Мындай музыка канаттуулардын сайрашындай, жапжашыл дарактардай жана ачылган гYлдeр сыяктуу жанга жагымдуу, ал адамга рахат жана зор кубаныч тартуулайт, кeцYЛYн ачат. ^нул кeтeрYYYЧY музыканын зыяндуулугу - адамдын делебесин козгоп, жYрeгYндe CYЙYY ойготуп жибериши мYмкYндYГYндe, суфизмде болсо мындай эркиндикке жол берилбейт.
Гедонисттик музыка деп, суфизм боюнча адамдын жYрeгYн толкута турган ички кубанычы менен байланышкан музыка аталат, адам бул ички музыканын жардамы менен кубанычына кубаныч кошот.
Суфийлердин пикири боюнча музыкалык искусствонун жогорку теги болуп экстаздык мYнeздeгY музыка эсептелет, анын жардамы менен Жаратканга жакындашууга болгон умтулуу кYчeйт. Мындай музыка Кудайга болгон CYЙYYHY кYчeтeт, адамды боорукердикке жана жакшы иштерге чакырат, адамды жамандыктардан, арамдыкка умтулуудан, ар тYPДYY кызыгуулардан сактап, аны таза кармайт. Муну илимий адабияттарда эстетикалык катарсис деп аташат. Эстетикалык катарсисте биринчи планга искусствонун психотерапиялык эффектиси чыгат. Катарсис, eзYHYн рухун бекемдeeнYн, адамдын тынчсыздануу, кыжалатчылыктан жана терс эмоциялардан кутулуунун ыкмасы катары суфий маданиятынын
манилY элементи болуп келген жана азыр деле ошондой. Ага далил катары, Европада «бийчи дербиштер» ордени деп аталган Мевляна суфий орденин айтса болот. Мевляна (Мауляна) деген ат суфийлик акын Жалал-ад-дин Румини «биздин тере» - «Мевляна» деп атагандан чыгат. Европалык аталышы болсо, суфийлик бул ордендин екYлдерY музыкалык аспаптардын коштоосу астында (экстаздык мYнездегY музыканын) ар тYPДY дене кыймылдарын, анын ичинде оц бутунун тегерегинде айланууну камтыган зикр ритуалын аткарууга байланыштуу
[4].
Орто кылымдарда Чыгышта суфизм музыкалык искусство идеяларды чагылдыруунун каражаты болгон бирден-бир диний агым катары жашаган. Суфийлер турмушта болуп жаткан айрым окуяларга нааразы болуу менен музыкадан ездерYHYн жан дYЙнесYне жаккан жана керектеесYн канааттандырган рахатты алышкан. Чындык дYЙненY акыл-эс менен тааный албоо жана ац-сезим менен бытиенин ортосундагы ажырым суфийлерди башка ДYЙнеден гармония издееге аргасыз кылган.
Суфий музыкадан дисгармонияны таба алган эмес, ошондуктан ал музыканы Кудай менен байланыштырууга тийиш болгон. Музыканын жардамы менен гана «азап чегYY», «кайгы», «коркунуч», «CYЙYY», «кубаныч» сыяктуу категориялар эстетикалык формага жана мазмунга ээ боло алган. Суфизм музыканын аткарылыш процессине да езгече маани берген, мында теменку Yч шартты эске алуу зарыл: убакыт, жай жана угуучулар. Музыканттар жана угуучулар бул «училтикти» сактаганда гана музыка эмоционалдык мааниге, керкем эффектке ээ болот, болбосо ал пайдасыз жумушка, ал тургай зыяндуу нерсеге да айланат. Музыкалык маанай - адамды музыканы угууга жана кабыл алууга психологиялык даярдоо. Жогоруда аталган «училтиктин» жай деп аталган шартын карап керелY, жол жYPYYДе, кайгылуу жагдайда же жагымсыз шартта кецYЛY чегуц^ адамдын ырдабай эле койгону дурус. Ыр, музыка учурунда дин ишмери же эч нерсени кыртышы CYЙбеген, музыканы жактырбаган да, тYШYнбеген да адам болсо дагы эч кандай музыканын кереги жок.
Суфизм эстетикасы аткаруучунун сырткы келбетине, YHYне да езгече талаптарды коцт. Ыр окуучунун, ырчынын жана бийчинин ецY-тYCY татынакай, YHY жагымдуу жана жарашыктуу кийинген болууга тийиш, бул сапаттар угуучу менен керYYЧYHYн кецYЛYн кетерет, алар алуучу рахатты ашырат.
Суфизм музыканы катарсиске жетишYYHYн, бул жалган дYЙнеден Аллага жетYY жолундагы «тазалануу» каражаты катары кецири колдонгон. Жай, салабаттуу, кээде муцдуу ыргак тYбелYктYYЛYктY сезYYге ебелге тYзет, суфийлердин кабыл алуусун жана кецYЛ-маанайын реалдуулуктан ирреалдуулукка которот. Кыйналуу жана азап чегYY аркылуу суфийге жарык жол ачылат, анын кецYЛYHYн кетерYЛYШY, жан дYЙнесYHYн тазарышы, гармониясы жана ар кандай ак ниет иштерге барууга даярдыгы музыка менен байланышкан.
Поэзиянын табиятын тYШYHYYДе суфизмдин эстетикасы Платондун жана неоплатончулардын идеяларына бир топ жакын. Неоплатончулар да, суфийлер да искусствонун жардамы менен ездерYн енYктYPYYге аракет жасоо менен эстетиканын туура жоболорун таба албай мистицизмге багыт алып кетишкен, ошондуктан да суфизм поэзиясы макул болуунун, Кудайга таазим ЭTYYHYH, бул дYЙненYн жыргалчылыгынан баш тартуунун мотивдери менен айкалышкан. Поэзия философияны TYШYHYYHYH жана аркы дYЙненYн ортолук звеносу катары кызмат кылган.
Суфизм боюнча, бYткYЛ жашоо - азап чегYY, мына ошондуктан адамдын жакшы жашоого умтулуусу азап чегYYгe айланат. Суфий эстетикасында азап чегYY интеллектуалдык жана сезимдик маанайлардан тышкары CYЙYYHY да eз ичине камтыйт. Кудайды CYЙYYДeн улам адам eзYнeн да бул дYЙнeнYн жыргалынан да баш тартат. Акындар алар YЧYн кудай бытиесине кире ала турган адам, ал жогорку децгээлдеги акылга, Кудай берген шык, жeндeмгe ээ болгон инсан. Суфийлер поэзия аркылуу баарына белгилYYHY сырдуулукка, ачык нерсени жашыруун нерсеге айландырышкан.
Суфизм эстетикасы поэзиядан eздeрYHYн идеалына жараша форманы жана мазмунду так ажыратышкан. Поэтикалык чыгарма эмоционалдуу жана кабыл алууга жецил болууга тийиш. Ырдын мазмуну-бул баарынан мурда жараткандын рухтук KYЧYHYH ачыкка чыгышы, адам бул рух менен биригип тазаланат. Чыгарманын формасы - абсолюттук бытиенин материалдык дYЙнeнYн предмети тYPYндe чагылдырылышы. Суфийлер YЧYн поэзия таза, жагымдуу форма жана ыргак, уйкаштыктардын куралышы гана эмес, ал ички дYЙнeнYн керектeeсYHYн табигый тYPдe ачык билиниши, абсолюттук сулуулук жана кооздукту баамдай билYY, ага жетишYY. Суфийлик ырларды ири араб, перс, турк жана азербайжан акындары (Аттар, Саади, Руми, Хафиз, Ниязи, Джами, Насими) жазышкан. Алардын поэзиясы символика менен байланышкан, бул исламдын куугунтуктоосунан чочулабай кескин пикирлерди билдирYYгe MYMKYHЧYЛYK берген. Суфий ойчулдарынын философиясындагы жана эстетикасындагы символ ислам догматынын туцгуюгунан чыгуунун аракети жана каражаты катары кызмат кылган. Мындай символдор кYндeлYк сeздYк кордон (запас), дYЙнeнY эц жeнeкeй тYШYHYYДeн чыккан. Бул бир тараптан, суфий идеяларынын элдин ац-сезимине сицишин жецилдеткен, экинчи жактан, жeнeкeй эле кубулуштардын мистикалык TYШYHYГYH кYчeткeн. «СYЙYY», «каалоо», «жолугушуу», «жарык», «eбYY», «eбYШYY» сыяктуу сeздeр суфийлердин эстетикалык доктринасында адамдын Кудайга карата мамилесин, урматтап-барктоосун билдирген.
Корутунду. Кeркeм концепцияда ак ниеттикти, чынчылдыкты, гармониялуулукту, эмоционалдуулукту, ыргактуулукту жана кeркeмдYктY чагылдырган прозага суфизм эстетикасында eз алдынча орун берилип, ал поэзия менен бир катарга коюлган, образдуу тYPдe «сeздeгY музыка» деген аталышка ээ болгон. Суфий эстетикасы психологиялык контексттердин жардамы менен угуучуларды кызыктыруунун жана тац калдыруунун, адамдын жан дYЙнeсYнe таасир ЭTYYHYH кeптeгeн ыкмаларын иштеп чыккан.
Колдонулган адабияттар
1. Аль Сардади (Кардауи) Юсеф. Ислам: дозволенное и запретное. [Текст] / Аль Сардади (Кардауи) Юсеф. /Пер. с араб. З. Арухова, Р. Гаджиева. - Алматы: Онер, 1994. - 142 с.
2. Веймарн Б. В. Искусство арабских народов (средневековый период). [Текст] / Б.В. Веймарн - М.: Искусство, 1960. - 199 с.
3. Джами А. Весенний сад. [Текст] /А. Джами. - Душанбе: 1964. - С. 53-54.
4. Ислам. Историографические очерки. - М.: Главная редакция Восточной литературы, 1991. - 288 с.
5. Курбанмамадов А. Эстетическая доктрина суфизма (опыт критического анализа). [Текст] /А. Курбанмамадов. - Душанбе: 1987. - С. 23.
6. Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова, Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 1 21. ББК: ХЖОШ.
7. Лирика. Из Персидско-Таджикской поэзии. Рудаки, Ибн Сина, Насир Хосров и др. -М.: Худож-я литература, 1987. - 462 с.
8. Матякубов О. Аль-Фараби об основах музыки Востока. [Текст] /О. Матякубов. -Ташкент: Фан, 1986. - 86 с.
9. Рудаки. Стихи. [Текст] /Рудаки. - М.: 1963. - С 44
10. Сагадеев А. В. Эстетические взгляды арабов средневековья. //Очерки истории эстетических учений. [Текст] /А.В. Сагадеев. - М.: 1963.