ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(4)/2024, 51-62
УДК:81.581.11
DOI: 10.52754/16948874 2024 2(4) 6
КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ ЖАНЫБАРЛАРДЫ БИЛДИРГЕН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕР
ФРАЗЕОЛОГИЧЕСКИЕ ЕДИНИЦЫ С КОМПОНЕНТОМ "ДИКИЕ ЖИВОТНЫЕ" В
КИТАЙСКОМ ЯЗЫКЕ
PHRASEOLOGICAL UNITS WITH THE COMPONENT "WILD ANIMALS" IN CHINESE
Аманбек кызы Нурпейил
Аманбек кызы Нурпейил Amanbek kyzy Nurpeyil
окутуучу, Жусуп Баласагын атындагы КМУдагы Конфуций институту
преподаватель, Институт Конфуция при КНУ им.Баласагына Lecturer, Confucius Institute at KNU named after Balasagyn
Бекмурзаева Асел
Бекмурзаева Асел Bekmurzaeva Asel
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected]
КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ ЖАНЫБАРЛАРДЫ БИЛДИРГЕН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕР
Аннотация
Бул макалада фразеологизмдерди кытай тилиндеги жапайы жаныбарларга тиешелYY фразеологиялык бирдиктер жана алардын маанилерин чечмелее аракеттери жYргYЗYлвт. Андан сырткары кытай тилиндеги фразеологиялык бирдиктердин образдуу ички формалары каралат. Ошону менен бирге кытай жана кыргыздардын тил казынасындагы жапайы жаныбарларга байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук езгечелYктерYне басым жасалды. Фразеологиялык мисалдардын негизинде кыргыз жана кытай тилдеринин фразеологиялык бирдиктеринин жалпы белгилерин жана айырмачылыктарын аныктоо маселелерине токтолуп, кытай тилиндеги фразеологизмдеринин кыргыз тилиндеги эквиваленттерин керсетYY жана аларды кыргыз тилине которуу маселелери кетерYлдY.
Ачкыч свздвр: фразеологиялык бирдик, ченъю, кыргыз тилиндеги макал-лакаптар, кытай тили, котормо таануу.
ФРАЗЕОЛОГИЧЕСКИЕ ЕДИНИЦЫ С КОМПОНЕНТОМ "ДИКИЕ ЖИВОТНЫЕ" В КИТАЙСКОМ ЯЗЫКЕ
Аннотация
В данной статье сделаны фразеологизмы, связанные с дикими животными, в китайском языке и сделаны попытки интерпретации их значений. Кроме того, рассматриваются образные внутренние формы фразеологизмов в китайском языке. При этом акцент был сделан на сходстве фразеологизмов, связанных с дикими животными, в китайском и кыргызском языках и их национальных особенностях. На основе фразеологических примеров обсуждались вопросы выявления общих черт и различий фразеологизмов кыргызского и китайского языков, а также вопросы показа эквивалентов китайских фразеологизмов в кыргызском языке и перевода их на кыргызский язык.
PHRASEOLOGICAL UNITS WITH THE COMPONENT " WILD ANIMALS" IN CHINESE
Abstract
This article presents phraseological units related to wild animals in Chinese and attempts to interpret their meanings. In addition, figurative internal forms of phraseological units in Chinese are considered. The emphasis was placed on the similarity of phraseological units related to wild animals in Chinese and Kyrgyz languages and their national characteristics. Based on phraseological examples, issues of identifying common features and differences in phraseological units of the Kyrgyz and Chinese languages were discussed, as well as issues of showing equivalents of Chinese phraseological units in the Kyrgyz language and translating them into the Kyrgyz language.
Ключевые слова: фразеологическая единица, ченъю, кыргызские пословицы и поговорки, китайский язык, переводоведение.
Keywords: phraseological units, chenyu, Kyrgyz proverbs, Chinese language, translation studies.
Киришуу
ДYЙнe элдеринин тилдеринин баарында эле жапайы жаныбарлар катышкан макал-лакаптар, учкул сездер, фразеологизмдер, идиомалар, жомоктор, уламыш-тамсилдер, ырым-жырымдар, ишенимдер кездешет. Тилдеги фразеологиялык фондду жана тилдин улуттук-маданий eзгeчeлYГYн калыптандырууда жапайы жаныбарлар катышкан фразеологиялык бирдиктердин ролу чоц болуп саналат. Бул макалада кытай тилиндеги жапайы жаныбарларга байланышкан фразеологизмдерди белгилеп, анын кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табууга басым жасалды. Теменде кытай жана кыргыз тилинде кездешкен жапайы жаныбарларга байланышкан фразеологизмдерди салыштырып карап, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук.
Мындан мурунку макалаларыбызда кытай тилиндеги YЙ жана жапайы канаттууларга байланышкан фразеологиялык бирдиктерди (Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2023; Аманбек кызы ж.б., 2023), YЙ жаныбарларына байланышкан фразеологиялык бирдиктерди (Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2024) изилдеп, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолгонбуз.
Кытай тилиндеги жапайы жырткыч жаныбарларды билдирген фразеологиялык бирдиктер
^ (hй) жолборско байланышкан фразеологизмдер
Жолборс жер жYЗYндeгY эц ири жырткыч жаныбар болуп эсептелет. Анын езгече келбети, кооз териси, тYнт токойдо жана саздак жерде жалгыз жашоосу анын сырдуулугун арттырып, адамдардын кызыгуусун жаратса, ыкчам кыймылы менен олжону кармап алганы адамдардын коркуусу менен кошо ага болгон урмат-сыйдын жаралышына алып келген. Натыйжада, жолборс байыркы доорлордон тартып эле дYЙнeдeгY элдердин уламыш, жомокторунда, диний ишенимдеринде татыктуу орун ээлеген.
Кытай мифологиясында жолборс эр жYрeктYYЛYктYн символу. Анын CYрeттeрYн кытайлар зыяндуу кYчтeргe каршы кYрeшYYДe колдонушкан. Фэн-шуй боюнча ак жолборстун духу зыяндуу кYчтeргe каршы кYрeшYYДe эц мыкты колдоочу болуп саналат. Кытайларда жолборс болгон урмат-сыйдын жогору болушун кунг-фу жоокердик согуш eнeрYндeгY негизги 5 жаныбарлар стилинин бири жолборс стили деп аталгандыгынан байкоого болот (Восточные единоборства, 2004, б. 78). Жолборс стили менен кошо кытай мушташ eнeрYндe жолборс мектептери да кездешкен. Бул мектептин eзгeчeлYГY шакирттерине кара ^ч, ыкчамдуулук, тез кыймылдарды машыктырууга басым жасашкан (Восточные единоборства, 2004, б. 79).
Кытайлардын 12 жылдык чыгыш календары деп аталган жаныбарлар календарында жолборстун кездешиши анын кытай маданиятында маанилYY ролду ойногондугун айгинелеп турат.
Теменде кытай тилинде жолборско байланышкан фразеологизмдерди кыргыз тилиндеги фразеологизмдер менен салыштырып карап, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук.
1. (Ьи ги hй хие, уап de hйzí). Бул фразеологизм "Жолборстун ийинине кирбей туруп, жолборстун кYЧYГYн кармай албайсыц" деп которулат. Бул фразеологизмдин мааниси "тобокел кылбай туруп ийгиликке жетYY мYмкYн эмес" дегенди туюндурат. Кыргыз тилиндеги эквивалентин айта турган болсок, кыргыз тилинде "Чегирткеден корккон эгин экпейт" деп кездешип, кытай тилиндегидей эле маанини билдирет (Юдахин, 1965, б. 365).
2. (hйshi dаndаn). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "жолборстой кароо" деп которулат. Бул фразеологизм "биреенY аябай тигилип кароо" же "аябай кароо" деген маанилерди билдирет. Кытайлардагы фразеологизмдин эквиваленти кыргыз элинин фразеологизмдеринде да кездешет. Фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивалентин катары "дит багуу", "кез токтотуу", "кезY етYY", "сурданып кароо", "кезYн кадоо" жана "жYЗ токтотуп кароо" деп аталган тYрлерYн атоого болот (Осмонова ж.б., 2001).
3. ШМО^ ^апНй së Ыап). Аталган фразеологизм "жолборстун атын уккан жYЗY езгерYп кеткендей" деп которулат. Кытайлыктарда бул фразеологизм "аябай коркуу", жана "ец-алеттен кеткенче коркуу" деген маанилерде колдонушат. Фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивалентин катары "YреЙY учуу", "тебе чачы тик туруу", "жаны кезYне керYHYY", "жYрегY оозуна келYY", "жYрегY тYШYY", "кара жандан TYЦYЛYY", "кутуу учуу" деп аталган тYрлерYн айтууга болот (Осмонова ж.б., 2001). Жогоруда эскерилген эки элдин фразеологизми бирдей эле маанини билдирет. Бирок кыргыз тилиндеги фразеологизмдерде жаныбарды аталышынын колдонулушун кездештире албадык.
4. Ш5ЙШМ (гНаотаоНиаНй). Аталган фразеологизм "мышыкты коюп жолборстун CYретYн тартуу" деп которулат. Кытайлыктар бул фразеологизмди "биреенY сокур тууроо", "окшошпосо деле туураганга аракет кылуу" деген маанилерде колдонушат. Бул фразеологизмдин толук маанисин ачып бере алган кыргызча эквивалентин тилекке каршы таба алган жокпуз.
5. -^МШ^ (уй hй той рг). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "жолборстун терисин алуу YЧYн жолборс менен акылдашуу" деп которулат. Бул фразеологизм "эки башка кызыкчылыкты ээлее", "карама-каршылыктуу кызыкчылыктардын кагылышы" деген маанилерди билдирет. Кытайлардагы фразеологизмдин эквиваленти кыргыз элинин сез казынасында да кездешет. Мисалга, кыргыз тилинде аталган фразеологизмдин "ез кемечYне кул тартуу" тYPY кездешет. Бул фразеологизм кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан толук дал келет (Карасаев, 1995, б. 132).
6. ШШМЙ (Ни jia Нй wëi). Аталган фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "жолборстун кадырын TYЛKY колдонгондой" деп которулат (Корнилов, 2010, б. 76). Бул фразеологизм "биреенYн кадыр-баркына таянуу", "биреенYн кадырын пайдалануу" деген маанилерди билдирет. Кытайлардагы фразеологизмдин эквиваленти кыргыз элинин сез казынасында да кездешет. Мисалга, кыргыз тилинде аталган фразеологизмдин "кYPYчтYн арты менен курмек суу ичет" деген TYPY кездешет. Андан сырткары кыргыз тилинде "Ата кадыры менен кыз етет" деген макал кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан толук дал келет (Карасаев, 1995, б. 212).
7. ШМЖ (Ю^ teng Нй уиё). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ажыдаар учкандай, жолборс секиргендей" деп которулат. Бул фразеологизм "кYЧY ашып-
тaшуу" жaнa "энepгияcы aшуу" дeгeн мaaнилepди билдиpeт. Кыфгыз тилиндe aтaлгaн фpaзeологизмдин '^к тeкeдeй ceкиpYY" тYPY кeздeшeт. Бул фpaзeологизм кыгай тилиндeги фpaзeологизм мeнeн мaaнилик жaктaн толук дaл кeлeт (Юдaxин, 1965, б. 390).
8. (hü tóu shé wëi). Бул фpaзeологизм кыфгыз тилинe "Бяшы жолбоpстой, куйpугу
жылaндыкындaй" дeп котоpулaт. Бул фpaзeологизмдин мaaниси "иштин carara нaчapлоо", "иш тeтиpиcинe ^туу" дeгeнди туюндуpaт. Кыфгыз тилиндeги эквивaлeнтин aïïra туpгaн болсок, кыфгыз тилиндe буга жaкын "куту учуу" жe "кeтYнe кeтYY" дeгeн фоpмaлapдa кeздeшип, кыгай тилиндeгидeй элe мaaнини билдиpeт (Юдaxин, 1965, б. 420).
Ш (láng) кaрышкыргa бaйлaнышкaн фрaзeoлoгизмдeр
Тeмeндe кыгай тилиндeги кapышкыpгa бaйлaнышкaн фpaзeологизмдepди кьфгыз тилиндeги фpaзeологизмдep мeнeн caлыштыpып rapa^ aлapды кыpгыз тилинe котоpуу мaceлeлepинe токтолдук.
1. 61ШАЖ (yin láng rù ski). Бул фpaзeологизм кыфгыз тилинe ceзмe ceз "Кapышкыpды Y^e киpгизYY" дeп котоpулaт. Бул фpaзeологизм apкылуу "aшыкчa ишeнчээктигинин aзaбын тapткaн" aдaмды CYpeттeшeт. Бул фpaзeологизмдин кыфгыз тилиндe биp нeчe эквивaлeнти кeздeшeт. Aлcaк, кыфгыз тилиндe "Кapышкыpгa кой кaйтapтуу" дeгeн мaкaл кыгай фpaзeологизминин фоpмacы жaгынaн aзыpaaк гaнa eзгeчeлeнгeн xypy болуп, мaaниcин толугу мeнeн гамты^. Aндaн cыpткapы "Койнунa жылaнды caлуу" дeгeн фpaзeологизм дa кeздeшип, кыгай тилиндeгидeй элe мaaнини билдиpeт. Кыфгыз тилиндeги бул фpaзeологизм YЧYн улуу жгзуучу Т.Кacымбeковдун "Сынган кылыч" aттуу тapыxый pомaнынaн миcaл кeлтиpYYHY тууpa кepдYк. Ромaндa Aбдыpaxмaн aптaбaчы1 Кудaяp xaнгa чыккынчылык кылгaндa a^rn eкYнгeнYн чaгылдыpгaн YЗYндY:
— О, Aбдыpaxмaн! Кылapьщ ушул бeлe? — дeп тец Кудaяp-xaн YЖYpeдe нapы-бepи бacып туpду. — Койнума жыландын баласын салып ЖYргвн экенмин го!. —Aл npe^ биp ууч болуп rapa^m, эpиндepи кeбepcип, кeзYн кыбьщдaтып, эмнeни ойлоноpун билбeй, бaшы ^Hrape^ токтоло кaлды. — Xa, туз уpгуp, тузумa койдум... (Сынган кылыч, 199В: ö. 267). YзYндYдeн кepYHYп туpгaндaй фpaзeологизм aдaмдын aшыкчa ишeнчээктигин жaнa aнын aзaбын тapтaapын чaгылдыpып туpaт.
Кытaй элинин^ШАЖ (yin láng rù shi) жe "Кapышкыpды Yйгe ^prroYY" фpaзeологизминин кыpгыз тилиндe YЧYнчY эквивaлeнти дa кeздeшeт. Биздин оюбузчa кыpгыз тилиндeги "Итти тepгe (килeмгe) чычaт" aттуу мaкaл дa кытaй
фpaзeологизми мeнeн мaaнилик жaктaн дaл кeлeт (Дaвлeтбeковa, 1997, б. 129).
2. (lángtñn hüyán). Aтaлгaн фpaзeологизм "кapышкыpдaй жутунуу, жолбоpcтой жeп aлуу" дeп котоpулaт. Кытaйлыктap бул фpaзeологизмди тaмaккa болгон тaбити мыкты, тaмaкты тeз-тeз жeгeн учуpлapдa колдонушaт. Бул фpaзeологизмдин толук мaaниcин aчып бepe aлгaн кыpгызчa эквивaлeнти кaтapы "aч бepYдeй жулунган" дeгeн идиомa толугу мeнeн дaл кeлeт. Бул фpaзeологизмди "Мaнac" эпосутан кeзиктиpYYгe болот. Эпосто:
Кapууcу толук кaпыpдaн,
1 Aбтaбaчы (eзбeк тилиндe "офтобaчи") — тapыxый тepмин. Xaндын capaйындa колго суу куюуучу дeгeн мaaнини билдиpeт. Чындыгындa xaн capaйдaгы жогоpку ^öi^a^
Ач берудей жулунган,
Кайран Жолой баатырдан,
Ажыратып алуучу, Чабышып согуш салуучу, Кабылан кек жал Манас жок" (Манас, 2010, б. 267).
Жогоруда эскерилген кытай фразеологизми менен кыргыз фразеологизми маанилик жактан, формалык жактан да бири-бирине дал келет.
3. Й. ^ Ш Щ Ы 1йщ Нао). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "карышкырдай улуу" деп которулат. Бул фразеологизм "улуп-уцшуу", "сыздап ыйлоо" жана "жан кейиткен кыйкыруу" деген маанилерди билдирет. Кыргыз тилинде аталган фразеологизмдин "карышкырдай улуу" деген эч езгерYYCYЗ TYPY кездешет. Бул фразеологизм кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан да, формасы жагынан да толук дал келет (КРС, 1985, б. 304).
4. (Нй zi sйn). Бул фразеологизм кыргыз тилине "Жолборстун уулдары, карышкырдын неберелери" деп которулат. Бул фразеологизмдин мааниси "каракчылар" дегенди туюндурат. Кыргыз тилиндеги эквивалентин айта турган болсок, буга жакын фразеологизмди кезиктире албадык. Кыргыздарда жен гана "каракчы" деп эле кездешет. Бирок кыргыздарда аял кез жарганда уул терелсе "берY", ал эми кыз терелсе '^л^" деп CYЙYнчYлешкен. Дал ушул эле каада орто кылымдардагы тYрктерде да кездешкен (Мурзакметов, 2005, б. 22; Абдимиталип уулу, 2022, б. 131).
Ш ^и) тулкуге байланышкан фразеологизмдер
1. ШРДМЙ (Ни jia Нй wëi). Аталган фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "жолборстун кадырын TYЛKY колдонгондой" деп которулат. Бул фразеологизм "биреенYн кадыр-баркына таянуу", "биреенYн кадырын пайдалануу" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизмдин келип чыгышы "Согушкан падышачылыктардын тактикасы" (Чжанго цэ) деп аталган эмгекте катталган. Бул эмгекте катталган уламыш боюнча бир жолу жолборс TYЛKYHY кармап алат. Жолборс TYЛKYHY жээрде ага: "Сен мени жей албайсыц. Себеби, мени кудайлар айбанаттардын падышасы кылып шайлады!" дейт. Жолборс кичинекей TYЛKYHYH падыша болгонуна ишенбейт. Анда TYЛKY: "Ишенбесец токойго чогуу баралы. Жаныбарлар мени кергенде качышаарын ез кезYЦ менен кересYц!" дейт. Макул болгон жолборс TYЛKY менен токойго кирет. Токойдогу жандыктар жолборсту керYп, YPKYп кача беришет. ТYЛKY жолборско: "Эз кезYЦ менен керYп ынандыцбы?" деп сурайт. Анда жолборс: "Жаныбарлар сени керYп эле качып атканына караганда сен чындап эле кудуреттYY окшойсуц", - деп кала бериптир. Бул уламыштан TYЛKYHYH кытайларда куу, амалкей жаныбар катары кабылдангандыгын байкоого болот. ТYЛKYHYH мындай мYнезY Евразия челкемYндегY элдердин кепчYЛYГYHYн жомок, тамсилдеринде кездешет (Корнилов, 2010, б. 76).
Ал эми кытайлардагы фразеологизмдин эквиваленти кыргыз элинин сез казынасында да кездешет. Мисалга, "ата кадыры менен кыз етет" деген макал кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан толук дал келет (Карасаев, 1995, б. 212). Андан сырткары кыргыз тилинде аталган фразеологизмдин "кYPYчтYн арты менен ^рмек суу ичет" деген TYPY да кездешет.
2. ЩЩЩ^ (кйтшкйкй). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "тул^ казат, кайра кемет" деп которулат. Бул фразеологизм "максатсыз иш кылуу, убара болуу", "чечкинсиздик кылуу", "бир чечимге келе албай, акырында жапа чегYY" деген маанилерди билдирет. Кыргыз тилинде аталган фразеологизмдин "Жолоочуну ээрчип ит убара" деген эч макалда кытай фразеологизминин "максатсыз иш кылуу" деген маанисине туура келет дегенге негиз бар (Давлетбекова, 1997, б. 76).
3. (laohйli). Аталган фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "карт TYЛKY" деп которулат. Бул фразеологизм "куу киши" жана "кыйтыр киши" деген маанилерди билдирет. Кыргыз тилинде "тажрыйбалуу", "куу", "кету керген" маанисин билдирген "карт бeрY" деген фразеологизм кездешет (Осмонова, 2001, б. 256). КeрYHYп тургандай кытайлардагы фразеологизм кыргыз тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан бири-бирине толук дал келет. Ал эми формасы жагынан бир аз гана eзгeрYYгe учураган.
Ш (xi6ng) аюуга байланышкан фразеологизмдер
Кытай тилинде аюу боюнча ар кандай маанини билдирген фразеологизмдер кездешет. Негизинен аюу адамдын мYнeзYн CYрeттeeдe колдонулат. Теменде кытай тилиндеги аюуга байланышкан фразеологизмдерди кыргыз тилиндеги фразеологизмдер менен салыштырып карап, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук.
1. Ш'ЫШ (xiдngxTnbaodan). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "аюунун жYрeгY, илбирстин eтY" деп которулат. Бул фразеологизм "эр жYрeк", "эрдик" жана "баатырдык" сыяктуу етме маанилери бар. Кытайлардын элдик ишениминде аюунун жYрeгYн жеген адам эр жYрeк болуп калат. Мындай ишенимдин жаралышына аюунун эч кимден коркпогондугу, ачуулуулугу жана чыдамкайлыгы себеп болгон. Кытай мифтеринде аюу жоокер тYPYндe эскерилет.
Кыргыз тилинде кытай фразеологизми менен маанилик жактан "Жолборстун жYрeгYнe талгак болуу" деген ишенимдин кездешишин айтууга болот. Кыргыз элинин тYШYHYГYндe аял боюна бYткeндeн бир нече жумадан кийин кeцYЛY айнып, бардык эле тамакты бирдей сицире албай калат имиш. Бул абал медицинада изилденип, анын келип чыгышы, аны дарылоонун жолдору иштелип чыккан. Ал эми элдик турмушта болсо, талгакка байланыштуу кептеген уламыштар, кызык окуялар айтылат. Мындай окуялар эпосто кeбYнесе болочок баатырлардын тeрeлYШY менен байланыштуу. Адатта, кош бойлуу аял кабылан, жолборс, илбирс жана башкалар жаныбарлардын, аюунун жYрeгYнe, жыландын, куштун жана башкалар жандыктардын этине талгак болот имиш. Анын эц белгилYY мисалы катары "Манас" эпосунда Чыйырдынын жолборстун жYрeгYнe талгак болушун айта алабыз. Эпосто:
"Тойдон кийин токтолуп, Тогуз айдай eтYптYр; Манас бойго бYткeнY Бир нече айга жетиптир. Байбиче болсо бул ^нде Бал, шекерге карабайт, Башка тамак жарабайт.
Жесем дейт жолборс жYрeгYн, Мындан башка санабайт;
Же табылбайт жолборс журегу.
Жинди болуп байбиче Жеригинен жYдедY• Жылкычы кабар бергени, "Кацгайдын кара мергени Жолборс атып салды,- деп, Терисин сыйрып алды,- деп, Боор, жYрек, башка эти Кур талаада калды"-деп. Айтканын Чыйыр угуптур,
Байбиче кеещ жайланды. Челкендей басып байбиче, Челектеп сууну алганы,— Эки журек салганы. Чала-була бышырып, Жанга бербей жалмады. "Сонун экен бу да,—деп,— Сорпосун ичем мына"—деп, Эки аяктай сорпосун Калтырбай ичип алганы. Байбиченин талгагы Магдырап, канып калганы. Эр Манас бойго бYткенY" (Манас, 1958, б. 50).
Эпостогу эпизоддон керYHYп тургандай кыргыздарда баатырдын терелYШY анын энесинин жолборстун жYрегYне талгак болушу менен тыгыз байланышта. Натыйжада кыргыз элинде жолборс жYрегY баатырдык, эрдик деп эсептелсе, кытайларда аюунун жYрегY ушундай эле мааниге ээ. Бул жерден эки элдин ишенимдеринде, фразеологизмдериндеги жалпылыкты байкоого болот.
2. (х1о^ Нй гНТshi). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез
"жолборс, аюу аскер болушту" деп которулат. Бул фразеологизм "эр жYрек аскерлер" деген маанини билдирет. Бул фразеологизм жогоруда эскерилген фразеологизмдин эле уландысы катары кароого болот. Ал эми кыргыз тилинде бул сез айкашынын параллели катары "жоо берYCY" деген фразеологизмди айтууга болот. Кыргыз тилиндеги "жоо берYCY" деген идиома кытай тилиндеги фразеологизмге маанилик жактан толук дал келет. Жоо берYCY тууралуу маалыматтарды "Манас" эпосунан кеп кездештирYYге болот:
"Кырк баланын башчысы, Кыйласынын жакшысы, Найзага камбыл ыктуусу, Жоо берусу, мыктуусу,
Чекчерилген чечени Куруп калган Кутубий -Кек жал Манас жекерY, Ободон жылдыз болжошу, Байчоро менен Чалыбай-Баатырындын жолдошу.
Кабыландын жыйган кырк бала Кыраан чыккан жолборсу.
Бала да болсо баатыр деп, Азган, тозгон кыргыздар Эр Манасты дем кылды" (Манас, 1958, б. 82).
Жыйынтыктап айтканда кытай тилинде да, кыргыз тилинде да жоокердик, эрдик, аскердик жана эр жYрeктYYЛYк деген тYШYHYктeрдY билдирYYДe жырткыч жаныбарлардын аталыштары кездешкен фразеологизмдерди колдонушкан. Эки элдин фразеологизмдери маанилик-мазмундук жактан окшош, ал эми формасы жагынан бири-биринен бир аз гана айырмаланып турат.
Кытай тилиндеги башка жапайы жаныбарлар тууралуу фразеологиялык бирдиктер
Бул бeлYктe кытай тилиндеги чеп жечYY жана башка жаныбарларга байланышкан фразеологиялык бирдиктерди чогултуп, алардын кыргыз тилине сезме-сез которулушу, эквиваленти жана алардын салышытырмалуу анализин берYYгe басым жасалды. Бул бeлYктY кемирYYЧYлeр тYркYMYнe кирген чычкан жаныбарынан баштоону туура таптык.
Ш (shй) чычканга байланышкан фразеологизмдер
Бир караганда чычкан айыл-чарбасын бYЛYндYргeн зыянкеч жаныбар болгондугуна карабастан дYЙнe элдеринин символикалык фондунда бул жаныбар езгече орунду ээлейт. Анын ичинде кытай маданиятында да чычкандын ез орду бар. Мисалга, кытай маданиятында чычкан акылдуу жана даанышман жандык катары сыпатталып, байлыктын жана барчылыктын символу катары кабыл алынган. Чычкандар тез кeбeйгeндYктeн кеп балалуу болууну каалаган кытайлык жубайлар чычканга сыйынышкан. Чычкан амалкей жана тапкыч жаныбар катары баалангандыгын анын 12 жылдык чыгыш календары деп аталган жаныбарлар календарында биринчи болуп кездешиши анын кытай маданиятында маанилYY ролду ойногондугун айгинелеп турат.
Теменде кытай тилинде жолборско байланышкан фразеологизмдерди кыргыз тилиндеги фразеологизмдер менен салыштырып карап, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук.
1. (qiдngshйniëmao). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Аргасы кеткен чычкан мышыкты тиштейт" деп которулат. Бул фразеологизмдин мааниси "такыр аргасы кеткен адам эрдик кыла алат", "керектYY учурда коркок адам да эрдик кылганга жeндeмдYY" деген мамилелерди туюндурууда колдонулат. Кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Баканы бассац да "бак" дейт" деген макалды айтууга болот. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивиленти кытай идиомасын маанилик жактан толук ачып бере алат.
2. ^ж'^ ^ди shй ji qi). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "чычканды (идиш менен) eлтYрe чапмакмын, бирок, идишти сындырып алуудан корком" деп которулат. Бул фразеологизм "сактануу, абайлоо" деген маанини билдирет. Ал эми кыргыз тилинде бул сез фразеологизминин параллели катары "каргайын десем жалгызсыц, каргабайын десем байкушсуц" деген макалды айтууга болот. Кыргыз тилиндеги бул макал кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик жактан кандайдыр бир децгээлде дал келет.
3. (maoshй tдngchй). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Мышык-чычкан чогуу жашагандай" деп которулуп, "бири-биринин жаман иштерин жаап-жашыруу", "кол астында иштегендердин кемчиликтерин жаап-жашыруу" деген маанилерди билдирет. Бул
фразеологизмдин кыргыз тилинде "Карга карганын кезYн чокубайт" деген TYPY кандайдыр децгээлде маанисине жакын деп эсептейбиз. Андан сырткары кытай фразеологизминин эквиваленти катары "Сай сайга куят, бай байга куят" деген макалды айтууга болот (Юдахин, 1965, б. 390).
4. Й^тШ фао^и sНйcuаn). Аталган фразеологизм кыргыз тилине "башын кармап жана чычкандай болуп качуу" деп которулат. Бул фразеологизм "коркуп качуу" деген маанини билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары бир нече фразеологизмдерди айтууга болот. Алсак, кыргыз тилинде "артын карабай качуу", "куйругун TYЙYП качуу", жин куугандай качуу" деген тYрлерYн атоого болот. Бирок, аталган фразеологизмдердин ичинен бир гана "Куйругун TYЙYП качуу" деген фразеологизми контексттик жактан жаныбарга байланыштуу (Осмонова, 2001, б. 323). Бул фразеологизм "корккон ит куйругун кыпчып качкан" учурду чагылдырат. Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында бир кыйла айырмачылыктар бар.
5. Ш^^Ш (тао Ы lйosНй). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Мышык чычканга аза кYткендей" деп которулат. Бул фразеологизмдин мааниси "калп эле боор ооругандай TYP керсетYY", "анткорлонуу" деген эки жYЗДYY мамилелерди туюндурууда колдонулат. Кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Кара эчкиге жан кайгы, Касапчыга мал кайгы" деген макалды айтууга болот (Юдахин, 1965, б. 357). Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивиленти кытай идиомасын маанилик жактан толук ачып бере албаса да кандайдыр бир децгээлде маанилик жакындыгы бар.
Ш ^й) коёнго байланышкан фразеологизмдер
Кытай маданиятында коён да езгече маани берилген жаныбарлардын катарына кирет. Алсак, коён 12 жылдык жаныбарлар календарында тертYнчY катарда турат. Андан сырткары коён кытайларда назиктиктин, ак кецYЛДYYЛYктYн символу катары кабыл алынат. Кытай уламыштарында Айда жашаган нефрит коён тууралуу айтылат. Нерит коён езYHYн идишине елбестYктYн, тYбелYктYYЛYктYн дарысын жасайт имиш. Ошондуктан нефрит коён кеп жашагандыкты да билдирет.
Теменде кытай тилинде коёнго байланышкан фразеологизмдерди кыргыз тилиндеги фразеологизмдер менен салыштырып карап, аларды кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук.
1. ^^^^ ^й/а tйzбu). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "карга учкандай, коён чуркагандай" деп которулат. Бул фразеологизм "убакыт бат етет" деген маанини билдирет. Ал эми кыргыз тилинде бул сез фразеологизминин параллели катары "убакыт деген учкан куш" деген макалды айтууга болот. Кыргыз тилиндеги бул макал кытай тилиндеги фразеологизм менен маанилик толук дал келет.
2. МШШ^ (jiаntйgйquйn). Аталган фразеологизм кыргыз тилине "коёнду кергенде иттерине кароо" деп которулат. Бул фразеологизм "мYмкYнчYЛYктY колдон чыгарбоо", "ез убагында чара колдонуу" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары бир нече фразеологизмдерди айтууга болот. Анын ичинен бир фразеологизмде коёндун аты эскерилип, мааниси жагынан кытай фразеологизми менен
толугу менен дал келет. Кыргыз тилинде "колго тушкен коёнду, коё берген оцобу?" деген макал кытай фразеологизми менен мааниси бирдей. Андан сырткары "Темирди ысыгында сок" деген макал кытай фразеологизмине контексттик жактан жакын (Осмонова, 2001, б. 195).
3. ^^^^ (tйqífйjй). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "коёндой секирип, жапайы ердектей учуу" деп которулуп, "быт, ылдам, тез" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "чымын-куюн болуу" деген туру кандайдыр бир децгээлде кытай фразеологизминин маанисине жакын деп эсептейбиз. Андан сырткары кытай фразеологизмине жакын маанидеги эквиваленти катары кыргыз тилиндеги "Коёндон жапыз сен болуп, куштан илгич мен болуп" деген фразеологизмди айтууга болот. Бул фразеологизмдин етме мааниси "алгыр, кыраан" дегенди билдирет (Толковый словарь кыргызского языка, 1969, б. 178).
4. ШШНШ (¡Шо^ sankй). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "куу коёндун уч ийини бар" деп которулат. Бул фразеологизм "куу, амалкей" деген маанилерди билдирет. Ал эми кыргыз тилинде бул сез фразеологизминин параллели катары "айла алтоо, амал жетее" деген макалды айтууга болот (Давлетбекова, 1997, б. 16). Андан сырткары "Амалы алты эшекке жук" деген макал да кытай фразеологизмине контексттик жактан туура келет.
Корутунду
Жогоруда берилген фразеологизмдер кытай тилинен алынган кептеген мисалдардын аз белугу гана болуп саналат. Белгилуу болгондой фразеологизм бир элдин басып еткен тарыхын, маданиятын, менталитетин, тилдик, этнографиялык езгечелугун ичине камтыйт. Чет тилин уйренген адам эгер фразеологизмдердин маанисин тушунуп, аны практикада колдонсо ал тилди жогорку чеберчиликте уйренду дегенди билдирет. Кытай фразеологизмдерин кыргыз тилинин жардамы аркылуу жаштарга татыктуу тил уйретуу менен гана чектелбестен, алардын Кытайга барып тилди улантуусуна да ебелге тузуп беребиз деп ишенебиз. Башка элдин тилин уйренгенде фразеологизмдерди колдонгон адамды ал тилде суйлеген эл жогору баалары шексиз. Биздин изилдеебузде кытай жана кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин жалпылыктарын таап керсеткенге аракеттендик.
Пайдаланылган адабияттар
1. Абдимиталип уулу, Н. (2022). "Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов". Вестник Ошского государственного университета, №3, 126-132. Б01: https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 126. ЕБ№ БИМОТУ.
2. Аманбек кызы, Н., жана Бекмурзаева, А. (2023). "Кытай тилиндеги уй канаттууларына байланышкан фразеологизмдердин кыргыз тилиндеги эквиваленттери". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, #1(1), 12-21. Б01: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 2. ЕБ№ 0ВЕМН1.
3. Аманбек кызы, Н., Бекмурзаева, А., жана Эмильбекова, Э. (2023). "Кытай тилиндеги жапайы канаттууларга байланышкан фразеологиялык бирдиктерди кыргыз тилине которуу маселелери". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, №2(2), бб. 1-10. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 2(2) 1. EDN: MUFFUL.
4. Аманбек кызы, Н., & Бекмурзаева, А. (2024). "Кытай тилиндеги YЙ жаныбарларына байланышкан фразеологизмдерди кыргыз тилине которуунун айрым маселелери". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, №2, 424-436. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2024 2 42. EDN: ZETZII.
5. Восточные единоборства. (2004). Москва: АСТ, Астрель, Ермак. Серия: Я познаю мир.
6. Карасаев, Х. (1995). Накыл свздвр. Бишкек: Шам.
7. Касымбеков, Т. (1998). Сынган кылыч: тарыхыйроман. Бишкек: Кыргызстан.
8. Кыргыз тилинин тушундурмв свздугу. (1969). Фрунзе: Мектеп.
9. Корнилов, О.А. (2010). Жемчужины китайской фразеологии. Москва: КДУ.
10. Манас. Биринчи бвлук. 2 китеп. (1959). Жалпы редакциялаган Б.М. Юнусалиев. Фрунзе: Кыргызмамбас.
11. Мурзакметов, А.К. (2005). Кыргыз ырым-жырымдары. Ош.
12. Осмонова, Ж.., Конкобаев, К., Жапаров, Ш. (2001). Кыргыз тилинин фразеологиялык свздугу. Бишкек: КТМУ.
13. Пословицы и поговорки кыргызского народа. (1997). Из собрании акад. К.К. Юдахина. Сост. Д. Давлетбакова. Бишкек: Илим.
14. Юдахин, К.К.(1965). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.1. А-К. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.
15. Юдахин, К.К. (1965). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.2. Л-Я. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.