ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY
ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610
№2/2024, 424-436
ФИЛОЛОГИЯ
УДК:
DOI: 10.52754/16948610 2024 2 42
КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ YЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУНУН АЙРЫМ
МАСЕЛЕЛЕРИ
ВОПРОСЫ ПЕРЕВОДА ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДОМАШНИМИ ЖИВОТНЫМИ С КИТАЙСКОГО ЯЗЫКА НА КЫРГЫЗСКИЙ ЯЗЫК
ISSUES OF TRANSLATION OF PHRASEOLOGICAL PHRASES RELATED TO PETS FROM
CHINESE INTO KYRGYZ LANGUAGE
Аманбек кызы Нурпейил
Аманбек кызы Нурпейил Amanbek kyzy Nurpeyil
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected]_
Бекмурзаева Асель
Бекмурзаева Асель Bekmurzaeva Asel
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected]
КЫТАИ ТИЛИНДЕГИ YH ЖАНЫБАРЛАРЫНА БАИЛАНЫШКАН
фразеологизмдерди кыргыз тилине которуунун аЙрым
МАСЕЛЕЛЕРИ
Аннотация
Бул макалада фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуудагы метафораларды жана фразеологиялык бирдиктерди берYY ыкмалары талданат. Андан сырткары YЙ жаныбарларына тиешелYY кыргыз жана кытай тилдериндеги фразеологиялык бирдиктердин образдуу ички формалары каралат. Айрыкча кытай жана кыргыз элдеринин тил казынасындагы Yй-жаныбарларына байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук eзгeчeлYктeрY каралды. Фразеологиялык мисалдардын негизинде кыргыз жана кытай тилдеринин фразеологиялык бирдиктеринин жалпы белгилерин жана айырмачылыктарын аныктоо маселелерине басым жасалып, кытай тилиндеги фразеологизмдеринин кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табуу жана аларды кыргыз тилине которуу маселелерине кещл бурулду. Кытай фразеологизмдерин кыргыз тилине которуу кeйгeЙY али так чечиле элек.
Ачкыч свздвр: фразеологиялык бирдик, кыргыз тили, кытай тили, котормо таануу, макал-лакаптар.
ВОПРОСЫ ПЕРЕВОДА ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДОМАШНИМИ ЖИВОТНЫМИ С КИТАЙСКОГО ЯЗЫКА НА КЫРГЫЗСКИЙ ЯЗЫК
ISSUES OF TRANSLATION OF PHRASEOLOGICAL PHRASES RELATED TO PETS FROM CHINESE INTO KYRGYZ LANGUAGE
Аннотация
В данной статье анализируются методы предоставления метафор и фразеологизмов при переводе фразеологизмов с китайского на кыргызский язык. Кроме того, рассмотрены образно-внутренние формы фразеологизмов, связанных с домашними животными, в кыргызском и китайском языках. В частности, рассматривались сходство фразеологизмов, связанных с домашними животными, в языковой сокровищнице китайского и кыргызского народов и их национальные особенности. На основе фразеологических примеров акцент был сделан на выявлении общих черт и различий фразеологизмов кыргызского и китайского языков, а также на вопросах поиска эквивалентов китайских фразеологизмов на кыргызском языке и перевода их на кыргызский язык. Эта переводческая проблема до сих пор не получила однозначного решения.
Abstract
This article analyzes the methods of providing metaphors and phraseological units in the translation of phraseological units from Chinese to Kyrgyz. In addition, figurative-internal forms of phraseological units associated with pets in the Kyrgyz and Chinese languages are considered. In particular, the similarity of phraseological units associated with domestic animals in the linguistic treasury of the Chinese and Kyrgyz peoples and their national characteristics were considered. Based on phraseological examples, the emphasis was placed on identifying the common features and differences of phraseological units in the Kyrgyz and Chinese languages, as well as on the issues of finding equivalents of Chinese phraseological units in the Kyrgyz language and translating them into the Kyrgyz language. This translation problem has not yet received a clear solution.
Ключевые слова: фразеологизмы, кыргызский язык, китайский язык, перевод, пословицы.
Keywords: phraseological units, Kyrgyz language, Chinese language, translation, proverbs.
Киришуу
Кыргыз жана кытай тилдеринде туруктуу сез айкаштары азыркы кYндe да активдYY колдонулуп келет жана eзYHYн актуалдуулугун жогото элек. Бул сез айкаштары CYЙлee речинде колдонулуу менен бирге сeздYн кeркeмдYГYн арттырып, маанисин терецдетYYЧY касиетке ээ. Андан сырткары элдик оозеки чыгармачылыктагы кецири тараган макал-лакаптар, учкул сeздeр, афоризмдер улуттук колоритти чагылдырып, бир элдин белгилYY бир доордогу жашоосу, маданияты, жашоо образы жана улуттук eзгeчeлYктeрYн чагылыдырат. Бул аспекттен алып караганда тил илиминдеги бул багыттагы изилдeeлeрдYн актуалдуулугу артат. Элдик оозеки чыгармачылыктын кызыктуу багыттарынын бири болуп фразеологизмдер болуп саналат. Фразеологизмдер эмоционалдык-экспрессивдик маанини алып жYPYYЧY эц жыш колдонулган каражаттардан. Кыргыз тили фразеологизмдерге eтe бай тилдерден болуп саналат. Фразеологизмдер кYHYмдYк турмушубузда, ошондой эле адабий чыгармаларда eтe кeп колдонулат. Фразеологизмдер сырткы формасы жана маани туюндуруучу eзгeчeлYГY боюнча тилдин башка бирдиктеринен айырмаланып турат. Тактап айтканда, эки же андан ^п сыцарлардын (компоненттерден) турган туруктуу сeз тизмектери лексикалык бир бYTYндYккe айланып, семантикалык (маанилик) жактан бекем ширелишип, образдуу сапатка ээ болгон eзгeчe туюнтмалар фразеологизмдердин курамын тYзeт.
Фразеологизмдердин негизги eзгeчeлYГY болуп айтылуучу ойду угуучуга (окурманга) элестYY, таамай, образдуу кылып жеткирYYДe тилдик ^р^м каражат катары кызмат аткарып, речке ар TYPДYY TYC берYYЧY боёк катары пайдаланылышында болуп саналат. Фразеологизмдерде кeбYнесе калктын кYHYмдYк жашоосунда кeнYMYш болгон кeрYHYштeр чагылдырылат.
Кытайда фразеологиялык бирдиктерди CYЙлee речинде колдонуу адамдын жогорку билимдYYЛYГYнeн кабар берет. Себеби, кытай фразеологизмдеринин кeпчYЛYГY байыркы кытай философиялык трактаттарында чагылдырылган. Ошондуктан CYЙлee речинде фразеологизм колдонуу адамдын сeз байлыгынын бай экендигин, чечендигин жана билимдYYЛYГYн кeргeзYп турат.
Кытайда фразеологизмдерди изилдee жана аларды системага 1915-жылы кытай тилинин сeздYГY "Цыюань" пиньин. ауиап) TYЗYY менен колго алына баштаган. Арийне, кытай
фразеологизмдерине XX кылымдын 50-жылдарынан тартып илимий мамиле жасалып, терец ^нул бурула баштаган. Бирок, кечээ жакынга чейин эле фразеологизм атайын илимий тема катары изилденген эмес. Кытай фразеологизмдерин изилдeeдe атайын фразеологиялык фонду TYЗYЛYП, лексикологиялык жана стилистикалык жактан изилденген. Кытайда фразеология изилдee тармагы жацыдан гана бутуна туруп келе жатканына карабастан бир нече окумуштуулардын эмгектери жарык кeргeн. Алардын ичинен Вэнь Дуань Чжэн (М^М^), Ма Гофань (^ШД), Чжан Чжигун Яо Пэнцы (ШШШ-) сыяктуу окумуштууларды айтсак
болот.
Кытай тилинде фразеологиялык бирдиктер ченъюй деп аталат жана кучагына макал-лакаптарды, идиомаларды, айтымдарды жана учкул сeздeрдY камтыйт.
Негизи Ши ^Ыуй) термини кыргызчага сeзмe-сeз "даяр сeз" деп которулуп, жалпы маанидеги фразеологиялык бирдиктерди белгилee YЧYн колдонулат. Кытай тилиндеги фразеологиялык бирдиктердин фонду ^п TYPДYY келип, классификацияларга бeлYп каралат.
Кытай лингвисти Ма Гофань eзYHYн "Идиомалардын кыскача теориясы" (^ЖМ^) аттуу эмгегинде кытай тилиндеги фразеологизмдерди классификациялап чыккан. Анын классификациясы кийин дYЙнeлYк илим коомчулугу тарабынан кабыл алынган. Ма Гофандын классификациясы боюнча кытай фразеологизмдери жети тYргe: 1) ^Ж ^е^уй (чэньюй -даяр фразеологизмдер), 2) {§Ж sйyй (лакаптар), 3) ШЖ уапуй (макалдар), 4) Ш^Ж xiëhдuyй (каймана сездер, орусча: иносказание, недоговорки), 5) guаnyдngyй (туруктуу сез
айкаштары), 6) ^Ж Ащуй (учкул сездер), 7) g¿ydn (афоризмдер) деп бeлYнeт (Ма Гофань, 1959).
Ал эми кытай тилчиси Вэнь Дун Чжэн фразеологиялык бирдиктерди эки тYргe бeлYп карайт. Вэнь Дуань Чжэн биринчи бeлYккe: ШЖ (макалдар) , Щ^Ж(каймана сездер), Ж (туруктуу сез айкаштары), (женекей фразеологизмдер) деп кошуп, аларга {§Ж
(женекей ченъюйлар) деген аталышты ыйгарган. Ал эми экинчи группаны ШЖ (кооз сездер же кооз ченъюйлар) деп атап, ага байыркы кытай тилиндеги жазма булактарда катталган фразеологизмдерди кошкон (Вэн Дуанчжэн, 2004, 58-71).
Булардын ар бирине токтоло кетYYHY туура кeрдYк. Биринчиси, ^Ж ченъюй - туруктуу фразеологизмдер болуп, кытай тилиндеги негизги тYP болуп саналат. "Ченъюйлардын чоц сeздYГYндe" (ФШ^Ж^^Л) 18000 ченъюй катталып, анын ичинен 3 мицден ашууну активдYY колдонулат. Ченъюйлар кытай идиомаларынын ичинен эц кецири тараганы болуп, анын eзгeчeлYГY терт иероглиф-сезден жана архаикалык лексикадан туруп, келип чыгышы байыркы уламыш-легендаларга барып такалат. Ал эми ШЖ янюй (эл сeзY, лакап) - кецири тараган жана кадимки кeрYHYштY туюндурган лакаптар болуп саналат. Ш^Ж сехоуюй (каймана сез) - интонация жана пунктуация менен айтылып, "эки муундуу" сездерден турган фразеологиялык бирдиктер болуп саналат. гуаньюнъюй (туруктуу сез айкаштары) -
азыркы кYHYмдYк тилде колдонулган сездерден куралган туруктуу сез айкаштарынан турган бирдиктер.
Жыйынтыктап айтканда кытай тилиндеги фразеологизмдер бир нече тYргe бeлYнeт. Бул тYрлeргe бeлYнгeн фразеологизмдер функционалдык-стилистикалык, структуралык-семантикалык жана эмоционалдык-экспрессивдик eзгeчeлYктeргe ээ.
Кытай фразеологизмдеринде айбанаттарга байланыштуу бирдиктер езгече орунду ээлейт. Негизи эле дYЙнeдeгY элдердин кeпчYЛYГYHYн сез байлыгында жаныбарлардан турган сей айкаштары кездешет. Себеби, адам баласы жаралгандан тартып эле жаныбарлар дYЙнeсY менен тыгыз эриш-аркак болуп жашап келген. Натыйжада дYЙнeдeгY тилдердин баарында жаныбарлардан турган мисалдар катышкан. Бул кeрYHYш фразеологизмде анималисттик же зоонимдик бирдик деп аталат.
Анималисттик фразеологиялык бирдик элдик оозеки чыгармачылыкта жана тилдик каражатта кецири тараган кeрYHYштeрдeн болуп саналат. Жаныбарлардын образы бардык тилдерде кездешкени менен бир эле жаныбар ар элде ар башка символду, ал тургай карама-каршы интерпретацияны чагылдырышы мYмкYн. Мындай кeрYHYштeр котормочу YЧYн "тузак" гана болбостон, лингвистикалык кейгей да болуп саналат. Ушундан улам кыргыз жана кытай тилдериндеги жаныбарларга байланышкан фразеологизмдерди изилдее илимий, теориялык жана практикалык кызыгууну туудуруп, актуалдуу болуп саналат.
Ал эми кытай тилиндеги фразеологизмдерди кыргыз тилине которуу жана эки тилдеги жалпылыктарды изилдеген изилдеелер да жок эмес (Урпоева, 2018, б. 115-117; Урпоева, 2022, б. 134-138; Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2023, б. 12-21; Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2023, б. 1-10).
Метод
Адам баласынын жашоосунда YЙ жаныбарлары маанилYY орунду ээлейт. Себеби, YЙ жандыктары адамга азык (эт, сут, май), кийим (жYн, тери), унаа (жецил жана оор жYк ташуу, мингич) катары кызмат кылышат. Адам баласы жаныбарларды колго Yйреткенден тартып, жашоосу YЙ жаныбарлары менен тыгыз байланышта болуп келет. ИзилдеебYЗде кытай тилиндеги YЙ жаныбарларына байланыштуу фразеологизмдерди атайын белYп алып, аны кыргыз тилиндеги фразеологизмдер менен салыштырып караганга аракет кылдык. Анткени, адам баласынын кеп кылымдык тарыхында YЙ жандыктары менен тыгыз жашап, тилдик байлыкта YЙ жандыктарын чагылдырган сез айкаштары, учкул сездер, идиома, фразеологизм жана макал-лакаптар пайда болгон. Албетте, кытай элинин маданиятында кыргыз маданиятына таптакыр караманча-каршы келген символикалык жаныбарлар болушу мYмкYн. Бирок, биздин оюбузча кытай жана кыргыз тилдериндеги YЙ жаныбарларына байланышкан фразеологиялык зоонимдерди салыштырып изилдее кытай элинин маданиятын, дYЙнетаанымын жакындан билYYге ебелге тYзет деп ойлойбуз.
Анализ
^ (mä) жылкыга байланышкан фразеологизмдер
Жылкы кытай элинин маданиятында жогорку мааниге ээ жандыктардан болуп саналат. Азыркы Кытайдын аймагында жылкы баласы мындан 5 миц жыл мурун кытай мамлекетинин тYптелYШYне салым кошкон жаныбарлардан болуп саналат. Кытайларда жылкынын маанисинин жогорулугун Шан династиясы (б.з.ч. 1600-1100 жж.) доорунда каза болгон аскерди аны минген аты менен кошо кемгендYГYнен байкай алабыз. Батыш Чжоу доорунда (б.з.ч. 1100-771 жж.) мамлекеттин кубаттуулугу аскер ат арабалардын саны менен елченген.
Кытайда алгачкы мамлекеттер тYЗYЛYп, чек аранын кецейиши менен кабарлашуу, жук ташуу, соода-сатык мамилелеринин енугушу менен жылкынын мааниси жогорулап, жылкыга болгон урмат-сый арткан. Хань династиясы доорунда (б.з.ч. 206 - б.з. 220 жж.) жана Тан доорунда (618 - 907 жж.) жылкы асыроо Кытайдын тундугундегу турк же монгол тилдуу кечмендердун таасири менен гулдеп енуккен.
Кытайлар жылкыга жогорку маани бергендигин 12 жылдык жаныбарлар календарда жылкынын кездешиши да айгинелеп турат.
Теменде кытай, орус жана кыргыз тилдериндеги жылкыга байланышкан айрым фразеологизмдер менен макал-лакаптарды салыштырып кароого аракеттендик. Андан сырткары кытай тилиндеги жылкыга байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу маселелерине да токтолдук.
1. ^ЦЫШ. (läomä shi tu). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Картац ат карыса да жолду жакшы билет" деп которулуп, "тажрыйбалуу, KenTY керген" деген маанини билдирет. Фразеологизм алгачкы жолу Чуньцю доорундагы ("Жаз жана ^з доору", б.з.ч. 772479 жж.) окуяны эскерген чыгармада эскерилет. Кытай легизминин тYптeeчYлeрYHYн бири, философ Хан Фэйдин «Хан Фэй-цзы» аттуу трактатында (кыт. Ш^^, кырг. СYЙлeшYY токоюнун биринчи бeлYГY) аскер башчы Хуан-гун Шаньчжу аймагына согушка барып, кайра кайтып келе жатканда алардын аскерлери адашып калгандыгы баяндалат. Ошондо Гуан Чжун аттуу аскердин кецеши менен картац эки атты алдыга кое берип, аларды ээрчип ез YЙYн таап барыптыр делет (Корнилов, 2010, 114-б.).
Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "карт бeрY" деген фразеологизмди (Осмонова ж.б., 2001, 256-б.) жана "БeрY карыса да бир койлук алы бар" деген макалды айтууга болот (Пословицы и поговорки кыргызского народа, 1997, 52-б.). Ал эми фразеологизмдин орус тилиндеги варианты "Старый конь борозды не испортит" деген макал (Рыбникова, 1961, 60-б.).
2. Ш^^Ц (zhäobmg mäimä). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "аскерлерге ат сатып алууну буюруу" деп которулуп, алгач "согушка даярдануу" деген маанилерди билдирсе, кийин "кызматкерлерди жумушка алуу" жана "бизнести кецейтуу" деген маанилерди билдире баштаган. Бул фразеологизмдин келип чыгышына Кытайдын тYндYк аймактарында жашаган байыркы хунну, сяньби, кийин байыркы тYрктeр, уйгурлар, карлук жана монгол уруулар менен болгон саясий мамилелер себеп болгондугу шексиз. Кытайларда жогорудагы
фразеологизмге окшош (jTngë tiëmâ) фразеологизми кыргыз тилине сезме-сез
"металл найза, темир ат" деп которулуп, "согуштук аракеттер", "тынымсыз согуш", "согуштук курал-жарактар" деген маанилирди билдирет. Бул фразеологизмдерден байыркы кытай коомунда ат негизинен согуштук аракеттерде колдонулгандыгын байкоого болот.
Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "ат куйругун TYЙYY" деген фразеологизмди айтууга болот. Бул фразеологизм "согушка кирээрге даярдануу", "ат чабышка даярдануу" деген маанилери бар (Юдахин, 1985, 439-б.). Андан сыркары "атка минYY" деген мааниден сыркары "согушка кирYY", "жолго чыгуу" дегенди тYШYндYргeн аттан- сeзY да кездешет. Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине туура келет жана эки тилде тец мингич аттын макал-лакаптарда, фразеологизмдерде колдонулушу эки элдин жалпы географиялык аймакта жана бири-бири менен тыгыз тарыхый мамиледе болгондугунан кабар берет.
3. ШРРШРР (qi lü mi lu). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме сез "Эшегин минип алып эшегин издейт" деп которулат. Бул фразеологизм аркылуу "ацкоо, байкабас" адамды CYрeттeшeт. Бул фразеологизм алгач ирет Сун династиясы доорунда Дао Юань аттуу буддист кечили жазган "Цзин-дэ чуань дэн лу" (Цзин-дэ жылдарында жазылган чыракты берYY жeнYндe баяндар) эмгекте эскерилет. Кийин ушул макалдын негизинде тамашалуу окуяны жазылган. Уламыш боюнча бир дыйкан базардан беш эшек сатып алат. Жолдо бара жатып, аларды санап кeрYYHY чечет. Эшектерин канча санабасын тертее гана чыгат. Мацыроолугу YЧYн eзYн-eзY урушкан дыйкан базарга кайтып келип, сатып алган эшектерин кайра санап чыгат. Санап чыкса эшектин саны туура - беш. Ошондо гана дыйкан жолдо eзY минген эшекти эсептебегенин байкаптыр (Корнилов, 2010, 147).
Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде бир нече эквиваленти кездешет. Алсак, кыргыз тилинде "Минип журген атын издептир" деген макал кытай фразеологизминин формасы жагынан азыраак гана езгечеленген туру болуп, маанисин толугу менен камтыйт. Андан сырткары "Кербес теену да кербейт" деген фразеологизм да кездешип, кытай тилиндегидей эле маанини билдирет (Пословицы и поговорки..., 1997, 106-б.). Кытай жана кыргыз тилдериндеги бул маанини билдирген фразеологизмдерде айбандын аталыштары колдонулат.
Ф (niu) уйга байланышкан фразеологизмдер
Кытай тилиндеги уй жаныбарларына байланышкан фразеологизмдердин ичинен уйга байланышкан фразеологизмдер, идиомалар да езгече орунду ээлейт. Кытайлар уйду кастарлаганын 12 жылдык жаныбарлар календарында уйдун кездешиши айгинелеп турат.
Теменде кытай жана кыргыз тилинде кездешкен уйга байланышкан айрым фразеологизмдер салыштырылып каралды. Андан сырткары кытай тилиндеги уйга байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу маселелерине да токтолдук.
1. ^^ЖШ (läoniu shidu). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "картац уй музоосун жалагандай" деп которулат.1 Бул фразеологизм "ата-эненин мээрими, ата-эне учун бала баарынан кымбат" дегенди билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "Карга баласын "аппагым" дейт, Кирпи баласын "жумшагым" дейт" деген эквиваленти кездешип, жогоруда белгиленгендей эле маанини туюндурат (Юдахин, 1985а, 389-б.). Андан башка кыргыз элинин макал-лакаптарында бул фразеологизмдерге маанилик жактан туура келген "Ар кимдики езуне, ай керунет кезуне" деген туру да кездешет (Пословицы и поговорки.. , 1997, 22-б.). Ал эми орус тилинде кытай фразеологизмине ылайык келген "Своё не мыто, да бело", "Дитя хоть и криво, да отцу с матерью мило" деген макал-лакаптар туура келет (Рыбникова, 1961, 95-б.).
2. (duo ru niu mäo). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Буканын тугундей кеп" деп которулат жана "аябай кеп, кеп сандаган" деген маанини билдирет.2 Кызыгы бул фразеологизм кыргыз тилинде эч езгеруусуз кездешет. Кыргыз тилиндеги "уй тугундей кеп" же "уй тугундей" деген идиома да "аябай кеп, кеп сандаган" деген маанини билдирет (Осмонова ж.б., 2001, 459-б.). Натыйжада кытай жана кыргыз тилдериндеги бул фразеологизм мааниси жагынан да, формасы жагынан бири-бирине толугу менен туура келет.
3. ЙТШФ (päo ding jië niu). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ашпозчу уйдун этин жиликтейт" деп которулуп, "бир ишти жогорку чеберчиликте ездештуруу", "тажрыйбалуу болуу" деген маанилерди билдирет.3 Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "иштин кезун таануу" деген фразеологизмди айтса болот (Осмонова ж.б., 2001, 227-б.). Ал эми кунделук турмушта жогоркудай маанилерди билдирген "жиликтеп сал" деген сез айкашы колдонула берет.
4. ШшУ^Ф (päo ding jië niu). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "кылычын сатып, бука алуу" деп которулат жана "каракчылык кесибин таштап, ез эмгеги
1 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E8%80%81%E7%89%9B%E8%88%90%E7%8A%A2
2 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%A4%9A%E5%A6%82%E7%89%9B%E6%AF%9B
3 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%BA%96%E4%B8%81%E8%A7%A3%E7%89%9B
менен жан баккан тынч жашоону баштоо" деген маанини билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивалентин таба албадык. Бирок, "эсиц кетсе эчки бак, эчки тууйт эки улак" деген санат ырында бул фразеологизмге алыс болсо да маанилик жакындыгы бар тушунукту байкоого болот.
5. ФШ-^À (niu gäo ma dà). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "егуздей кучтуу"
деп которулуп, "кучтуу адам" же "ден-соолугу чыц адам" мааниде колдонулат.4 Кызыгы бул фразеологизм кыргыз тилинде эч езгеруусуз кездешет. Кыргыз тилиндеги "егуздей кучтуу" деген идиома кытай фразеологизминдегидей эле маанини билдирет. Натыйжада кытай жана кыргыз тилдериндеги бул фразеологизм мааниси жагынан да, формасы жагынан бири-бирине толугу менен туура келет.
6. (laoniu poche). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "картац егузду
сынык арабага чегеруу" деп которулуп, "эптеп-септеп иштее" же "арацдан зорго иштее" маанилдеринде колдонулат. 5 Кызыгы бул фразеологизм кыргыз тилинде аз езгерулген турде кездешет. Кыргыз тилинде "егуз елбесун, араба сынбасын" деп иштее" деген фразеологизм кытай тилиндеги фразеологизмдегидей эле маанини билдирет (Осмонова ж.б., 2001, 398-б.). Натыйжада кытай жана кыргыз тилдериндеги бул фразеологизм мааниси жагынан да, формасы жагынан бири-бирине толугу менен туура келет. Бул фразеологизмден кыргыз коомунда да, кытай коомунда да егуздун кара жумушта кецири колдонулгандыгын байкоого болот.
7. ШФШ-^ (fu niu chéng ma). Бул кытай фразеологизми кыргыз тилине сезме-сез:
"Буканы токуп, атка мингендей" деп которулат. Бул фразеологизм "ез ордунда болбоо" же "туура эмес орунду ээлее" деген маанилерди билдирет.6 Кытай тилиндеги бул фразеологизмге кыргыз тилиндеги "Уйга килем жапкандай" фразеологизми бир аз гана езгерулген туру менен айырмаланып, мааниси жагынан толугу менен туура келет деп ойлойбуз (Осмонова ж.б., 2001, 459-б.). Андан сырткары ушул эле мааниде '^йренген адат калабы, уйга жуге салабы?" деген макалдын экинчи белугу да кытай фразеологизми менен маанилеш (Юдахин, 1985а, 272-б.). Натыйжада, кытай жана кыргыз коомунда да уйга ээр токуп, жуген салуу таптакыр эле осол иш катары каралгандыгын байкоого болот.
^ (yang) койго байланышкан фразеологизмдер
Кытай жана кыргыз тилдеринде койго байланышкан фразеологизмдер кеп кездешет. Кытайлар койго жогору маани берип, кастарлаганын 12 жылдык жаныбарлар календарында кой жылынын кездешиши далилдеп турат.
Теменде кытай жана кыргыз тилинде кездешкен койго байланышкан фразеологизмдердеги салыштырып кароого аракеттендик. Андан сырткары кытай тилиндеги койго байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу маселелерине басым жасадык.
4 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%89%9B%E9%AB%98%E9%A9%AC%E5%A4%A7
5 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E8%80%81%E7%89%9B%E7%A0%B4%E8%BD%A6
6 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9C%8D%E7%89%9B%E4%B9%98%E9%A9%AC
1. ^^Afe (shiyângjiûmù). Бул кытай фразеологизми кыргыз тилине сезме-сез: "Он койго тогуз койчу" деп которулат.7 Бул фразеологизм "кеп жетекчилик иштин сапатын кетирет же ашыкча жетекчилик жумуштун сапатына тоскоолдук жаратат" дегенди билдирет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "Койчу кеп болсо кой арам елет" деген мааниси кездешип, кытай тилиндеги фразеологизмден бир аз гана eзгeрYлгeн TYPY менен айырмаланып, мааниси жагынан толугу менен туура келет (Юдахин, 1985а, 64-б.). Андан башка кыргыз элинин макал-лакаптарында бул фразеологизмдерге маанилик жактан туура келген "Кеп суур ийин казбайт, ийин казса да кец казбайт" деген TYPY да кездешет (Кыргыз макал-ылакап, учкул сeздeрY, 2005, 297-б.).
2. t^-^h^ (wâng yâng bu lâo). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "койлор жоголуп кеткенден кийин короону оцдоо" деп которулат.8 Бул фразеологизмдин кытай тилинде эки мааниси бар. Биринчи мааниси '^штен кийин акылына келYY", "акылына кеч кирYY" дегенди билдирет. Экинчиси, "кетирген катадан тажрыйба алуу", "ийгиликтин эрте-кечи жок" деген маанилери бар.
Бул фразологизм дYЙнe элдеринин тилдик корунда кецири кездешет. Алсак, орустарда "лучше поздно, чем никогда" деген макал бар (Рыбникова, 1961, 142-б.). Ал эми кытайлардагы фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "кeсeeнYн акылы тYштeн кийин" же "жоо кеткен соц кылычыцды ташка чап" деген макалдарды айтууга болот (Пословицы и поговорки.., 1997, 107-б.; Юдахин, 1985а, 296-б.).
3. ШШЬ^ (è hüрйyâng). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ач жолборс койго асылгандай" деп которулуп, "аёосуз бат кол салуу" дегенди билдирет.9
Кытайлардагы фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "ат коюу", "кара аламан" жана "кара чабуул" деген тYрлeрYн айтууга болот (Осмонова ж.б., 2001).
Щ (gou) итке байланышкан фразеологизмдер
Ит адам баласы тарабынан колго YЙрeтYлгeн алгачкы жаныбар болуп эсептелет. Окумуштуулардын ою боюнча ит мындай 10 миц жыл мурун колго YЙрeтYЛYп, ошондон бери адам менен эриш аркак жашап келYYДe. Ит адам YЧYн ацчылыкта, YЙДY коргоодо жана мал кайтарууда алмашкыс жандык болуп эсептелет. Ошондуктан дYЙнeнYн кeпчYЛYк элдеринде итке жогорку мамиле кылышкан. Кытайлар итти жогору баалап, кастарлаганын 12 жылдык жаныбарлар календарында иттин кездешиши айгинелеп турат.
Теменде кытай жана кыргыз тилинде кездешкен итке байланышкан фразеологизмдерди салыштырып кароого аракеттендик. Андан сырткары кытай тилиндеги итке байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу маселелерине да токтолдук.
1. Х^Х^ (fèi xing fèi shëng). Кытай тилиндеги бул фразеологизмди кыргыз тилине сезме-сез "Ит ез кeлeкeсYнe YPсe, калган иттер ага кошулуп Yрeт" деп которууга болот. Бул фразеологизм "дарбуу, колдоп-коштоп кетYY, топтук психологияны (орусчада: психология толпы)" тYШYндYрeт. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "Эл дарбыса эшек кошо
7 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%8D%81%E7%BE%8A%E4%B9%9D%E7%89%A7
8 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E4%BA%A1%E7%BE%8A%E8%A1%A5%E7%89%A2
9 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%A5%BF%E8%99%8E%E6%89%91%E7%BE%8A
дарбыйт" деген эквиваленти кездешип, жогоруда белгиленгендей эле маанини туюндурат (Юдахин, 1985а, 185-б.).
2. ХХА^^ (ji quan sheng tiän). Бул фразеологизм кыргыз тилине "Эгер адам даого жете алса, анын короздору жана иттери кошо асманга кетерулет" деп которулуп, "жогору мартабага жеткен адамдын туугандары жана достору да анын ийгилигинен пайдаланып мартабага жетишет" деген маанини билдирет. Уламыштар боюнча Хань династиясы доорунда (б.з.ч. 206 - б.з. 220) Хуайнань дабанынын ханзадасы Лю Ань елбестун уренун издеп, уйун таштап жер кезип кетет. Ханзада емурун дао окуусуна арнап, Чыныгы Даого (чыныгы Жол) жеткенде гана тубелук жашоого болот деп эсептеген. Натыйжада кекте жашаган 8 пир ага муректун суусун беришет. Андан бир аз ичкен ханзада кекке кетерулуп, учуп кетет. Жерге тегулген суунун калдыктарын короодогу тооктор менен иттер ичип, алар да кекке учуп кетишет (Корнилов, 2010, 88-б.).10
Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Куручтун арты менен курмек суу ичет" деген макалды айтууга болот. Бул макал кытай фразеологизминин маанисин толук кандуу ачып бере алат. Бирок, бул макалда жаныбарлар эмес, есумдуктердун аты аталат.
3. ЩЩЩШ (gôuwëi xùdiâo). Бул фразеологизм "Кишке11 иттин куйругун жабыштыруу" деп которулуп, "жакшы башталган иштин аягын булундуруу, ийгиликтуу нерсени бузуу" дегенди туюндурат (Корнилов, 2010, 66-б.). Бул фразеологизм Хань династиясы кулагандан кийин Кытайда кыска меенетке екум сурген "Алты династия" мезгилинде (б.з. 220-589) пайда болгон. Бул мезгилде Кытайда башаламандык екум сурген. Кытай историографиясы бирин-бири удаа-удаа алмаштырган бул мезгилди Yч падышалык доору, Алты династия доору жана Тундук жана Туштук падышалыктар доору деп атайт. Уламыш боюнча Сыма Лунь аттуу аскер башчы б.з. 300-жылы тецкеруш жасап, Цзинь империясын басып алат. Бийликке келгенден кийин езунун жакындарына, ал тургай кулдарына чейин ак сеектук даражаларды ыйгарып жиберет. Даража ыйгарылган адам ырасым боюнча хансарайга мааракеге киштин куйругунан жасалган баш кийим кийип келууге тийиш болгон. Бирок, наам, даража алган адамдын саны кеп болгондуктан киштин териси тацкыс болуп, айрымдар иттин куйругунан баш кийим тиктирип кийууге мажбур болушат. Ошондуктан эл арасында жацы "ак сеектерду" какшыктаган "Киш жетпесе, иттин куйругу деле жарай берет" деген сез пайда болот (Корнилов, 2010, 66-б.). Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып теш тартат" деген макалды айтууга болот (Юдахин, 1985, 261-б.). Белгилуу болгондой кыргыз элинде устукан тартуу маданияты енуккен. Устукандарды тартуу улуу коноктордон башталып, улуу аксакалга жамбаш, кийинки сакалдуу конокторго -жото (чукелуу) жилик, андан кийинкилерине - кашка жилик тартылат. Койдун кол этинен кар жилик - жолдош жигиттерге, далы - аялдарга тартылат. Койдун бышкан башын тартуу кой сойгондуктун белгиси болуп саналат. Аксакалдарга - койдун башы, жамбаш же жото жилик менен кошо берилсе, кудагый, улуу байбичелерге - куймулчак (майлуу куйрук), кыз-
10 Ханзада Лю Ань (б.з.ч. 179-122) Хань династиясынын куруучусу Лю Бандын небереси болуп, ез доорунун билимдуу инсаны болгон. Ал Кытайда музыкант, ойчул, жазуучучулуктан сырткары даосизм оккультизмин жайылткан инсан катары да белгилуу. Анын сарайында алхимиктер жана даос сыйкырчылары кызмат кылышкан. Лю Ань Хань династиясынын эц керунуктуу императору У-Диге каршы кутум уюштуруп, б.з.ч. 122-жылы ага езун-езу елтуруу жазасы берилген. Анын елумуне дао динин тутунгандар ишенбей, ал муректун суусун ичип, кекке учуп кетти деп ишенишкен.
11 Териси баалуу жаныбар
келиндерге - теш тартылат. Натыйжада, "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып теш тартып" деген макалдын кыргыз элинин элдик каада-салттарынан, жeрeлгeлeрYнeн маанисин табууга болот. Жогоруда белгиленгендей кыргыздарда устукан катары тартылбай турган, тартылса уят, же конокту басмырлоо, шылдыцдоо катары каралчу жиликтер бар. Устукан туура эмес тартылса чыр-чатак чыгып, жацжалдын башы болгондугун кYHYбYЗдe деле кeрYп жYрeбYЗ.
Натыйжада кытайлардын "Кишке иттин куйругун жабыштыруу" аттуу (ЩШШШ ) макалы кыргыздын "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып теш тартып" деген макалына толугу менен дал келет.
4. Щ^Щ (göu yäo göu). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ит итти тиштейт" деп которулуп, "ич ара чыр-чатак" деген мааниде колдонулат.12 Кызыгы бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти бир аз гана езгерген тYPдe кездешет. Кыргыз тилиндеги "иттей ыркырашуу" же "ит ыркырак" деген фразеологизм кытай тилиндеги эле маанини билдирет (Осмонова ж.б., 2001, 214-б.). Натыйжада кытай жана кыргыз тилдериндеги бул фразеологизм мааниси жагынан да, формасы жагынан бири-бирине толугу менен туура келет.
® (mao) мышыкка байланышкан фразеологизмдер
Мышык дагы эц байыркы маданияттарда абдан жогору бааланган жаныбарлардан болуп саналат. Байыркы Египетте, Алдыцкы Азия, Месопотамия, Байыркы Индия жана Байыркы Кытайда мышык ыйык жаныбарлардын катарына кирген. Мышыкка болгон мындай жогорку урмат-сыйдын себеби катары жогоруда эскерилген байыркы маданияттардын отурукташкан жана дыйканчылык менен жан баккан элдер болгондугу менен байланыштырууга болот. Мышык адам YЧYн дан толтурулган кампаларды, жана YЙДY ар кандай зыяндуу кемирYYЧY чычкандардан коргоодо алмашкыс жандык болуп эсептелет. Андан сырткары Байыркы Кытайда мышык иероглифи 80 иероглифи менен бирдей жазылган. Кытайларда 8 санын жазган иероглиф "тYбeлYктYYЛYк" иероглифи менен бирдей жазылгандыктан кытайлыктарда мышык узун жашоонун символу катары да белгиленген.
Теменде кытай жана кыргыз тилинде кездешкен мышыкка байланышкан фразеологизмдердеги окшоштуктарды салыштырып кароого аракеттендик. Андан сырткары кытай тилиндеги мышыкка байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу маселелерине да токтолдук.
1. Ш^^Ш (mäo kü läoshü). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Мышык чычканга аза ^ткендей" деп которулат.13 Бул фразеологизмдин мааниси "калп эле боор ооругандай TYP кeрсeтYY", "анткорлонуу" деген эки жYЗДYY мамилелерди туюндурууда колдонулат. Кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Кара эчкиге жан кайгы, Касапчыга мал кайгы" деген макалды айтууга болот (Пословицы и поговорки.., 1997, 90-б.). Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивиленти кытай идиомасын маанилик жактан толук ачып бере албаса да кандайдыр бир децгээлде маанилик жакындыгы бар деп эсептейбиз.
2. & (mäoshü tongchü). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Мышык-чычкан чогуу жашагандай" деп которулуп, "бири-биринин жаман иштерин жаап-жашыруу", "кол
12 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8B%97%E5%92%AC%E7%8B%97
13 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8C%AB%E5%93%AD%E8%80%81%E9%BC%A0
астында иштегендердин кемчиликтерин жаап-жашыруу" деген маанилерди билдирет.14 Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "Карга карганын кезун чокубайт" деген туру кандайдыр децгээлде маанисине жакын деп эсептейбиз (Юдахин, 1985б, 366-б.). Андан сырткары кытай фразеологизминин эквиваленти катары "Сай сайга куят, бай байга куят" деген макалды айтууга болот (Пословицы и поговорки.., 1997, 35-б.).
3. [ИЙИ^ (ämäo ägöu). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "катардагы ит-мышык" деп которулуп, "катардагы ар бир киши, езгечеленбеген киши" деген маанилерде колдонулат.15 Кызыгы бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленттеринде да "ит" сезу катышат. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "Иттин уулу Байгара деле" жана "Иттин кара капталынан" деген эквиваленттери кездешет (Осмонова ж.б., 2001, 214-б.). Кыргыз тилиндеги идиомалар кытай фразеологизминдегидей эле маанини билдирет. Натыйжада кытай жана кыргыз тилдериндеги бул фразеологизм мааниси жагынан да толук дал келсе, формасы жагынан азыраак езгерген турде кездешет.
Корутунду
Жогоруда берилген фразеологизмдер кытай тилинен алынган кептеген мисалдардын аз белугу гана болуп саналат. Белгилуу болгондой фразеологизм бир элдин басып еткен тарыхын, маданиятын, менталитетин, тилдик, этнографиялык езгечелугун ичине камтыйт. Чет тилин уйренген адам эгер фразеологизмдердин маанисин тушунуп, аны практикада колдонсо ал тилди жогорку чеберчиликте уйренду дегенди билдирет. Кытай фразеологизмдерин кыргыз тилинин жардамы аркылуу жаштарга татыктуу тил уйретуу менен гана чектелбестен, алардын Кытайга барып тилди улантуусуна да ебелге тузуп беребиз деп ишенебиз. Башка элдин тилин уйренгенде фразеологизмдерди колдонгон адамды ал тилде суйлеген эл жогору баалары шексиз. Биздин изилдеебузде кытай жана кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин жалпылыктарын таап керсеткенге аракеттендик.
Пайдаланылган адабияттар
1. Аманбек кызы, Н., & Бекмурзаева, А. (2023). "Кытай тилиндеги уй канаттууларына байланышкан фразеологизмдердин кыргыз тилиндеги эквиваленттери". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, 1(1), 12-21. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 2.
2. Аманбек кызы, Н., Бекмурзаева, А., & Эмильбекова, Э. (2023). "Проблемы перевода китайских фразеологизмов, связанных с дикими птицами, на кыргызский язык". Вестник Ошского государственного университета. Филология, (2(2), 1-10. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 2(2) 1
3. Вэнь Дуаньчжэн. (2004). Кытай макал-лакаптарынын толук жыйнагы. Шанхай: Шанхай сездугу басмаканасы.
4. Корнилов, О.А. (2010). Жемчужины китайской фразеологии. Москва.: КДУ.
14 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8C%AB%E9%BC%A0%E5%90%8C%E5%A4%84
15 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%98%BF%E7%8C%AB%E9%98%BF%E7%8B%97
5. Кыргыз макал-ылакаптары, учкул сeздeрY / Жыйнаган М. Ибрагимов. (2005). Карабалта.
6. Ма Гофань. (1959). Идиомалардын кыскача теориясы. Ляонин: Элдик басмакана. (Ц
ШД АйЖШ±).
7. Осмонова, Ж., Конкобаев, К., Жапаров, Ш. (2001). Кыргыз тилинин фразеологиялык свздYгY. Бишкек.: КТМУ.
8. Пословицы и поговорки кыргызского народа: из собрании акад. К.К. Юдахина. / Сост. Д. Давлетбакова. (1997). Бишкек: Илим.
9. Рыбникова, М.А. (1961). Русские пословицы и поговорки. Москва.: Издательство Академии Наук СССР.
10. Урпоева, А.А. (2018). "Кыргыз жана кытай тилдериндеги жаныбарларга байланыштуу фразеологизмдер". Вестник Бишкекского гуманитарного университета, №4(46), 115117.
11. Урпоева, А.А. (2022). "Кыргыз жана кытай тилиндеги зоонимдер катышкан фразеологизмдердин eзгeчeлYктeрY". Вестник международного университета Кыргызстана, №1(45), 134-138. https://doi.org/10.53473/16946324
12. Юдахин, К.К. (1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.1. А-К. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.
13. Юдахин, К.К. (1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.2. Л-Я. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.
Интернеттен алынган маалыматтар
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E8%80%81%E7%89%9B%E8%88%90%E7%8A%A2
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%A4%9A%E5%A6%82%E7%89%9B%E6%AF%9B
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%BA%96%E4%B8%81%E8%A7%A3%E7%89%9B
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%89%9B%E9%AB%98%E9%A9%AC%E5%A4%A7
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E8%80%81%E7%89%9B%E7%A0%B4%E8%BD%A6
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9C%8D%E7%89%9B%E4%B9%98%E9%A9%AC
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%8D%81%E7%BE%8A%E4%B9%9D%E7%89%A7
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E4%BA%A1%E7%BE%8A%E8%A1%A5%E7%89%A2
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%A5%BF%E8%99%8E%E6%89%91%E7%BE%8A
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8B%97%E5%92%AC%E7%8B%97
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8C%AB%E5%93%AD%E8%80%81%E9%BC%A0
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%8C%AB%E9%BC%A0%E5%90%8C%E5%A4%84
https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%98%BF%E7%8C%AB%E9%98%BF%E7%8B%97
(интернеттен алынган маалыматтардын пайдалануу KYHY: 24.02.2023).