Научная статья на тему 'КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ТОКОЙЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРИЗМДЕГИ МААНИСИ'

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ТОКОЙЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРИЗМДЕГИ МААНИСИ Текст научной статьи по специальности «Науки о Земле и смежные экологические науки»

CC BY
7
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
токой ресурстары / туризм индустриясы / туристтик ресурстар / экономикалык натыйжа / экологиялык коопсуздук / экономикалык туруктуулук / “жашыл” экономика / forest resources / tourism industry / tourism resources / economic indicators / environmental safety / economic sustainability / “green” economy

Аннотация научной статьи по наукам о Земле и смежным экологическим наукам, автор научной работы — Абдурашит Гумарович Низамиев, Талай Исраилович Турдиев, Зарина Аматбековна Ташматова

Кыргызстандын территориясында таркалган токой массивдери экологиялык да, туристтик да мааниси бар. Макалада Кыргызстандагы токой ресурстарынын туристтик-рекреациялык сектордун өнүгүүсүнө тийгизген таасири талданды жана токой ресурстарынын туризмди жандандыруудагы чечүүчү ролу менен орду таасын көрсөтүлдү. Азыр Кыргызстанда мамлекет экологиялык маселелерге алгылыктуу көңүл бура албай жатат, себеби, экономикалык жактан күч-кубаты али жетишсиз. Декларациялар менен чектелген мамлекеттик саясат экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерин приоритеттүү мүнөздө карай албай келет. Мына ошондуктан токой чарбасындагы колдонулбай келе жаткан мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурса болот. Токой чарбасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу жолдору аныкталды, туризмдин келечектүү багыттары такталды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

MOUNTAIN FORESTS OF KYRGYZSTAN AND THEIR SIGNIFICANCE IN TOURISM

Forest tracts, common on the territory of Kyrgyzstan, are of both ecological and tourist importance. The article analyzes the impact of the forest resources of Kyrgyzstan on the development of the tourism and recreational sphere and shows the decisive role of forest resources in the revival of tourism. Now in Kyrgyzstan, the state is not able to pay enough attention to environmental issues, because its economic power is still not enough. State policy, limited by declarations, cannot consider environmental safety issues as a priority. Therefore, it is possible to pay attention to unused opportunities in forestry. The ways of increasing the economic potential of forestry have been determined, promising areas of tourism have been clarified.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ТОКОЙЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРИЗМДЕГИ МААНИСИ»

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ХИМИЯ. БИОЛОГИЯ. ГЕОГРАФИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ХИМИЯ. БИОЛОГИЯ. ГЕОГРАФИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. CHEMISTRY. BIOLOGY. GEOGRAPHY

e-ISSN: 1694-8688

№1 (2) /2023

УДК: 910.3

DOI: https://doi.org/10.52754/16948688 2023 1(2) 9 КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ТОКОЙЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРИЗМДЕГИ МААНИСИ

езвекистанда темиржол тарнспортунун eнyгyшyнyн аймактык eзгeчeлyктeрy

regional features of the development of railway transport in uzbekistan

Низамиев Абдурашит Гумарович

Низамиев Абдурашит Гумарович Nizamiev Abdurashit Gumarovich

Ош мамлекеттик университетинин профессору

профессор., Ошский государственный университет Professor., Osh state university

nizamiev@oshsu.kg_

Турдиев Талай Исраилович

Турдиев Талай Исраилович Turdiev Taalai Israilovich

Россия мамлекеттик социалдык унивеситетинин Ош шаарындагы филиалынын директорунун

орун басары,экономика илимдеринин доктору

заместитель директора филиала Российского государственного социалного унивеситета в г.

Ош, доктор экономических наук deputy director of the branch Russian State Social University in Osh, Doctor of Economic Sciences

tis27@mail.ru_

Ташматова Зарина Аматбековна

Ташматова Зарина Аматбековна Tashmatova Zarina Amatbekovna

Б.Сыдыковатындагы Кыргыз -взбек эл аралык университети, Аккредитация жана билим беруу

сапаты департаментинин методисти

методист Департамента аккредитации и качество образования, Кыргызко-узбекский международный университет имени Б.Сыдыкова methodologist of the Department of Accreditation and Quality of Education, Kyrgyz-Uzbek International

University named after B.Sydykov, tashmatova.z@list.ru

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО ТОКОЙЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ТУРИЗМДЕГИ МААНИСИ Аннотация

Кыргызстандын территориясында таркалган токоймассивдериэкологиялык да, туристтик дамааниси бар. Макалада Кыргызстандагы токойресурстарынын туристтик-рекреациялык сектордун внугуусунв тийгизген таасири талданды жана токой ресурстарынын туризмди жандандыруудагы чечуучу ролу менен орду таасын кврсвтулду. Азыр Кыргызстанда мамлекет экологиялык маселелерге алгылыктуу квцул бура албай жатат, себеби, экономикалык жактан куч-кубаты али жетишсиз. Декларациялар менен чектелген мамлекеттик саясат экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерин приоритеттуу мунвздв карай албай келет. Мына ошондуктан токой чарбасындагы колдонулбай кележаткан мумкунчулуктвргв квцул бурса болот. Токой чарбасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу жолдору аныкталды, туризмдин келечектуу багыттары такталды. Ачкыч свздвр: токойресурстары, туризм индустриясы, туристтикресурстар, экономикалык натыйжа, экологиялык коопсуздук, экономикалык туруктуулук, "жашыл"экономика.

Горные леса Кыргызстана и их значение в туризме

Аннотация

Лесные массивы, распространенные на территории Кыргызстана, имеют как экологическое, так и туристическое значение. В статье проанализировано влияние лесных ресурсов Кыргызстана на развитие туристско-рекреационной сферы и показана решающая роль лесных ресурсов в оживлении туризма. Сейчас в Кыргызстане государство не в состоянии уделять достаточно внимания вопросам экологии, потому что его экономической мощи по-прежнему недостаточно. Государственная политика, ограниченная декларациями, не может рассматривать вопросы экологической безопасности в качестве приоритетных. Поэтому можно обратить внимание на неиспользованные возможности в лесном хозяйстве. Определены пути повышения экономического потенциала лесного хозяйства, уточнены перспективные направления туризма.

Ключевые слова: лесные ресурсы, индустрия туризма, туристские ресурсы, экономические показатели, экологическая безопасность, экономическая устойчивость, «зеленая» экономика.

Mountain forests of Kyrgyzstan And their significance in tourism

Abstract

Forest tracts, common on the territory of Kyrgyzstan, are of both ecological and tourist importance. The article analyzes the impact of the forest resources of Kyrgyzstan on the development of the tourism and recreational sphere and shows the decisive role of forest resources in the revival of tourism. Now in Kyrgyzstan, the state is not able to pay enough attention to environmental issues, because its economic power is still not enough. State policy, limited by declarations, cannot consider environmental safety issues as a priority. Therefore, it is possible to pay attention to unused opportunities in forestry. The ways of increasing the economic potential of forestry have been determined, promising areas of tourism have been clarified.

Key words: forest resources, tourism industry, tourism resources, economic indicators, environmental safety, economic sustainability, "green" economy.

Киришуу

Туризм Кыргызстандын чарба структурасында жаны тармак болгонуна карабастан анын улуттук дYЦ продукциядагы YЛYШY жылдан жылга eсYп (эгер ал кeрсeткYч 1999-жылы 2,5% ды тYзсe, 2003-жылы 3,7% га жетти), елке^н социалдык-экономикалык eсYп-eнYГYYCYндeгY салымы газ кeрYнee байкалууда. 2003-жылы туристтик ишмердYYЛYктeгY ДYЦ продукт чыгаруу 6788,6 сомду тYздY. Ал эми ошол эле жылы эл аралык туризмден 64,4 млн. америкалык доллар киреше ала алдык.

Мына ушуга байланыштуу келечекте туризм индустриясы Кыргызстандын эл чарба комплексинде айыл чарбасы, гидроэнергетика, тYстYY металлургия сыяктуу приоритеттYY тармактардын катарына кирерин республикабыздын потенциалдуу табигый-туристтик ресурстары ачык далилдеп турат. Мында, албетте, eлкeбYзДYн табигый кeлдeрY, мeцгYлeрY,

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

жайлоолору, тоо чокулары, дарыялары, минералдык булактары менен катар жергебиздеги тоо токойлорунун мааниси зор экендигине талаш жок.

Изилдее^н материалдары жана усулдары

Тоо токойлорун изилдее жана алардын туризмдеги маанисин ачып кeрсeтYY боюнча илимий материалдар кеп эмес. Бирок ага карабастан Антоненко О.В., Безруких В.А. [1], Куттубаева Т.А. [2], Турдиев Т.И. [3] ж.б. илимий изилдeeлeрYн атап кетYYгe болот.

Изилдее жYргYЗYYДe комплекстYY жалпы илимий жана географиялык усулдарды колдонууга аракет кылдык: монографиялык, аналитикалык, салыштырма-географиялык ж.б.

Натыйжалар жана талкуулар

Кыргызстандын тоо токойлору аянты боюнча салыштырмалуу чектYY болгону менен (жалпы аянты 1292,1 миц га) алар экологиялык-рекреациялык жактан дYЙнeлYк маанидеги токойлор болуп саналат. Бул жерде КМШнын бардык грек токоюнун 56%ы, арча токойлорунун 60%ы, алманын 62%ы, мистенин 34%ы жайгашкан. Мындан тышкары карагай, алча, алмурут, бадам, долоно, чычырканак ендуу дарак-бадалдардын кенири аянттары бар (бардыгы болуп дарактардын 143, бадалдардын 260 TYPY таркалган).

Бирок, мурунку мезгилдерде Кыргызстанда, анын ичинде анын TYшTYк аймагында токойлор мындан да алда канча кеп болгондугун тарыхый булактар далилдейт. Алсак, 1878 -жылы орус академиги А.Ф.Мидлендорф Фергана eрeeнYHYн жаратылышын жана тарыхын изилдеп, «Очерки Ферганской долины» (1882-жылы) деген китеп жазган. Ошол китебинде окумуштуу VIII кылымдын башында арча, грек жацгагы, ак чечек, eрYк, алма, мисте жана бадам токойлору бир гана тоолорду каптабастан, теменку маданий оазистерге чейин жетип тургандыгын белгилеп еткен. Академик Фергана ерее^н курчап турган тоолордогу токойлордун жырткычтык TYPдe жок кылынуусун сындап, аларды сактап калуу учун 18 адамдан турган атайын токой кeзeмeлYH уюштурууну сунуш кылган [4]. БYГYHKY кYHдe токой байлыктарын мицдеген токойчулар коргой алышпай жаткан чакта ошол мезгилде андай чоц аймактын (Фергана eрeeнYHYн) токойлору 18 эле адамдын жоопкерчилигине кантип жYKтeлгeндYГY кызыктуу.

Эгер азыркы мезгилде Батыштын токойлорун «индустрия» дарты чалса, биздин токойлорду «социалдык» дарт каптады десек болот. вткеел учурдагы экономикалык оор кырдаалга байланыштуу токой дарактары жана бадалдары турмуш-тиричилик YЧYH, биринчи кезекте, отун YЧYH аёосуз кыйылууда. вз учурунда кeмYPДYH запасынын кeптYГYнeн "Орто Азиянын кочегарын" наамын алып келген Кыргызстанда калкты кeмYP менен камсыздоо маселесин тез аранын ичинде чечпесе, жакынкы 15-20 жылда кээ бир райондордо (Алай, Чоц-Алай, Кара-Кулжа ж.б.) 70-80% токой массивдери толугу менен жок болушу ыктымал.

Чындыгында взбекстанга салыштарганда тарыхый-маданий эстеликтерге алда канча жарды Кыргызстан чет eлкeлYKтeр YЧYH биринчи кезекте тоолуу елке катары кооз табигый байлыктары менен кызыктуу. Азыркы ^нде Европанын тоо токойлору толук «индустриялаштырылып», аз санда сакталып калган токой тилкелерин асфальт жолдор аралап, электр зымдары менен аркан жолдору кесип есет, ошондой эле ар кандай TYPДYY енер жай жана туризм объектилери жыш жайгашкан. Кыскасы, бул аймакта жогорку киреше алууга умтулуунун натыйжасында тоо токойлору бYT антропогендик пайдаланууга "ылайыкташтырылган". Ошондуктан чет мамлекеттерден келген туристтер YЧYH жергебизде али да болсо алгачкы кeрYHYШYH сактап турган мец^лерге, келдерге, дарыяларга, анан езгече тоо токойлору кызыктуу. Токойлордун ден соолукту чыцдоочу эффектиси ете чоц. Башкача айтканда, токойдо эс алуу нерв системасын нормалдаштырат, жYрeктYH иштешин жакшыртат, дем алууну терецдетет, ке^лду кетерет ж.б. Ошону менен бирге кeпчYЛYK токой дарактары фитонцид болуп чыгаруу касиеттерине байланыштуу алар каптаган аймактар санитардык -гигиеналык жактан эц таза болуп эсептелет.

Тоо токойлорунун рекреациялык гана эмес, экологиялык мааниси бар. Алар негизинен тоо капталдарында жайгашкандыктан сууну женге салуу, топуракты сактоо жана селге каршы

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

кызматтарды аткарышат. Атмосфералык жаан-чачындардан пайда болгон жер YстYндeгY суу агымын кыртыш алдына eткeрYY менен топурактын жуулушун жана сел кубулушун басандатып турушат. Акыркы жылдардагы болуп жаткан жер кeчкYлeрдYн, селдердин башкы себептеринин бири тоо токойлорунун жок болушу менен гана байланыштуу. Алар жылда республикабыздын казынасы YЧYн миллиондогон сом чыгымдарды алып келYYДe. Демек, токой дарактарын eнeр жайлык кайра иштетYYДeн да табигый eсYп тургандагы абалы экономикалык жактан алда канча пайдалуу жана келечектYY.

Албетте, бYГYнкY кYндe республикада токойлорду коргоо жана кeбeйтYY максатында бир кыйла аракетттер болууда. Азыркы мезгилде токой секторун реформалоо, токой чарбасын башкаруу жолдорун иштеп чыгуу, eндYPYштYк ишмердикти менчик секторго eткeрYп берYY, токой чарбасын жамаат болуп жYргYЗYY жана токой жаатында илимий изилдeeлeрдY иш-аракеттери жYргYЗYЛYп келе жатат. Республиканын бардык жер-жерлеринде жашылдандыруу жана токойлорду калыбына келтируу чаралары кецири жайылтылып, эрозиялык капталдарды, автомобиль жолдорунун бойлорун, сугат каналдарынын жээктерин, кeчe бойлорун кeрктeндYPYY жYPYп жатат. Бирок, белгилей кетYYЧY жагдай, кeп жерлерде отургузулган кeчeттeрдYн eнYмдYYЛYГY 30-40% ды тYзбeсe, айрыкча шаар кeчeлeрYндe 10-15%ды арац тYзeт. Кeчeттeр отургузулган соц андан ары аларга жеткиликтуу га^л бурулбай калууда.

Биздин токойлорду экономикалык максатта пайдаланууда туризм тармагы гана сактап калышы мYмкYн, себеби, анын токой ресурстарын "визуалдык" (дээрлик кол тийгизбей) гана пайдаланып, киреше алууга мYмкYнЧYЛYГY бар.

Мындан ары тоо токойлору - улуттук туризмдин баалуу предмети катары илимий негизде корголууга, аймактык жана тYрдYк жактан кенейтилYYгe тийиш.

Акыркы изилдeeлeргe ылайык, климаттык eзгeрYYлeргe эц чоц таасир кeрсeтYYЧY фактор - бул токойлор экендиги аныкталды. Жаан-чачын режимин сактап калуучу жана жаан-чачынды чакыруучу фактор токойлордун массиви экендиги так байкалып калды. Мына ушул жагынан алып караганда токой ресурстарын калыбына келтируу стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгилеп кетиш керек. Бал жагдай Кыргызстан учYн айтып болгус даражада маанилуу. Анткени, жыл сайын мeцгYлeр Кыргызстандын тоолорунда 1% га азайып барууда. Мындай динамиканын сакталышы абдан коркунучтуу чакырык.

Аймактардагы географиялык абалдын начарлашы, мeцгYлeрдYн деградациясынан улам Кыргызстандын туристтик ресурстарынын экономикалык баалуулугун азайтат да, eлкeнYн туристтик-географиялык потенциалын начарлатат. Демек, токойлорду отургузуу жана жашылдандыруу - бул Кыргызстандын глобалдык климаттык eзгeруулeргe каршы кYрeшуугe кошкон олуттуу жардамы болот жана туристтик потенциалды сактап калууга багытталган аймактык стратегия болуп кызмат кылат. Мындай аракеттер локалдуу аракет болгону менен "тышкы карыздын ордуна экологиялык иш-чара" деп аталган бYткYЛ дYЙнeлYк программанын алкагында Кыргызстандын тышкы карызын азайтуунун келечектуу жолу болуп кетиши толук ыктымал.

Азыр Кыргызстанда мамлекет экологиялык маселелерге алгылыктуу кeцYЛ бура албай жатат, себеби, экономикалык жактан куч-кубаты али жетишсиз. Декларациялар менен чектелген мамлекеттик саясат экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерин приоритеттуу мYнeздe карай албай келет. Негизги га^л социалдык жана экономикалык кeйгeйлeргe бурулган чакта табиятты сактап калуу муктаждыктарына жеткиликтуу колдоо кeрсeтYлбeйт. Мына ошондуктан токой чарбасындагы колдонулбай келе жаткан мYмкYнЧYЛYктeргe га^л бурса болот.

Биздин оюбуз боюнча, реалдуу мYмкYнЧYЛYктeр тeмeнкYлeр.

Биринчиден, зор потенциал балчылык менен байланыштуу, себеби токой зонасы балчылык учYн мыкты табигый база болуп кетет. Азыркы кезде балчылыктын потенциалы толук пайдаланылбай жатат: жыл сайын болгону 2-3 миц т гана бал жыйналып алынууда.

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

Советтик доордо Кыргызстанда жылына 12-14 миц т ден соолукка езгече пайдасы бар тоо балы eндYPYЛЧY. Бал eндYPYY жагынан Кыргызстан Союзда 3-орунда турчу (Литва менен Молдавиядан кийин). Бал eндYPYY кубаттуулугу кeрсeткYЧY боюнча Кыргызстан алдыцкы орундарды ээлеп турат (бир YЙ-бYлe ячейкасынан 30кг). Демек, балчылыкты жандандырууда чоц мYмKYHЧYЛYKтeр бар экендиги талашсыз: 12-15 миц адамга жумушчу орундары TYЗYЛYШY толук MYMKYH. Мындай социалдык эффект биздин тоолуу аймактар YЧYH зор жетишкендик болоор эле. Ошол эле мезгилде балчылыктын туруктуу eнYГYШY чацдаштыруунун оц таасиринен улам аймактардын флорасын жакшыртат жана туристтик-рекреациялык ресурстардын сапатын жогорулатат.

Экинчиден, Кыргызстанда токой продукциясын кайра ендуруу тармагында ири потенциал ишке ашпай жатат. Бул жерде маанилуу жагдай - бул Кыргызстандын аймактарынын экологиялык тазалыгы. Экологиялык таза токой продукциясы ДYЙнeлYK рынокто сeзсYЗ ез керектeeчYCYH табат. Маркетингдин акыркы жетишкендиктерине таянган маркетинг кызматтарынын натыйжалуу YЛГYлeрY азыркы санариптик доордо тез тарап жатат. Маркетинг аракеттерин санариптик негизде жур^зуу келечектуу. Себеби, адистердин айтуусу боюнча, 2030-жылдарда сооданын 85%ы интернет чeйрeсYHдe болот. Демек, электрондук сооданы пайдалануу менен токой продукциясына болгон туруктуу талапты TYЗсe болот. Мындай талапка жооп иретинде токой продукциясын кайра иштетуу, даяр жана чийки продукциянын тез таратып жеткируучY ишканалар ыкчам eнYГYШY MYMKYH. Мында мамлекет тарабынан салыктык жецилдиктерди киргизиши натыйжалуу чара болот. Кайра иштетуу тармактары туруктуу жанданса, агротуризмди eнYKтуруу учYH ебелге TYЗYлeт. Баса, Кыргызстанда карагай, алча, алмурут, бадам, долоно, чычырканак eцдуу дарак-бадалдардын кецири аянттарынан жана буга кошумча башка жапайы токой массивтеринен жылына 600700 миц т дарылык сырье eндурYп алууга болот.

YчYHЧYдeн, токой ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана токой массивтерин кецейтуу "жашыл" экономика принциптерин жайылтуунун негизинде экономикалык eсYШкe жетишуунYH келечектуу жолу экендигин баса белгилеп кетуугe толук негиз бар. Себеби, еткен кылымда эле Кыргызстандын токойлорунун 50% кыркылып кеткен. Мына ушул жагдайды эске алганда Кыргызстандын аймактарында жацгак плантацияларын отургузуу мыкты натыйжаларды бериши MYMKYH. ЧYЙ, Фергана, Талас жана Ысык-Кел eрeeндeрYHYH адыр-тоо этектеринде жацгак дарактарын отургузууга кыртыштык-климаттык шарттар бар. Ушул аймактарда жацгак плантацияларын ачуу экономикалык жактан да натыйжалуу болот, анткени пайдасы аз жайыттардын ордуна ландшафты дурус токойлор пайда болуп, агротуризм менен экотуризмди да eнYKTYPYп кетуугe шарт жаралат.

Жацгак 250-300 жыл есет жана бул жагдай жацгак плантацияларын отургузууга багытталган инвестицияларды тартууга MYMKYHЧYЛYK берет. Ошол эле мезгилде жацгак кeчeттeрY салыштырмалуу бат eсYп, кыска убакытта эле TYШYM бере баштайт (2-3 жыл). Бул жерде плантацияларга салынган инвестицияларды eзYH-eзY актоо мeeнeтY сыяктуу кeрсeткучтeрдYH эле негизинде баалабай, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, кооздукка шайкеш визуалдык байкоого, келечектеги жацы eцYTтeргe негиз ачуу сыяктуу критерийлерге таянып, масштабдуу жана комплекстуу баалап караш керек. Адыр боорлорунун TYЗ болбой, "eйдeлYш" болгондугу бул жерде конкуренттик артыкчылыкты камсыздайт, себеби, жацгак жыгачтарына рельефтик TYЗ эместик жагымдуу шарт болуп кызмат аткарат.

Жацгак плантациялары абдан рентабелдуу: 1 га жацгак токойлору бир жылда 10 т дан ашык продукция берет жана бул продукциянын баасы 20 000 доллардын тегерегинде болот. Дагы бир мыкты жагдай: жацгак продукциясы баалуу азык болот да, ушул нерсе Кыргызстандын азык-TYЛYK коопсуздугуна оц таасирин тийгизээри бышык [5]. Ошол эле мезгилде кыртышты бекемдеген жацгак токойлорунда биологиялык кеп TYрдуулYK орноп, фауна менен флора дагы жанданат. Ал эми мындай жандануу, экологиялык туризмден сырткары, ацчылык туризмин eнYKTYруугe да ез салымын кошот.

ТeртYHЧYдeн, азыркы кезде Кыргызстанда тоо токойлорун жергиликтуу калк отунга деп кыйып салууда. Токойлордун азайышы туризмдин туруктуу eнYГYШYнe да терс кедергисин

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

тийгизбей койбойт. Демек, ушул кeйгeйдY чечуу жолдорун издеш керек. Мында америкалык окумуштуулардын изилдee тажрыйбасына кeцYЛ бурсак болот. Алардын пикири боюнча, отунга болгон муктаждыкты дарактардын тез eскeн тYрлeрYн (биринчи кезекте ольха жана платан дарактары) плантация кылып отургузуп чечсе болот. 125 чарчы км аянтта eскeн ольха же платан 80 000 адам жашаган шаардын бардык энергетикалык муктаждыктарын канааттандыра алат. Кыйылган участоктордо 2-4 жылдан кийин кыйууга жараган жыгачтар кайра eсYп чыгат. Окумуштуулардын эсеби боюнча, АКШнын территориясынын 3%ын "энергетикалык плантацияларга" айлантса, анда мамлекеттин (дYЙнодeгY эц кeп энергияны пайлананган eлкeлeрдYн биринин) бардык энергетикалык муктаждыктарын ошол жыйналып алынган отун менен толук камсыздаса болот [6].

Кыргызстанда 1990-жылдары Советтер Союзу ыдырап, республикалардагы жогорку бийликке жергиликтуу азаматтар келгенде башкаруу элиталары чет элдик рынок идеологиясын тараткан либералдарды пир тутуп, алардын айткан кеп-кецешин толук аткарып турушкан. Колхоз-совхоз системасын тез убакыт аралыгында бузуп салган реформаторлор тYпкYPYндe сабаты жетишсиз, рынокту начар тYШYнгeн адамдар болгон. Дал ушундай мамиле Кыргызстандын кeмYр казып алуу секторун бYЛГYнгe учураткан. КeмYскe экономика менен чырмалышып жатып калган "кeмурчYлeр" калктын калыц катмарын кeмYр менен алгылыктуу камсыз кыла албай жаткан шартта диверсификация стратегиясына таянып аймактарда "отун плантацияларын" негиздee экономикалык коопсуздукка жетишуу талаптарына толук жооп берет.

Кыргызстандын калкынын 67%ы айыл жерлерде жашашат, демек, энергетикалык муктаждыктын "улуттук структурасы" отунду пайдаланууга ыцгайлашкан. Мына ошондуктан аймактарда "отун плантацияларын" отургузуу жакшы натыйжаларды берет. Кайра эле "отун плантациялары" аймактардагы туристтик ресурстарды бекемдеп, аймактын экологиялык туруктуулугуна кeмeк кeрсeтeт. Кыргызстандагы "отун плантацияларынын" жер-жерлерде ийгиликтуу YЛГYлeрYHYн eзY агротуризм учYн туристтик объект болуп кызмат аткара алат.

Жергиликтуу калк рынок шарттарында туристтик ресурстарды рационалдуу пайдалана албай жатат. Бул абал жер-жерлерде ишке ашкан туристтик процесстерге катышкан кадрлардын даяр эместигинен, керектуу тажрыйбанын жетишисиздигинен кабар берип турат. Туристтердин коопсуздугун камсыздоодо да бир топ маселелер ийгиликтуу чечилген эмес. Жаз-жайда болсо коцшу мамлекеттер атаандаштыктын кучYнe багынып, терс рекламалык мааниси бар маалыматтарды жылда таратып жиберишет. Бирок кантсе да мамлекет менен коом туризмдин маанилуу тармак экендигин толук ацдап турат: 2001-жыл Кыргызстанда туризмди eнYктYруу жылы деп жарыяланган.

Кыргызстан биринчи болуп ДYЙнeлYк кeчмeн оюндарын негиздеп, уюштура алды жана бул инновациялык идея коцшу eлкeлeрдe суктануу сезимдерин ойготту. Бул факт Кыргызстан элдеринин чыгармачыл талантынан кабар берет, лидерлик жeндeмYH тастыктап турат. Бирок бул алдыцкы жетишкендиктерди сактап калуу учYH глобалдык атаандаштык кучeгeн кезде кыргыз турфирмалары алдыцкы менеджмент менен маркетинг тажрыйбасын ыкчам eздeштурYп, туризмдин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, инновациялык жана санариптик технологияларды натыйжалуу пайдаланышы керек. Тарыхый, географиялык жана социалдык-экономикалык шарттарга жараша Кыргызстандын туристтик ресурстары кeбYраак "табият менен байланышкан" артыкчылыгын дацазалоо турат. Ошол эле мезгилде, мисалы, коцшу взбекстан тарыхый-архитектуралык мYнeздeгY туристтик ресурстарды пайдаланууга басым жасайт. Экономикалык натыйжалуулук принциптерине ылайык, ар бир eлкe колдо бар ыцгайлуу ресурстарды толук жана ийкемдуу пайдаланышы керек. Айталы, экстремалдык туризмдин келечеги кец тYPY болгон - космостук туризмди Россия же АКШ гана реалдуу негизде дYЙнeлYк рынокко сунуш кыла алат.

Корутунду

Жалпылатып айтканда, тоо токойлорун калыбына келтируу Кыргызстандын туристтик-рекреациялык ресурстарына оц таасирин тийгизет. Азыркы кYHдeрдe урбанисттик процесстер кучeп жаткан жагдайда экстремалдык туристтердин саны eсуудe, себеби,

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География. №1 (2)/2023

ынгайлуу жашоо шарттарында ээликкендиктен ез жашоосун жандандырган окуяларга кызыккан адамдардын саны кескин кeбeйдY. Экстремалдык туристтик ресурстар Кыргызстанда арбын: ацчылык туризми, кышкы туризм, тоо дарыяларында каяктар менен агып TYшуу, тоо шарттарындагы велотуризм, спелеотуризм, альпинизм ж.б. Бирок экстремалдык туризм биздин аймакта тоо токойлорунун абалынан кез каранды, ошол эле мезгилде экотуризм тоо токойлору менен TYЗ байланышта, анткени, тоо шарттарында токой системасы экологиялык бYTYHДYKTYH eзeгYH TYзeт. Демек, тоо токойлорунун туризмдеги ролу жана орду чечуYЧY мааниге ээ.

Дал ушул экстремалдык туризмди eнYKTYруу туристтик-рекреациялык тармактын потенциалын кеп тараптан бекемдеп, туризмди негизги секторго айлантат. Себеби, экстремалдык туризмдин TYрлeрYH жандандыруу менен Кыргызстандагы туризмдин сезондук MYнeзY жараткан терс маселелерди оц жагына чечсе болот. Мисалы, Ысык-Келде жана башка жайларда салттуу туризм жайында гана алгылыктуу иштеп, жергиликтуу эл бааны кескин кeтeрYп жиберет. Туризмге TYЗ жана кыйыр тиешеси бар баалардын жогорулашы бир топ туристтерди Кыргызстанга келуудeн качырып, аларды атаандаш коцшу елкелерге "туртeт". Демек, туризмдин кышкы турлeрY менен кошо экстремалдык туризмдин TYрлeрYH комплекстуу негизде уюштуруу - мезгилдин актуалдуу талабы.

Тоолуу Кыргызстанда тоо токойлорун сактап, алардын сапатын жакшыртып, токой массивтеринин аянттарын кецейтип баруу менен гана туризмди туруктуу негизде eнYKTYруугe болот.

Адабияттар

1.Безруких В.А., Антоненко О.В., Костренко О.В. и др. Горно-таежные леса Восточного Саяна как потенциал природно-ориентированного туризма (в пределах Красноярского края) // Хвойные бореальной зоны, XXXVII, № 5 - 6, 2016. -С. 266-269. 2.Куттубаева Т.А. Особенности организации и развития туристско-рекреационной деятельности на горных территориях //Стратегия устойчивого развития регионов России. -С. 127-133.

3.Турдиев Т.И. Горные леса как региональный фактор устойчивого эколого-экономического развития Кыргызстана //Региональная экономика: теория и практика. -С. 5663.

4.Чичикин Ю.Н. Единственные в мире. - Фрунзе: Кыргызстан, 1974. 10-б.

5.Турдиев Т.И. Отраслевые резервы Киргизии в свете реализации "зеленых" проектов // Материалы VII международной научно-практической конференции «Современные проблемы управления проектами в инновационно-строительной сфере и природопользовании», посвящённой 110 - летию РЭУ имени Г.В. Плеханова, 12-16 апреля 2017г. Москва. - С. 163-168. (орус тилинде)

6.Гаврилов В. Много ли в мире углеводородов // Наука и жизнь. - 1982. - №3. - С. 66-70. (орус тилинде)

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.