Научная статья на тему 'КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН АБАЛЫ'

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН АБАЛЫ Текст научной статьи по специальности «Психологические науки»

CC BY
6
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ички миграция / тышкы миграция / мигранттардын балдары / мигранттардын балдарынын көйгөйлөрү / жумушсуздук / сот адилеттүүлүгү / зордукзомбулукка кабылуу / internal migration / external migration / children of migrants / problems of children of migrants / unemployment / judicial justice / exposure to violence

Аннотация научной статьи по психологическим наукам, автор научной работы — Жаннат Имарбекова, Адылбек Батыралиев

Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечилбей келаткан маселелер бир эсе айылдан шаарга агылган, бир эсе өлкөдөн тышка агылган миграциянын чоң агымдарын пайда кылды. Экөө тең кыргыз эли үчүн эң баалуу институт болгон үй-бүлөнүн туруктуулугуна жана бакубат жашоосуна мурда болуп көрбөгөндөй таасир тийгизүүдө. Илимий макаланын негизги бөлүгү Кыргызстандагы ички жана тышкы миграциянын абалын чагылдыруу менен бирге мигранттардын балдарынын тагдырын педагогикалык өңүттө изилдөөгө багыт алат. Учурдагы зээн кейиткен окуялар,өз укугун коргой албаган, мигранттардын балдарынын айланасында болгондуктан, алардын көйгөйлөрүн чечүү заманбап маселелердин негизгилеринин бири экендигин көрсөткүбүз келди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

SITUATION OF MIGRANTS' CHILDREN IN KYRGYZSTAN

Problems that have not been resolved since Kyrgyzstan gained independence have caused large migration flows, sometimes flowing from villages to cities, sometimes outside the country. Both have an unprecedented impact on the stability and well-being of the family, which is the most valuable institution for the Kyrgyz people. The main part of the scientific article is aimed at identifying the problems of internal and external migration, as well as a pedagogical study of the fate of migrant children. We want to show that solving the problems of migrant children is one of the main tasks of our time, because today's dramatic events mainly refer to them.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН АБАЛЫ»

ПСИХОЛОГИЯ

УДК 314.7 (575.2) (04) КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫНЫН АБАЛЫ

Имарбекова Жаннат Буркутовна, магистрант Батыралиев Адылбек, п.и.к., доцент Batiraliev55@mail.ru Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан

Аннотация. Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечилбей келаткан маселелер бир эсе айылдан шаарга агылган, бир эсе влквдвн тышка агылган миграциянын чоц агымдарын пайда кылды. Эквв тец кыргыз эли YЧYн эц баалуу институт болгон Yй-бYлвнYн туруктуулугуна жана бакубат жашоосуна мурда болуп кврбвгвндвй таасир тийгизYYдв. Илимий макаланын негизги бвлYгY Кыргызстандагы ички жана тышкы миграциянын абалын чагылдыруу менен бирге мигранттардын балдарынын тагдырын педагогикалык вЦYттв изилдввгв багыт алат. Учурдагы зээн кейиткен окуялар,вз укугун коргой албаган, мигранттардын балдарынын айланасында болгондуктан, алардын квйгвйлврYн чечYY заманбап маселелердин негизгилеринин бири экендигин кврсвткYбYЗ келди. ТYйYндYY свздвр: ички миграция, тышкы миграция, мигранттардын балдары, мигранттардын балдарынын квйгвйлврY, жумушсуздук, сот адилеттYYЛYгY, зордук-зомбулукка кабылуу.

ПОЛОЖЕНИЕ ДЕТЕЙ МИГРАНТОВ В КЫРГЫЗСТАНЕ

Имарбекова Жаннат Буркутовна, магистрант Батыралиев Адылбек, к.п,н., доцент Batiraliev55@mail.ru Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан

Аннотация: Проблемы, которые не были решены с момента обретения Кыргызстаном независимости, вызвали большие потоки миграции, иногда перетекающие из сел в города, иногда за пределы страны. Оба они оказывают беспрецедентное влияние на стабильность и благополучие семьи, которая является самым ценным институтом для кыргызов. Основная часть научной статьи направлена на выявление проблем внутренней и внешней миграции, а также педагогическое исследование судеб детей мигрантов. Мы хотим показать, что решение проблем детей мигрантов - одна из главных задач нашего времени, потому что сегодняшние драматические события в основном относятся к ним.

Ключевые слова: внутренняя миграция, внешняя миграция, дети мигрантов, проблемы детей мигрантов, безработица, судебная юстиция, подверженность насилию.

SITUATION OF MIGRANTS' CHILDREN IN KYRGYZSTAN

Imarbekova Zhannat Burkutovna, undergraduate Batyraliev Adylbek, Ph.D., Associate Professor

Batiraliev55@mail.ru Osh State University, Osh, Kyrgyzstan

Abstract: Problems that have not been resolved since Kyrgyzstan gained independence have caused large migration flows, sometimes flowing from villages to cities, sometimes outside the country. Both have an unprecedented impact on the stability and well-being of the family, which is the most valuable institution for the Kyrgyz people. The main part of the scientific article is aimed at identifying the problems of internal and external migration, as well as a pedagogical study of the fate of migrant children. We want to show that solving the problems of migrant children is one of the main tasks of our time, because today's dramatic events mainly refer to them. Key words: internal migration, external migration, children of migrants, problems of children of migrants, unemployment, judicial justice, exposure to violence.

КиришYY• Чындыгында, мамлекеттин эц башкы ресурсу - эл эмеспи. Алгач ички миграцияга токтоло турган болсок, бир миллионго жакын адам ички мигранттар катары жашайт. Алардын ^6y негизинен Ош менен Бишкекке элет жеринен ^4Yn келгендер болуп эсептелет. "Ички мигранттардын балдары кечеде жYргeн балдардын болжол менен 80%ын тYзeт [3]. Бирок миграциянын бул тYPY YЙ-бYлeнYн финансылык абалына, жацы жерде аралашып жашап кетишине байланыштуу бир катар тYЙшYктeрдY пайда кылса да, анын бирдиктYYЛYГYнe анча таасир этпейт.

Ал эми тышкы миграцияга жана мамлекеттин абалына кeцYЛ бурсак, y^ бYлe институтуна кeбYнчe тышкы миграция абдан оор таасир этYYДe. вз eлкeсYндe e3Y каалагандай жашоосуна шарт тYзe албай, социалдык муктаждыктарын канааттандыра албай тышка агылып жаткан мигранттар арбын. Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдагы маалыматына ылайык, "Орусияда 640 миц, Казакстанда 35 миц, ТYркияда 30 миц, АКШда 15 миц, Италияда 5,5 миц, Кореяда 5 миц, Германияда 5 миц, БАЭде 3 миц, Улуу Британияда 2 мицге жакын мекендешибиз эмгектенип жYрeт" [1]. Дээрлик ар бир YЧYнчY YЙ-бYлeнYн мYчeсY тышкы миграцияда.

Материалды изилдее методдору. Тышкы мигранттардын жана алардын балдарынын жагдайын карасак, тилекке каршы, булардын ичинен эц аярлуу катмар - балдар болуп калды. КeбYнесе туугандарыныкына, тааныш-билиштериникине же интернатка ташталган мигранттардын балдары 200 мицден ашык. Чоц ата, чоц энелерине калтырылган ^нде деле жашы жетип калган кишилер алардын баарын ойдогудай тартипте караганга, тиешелYY децгээлде коргогонго алы жетпейт. "2018-2021-жылдары 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет елкеде жашачу. Эмгек, миграция жана социалдык eнYГYY министрлигинин маалыматтарына ылайык, текшерYYгe алынган 192 миц YЙ-бYлeнYн ичинен 72 мин бала кароосуз калтырылган" [3].

Ошондой эле, кээде ата-энеден артык шарт тYЗYп, "СОУГО-19 пандемиясы аргасын тYгeтYп турган учурда (ата-энеси ажырашып, 10 жаштагы баланы таштап, тышкы мигрант болуп кеткенине байланыштуу башынан кeп кыйынчылык eткeргeн) 15-жаштагы келечекте ашпозчу болгусу келген Айбек eцдYY балдарга онлайн окуусу YЧYн телевизор алып берип, психолог кызматын кeргeзYп жатышкан Кыргызстандагы БУУнун балдар фондунда иштеген жарандардын ролу да жогору" [6].

Жыйынтыктар жана талкуулар. 0з ата-энесинин бYГYнкY техниканын eсYп-eнYккeн шартында тез-тез байланышка чыгып, кабар алып, сырдашып, жакшы кeрeрлYГYн айтып туруусу да eтe маанилуу маселелерден экендиги талашсыз. Ошону менен бирге, экинчи ата-энеси болуп эсептелген -мугалимдер жамааты, анын ичинен: мектеп мYДYPY, тарбия иштер боюнча завуч, социалдык педагог, психолог, класс жетекчи жана башкалар. Булардын да эгер eз иштерине кайдыгер карашпаса орду абдан зор. Бирок тилекке каршы, Кыргызстандагы №2 eцдYY кээ бир мектептерде булардын бири болсо бири жок. Маянасына карабай патриоттуулук менен eз ишин туура аткарып жаткандар да аз. Андыктан мындай маселени чечYYДe мамлекеттик атка минерлер да тышта калбоосу абзел.

Миграцияга кетип жаткандар балдарын атайын интернатка таштайын десе ата-энеси экee тец бар. Ата-энеси акча жиберип, бирок аларга сарпталбаган учурлар кeп. Андан сырткары тышка чыгаарда сeзсYЗ бирeeнY камкорчу кылып баласын тапшырып кетиш керек. "Кыргызстанда eкмeттYн токтому менен мигранттардын балдарынын баарын каттоого ала башташты. 0ткeн жылдын декабрында эле ата-энеси чет eлкeдe жYргeн 79 миц бала катталган. ЮНИСЕФ атайын форманы иштеп чыгууну баштады. Баштапкы

этаптарда муну ез эрки менен кылуу каралган. Экинчи кадам - жергиликтуу бийлик жана мектептер менен иш алып баруу. Алар ата-энелерине байланышып, баласын биреенYн асыроосуна берYYге жардамдашуусу керек.

Эгерде каршы болсо, сот аркылуу милдеттендирYY жагы да каралган" [4]. Калктын зордук-зомбулукка кабылуу коркунучу жогору эц аярлуу катмары да ез укугун коргой албаган кичинекей балдар болуп турат. Сот системасынын, сот адилеттYYЛYГYHYн абалын эске алганда, кылмыштардын ете эле кеп белYГY жазасыз калып, анын ичинен балдарга карата жасалган кылмыштарда алардын коргоочусу жок калып жатат. Кептегеген факторлордон (аны менен катар жакырчылыктан) улам эксплуатациялоого жана катаал мамилеге кабылып келишет [3]. Ата-энеси узак убакытка таштап кеткен балдар - коркунуч алдындагы топ катары саналат. Себеби алардын кепчYЛYГY каралбайт, моралдык, физикалык жактан ыдык керет, укуктары тебеленет. Андай муундун бир белYГY эмитен эле жашы жетилип, коомчулуктун маргиналдашкан белYГYне айланды. Мындай психологиялык соккуга кабылган балдар менен иштее да кыйын. Yйде алсыз, кордолуп, зордук-зомбулукка кабылып есYп жаткандыгына байланыштуу мектепке келгенде кYЧYн башкалардан чыгарат. Окууга деген кызыгуусу жоголот. Ушул катмардын ар кандай кылмыштуулукка баруу керсеткYЧY эц жогорку децгээлде.

«Жаштар - биздин келечек» деп кеп айтабыз. Бирок бели ката элек балдарга табигый шык-жендемYне ылайык билим менен бутуна тургудай инвестиция кылуунун, уул-кызынын кесипти туура тандоосуна тYрткY болуунун ордуна, балалыгынан тез ажыраткан, оор жумуштарды жасатып, ден соолугунан ажыраткан, жаш кыздарды чет жактарга бала багууга, улгайган карыларды кароого женеткен жагдайлар да кеп эле кездешууде. Эркек баланын, кыз баланын тарбиясына ата-бабаларыбыз сыяктуу олуттуу мамиле кылып, убакыттыеткербей, туура калыпка, багытка салып таалим-тарбия бербесек, ээн калганда тарбиячы болуп жаткан - эленбеген массалык маалымат каражаттарынан: туура эмес тартылган мультфильмдерден, интернет оюндарынан, кино тасмалардын да ак карасын ажыратууга кеземел кылуучу ата-энеси жанында болбой, жанындагысы ата-энесиндей кYЙYмдYY, милдетYY болбой жыйынтыгында суицид, эрте кош бойлуулук, бузулган психология, кайрымсыз муун - мына ушунун баары миграциянын кесепети.

Тарыхка кез чаптырсак согуш, ачарчылык мезгилдеринде да кыргыз элинин пейили бексербей, ыйман-уяты жукарбай меймандостугун сактап,

патриоттулугун, адамгечилигин Kepre3Yn жашап келишкен. Ал эми учурда "кедей байга, бай кудайга жетсем" деген динамикалуу жашоо eKYM CYргeндeй. Бакыт - акча, алтын менен, материалдык байлык менен ченелип калган сыяктуу. "Кулча иштесен, байча жашайсын" деп балдарына кeп кeнYл бeлe албай калган ата-энелер кээде кeбYрeeк акча карматуу менен e3 кемчиликтерин жапкысы келет. Мындай учурларда акчаны e3 таман акы, мандай тери менен таппаган, тыйынды туура жумшоону билбеген балдар туура эмес жолдорго тYШYп, ата-энесин азапка салып кейиткен учурлар да кeпкездешет. Бирок акча,материалдык байлыктан да жогору тура турган, кeзY eтсe кайтып келгис адам байлык экендиги, нагыз адамдын адамдыгы - анын ички дYЙнe тазалыгы, адеп-ахлагы, жан дYЙнe байлыгы менен чектелип, бааланарын, жогоркудай кемчиликтер кайрадан кайталанбашы YЧYн учурдагы жана келечектеги ата-энелерге тYШYндYPYYбYЗ зарыл.

Эми биз жогортодон айтылган маселелерди чечYYHYн негизги жолдоруна кайрылсак, миграция маселесин чечYYДe эки башка мамиле бар. Биринчиси -мигранттардын барган жериндеги укуктарын коргоого шарт TYЗYY, экинчиси -eлкeнYн eзYндe мигранттар кетпегидей шарт тYЗYY. Азырынча кыргыз мамлекети женилирээк вариант катары биринчи жолду тандап алып, Евразия Экономикалык Биримдигине Кыргызстандын киришинин негизги жетишкендиктеринин бири катары кeрсeтYп келатат. Бул бийлик YЧYн ынгайлуу, бирок эл YЧYн тунгуюк жол. Анткени ал миграцияны ого бетер кYчeтeт, демек мамлекеттин биринчи TYЗYMY болгон YЙ-бYлeнYн сакталып калышына жетиштYY салым кошпойт. Мындан тышкары, ал миграциянын айынан келип чыккан демографиялык маселелерди ого бетер кYчeтeт.

Корутунду. Ошондуктан миграциядан жабыр тарткан кыргыз y^ бYлeсYн сактап калуунун негизги багыты eлкeдe тышкы миграцияга кеткендер кайрылып келгидей экономикалык жана укуктук шарттарды TYЗYY болууга тийиш. Биринчи ирээтте, eлкeдeгY коррупцияны азайтып, eлкeдeгY акча eлкeнYн eзYндe калышын камсыз кылууга багытталган экономикалык саясат жYPГYЗYY зарыл. Албетте, бул мамлекеттин бYт кYч-кубатын, ал тургай тYбYнeн eзгeрYШYн талап кылган, оор иш. Бирок аны жасабасак, кийинки YЙ-бYлeлeрдY да жоготуп алабыз.

Андыктан, биз дагы илгери YMYт менен "аракетке берекет" деп, жогорудагы кылмыштарды жоготуу максатында педагогика илимдеринин y4 жолку академиги А.Э. Измайлов кeзY тирYYCYндe ДYЙнeлYк илимий-жыйынга катышып келип, магистранттарга айткан сeзY менен жыйынтыктасак. Тактап

айтканда, Лаостогу билим министринин докладындагы - жаштардын кылмыштуулугу жокко эсе экендигинин Y4 негизги тарбиялоо eзгeчeлYГYHYн себебин учурдагы жаштарга,ата-энелерге, жалпы коомчулукка жеткирсек -бYГYнкY ^нде ете татаал проблемалар менен кагылышып жаткан y^ бYлeлeрдYн да жYГYн жецилдетебиз деген ойдобуз. "Биринчиден, кенже курактагы балдар атайын диний мекемелерден таалим-тарбия алат. Экинчиден, "Балам уяттуу бол, уят eлYмдeн катуу"- деген эненин туура тарбиясы. YчYнчYдeн, элдин жаштарга болгон кYчтYY кeзeмeлY" [5]. Мындай тарбиялоо маданияты биздин ата-бабаларда да кездешкен. Тарыхый шартка ылайык "элYY жылда эл жацы" болуп eзгeргeн коомубузга YЗYлгeндY улап, чачылганды жыйноо менен улуу муун жаш муунду калыптандырсак, акыл тарбиясы менен руханий тарбияны айкалыштырсак, балага карата ата-энелик мээрим^йуу, милдеттерди туура аткарсак, убакыт eтeт, эртецки кYHY, анын баары, уул-кыздардан кайтат демекчибиз.

Адабияттар

1. Статистика / Департамент внешней миграции при Министерстве иностанных дел Кыргызской Республики ssm.gov.kg

2. Андриенко Е. В. Сравнительная педагогика: учебное пособие. МОиН РФ. - Новосибирск: Изд-во НГИУ, 2016. - 138 с.

3. Мигранттардын балдары / UNICEF Кыргызстан//https://www.uшsef.org> kyrgyzstan>

4. Рыскулова Н. Миграциянын куну: Кыргызстанда ата-энесиз балдардын мууну eсYYДe. Би-Би-Си, Бишкек, 2-апрель 2019. //https://www.bbc.com > kyrgyz

5. Этнопедагогика: ЖОЖдун студенттери YЧYн окуу куралы. - Бишкек, 2018-ж.

6. Ата-энеси миграцияга кеткен баланын ашпоз болуу кыялы. "ЮНИСЕФ" Кыргызстан, Пресс-релиз. - Бишкек. - 17-декабрь, 2020-ж.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.