Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ МАСЕЛЕСИ'

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ МАСЕЛЕСИ Текст научной статьи по специальности «Политологические науки»

CC BY
7
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
диний билим берүү / дин таануу / мектеп / медресе / диний билим берүү саясаты / теология / religious education / religious studies / schools / madrassas / religious education policy / theology

Аннотация научной статьи по политологическим наукам, автор научной работы — Козукулов Тимур Алимбекович

Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгандан баштап диний билим берүүгө эркиндик берди. Бул эркиндиктин шарапаты менен кыргызстандын бардык аймактарында диний билим берген мекемелер ачылды. Кыргызстанда негизинен 2 диндин өкүлдөрү диний билим берүү ишмердүүлүгүнүн жүргүзүшөт. Алар ислам жана христиандар. Ислам дини жаатында диний билим берүү басымдуулук кылат. 1991-жылы Кыргызстанда алгачкы диний билим берген Азирети Умар атындагы медресе ачылган. Андан кийин аймактарга да диний билим берүү мекемелери ачылып, учурда алардын саны 300 ашкандыгы маалым. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары мектептерге Ыйман сабагы киргизилип, ошол айылдын имамы келип жумасына бир күн атайын дин, ишеним тууралуу сабак өтөт эле. Кийинчерээк ал сабакты окуткан имамдар мектеп мугалимдеринин кийимдерине жана жүрүм-турумуна кийгилишүүсү кээ бир жерде резонанс жаратып натыйжада мектеп директорлорунун талабынын негизинде узакташтырылган. 2014-жылы февраль айында өткөн Коргоо Кеңешинин жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде диний билим берүү жана дин таануу предмети тууралуу маселе козголуп иретке келтирүү талабы коюлган. Алар ислам багытындагы диний билим берген мекемелердин окуу планы жана мазмунун талапка шайкеш келтирүү менен иретке салуу. Ошондой эле мамлекеттик орто мектептерге дин таанууга байланыштуу сабак киргизүү. 2016-жылдан баштап Диндердин маданияты тарыхы деген предмет пилоттук негизде кээ бир мектептерге киргизилген. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин 2021-жылдан баштап Диндердин өнүгүү тарыхы предмети бардык мектептерге киргизилип окутула баштады. Биз бул макалабызда жогорудагы келтирилген маселенин үстүндө анализ жүргүзөбүз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ISSUE OF RELIGIOUS EDUCATION AND RELIGION STUDIES BASED ON THE FIELD OF RELIGION POLICY OF THE KYRGYZ REPUBLIC

Since gaining independence, Kyrgyzstan has granted freedom to religious education. Thanks to this freedom, religious educational institutions were opened in all regions of Kyrgyzstan. In Kyrgyzstan, religious and educational activities are carried out mainly by representatives of two religions: Islam and Christians. In the field of religious education, Islam mainly prevails. In 1991, a madrasah named after Hazrat Umar was opened, providing the first religious education in Kyrgyzstan. After this, religious educational institutions opened in the regions; it is known that at this time their number exceeds more than 300. In the early years of independence, a religion lesson was introduced in schools, and the imam of that village would come and teach a special lesson about religion and faith once a week. Later, imams conducting lessons in schools began to interfere with the clothes and gaits of school teachers; these cases caused a stir in some places, as a result of which the imams were forced out of the lesson at the request of school directors. Based on a decision taken at a meeting of the Defense Council held in February 2014, the issue of religious education and religious studies lessons was raised. As a result, the task was set to organize a unified curriculum and content of religious subjects in Islamic educational institutions in accordance with modern requirements. Also introducing classes related to religious studies in public high schools. Since 2016, some schools have introduced the subject “History of the Culture of Religions” on a pilot basis. After the change of government in 2020, starting from 2021, the subject “History of the Development of Religions” was introduced and taught in all schools. In this article, we analyze the above-mentioned issues.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ МАСЕЛЕСИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№2/2024, 203-212

ПОЛИТОЛОГИЯ

УДК: 32:322: 348.71

DOI: 10.52754/16948610 2024 2 20

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧeЙРeСYНДeГY САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ

МАСЕЛЕСИ

ВОПРОСЫ РЕЛИГИОЗНОГО ОБРАЗОВАНИЯ И РЕЛИГИОВЕДЕНИЕ НА ОСНОВЕ В СФЕРЕ РЕЛИГИОЗНОЙ ПОЛИТИКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

THE ISSUE OF RELIGIOUS EDUCATION AND RELIGION STUDIES BASED ON THE FIELD OF RELIGION POLICY OF THE KYRGYZ REPUBLIC

Козукулов Тимур Алимбекович

Козукулов Тимур Алимбекович Kozukulov Timur Alimbekovich

с.и.к., доцент Ош мамлекеттик университети

к.п.н., доцент, Ошский государственный университет Associate Professor, Osh State University t.kozukulov@,oshsu.kg ORCID: 0000-0001-7480-0025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧeЙРeСYНДeГY САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ

МАСЕЛЕСИ

Аннотация

Кыргызстан эгемендуулуктун алгандан баштап диний билим берууге эркиндик берди. Бул эркиндиктин шарапаты менен кыргызстандын бардык аймактарында диний билим берген мекемелер ачылды. Кыргызстанда негизинен 2 диндин екулдеру диний билим беруу ишмердYYЛYГYHYн жYргYЗYшет. Алар ислам жана христиандар. Ислам дини жаатында диний билим беруу басымдуулук кылат. 1991-жылы Кыргызстанда алгачкы диний билим берген Азирети Умар атындагы медресе ачылган. Андан кийин аймактарга да диний билим берYY мекемелери ачылып, учурда алардын саны 300 ашкандыгы маалым. ЭгемендYYЛYктYн алгачкы жылдары мектептерге Ыйман сабагы киргизилип, ошол айылдын имамы келип жумасына бир кYн атайын дин, ишеним тууралуу сабак етет эле. Кийинчерээк ал сабакты окуткан имамдар мектеп мугалимдеринин кийимдерине жана жYPYм-турумуна кийгилишYYCY кээ бир жерде резонанс жаратып натыйжада мектеп директорлорунун талабынын негизинде узакташтырылган. 2014-жылы февраль айында еткен Коргоо Кенешинин жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде диний билим берYY жана дин таануу предмети тууралуу маселе козголуп иретке келтирYY талабы коюлган. Алар ислам багытындагы диний билим берген мекемелердин окуу планы жана мазмунун талапка шайкеш келтирYY менен иретке салуу. Ошондой эле мамлекеттик орто мектептерге дин таанууга байланыштуу сабак киргизYY. 2016-жылдан баштап Диндердин маданияты тарыхы деген предмет пилоттук негизде кээ бир мектептерге киргизилген. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин 2021-жылдан баштап Диндердин ещ^ тарыхы предмети бардык мектептерге киргизилип окутула баштады. Биз бул макалабызда жогорудагы келтирилген маселенин YCTYнде анализ жYргYзебYЗ.

Ачкыч свздвр: диний билим берYY, дин таануу, мектеп, медресе, диний билим берYY саясаты, теология.

ВОПРОСЫ РЕЛИГИОЗНОГО ОБРАЗОВАНИЯ И РЕЛИГИОВЕДЕНИЕ НА ОСНОВЕ В СФЕРЕ РЕЛИГИОЗНОЙ ПОЛИТИКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Аннотация

С момента обретения независимости Кыргызстан предоставил свободу религиозному образованию. Благодаря этой свободе во всех регионах Кыргызстана были открыты религиозные образовательные учреждения. В Кыргызстане религиозно-просветительскую деятельность проводят в основном представители 2-х религий ислам и христиане. В сфере религиозное образование основном преимущество преобладает ислам. В 1991 году было открыто медресе имени Хазрата Умара, давшее первое в Кыргызстане религиозное образование. После этого в регионах открылись религиозные образовательные учреждения, известно, что данное время их число превышает более 300. В первые годы независимости в школах был введен урок религии, и имам этого села приходил и проводил специальный урок о религии и вере один раз в неделю. Позже имамы, проводившие уроки в школах стали вмешиваться одежду и походкам школьных учителей, эти случаи кое-где вызвали резонанс, в результате чего имамы вытеснены от урока по требованию директоров школ. На основании решения, принятого на заседании Совета обороны, состоявшемся в феврале 2014 года, был поднять вопрос религиозного образования и урока религиоведения. В итоге была поставлена задача организовать единую учебную программу и содержание религиозных предметов учебных заведений исламской направленности в

MEDICO-SOCIAL IMPORTANCE OF A HEALTHY LIFESTYLE IN SHAPING THE HEALTH OF STUDENTS

Abstract

Since gaining independence, Kyrgyzstan has granted freedom to religious education. Thanks to this freedom, religious educational institutions were opened in all regions of Kyrgyzstan. In Kyrgyzstan, religious and educational activities are carried out mainly by representatives of two religions: Islam and Christians. In the field of religious education, Islam mainly prevails. In 1991, a madrasah named after Hazrat Umar was opened, providing the first religious education in Kyrgyzstan. After this, religious educational institutions opened in the regions; it is known that at this time their number exceeds more than 300. In the early years of independence, a religion lesson was introduced in schools, and the imam of that village would come and teach a special lesson about religion and faith once a week. Later, imams conducting lessons in schools began to interfere with the clothes and gaits of school teachers; these cases caused a stir in some places, as a result of which the imams were forced out of the lesson at the request of school directors. Based on a decision taken at a meeting of the Defense Council held in February 2014, the issue of religious education and religious studies lessons was raised. As a result, the task was set to organize a unified curriculum and content of religious subjects in Islamic educational institutions in accordance with modern requirements. Also introducing classes related to religious studies in public high schools. Since 2016, some schools have introduced the subject "History of the Culture of Religions" on a pilot basis. After the change of government

соответствии с современными требованиями. Также введение уроков, связанных с религиоведением, в государственных средних школах. С 2016 года в некоторых школах в пилотном порядке введен предмет «История культуры религий». После смены власти в 2020 году с 2021 года во всех школах был введен и преподается предмет «История развития религий». В этой статье мы анализируем вышеупомянутые проблемы.

in 2020, starting from 2021, the subject "History of the Development of Religions" was introduced and taught in all schools. In this article, we analyze the above-mentioned issues.

Ключевые слова: религиозное образование, религиоведение, школы, медресе, политика религиозного образования, теология.

Keywords: religious education, religious studies, schools, madrassas, religious education policy, theology.

Киришуу

Кыргызстанда диний, исламий, теологиялык билим берYY маселеси учурдун маанилуу дискурсуна айланган. Бул дискурс эгемендYYЛYктYн алгачкы жылдарында башталып учурга чейин актуалдуулугун жоготпой келе жатат. БелгилYY учурларда тарыхтын белгилYY доорлорунда дYЙнe ЖYЗYHYH кептеген жерлеринде диний билим берYY басандаган. Бирок 20-кылымдын аяктарында диний билим берYY кайрадан жанданып актуалдуулугу артып жатат. Биз бул тенденцияга кааласак да каалабасак да аралашабыз. Коомдук жашоо динсиз болбойт экендиги маалым болду. Бул 21-кылымдын чакырыктары экендигин жалпысынан белгилешет. Кыргызстан дагы ал чакырыктын сыртында калышы мYмкYн эмес. Динсиз коом куруу ишке ашпай турган куру кыял экендиги eтмYш eзY кeрсeтYп турат. Кыргызстан эгемендYYЛYктY алган учурдан баштап эле диний билим берYY актуалдуу маселеге айланып коомдун саясий-экономикалык турмушунда маанилYY ролду ээлеп келYYДe. Алгачкы жылдары тажрыйбасы жок болсо да медреселер ачылган. Акырындап диний билим берYY жаатында тажрыйбасы бар мусулман eлкeлeр менен кызматташтык тYЗYЛYп, ошонун негизинде ишке ашырылган. Алгач ал eлкeлeргe студенттер жиберилYY менен Кыргызстандын аймагында биргелешкен диний билим берген окуу жайлар ачыла баштаган. Диний билим берYY жалпы билим берYY системасынын бир бeлYГYн тYзeт. Диний маалыматты алуу же аны YЙрeнYY эркиндиги Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы конституцияда 1993-жылы кабыл алынып кийин референдум аркылуу бардык eзгeрYЛгeндeр да берилген (Карацыз: КРнын 2021-жылы кабыл алынган конституциясы). Ушул эркиндик маселеси да коомчулук тараптан ар кандай тYШYHYлeт. Мындай жагдай табигый экендигин айтууга болот. Кыргызстанда диний билим беруу аракети бир канча жол менен ишке ашырылып жатат. Кыргызстан жаштардын диний билим алуусу YЧYн Туркияга, Египет, Араб eлкeлeрYнe ошондой эле Пакистанга окууга жиберишкен. Чет eлкeдe билим алып келген жаштар Кыргызстанга кайткандан кийин кээ бироери диний билим берYY мекемелерин ачышты. Акыркы 10 жылда Кыргызстанда диний билим берген окуу жайларынын саны eтe тез ылдамдыкта eсYп жатат деп айтсак жацылыш болбосо керек. Учурда Кыргызстанда ислам багытында диний билим берYYHY тeмeнкYдeй кeрсeтYYгe болот: Медресе, ислам институттары, ислам университети, окуу борборлору, мамлекеттик ЖОЖдордо теология факультеттери жана колледждер, дааватчылар, мечиттер (Ко2ики1оу Т., 2015/1; 202) жайкы лагерлер.

Бул жерде тармактарды категорияга бeлYп алышыбыз шарт. Юридикалык тил менен айтканда жеке менчик, коомдук жана мамлекеттик мекемеде диний билим берYY. Ушул тармак бири бирине тиешеси жоктой ар башка кeрYнгeнY менен жыйынтыгы баары бир эле болот. Тагыраак айтканда дин кызматкерлери жана адистерин даярдайт. Аны коомдук-саясий позиция оптикасы менен карап ана бeлYп жатабыз. Башкача айтканда шарттуу тYPдe деп айтсак болот. Алар 1) Ислам багытында диний билим берYY: медресе, ислам институттары, ислам университети, диний окуу борборлору, даават, мечит; 2) Теологиялык билим берYY: мамлекеттик же менчик жогорку окуу жайларында теология факультеттери жана колледждери; 3) Орто мектептерде диндердин eнYГYY тарыхы предмети.

Ислам багытындагы диний билим беруу

Ислам багытында диний билим берYY дегенде эле алгач эле муфтият эске келет. Тагыраак айтканда ислам багытында диний билим берYY муфтияттын тармагы жана милдети

катары эсептейбиз. Бул кыргыз элинин ац сезимине сицип калган тYШYHYк. Кыргызстан эгемендYYЛYккe ээ болгон учурда Кыргыз республикасынын аймагында 33 гана мечит болгон (Мамаюсупов О., 37). СССР учурунда Кыргызстанда бир дагы диний билим берYY мекемеси болбогон. Кыргыз ССРнин жарандары диний билимди официалдуу деп эсептелген мамлекеттин кeзeмeлYндeгY Эзбекистандын Бухара шаарындагы Мирараб медресеси менен Ташкент шаарындагы ислам институттарында алышкан. Мындан башка айрым учурларда СССРдин сыртында да алгандар болгон. Ал тууралуу бир канча мисалдарды кeрсeтYYгe болот. Алардын Кимсанбай ажы Абдрахманов Кыргызстандын алгачкы муфтийи жана Мавлан кары Хиндустаний. Кимсанбай ажы Абдрахманов СССР учурунда 1970-жылдары Иорданиядагы университетте магистратураны бYTYргeн.

Алгачкы ислам багытындагы диний билим берген окуу жайы Кыргызстанда 1991 -жылы ачылган. 90-жылдардын башында Кыргызстандагы диний башкармалыктын башчысы (муфтий) Кимсанбай ажы Абдрахмановдун демилгеси менен Бишкек шаарында Ислам медресесин ачууну демилгелеген. Ошентип, 1991-жылдын башында Кыргызстанда мусулмандардын колдоосу менен Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган жана ага Темирбай ажы Орунбаев алгачкы мYДYP болуп дайындалган. Ал медресе 1993-жылы Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам институту болуп eзгeртYлгeн. Кыргызстандардын мусулмандарынын курултайында чечилген болушу ыктымал. Себеби Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (Муфтият) 17-сентябрь 1993-жылы юстициядан каттодон eткeн (Kozukulov T., 2010; 130). Ал эми ошол эле институт 2003-жылы 25-апрелде Мусулмандардын курултайы менен Уламалар Кецешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Ислам университети болуп eзгeргeн (Карацыз: Муфтиятын официалдуу сайты).

1991 -жылдан баштап учурга чейин исламды окуткан окуу жайлар тездикте ачылган деп айтууга болот. Учурда ар кайсы булактардын маалыматы боюнча 256 билим берYY мекемеси бар экендиги айтылууда. Ал эми КРнын Президентинин администрациясынын алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын тизмесинде 119 медресе, диний окуу борборлору 69, ислам институттары 14, Кыргызстан ислам университетинин базасында 2 коллеж жана 1 ислам университети бар. Ошондо жалпы саны 205 диний билим берген мекеме чыгууда. Бул окуу жайлардын баары юридикалык формасы жеке менчик болуп эсептелет. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын карамагындагы исламды окуткан окуу жайлар. 2010-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын берген маалымат боюнча 1 университет, 8 институт жана 57 медресе болгон. Ал учурда окуган талабалардын саны 3000ге жеткен (Шеров, 48; Шеров ж-а Таиров, 2021). 2013-жылы 1 университет, 9 институт жана 65 медресеге кeбeйгeн (Kozukulov, 2015/2; 475). Ал эми 2016-жылы 1 университет, 10 институт жана 92 медресе болгон (Карацыз: Азаттык радиосунун кыргыз кызматы, 2016-жыл 26-февраль). Бул окуу жайларда жылына мицден ашуун окуучулар окушат. 2019-2020-окуу жылында 6175 эркек ал эми 3761 кыз жалпы 9936 талабалар болгондугун бир изилдeeнYн натыйжасында официалдуу алынган маалыматта белгилYY болгон. Учурда деле жагдай ушундай болсо керек деп айтууга болот. 2020-жылдан кийин дагы бир канча медреселердин ачылгандыгын белгилеп кетYY керек. Жогоруда диний окуу жайлардын сандары ар башка булакта айырмачылык кeрсeтYЛYYДe. Демек жогорудагы сандар дагы так эмес деп айтууга болот. 2023-жылы КРнын ДИМКнын иш планында бирдиктYY реестр тYЗYY талабы коюлуптур. Келечекте ар тYPДYY айырмачылыктар болбойт деген ишеничтебиз.

Диний окуу жайларында 1991-жылдан баштап 2015-жылга чейин окуу программаларында баш аламандык болуп келген. Муфтияттын диний окуу бeлYMY тарабынан кеземел жYргYЗYлгeнY менен бирдиктYYЛYк болбогон. Окуу жай e3Y тYЗгeн окуу планы жана китептер менен окутуп келишкен. Качан гана 2014-жылы февралда Коргоо Кецешинде дин маселеси каралып ошол эле учурда диний билим берYYнY да иретке келтирYY чечими чыккандан кийин муфтият тарабынан иштелип чыккан бирдиктYY окуу планы сайтында жарыяланып, окуу процесси да ошонун негизинде жYргYЗYYлeрY белгиленген. Алгачкы бирдиктYY окуу планы 2014-жылы медреселердин гана жарыяланган. Ал эми 2019-жылы окуу жайлардын жогорку, орто-кесиптик жана башталгыч категорияга бeлYп тYЗYлгeн бирдиктYY окуу пландарын кайрадан тYЗYп чыгышып бекиткен (Карацыз: БирдиктYY окуу планы). Бирок бул дагы толук кандуу ишке ашып жатабы деген маселеси турат. Учурда айтылган маселе боюнча конкреттYY анализ жоктой. Формалдуу эле бирдиктYY окуу планы тYЗYп алып, чындыгында иш жYЗYндe мурдагыдай эле улантышы мYмкYн деген божомолдор да жок эмес. Албетте бул баарына тиешелYY деп айтуудан узакпыз.

Ислам багытында окуткан окуу жайлар бYГYнкY жашоонун талаптарына шайкеш келYY маселелери дайыма курч бойдон калууда. Ал эми кээ бир медреселер жергиликтYY же чет элдик демeeрчYлeрдY таап алып ошонун колдоосунда окуу базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирYYДe. Бирок бул азчылыкты тYзeт деп айтсак да болот.

Мамлекеттик окуу жайда теологиялык билим беруу тенденциясы

Кыргызстанда теологиялык билим берYY эгемендYYЛYктYн алгачкы жылдары Туркия мамлекетинин YЛгYCYндe 1993-жылы ачылган. Теологиялык билим берYY башынан эле билим берYY жана илим министрлиги тарабынан лицензия алуу менен башталган. Кыргызстанда алгачкы ачылган теология факультети Орто Азия мамлекеттеринин арасында биринчилерден болот. Ал факультет Ош мамлекеттик университетинин базасында 1993-жылы Туркиянын Анкара университети жана Диянет фондунун колдоосу менен келишимдин негизинде ачылган. Учурда Кыргызстанда 3 теология факультети, 2 бeлYм бар. Алар Ош мамлекеттик университетинин базасында Ош шаарындагы Диянеттин колдоосу менен ачылган теология факультети. Ош мамлекеттин университетине караштуу Бишкек шаарына жакын жайгашкан Арашан айылындагы Арашан гуманитардык институнун базасында 2004-жылы теология факультети ачылган. Ошондой эле Кыргыз-ТYрк Манас университетинин базасында 2012-жылы теология факультети негизделген. Ал эми И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык-социалдык факультетинин базасында 2000-жылдардын баштарында теология бeлYMY ачылган. Кыргызстан Ислам университетинин гуманитардык билим берYY факультетинде теология адистиги 2016-жылы окута баштаган. Кыргызстан Ислам университетинде гуманитардык билим берYY факультетинде теология жана араб тили мугалими адистигин даярдашат. Бул эки адистик Кыргыз Республикасынын Билим берYY жана илим министрлигинен билим берYYгe укук берген лицензия алган. Башка шариат жана Куран факультеттеринде окутулган адистиктерге лицензия алынбаган.

Ош мамлекеттик университетинде алгачкы ачылган теология факультетинин квалификация ыйгаруу маселеси жаралган. Ошол учурда Анкара университетинин окуу планын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан коюлган талаптарды эске алуу менен окуу планы тYЗYЛгeн. Бирок ошол учурда Теолог

квалификациясы ресстерде болбогондуктан СССР доорундан келген Дин таануу багыты жазылып, ошону менен бирге Дин таануучу квалификациясы ыйгарылган. Дин таануу квалификациясы алгачкы бYTYPYYЧY 1998-жылдан баштап 2007-жылга чейин берилген. 2000-жылы Теолог багыты кыргыз eкмeтY тарабынан реестрге киргизилген (Карацыз: КРнын Билим берYY, илим жана маданият министрлиги тарабынан бекитилген). Ош мамлекеттик университетинин теология факултети 2004-жылы Теологиянын бакалавры багыты боюнча лицензия алып ошонун негизинде билим берYYHY уланткан. Алгачкы теолог квалификациясына ээ бYTYPYYЧYлeр 2008-жылдан баштап ала башташкан. Жогоруда белгиленген теология факультеттери жана бeлYмдeр алгач 2015-жылга чейин дин таануу квалификациясын ыйгарып келген. Акыркы 10 жылдан баштап толук кандуу теолог квалификациясы ыйгарыла башталды. Теология менен дин таануу деп эки башка аталган менен окуу программасы аналог болгон. Ошол эле дин таануучуга теологиялык билим берилген. Анын жогоруда белгилегенибиздей айрым объективдYY себептери бар.

Теология факультет менен эле чектелбей ошол эле учурда 2015-жылдан баштап теология колледждерин ачты мамлекеттик жогорку билим берYY мекемелеринин базасында. Мамлекеттик университеттин базасында алгачкы жолу теология коллежи И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин базасында ачылган. Ал коллеж 2014-жылдын февраль айындагы Коргоо Кецешинин чечимине ылайык мамлекеттик теологиялык окууну колго алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кeзeмeлYHYн негизинде ачылган. Учурда Ош мамлекеттик университетинин базасында да Ош шаары жана Арашан айылында теология коллеждери бар. Теологиянын коллежинин бYTYPYYЧYлeрYнe орто-кесиптик теолог адистик ыйгарылат.

2014-жылы Ош мамлекеттик университети Туркиянын "Имам-хатип" лицейинин аналогу сыяктуу "Ыйман" гимназиясы ачты. 2021-жылы Баткен мамлекеттик университети "Ыйман" гимназиясын ачты. Баткен мамлекеттик университетин аны менен чектелбестен 2023-жылы дагы эки башка шаарларга Кызыл-Кыя жана СYЛYктY шаарларына "Ыйман" гимназияларын ачты.

Кыргызстанда учурда дин таанууну окуткан 2 университет бар. Алар Кыргыз улутук университетинде Гуманитардык-социалдык институтунда бeлYм катары, ал эми Кыргыз-Россия Славян университетинин Юнеско кафедрасында дин таануучу адистерди даярдайт. Кыргыз улуттук университетин СССРдин учурундагы Атеизм кафедрасын Дин таанууга eзгeртYп ошол кафедра даярдайт. Бирок бул дин таануу квалификациясы жогоруда теологияда бир убактарда окутулуп ыйгарылган дин таануучу эки башка экендигин белгилеп кетYY керек.

Орто мектептерде Диндердин енугуу тарыхы (дин таануу) сабагын окутуу

2014-жылы февраль айында eткeн Кыргыз Республикасынын Коргоо Кецешинин отурумунда "ЭгемендYYЛYк алган кYндeн баштап мамлекет дин жаатында eзYн узак кармоо саясаты туура эмес, мындан кийин мамлекет динди жeндeйт" жыйынтыкка келген. Ошол жыйынтыктын негизинде бир канча иш чара жана багыттарды белгилеген. Ал мамлекет тарабынан аткарылуусу керек болгон иш чаралар. 4 приоритетщуу багыттарды белгилеп атайын жумушчу топ тYЗYшкeн. Аны менен бирге КРнын 2014-2020-жылдар арасында дин

чeйрeсYндeгY мамлекеттик саясаттын концепциясы. Ал концепцияда 3 негизги приоритет каралган. Алар 1) Диний уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин ортосундагы байланышты жакшыртуу 2) Диний билим берYY жана дин таануу сабагын жeнгe салуу 3) Диний экстремизм, радикализм жана терроризмди алдын алуу иш чаралары (Карацыз: КРнын дин чeйрeсYндeгY саясатынын концепциясы).

2016-жылдан баштап Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан 11 мектепке Диндер маданиятынын тарыхы сабагын пилоттук негизде киргизишкен. Ал сабак башталбай туруп эле даярдалган окуу китеби коомчулукта чоц резонанс жаратса да болбой эле оцдогон сыяктуу кeрсeтYЛYп киргизилген. Социалдык тYЙYндeн эле китеп ислам ^з карашына туура келбеген жерин эле кeрсeтYЛгeндeн кийин, аны кайра 3 жолу оцдоп тYзeтYYлeр деп кайра даярдашкан. Бирок баары бир одоно каталар болуп теология факультетинин адистери анализ жасашып терс пикирин бергенге карабай тYкткeнгe аракет кылышкан. Авторлордин кээ бири эксперттерге eз ара официалдуу эмес ачыктоосунда, Ысык-кeлдe эс алып жYрсe президенттин администрациясынын жооптуу адамы телефон чалып тез Бишкеке келYYCYн буюрат экен. Келгенде мына силерге гонорар (грант норвегиянын болушу ыктымал) 1 жума мeeнeт окуу куралын даярдагыла деп тапшырма берет. Ал авторлор эмне кылсын, интернеттен кeчYPYY жолу менен окуу китебин даярдашат. Ошол учурда китепти ВИКИПЕДИЯдан кeчYPYп коюптур деген сындар да айтылган болчу. Кийинки жылы республика аймагынан 51 мектеп тандалып алынып пилоттук негизде киргизилген. Бирок акыркы 3-басылышынан кийин дагы эксперт, адистер тарабынан китепке карата терс натыйжа берилгендиктен бул предметти кYчкe салып тYртYY басандап калган болчу.

2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин Указы чыкты. Ал указда орто мектептерде 7-8-9-класстарга "Диндердин eнYГYY тарыхы" предметин киргизилYYCY буйрук кылынган. 2022-2023-окуу жылында 9-класстар гана башталды. 2023-2024-окуу жылынан баштап 7-8-класстарга да киргизилгени маалымдалды. Сабактын тематикалары жана окуу планында талаш тартыштар ар тYPДYY кeз караштар болуп жатат. Бул предметтин тематикалары жана стандартын даярдоо Кыргыз Билим берYY академиясына жYктeлгeн. Ал академияда ушул багытта иштеп келген кызматкерлерге эмес башкаларга жYктeлгeн. Мурдатан ушул багытта иштеп келип ^п резонанс жараткан кызматкерлер жeн турушпады. Мектепте ошол сабакты окута турган мугалимдердин ВАТСАП группасына eздeрYHYн тематикаларын жана даярдаган окуу китебин буйрук сыяктуудай ушул темалар окутулуп, пайдалынышы керек дегендей манипуляция да кылышты. Кийинки окуу жылында ошол мурдатан иштеп келген кызматкерлер Диндердин eнYГYY тарыхы сабагын апробация жана кийрYYHY eздeрYнe алып коюшту деген кеп угуп жатабыз, бирок аны официалдуу булактардан тастыктай албадык. Бул жаатта тYЗдeн тYЗ адистер иштебей, башка тармактын адистери иштеп жаткандыгы кандайдыр кедергесин тийгизгендир. Адистер жумушчу топто болсо да, алардын активдYY иш алып баруусуна жолтоолор бар окшойт. Адис катары ойлору суу кечпегендей сыяктуу.

Президенттин УКАЗында Диндердин eнYГYY тарыхы сабагын теологодор окутат. Эгер теолог жок болсо тарых мугалимдери окутат деп кeрсeтYЛгeн. Теология факультети жогоруда белгиленгендей белгилYY учурга чейин дин таануучу квалификациясын ыйгарган. Дин таануучу квалификациясына ээ болгондор айрым райондордо Диндерди eнYГYY тарыхы сабагын окутканга болбойт деп жумушка албай коюшту. Алар дагы де-юре дин таануучу

болгону менен дефакто теолог. Аны жалпы коомчулук жана дин чeйрeсY ошондой деп кабыл алышат.

Учурда кeпчYЛYк республика аймагында кeпчYЛYк мектептерде Диндердин eнYГYY тарыхы сабагын тарых мугалимдери окутуп жатышат. Кээ бир окуткан тарых мугалимдери теолог адистерге кeйгeйлeр менен кайрылып жатышат. Бул сабакты окутууда окуучулардын суроолоруна жооп таба алышпай кыйналып жатышкандыгын айтышууда. Негизинен мазхаптар жана фикх маселелери боюнча такыр маалыматы жок болгондуктан, китепти кыскача эле берилгендиктенби ушул жаатта суроолор жоопсуз калып жаткандыгын белгилешYYДe. Демек бул жаатта дагы кeп жумуш жасалышы керек.

Диндердин eнYГYY тарыхы предметинин максаты окуучуларга диндер тууралуу маалымат берилYYCY каралган. Ошондой эле кыргыз жарандарынын ата бабасы карманып келген салттуу ислам тууралуу да маалыматтар берилет. Мектепте дин YЙрeтYлбeйт, башкача айтканда ибадаттар YЙрeтYлбeйт болгону маалыматтык иретте гана окутулат. Негизи окуучулар ата бабасы кармаынп келген матуридий жана ханафийлик жeнYндe кабардар болуусу YЧYн маалыматтар берилет. Андан башка мазхаптар кыргызстанга жат экендигин кeрсeтYY. Ал экстремизм, радикализм жана терроризмди алдын алуу иш чарасына негизделет.

Корутунду

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда ислам багытында диний билим берYY бир канча категорияга бeлYHYп окутулуп жаткандыгын кeрYYгe болот. ЭгемендYYЛYктY алгандан баштап учурга чейин 300дeн кeп ислам багытында диний билим берген окуу жайлардын кeбeЙYYCY, ушул тармакка берилген эркиндик экендигин белгилеп кетуу керек. Эгер жылга бeлYштYрсeк жылда 10дой диний билим берген мекеме ачылган болот. Бирок негизи диний билим берген мекеменин тездик менен кeбeЙYY тенденциясы 2010-жылдан кийин болгон керек. Мамлекет диний билим берген мекемелерди жeнгe салуу жаатында аракет кылып жатат. БирдиктYY окуу планы жана материалдык техникалык базанын талаптарга жооп берYYCY YCTYндe иштee менен гана чектелYYДe. Бул биринчи иретте жасалуусу керек болгон талап деп айтууга болот.

Пайдаланылган булактар

1. Азаттык радиосу. 2016 год 23 февраля. Кыргызская служба. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan religion security/27568626.html (кайрылган датасы: 16.11.2023)

2. БирдиктYY окуу планы. https://muftiyat.kg/birdiktuu-programma/ (кайрылган датасы: 15.12.2023)

3. Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдардагы дин чeйрeсYндeгY саясатынын концепциясы. (11-ноябрь 2014-жылы Коргоо Кецешинин отурумунда бекитилген)

4. Кыргыз Республикасынын Билим берYY, илим жана маданият министрлигинин 2000-жылдын 29-декабрынан №752/1 буйругу менен жогорку профессионалдуу билим берYYHYн адистиктери жана даярдоо багыттарынын тизмеси http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/31723 (кайрылган датасы: 17.11.2023)

5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 11-апрель 2021-жылы жалпы элдик референдумда кабыл алынган.

6. Мамаюсупов О. (2004) "Религиозная ситуация в Кыргызской Республики", //Сборник материалов международной конференции «Ислам в Центральной Азии». -Ош, 20-22 май 2004.

7. Муфтияттын официалдуу сайты https://muftiyat.kg/maalymat/ (кайрылган датасы: 23.10.2023).

8. Шеров Ш. Тарых и.к. алуу талабына YЧYн жазылган диссертация lib.kg/kyrgyzskij-sherov-shajyrbek-bijzhanovich-kyrgyzstandagy-dinij-islamdyk-bilim-ber-n-n-t-z-l-sh-abaly-zhana-k-jg-jl-r-1991-2010-zhzh/

9. Шеров, Ш.Б. Жалпы орто билим берYY мекемелерге "дин маданиятынын тарыхы" сабагын киргизYYДeгY кeйгeйлeр / Ш. Б. Шеров, К. А. Таиров // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 3. - P. 109-113. - DOI: 10.52754/16947452_2021_2_5_109. - EDN: FHQZDK.

10. Kozukulov T., (2010). Günümüz Kirgizlarda Din Anlayiçi ve Fenomenleri. //Uluslar Arasi Türk Dünyasi Din Anlayi§lari Sempozyum, 4-6 Kasim 2010.

11. Kozukulov T., (2015). Kirgizistan'da dini kurumsallaçma ve toplum.// Agri universitesi sosyal bilimler dergisi. Agri. №1

12. Kozukulov T., (2015). Kirgiz Toplumununu Dini Aydinlatma Meselesinde Din Egitiminin Rölü Ve Ona Etki Eden Yerel Ve Di§ Faktörler.// III. Uluslararasi KOP Bölgesel Kalkinma Sempozyumu Bildiri Kitabi.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.