Научная статья на тему 'КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕСИ ЖАНА ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ'

КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕСИ ЖАНА ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ Текст научной статьи по специальности «Политологические науки»

CC BY
16
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Кыргыз коому / дин / ислам / муфтият / дин саясаты / Kyrgyz society / religion / Islam / muftiate / religious policy

Аннотация научной статьи по политологическим наукам, автор научной работы — Тимур Козукулов, Ибрахим Жумабай Уулу

Бул макалада Кыргыз Республикасынын мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты каралат. Ошондой эле кыргыз коомчулугунда диндин орду менен таасирлери да анализденет. Дин менен мамлекеттин байланышы жана кызматташтыгы өткөөл процессте жеңил боло албайт. Диний аң-сезим дайым коомчулуктун жүрүм-туруму менен коомдук жашоосуна күчтүү таасир тийгизери анык. Коомдук-саясий турмушта дин фактору дайым болуп келген. Диний аң-сезимдин ар түрдүү болуусу эч качан дүйнөдө бирдиктүү боло алган эмес. Диний түшүнүктөрдө дайыма географиялык жана саясий көз караштардан улам айырмачылык болуп келген. Ошол айырмачылыктар географиялык аймактарда жайгашкан мамлекеттерге оң жана терс таасирин тийгизүүдө. Ал саясат таануу же коом таанууда тенденция деп айтылат. Макалабызда жогоруда айтылган проблематикаларды илимий анализдегенге аракет жасайбыз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по политологическим наукам , автор научной работы — Тимур Козукулов, Ибрахим Жумабай Уулу

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

STATE RELATIONSHIP TO RELIGION AND TRENDS IN KYRGYZSTAN

This article discusses the state policy in the Kyrgyz Republic in the religious sphere. And also analyzed the role of the influence of religion in Kyrgyz society. During the transition period, relations and cooperation between religion and the state cannot be simple. It is clear that religious consciousness always has a strong influence on the behavior and social life of society. Religion has always been a factor in social and political life. The diversity of religious consciousness has never been uniform in the world. Religious concepts have always differed in geographical and political views. These differences have both positive and negative effects on States located in geographical areas. In political or social science, it’s called a trend. In this article, we will try to scientifically analyze the above-mentioned problems.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕСИ ЖАНА ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ»

Политология

УДК 32.322. (348.71)

Б01: 10.52754/16947452_2022_2_125

КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИН ДИНГЕ БОЛГОН МАМИЛЕСИ ЖАНА ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ

Козукулов Тимур Алимбекович, саяс.и.к., доцент,

I kozukulov@oshsu. kg Жумабай уулу Ибрахим, магистрант, Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан ibrahim.kgz.1993@,gmail.com

Аннотация: Бул макалада Кыргыз Республикасынын мамлекеттин дин чвйрвCYндвгY саясаты каралат. Ошондой эле кыргыз коомчулугунда диндин орду менен таасирлери да анализденет. Дин менен мамлекеттин байланышы жана кызматташтыгы вткввл процессте жецил боло албайт. Диний ац-сезим дайым коомчулуктун ЖYPYм-туруму менен коомдук жашоосуна кYчтYY таасир тийгизери анык. Коомдук-саясий турмушта дин фактору дайым болуп келген. Диний ац-сезимдин ар тYрдYY болуусу эч качан дYйнвдв бирдиктYY боло алган эмес. Диний тYШYHYктврдв дайыма географиялык жана саясий квз караштардан улам айырмачылык болуп келген. Ошол айырмачылыктар географиялык аймактарда жайгашкан мамлекеттерге оц жана терс таасирин тийгизYYдв. Ал саясат таануу же коом таанууда тенденция деп айтылат. Макалабызда жогоруда айтылган проблематикаларды илимий анализдегенге аракет жасайбыз.

Ачкыч свздвр: Кыргыз коому, дин, ислам, муфтият, дин саясаты.

ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ОТНОШЕНИЯ К РЕЛИГИИ И ТЕНДЕНЦИИ В КЫРГЫЗСТАНЕ

Козукулов Тимур Алимбекович, к.полит.н., доцент,

I kozukulov@oshsu. kg Жумабай уулу Ибрахим, магистр Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан ibrahim.kgz.1993@,gmail.com

Аннотация: В этой статье рассмотрена государственная политика в Кыргызской Республике в религиозной сфере. Также проанализирована роль влияния религии в кыргызском обществе. В переходный период отношения и сотрудничество между религией и государством не может быть простым. Понятно, что религиозное сознание всегда оказывает сильное влияние на поведение и социальную жизнь общества. Религия всегда была фактором общественно-политической жизни. Многообразие религиозного сознания никогда не было единообразным в мире. Религиозные концепции всегда различались по географическим и политическим взглядам. Эти различия имеют как положительное, так и отрицательное влияние на государства, расположенные в

географических районах. В политической или социальной науке это называется тенденция. В нашей статье мы постараемся научно проанализировать вышеупомянутые проблемы.

Ключевые слова: кыргызское общество, религия, ислам, муфтият, религиозная политика

STATE RELATIONSHIP TO RELIGION AND TRENDS IN

KYRGYZSTAN

Kozukulov Timur Alimbekovich, PhD, associate professor,

t. kozukulov@oshsu. kg Zhumabai uulu Ibrahim, master, ibrahim.kgz.1993@,gmail.com Osh state university, Osh, Kyrgyzstan

Abstract: This article discusses the state policy in the Kyrgyz Republic in the religious sphere. And also analyzed the role of the influence of religion in Kyrgyz society. During the transition period, relations and cooperation between religion and the state cannot be simple. It is clear that religious consciousness always has a strong influence on the behavior and social life of society. Religion has always been a factor in social and political life. The diversity of religious consciousness has never been uniform in the world. Religious concepts have always differed in geographical and political views. These differences have both positive and negative effects on States located in geographical areas. In political or social science, it's called a trend. In this article, we will try to scientifically analyze the above-mentioned problems.

Keywords: Kyrgyz society, religion, Islam, muftiate, religious policy

Киришуу

Постсоветтик челкемде учурдагы КМШга MY4e елкелер демократия менен советтик ац-сезим тушунугунун ортосунда ез жолдорун табууга аракет кылып келYYдe. Коомдук-саясий турмушта улуттук кызыкчылыктар менен баалуулуктарын эске алуу менен дYйнeлYк ааламдашуу процессинде ез ордун табууга аракет жасашууда. Ийгиликтер жаралганы менен кемчиликтер да жок эмес. Кээде олуттуу кемчиликтерди да кeрYYгe болот. Постсоветтик мамлекеттерде динге болгон мамиледе демократиялуулук берилген, бирок ац-сезим дагы деле советтик тYШYHYктe кетип жаткандай сезим калтырууда. Орто Азия чeлкeмYндe жайгашкан мамлекеттер ез алдынча динге карата саясат жYргYЗгeнY менен баарынын унгусу же башкача айтканда езеге бирдей болууда деп айтсак жацылышпайбыз. Себеби динди женге салуучу органдардын кызматкерлери коммунисттик ац-сезимден толук кандуу айрыла элек. Дагы деле дYЙнeго болгон кез карашы советтик оптика аркылуу жYPYYДe. Диний пробеламалар бардык Орто Азия мамлекеттеринде бирдей. Ал проблемалар чоц кейгей катары кeрYнбeгeнY менен бара бара коомдук стабилдYYЛYккe кедергисин тийгизбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Орто Азия eлкeлeрYндe динге карата катуу кол болууда. Ал эми Кыргызстан

динге карата эгемендуулуктун алгачкы кунунен баштап эле жумшак жана сылык мамиле жасап келген. Ошондуктан, дин фактору Кыргыз мамлекетинин коомдук баалуулуктардын езегунде жайгашкан деп айтууга болот. Дин кыргыз коомунун саясий-коомдук жашоосундагы ез ара мамилелерди женге салган элементтердин бири экендигин белгилеп кетуу абзел. Кыргызстан коомдук-саясий турмуштун укуктук, атуулдук коом тузууну максат кылуу менен бирге динге либералдуу эркиндикти да тааныган. Мына ушул жагдайлардан улам Кыргызстан "Демократиянын аралчасы" деп аталып калган деп айтууга болот. Эгемендуулуктун алгачкы кундерунен баштап учурга чейин кыргыз мамлекети дин жаатаныда кептеген тажрыйбаны башынан еткерду. Тунгуч президент Аскар Акаев 2004-жылы ноябрь айындагы Коопсуздук Кецештин жыйынында "Турмеде адамдар кылмыштары учун отурат, ал эми кез карашы жана ишеними боюнча бир да адам жок" [2, 69ст] деп айткан болчу. Кийинки президенттердин учурунда бийликтин динге болгон мамилелери башка нукта езгергендугун айтууга болот. Алгачкы жылдардагы дин чейресундегу мамлекеттин саясаты туура эмес деп таанышкан [9, 177ст]). Кыргызстанда диний абал мезгил еткен сайын езгеруп турду. Жагдайга карап дуйнеде болуп жаткан процесстин таасиринен улам диний тенденция ар кыл формага айланып жатты. Кыргызстандагы диний тенденция башка Орто Азия елкелеруне салыштырмалуу езгечеленет деп айтууга болот.

Белгилуу болгондой акыркы жылдары Кыргызстанда дин менен мамлекеттин ортосундагы байланыш кандай болуш керек деген талаш-тартыш журуп жатат. Бул багытта баары эле кандайдыр бир салым кошууну энсеп келууде. Эгемендуулуктун алгачкы жылдары Кыргызстанда дин менен мамлекеттин байланышы либералдуу принципте курулган. [3, 1129ст]. Кыргызстан Орто Азия елкелерунен айырмаланып жацыча жандоону туура керген болчу. Дин-мамлекет байланышы тууралуу кыргыз мамлекети акыркы учурларда жацычылыктарды киргизуу менен эски тузулуштерду езгертууге аракет жасоодо. Бирок азыркы учурга чейин толук кандуу модель таба элек. [10, 91ст].

Материалдар жана изилдее методдору

Кыргызстанда диний жаатта кептеген изилдеелер жургузулуп келууде. Негизинен дээрлик кепчулук изилдеелер социология жана саясат таануу жаатында болгондугун айтууга болот. Изилдее темалары негизинен "дин жана мамлекет", "дин менен мамлекеттин байланышы", "диний билим беруу" ж.б.у.с. Актуалдуу катары дайым талкууланып жана анализ жургузуу "Диний экстремизм жана терроризм" тушунугунун призмасы аркылуу жасалгандыгын белгилеп кетуу абзел. Саясат таануу же коомдук багытта

эксперттик илимий анализине диний экстремизм терминологиясы аркылуу жYргYЗYY менен изилдeeчY eзYн абройлуу керсеткусу келгендей сезимдерди калтырууда. Батыштан гранттарды алып иш алып барууда да диний экстремизм проблемасын чечуу деген тушунук аркылуу жургузулуп келууде. Диний жаатта изилдеечулер негизинен ездерунде диний билими базалык децгээлде да жок деп айтсак жацылыш болбосо керек. Ал изилдеечулер россиялык жана батыш изилдеечулердун макала жана эмгектеринин негизинде жургузушет. Ал эми чет елкелук изилдеечулердун ислам дини боюнча чыгыш таануучулук багытында болсо да кандайдыр децгээлде базалык маалыматы бар экендигин белгилеп кетуу керек. Кайсыл бир тармакты изилдее учун жок дегенде ал женунде базалык билим же маалыматка ээ болуу керек деген тушунукту эч ким жокко чыгара элек. Демек илимий изилдее жургузуп, анализди туура чыгаруу учун сезсуз базалык маалымат же билим талап кылынат. [4, 8ст].

Кыргызстандагы мамлекет менен дин байланышын же саясатын изилдеген кептеген изилдеечулер бар. Аларды бир канча категорияга белууге болот. Алар батыш, россия, Орто Азия жана кыргызстандык изилдеечулер. Методикалык жактан бирдей болгону менен ар ким ез парадигмалары аркылуу карашат маселени. Алардын илимий жандоолорунда (подход) бири бирине карама каршы келген айырмачылыктар да бар экендигин белгилеп кетуу керек. Батыш менен россия жана Орто азия менен кыргызстандыктардын изилдеесунде бир топ артыкчылык менен кемчилдиктерди керууге болот. Батыш изилдеечулеру менен батышчыл билим алган кыргыз изилдеечулер маселени антропологиялык метод менен карашат. Индивидден жалпылоого аракет жасашат. Мындай жыйынтык кандайдыр ез жемишин жакшы берип жаткандыгын керууге болот. Ал эми россия жана СССРдин доорунда билим алгандар комплекстуу жалпылап карашат. Ар кимиси ез парагдигмалары аркылуу чыгарган жыйынтыктарын жашоого реалдуурак деп эсептейт. Бул жерде методика жана терминологиялык аныктамада айырмачылыктар бар деп айтууга болот. Ал тууралуу мисалды макалабызда беребиз. Эгемендуулуктен алгандан кийин кыргызстанда динге байланыштуу маселелер боюнча изилдеелер активдешкен. Батыш менен россиялык изилдеечулер диний маселеге байланыштуу изилдеелерун Орто Азия челкемун бир бутундук катары жургузушет. [8, 5ст].

Кыргызстандагы жалпы эле орто азия челкемундегу диний абалды башка ракурс менен караган изилдеечулер да бар. Алар негизинен диний абалды анализдееде экстремизм, терроризм, фундаментализм, салафизм жана саясий ислам, исламизм сыяктуу енуттегу терминдер аркылуу карашат.

Бардык болуп жаткан диний тенденцияны жогоруда аталган терминологиялар аркылуу жYргYЗYшeт деп айтууга болот. Андай изилдeeчYлeрдYн арасында Кыргызстан, орто азия eлкeлeрYнeн, Россия жана батыштан бар. Мисалы А. Малашенко, Б. Бабаджанов, М.Б. Олкот. [7, 47ст]. Америкалык изилдeeчY Грэм Фуллер саясий ислам жана исламизм терминологиясынын негизинде караган. [13, 17ст]. Ошондой эле акыркы учурда жогорудагы терминдерге жацы "неосалафизм" жана "неофундаментализм" тYШYHYктeрY кошулду. Француз изилдeeчY Оливер Рой дагы дин жана мамлекет тууралуу изилдeeлeрYн терминологиялар аркылуу анализдегенге аракет жасаган. Ал фундаментализм жана неофундаментализм терминологиясынын призмасы аркылуу анализдеген. [6 ]. Ал термин 20-кылымдын акыркы чейрегинде илимий колдонууга киргизилген. Неофундаментализм термини аркылуу да анализдер жасалып жатат. Мусулман дYЙнeсYндe болуп жаткан тенденцияга да орта азия чeлкeмYндe негизинен мусулмандар жашагандыктан жалпынын бир бeлYГY катары карап жатышат. Ал эми орто азиялык изилдeeчYлeр орто азия мусулман дYйнeсYнeн айырмаланат деген кeз карашты алдыга CYрeeдe. Анын негизги eзгeчeлYГY катары "Салттуу ислам" тYШYHYГYнe ээ болгондугун алдыга CYрeeшYдe. "Салттуу ислам" тYШYHYГY тууралуу бири биринен айырмаланган кeз караштар бар. Ушул эле салттуу ислам термин батыш изилдeeчYлeрYHYн аныктамасы [12, 32ст] постсоветтик eлкeлeр менен eтe чоц айырмачылыкты кeрYYгe болот [4, 13ст].

Талкуу жана жыйынтык

Негизи эле дин менен мамлекеттин байланышы кандай болуш керек деген суроого жооп дайым изделYYДe. ИзилдeeчYлeр Орто Азия мамлекеттериндеги дин жана мамлекет байланышын же тYЗYЛYШYнe eз кeз караштарын билдирип келYYДe. Мындай деген пикирди билдиришет: фундаменталисттер талап кылгандай ислам тарыхынын баштарына кайтуу мусулман жамаатынын eз келечегин курууга жолтоо болот. Ошондуктан, Орто Азия мамлекеттеринин "секулярдык консенсусту" сактоосу башкача айтканда мамлекеттин светтик тYЗYЛYШYн колдоо коомдук консенсусу маанилYY экендигин айгинелейт [5, 442-43ст]. Ал эми Борбордук Азия регионунун ислам боюнча адис Ширин Акинер (Улуу Британия) постсоветтик Борбордук Азия мамлекеттери колдогон ислам, анын муктаждыктарына кызмат кылган динге айлантуу аракети деп эсептейт. Учурда бардык Борбордук Азия eлкeлeрYHYн конституцияларында мамлекет динден ажыратылган принцибин камтыганына карабастан аймакта ислам мамлекеттик идеологиянын курамдык бeлYГY статусуна ээ экендигин белгилейт. Анын себеби eзYн дискридация кылган марксизм-ленинизмден

кийин боштук калган идеологиялык вакуумда ар кандай "идеология анархия" пайда болуп чыр-чатактын ар кандай турлеру чыгуусуна туртку болушу мумкун эле. Ошондуктан, Борбордук Азия елкелерунде ислам улуттук мурастын бир белугу жана ошондой эле улуттук мамлекеттуулуктун адептик этикалык фундаменти катары ролун айгинелеген кампания баштатышкан [1, 105-106ст]. Кыргызстанда дин мамлекеттен ажыратылган болсо да, мамлекет башчылары дайыма диний иш чараны колдоп келген. Кээде ачык жургузген. [11, 207ст].

Акыркы учурда кыргызстанда Ислам динине басым жасап изилдееге алгандар кеп деп айтууга болот. Кеминде ушул багыт ар кандай изилдее жургузуп келууде. Негизги басым мамлекет жана дин же дин менен мамлекеттин байланышы тематикасы астында илимий боек берип келууде. Бардык тушунук светтуулук термини аркылуу жургузгенге аракет жасашат. Светтуулук принциби аркылуу жасабаса кандайдыр бир диний идеология тарабын кармангандай сезим калтырганга аракет кылышат. Негизги проблема келечекте ислам радикализми жана экстремизмин кыргызстан аймагына кецири жайылуусун алдын алуу деп 2014-2020-жылдар аралыгында КРнын Дин чейресундегу мамлекеттик саясаты концепциясына бакыйтып киргизип алышкан. Ал 3 багыттын биреесу. Ошол багытта мамлекет иш жургузуусу тууралуу жоболор керсетулген. Ошол концепциянын негизинде дин таануу жана диний билим беруу тууралуу концепция иштеп чыгышкан атайын тузулген топ. Ал концепцияда дуйнелук децгээлдеги диндер тарыхы же дин таануу предметинин принциптерин карманган. Жергиликтуу ац-сезим же тушунуктер кез жаздымындан чыгарып салынган. Негизги кейгей Ислам фундаментализми жана экстремизмин алдын алуу эле. Эмне учун аны камтыган маселелер киргизилген эмес деген суроого, биз светтуулук принциптерди кармандык деген жоопторун беришкен. Ал эми 2020-жылы концепциянын 5 жылдык меенету буткендугуне байланыштуу кайрадан концепция иштелип чыгып, аны деле светтуулук негизде дин таануу оптикасында каралат деген ойлоп айтылган болчу. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин жогорку бийлик тарабынан адеп-ахлак, ыйман тагыраак айта турган болсок ислам баалуулуктарына (исламды туз айтпаса да белгилуу) басым жасалат деген ойлору айтылгандан кийин жогорудагы пикири дин таануу оптикасы аркылуу кез карашындан баш тартышкан эмес, бирок ислам баалуулуктарына басым жасалып адеп ахлак окутулат деген ойду кошуптур. Мурда светтуулук принциби деп такыр жакындатчу эмес. Анын себеби 2017-жылы жаз куз мезгилинин акыркы кундеру Ош шаарында Санрайз гостиницасынын конференция залында жумушчу топ тарабынан дин саясаты концепциясынын негизинде иштелип чыккан Дин таанууну

окутуунун концепциясын талкуу уюштурулган. Негизги маселе дин саясаты концепциясында исламга байланыштуу кeйгeйлeрдY алдын алуу эле, эмне YЧYH жалпы дин таануу тYШYHYГY кирип калган деген ойго жумушчу топ биз светтик мамлекетпиз, ошондуктан дин таанууну нейтралдуулук YЧYн негиз алдык деген ойлорун айтышкан. Эми акыркы учурларда кeз караштарынын eзгeртYЛгeнYн кeрYYгe болот. Мамлекеттин динге болгон саясаты бийликтин башында турганга жараша болуп келе жатканын айтууга болот. Бирок дин кызматкерлерине башынан кандай мамиле жасалып келе жаткан болсо, ошол бойдон eзгeрYY жок эле уланып келYYДe. Дин кызматкерлери дагы жацы шарттарды eздeштYргeнY менен алардын ац-сезим жана ишмердYYЛYГYндe эч кандай eзгeрYY жок экендигин кeрYYгe болот. Бардык болуп жана жасалып жаткан динге байланыштуу иштер белгилYY кызыкчылыктын негизинде гана жYPYп жаткандай сезим калтырууда. Акыркы 10 жылдыкта мамлекеттин динге карата саясатында кeп тенденциялар ишке ашты. Жумушчу топтоп иштеди, бирок мамлекет менен диндин ортосундагы мамиледе eзгeрYY анча болбогондой. Себеби ал маселеге жогоруда белгилегенибиздей дин менен мамлекеттин ортосундагы байланышты анализдеп, концепцияны иштеп чыгууда дагы деле светтик же радикализм оптикасы аркылуу кароо eзгeрбeгeн. Диндин табиятын тYШYHYп билип анан туура анализ жYргYЗYп сунуштарды иштеп чыгуу ишке ашпай келет. Корутунду

Кыргызстанда диний маселени изилдee дин таануу же диндер тарыхы оптикасы аркылуу жYргYЗYлeт. Проблеманы туура ацдап туура анализ берYY YЧYH сeзсYЗ объекттин мацызын тагыраак айтканда табиятын изилдеген адам жакшы билYYCY шарт. Кыргызстанда ошол эле изилдeeчYлeр проблеманы жана келечекте чыга турган кeйгeлeрдY ислам менен байланыштырат. Ал эми жандоосу (подход) дин таануу бойдон улантылып келYYДe. Кыргызстан ^п кылымдар бою ислам менен жашап келген. Ошондуктан, аны кeз жаздымындан чыгарып салуу туура эмес. Ал эми диний жагдайды жакшы анализдеп коомду туура багытка буруу ал сeзсYЗ исламдын табиятын таанып билYY аркылуу болот деп айта алабыз. Исламды тYШYнбeй туруп мамлекет менен диндин байланышын аныктоо туура эмес болуп калат. Азыркы учурда дин менен мамлекеттин байланышы атеисттик ^з караштагы оптика менен жYргYЗYЛYп жатат.

Адабияттар

1. Акинер Ш. . Поиск рационального соотношения между религиозностью и светскостью в постсоветских мусульманских государствах. //Ислам и светское государство. 2003. Ташкент.

2. Козукулов Т. Проблемы борьбы с религиозным экстремизмом в условиях глобализации в Ферганской долине. Ош. 2008. 140 с.

3. Козукулов Т. Основные принципы взаимоотношения религии и государства в Кыргызстане. Молодой ученый, 2016. №10 C. 1129-1132.

4. Козукулов Т. Саясий ислам: тарыхтан учурга чейин. -Бишкек: Рекламир. 2018. 350

5. Россия - Средняя Азия: Политика и ислам в конце XVII - в начале XXI века. (2013). -Москва: Издательство Московский университет. /Авторский коллектив: Ф.М. Мухаметшин (руководитель авторского коллектива), С.Н. Абашин, Д.Ю.Арапов, Б.М. Бабаджанов, В.А. Германов, В.А. Иванов, Р.Н. Шигабдинов. 480.

6. Руа О. Глобализированный ислам: в поисках новый уммы. -2018. Москва: Фонд Марджани. 338.

7. Малашенко А. Исламская альтернатива и исламский проект. Москва: Издательство Весь Мир.2016. 221 с.

8. Ушаков В. Политический ислам в Центральной Азии. -Москва-Бишкек: Издательство КРСУ. 2005 208 с.

9. Kozukulov T. Bagimsizlik Oncesi Ve Sonrasi Kirgiz Toplumunda Din Ve Dini Kurumlar Uzerine Bir Analiz. Hitit Universitesi ilahiyat Fakultesi Dergisi, 19/1, 2020. С.173-206. https://doi.org/10.14395/hititilahiyat.669036

10. Kozukulov T. Kirgizistan'da Devletin Din Siyaseti /The Religion Politics of the State in Kyrgyzstan. Akademik Hassasiyetler, 4 (7), С.85-104. https://dergipark.org.tr/en/pub/akademik-hassasiyetler/issue/29493/305489

11. Kozukulov T. Kirgizistan'da Dini Kurumsalla§ma Ve Toplum. Agri ibrahim £e9en Universitesi Sosyal Bilimler Enstitusu Dergisi, 2015. 1 (1), С.177-209. https://dergipark.org.tr/en/pub/aicusbed/issue/1518/18673

12. Manaz A. Dunyada ve Turkiye'de siyasal islamcilik. -Ankara: Ayra9 yayinlari. 2005. С.775.

13. Fuller G.E. Siyasal islamin gelecegi. £ev. M.Acar. -istanbul: Tima§ yayinlari. 2005. С.352.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.