Научная статья на тему 'КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ'

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
73
14
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
методология / метод / студент / квалификациялык иш / проблема / тема / адабият / проблема / methodology / method / student / dissertation / problem / topic / literature / problem

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Кожобеков Муратбек Чалакеевич

Студенттин адистиги боюнча изилдеп аткан проблемасы «Квалификациялык иш» деп аталып, ал 60тан 100 чамалуу барак көлөмүндө жазылат. Жогорку окуу жайларда калыптанган салтка ылайык, квалификациялык иш жогорку билим дипломуна жолдомо катары каралат. Квалификациялык иштин жазылыш методу менен студенттин темага жасаган мамилесине карап, аларды изилдөө багытындагы жана көчүрмө түрүндөгү, деп экиге бөлүп карасак болот. Биринчи багыттагы квалификациялык иштин аталышы көрсөтүп тургандай, студент коюлган проблеманы түшүнүп, анын маанисин ачыш үчүн арбын убакыт коротуп, терең изилдөө жүргүзгөнгө аракет жасайт. Компилятивдик квалификациялык иште, студент тек гана тема боюнча белгилүү болгон илимий адабияттардын басымдуу бөлүгү менен таанышып, аларда айтылган проблемаларды окуп, үйрөнгөнүн ырааттуулук менен кагаз бетине түшүрүүгө жетишет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

METHODOLOGY FOR WRITING A QUALIFICATION PAPER

The student’s final qualifying work in the specialty is called “Thesis” and it is approximately 60-100 pages long. According to the established tradition in higher educational institutions, the thesis is considered as a sign of a diploma of higher education. Depending on the method of writing theses and the student’s approach to the topic, they can be divided into research and compilation. As the title of the first degree thesis indicates, the student tries to understand the problem, spends a lot of time and conducts in-depth research to uncover its meaning. In a compilation thesis, the student gets acquainted with most of the scientific literature known only on the topic and, delving into the essence of the problem on the topic, tries to independently conduct research work.

Текст научной работы на тему «КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№2(3)/2023, 55-61

УДК: 94:39(575.2)

DOI: 10.52754/1694867X 2023 2(3) 8

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ

МЕТОДОЛОГИЯ НАПИСАНИЯ КВАЛИФИКАЦИОННОЙ РАБОТЫ METHODOLOGY FOR WRITING A QUALIFICATION PAPER

Кожобеков Муратбек Чалакеевич

Кожобеков Муратбек Чалакеевич Kozhobekov Muratbek Chalakeevich

Проф., др., Кыргыз-Турк "Манас" университети

Проф.,др, .Кыргызско-Турецкийуниверситет "Манас" Prof.Dr., Kyrgyz-Turkish Manas University muratbek.koj [email protected]

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТИ ЖАЗУУ МЕТОДОЛОГИЯСЫ

Аннотация

Студенттин адистиги боюнча изилдеп аткан проблемасы «Квалификациялык иш» деп аталып, ал 60тан 100 чамалуу барак квлвмYндв жазылат. Жогорку окуу жайларда калыптанган салтка ылайык, квалификациялык иш жогорку билим дипломуна жолдомо катары каралат. Квалификациялык иштин жазылыш методу менен студенттин темага жасаган мамилесине карап, аларды изилдвв багытындагы жана квчYрмв тYPYндвгY, деп экиге бвлYп карасак болот. Биринчи багыттагы квалификациялык иштин аталышы кврсвтYп тургандай, студент коюлган проблеманы тYШYHYп, анын маанисин ачыш YЧYн арбын убакыт коротуп, терец изилдвв жYргYЗгвнгв аракет жасайт. Компилятивдик квалификациялык иште, студент тек гана тема боюнча белгилуу болгон илимий адабияттардын басымдуу бвлYГY менен таанышып, аларда айтылган проблемаларды окуп, YЙрвнгвнYн ырааттуулук менен кагаз бетине тYШYPYYгв жетишет.

Ачкыч свздвр: методология, проблема.

метод, студент, квалификациялык иш, проблема, тема, адабият,

МЕТОДОЛОГИЯ НАПИСАНИЯ КВАЛИФИКАЦИОННОЙ РАБОТЫ

METHODOLOGY FOR WRITINGA QUALIFICATION PAPER

Аннотация

Выпускная квалификационная работа студента по специальности, называется «Квалификационная работа» и пищется она примерно на 60-100 страницах. По сложившейся традиции в высших учебных заведениях, Квалификационная работа рассматривается как знак на диплом о высшем образовании. В зависимости от способа написания дипломных работ и подхода студента к теме их можно разделить на исследовательские и компилятивные. Как указывает название дипломной работы первого направления, студент пытается понять проблему, тратит много времени и проводит глубокие исследования, чтобы раскрыть ее смысл. В компилятивной дипломной работе студент знакомится с большей частью известной только по теме научной литературы и вникая на суть проблемы по теме старается самостоятельно провести исследовательскую работу.

Abstract

The student's final qualifying work in the specialty is called "Thesis" and it is approximately 60-100 pages long. According to the established tradition in higher educational institutions, the thesis is considered as a sign of a diploma of higher education. Depending on the method of writing theses and the student's approach to the topic, they can be divided into research and compilation. As the title of the first degree thesis indicates, the student tries to understand the problem, spends a lot of time and conducts in-depth research to uncover its meaning. In a compilation thesis, the student gets acquainted with most of the scientific literature known only on the topic and, delving into the essence of the problem on the topic, tries to independently conduct research work.

Ключевые слова: методика, метод, студент, диссертация, проблема, тема, литература, проблема.

Keywords: methodology, method, problem, topic, literature, problem.

student, dissertation,

Киришуу

Студент башынан эле изилдее же компилятивдик багыттагы ишти аткараарын мерчемдеп алганы оц. Изилдее багытындагы иш узак убакытты жана кыйла ой жYГYртYY аракетин талап кылат. Эгер, аткаруучу компилятивдик ишке да чыгармачыл мамиле жасаса, анда ага деле узак меенет жана кеп эмгек сарпталышы мYмкYн.

Квалификациялык иштин акыбети кайтып, келечектеги кесипке кызмат кылышы YЧYн кийин терецдетилип изилдене турган болочоктуу теманын тандалып алынышы оц. Эгер, дипломдук тема «Орто кылымдагы ЧYЙ ереенYндегY шаарлар жана алардын соода, маданий алакалык маанисине» арналса, ал илимий кызматкерлик YЧYн эле керек болбостон, болочок адиске карата кайсыдыр бир туризм боюнча агенттиктин директорунун кызыгуусун пайда кылаары шексиз. Себеп дегенде, квалификациялык ишти жазыш YЧYн ал - а) теманын так аталышын аныктайт; б) суроонун тарыхы боюнча материал топтойт; в) материалды системалаштырат; г) чогултулган материалды тYШYHYY аракетин жасайт; д) материалды калыпка келтирет; ж) ишти окуй турган окуурмандардын жазылган эмгекти тYШYHYШY YЧYн сабаттуу, тYШYHYктYY тилде жазганга аракеттенет.

Ошондуктан, квалификациялык ишти жазуу акылгейлYк жана ыраттуу эмгекти талап кылат. Студент окуган китептерден илимий эмгектин жазылыш методу, илилдее жYргYЗYY методу жана анализдее жолдору менен таанышат. Сабаттуу жана илимий тилде YлгYЛYY текст курганга Yйренет. КеректYY китептерди издее жолу менен таанышып, илимий эмгектерге шилтеме жасоо, кайчылаш пикирлердин чыгыш себебин билгенге жарап, илимий багаж топтойт. Илимий китептер менен макаларды арбын окуган сайын, проблеманы жетик тYШYHYY менен бирге, толгон-токой фактыларды эске тутуу зарылчылыгы келип чыгат. Демек, квалификациялык ишти жазуу бир жагынан эске тутуу жендемYн арттырууга ебелге берет.

Болочок адистин туура кесиптик багыт алышында квалификациялык иштин темасынын оц тандалып алынышы маанилYY роль ойнойт. Ал YЧYн теменкYдей талартар сакталаышы оцдуу:

1) Тема студенттин даярдыгына жана кызыкчылыгына жараша сунуш кылынат.

2) Теманы изилдеш YЧYн конкреттYY студенттин интеллектуалдык жана билим багажы теп келиши керек.

3) Проблема YЧYн керектYY материалдар китепкана, архивдерден табылгыдай болушу зарыл.

4) Теманы изилдее YЧYн тандалып алынган методология, студенттин даярдыгына жараша сунуш кылынат.

Квалификациялык иш жазуу женYнде маселе чыкканда, адатта студент «Хазар каганатынын тарыхы» (Новосельцев, 1990) сыяктуу келемдYY теманы тандап алууну ойлойт. Албетте, мындай мамиле башынан зыяндуу экендигин эскерте кетYY зарыл. БелгилYY болгондой Хазар каганатыын тарыхы боюнча монографиялык эмгектер жарык керYп, нечендеген илимий изилдеелер жYргYЗYЛген. Жогорку окуу жайын жацыдан бYTYPYYге белсенип, бирок али илимий даярдыгы аз студент YЧYн мындай масштабдуу проблеманы изилдее мYмкYн эмес. Ал проблеманы тYШYHYп, ишти жазууга киришкенге чейин эле арбын материалга кемYЛYп, ой учугун уламак ту^л, адабияттарды тизмелегенге жетишпей калат.

Тема канчалык чакан, конкреттYY проблемага арналса, аны изилдее ошончолук кызыктуу жана ырахат ыроологудай тYЙшYк жаратат. Мисалы, изилдее методу менен жацыдан тааныша баштаган студент YЧYн «Орто кылымдагы кыргыздардын жоо куралдары» деген теманы тандап алганга караганда, ушул эле мезгил боюнча «Кыргыздардын жаа жебелери» аттуу темада изилдее жYргYЗген кыйла келечектYY. Акыркы теманын айрыкча чакан проблемага арналганына карабастан, кыргыздардын жаа жебелерин (Худяков, 1980) башка калктардын согуштук арсеналындагы аналогиялык жебелери менен салыштыруу, алардын-жасалыш методу, езгечелYГY, баллистика жана жебени жасаш YЧYн пайдаланылган темирдин сапаты сыяктуу кызыктуу маселелер козголот. Темирдин сапаты менен устанын жаа жебесин узанууда колдонулган устачылык чеберчилиги, кыргыз елкесYндегY темир иштетYY жана кол енерчYЛYк тармагын изилдее зарылчылыгын жаратпай койбойт. Квалификациялык ишти аткаруучу жаа жебелеринин тYрлерYн иликтее менен алардын колдонулуш зарылчылыгын жана баалистика маселесин ездештYрет. Андан кийин согуш тактикасында кайсыл жебе, кандай учурда колдонулган деген суроого жооп издейт. Ошентип, керсетYЛген проблема ез ордун тапкандан кийин, буга чейин монографиялык децгээлде эмгек жазылган биринчи темага караганда, жацы жана оригиналдуу квалификациялык иш жарык керет.

Демек, дипломдук тема канчалык конкретYY проблемага арналса, иш ошончолук ыкчам жылып, ийгилиги да баалуу болот!

Мындан сырткары, студент YЧYн чакан тематандап алуунун практикалык мааниси да бар. Тема канчалык кенен жана изилдениш тармагынын кенендигине жараша, ага кызыккан адамдардын саны да кеп экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Кызыккан адамдардын санына жараша суроолор да арбын берилип, аткаруучунун проблеманы канчалык даражада ездештYргендYГYн билгиси келген адистер кебейет.

Тарыхчы студентти адистикке багыттап, кесиптик тажрыйба топтоодо ез алдынча жазуу ишти аткаруу маанилYY роль ойнойт. Чакан чыгарма болсо да аны жаратыш YЧYн студент белгилYY бир тарыхый доорду YЙренYп, ездештYPYш максатында материал менен терец таанышып, ез алдынча китеп менен иштее, илимий кызыкчылыгын аныктоо, келечекте профессионалдык есYШYн шарттай турган жолдомо алууга жетишет.

Квалификациялык иш адисти даярдоонун соцку этабы. Аны аткарууда окуу убагында алынган билим, топтолгон тажрыйба толугу менен колдонулат. Диплом жазуучу илимий иликтее тармагынын предмети боюнча талдоо жYргYЗYп, окуу-изилдее ишинин жыйынтыгын туура аткара билиши зарыл.

Студентти мындай адистик ишке багыттоодо окутуучунун жолдомо керсетYYЧY милдети чоц. Ал, ез мезгилинде илимий иштин темасын тактап, андан кийин студентке эмгектенYY методу жолун YЙретYШY зарыл. Илимий жетекчи тарабынан тынымсыз жардам керсетYлбей, кеземелдее жYргYзбесе жана негиздYY илимий сунуш жасалбаса, анда студенттин тыянактуу эмгек жаратышы кYмен. Мындан биз студенттик илимий иштин YЗYPЛYY аткарылышы YЧYн окутуучунун жетекчилик милдетинин канчалык маанилуу экендигин байкасак болот.

Студент тандап алган илимий эмгекти аткаруу иши жалпы жонунан алты этаптан турат:

• теманы аныктоо,

• теманын проблемасы менен таанышуу,

• план TYЗYY,

• колдо бар тарыхый материалдарды сездештYPYп салыштырма анализин жYргYЗYY,

• эмгекти жазуу.

Материалдар жана теманы жазуу методдору

Жыйынтыктоочу иштин темасы алынчу адистикке шайкеш болуп жана илимий, практикалык жактан актуалдуу келип кафедралардын илимий багытына туура келиши зарыл.

Курстук иштикиндей эле дипломдук чыгарманын темасын тактоодо студент тарабынан ыкчам аракет талап кылынат. Кыргыз-ТYрк «Манас» университетинин тарых белYMYнде акыркы меенет деп 15-октябрь кYHY белгиленген. Иштин темасын белгилее YЧYн 1 айлык меенет жетишээрлик болгону менен бул багыттагы изденYY иши 1-курстан баштап жYргYЗYЛгенY оц. Окутуучу ар бир студенттин даярдык, билим децгээлин тактаган соц чыгармачылык багыт аныкталат.

Квалификациялык иштин темасын тандап алууну жецилдетиш YЧYн кафедрада сунуш кылынчу темалардын тизмеси болушу керек.

Теманы толук аныктоо студент менен илимий жетекчинин кезме-кез жолугуушусунда жYргYЗYлет. Мында окутуучунун милдети бир теманы кош кецYЛ сунуш кылуу же студент тандаган теманы формалдуу тYPде бекшуу менен чектелбеши керек. Теманы толук бекитиш YЧYн окутуучу ез окуучусунун кызыкчылыгын демек анын тарыхтагы - саясат, экономика же маданият жана кайсыл доорго айрыкча кызыга тургандыгын, даярдык-идирегин билиши абзел. Мындан тышкары окутуучу студенттин жалпы тарыхый, маданий интеллектуалдык багажын баамдап, теманын материалдык жабдылышын эске алган ^нде барып чыгармачыл иш жецил жYргYЗYлет.

Эгер студент сунуш кылынган проблемалардын тизмесинен тышкары темага кызыкса, анда окутуучу анын пикирине кецYЛ буруп кылдат мамиле жасаганы оц. Бирок бул окутуучу студенттин сунушуна муюп, аны кабыл алыш керек дегендикке жатпайт. Айталы, Кыргызстандын тарыхы боюнча мурда сынактан еткен «Кыргыз каганатындагы коомдук-экономикалык мамилелерден» тышкары Кыргыз мамлекетинин маданияты, саясий тарыхы боюнча кошумча темалар сунуш кылынышы мYмкYн. Эгер студент ТYрк каганатынын тарыхы деген жалпы теманы же Уйгур каганатындагы диний синкретизмди изилдеенY сунуш кылса, илимий жетекчи дипломникти мындай жацылыш жолдон оц жолго салышы керек. Биринчиден, ТYрк каганатынын тарыхына арналган илимий эмгектер арбын. Мындай кецири теманы жазуу мурда жарык керген эмгектерди кайталоо менен чектелип, студенттин илимий кез карашынын калыптанышына салым кошпойт. Экинчиден, окутуучу студент тандап алган теманын оордугун же материалдык жабдылышы жетишсиз экендигин TYШYHДYPYШY зарыл. Ошондуктан жацы тема ошол тарыхый доор чегиндеги маселеге байланыштуу бекитилсе, окуучунун да талабы канагатталып, иш жецилдейт. Ал YЧYн квалификациялык иш мурдагы курстук теманын негизинде тYптелYп, улам жацы проблема менен жацыланып турганы оц.

Жыйынтыктар жана талкуу

Студент теманы тандагандан кийин убакытты текке кетирбестен, эц жакшысы биринчи ай арасында темага байланыштуу суроолордун топтому менен таанышышы зарыл. Алар -жогорку окуу жайы YЧYн жазылган жакшы окуу китебиндеги тарыхый доорго тийиштYY бапты окуп чыгуу жана бул мезгилге ылайык топтолгон хрестоматиялык материал менен таанышуу; библиографияны окуп, керектYY эмгек жана жазма булак, жацы жарык квргвн адабияттарды тизмелеп, атайын картотека жазуу; акырында, темага байланыштуу эмгекти (керектYY бап, параграфтарды), сейрек кездешчY монографияларды кенен конспектилвв.

Мисалы, «Кыргыз каганатынын тышкы саясаты» деген теманы жазыш YЧYн твмвнкYДвй план тYЗYп иштесе болот:

1. Колдо бар окуу китептердин тийиштYY баптарын окуп чыгуу - «История Киргизской ССР» т.1. - Фрунзе, 1984 (IV бап); Осмонов С., Асанканов А. «Кыргызстан тарыхы (Эц байыркы доордон азыркы мезгилге чейин)» - Б., 2001 (1 бвлYм, § 5-6); «Кыргыз Республикасынын тарыхы». - Б., 2000 (Экинчи бвлYм, § 12, 14); мындан тышкаары хрестоматиялык эмгектер менен таанышуу: «Кыргызы: Источники, история, этнография». -Б., 1996; «Источниковедение Кыргызстана (с древности до XIX в.). - Б., 1996.

Квалификациялык ишти жазыш YЧYн атайын жазылган энциклопедиялык свздYктврдY колдоно билYY зарыл. Алсак; «Энциклопедический словарь Брокгауза и Эфрона» (полутом 182, Спб., 1890-1907), «Большая советская энциклопедия» (изд. 3-е, т. 1-30. - М., 1969-1978), «Советская историческая энциклопедия» (т. 1-16. - М., 1961-1976), «Кыргыз ССР энциклопедиясы», «Народы и религии мира». - М., 1998 ж.б.

2. Квалификациялык ишке тийиштYY библиографияны издеп, тема боюнча картотека тYЗYY. Ал шарттуу тYPДв «История Киргизской ССР» монографиясынын 1-томундагы колдонулган адабияттар негизинде жYргYЗYлгвнY оц. Жогоруда тандалган тема боюнча адабияттарды, атайын жазылган изилдвв иштерди, илимий макалаларды Амитин-Шапиронун «Аннотированный указатель литературы по истории археологии и этнографии Киргизии» (1750-1917) - Фрунзе, 1958 деген кылдат иштелип чыккан эмгегине таянып тапса болот. Мында студент башынан эле картотека тYЗYY эрежесин вздвштYPYШY керек. Ал адабият, макалаларды туш келди, кврYнгвн барак же дептерге жаза бербей, башынан талап коюлган тартипке ылайык ирээттYY иштегенди YЙрвнYШY зарыл. Мисалга, Караев О.К. История Караханидского каганата (X - начало XIII вв.). - Фрунзе: Илим, 1983. - 302с.

3. Дипломдук темага байланыштуу эмгектердин керектYY бвлYктврYн конспектилвв. Алсак, Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. - Абакан, 2000 аттуу китептин II бвлYГYндвгY 1-4 параграфтарды дыкат конспектилвв зарыл.

Корутунду

Жыйынтыктап айтканда квалификациялык ишти аткарууда акыркы этаптын мааниси зор. Теманы терец ездештYPYш YЧYн акыркы изилдее менен терец таанышкан оц. Анткени бизге замандаш окумуштуу мурдагы изилдеелердY эске алып, жацы кез карашты сунуш кылат. Мындай эмгектин тарыхнаама белYГYнде буга чейин айтылган ой-пикирлердин ецYPY ачылып, жацылыш жагы керсетYлет. Илимий кез караштарды ездештYрген соц окучуунун проблема боюнча TYШYHYГY турукташып, туташ изилдее жYргYЗYYге кудурет жаралат. Илимий жетекчинин милдети тандалып алынган тема боюнча жазылган мыкты изилдеенY сунуш кылып, оц жолго багыт берYYДе турат. Мында жалац эле тарыхнаамалык багыттоо менен эле чектелип калбай, илимий жетекчи ага 200 жылдан ашык тарыхнаамалык базасы топтолгон кыргызтаануу илиминде мурдагы изилдеелерге таянбай туруп ез алдынча иликтее жYргYЗYY MYMKYH эместигин ачык TYШYHДYPYШY керек. Ошондо барып жацыдан илимий табити тYптелYп аткан окуучу YЧYн мурда топтолгон тажрийбанын туура колдонуу, илимий пикирди урматтоо сыяктуу изилдеечYЛYк кез караш калыптанат.

Адабияттар

1. Амитин-Шапиро З. Л. Аннотированный указатель литературы по истории археологии и этнографии Киргизии» (1750-1917) - Фрунзе, 1958. - 349 б.

2. Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. - Абакан, 2000. - 272 б.

3. Источниковедение Кыргызстана (с древности до XIX в.). - Бишкек, 1996. - 505 б.

4. Караев О.К. История Караханидского каганата (X - начало XIII вв.). - Фрунзе, 1983. -302 б.

5. Кыргызы: Источники, история, этнография». - Б., 1996. - 526 б.

6. Народы и религии мира. - М., 1998. - 928 б.

7. Новосельцев А.П. Хазарское государство и его роль в истории Восточной Европы и Кавказа. - Москва, 1990. - 264 б.

8. Худяков Ю. С. Вооружение енисейских кыргызов VI-XП вв. // Новосибирск: 1980. -268 б.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.