Научная статья на тему 'АЯЛДАРДЫН БИЛИМГЕ УМТУЛУУСУНДАГЫ STEM-ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ОРДУ'

АЯЛДАРДЫН БИЛИМГЕ УМТУЛУУСУНДАГЫ STEM-ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ОРДУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
21
10
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
аялдар / STEM-билим берүү / ыкмалар / инженерия / маалымат технологиясы / так илимдер / кесип / гендердик теңдик / women / STEM education / methods / engineering / IT / exact sciences / profession / gender equality

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Акматова Айниса Абдибаитовна, Үсөн Кызы Мираида, Аида Ташболот Кызы

Бул макалада STEM багытында билим алуу жана технологияларды колдонууда аялдардын ролу жөнүндө жана ошондой эле коомубуздагы жалпы аялдардын технологияларды канчалык денгээлде колдонушат, канча кыз балдар STEM багытында билим алышат жана иштешет, аялдардын бул жаатка кызыгуусуна же алектенүүсүнө тоскоол болгон себептер кайсылар айтылат. Азыркы учурда замандын талабына ылайык орто жана жогорку жаштагы аялдардын жогорку технологияны өздөштүрүүсү актуалдуу болсо, а жаш кыздарды STEM багытына кызыгуусун арттыруу максатка ылайык болуп саналат. Аталган теманын актуалдуулугу бул жаатка аялдарды тартуу зарылдыгы жана кыздарды кандай жолдор менен так илимдерге интеграциялоо жолдору, келечекте кайсы кесиптердин актуалдуу болоору жана STEM билим берүү стратегияларында кандай методикалык ресурстар камтылгандыгы менен шартталган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Акматова Айниса Абдибаитовна, Үсөн Кызы Мираида, Аида Ташболот Кызы

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ROLE OF STEM-EDUCATION TECHNOLOGY IN WOMEN’S EDUCATION

Abstract The paper focuses on the issues such as role of women in mastering and using new technologies in STEM education and to what extent women in our society generally use technology, how many girls study and work in STEM fields, what reasons prevent women from being interested in or engaging in this area. At present, according to the requirements of the time, it is important for women of middle and older age to master high technologies, and it is advisable to increase the interest of young girls in the direction of STEM. The relevance of this topic is due to the need to involve women in this area, and in what ways girls can be integrated into the exact sciences, which professions will be more relevant in the future, and what methodological resources are included in STEM educational strategies.

Текст научной работы на тему «АЯЛДАРДЫН БИЛИМГЕ УМТУЛУУСУНДАГЫ STEM-ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ОРДУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

e-ISSN: 1694-8610

№3/2023, 43-49

ПЕДАГОГИКА

УДК: 37.022. - 004.9.

DOI: 10.52754/16948610 2023 3 5

АЯЛДАРДЫН БИЛИМГЕ УМТУЛУУСУНДАГЫ STEM-ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ОРДУ

РОЛЬ STEM-ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫХ технологий в стремлении женщин к

ОБРАЗОВАНИЮ

THE ROLE OF STEM-EDUCATION TECHNOLOGY IN WOMEN'S EDUCATION

Акматова Айниса Абдибаитовна

Акматова Айниса Абдибаитовна Akmatova Ainisa Abdibaitovna

доцент, Ош мамлекеттик университети

доцент, Ошский государственный университет Assistant Professor, Osh State University [email protected]

Yсeн кызы Мираида

Усон кызы Мираида Uson kyzy Miraida

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected]

Аида Ташболот кызы

Аида Ташболот кызы Aida Tashbolot kyzy

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected]

АЯЛДАРДЫН БИЛИМГЕ УМТУЛУУСУНДАГЫ STEM-ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ОРДУ

Аннотация

Бул макалада STEM багытында билим алуу жана технологияларды колдонууда аялдардын ролу жeнYвдe жана ошондой эле коомубуздагы жалпы аялдардын технологияларды канчалык денгээлде колдонушат, канча кыз балдар STEM багытында билим алышат жана иштешет, аялдардын бул жаатка кызыгуусуна же алектенYYCYнe тоскоол болгон себептер кайсылар айтылат. Азыркы учурда замандын талабына ылайык орто жана жогорку жаштагы аялдардын жогорку технологияны eздeштYPYYCY актуалдуу болсо, а жаш кыздарды STEM багытына кызыгуусун арттыруу максатка ылайык болуп саналат. Аталган теманын актуалдуулугу бул жаатка аялдарды тартуу зарылдыгы жана кыздарды кандай жолдор менен так илимдерге интеграциялоо жолдору, келечекте кайсы кесиптердин актуалдуу болоору жана STEM билим берYY стратегияларында кандай методикалык ресурстар камтылгандыгы менен шартталган.

Ачкыч свздвр: аялдар, STEM-билим берYY, ыкмалар, инженерия, маалымат технологиясы, так илимдер, кесип, гендердик тецдик.

РОЛЬ STEM-ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫХ технологий В СТРЕМЛЕНИИ ЖЕНЩИН К ОБРАЗОВАНИЮ

Аннотация

В данной статье рассматриваются такие вопросы, как роль женщин в освоении и использовании технологий в STEM-образовании, а также в какой степени женщины в нашем обществе вообще пользуются технологиями, сколько девушек учатся и работают в областях STEM, какие причины мешают женщинам интересоваться или заниматься этой сферой. В настоящее время, согласно требованиям времени, женщинам среднего и старшего возраста важно осваивать высокие технологии, и целесообразно повышать интерес молодых девушек к направлению STEM. Актуальность данной темы обусловлена необходимостью привлекать женщин в эту сферу, и какими способами можно интегрировать девушек в точные науки, какие профессии будут более актуальны в будущем, и какие методологические ресурсы включены в образовательные стратегии STEM.

THE ROLE OF STEM EDUCATION IN WOMEN'S ASPIRATIONS TO EDUCATION

Abstract

The paper focuses on the issues such as role of women in mastering and using new technologies in STEM education and to what extent women in our society generally use technology, how many girls study and work in STEM fields, what reasons prevent women from being interested in or engaging in this area. At present, according to the requirements of the time, it is important for women of middle and older age to master high technologies, and it is advisable to increase the interest of young girls in the direction of STEM. The relevance of this topic is due to the need to involve women in this area, and in what ways girls can be integrated into the exact sciences, which professions will be more relevant in the future, and what methodological resources are included in STEM educational strategies.

Ключевые слова: женщины, STEM-образование, методы, инженерия, информационные технологии, точные науки, профессия, тендерное равенство.

Keywords: women, STEM education, methods, engineering, IT, exact sciences, profession, gender equality

Киришуу

Учурдагы билим 6epYYHY санариптик трансформациялоо процессинде информатика предметин окутууда электрондук окутууну (ЭО), STEM мамилени колдонууну, жаштарды программалоого YЙрeтYYHY, алардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдеелерге даярданууну, компетенттик билим берYYHY ишке ашырууну, киберкоопсуздукту эске алуу - актуалдуу маселелерден болуп саналат.

Электрондук окутуу жана аны уюштура билYY - санариптик технологиянын тYPДYY ресурстарын жана электрондук окуу материалдарын пайдаланып, каалаган жерден каалаган убакта уюштурулуучу окуу процессинин интерактивдYY, инновациялык тYPY катары эсептелет. Электрондук окутууда санариптик жана коммуникациялык технологиялардын тYPДYY ресурстары (компьютерлер жана алардын кошумча курамдары, мобилдик телефондор, планшеттер, тYPДYY гаджеттер жана алардын тYPДYY тиркемелери, телевизорлор, интернет тармактары жана аларды туташтыруучу каражаттар ж.у.с. ресурстар) пайдаланылат. Электрондук окутууну ийгиликтYY ишке ашыруу YЧYн негизги Y4 нерсени эске алуу керек: жеткиликтYYЛYктY, компетенцияны жана мотивацияны камсыздоо. ЖеткиликтYYЛYк - окуу процессинин катышуучуларынын интернет тармагына эркин туташуусу, компетенция -маалымат ресурстарын пайдалануудагы кендYмдYн болушу, ал эми мотивация -окуучулардын ез алдынча билим алууга кызыгуусунун жана аракетинин болушу керектигин билдирет.

Билим берYYДе STEM мамилени колдонуу - бул билим берYYге жацыча мамиле болуп эсептелип, бала окуу китебинен сырткары табигый-илимий жана техникалык билимдерди айкалыштыруу менен маселени чечYYге чыгармачылык мамиле кылуусу. STEM- билим берYY - бул табигый жана так илимдерди инновациялык технологиялардын жардамы менен окутуп YЙретYYге басым жасаган атайын багыт катары саналат. STEM мамиленин негизги базасы катары илимий методдор, математикалык моделдеелер, инженердик дизайн жана инновациялык ой жYГYртYY эсептелет. STEM мамиленин алкагында информатика предмети аркылуу жаштарга бир нече мYмкYнчYЛYктердY берет.

Санарипттик доордо аялдардын технологияларды канчалык денгээлде колдонушат, канча кыз балдар STEM багытында билим алышат жана иштешет, аялдардын бул жаатка кызыгуусуна же алектенYYCYне тоскоол болгон себептер кайсылар, эмне YЧYн бул тармакка аялдарды кызыктыруу маанилYY жана кандай ыкмалар менен кыздарды так илимдерге интеграциялоого болорун, келечекте кандай кесиптердин актуалдуулугу арта тургандыгы STEM билим берYY стратегиялары кайсы методикалык ресурдарды камтыгандыгын карап керебYЗ.

Азыркы учурда замандын талабына ылайык орто жана жогорку жаштагы аялдардын жогорку технологияны ездештYPYYCY актуалдуу болсо, а жаш кыздарды STEM багытына кызыгуусун арттыруу максатка ылайык болуп саналат. Технология енYГYп, баары изденип езYн енYктYPYп жаткан мезгилде аялдардын тактап айтканда кыргыз аялдарынын алдьщкы технологияларды ездештYYPYCY зарыл. Жаш балдар ата-энеге карап тYЗденет эмеспи. Биздин эже, апаларыбыз ездештYрген болсо жаш кыздарыбыз илим, технология, инженерия, математика (STEM) багытын тандайт деп ойлойбуз.

Изилдеенун материалдары жана каражаттары

STEM - илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы жумушка байланыштуу профиль болуп эсептелет. Биз жашап жаткан санарип доорунда, бул профилдер эмгек рыногунда эц жагымдуу деп эсептелинет, анткени алар 21-кылымдын биринчи жарымында эц квп акы тeлeнYYчY жана эц чоц eсYY мYмкYнчYЛYГYнe ээ. Окумуштуулардын кeз карашы боюнча заманыбыз eнYккeн сайын мындан дагы жацы кесиптер пайда болот. Программалоо жана eндYPYштY автоматизациялоо, роботтоштуруу, пайдалуу ресурстарды eндYPYY ж.б. ушуну менен тыгыз байланышкан кесиптер талап кылынат.

Азыркы жаштарга STEM жeнYндe билим берYY eтe маанилYY. Бул тармакта окуган студенттер маалыматтык негизделген жана жогорку технологиялык коомдо ийгиликке жетYY жана STEM билим берYY тармагында eз мYмкYнчYЛYктeрYн eркYндeтYY менен изилдeeлeрдY технологиялык жацылыктарды иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу компетенттYYЛYктY бириктирет. Мисалы, робототехникадагы жетишкендиктер, жасалма интеллект жана долбоорлорду иштеп чыгуу (https://kutbilim.kg/analytics/inner/stem-bilim-ber-tehnologiyalyk-n-g-zholu / (дата: 10.10.2023)).

STEM билим берYY илим, технология, инженерия жана математика жаатындагы методикалык ресурстарды жана стратегияларды камтыйт, алар STEM долбоорлору деп да аталат. Бул долбоорлор балдарга оюн аркылуу билим алууга жардам берет, кeйгeйлeрдY креативдYY чечYYДe, жогорудагы багыттар боюнча кeндYмдeрдY eрчYтeт. STEM билим берYY eзYHYн практикалык жана дисциплиналар аралык мамилеси менен мYнeздeлeт. Мындан тышкары, окутуу стратегиялары тeмeнкY формуланы колдонот: уйренуу + ойноо + ырахат алуу + туртку беруу. STEM класстары чыгармачылыкты, логикалык ой жYГYртYYHY, аналитикалык кeндYмдeрдY, кeп тармактуу командалык иштeeнY, жацычылдыкка жeндeмдYYЛYктY жана кeйгeйлeрдY чечYY жeндeмдeрYн eнYктYPYYгe умтулат [3, 4, 5].

Биз жашап жаткан санарип дооруна байланыштуу, барган сайын STEM адистери керек болуусу кYTYЛYYДe. Мындан тышкары, бул профилдерде тарыхта эркектер басымдуулук кылгандыгы байкалат.

Бул жагынан алганда, STEM билим берYY жаатындагы жацы ыкмалар аялдарды STEM билим берYYДeгY интеграциялоого умтултат. Аракеттер интеграцияны жана тецсиздикти кыскартууну гана кeздeбeстeн, жацы идеяларды жана иштee ыкмаларын сунуш кылган аялдардын бул чeйрeлeрдeгY мYмкYнчYЛYктeрYн кецейтYYгe мYмкYндYк берет [1, 3]. STEMдеги иш орундарына айлык маяна жакшы тeлeнeт, жана келечектин кызмат орундары деп эсептелет. Жацы технологиялардын eнYГYШY менен eнeр жай тармагындагы жацы технологиялык жана техникалык кeндYмдeрдY талап кылууда. Ошондуктан бул сферадагы кызмат орундары башка тармакка караганда кeбYрeeк eсYп келе жатат. Ал эми аялдар YЧYн бул жаатта кызмат орундары аз бойдон калууда.

2018-жылы Mirosoft тарабынан eткeрYЛгeн изилдeeнYн кeрсeткYЧY боюнча кыз балдарда так илимдерге болгон кызыгуу 11-12 жаштарында пайда болот. Бирок, 15-16 жашка барганда ал кызыгуу кескин тYPдe тeмeндeп, ошону менен бирге гуманитардык илимге болгон кызыгуу менен алмашат. Башкача айтканда, экинчисине болгон кызыгуу тез эле калыбына келет, ал эми так илимдерге ^п кыздар кайра кызыга беришпейт.

Бул жогорку билим берYY жаатына барып такалат ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча 35% студент кыздар гана STEMдеги билимдерди тандайт [2].

Изилдввщн каражаттары жана ыкмалары: (байкоо, теориялык анализ жана таблица менен кврсвтYлгвн салыштырма анализи)

ДYЙне жYЗYнде STEM тармагында аялдардын иштеесY баарынан да инженердик багытта, ендYPYштY иштеп чыгуу, компьютердик илимде жана ИКТда темен экендиги байкалат. Мындан сырткары STEM дисциплиналарын тандаган студенттердин ^6y ЖОЖдордо окуусун ташташат же болбосо бYTYп жатканда кесибин башка тармакка езгертYп жиберишет. Мисалга алсак Европа елкелерYнде 30га чейинки жана андан жогорку жаштагы аялдар ИКТ (ИКТ - информациялык-коммуникациялык технологиялар) менен байланышкан адистикти бYтсе да анын 20% гана технологиялык багыттарда калып иштеенY чечишет.

Азаттыктын КМШ елкелерYHYн аялдары менен болгон баарлашуусунда кепчYЛYГYнен эле темен^дей жооптор келген.

Кызжибек Батрыханова - кесиби боюнча инженер-программист: "Менин кыялымдын ишке ашуусуна досторумдун жана апамдын ишеними жана колдоосу чоц тYрткY берди. Менин апам бир кезде ТYштYк Кореяда жашаган. Ал жактан кайтканда мага программалоо жакшы экенин айтты. Анан мен ойлонуп, эгерде апам мени мындай нерсеге шыгым бар деп ойлосо анда мен ошол тармакта окушум керек дедим." Бирок атасы кызынын инженер болгусу келгенин билип, Кыргызстанда мындай кесиптерге даяр эмес жана ал бул жерде жумушсуз кала турганын айтып, кызын андан баш тартуусуна аракет жасаган (https://news.un.org/ru/stor y/2021/09/1410692 (дата: 10.10.2023)).

Кыздардын жана аялдардын мындай кесипти активдYY ездештYPYYCYне бул нерсе жергиликтYY элдин менталитетине жат экендиги да себеп.

Азербайджандык Марал Гурбанзаде да Кызжибекке кошулаарын айтат. Марал Азербайджанда робототехника жана жасалма интеллект тармагында иштейт.

Украина, Беларусия жана Казакстанда да ушундай эле ситуацияда экендигин башка кыздар айтып беришкен.

Жыйынтык

Биздин елкеде технологияны ездештYPYYДе аялдар кандай децгээлде десек анда, биз ал аялдын жеке кез карашы менен канчалык децгээлде зарылчылыкка байланыштуу же жумушка байланыштуу экенин карасак болот.

Технологияны ездештYPYYДегY аялдардын жаш айырмачылыгын карай турган болсок, анда биз есYп келе жаткан кыздарды бир нерсени бат ездештYре турганын эске алсак болот.

Шаар же шаарга жакын аймактарда аялдар жумушуна байланыштуу болсо анда, ал технологияны ездештYре алат. Себеби азыр бардык тармактар электрондук версияга (санариптештирYYге) етYп жаткандыгына байланыштуу, технологияны ездештYPYYге мажбур кылып жаткандыгы байкалат. Бирок орто жаштагы аялдар окуу жайды бYTYп турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондон кийин, жогорудагы ездештYPYY жагына келгенде андан аксашат.

Анын себебин карап керсек, аял киши YЙ жумуштары жана балдарынын тарбиясы менен алек болгондугун билебиз. Айрыкча айыл жергесинде сенин илим, технология, инженерия тармактарын канчалык децгээлде билгендигиц маанисин ацдап биле беришпейт. Айыл жергесинде аялдардын YЙ тиричиликке болгон компетентенттYYЛYк маанилYYPектей сезилет. Ал эми шаарларда деле мындай керYHYш бар бирок, айыл - кыштактарга караганда шаар жеринде аялдар ездерYн кайсы бир багытта енYГYYге болгон аракеттин байкап калабыз. Санарип енYГYп бараткан заманда дагы 20- 30 жылдан соц кайсы бир жумуш ордуна баруу YЧYн да маалымат технологиялары (IT) кайсы бир багытта негизги код жазуу, базасын билYY керек болуп калышы толук мYмкYн. Ошондуктан кыз балдардын бул тармакта болгондугу абдан маанилYY. Ал YЧYн да ар дайым технологиянын енгYШYне карай умтулуубуз абзел. Ал арада кыздардын так илимдерге болгон кез карашын езгертYп алуубуз зарыл. Жогоруда айтылгандай кандайдыр бир кыз балдардын так илимдерге болгон жендемдYЛYГY женYндегY стереотиптерден арылуусуна, кыздарга деле бул тармакта окуп, иштеп, илим изилдеесYне боло тургандыгына мотивация берYY керек. Элибизде эне YЙДYн куту дейт, демек кыздар бул болочок энелер эмеспи, ошого кыздарыбыз билимдYY болсо келечек муун билимдYY болорун айтууга болот. Жалпылап айтканда бул тармакта эркектер менен кыздардын бирдей эле билим алуусу, маалымат технологиялары (IT) багытындагы жумуштар, илим изилдее, учурдагы енYккен технологияларды ездештYPYY толук мYмкYн. Биринчиден биздин ата-энелер кыздарды жаштайынан турмуш тиричиликке тиешелYY эле кецештерин айтууда. Экинчиден кыздарды мугалим же мед айым сыяктуу адистигин тандоого Yндееде. YчYнчYден кыз балдарды менталитетке карап, тарбиялоодо чектеп жаткандай. Жогорудагы айтылган ойго далил катары темендегу таблицадагы келтирилген керсеткYчтордY айтсак болот. Бул таблицада Ош мамлекеттик университетинин дYЙнелYк тилдер жана маданият факультетинин филологиялык билим берYY багыты (бакалавр баскычы) боюнча жана ушул эле университеттин STEM -инновациялык колледжинин маалымат технологиялары (IT) багытына 2022-2023 окуу жылына 1 курска тапшырган студенттердин канчасы кыз жана эркек бала экендигине салыштырма анализи жYргYЗYЛДY (таблица1).

Таблица 1.

Дуйнелук тилдер жана мданият факультети (филологиялык билим беруу багыты, бакалавр баскычы 2022-2023 окуу жылында 1 курска тапшырган студенттер 2022-2023 окуу жылында 1 курска тапшырган кыз балдар 2022-2023 окуу жылында 1 курска тапшырган эркек балдар

жалпы саны 391 315 76

пайыздык керсеткучу 100% 80% 20%

STEM -инновациялык колледжинин маалымат технологиялары (IT) багыты

жалпы саны 371 84 287

пайыздык керсеткучу 23% 77%

Булак: http://avn.oshsu.kg/

4. Корутунду

Бул таблицадан теменкудей тыянак чыгарууга болот кыз балдардын так илимдерге кызыгуусун орто мектептерден жана уй- бYледен тарта Yндее иштерин кYчетYY керек. Орто

мектепте гендердик тецсиздиктин керYHYШY жогорку жана орто кесиптик билимди тандоодо уландар менен кыздардын профессионалдык траекторияларынын андан ары айырмаланышына негиз болуп саналат; муну менен бирге илимде жана ендYPYште гендердик асимметрия.

Иш менен камсыз кылуу саясатынын милдети аялдар менен эркектердин мYмкYнчYЛYктерYн тецдештирYY болуп саналат техникалык кесиптеги карьера мектепте кесипке багыт берYYДен баштап чечилиши жана жогорку класстын окуучусунун езYHYн потенциалдуу кесиптик тандоосу болушу керек. Кесиптик багыт берYY чаралары системалуу стимулдаштыруунун методдоруна кириши керек жана кыздар менен балдарды мотивациялоо, алардын ез жетишкендиктери YЧYн езYн-езY баалоо децгээлин жогорулатуу керек. Бул YЧYн, балдарды мотивациялоонун ар кандай ыкмаларына мугалимдерди окутуу керек деген корутундуга келдик.

Адабияттар

1. Е.К. Захарова, Т.А. Мхитарян, О.Б. Савинская. Женщины и STEM в цифровую эпоху: Политика занятости в мегаполисе. М.: ООО «Вариант», 2017. - 88 с.

2. Задворнова Ю.С., Ивановский государственный университет. Вовлечение девушек и женщин в STEM-профессии: зарубежные практики.

3. Карабаева, Э.С., Ражаматова, Ж.Т. Студенттердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун педагогикалык аспектилери // Вестник Ошского государственного университета, 2021, Vol. 4, No. 4, сс. 73-80, DOI: 10.52754/16947452_2021_4_4_73

4. Ситикенова А.Г. Женщины и STEM-образование: Новые перспективы профессиональной занятости женщин. Научный электронный журнал "Профессиональная ориентация", г. Саратов, РФ, 2018.

5. Годунова Елена. STEM-образование: возможности и перспективы. Республика Казахстан "Открытая школа", http://www.open-school.kz/, 2021, №1.

Интернет булактары

1. https://kutbilim.kg/analytics/inner/stem-bilim-ber-tehnologiyalyk-n-g-zholu/ (дата: 10.10.2023)

2. https://www.undp.org/ru/kyrgyzstan/blos/proon-v-kyrgyzstane-rasshiryaet-vozmozhnosti-zhenschin-v-stem-dlya-obespecheniya-dostoynogo-buduschego-v-sfere-truda (дата: 10.10.2023)

3. https://cyberleninka.ru/article/n/zhenschiny-i-stem-obrazovanie-novye-perspektivy-professionalnoy-zanyatosti-zhenschin/viewer (дата: 10.10.2023)

4. http://avn.oshsu.kg/ (дата: 10.10.2023)

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.