Научная статья на тему 'ИНТЕРАКТИВДҮҮ ГЕОМЕТРИЯЛЫК ЧӨЙРӨ ТҮЗҮҮ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДА ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ'

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ГЕОМЕТРИЯЛЫК ЧӨЙРӨ ТҮЗҮҮ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДА ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
7
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
компетенттүүлүк / геометрия / Padlet / интерактивдүү доска / мультимедиялык каражат / competence / geometry / Padlet / interactive whiteboard / multimedia tool

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Талипов Алмамбет Тынычбекович, Тагаева Дамира Абылкасымовна, Кубанычбек Кызы Токтоайым

Кыргыз Республикасында билим берүү системасын модернизациялоо Концепциясына ылайык жалпы билим берүүчү орто мектептердин алдына жалпы билимдин, көндүмдөрдүн, ошондой эле окуучулардын өз алдынча иш-аракетинин жана жеке жоопкерчилик тажрыйбасынын жаңы системасын, б.а. түйүндүү компетенцияларды калыптандыруу милдетин коёт. Жалпы билим берүүчү мектеп мугалимдерин ушундай жол менен аныкталган билим берүүнүн максаттарын билим берүү процессин уюштурууга карата компетенттүүлүккө негизделген мамилеге багыттоого, билим берүүнүн жаӊы технологияларына коюлган талаптарды, окутуунун жана тарбиялоонун натыйжаларын баалоо критерийлери, билим берүүнүн сапаттык жаңы деңгээли менен өзгөртүүнү талап кылат. Азыркы учурда түйүндүү компетенциялардын так аныктамасы бериле элек. Илимий изилдөөлөр гана эмес, билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын аныктаган документтер да бул түшүнүктөрдү түрдүүчө чечмелеп келишет. Макалада орто мектепте геометрияны окутуу процессинде түйүндүү компетенцияларды калыптандырууда окутуунун жаңы маалыматтык технологияларынан, анын ичинде Padlet интерактивдүү доскасын колдонуу ыкмалары талкууланат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Талипов Алмамбет Тынычбекович, Тагаева Дамира Абылкасымовна, Кубанычбек Кызы Токтоайым

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FORMATION OF KEY COMPETENCIES BY CREATION OF AN INTERACTIVE GEOMETRIC ENVIRONMENT

In accordance with the Concept of Modernization of Education of the Kyrgyz Republic, a general education school should form "a new system of universal knowledge, skills, as well as the experience of independent activity and personal responsibility of students, that is, modern key competencies." The goals of education defined in this way, orienting teachers to a competency-based approach to the organization of the educational process, imply a change in the requirements for existing educational technologies, criteria for assessing the results of training and education, and the achievement of a qualitatively new level of education. Currently, there is no unambiguous definition of key competencies. Not only scientific research, but also documents that define the strategy for the development of education, give a different interpretation of these concepts. The article discusses the methods of using new information technologies, including the Padlet interactive whiteboard, in order to form key competencies in the process of teaching geometry in high school.

Текст научной работы на тему «ИНТЕРАКТИВДҮҮ ГЕОМЕТРИЯЛЫК ЧӨЙРӨ ТҮЗҮҮ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДА ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

e-ISSN: 1694-8610

№3/2023, 59-64

ПЕДАГОГИКА

УДК: 371.3:513

DOI: 10.52754/16948610 2023 3 7

ИНТЕРАКТИВДYY ГЕОМЕТРИЯЛЫК Ч0ЙР0 TY3YY АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДА ТYЙYНДYY КОМПЕТЕНТТYYЛYКТeРДY КАЛЫПТАНДЫРУУ

ФОРМИРОВАНИЕ КЛЮЧЕВЫХ КОМПЕТЕНЦИЙ СОЗДАНИЕМ ИНТЕРАКТИВНУЮ

ГЕОМЕТРИЧЕСКУЮ СРЕДУ

FORMATION OF KEY COMPETENCIES BY CREATION OF AN INTERACTIVE

GEOMETRIC ENVIRONMENT

Талипов Алмамбет Тынычбекович

Талипов Алмамбет Тынычбекович Talipov Almambet Tynychbekovich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University talipovalmambet@gmail.com

Тагаева Дамира Абылкасымовна

Тагаева Дамира Абылкасымовна Tagaeva Damira Abylkasymovna

п.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.п.н, доцент, Ошский государственный университет PhD., Associate Professor, Osh State University tagaeva.69@mail.ru

Кубанычбек кызы Токтоайым

Кубанычбек кызы Токтоайым Kubanychbek kyzy Toktoaiym

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University toktoaiym.kubanychbekkyzy.ch@gmail.com

ИНТЕРАКТИВДYY ГЕОМЕТРИЯЛЫК Ч0ЙР0 TY3YY АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДА ТYЙYНДYY КОМПЕТЕНТТYYЛYКТeРДY КАЛЫПТАНДЫРУУ

Аннотация

Кыргыз Республикасында билим беруу системасын модернизациялоо Концепциясына ылайык жалпы билим 6epYY4Y орто мектептердин алдына жалпы билимдин, квндYмдврдYн, ошондой эле окуучулардын вз алдынча иш-аракетинин жана жеке жоопкерчилик тажрыйбасынын жацы системасын, б.а. тYЙYндYY компетенцияларды калыптандыруу милдетин коёт. Жалпы билим берYYЧY мектеп мугалимдерин ушундай жол менен аныкталган билим берYYHYн максаттарын билим беруу процессин уюштурууга карата компетенттуулуккв негизделген мамилеге багыттоого, билим беруу^н жацы технологияларына коюлган талаптарды, окутуунун жана тарбиялоонун натыйжаларын баалоо критерийлери, билим берYYHYн сапаттык жацы децгээли менен взгвртYYHY талап кылат. Азыркы учурда тYЙYндYY компетенциялардын так аныктамасы бериле элек. Илимий изилдввлвр гана эмес, билим берYYHY внYктYPYY стратегиясын аныктаган документтер да бул тYШYHYктврдY тYрдYYчв чечмелеп келишет. Макалада орто мектепте геометрияны окутуу процессинде тYЙYндYY компетенцияларды калыптандырууда окутуунун жацы маалыматтык технологияларынан, анын ичинде Padlet интерактивдYY доскасын колдонуу ыкмалары талкууланат.

Ачкыч свздвр: компетенттYYЛYк, геометрия, Padlet, интерактивдуу доска, мультимедиялык каражат.

ФОРМИРОВАНИЕ КЛЮЧЕВЫХ КОМПЕТЕНЦИЙ СОЗДАНИЕМ ИНТЕРАКТИВНУЮ ГЕОМЕТРИЧЕСКУЮ СРЕДУ

Аннотация

В соответствии с Концепцией модернизации образования Кыргызской Республики

общеобразовательная школа должна формировать «новую систему универсальных знаний, умений, навыков, а также опыт самостоятельной деятельности и личной ответственности обучающихся, то есть современные ключевые компетенции». Определенные таким образом цели образования, ориентирующие педагогов на компетентностный подход к организации учебно-воспитательного процесса, предполагают смену требований к существующим образовательным технологиям, критериям оценки результатов обучения и воспитания, достижение качественно нового уровня образования. В настоящее время еще не сложилось однозначного определения ключевых компетенций. Не только научные исследования, но и документы, определяющие стратегию развития образования, дают различную трактовку данных понятий. В статье рассмотрены методы использования новых информационных технологий, в том числе интерактивной доски Padlet, с целью формирования ключевых компетенций в процессе обучения геометрии в средней школе.

Ключевые слова: компетенция, геометрия, Padlet, интерактивная доска, мультимедийное средство.

FORMATION OF KEY COMPETENCIES BY CREATION OF AN INTERACTIVE GEOMETRIC ENVIRONMENT

Abstract

In accordance with the Concept of Modernization of Education of the Kyrgyz Republic, a general education school should form "a new system of universal knowledge, skills, as well as the experience of independent activity and personal responsibility of students, that is, modern key competencies." The goals of education defined in this way, orienting teachers to a competency-based approach to the organization of the educational process, imply a change in the requirements for existing educational technologies, criteria for assessing the results of training and education, and the achievement of a qualitatively new level of education. Currently, there is no unambiguous definition of key competencies. Not only scientific research, but also documents that define the strategy for the development of education, give a different interpretation of these concepts. The article discusses the methods of using new information technologies, including the Padlet interactive whiteboard, in order to form key competencies in the process of teaching geometry in high school.

Keywords: competence, geometry, Padlet, interactive whiteboard, multimedia tool.

Киришуу. Кыргыз Республикасында билим берYY системасын реформалоодогу жацы милдеттери - жалпы билим берYY мекемелеринде математикалык билим берYYHYн сапатын жогорулатууну талап кылат. Анын мазмуну билим берYYДeгY жогорку сапатты камсыз кылуу окуучулар менен жекече иштее, мугалимдерди тийиштYY децгээлде стандарттын талаптарына ылайык билимдерин еркYндетYY, окуу процессин маалыматташтыруу аркылуу жетишилет. Мунун баары окуучулардын жацы билимди ездештYPYYCYнде убакытты оптималдуу белYштYPYY маселесин чечYYге, алардын жацы билимдерди ездештYPYYCYнде жана практикада колдонуусунда компетентщуу мугалимдин ролун жогорулатуусуна алып келет [1, 172-б.].

Ошону менен бирге билимдерди дифференциациялап окутууга, билим берYY багытынын индивидуалдуулугуна, калыптанган компетенциялардын керYHYШY YЧYн мYмкYнчYЛYктердY камсыз кылууга умтулуу зарылдыгын билдирет. БYГYнкY кYнде бул кейгейлердY чечYYHYн натыйжалуу жолдорунун бири - окутуунун интеративдештирилген тYPYне етYY, интерактивдYY доскаларды сабактарды уюштурууда эффективдYY пайдалануу, жацы маалыматтык технологиялар сыяктуу заманбап техникалык каражаттарды предметтерди окутуу процессинде ыцгайлуу колдонуу.

Материалдар жана изилдее методдору. ИнтерактивдYY доскаларды сабактарда пайдалануу - бул жен гана сабактардагы кооз динамикалык CYреттер эмес, сабактын жYPYШYнде компьютердин эс тутумунда сактап калуу, андан кийин зарыл болгон учурда аны колдонуу: кайталоодо, предметтер аралык байланыштарды ишке ашырууда. ИнтерактивдYY досканы колдонуу менен тYЗYЛген математикалык моделдерди сабактагы маанилYY учурларды тYШYндYPYY мезгилинде пайдалануу ыцгайлуу болот. Графиктерди тYЗYYДе, геометриялык фигураларды чагылдырууда жана фигуралардын тегиздиктеги, мейкиндиктеги кесилиштерин интерактивдYY доскада тYЗYY, кол менен чиймени тартып CYреттелYштерYн берYYге караганда ачык жана даана берилет.

Ошондой эле кесилиштерди чагылдырууда TYCTYY боёктор менен чагылдыруу окуучулардын маселелерди иштее жендемдYYЛYктерYн еерчYтет. ИнтерактивдYY доскада иштееде таблицаларда, диаграммаларда, презентацияларда жайгаштырылган маалыматты тYзетYYге, оцдоого жана сактоого болот. ИнтерактивдYY досканы колдонуу менен учурдагы контролдоо алдын ала даярдалган материалды бир нече жолу колдонууга мYмкYндYк берет. ИнтерактивдYY доскага санариптик камера же видеокамераны кошууга болот. КерсетYЛген бардык материалдар онлайн режиминде иштее мYмкYнчYЛYктерY бар.

Изилдеенун жыйынтыгы жана аны талкуулоо. Орто мектепте геометрияны окутуу процессинде интерактивдYY окуу куралдарынан пайдаланып сабактарды уюштурууда окуучулардын сабакка кызыкчылыгын арттыруудагы ебелге жаралат. Мындай сабактарды уюштуруу окуучулар YЧYн да тарабынан эц жемиштYY жана кызыктуу деп бааланат. Жацы заманбап технологияларды пайдаланып геометрия сабагынын уюштурулушу менен окуучуларда маалыматтык компетенттYYЛYктYн калыптануусуна, кабыл алуу жендемдерYHYн енYГYYCYне шарттар жаралуу менен, алардын сабакка кецYл буруусу жогорулайт, материалды TYШYHYY жана ездештYPYY жакшырат. Мультимедиа каражаттары заманбап компьютердик технологиялардын бардык артыкчылыктарын, билим берYY процессин сапаттык жацы децгээлге алып чыгат [2, 210-б.].

ИнтерактивдYY геометриялык чейрену тYЗYY - бул компьютерде геометриялык конструкцияларды чиймедеги геометриялык объекттердин бири езгергенде, калгандары да езгере тургандай кылып, алардын ортосундагы байланышты сактап калууга мYмкYндYк берYYчY программалык камсыздоо катары тYШYHYлет. Геометрияны окутуу процессинде маалыматтык технологияларды пайдалануу келечектYY багыттарынын бири болуп саналат. ИнтерактивдYY геометриялык чейреде тYЗYлген геометриялык фигуралардын так жана даана чиймелерин сызуунун гана натыйжасы эмес , ошондой эле YЙренYЛYYчY маалыматтарды сактаган модель болуп саналат. ИнтерактивдYY доскада баштапкы маалыматтарды каалаган убакта езгертYYге болот жана ал дароо чиймеде чагылдырылат.

ИнтерактивдYY геометриялык чейренY колдонуу менен геометрияны окутуу окуучулардын геометриялык объектилердин математикалык моделдерин визуалдаштыруу, трансформациялоо жана ээрчYY боюнча окуу-изилдее маселелерин чечYY боюнча максаттуу башкарылуучу ез алдынча иштее процессинде математикалык иштерди акырындык менен ездештYPYY процесси катары керсетYЛYШY мYмкYн. Ошондой эле окуучулардын мамлекеттик билим берYY стандартында белгиленген тYЙYндYY компетенттYYЛYктердY калыптануусуна шарттар жаралат [3, 168-б.].

Бул ыкма интерактивдYY геометриялык чейренYн методологиялык мYмкYнчYЛYктерYн ишке ашыруу менен камсыз кылынат, алар теменкYлердY камтыйт:

• визуалдык-эффективдYY ой жYГYртYYДен вербалдык-логикага акырындык менен етYYHY камсыз кылуу;

• математикалык моделдее боюнча окуу иш-чаралары;

• окутуунун мазмунунун жана аны енYктYPYY ыкмаларынын вариативдYYЛYГY аркылуу дифференцияланган мамилени ишке ашыруу;

• мотивацияны жана когнитивдик кызыгууну енYктYPYY [5, 63-б.].

ИнтерактивдYY геометриялык чейренY колдонуу мектеп окуучулары YЧYн геометриялык объектилерди моделдее, изилдее жана эксперимент ЖYPГYЗYYHYH негизинде практикалык жана теориялык билимдерди алуу YЧYн окуу-изилдее иши катары геометрияны ездештYPYY процессин долбоорлоого мYмкYндYк берет. Билим берYY жана илимий-изилдее ишинин мазмуну кейгейлердY чечYY боюнча билим берYY жана илимий-изилдее иш-аракеттеринин жалпы ыкмалары болуп саналат. Аларга теменкулер кирет: изилденYYЧY объекттин жалпы байланышын ачуу максатында маселенин шарттарын езгертYY боюнча аракеттер; предметтик, графикалык же тамгалык формада тандалган мамилени моделдее аракеттери; жалпы жол менен чечилген конкреттYY маселелердин системасын куруу боюнча иш-аракеттер; гипотезаны тYЗYY; маселени чечYY максатка жетYY YЧYн багытталган чакан милдеттерге белYY боюнча иш-аракеттер [6].

Орто мектепте геометрияны окутуу процессинде заманбап технологияларды колдонуу менен жогорку билим сапатын камсыздоо, окуучуларды геометрия предметине кызыктыруу максатында интерактивдYY доскалардан пайдалануу ьщгайлуу болору баарыбызга маалым. Компьютердик технологияларды колдонуу - окуучулардын учурдагы сабакка кызыгуу кейгейлерYHYн башкы орунунда турган маселе. Мындай шартты бардык эле орто мектептерде камсыздоо мYмкYнчYЛYктерY жетишсиз болушу да ыктымал. Учурда бардык эле окуучуларда мобилдик телефондор бар болгондуктан, биз ушул каражаттардан пайдаланып, геометрия сабактарын уюштурууга ке^л бурабыз.

Жыйынтыктар жана талкуулоолор. ИнтерактивдYY досканын мобилдик телефон аркылуу колдонулушунун бир каражаты катары - падлет доскасын сунуштайбыз. Бул доска менен иштее максатында ар бир колдонуучу ездерYHYн аккаунту аркылуу катталат. 0з мобилдик телефондорунан мугалим сунуштаган шилтеме аркылуу кирип, доскага жайгаштырылган тапшырмаларды аткаруу менен, тапшырманын мазмунуна ылайык падлет доскасынын кызматтарынан пайдалана алат.

Падлет доскасы - мобилдик телефондон кирип иштее мYмкYнчYЛYГYн жаратуучу интерактивдYY доска болуп саналат. Ар бир колдонуучу ез аккаунту менен катталгандыктан, ездYк доскалары катары ар кандай аталыштарды коюп, досканын тYCтерYн жасалгаланыштарын коё алат. Досканын оц тарабындагы "орнотуу" (настройка) буйругу аркылуу анын атын, теманын тYШYндYрмесYн, эмблемасын (значок), TYCYH, маанилYY маалыматтарды жайгаштыра алышат. Мындан сырткары бул жактан доскага кирYY YЧYн шилтемени алып, кадимки электрондук почтага, ватсаб группаларына ж.б. байланыш каражаттары аркылуу женетYYге болот [4, 60-б.].

Орто мектептерде учурда геометрия предметине кызыктыруу максатында окуучуларга маалыматтык технологиялардын орду зор. Мугалим мамлекеттик билим берYY стандарттарынын талаптарына ылайык компетенттYY болушу абзел. Бул дегенибиз математика мугалими санариптештирYY мезгилинде заманбап окутуунун технологияларын ездештYPYY менен, окуучуларды жацы технологиялык каражаттар менен куралдандырып, сабактарды маалыматтык каражаттар менен уюштуруусу учурдун талабы. Геометрия сабактарында бул каражаттарды пайдалануу менен маалыматтык, социалдык-коммуникациялык жана ез ишин уюштуруу жана кейгейлердY чечYY компетенттYYЛYктерYн калыптандырууга ебелге тYзе алат.

Геометрия сабактарын уюштурууда падлет доскасын пайдаланууда мугалим Yч доскага чейин ездYк доскасын тYЗYп, 1-доскага предмет YЧYн зарыл болгон маалыматтарды, 2-доскага топтор менен иштее YЧYн тапшырмаларды, 3-доскага жыйынтыктоодо пайдаланылуучу мааламыттарды жайгаштыра алат. Мындан сырткары мугалимдин чеберчилигине жараша ар бир доскага ^ч доскага) Yч топ YЧYн тапшырмаларды жайгаштырууга да болот. Ал эми кайтарым байланыш тYЗYYДе окуучулар тапшырмалардын мазмунуна ылайык, TYPДYY булактарды пайдаланып, доскага тапшырмаларды ез алдынча, топ менен бирге аткаруу мYмкYнчYЛYктерYне ээ болушат.

Корутунду. Падлет доскасындагы мYмкYнчYЛYктердY пайдаланып окуучулар тапшырмаларды интернет булактарынан алынган маалыматтарды, аткарып жаткан жумуштарды CYретке тартуу менен, видеого алуу ж.б. кызматтарынын негизинде доскага жайгаштыра алышат. Доскага ез маалыматтарын жацы бет ачуу менен, маалымат жазуу бетинен пайдалануу менен да жайгаштыра алышат. Муну менен окуучулардын жацы технологияларды колдонуп, мобилдик телефондордун жардамында сабактарда TYЙYHДYY компетенттYYЛYктердYн калыптануусунун негизги шарттарын жаратарын белгилееге болот.

Адабияттар

1. Алтыбаева, М. (2018). Кесиптик билим берYYДе окутуунун натыйжаларын долборлоо маселелери. Окуу- методикалык колдонмо. 224 б.

2. Бекбоев И. Б. (2015). Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. 3-басылышы. Б.: «Улуу тоолор». 384 б.

3. Талипов А. Т.,Тагаева Д. А., Ажибекова А. Т. (2022). Окутуунун жацы технологияларынан пайдаланып маалыматтык компетенттYYЛYктY калыптандыруу. Ош МУнун Жарчысы, (4). 164-172-бб.

4. Хуторской А.(2003). Ключевые компетенции как компонент личностно-ориентированного образования.народное образование, (2). с.58-64.

5. Тагаева Д.А., Ботокова А. (2021). Окуучуларда тYЙYндYY компетенттYYЛYктердY калыптандыруунун айрым ыкмалары. Кыргыз Билим берYY академиясынын кабарлары, (2). 61-65-бб.

6. Табалдиева, Ч. (2023). Табигый илимдерди окутууда маалыматтык технологияны колдонуу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, 1 (2), 68-75, https://doi.org/10.52754/16948742 2023 1(2) 8. ББК: КЯТЬЯЛ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.