Научная статья на тему 'ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУДА ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИН ТҮРЛӨРҮНӨН ПАЙДАЛАНУУ'

ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУДА ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИН ТҮРЛӨРҮНӨН ПАЙДАЛАНУУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
6
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
компетенттүүлүк / компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар / геометрия / турмуштук маселелер / стандарт / competence / competence-oriented tasks / geometry / life tasks / standard

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Тагаева Дамира Абылкасымовна, Талипов Алмамбет Тынычбекович, Кубанычбек Кызы Токтоайым

Кыргыз Республикасында билим берүү процессин реформалоо учурдун актуалдуу маселелери болуп саналат. Бул багыттагы Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын аткарылышы боюнча орто мектептерде предметтерди окутуу боюнча билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иш-аракеттер жүрүгүлүүдө. Компетенттүүлүк мамиледе окутуу шарттарында орто мектепте геометрияны окутуу процессинде мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык инсанга багыттап окутуу маселелери башкы оруду ээлейт. Компетенттүү мамиледе окутуу шарттарында геометрияны турмушка байланыштырып окутуу менен компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды пайдалануу аркылуу окуучулардын түйүндүү компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга негиз жаралат. Макалада геометрияны окутууда турмуштук маселелер аркылуу компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын орду белгиленет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Тагаева Дамира Абылкасымовна, Талипов Алмамбет Тынычбекович, Кубанычбек Кызы Токтоайым

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

USING TYPES OF LIFE TASKS IN FORMING KEY COMPETENCIES IN THE PROCESS OF TEACHING GEOMETRY

Reforming the educational process in the Kyrgyz Republic is a topical issue. Appropriate measures are being taken to improve the quality of education in secondary schools in order to meet the requirements of the State Educational Standards in this direction. In the process of teaching geometry in secondary school in terms of teaching the competence-based approach, the main place is occupied by the issues of individualized learning in accordance with the requirements of state standards. In terms of competence-based learning, the basis for the formation of key competencies of students is created through the use of competence-oriented tasks and teaching geometry in connection with life. The article discusses the role of competence-oriented tasks using life tasks in teaching geometry.

Текст научной работы на тему «ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУДА ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИН ТҮРЛӨРҮНӨН ПАЙДАЛАНУУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№4/2023, 81-86

ПЕДАГОГИКА

УДК: 371.3:513

DOI: 10.52754/16948610 2023 4 9

ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ТYЙYНДYY КОМПЕТЕНТТYYЛYКТeРДY КАЛЫПТАНДЫРУУДА ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИН ТYРЛeРYНeН ПАЙДАЛАНУУ

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ВИДОВ ЖИЗНЕННЫХ ЗАДАЧ ПРИ ФОРМИРОВАНИИ КЛЮЧЕВЫХ КОМПЕТЕНЦИЙ В ПРОЦЕССЕ ОБУЧЕНИЯ ГЕОМЕТРИИ

USING TYPES OF LIFE TASKS IN FORMING KEY COMPETENCIES IN THE PROCESS OF

TEACHING GEOMETRY

Тагаева Дамира Абылкасымовна

Тагаева Дамира Абылкасымовна Tagaeva Damira Abylkasymovna

п.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.п.н, доцент, Ошский государственный университет Candidate of Pedagogical Sciences, Associate Professor, Osh State University

tagaeva.69@mail.ru_

Талипов Алмамбет Тынычбекович

Талипов Алмамбет Тынычбекович Talipov Almambet Tynychbekovich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University

talipovalmambet@gmail.com_

Кубанычбек кызы Токтоайым

Кубанычбек кызы Токтоайым Kubanychbek kyzy Toktoaiym

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University toktoaiym.kubanychbekkyzy.ch@gmail.com

ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ТYЙYНДYY КОМПЕТЕНТТYYЛYКТeРДY КАЛЫПТАНДЫРУУДА ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИН ТYРЛeРYНeН ПАЙДАЛАНУУ

Аннотация

Кыргыз Республикасында билим 6epYY процессин реформалоо учурдун актуалдуу маселелери болуп саналат. Бул багыттагы Мамлекеттик билим берYY стандарттарынын талаптарынын аткарылышы боюнча орто мектептерде предметтерди окутуу боюнча билим беруу^н сапатын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иш-аракеттер жYPYГYЛYYДe. КомпетенттYYЛYк мамиледе окутуу шарттарында орто мектепте геометрияны окутуу процессинде мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык инсанга багыттап окутуу маселелери башкы оруду ээлейт. КомпетенттYY мамиледе окутуу шарттарында геометрияны турмушка байланыштырып окутуу менен компетенттYYЛYккe багытталган тапшырмаларды пайдалануу аркылуу окуучулардын тYЙYндYY компетенттYYЛYктeрYн калыптандырууга негиз жаралат. Макалада геометрияны окутууда турмуштук маселелер аркылуу компетенттYYЛYккe багытталган тапшырмалардын орду белгиленет.

Ачкыч свздвр: компетенттYYЛYк, компетенттYYЛYккe багытталган тапшырмалар, геометрия, турмуштук маселелер, стандарт.

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ВИДОВ ЖИЗНЕННЫХ ЗАДАЧ ПРИ ФОРМИРОВАНИИ КЛЮЧЕВЫ1Х КОМПЕТЕНЦИЙ В ПРОЦЕССЕ ОБУЧЕНИЯ ГЕОМЕТРИИ

Аннотация

Реформирование образовательного процесса в Кыргызской Республике является актуальным вопросом. Принимаются соответствующие меры по повышению качества образования в общеобразовательных школах с целью выполнения требований Государственных образовательных стандартов в этом направлении. В процессе обучения геометрии в средней школе в условиях обучения компетентностному подходу основное место занимают вопросы индивидуализированного обучения в соответствии с требованиями государственных стандартов. В условиях компетентностного обучения основа для формирования ключевых компетенций учащихся создается за счет использования компетентностно-ориентированных заданий и обучения геометрии в связи с жизнью. В статье рассматривается роль компетентностно-ориентированных задач с использованием жизненные задачи в обучении геометрии.

USING TYPES OF LIFE TASKS IN FORMING KEY COMPETENCIES IN THE PROCESS OF TEACHING GEOMETRY

Abstract

Reforming the educational process in the Kyrgyz Republic is a topical issue. Appropriate measures are being taken to improve the quality of education in secondary schools in order to meet the requirements of the State Educational Standards in this direction. In the process of teaching geometry in secondary school in terms of teaching the competence-based approach, the main place is occupied by the issues of individualized learning in accordance with the requirements of state standards. In terms of competence-based learning, the basis for the formation of key competencies of students is created through the use of competence-oriented tasks and teaching geometry in connection with life. The article discusses the role of competence-oriented tasks using life tasks in teaching geometry.

Ключевые слова: компетентность, компетентностно-ориентированные задачи, геометрия, жизненные задачи, стандарт.

Keywords: competence, competence-oriented tasks, geometry, life tasks, standard.

Киришуу. Учурда коомдубузда билим берYYHYн мYнeзY жаткан мезгили, б.а. окуучулардын мектепте алган билимдерин жана кeндYмдeрYн турмуштук кырдаалдарда колдоно билYY жeндeмYн eнYктYPYYгe аднул бурулуп жаткан мезгил. Окумуштуулар жана мугалимдер мындай абалдан чыгуунун жолун мектеп окуучуларына математиканы окутууда компетенттYYЛYк мамилени ишке ашыруудан кeрYшeт. Бул ыкма билимдин баалуулугун танбайт, бирок алынган билимди турмушта колдоно билYYгe багытталган. Мындай мамиле менен билим берYYHYн максаттары окуучулардын жацы мYмкYнчYЛYктeрYн, жеке потенциалынын eсYШYн чагылдырган терминдер менен баяндалат.

Геометрияны орто мектепте окутууда билим берYY процессинин эц маанилYY тYPY болуп турмуштук мазмундагы маселелер аркылуу тYЙYндYY компетенттYYЛYктeрдY калыптандыруу болуп саналат [2, 410-б.].

Материалдар жана изилдее методдору. Мезгил талабы кeрсeтYп жаткандай окуу китептеринде, окуу куралдарында, дидактикалык материалдарда мындай тапшырмалар аз кездешет. КомпетенттYYЛYккe багытталган тапшырмаларды тYЗYY бир кыйла тYЙшYктYY. Ошондуктан математика мугалимдери аларды сабактарында сейрек колдонуп келишет.

Азаркы мезгилде билим берYY процессинде окуучуларга турмуштук маселелерди чечYY жолдорун YЙрeтYY зарылчылыгы менен геометрияны окутуу процессинде аларды колдонуунун усулдарынын иштелип чыкпагандыгынын ортосунда карама-каршылыктар кездешет.

Геометрияны орто мектепте окутуу процессинде турмуштук маселелердин ордун аныктоо жана аларды колдонуу боюнча кeрсeтмeлeрдY иштеп чыгуу менен билим берYYHYн сапатын жогорулатууга, окуучулардын предметке болгон кызыгууларын арттырууга болот [1].

Изилдеенун жыйынтыгы жана аны талкуулоо. КомпетенттYY мамилеге негиздеп окутуу шарттарында турмуштук жагдайларды чагылдыруучу геометриялык маселелер -кYHYмдYк турмушта зарыл болгон практикалык кeндYмдeрдY калыптандыруу менен тыгыз байланышта болгон курчап турган реалдуулуктан алынган тапшырмалар болуп саналат.

Турмуштук маселелердин максаты - социалдык маанилYY кырдаалда аракеттенYY кeндYмдeрYн eнYктYPYY. Практикага багытталган тапшырмалар окуучуларга маалымат менен иштeeгe, негизги нерсени бeлYп кeрсeтYYгe жана тандоого, eз алдынча чечимдерди тYЗYYгe жана аларды негиздeeгe жардам берет.

Турмуштук жагдайды чагылдыруучу маселелер - аларды чечYYДe математикалык моделдee ыкмасынын бардык этаптарын ишке ашырууну талап кылган окуяга негизделген маселелердин бир TYPY. Бул жагынан алганда, геометрия окуучулардын функционалдык сабаттуулугун eнYктYPYY YЧYн идеалдуу курал болуп саналат, анткени сюжеттик маселени чечYY YЧYн, адегенде шарттын текстин жакшылап окуп чыгуу керек. Ал эми бул биринчи кезекте окуу сабатын eнYктYPYY болуп саналат. Андан кийин маселенин шартын талдап, анын математикалык моделин куруп, моделди чечип, андан кийин натыйжаны чечмелеп берYYCY абзел.

Турмуштук мазмундагы маселелер тeмeнкY талаптарды канааттандыруу максатын кeздeйт:

• Турмуштук кeндYмдeрдY калыптандыруу менен тыгыз байланышта болгон курчап турган реалдуулуктан алынган тапшырмалар;

• КомпетенттYYЛYк негиздеги турмуштук маселени чечYYнYн максаты туура жоопту алуу гана эмес, башка предметтер менен бирге интеграциялап окутуу аркылуу жацы билимдерди (ыкма, чечYY жолу, техника) алуу;

• ТYЗYЛYШY боюнча мындай тапшырмалар стандарттуу эмес; анын кээ бир компоненттери тапшырманын структурасында аныкталбаган [3, 403-б.].

Жыйынтыктар жана талкуулоолор. Турмуштук жагдайды чагылдыруучу маселелер бир нече чечимдерге ээ болушу ыктымал. Мындай тапшырмалар кeйгeйлYY мYнeзгe ээ боло тургандай тYЗYлeт жана бир эле предметтик чeйрeнYн ар кандай бeлYмдeрYндeгY билимдерди колдонууну талап кылат; математика, же ар кандай башка предметтер боюнча, же турмуштан алынган билим болуп саналат. КомпетенттYYЛYккe багытталган тапшырмаларды предметтик (математикалык), дисциплиналар аралык жана практикалык тYрлeрYн кароого болот. Геометриянын стереометрия бeлYГYндeгY компетенттYYЛYккe багытталган тапшырмалардын мисалдарына токтолуп кeрeлY:

1-меселе: 12x14 метр eлчeмYндeгY курулуп жаткан YЙгe куруучулар чатырды орнотуп жатышат. Бийиктиги 4 метр, чатырдын бетине перпендикуляр болгон тирeeчY устундар орнотулган. Чатырды жабуу YЧYн канча пачка черепица сатып алыш керек. Эгер бир пачка 2,7 м2 аянтты ээлей тургандыгы белгилYY болсо, чатырды жабуу YЧYн канча пачка черепица сатып алуу керек?

2-тапшырма. Диаметри 67 см болгон цилиндр формасындагы мордун бийиктиги 15 м. Эгерде материалдын 10 % труба жасоого жумшалса, мор жасоого канча калай сарпталат.

3-тапшырма. Негизиндеги аянты 3,5 х 2,75 м eлчeмYндeгY аянтчага сыйымдуулугу 12 м3 суу резервуарын орнотуу талап кылынат. Резервуардын бийиктигин тапкыла.

4-тапшырма. 9 жолу жуугандан кийин кир самындын узундугу, туурасы жана бийиктиги эки эсеге кыскарган. Кир самын канча жууганга жетет? [4, 330-б.].

Турмуштук жагдайды чагылдыруучу геометриялык маселелер биринчи децгээлдеги тапшырмалар болуп саналат. Биринчи децгээлдеги тапшырмалар - математикалык фактыларды, методдорду жана эсептeeлeрдY жYргYЗYYгe багытталат. Окуучулар негизги математикалык билимдерин стандарттуу, так айтылган кырдаалдарда колдоно алышат. Алар жeнeкeй алгебралык кeз карандылыкты, стандарттык белгилерди тYШYHYшeт, таблицаларда, графиктерде, карталарда, ар кандай масштабда берилген маалыматтарды окуп, чечмелей алышат.

Экинчи децгээлдеги тапшырмалар кeйгeйдY чечYY YЧYн зарыл болгон ар

кандай геометриялык темалардан шилтемелерди тYЗYYHY жана интеграциялоону камтыйт. Окуучулар eз билимдерин ар кандай татаал кырдаалдарда колдоно алышат. Алар тапшырмаларды иреттештирYYгe жeндeмдYY, салыштырып, эсептeeлeрдY жYргYзe алат, курама-татаал текстYY маселелерди чече алышат. Окуучулар жeнeкeй алгебралык тапшырмаларды аткара алышат, анын ичинде туюнтмаларды тYЗYY, сызыктуу тецдемелер системасын чечYY, белгилYY формулаларды колдонуу менен чоцдуктардын маанилерин

аныктоого жeндeмдYY болушат. Ошондой эле таблицаларда жана графиктерде берилген маалыматтарды чечмелей алышат.

«Абанын температурасы кYндYЗY 7°тан 26°С ге чейин eзгeрдY. Функциянын графигин тYЗГYлe. Графиктеги температурага туура келген абанын температурасын фаренгейт боюнча кeрсeтe турган функциянын графигин тургузгула" - мындай типтеги маселенин децгээлин аныктап кeрeлY.

Бул маселе экинчи децгээлдеги тапшырма болот, анткени маселени чечYYHYн жYPYШYндe, окуучулар графиктин баалуулуктарын аныктоо керек, ошондой эле тапшырманын натыйжасы да график болуп саналат.

YчYнчY децгээл - жалпылоону жана интуицияны талап кылган математикалык ой ЖYГYPTYY. Окуучулар маалыматты иретке келтирип, жалпылоолорду жасай алышат, татаал маселелерди чече алышат жана маалымат булактарынан алынган маалыматтардан жыйынтык чыгарып, аларды негиздей алышат. Алар пайыздарга байланыштуу болгон маалыматтардагы eзгeрYYлeрдY эсептей алышат, алгебралык тYШYHYктeр жана кeз карандылыктар, кырдаалдар боюнча билимдерди колдоно алышат. Алар TYPДYY таблицаларда жана графиктерде берилген маалыматтарды интерпретациялоону билишет. Математикалык ой жYГYртYYлeрдY жана жалпылоолорду колдонууда тапшырмада каралган жагдайдын eзгeчeлYГYн эске алуу менен чечимди кабыл алууга жeндeмдYY болушат [5, 60-б.].

Турмуштук жагдайды чагылдыруучу геометриялык маселени чечYY YЧYн анда каралган кырдаалга ылайык, математикалык талкуулоолордун негизинде интерпретациялап, маселедеги жагдайларды эске алуу менен математикалык моделин тYЗYшeт.

Учурда геометрия боюнча окуу китептеринде турмуштук жагдайдагы маселелер ^п кездеше бербейт (негизинен булар биринчи даражадагы тапшырмалар), бирок колдо болгон тапшырмалардын негизинде eзYцeрдYн негизги компетентYYЛYктeрдY калыптандырууга багытталган тапшырмаларды иштеп чыгууга болот. Окуу китебиндеги тапшырмаларды колдонуунун мисалын карап кeрeлY, алардын жардамы менен окуучулардын негизги компетенцияларын калыптандырууга багытталган тапшырмаларды тYЗYYгe болот.

ТeмeнкY маселелгетоктололу: Yч ацгеме 46 бетти ээлейт. Биринчи ацгеме 8 бет, экинчиси YЧYнчYCYнe караганда 4 эсе аз бетти камтыйт. Экинчи ацгеме канча барактан турат?

Мындай типтеги тапшырманы компетенттYYЛYккe багытталган тапшырманын талаптарына ылайык структурасына иреттештирYY менен тапшырманын мазмунуна суроолорду кошууга, eзгeртYп тYЗYYгe болот. Тапшырманын шартына суроолорду кошууга (мисалы, барактардын китеп боюнча бeлYштYPYЛYШYн (пайыз менен) чагылдырган тегерек диаграмманы тYЗYYгe) болот.

Корутунду. Учурда геометрияны орто мектепте окутууда турмуштук жагдайдагы маселелер ар кандай типтеги сабактарда колдонулушу мYмкYн: жацы материалды eздeштYPYY, билимди бекемдee, билимди комплекстYY колдонуу, билимди жалпылоо жана системалаштыруу, сабакты кeзeмeлдee, окуучулардын билимдерин баалоо жана текшерYYДe. Турмуштук жагдайдагы маселелерди геометрияны окутуу процессинде колдонуу менен билим берYY процессиндеги орчундуу маселелерден болуп саналган TYЙYHДYY компетенттYYЛYктeрдY калыптандыра алабыз.

Адабияттар

1. Алтыбаева М. (2021). Математика боюнча компетенттYYЛYккe багытталган тапшырмалар, Ош, -128 б.

2. Калдыбаев С.К., Макеев А.( 2016). Использование местных материалов в обучении математике //Международный журнал экспериментального образования. - М.,- №4-3.

- с.408-411.

3. Тагаева Д.А., Турганбаева Р.Ж., Талипов А.Т. (2023). Формирования ключевых компетенций на уроках геометрии с применением жизненных задач // Бюллетень науки и практики. -Т. 9. № 3. с. 400-405.

4. Тагаева, Д.А., Дыйканбаева, А.М., Алишер у., У. (2021). КомпетенттYY мамиледе математиканы турмуштук мисалдар менен байланыштырып окутуунун айрым усулдары // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 1, No. 4.

- сс. 325-331. - DOI 10.52754/16947452_2021_1_4_325. - EDN: QFOMCK.

5. Хуторской А. (2003). Ключевые компетенции как компонент личностно-ориентированного образования // Народное образование. №2. - с.58-64.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.