ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№1(1)/2023, 55-60
ФИЛОСОФИЯ
УДК: 395
DOI: 10.52754/16948823 2023 1(1) 8
АЗЫРКЫ ЭТИКЕТТИН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ ОСНОВНЫЕ ПРИНЦИПЫ СОВРЕМЕННОГО ЭТИКЕТА BASIC PRINCIPLES OF MODERN ETIQUETTE
Мурзакматов Аманбек Камытович
Мурзакматов Аманбек Камытович Murzakmatov Amanbek Kamytovich
филос.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети
к.филос.н., доцент, Ошский государственный университет PhD, Associate Professor, Osh State University
suzak70@mail.ru_
Урматбек уулу Сыймык
Урматбек уулу Сыймык Urmatbek uulu Syimyk
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master's student, Osh State University urmatbekov. 1999@icloud.com
АЗЫРКЫ ЭТИКЕТТИН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ
Аннотация
Сылыктык жана коомдо кабыл алынган журуш-туруш эрежелерин билуу - бул тарбиялуу адамдын айырмалуу сапаттары болуп саналат. Аларсыз азыркы учурдагы коомдо ийгиликке жетуу кыйын. Макала окурмандарды азыркы кездеги этикеттин негизги принциптери менен тааныштырат.
Ачкыч свздвр: этикет, адамгерчилик, этика, эстетика, урп-адаттар, каада-салттар.
ОСНОВНЫЕ ПРИНЦИПЫ СОВРЕМЕННОГО ЭТИКЕТА
BASIC PRINCIPLES OF MODERN ETIQUETTE
Аннотация
Вежливость и знание правил поведения, принятых в обществе, - это отличительные качества воспитанного человека, без которых трудно добиться успеха в современном обществе. Статья знакомит читателя с основными принципами современного этикета.
Abstract
Politeness and knowledge of the rules of behavior accepted in society are the distinctive qualities of a well-mannered person, without which it is difficult to achieve success in modern society. The article introduces the reader to the basic principles of modern etiquette.
Ключевые слова: этикет, человечность, эстетика, обычаи и обряды, традиции.
этика, Keywords: etiquette, humanity, ethics, aesthetics, customs and rituals, traditions.
Этикет тарыхый eзгeрYп турган кубулуш. Мындан ары деле ал eзгeрYYгe, eнYГYYгe учурай тургандыгын азыркы практика кeрсeтYп турат. Азыркы кездеги турмуш адамдардын ортосундагы карым-катнаштарда мурда болбогон жацы кырдаалдарды пайда кылып, калыптанып калган эрежелерге eз тYзeтYYлeрYн киргизип, этикеттин жацы талаптарын жаратып жатат. А. С. Агаронян «Культура повседневной жизни» деп аталган китебинде, кYHYмдYк турмушта бардык учурларда пайдалуу болгон этикет эрежелеринин алдын ала иштелип чыккан нормаларын сунуш кылуу мYмкYн эмес деп эсептеп, анткени адамдардын ортосундагы карым-катнашта алдын ала кeрe билгенге кыйын болгон жагдайлар пайда болушу дагы мYмкYн деген пикирин билдирет. Чындап эле бир кырдаалда айрым нормалар тиешелYY шарттарга, конкреттYY жагдайларга ылайыктуу болсо, башка учурларга ылайыксыз болуп калышы мYмкYн [1: 9].
Ырас, узак мезгил аралыгында этикеттин eтe кeп эрежелери жыйналды. Ошондуктан алардын бардыгын эске тутуп калууга мYмкYн эмес. Алтургай кeптeгeн eлкeлeрдY кeргeн, чет eлкeлeргe иш сапары менен тез-тез барып жYргeн ишкер жана турмушта чоц ийгиликке жетишкен адамдар деле этикет боюнча тYШYHYктeрY, билимдери жетишсиз болгондон улам кээде кыйын кырдаалга туш болушканын моюнга алышат [3: 4]. Чындыгында аларды жаттап алуунун деле кереги жок. Себеби, бардык учурга туура келген жYPYм-турум эрежесин иштеп чыгууга болбойт. Анткени, адамдар туш болуучу шарттар ушунчалык ар тYPДYY. Демек, бYГYнкY кYндe этикет эрежелерин жeн гана билип же жаттап эле албастан, анын «духун», маани-мацызын ацдап тYШYHYY бир кыйла маанилуу. Башкача айтканда, этикеттин таянычтары, жетектeeчY идеялары болуп саналган негизги принциптерин eздeштYPYY оц. Ал эми андай принциптердин бир нечесин бeлYп кeрсeтYYгe болот.
Азыркы учурдагы этикеттин негизги принциптеринин башкысы болуп - гуманизм, адамгерчилик принциби эсептелет. Себеби, адамдарга ак ниет жана жакшы мамиле жасоо -азыркы этикеттин eзeгY, чен-eлчeмY, башкы нравалык негизи болуп саналат. Ошол себептен улам башка адамдарга ишенбей, агрессивдYY, орой, бой кeтeрYп, адепсиз, тоотпогондой мамиле жасоо чыныгы сыпайы жYPYм-турумга дал келбеген касиеттер катары каралат. Ырас, этикеттин бардык эрежелерин эле мораль менен тYЗдeн-тYЗ байланышта карай берYY да туура эмес. Анткени, эч кандай ыймандуулук, мейли ал бийик болсун, конкреттYY шартка, кырдаалга ылайык келген (мис., стол приборлорун кантип туура жана кооз колдоно билYYHY) тактикалык рекомендацияларды бербейт эмеспи. Ошого карабастан этикеттин eтe эле кeп эрежелери адамдарга гумандуу, сый-урмат менен мамиле жасоо талаптарынан келип чыгат. Алсак, башка адамдардын кeзYнчe бири-бири менен шыбырашып CYЙлeшYY дурус эмес; имараттын ичинде жанындагы адамдардын уруксатысыз тамеки чегYYгe болбойт; тегеректеги адамдардан макулдук албай туруп терезени (же ачылма кeзYн) ачууга болбойт; таанышыц аркылуу бирeeгe кат жeнeткeндe конвертти желимдeeгe болбойт: ал нерсе ошол адамга ишенбегеницди билгизип аны капа кылышы мYмкYн; коридордо, кeп кабаттуу YЙлeрдYн тепкичтеринде туруп алып катуу кыйкыруу жана CYЙлeшYY жарабайт, себеби кошуна YЙдe (бeлмeдe) оорулуу адам, уктап жаткан жаш бала, чоц киши же жeн эле жумуштан чарчап келген адам болушу ыктымал.
Бул тизмени уланта берсек болмок, бирок саналып eткeн нормалардын маанисине карап эле тeмeнкY тыянакты чыгарууга болот: азыркы кездеги этикеттин эрежелери адамга карата камкор, ак ниет, сылык болууну талап кылган аракеттерди сунуш кылат. Негизгиси, эл сизди сыйласын десециз сиз элди сыйлацыз. Сый эч качан жерде калбайт.
Учурдагы этикеттин маанилYY принциптеринин экинчиси - бул аракеттердин максатка ылайыктуу, жeндYY болушу. Бул принципти этикеттин дээрлик ар бир эрежесинен кeрYYгe болот. Далил катары темен^ мисалдарды келтирсе болот: эмне YЧYн котлетаны бычак менен кеспеш керек? Анткени, ал eзY жумшак! Эмнеге балмуздак кармап алып шаардык транспортко чыгууга болбойт? Себеби, транспорт ичиндеги жYргYнчYлeрдYн кийимдерин булгап коюшубуз ыктымал.
КeрYHYп эле тургандай бул эрежелердин баары тец ете женекей, ошол эле кезде акылга сыйымдуу, жeндYY. Алар жYPYш-туруштун эц ыцгайлуу жана экономдуу ыкмаларын кeрсeтYп турушат [2: 142]. Ушундай касиети менен азыркы демократиялуу этикет сословиелик, ак сеек этикетинен айырмаланып турат жана артыкчылыкка да ээ. Азыркы кездеги этикетке ылайык кандайдыр-бир стандарттуу эмес, бизге жацылык болгон кырдаалдарда eзYн кандай алып жYPYYHY билбей калганда аракеттердин максатка ылайыктуу, ыцгайлуу болушу принцибин жетекчиликке алуу керек. Бирок, ошол эле учурда сенин аракетиц eзYцe гана ыцгайлуу болбостон, тегеректеги адамдарга да ыцгайлуу болушу керектигин эстен чыгарбоо абзел.
Сез болгон принципке таянуу менен азыркы этикеттин эрежелери ар бирибизден экономдуу, максатка туура багытталган аракеттерди талап кылат. Анын натыйжасында бул эрежелер бизди мYмкYн туш боло турган тYШYнбeстYктeн, убакытты кур бекер сарптагандан, маанисиз кылык-жоруктардан алдын алып сактайт.
Ушул принципке негизденип азыркы этикет эч качан аракеттер бир жактуу гана болсун дебейт, жYPYш-туруш нормалары «башкача эмес ушундай гана жасагын» деп талап койбойт [2: 142]. Башкача айтканда, этикет эрежелеринин талаптарын YTYP-чекитине чейин кынтыксыз аткаруу, сактоо милдетщуу эмес. Себеби, турмуш ары татаал, ары кеп кырдуу болгон себешуу айрым учурларда этикет нормалары тарабынан кYн мурун каралбаган кырдаалдарга туш болушубуз мYмкYн. Ушул мааниден алганда азыркы учурдагы этикет догматтуу эмес. Ал стандарттык эмес кырдаалдарга кабылганда ылайыктуу жYPYм-турумду тандаганга жана чыгармачыл мамиле жасаганга мYмкYндYк берет. Баам салсак, анда, бYГYнкY кYндe дипломатиялык протоколдун нормалары гана кынтыксыз сактоону талап кыла турганын кeрeбYЗ. Калган учурларда, эгер конкретщуу шарт-жагдай же жYЙeлYY себеп талап кылса, этикет эрежелерин бузууга жол берилет.
Кээде орноп калган жYPYм-турум нормалары турмуштун жацы шарттарына карама-каршы келип калат. Дал ушул маалда этикет ез эрежелерин езгертет.
Кечеде баратканда аял киши эркектин оц тарабында жYрeт. Бул эреженин келип чыгуу себебин мурунку мезгилдерде эркектердин курал-жаракты дайыма eзYHYн сол жагында тагынып жYргeндYГY менен байланыштырышат. Бирок, бYГYнкY кYHY эркек курал-жарагын мурункудай дайыма eзY менен алып жYрбeйт. Анткени менен ошол мезгилдерде пайда болгон жогорку эреже сакталып калды. Бирок, аскер кызматкерлерин жандап бараткан аялга сез болуп жаткан эреженин тиешеси жок. Себеби, саламдашуунун аскердик ритуалын аткарышына тоскоол болбош YЧYн аскер кызматкерин жандап бараткан аял анын сол тарабында басат. Ошондой эле аял киши баскан тарап жолдун кооптуу бeлYГY болгондо да аял киши эркектин сол жагынан орун алат.
Этикеттин шартка ылайыкташканына дагы бир мисал. Белмеге, имаратка кирип баратканда эркек киши аялга эшик ачып, мурун кирYYгe жол берет. Бирок, ошол эшик катуу
пружина менен тартылган болсо, анда, эркек киши аны тYртYп ачып, аялдан мурун ичкериге кирип, жабылып калбаш YЧYн аны кармап турушу керек. Бул нерсе азыркы этикеттин позициясы боюнча толук акылга сыйымдуу, жeндYY жана жол берилген аракет болуп эсептелет.
Ошондуктан азыркы этикет тарбиялуу адамдарга эле эмес, акыл-эстYY, этикет эрежелерин конкреттYY кырдаалдарга ылайыктап чыгармачыл колдоно билген адамдарга да арналган деп айтса болот.
Азыркы учурдагы этикет нормалары таянган YЧYнчY принцип - кооздук, же жYPYм-турумдун эстетикалык кeркeмдYГY.
Адам баласы курчап турган дYЙнeгe ар тYPДYY ченемдер аркылуу мамиле кылат. Алар факты жана окуяларды, кубулуштарды утилитардык (пайдалуу же пайдасыз), этикалык (ыймандуу же ыймансыз, жакшы же жаман), эстетикалык (ажайып же кeрксYз) ^з караштардан алып баалашат. Берилген баа таза тYPYндe eтe сейрек кездешет. Адатта алар бири-бири менен аралашып, бири-бирин толуктап турушат. Ошондуктан кимдир-бирee жeнYндe, анын кулк-мYнeзY, кылык-жоруктары тууралуу сeз кылганда моралдык жана эстетикалык жактан баалоо чырмалышып кеткени маалым. Ырас, ошол баалар дайыма эле бири-бири менен дал келе бербейт.
Сарасеп салсак, этикеттин кeпчYЛYк эрежелери эстетиканын талаптарынан eсYп чыкканын байкайбыз. Ушуга байланыштуу айрым илимпоздор этикетти эстетикет деп аташ керек деп жYPYшeт. Анткени, этикет эрежелери мааниси боюнча эле этикалык болбосо, eзYHYн реалдуу табияты боюнча эстетикалык феномен. Ошондуктан алардын логикасы да eтe жeнeкeй: «адепсиз, себеби кeрксYз!» [5: 111; 6]. Ушул себептYY азыркы этикет тeмeнкYчe эскертет: тамакты чалпылдатып чайнап жебе, суюктукту (чай же шорпону) шорулдатып ичпе; элдин кeзYнчe тишицдеги тамактын калдыгын чукуба; тамак ичип бYткeн соц, чай менен чулкулдатып тишици чайкаба жана аны кайра жутуп алба; кeчeгe кейпи кетип, кири беш батман болгон кийимчен чыкпа; косметиканы ыксыз колдонбо (айрыкча, жаш кыздар); театрга спорттук кийимчен барба ж.у.с. Бул кeрYHYштeргe башкалардын табитин бузуп ирээнжиткендиктен, одоно кeрYнгeндYктeн улам тыюу салынат, адепсиз жорук катары бааланат. Себеби, ушундай жYPYм-турум айланадагы адамдардын эстетикалык сезимдерине шек келтирет, аны кордойт. Демек, ошол адамдарды сыйлабагандыктын кeрYHYШY болуп саналат. Башкача айтканда, эстетика айланып келип эле этикага такалып жатат. Мындан башкача болушу да мYмкYн эмес.
ЖYЙeлYY себептерден улам азыркы кездеги этикет жYPYм-турумдун форма жана мазмунунун биримдигине жетишYYHY кeздeйт. Анткени, адамдарга болгон жакшы мамиле кооз формага да ээ болушу керек. Антпесе жакшы ниетти кeздeгeн жYPYм-турум деле жагымсыз, жарабаган нерсе болуп кeрYHYШY жана eзYHYн чыныгы нравалык асыл мацызынан ажырап калышы ажеп эмес. Бул кeбYнчeсY адамдардын манераларына, ишарат-жацсоолоруна, мимикасына, тышкы кeрYHYштeрYнe тиешелYY болгон жYPYм-турум эрежелерине таандык. Андан сырткары, дал ушул эстетикалык ^з караштардан улам этикет башка адамдардын кeзYнчe eз физиологиябыздын кeрYHYштeрYн мYмкYн болушунча чектeeнY сунуш кылат (мис., элди карап алып, оозун ацырайтып ачып эстеген, баш тырмаган, колду мурунга же оозго салган, кулакты чукуган ж.у.с.).
Азыркы учурда колдонуп жYргeн этикет нормалары менен эрежелеринин арасында жогоруда саналып еткен принциптердин позициясынан туруп маанисин тYШYндYPYп берYYгe мYмкYн болбогон эрежелердин бYTYндeй тобу бар. Адатта кыска гана: ушундай кабыл алынган же салт болуп калган деп жооп беришет. Бирок, эмнеге салт болуп калганын айтышпайт. Бул эми изилдeeчYлeрдYн милдети. Анткени, бул нормалардын бардыгы тец эзелки заманда пайда болуп, биздин ^нге eздeрYHYн алгачкы маанисин жана мацызын жоготуп жетип келишти. БYГYнкY кYндe алар адамзаттын маданий тажрыйбасында YPп-адаттар жана каада-салттар катары орун алышкандыгы белгилYY. Негизи, тигил же бул эреженин келип чыгуу себебин TYШYHДYPYП берYY бир топ эле оор жумуш. Маселен, саламдашуу учурунда эркектердин баш кийимдерин алганына байланыштуу эки ача пикир жашап келе жатат. Бул кез караштардын кайсынысы тууралыгын аныктоо бYГYнкY кYHY анчалык деле маанилYY эмес. Бирок, сез кылган эрежелердин тээ илгери заманда пайда болгондугу, же болбосо айрым элдердин жашоо eзгeчeлYГYн чагылдырып тургандыгы гана шек туудурбайт. Адамдар аларды кылымдан-кылымга eткeрYп отуруп жакшы каада-салтка айлантып салышкан. Аларды болсо кийинки муун ез ата-бабаларынын даанышмандыгын жана ез eлкeсYHYн YPп-адатын сыйлагандык катары аздектеп сактап, унутпай колдонуп келе жатышат.
Ошентип азыркы учурдагы этикеттин тeртYнчY принциби болуп элдик Yрп-адаттар жана каада-салттар эсептелет. Башкача айтканда, улуттук YPп-адаттарды жана каада-салттарды сактоо керек. Башка елкеде жYргeндe ошол eлкeнYн салттарын жана этикет эрежелерин сактоо зарыл. Адамды сыйлап жатып биз анын улутун дагы сыйлаган болобуз. Чыр-чатактарга алып келиши мYмкYн болгон улут аралык конфликтердин пайда болушу жана тутанып кетYY коркунучунан улам бул принципти сактоо ете актуалдуу [4: 10].
Жыйынтыктап айтканда, еткен бир мезгилдерде адамдар жер шары Yч киттин YCTYндe турганынан улам ацтарылбай бекем турат деп ишенишкен. Ушул нерсени сез болгон маселеге тиешелYY кылып айтсак, анда, азыркы кездеги этикеттин дал ошондой терт кити бар. Алар: мораль, максатка ылайыктуулук, эстетика жана каада-салттар.
Колдонулган адабияттар
1. Агаронян А. С. Культура повседневной жизни: Социально-практические аспекты [Текст] / А. С. Агаронян. - [2-изд., перераб. и доп.]. - Ташкент: Издательство «Узбекистан», 1982. - 254 с.
2. Бушелева Б. В. Поговорим о воспитанности [Текст] / Бушелева Б.В. - М.: Просвещение, 1989. - 158 с.
3. Кумар В. Этикет [Текст] / В. Кумар. - Б.: «Бийиктик плюс», 2017. - 128 с.
4. Курочкина И. Н. Этикет для детей и взрослых [Текст] / И. Н. Курочкина. - М.: Издательский центр «Академия», 2001. - 256 с.
5. Школа этикета: поучения на всякий случай / Сост. Л.С. Лихачева. - Екатеринбург: Сред. -Урал. кн. изд-во, 1996. - 448 с.
6. Осмонова, С., & Табалдиева, А. (2022). Балдарды тарбиялоодо салттуу кыргыз YЙ-бYлeнYн ролу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 157-165. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 157. ББК: БЕК^К