ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(4)/2024, 41-50
УДК: 821.411.21+398.21
DOI: 10.52754/16948874 2024 2(4) 5
АРАБ АДАБИЯТЫНЫН КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНДАГЫ ЭЛЕМЕНТТЕРИ
ЭЛЕМЕНТЫ АРАБСКОЙ ЛИТЕРАТУРЫ В КЫРГЫЗСКОМ ФОЛЬКЛОРЕ ELEMENTS OF ARABIC LITERATURE IN KYRGYZ FOLKLORE
Мурзакметов Абдымиталип Камытович
Мурзакметов Абдымиталип Камытович Murzakmetov Abdymitalip Kamytovich
т.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети
к.и.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Osh State University
АРАБ АДАБИЯТЫНЫН КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНДАГЫ ЭЛЕМЕНТТЕРИ Аннотация
Араб адабияты - Чыгыш адабиятында eзYHYн татыктуу орду бар адабияттардын бири. Айрыкча араб CYЙYY лирикасы дYЙнeлYк адабияттын казынасынан эчак эле орун алган. Макалада араб адабиятынын кыргыз фольклоруна тийгизген таасири, андагы авторлордун чыгармаларынын, араб маданиятынын ислам дининин таасири аркылуу кыргыздарга жетип, эл тарабынан трансформацияланып, жомокторго, элдик ырларга, макалдарга айланып, мезгилдин eтYШY менен тел чыгарма катары кабылданып калгандыгы тууралуу сез болот.
Ачкыч свздвр: араб адабияты, ислам, CYЙYY лирикасы, Мажнун, Хатим ат-Таи, кыргыз фольклору.
ЭЛЕМЕНТЫ АРАБСКОЙ ЛИТЕРАТУРЫ В КЫРГЫЗСКОМ ФОЛЬКЛОРЕ
Аннотация
Арабская литература - одна из литератур, занимающая достойное место в восточной литературе. Арабская любовная лирика, в частности, уже давно вошла в сокровищницу мировой литературы. В статье говорится о влиянии арабской литературы на кыргызский фольклор. Арабская культура дошла до кыргызов через влияние ислама, трансформировалась народом, превращалась в сказки, народные песни, пословицы и воспринималась как оригинальные работы с течением времени.
ELEMENTS OF ARABIC LITERATURE IN KYRGYZ FOLKLORE
Abstract
Arabic literature is one of the literatures that occupies a worthy place in Eastern literature. Arabic love lyrics, in particular, have long been included in the treasury of world literature. The article talks about the influence of Arabic literature on Kyrgyz folklore. Arabic culture reached the Kyrgyz through the influence of Islam, was transformed by the people, turned into fairy tales, folk songs, proverbs and was perceived as original works over time.
Ключевые слова: арабская литература, ислам, Keywords: Arabic literature, Islam, love lyrics, Majnun, любовная лирика, Меджнун, Хатим ат-Тай, Hatim al-Tai, Kyrgyz folklore. кыргызский фольклор.
Киришуу
ДYЙнeдe жашап жаткан тYPДYY элдердин адабиятынын eнYГYY децгээли да ар тYPДYYчe, бул ошол элдердин тарыхый-коомдук eзгeчeлYГYнe байланыштуу. Адабият дегенде биринчи кезекте жазма адабият эске алынса да, анын тамыры элдик оозеки чыгармачылыкта экендигин танууга мYмкYн эмес. 0з жазуусуну ээ болбой, артта калган деп эсептелген элдердин адр^м ой жYГYртYYCY eнYккeн болуп, ал фольклордо камтылганын окумуштуулар эчак эле далилдешкен. Ошентип дYЙнeдeгY элдер жараткан улуттук адабияттардан дYЙнeлYк адабият тYЗYлeт. ДYЙнeлYк адабияттын жалпы eнYГYш тарыхы Батыш жана Чыгыш деген эки нукта eсYп-eнYктY. Чыгыш адабиятына Азия, Африка материгиндеги элдердин адабияты кирип. алардын eнYГYш тарыхы eтe узак мезгилди камтыйт. Классикалык Чыгыш адабиятынын прогрессчил салттары азыркы учурга чейин дYЙнeлYк маданий eнYГYшкe зор таасирин тийгизип келе жатат. Тилекке каршы, совет мезгилинде узак жылдар бою биздин адабиятыз идеологиянын терс таасири менен узак жылдар бою биз eзYбYЗгe тили, дили, маданияты, дYЙнe таануусу жакын болгон Чыгыш дYЙнeсYHYн баалуулуктарынан алыстап, империяны тYЗгeн элдин табитине ылайыкташып, Батыштын адабияты менен маданиятын кeбYрeeк YЙрeнYп, ага таасирленип келди. МYмкYн, бYГYнкY кYHY коомубузда болуп жаткан терс кeрYHYштeрдY ошол eз тамырыбыздан ажырап калгандыгыбыз менен тYШYндYPYYгe болуп жYрбeсYн деген да ой кетет. Кыргызстан ^з каранды эмес мамлекет болгондон соц гана узак убакка созулган тушалуудан кийин тектеш, чектеш мамлекеттер менен саясий, экономикалык, маданий алакалар тYЗYЛYп, дини, тили, дили, руху жакын болгон карт Чыгышка жYЗYбYЗДY бура баштадык. Демек, Чыгышты таанууну колго алуу мезгилдин талабы десек болот.
Чыгыш адабиятындагы eнYккeн адабияттардын бири катары араб адабиятын атоого болот. Араб адабияты Аравия жарым аралында жашаган алгачкы уруулардын оозеки адр^м чыгармаларынан келип чыккан. Байыркы арабдардын оозеки кeркeм чыгармачылыгында башка элдердин таасири жокко эсе. Ал кeбYнчe кeчмeн жана жарым кeчмeн малчылар менен оазистик дыйкандардын турмушун чагылдырган эмгек, бешик, кeч ж.б. мазмундагы элдик поэзия болгон. Чечендик, уруулардын согушу жана башка белгилYY окуялар жeнYндe ацгемелер сыяктуу ^р^м проза да байыртадан башталган. Арабдардын 5-7-кылымдардагы поэзиясы кeпкe дейре eкYм CYргeн белгилYY бир туруктуу тематиканы жана кeркeм ыкманы иштеп чыгып, поэтикалык тилдин, метриканын жана эстетикалык идеалдардын eзYнчe YЛгYCYнe айланган. Байыркы арабдардын поэзиясы тилинин байлыгы, синтаксистик конструкцияларынын ийкемдYYЛYГY, кeркeм каражаттарынын ^п тYPДYYЛYГY менен айырмаланчу (КСЭ, 1-т. 1976, 260-б.). Араб поэзиясынын идеялык мазмуну жацы ишеним -ислам дининин таасири менен eзгeрYYгe дуушар болгон.
Араб эли ислам динин жараткан эл. Динди таратуу YЧYн алар батышы Испания, Италия, Франция, чыгышы Афганистан, Пакистан, Индустан, Кытай, Филиппинге чейин жетип, жециштерге ээ болушат. Дециздер менен океандар курчаган жарым аралда жашагандыктан, исламга чейин эле алар eздeрY курган кемелерге тYШYШYп, алыскы eлкeлeргe CYЗYп, Кызыл децизде, Кара децизде, Перс булуцунда, Африка жээктеринде соода-сатык кылышкан. Кийин алар Кантон, Тайвань, Суматра, Шри-Ланка, Индонезия, Малайзия аралдарына чейин жетип, ислам динин таркатышкан. Демек, муну биз сeз кылган аймактарга чейин араб маданияты, араб адабияты жеткен деп тYШYнсe болот.
Ислам динин кабыл алган элдердин ичинде кыргыз эли да бар. Ошондуктан араб адабияты тике эмес, кыйыр тYPдe болсо да кыргыз адабиятына таасир этпей койгон эмес. Бул процессте казак, езбек, тажик, татар элдеринин да тиешеси бар экенин, ислам дини, маданияты, адабияты кыргыздарга ошолор аркылуу келип жеткенин белгилей кетYY керек.
Окурман журтуна кеп деле таанымал болбогон, eмYP баяны да так эмес, болжол менен 1862-жылы туулуп, жыйырманчы кылымдын башында дYЙнeдeн eткeн ЖумамYДYн Молдонун «Казалында»:
Зынданга салып таш кылып, 0з агасы кас кылып, Байгамбар кылып кудайым, Мисир шаарга баш кылып, Кул деп сатып агасын, Атасына дарт кылып. Жок кылып Жусуп набини Атасынан жат кылып. Акыры болгон бадыша,
Жусуп да eткeн дYЙнeдeн - (Мурас, 1990, 282-б.)
деген маалыматтардын берилиши кыргыз эл ырчыларынын мурунтан эле араб поэзиясы менен тааныш болгондугун тастыктайт. Мусулмандар YЧYн ыйык китеп болгон «Курандагы» персонаждар Жусуп менен Зулайканын кыргыз ацызында пир катары, Зулайка-Жусуп -CYЙYYHYH пири деп кабылданышы да белгилYY (Жусупов, 2001, 87-б.).
Латын алфавитине eткeнгe чейин СССРдеги тYркий тилдYY элдер араб жазуусун колдонуп келишкен, бул алардын тилинин, маданиятынын жакындыгын шарттаган. Панисламизм, пантюркизм идеясынан чочулаган совет бийлиги тYрк элдеринин чек арасын бeлYштYPYп, ар бирин eзYнчe жазууга ээ кылып, арасын тымызын алыстаткан. Чыгыш адабияты, анын ичинде араб адабияты да окутулбай, Батыштын баалуулуктарына басым жасалган. Натыйжада, Пушкиндин, Шекспирдин, Гетенин, Бальзактын, Диккенстин eмYP баянын, чыгармачылыгын жат билген кыргыз окурманы араб адабиятынын бир да eкYЛYHYн чыгармасы тYГYЛ атын атай албайт.
Араб поэзиясы дYЙнeлYк адабиятка кeптeгeн ысымдарды тартууласа да, биз тeмeндe аты кыргыздарга чейин келип жеткен эки инсандын eмYPY жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамакчыбыз.
Орто кылымдардагы арабдардын искусствосу бай болгон кeптeгeн романтикалуу уламыштардын ичинде бедуин Мажнундун Лайлиге карата болгон CYЙYYCYHYH тарыхы eзгeчe популярдуу. Легенда бедуиндердин амир уруусунан чыккан жаш койчу ошол эле уруудан чыгып, eзY менен кошо кой кайтарган кызды CYЙYп калганын баяндайт. Жылдар eтYп, Мажнундун Лайлиге карата CYЙYYCY унутулбай, кайра кYчeп eнYгeт. Мажнун кeптeгeн тYндeрдY CYЙгeнY менен сырдашып жYPYп eткeрeт, эки жаштын бири-бирин жакшы кeрYYCYн уруулаштары тYШYHYY менен кабыл алышат. Бирок Мажнундун ата-энеси Лайлиге куда тYШYп барышканда анын атасы «уулуцар eзYHYн CYЙYY ырлары менен кызымды уятка
калтырды» деген шылтоо менен башка уруудан чыккан тектYY жигитке кYЙeeгe берип жиберет. Лайлинин кYЙeeгe кетиши Мажнундун CYЙYYCYн ого бетер кYчeтeт. Ал CYЙгeнYнe жашыруун бара берет, Лайлинин кYЙeeсYHYн туугандары намыстанышып, Мединанын башчысына арыз менен кайрылышат. Натыйжада ашык байкушка Лайли менен жолугушуудан такыр баш тартышка туура келет. Аргасы куруган Мажнун акылдан ажырашка аз эле калат, атасы уулун Лайли жeнYндeгY ойлордон алаксытуу YЧYн анны Меккеге алып барат. Бирок, зыярат учурунда да Мажнунга Лайлинин гана аты угулуп, ал жeнYндe гана ойлоно берет.
Мажнундун азап тартуусу ^п жылдарга созулат. Лайли балдарды тeрeп, анан неберелYY да болот. Легенданын бир версиясы боюнча Мажнун да ата-энесинин айтканына кeнYп YЙлeнYп, бала-чакалуу болот. Бирок ал тун CYЙYYCYн унута албай, Лайлини гана ойлой берет. Акырында Мажнун CYЙYYHYH айынан акылынан ажырап, чeлдe жашай баштайт. Бир жолу тYн ичинде Мажнундун апасынын eтYHYЧY боюнча Лайли ага барып жолугат, бирок ал айыккыс оору болуп калган экен. Керээлден-кечке чeлдY жалгыз кезип, же болбосо отуруп таш тере берчY болот. Анан дагы жаныбарларга, кeбYнчe жейрендерге кайрылып CYЙлeп, кокус бирee тузакка тYШYп калса мергенчилерден сатып алып, эркиндикке кое берчY адатка ээ болот. Адамдарга жолобой качып тургандыктан, достору алып келген тамак-ашын жакын жерге коюп коюшат. Акырында Мажнун чeлдe ДYЙнeдeн eтYп, уруулаштары жерге жашырышат (Маджнун, 1984, 5-6-б.).
Жогорудагы легенда кыргыздарга да тааныш болгон. Бул жeнYндe тилчи-окумуштуу Х. Карасаев: «Лайли менен Мажнун» - бирин бири CYЙYп калган эки жаш жeнYндeгY жомок. Бул жомок Арабстанда 7-кылымда пайда болгон. Лайли кызды CYЙбeгeн адамга берет. Мажнун талаага тентип кетет, жапайы жаныбарлардын арасында жашайт. 0з аты Каис. СYЙYY отуна чыдабай жинди чалыш болуп калгандыктан, Мажнун (жинди) деген атка конгон. Эки ашык кайгы оорусуна чыдабай, бири-бирин сагынып жYPYп eлYшeт. 12-кылымдагы азербайжан акыны Низами муну поэма кылып таратат. 15-кылымда eзбектин улуу акыны Алишер Навои да поэма кылып кайра жазат. Ошентип, мусулман eлкeсYнe кецири тараган. 1922-жылы казактын атактуу акыны Шаакерим араб тилинен казак тилине адр^м поэма кылып, «Шолпан» журналына жарыялаган. Лайли, Мажнун кыргыз элине да белгилYY болгон» - деп жазат (Карасаев, 1982, 233-б.). Биздин божомолубузча, бул сюжет кыргыз адабиятына eзбек же казак адабияты аркылуу кирген.
10-кылымдагы филолог Абу-ль-Фарадж аль-Исфахани тYЗгeн араб поэзиясынын «Ыр китеп» антологиясында акындын eзY тарабынан айтылган деп, анын eмYPYнe байланышкан бир нече кошумча эпизоддор баяндалат. Эгерде антологиянын авторуна ишене турган болсок, бир жолу Мажнундан кайсы окуя эсинде кeбYрeeк калганын сурашат. Акын бир ирет кечинде YЙгe коноктор келишип, май алып келYY YЧYн аны коцшулардыкына, Лайлилердикине жeнeтYшкeнYн айтат. Лайли Мажнундун кумурасына май куюп жатканда экee CYЙлeшe кетип, сeзгe аябай берилип алгандыктан кумурадан ашкан май тeгYЛYп, кeлчYк болуп кеткендигин да байкашпайт. Дагы бир жолу Мажнун от сурап келип калып, Лайли чYПYрeккe оролгон чокту алып чыгат. Булар CYЙлeшYп жатканда чYПYрeк кYЙYп кетип, Мажнун сeз бузулбасын YЧYн eзYHYн чапанынан бир YЗYм жулуп алып чок ороп, акыры сeзгe кызыгып кетип бYт чапанын KYЙГYЗYП алат (Маджнун, 1984, 6-б.). Мына ушул айтылгандардын баары тец кокусунан эле чыгып калган эмес. 7-кылымдын экинчи жарымында - 8-кылымдын башталышында араб поэзиясында CYЙYY лирикасы басымдуулук
кылуучу жанрга айланган. Бул мезгилдеги CYЙYY лирикасынан эки багытты - шаардык жана бедуиндик багыттарды байкоого болот. Бедуиндик лирика кeчмeн урууларда тYЗYЛгeн, анын YCTYнe уламыш боюнча ыр жарата билYY жагынан айрыкча узра уруусу дацазаланып, андан акындардын жоон тобу чыккан. «Узриттик» багыттын акындары катаал уруулук закондордон улам бири биринен ажырап калган бактысыз ашыктардын таза CYЙYYCYн мактап ырдашкан. Узриттик багыттын эц таанымал, популярдуу акыны Мажнун деген ат менен белгилYY болгон Кайс ибн аль-Мулаввах болгон, анын eмYPY тууралуу кeптeгeн уламыштар айтылат. Кайс болжолдуу айтканда 700-жылдары дYЙнeдeн кайткан (Из классической арабской поэзии, 1983, 105-б.). Дагы бир маалыматта Мажнундун Бену Амир уруусунан болгону айтылат (Арабская любовная лирика, 1974, 27-б.). КeрYHYп тургандай, кыргыз фольклорунда жомок катары айтылган Мажнун ырасында тарыхый инсан болгон экен.
Мажнун менен Лайлинин бактысыз CYЙYYCY бир гана араб эмес, Чыгыштын башка адабияттары YЧYн да бир нече жолу сюжет болуп берген. Орто кылымдык салт Лайлинин аты аталган бардык ырларды Мажнунга таандык кыла бергендиктен, Мажнундун чыныгы eмYP баянын жана ал чыгармалардын чынында эле ага таандык экенин аныктоого мYмкYн болбой калган. Андайбы же мындай эмеспи, бирок Мажнунга тиешелYY деп эсептелген ырлардын бYт цикли узриттик багыттын нугунда жаткан жана 5-8-кылымдардагы бедуин лирикасынын бардык негизги белгилерин камтыган (Литература Востока, 1970, 247-б.). Орто кылымдардагы антологияларда камтылган Мажнундун eмYPY жeнYндeгY эл оозунан алынган маалыматтар ошол мезгилдердеги башка бедуин акындарыныкындай эле легендардуу мYнeзгe ээ. XI кылымдын ортосунда персиялык саякатчы Насир-и-Хисроу: «Биз Тайфадан чыкканда бизге тоолор жана капчыгайлар аркылуу жYPYYгe туура келди, бардык жерде кичинекей чакан сепилдер менен айылдар бар экен. Аскалардын арасынан мага талкаланган чакан сепилди кeргeзYштY: бедуиндер анда Лайли жашаганын айтышты. Лайли менен Мажнун жeнYндeгY баян eтe тац калыштуу» деп жазган (Маджнун, 1984, 7-б.).
Арабдарга коцшулаш ирандыктарга бул баян илгертен эле тааныш болгон TYPY бар. Уламыш боюнча ^п сандаган ырчылардан Лайлинин сулуулугу, акылы, мамилеси жeнYндe уга берип, ага сыртынан ашык болгон Ирандын шахы жоон топ жигиттеринин коштоосунда жол басып, кызды кeргeнY барат. Алыстан келген сыйлуу мейманга арык чырай, кара тору кызды кeрсeтYшeт. «Менин аялдарымдын кимиси гана болбосун, мындан кeп эсе сулуу да, анан эмнеликтен бул кызды ушунчалык мактап ырдашат?»,- деген шахтын суроосуна элдин ичинен бирee: «Лайли кыздын сулуулугун кeрYш YЧYн Мажнундун кeзY керек» деп жооп берет. Бул сeз эл арасына тарап, лакапка айланып кеткен. Анын кыргыздарга да жеткенин, анын негизинде жергиликтYY варианты пайда болгонун Шаршеке Усупбеков тYЗгeн «Кыргыз макал-лакаптары» жыйнагындагы «АйчYрeктY кeрYш YЧYн, Семетейдин кeзY керек» деген лакап кeрсeтYп турат (Кыргыз макал-лакаптары, 1982, 179-б.).
Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында CYЙYY лирикасынын eзгeчe орду бар экендиги талашсыз. Алардын ичинде тYштYктe «ашыглык» деп аталган TYPYHYH тилдик да, поэтикалык да eзгeчeлYктeрY бар. Буга коцшулаш жашаган тажик, eзбек элдеринин оозеки чыгармачылыгынын таасири тийгендигин айта кетсек болот. Аталган элдердин араб поэзиясы менен эртерээк таанышып, анан алардан кыргыздарга Лайли менен Мажнун тууралуу окуя да белгилYY болуп калса керек. Ошондон улам кыздарга Лайли деген аттын коюлганы бекеринен эмес. Ашыктык ырларынын ичинен «Лайликан» деген ыр да жолугат:
Лайликан оо, Лайликан, 0тпeсe оокат майли кан. Калам десе зыядай оо, Каштуудан сиздей кeрбeдYм. Мектепке берген балдардай, Баштуудан сиздей кeрбeдYм. Лайликан оо, Лайликан, 0тпeсe оокат майли кан. Лайликан болбой eлсeцчY,
Бир карааньщ кeрсeмчY (Ашыктык ырлары, 1988, 118-б.).
Ырасында, жогорудагы ырдын башка, ашыктык ырын ырдаган адамдын eзYнe тааныш кызга арналып жаткандыгына карабай, ошол кыздын ысымы араб поэзиясындагы Лайлинин атынан улам коюлган деп айта алабыз.
Мындан улам ^п жылдардан бери Чыгыш адабиятын, тагыраак айтсак фарс тилдYY акындардын чыгармачылыгын кыргыз окурмандарына eз эне тилинде окуганга MYMKYHЧYЛYK тYЗYп, котормочулук менен жашап келе жаткан адам, акын Кубанычбек Басылбековдун «Ак эмгегим - менин Лайлим, ыйыгым» деп аталган ырында:
СYЙYY ыйык, мен ошого багынам,
Эмгек Лайлим. Жазбай калсам сагынам.
Кордук кeрYп, чалдыксам да азапка
Андан танбайм, танар болсом жацылам -
деп жазганы кокусунан эмес (Акыл кенчи, 2010, 17-б.). Биз мындан Лайлинин аты дегеле ашык болгон кызды эле эмес, ашык болгон ишти да билдирип калганын байкайбыз.
Орто кылымдардагы араб поэзиясынын дагы бир eкYЛY кыргыз фольклоруна тYЗдeн болбосо да кыйыр тYPдe таасир эткен деп белгилeeгe болот. Сeз байыркы араб адабиятынын eкYЛY, акын Хатим ат-Таи жeнYндe болуп жатат. Кыргыздарга ал «Атантай» же «Атантай жоомарт» деген ат менен белгилYY. Кыргыз эл жомокторунда бир падышанын ар KYH сайын кайыр сурап келгендерге ат-тон бергени, eзYHYн берешендигине манчыркап кетип: «Мендей март адам бул ДYЙнeдe бар бекен» деген суроо салып, eзYнeн да март Атантай жоомарт бар экендигин угуп, аны издеп таап, анан анын берешендигин кeрYп мойнуна алгандыгы тууралуу айтылат. КeрYHYп тургандай, араб акыны тууралуу сюжет кыргыз фольклоруна кирип, тYЗ таасир эткен.
Окумуштуу-тилчи Х. Карасаев бул жeнYндe: «Атантай жоомарт» - барып турган берешен, колу ачык, март. Бул накыл кептин тeркYHY араб-фарсылардын жомогундагы «Хатымтай» аттуу адамга барып такалат. Атантай эки сeздeн тYЗYЛгeн: арабча хатим -кeчмeн бедeeнYн энчилYY аты; «тай-хатим» - чакан уруунун аты. Ошентип, Хатимтай -кыргыздарда Атантай болуп калган. Казактар дагы башкачараак атайт. Бул жомок ислам тараган Орто Азия элдеринин чыгарган хикаяларына (ацгемелерине) байланыштуу кыргыз элине тараган. Атантай жоомартты казак акындары илгерки убакта eлeц китеп кылып чыгарышкан. Ал eлeц китептерди Казанда жана башка шаарларда бастырып чыгарган, элге
тараткан. Кыргыздын сабаттуу адамдары аны ^п окуган, элге окуп да беришкен. Ошондуктан берешен, март адамдардын бардыгын Атантайга тецеген. Кыргыз элинин салтында да колу ачыктыкты, марттыкты адамгерчиликтин жогорку баскычы катары кeргeн»,- деп тYШYндYрмe берген (Карасаев, 1982, 72-б.).
Жогорудагы ойлорду Тeлeгeн Касымбековдун «Сынган кылыч» романынан алынган мисалыбыз да бекемдемекчи. Жаманкулдун ашында кулан чаар аргымакты мактап ырдаган ырчыга Домбу минген атын бергенде ал:
Баатыр заада Домбу бий, башка бийден жолдуу бий! ТeгeрeктY тeп чапкан, тYк ойлонбой кeп чапкан. ТYпкY атасы кыпчактан Жацгер Кацлы баласы. Санжырасын сан кылган Сандаган журтту тац кылган Бир тецелсе Атантай, Тецелбесе жок мындай,
Жоомарттыгын карачы... деп ырдайт (Касымбеков, 1990, 383-б.).
Эми ошол Атантайдын прототиби болгон орто кылымдардагы араб акыны Хатим ат-Таиге токтолмокчубуз. Акын жeнYндeгY маалыматтар, жогоруда eзYбYЗ сeз кылгандай, орто кылымдардагы кeпчYЛYк бедуин акындарыныкындай легендардуу мYнeзгe ээ. Анын кайсы кылымда жашагандыгы да белгисиз. Андыктан биз 10-кылымда жашаган автор Абу-ль-Фарадждын «Ыр китебине» гана таянмакчыбыз, анда 5-6-кылымдардан тартып 10-кылымга чейинки араб акындарынын eмYPY, чыгармачылыгы жeнYндe маалыматтар жыйналган. Орто кылымдардын ары кызыктуу, ары маанилYY бул антологиясында Хатим ат-Таинин так туулган же eлгeн жылдары жeнYндe берилбесе да, анын ислам динин кабыл алган мезгилге чейин жашап eткeндYГY айтылган. Демек, акын болжол менен 5-кылымдан 7-кылымга чейинки мезгилде жашаган деп жыйынтык чыгарсак болот.
Антологияда акындын eзY жeнYндe гана эмес, анын YЙ-бYлeсY, ата-теги жeнYндe да маалыматтар берилген. Ибн аль-Араби: «Хатим арабдардын арасындагы белгилYY акын жана март адам болгон. Анын ырлары анын берешендигине барабар болгон, свздврY болсо ишине ылайык келген. Ал кайда гана болбосун, адамдар аны таанып-билишкен. Аны бардык иште ийгилик коштоп ЖYргвн: ал эгер согушса, анда жецген, мал тие качкан болсо -байыган, эгерде андан сурашса - берген, ашык атчу болсо - уткан, мелдеше кетсе - озгон, туткунга алчу болсо - бошоткон», - деп айткан (Абу-ль-Фарадж, 1980, 138-б.).
Акын eмYPYHYн аягына чейин байлыкка болгон мындай ^з карашынан кайткан эмес. Арабдар отурукташып, шаар калкы кeбeЙYп, соода eнYккeндeн кийин адамдардын ац-сезими да eзгeрYЛYп, халифаттын аймагында динден кийинки эле маанилYY нерсе акча болуп калган. 0з замандаштарынын пейили кандай eзгeрe баштаганын баамдаган акындар коом YЧYн идеалды eздeрYHYн eткeн турмушунан издешкен. Акын жана берешен адам Хатим ат-Таи
тууралуу уламыштардын эл арасына eтe кецири тарагандыгынын негизги себеби мына ушунда. Биздин оюбузча, илгертен отурукташкан коцшу элдер менен соода алакаларын жYPГYЗYп, байланыш кылып келгендиктен, алардын акчага, байлыкка карата мамилесин баамдагандан, кийинчерээк eздeрY да отурукташууну башынан eткeргeн себептYY, байлыкты колдун кири санаган кыргыздар дагы элдин ац-сезиминдеги улутка жат eзгeрYYлeрдY сезгенден улам Хатим ат-Таинин eрнeгYн жYрeккe жакын кабыл алып, акырындык менен тeл чыгармасы катары жомокко айландырып алышкан.
Жыйынтыктай келсек, ар бир элдин тарыхы, акыл-эси, турмушу, маданияты, кYрeшY башкаларга кызык. Ар бир элдин сабак болоор, сабак алаар татыктуу кeп кызыктары, жакшы-жаманы бар. Элдер бири-бирин таанып, билиши керек. Азыркы кезде эч нерсесин сыртка чыгарбай кымырынган, биротоло жолу, дайыны жабылып калган eлкe же эл жокко эсе. Мындайча айтканда, тарыхтын тээ тYпкYPYнeн эле адамдар менен адамдар, элдер менен элдер байланышып, катышып келишкен. Демек, тYркYн маданияттардын аралашуусу да такай ЖYPYП келген. ЭзYбYЗДYн макалабызда биз араб адабиятындагы жеке авторлордун же айрым чыгармалардын негизинде алардын кыргыз фольклоруна тийгизген таасирин иликтегенге аракет жасадык. Мындай таасирлердин болушу мыйзам ченемдYY кeрYHYш, анткени кыргыз адабияты да Чыгыш адабиятынын бир бутагы, бир тарамы болуп саналат жана саналып eткeн элдер менен тарыхый, маданий, саясий, экономикалык байланыштар илгертен жашап келген. 0з учурунда кыргыз адабияты да башка элдердин адабиятына eз таасирин тийгизYYCY толук MYMKYH, аны изилдee келечектин иши болмокчу. Мындай байланыштарды, жалпылыктарды таанып-билYY, окуп YЙрeнYY келечек муундар YЧYн eтe зарыл деген ойдобуз. Бул аркылуу алар биринчиден, eз элинин адабиятын терецдетип окуп билмекчи, экинчиден, башка элдердин адабияты менен да таанышып, натыйжада ДYЙнeлYк адабият менен, жалпы адамзаттык баалуулуктар менен кабардар болмокчу. Мунун элдердин ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдeeгe да тиешеси бар экендигин кошумчалай кетсек болот.
Пайдаланылган адабияттар
1. Абу-ль-Фарадж аль-Исфахани. (1980). Книга песен. Москва: Наука.
2. Акыл кенчи. (2010). Ирандын даанышман акындарынын тандалган чыгармалары. Кыргыз тилине которгон: Кубанычбек Басылбеков. Бишкек: Эркин-Тоо.
3. Арабская любовная лирика. Стихи. (1974). Пер. с арабского. Вст. статья, подстрочный пер., справки об авторах, примеч. Б. Шидфар. Москва: Худож. лит.
4. Ашыктык ырлары. (1988). ТYЗг.: А. Токомбаева, Ж. Мукамбаев. Фрунзе: Кыргызстан.
5. Жусупов, К. (2001). Байыркынын издери. Бишкек: «Кыргызстан - Сорос» фонду.
6. Из классической арабской поэзии: сборник: пер. с араб. (1983). Сост. и примеч. Б. Шидфар; вступ. ст. К. Яшена. Москва: Художественная литература.
7. Карасаев, Х. (1982). Накыл свздвр. Фрунзе: Кыргызстан.
8. Касымбеков, Т. (1990). Тандалган чыгармалар. Фрунзе: Адабият.
9. Кыргыз макал-лакаптары. (1982). ТYЗг. Ш. Усупбеков. Фрунзе: Кыргызстан.
10. Кыргыз совет энциклопедиясы. (1976). 1-т. Башкы ред. Асанбек Табалдиев, Б. Орузбаева. Фрунзе: Кыргыз совет академиясынын башкы редакциясы.
11. Литература Востока в средние века: учебник для студентов университетов. (1970). Под ред. акад. Н. И. Конрада [и др.]. Москва: Изд. МУ.
12. Маджнун. Стихи о Лейле. Кайс ибн аль-Мулаввах. (1984). Перевод Е. Елисеева. Москва: Худлитиздат.
13.Мурас. (1990). ТYЗг. М. К. Абдылдаев. Фрунзе: Кыргызстан.