Научная статья на тему 'ЭРКИН КОТОРМО ЖАНА АНЫН САПАТ БЕЛГИЛЕРИ'

ЭРКИН КОТОРМО ЖАНА АНЫН САПАТ БЕЛГИЛЕРИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
11
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
поэтика / проза / драма / өз лабораториясы / диалект / говор / жаргон / терминологиялык сөздүк / poetics / prose / dramaturgy / experience / creative laboratory / dialect / vernacular / jargon / terminological dictionary

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Ризван Исмаилова

Бул макалада чыгарманын индивидуалдуу өзгөчөлүгүн, улуттук колоритин өз калыбындай которуп берүү-котормочунун ийгилин камсыз кылган негизги фактор экени айтылат. Котормочунун кесипкөйлүк деңгээли, мурун-соңку котормо ишиндеги тажрыйбасы, өз лабораториясындагы усулдары да мааниге ээ. Котормочу биринчи кезекте көркөмдүктү, кооздукту, чыгарманын идеясы менен духун жүрөгү менен терең сезген адабиятчы болуу менен бирге түпнусканын тилин ошондой эле өз эне тилиндей эң жакшы билиши зарыл. Билгенде да эки тилдин бир гана адабий тилинин нормасында эмес, алардын бүткүл тилдик корун, диалектисин, говорлорун, жаргондорун, кесиптик-техникалык өзгөчөлүгүнө байланышкан жактарын, терминологиялык сөздүктөрүн жакшы билиши зарыл. Ошону мнен бирге таржымалай турган түпнуска жазылган доордун саясий-экономикалык, коомдук-формациялык түзүлүшүн, маданий өзгөчөлүктөрүн, андагы эл аралык карым-катнаштардын мүнөзү, элдин каада-салты, үрп-адаты, салт-санаасы, менталитети менен белгилүү деңгээлде тааныш болушу керек.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FREE TRANSLATION AND ITS ATTRIBUTES OF QUALITY

This article says that the main factor ensuring the success of a translator is to convey in his own way the individual features of the work, the national flavor. The level of professionalism of the translator, previous experience of translation work, methods in his laboratory are also important. First of all, the translator must be a writer who deeply feels the art, beauty, idea and spirit of the work, who knows the original language as well as his native language. It is necessary to know well not only the norms of the literary language of the two languages, but also their entire language base, dialect, dialects, slangs, aspects related to professional and technical features, terminological dictionaries. It is necessary to know the political, economic, social and formational structure, cultural features of the initial written period, the nature of international relations, customs, traditions, and the mentality of the people.

Текст научной работы на тему «ЭРКИН КОТОРМО ЖАНА АНЫН САПАТ БЕЛГИЛЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

e-ISSN: 1694-8610

№2/2023, 183-200

УДК: 82

DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 22

ЭРКИН КОТОРМО ЖАНА АНЫН САПАТ БЕЛГИЛЕРИ

СВОБОДНЫЙ ПЕРЕВОД И ЕГО ПРИЗНАКИ КАЧЕСТВА FREE TRANSLATION AND ITS ATTRIBUTES OF QUALITY

Исмаилова Ризван Ураимовна

Исмаилова Ризван Ураимовна Ismailova Rizvan Uraimovna

ф.и.к., доценттин м.а, Ош мамлекеттик университети

к.ф.н., и.о. доцента, Ошский государственный университет Candidate of Philology, Acting Associate Professor, Osh State University ismailova rizvan@mail.ru

ЭРКИН КОТОРМО ЖАНА АНЫН САПАТ БЕЛГИЛЕРИ

Аннотация

Бул макалада чыгарманын индивидуалдуу eзгeчeлYГYн, улуттук колоритин ез калыбындай которуп берYY-котормочунун ийгилин камсыз кылган негизги фактор экени айтылат. Котормочунун кесипкeйлYк децгээли, мурун-соцку котормо ишиндеги тажрыйбасы, ез лабораториясындагы усулдары да мааниге ээ. Котормочу биринчи кезекте кeркeмдYктY, кооздукту, чыгарманын идеясы менен духун жYрeгY менен терец сезген адабиятчы болуу менен бирге тYпнусканын тилин ошондой эле eз эне тилиндей эц жакшы билиши зарыл. Билгенде да эки тилдин бир гана адабий тилинин нормасында эмес, алардын бYткYл тилдик корун, диалектисин, говорлорун, жаргондорун, кесиптик-техникалык eзгeчeлYГYнe байланышкан жактарын, терминологиялык сeздYктeрYн жакшы билиши зарыл. Ошону мнен бирге таржымалай турган тYпнуска жазылган доордун саясий-экономикалык, коомдук-формациялык TYЗYЛYШYH, маданий eзгeчeлYктeрYн, андагы эл аралык карым-катнаштардын мYнeзY, элдин каада-салты, Yрп-адаты, салт-санаасы, менталитети менен белгилуу децгээлде тааныш болушу керек.

Ачкыч свздвр: поэтика, проза, драма, eз лабораториясы, диалект, говор, жаргон, терминологиялык сeздYк.

Свободный перевод и его признаки качества Аннотация

В данной статье говорится о том, что главным фактором, обеспечивающим успех переводчика, является по-своему передать индивидуальные особенности произведения, национальный колорит. Важен также уровень профессионализма переводчика, предыдущий опыт переводческой работы, методики в его лаборатории. Прежде всего, переводчик должен быть писателем, глубоко чувствующим искусство, красоту, идею и дух произведения, владеющим языком оригинала так же хорошо, как и родным языком. Необходимо хорошо знать не только нормы литературного языка двух языков, но и всю их языковую базу, диалект, диалекты, сленги, аспекты, связанные с профессиональными и техническими

особенностями, терминологические словари. Необходимо знать политико-экономический, общественно-формационный уклад, культурные особенности первоначального письменного периода, характер международных отношений, обычаи, традиции, менталитет народа.

Free Translation and Its Attributes of Quality Abstract

This article says that the main factor ensuring the success of a translator is to convey in his own way the individual features of the work, the national flavor. The level of professionalism of the translator, previous experience of translation work, methods in his laboratory are also important. First of all, the translator must be a writer who deeply feels the art, beauty, idea and spirit of the work, who knows the original language as well as his native language. It is necessary to know well not only the norms of the literary language of the two languages, but also their entire language base, dialect, dialects, slangs, aspects related to professional and technical features, terminological dictionaries. It is necessary to know the political, economic, social and formational structure, cultural features of the initial written period, the nature of international relations, customs, traditions, and the mentality of the people.

Ключевые слова: поэтика, проза, драматургия, творческая лаборатория, диалект, просторечие, жаргон, терминологический словарь.

Keywords: poetics, prose, dramaturgy, experience, creative laboratory, dialect, vernacular, jargon, terminological dictionary.

Киришуу

Керкем котормонун поэтикалык, прозалык жана драмалык кайсыл typy болбосун, ал искусство чыгармасы. ТYпнуска менен керкем котормонун айырмасы, артыкчылыгы жана керкем котормого коюлган талаптар, принциптер андагы тенденциялар, категориялар же^нде адабият таануучулар, адабият изилдеечYлер жана адабиятчылардын арасында бирдиктYY пикир жок. Адабий чыгарма жаралган мезгилден тартып, керкем котормо да кошо жаралган деген пикирдин чындыгы бардай, ошондуктан индивидуалдуу (жекече) чыгармачылык катары кароого тийишпиз. Керкем котормодогу башкы фигура котормочу. Котормочуда жазуучулук талант, шык, жендем, керецге болсо, анын тил байлыгынын молдугу, тилиндеги оригиналдуулук, талантынын кудурети менен бир чыгармадан экинчи бир керкем чыгарма жаралат. Бул жанрдын басып еткен жолунун тажрыйбасы, оош-кыйышы, кемчилиги менен мYЧYЛYштYГY бара-бара тYЗделYп, такталышы езYне таандык белгилерди жана сапат-касиеттерди жаратты. Ал кайсы коомдо, кайсы доордо, кайсы мезгилде болбосун керкем чыгарма менен эриш-аркак келатат, ал эмес тYпнускадан да мыкты, керкемдYк децгээли жогору, жанрдык тYPY, салаасы еркYндетYлген чыгармалар бар. Мисалы, адабиятчылардын баасына караганда, грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын Алыкул Осмоновдун кыргызча котормосунда эстетикалык-керкемдYк децгээли боюнча тYпнускадан ашып тYшкенYн белгилеп жYPYшет. Бул талант дареметинин, котормочулук енердYн YлгYCY. Котормодо башка элдин тарыхый, маданий жана улуттук езгечелYГY сакталууга тийиш, анын жашоо образы, YPп-адаты, каада-салты, диний кез карашы, тилдик айырмачылыгы, психикалык езгечелYГY, ой дYЙнесYHYн езYне таандык эн белгилери бузулбай которулса максатына жетет.

Керкем котормонун ролу саясий жана маданий факторлорду (саясий адабияттар, илимий эмгектер ж.б.) эске албаганда, баа жеткис. Бул эки элдин ез ара мамилеси, карым-катнашы, алдыцкы идеяларды жайылтуу, маданий баалуулуктарды алмашуу, ошондой эле достук, интернационалдык ац-сезимдин енYГYШYHYн жана чыцдалышынын каражаты. Жакшы котормочу биринчи кезекте жакшы окурман болуш керек. Ал тексттин ыр тYPYндебY же кара сез менен жазылган текстин табиятын, филологиялык жаратылышын, синтаксистик-стилистикалык езгечелYГYне ке^л буруп, чыгарманын композициялык тYЗYЛYШYне, идеялык-керкемдYк маанисине маани бериш керек. "Создание высокой культуры перевода способствует росту данной национальной литературы и созиданию ею своего национального характера" (Федоров, 1983).

Орус адабиятында керкем котормо жанрын эссе сыяктуу элирип, ой чабыттатып жазган "Жогорку искусство" деген эмгегинде К. Чуковский акын-жазуучулар С^пнусканын автору) менен котормочунун эмгегине жана ролуна чыгармаларды талдоо менен алмак-салмак баа берип отуруп, "Бальзакты которуу YЧYн, кандайдыр бир децгээлде Бальзакка айлануу керек, анын темпераментин YЙренYп, пафосуна чейин кетерYЛYп, жашоону поэтикалык кабылдоону Бальзактай сезиш керек" (Чуковский, 1964, 6-б) деген. Керкем котормо кандай болбосун мыкты которулуп, андагы эц башкы нерсе автордун тилиндеги, стилиндеги автордун ез алдынчалыгы, индивидуалдуулугу сезилиш керек. Демек, керкем котормодон биз автордун образын, ойлорун, адабий манерасын эц башкысы стилин билYYге тийишпиз. Мында котормочунун адабий "мени" эч качан роль ойноого тийиш эмес. "Мендин" ашыкча ойлору, алымча-кошумчасы, ыксыз CYреттееге берилиши, ойдон чыгарып жазганы, окшоштуруп которушу, бир нерсеге

айландырып жибериши кыскасы, eзYм билемдиги, ыксыз фантазиясы акын же жазуучунун автопортретине эмес, котормочунун автопортретине айланып калат.

"Буквальный или как выражался Шишков "рабственный " перевод никогда не может быть переводом художественным. Точная, буквальная копия того или иного произведение поэзии есть самый неточный, самый лживый, из всех переводов" (Чуковский, 1964, 53-б). Контекске "кулдай" баш ийип, маанисин эмес, тамгасын кeчYPYп кайра жазуу алдамчылык мындай котормо тили бай, тYЗ, элестYY, ийкемдYY, жацы сeздYк боёкторго жыш, керкем каражаттары мол, пластикалык мYнeздeгY керкем котормонун талаптарына таптакыр карама-каршы келет. Академик Шерба тилдин тeрт стилистикалык категориясын; 1- салтанаттуу, 2- нейтралдуу, 3- фамилярный (карым-катнаш стили), 4-вулгардык деп белгилеп, тилдин стилистикасындагы ар бир элементтерге, гап тYPДYY, ^п кырдуу синонимдер, кeп маанилYY сeздeргe, макал-ылакаптар, фразеологизмдер, башка тилден кирген сeздeр, тeл сeздeр кыскасы, сeздYн маани берYYЧY обсерваториясына кылдат мамиле жасоого чакырган.

Ар бир тилдин eзYнe таандык, eзYнe мYнeздYY, менчик стилистикасы бар. Жеке авторго таандык кайталоо, параллелизмдер, симметрикалык CYЙлeмдeр, поэтикалык ритмика, прозалык речь жана башка жеке стилге таандык eзгeчeлYктeр сакталууга тийиш. Котормочу таржымалана турган тилдин ар бир фразасын ошол тилде угулуп, ошол тилдин логикасына жана эстетикасына жооп бере тургандай которууга милдеттYY. Англиялык сынчы акын жана философ Метью Арнольд минтип айткан:" Бирee айтат, котормо окуганда жакшы болуш керек, биз анын тYпнускасын унутуп калабыз, бизге тYп нусканын eзY эне тилде жазылгандай сезилет" (Чуковский, 1964, 170-б). Мунун мисалына орус адабиятындагы котормочулар; Н. Гребнев, Я. Козловский, Расул Гамзатовду, Н. Заболоцский Шота Руставелини, М. Лозинский У.Шекспирдин "Гамлеттин" мыкты которушканын айтса болот.

Биздин улуттук адабиятта кeркeм котормо эми эле жаралып, жаш балапандай газ ачып келаткан мезгилде совет адабиятынын кeрYHYктYY eкYлдeрYHYн бири, казак адабиятынын классиги М. О Ауэзов тажрыйбалуу, кeрYHYктYY котормо теоретиги катары 1930-жылдары Н.В. Гоголдун "ТекшерYYЧY", У.Шекспирдин "Отелло", К.А. Треневдин "Любовь Ярова" жана башка дYЙнeлYк адабияттан бир канча чыгармаларды которуп: "Орус тилинен которуу улут адабияттары YЧYн- ДYЙнeгe ачылган дарбаза " деп айткан. Кыргыз адабияты да кeп улуттуу совет адабияттарынын катарында ушундай тагдырга тушукту. Башкача болуусу да мYмкYн эмес эле.

^ргам котормонун теориясы башка тармактар: поэтика, эстетика, лингивистика, семиотика жана башкалар менен тыгыз байланышат. "Кeркeм чыгарма кeркeм ой ЖYГYPTYYHYH бир тYPY катары искусствого кирет, демек колдонуш eзгeчeлYГY жана максаты боюнча кадыресе кептен айырмаланып турат, кадыресе кеп- бул байланыш-катыштын куралы, ал эми кeркeм кеп байланыш-катыш менен гана чектелбейт, ал эстетикалык каражат б.а. искусствонун бир формасы" ( Усубалиев, 1994, 194-б).

Демек, котормочу тYпнусканын тилинин маданиятын гана билбестен, тYпнускадагы текстти туура тYШYHYп, аны адекваттуу (тeгeрeгY тeп келген, мыкты) берYY YЧYH котормонун тилинин маданиятын да билYYCY керек. Тил маданияты eсYп-eнYГYп, коомдук формациянын ЖYЗYH, ордун, маанисин аныктаган бир канча факторлордун жыйындысы. Улуттук eзгeчeлYк улуттун маданияты, тарыхы, тили, философиялык дYЙнe таануусу, улуттук маданиятка негизделген жеке автордук газ

караштары, социалдык жашоо турмушу ж.б. жeнYндeгY элдин улуттук eзгeчeлYГYн элдин тилинде берилишин изило^ экстралингвистикалык аспектисин TY3eT (Ибраимова, 2016, 11-14-6.). Жогорудагы ойдун манызы контексте болгон окуянын убактысы, жайгашкан орду, жагдайы жана башкалар жeнYндeгY ойду, фактыларды камтып, ошонун негизинде рецепторго (котормочуга) тилдик бирдиктерди, мазмунду берейин деген ойду туура интерпретациялоого жардам берет.

Котормочу кандай болбосун маданий кырдаалды андап билYYгe тийиш, ошол доорду, стилди, тилди (которууга алган биринчи TYпнусканын) билYYгe тийиш.

^ргам адабиятын тарыхый функциясы коомдун социалдык-маданий, экономикалык-эстетикалык eнYГYШYнe, тарбиялык, этикалык, нравалык маселесине жана анын окурмандарга тийгизген таасири менен тыгыз байланышта. "^ртам котормо башка улуттардын дYЙнeсYHYн модели эмес, улуттук гаргам ан-сезимдин составдуу бeлYГY" деген профессор .

^ргам котормо ишиндеги эн бир маанилу^ эн бир татаал, эн бир оор маселелердин бири каармандардын CYЙлee речи, CYЙлee адеби менен макал -ылакаптар, фразеологизмдер, диалектизмдер, говорлорду которуу болуп саналат. К. Чуковский: "Стилди сезбеген киши котормо которууга укугу жок ( ал e3Y уккан, бирок кeрбeгeн ) ал e3Y гарген, бирок операны сизге айтып берYYгe аракеттенген дYлeйгe окшош..." деп айткан (Чуковский, 1964, 185-б.). А. С. Пушкиндин атактуу "Евгений Онегин" романын 1941-жылы Касымалы Баялинов, 1948-жылы Алыкул Осмоновдор которгон. Эки котормодогу тен мYЧYЛYштYктeр, кемчиликтер жeнYдe eз убагында сын айтылган, жакшы жагы белгиленген. Мурунку котормолордо TYпнусканын "Онегин строфасы" деген аталышы 14 саптан турат: Yч катрендYY, жыйынтыктоочу эки сап ыры бар. Биринчи катрен- кайчы уйкаштан, экинчиси -жуп уйкаштан, YЧYHЧYCY -оромо уйкаштан , акыркы жыйынтыктоочу эки сабы жуп уйкаштан турган строфикасы белгилYY даражада сакталганы менен романдын ритмикалык eзгeчeлYГY eз денгээлинде сакталбай калган. Бул котормону кийинчерээк таланттуу акын-котормочу Эрнис Турсунов колго алган. Анын котормосу эквиритмиялуу, эквилинеардуу башкача айтканда, строфикалык, ритмикалык, композициялык eзгeчeлYГY тYп нускадагыдай берилген, тYп нускадагыдай ширелишип окулат. Кeркeм-эстетикалык жагы мыкты иштелген.

Поэтикалык котормодогу негизги эки нерсе кооптуу, тагыраак айтканда, ыкма-усулдардан кабарсыздык менен поэтикалык дармансыздыктан тYп нусканын улуттук eзгeчeлYГY сакталбай калат же болбосо ошол eзгeчeлYк таптакыр жок калат.

Ошондуктан чыгарманын индивидуалдуу eзгeчeлYГYH, улуттук колоритин eз калыбындай которуп берYY-котормочунун ийгилин камсыз кылган негизги фактор. Котормочунун кесипкeйлYк денгээли, мурун-сонку котормо ишиндеги тажрыйбасы, eз лабораториясындагы усулдары да мааниге ээ. Котормочу биринчи кезекте кeркeмдYктY, кооздукту, чыгарманын идеясы менен духун жYрeгY менен терен сезген адабиятчы болуу менен бирге тYп нусканын тилин ошондой эле eз эне тилиндей эн жакшы билиши зарыл. Билгенде да эки тилдин бир гана адабий тилинин нормасында эмес, алардын бYTкYЛ тилдик корун, диалектисин, говорлорун, жаргондорун, кесиптик-техникалык eзгeчeлYГYнe байланышкан жактарын, терминологиялык сeздYктeрYн жакшы билиши зарыл. Ошону мнен бирге таржымалай турган тYп нуска жазылган доордун саясий-экономикалык, коомдук-формациялык TYЗYЛYШYH, маданий

eзгeчeлYктeрYн, андагы эл аралык карым-катнаштардын мYнeзY, элдин каада-салты, Yрп-адаты, салт-санаасы, менталитети менен белгилYY децгээлде тааныш болушу керек. Окумуштуу, адабиятчы К. Абдыкеримовдун (Абдыкеримов, 1968, №6,150- 155-бб) "Ала-Тоо" журналына жарыяланган "Поэтикалык котормонун азыркы абалы жeнYндe" деген макаласында кeркeм котормонун улуттук адабияттагы мацыз-маанисине кенен токтолуп, тил бир гана элдин тили болсо, ал эми гаргам котормо образдуу айтканда, дYЙнeнYн тили катарында кызмат кыларына бир нече мисалдарды келтирген. Авар элинин улуу акыны, Лениндик сыйлыктын лауреаты Расул Гамзатовдун "Бийик жылдыздар" (1962) аттуу китебине акындар С. Жусуев, Ж. Садыков тарабынан которулган котормолорго токтолот.

Ошол жерде -тунук суунун жанында,

Сени кYTTYм, кYTTYм, бирок келбедиц.

Тиктеп турдум улам мeлтYP агымга,

Топ-топ булут, топ-топ туман келгенин.

[Расул Гамзатов "Сегиз сап ырлардан" которгон Ж. Садыков, 172-б]

Авар элинин атактуу акыны Р. Гамзатовдун пейзаждык лирика менен CYЙYY лирикасынын жуурулушунан жаралган поэтикалык саптарынан улуттук мYнeз, улуттук eц-тYC, боёгу даана сезилип турат.

Адабий гаргам котормо деген эмне? Мунун аныктамасына теоретиктер ар кандай жоопторду айтышат, бирок негизги ой жалпылап келгенде туура эле болчудай.

Кыргызстан эл аралык университетинин окумуштуулары З.Караева жана Н. Касымбеков Котормонун теориялык жана практикалык негиздери (Бишкек-2019) деген китепте: "Адабий кeркeм котормо-которулуп жаткан тилдин мыйзам ченемдYYЛYГYH сактоо менен тексттин мазмунун туура жана так берYY. Эгерде белгилYY авторго тиешелYY чыгарма болсо анда анын стилин, стилистикалык каражаттарды туура жана адекваттуу берYY менен идеясын туура бере алганда гана адекваттуулугун сактай алабыз. ^ргам адабий котормодо сeзмe-сeз которуулар болбошу керек" (Караева ж-а Касымбеков 2019, 36-б). Окумуштуу З. Караеванын айтканына таянсак, кeркeм котормодогу ички элементтер тагыраак айтканда, чыгарманын тексти, идеясы, композициясы андагы тилдик каражаттар синтаксис-морфологиялык, лексика-фонетикалык, фонетика-фонемалык, фразеологизмдер, диалектилер, жаргондор жана башка чыгармага тиешелYY сeздeргe ган^л буруп, ошол тилде CYЙлeгeн элдин семиотикасы, маданияты, менталитети, тарыхы, психологиясы, социалдык абалы, эстетика-этикасына маани берип, туура жана так которуу керек.

Котормочулар которуп жаткан автордун форма менен мазмунун, стилин, eлчeмYн, CYрeттee eзгeчeлYктeрYн сактай албаса, анда улуттук поэзияга жацылык киргизе албайт деп эсептешет адабиятчы-теоретиктер. Котормодогу оригиналдын eзгeчeлYГY, мазмун менен формасы, интонациясы, ритми, уйкаштыгы толук сакталууга тийиш. Ошого карабастан, eз эркинче которуп жYPYшкeн эркин котормочулар да жок эмес. Адабияттын тарыхында ушул кезге чейин эркин котормо менен алектенгендердин чыгармаларына анализ жасалып да келди.

Эркин котормодо котормочулар eздeрYн эркин сезишет, тYпнусканын бeтeнчeлYГYнe, тилдик каражаттарына ган^л бурушпайт. Идеялык мааниси сакталганы менен ошол чыгарманын ички табиятындагы чоц жана кичинекей

элементтерине (кeркeмдYк сапатына, тилдик каражаттарына ж.б.) анчалык маани берилбейт. Котормочу eзY каалагандай алымча-кошумчаларды кийиргенге, тиши етпеген жерлерин калтырып коюшу да мYмкYн дешет адабиятчы-теоретиктер.

Эркин котормо биринчиден, котормонун эц жогорку децгээлде берилиши болуп саналат. Мында жалпы мазмунун эске алынып, башка тилге которууда тYпнусканын нормалары да сакталып, бирок кабыл алуучу тилге ойлор эркин берилет. ЭквиваленттYYЛYк маалымат берYYДe, белгилерди колдонууда эркин бере алат. Которууда синтактикалык, айрым бир майда-барат семантикалык компоненттери эске алынбай калышы мYмкYн. Эркин котормо кeбYнчe поэзияга тиешелYY. Негизги маалымат берилет да, формалдык элементтер сакталбай калышы мYмкYн (" (Караева жана Касымбеков 2019, 166-б). Кыргыз адабиятынын тарыхында поэзиядагы эркин котормонун мыкты YЛГYCYH таланттуу акын Алыкул Осмонов калтырып кеткен. Атактуу поэманын кыргыз тилиндеги котормосу eтe чебер иштелгени, кeркeмдYк сапатынын мыктылыгы менен ушул кYнгe чейин окурмандарды суктандырып келет.

Поэманын автору XII -XIII кылымдарда жашап eткeн грузиялык улуу акын Шота Руставели. Анын романтикалык поэмасынын кыртышында элдик оозеки чыгармачылыктын YлгYлeрY, улуу ойчулдардын айткандары менен ширелишкен антикалык адабияттын таасирлери камтылган. Акын жашап eткeн доор грузин адабиятынын кайра жаралуу доору менен тыгыз байланышат, белгилYY грузин философу Пётр Ивердин айрым бир прогрессивдYY идеялары Грузиянын социалдык-экономикалык eнYГYШYHдe пайдаланылган. Ошондуктан ошол доор Грузиянын мамлекеттик, экономикалык жана маданий турмушунун гYлдeп турган доору болгон.

Арап баскынчыларын кууп чыккандан кийин XI кылымдын аяк ченинде Грузия кYчтYY феодалдык падышачылыкка айланат. Ошол кезде жацы баскычка кeтeрYлe баштаган грузиндердин улуттук маданияты Тамара ханышанын учурунда аябай ГYЛдeп eнYккeн. Шота Руставели Тамара ханышанын замандашы болгон.

Льва, который с честью носит и копье и меч Тамары-

Лалом щеки светом взоров солнцу блещущему пары,

Я ль дерзну прославить песней, хоть не жду за это кары?

Сладость высшую вкушает, кто узрел героя чары

Баатырды, жаасын тарткан Тамаранын

^р^м ^нуц баскан ай-ааламдын;

Мен билем ырга кошуп айтпай турган,

Берсе да айыптуулук жазаларын?

Кумары ыракаттын шондо канат;

Салтанат салтын ачсац кыраандардын.

Кыргызча котормосу Алыкул Осмонов тарабынан 1939 -жылы таржымаланып, 1940-жылы жарыкка чыккан. Акын бул поэманы eзY айткандай, кыргызчалаштырып, эркин которгон. Поэмада анын 15 муундан турган строфасы уйкаштык жагынан бYт сакталып, астыцкы эки сапка бeлYHYп берилген, негизги формасы бузулган эмес. А. Осмонов адегенде ошол кезде грузинче сeзмe-сeз которулган Бальмонт, Цагарели, Петренколордун котормолорун негиз кылып алган. Поэма ошол эркиндигине карабастан, eзYHYн тYп нускасынын бардык сапатын сактап калган.

"Руставелинин eлбeс чыгармасы тYп нускасында баштан-аяк "шаири" деген ыр формасында жазылган. Шаири чубалжыган узун тeрт саптан куралган, саптарынын баары аяк жагынан туташ (аааа схемасында) уйкашкан ыр шицгили ( строфа). Поэманын кeпчYЛYк орусча варианттарында шаири ыр eлчeмYн куду eзYнe окшоштуруп ( тeрт сабын тец чубалжытып, тегиз уйкаштырып) берYYгe аракеттер жасалган. Шаиринин дал eзY шекилдентип кыргызча моделдегенде жылчыксыз уйкашкан тeрт саптык келип чыгышы ыктымал. Бирок мындай ыр eлчeмY кыргызча аябай eгeй-eeн учурайт, оозго оцой эп келбейт, жарыя же купуя окуп жибергенде бир узун сап сегиз ( жети) муундуу эки сапка эрксизден бeлYHYп кетет. Айтор, ашкан кeлeмдYY грузин дастанын 14-16 муундуу, жылчыксыз уйкаштуу тeрт саптыктар менен кыргызчалатуу теориялык планда мYмкYн болсо да, практикалык жактан eтe татаал эле.

Ушундай кыйынчылыктардан улам А.Осмонов "Жолборс терисин кийген баатырдын" тYп тYпнускасындагы жана орусчаларындагы чубалжыган ыр TYЗYЛYШYH туурагандан баш тартып, кыргызча кeнYMYш ыр eлчeмYн тандап алган, тактап айтканда, шаиринин ордуна 11-12 муундуу, атама (аабаба схемасындагы) уйкаштуу алты саптыктарга жанып кетиши поэманын кыргызчасынын жалпы кeлeмYн бир кыйла чоцойтуп жиберген.

Экинчиден, А.Осмонов грузин поэмасынын ар бир строфасы камтып турган мазмунду тeкпeй-чачпай кыргызчалап ЖYPYП отурган эмес, тек анын сюжеттик сызыктарын, идеялык логикасын, образдык мYнeздeмeлeрYн eз акындык мYмкYнчYЛYктeрYнe жараша кайрадан эркин баяндап берген. "Котормо эц эркин которулду, - деген аталган кириш сeздe (Руставели, 1940, 3-4-бб.) ачык айтканда, кeп жерлеринде маанисин алып туруп, eзYмчe кетип калган учурлар бар"-деп жазат, адабиятчы-окумуштуу Салижан Жигитов (Жигитов, 1998, 171-172-бб.).

С. Жигитовдун оюна ынанбай коюуга болбойт, таланттуу акын А. Осмонов улуттук адабиятта биринчи жолу эркин котормонун мыкты YлгYCYн (модел) жаратуу менен салттуу ыр формасынын жацыча, eркYндeтYлгeн формасын дацазалай алды, мындай табылга чыгармачылык таланттын кYч-кудуретине жараша болору айкындалды.

Атактуу поэманы кыргызчага которуу Алыкулдун чыгармачылык бактысын ачкан, оргуштаган талант дареметинин KYЧYH сынаган eзгeчe бир адабий этап, eзгeчe бир адабий шыбага-ырыскы болуп калды. Поэмадагы негизги мотивдин жеке тагдыры менен YHдeшYП калышы да жeн жерден болбосо керек. СYЙгeнY Айдай Жигиталиевага жетпей калып, CYЙYYHYH азабы менен тозогун жан терисинен eткeргeн акын кeкYрeктeгY кайгы-муцун, ызаасын, KYЙYTYH так ошол поэмадан чыгаргансыйт... Сезимдин тунуктугун, асылдыгын, кайталангыс абалдарын так ушул котормосунда ташка тамга баскандай так, ачык, ажарлуу, адамдын акыл-эсин ацтар-тецтер кылган не бир керемет саптар менен берет.

Муну кeрYHYKTYY адабиятчы жана сынчы С. Жигитовдун: " Алыкул да KYЛГYH eмYP курагында жашчылык ышкысына азгырылып, eзY тецдYY бир кызга пейили тYшкeн да, eтe KYЧTYY ашыглык отуна KYЙгeн; бирок CYЙгeнY менен баш кошо албай, катуу бейпайда калган. Жакшы кeргeн селкисинин башкага тийип кеткени жаш акынды бир чети оор кYЙYткe салса, бир чети аябай арына келтирген. Башка тYшкeн кайгысын басам деп, eзYHYн кандай жигит, кандай акын экенин кeпчYЛYккe, eзгeчe башкага кеткен кызга таанытам деп, ал аябай кeлeмдYY "Жолборс терисин кийген баатыр" дастанын кыргызчалай баштаган" (Жигитов, 1998, 49-50-бб.).

Котормочу А. Осмонов eзYHYH кYHдeлYГYнe Айдай жeнYHдe бир нече жолу эскерип жазган, ал гана эмес ага арналган "^л менен куш ( А...га)" деген ыры да кYбe боло алат (Искенов, 2020, 90-бет) деген китебинде;

"Сулуу куш- жигит, ГYЛ -бир кыз, ГYл десем жYрeк этет тыз. Кушту мынча талпынтып, Мынчалык жапа кылдьщыз!" ххх

Бактысыз мажнундардын жалынын чач, Жанайын чын ашыктык оту алдында. КYЙГYЗГYH, CYЙYYДeгY кYнeeмдY кеч, 9зYHДYH ак барайын: сурагыца.

"Поэма жогорку даражада турган ой -пикир, тунук сезим менен бирге поэтикалык форма, сонун элестер, салыштыруулар , адамдын мYнeзYн эц терец кeрсeткeн кeрeгeчтYк, акылмандуулук жана сюжетке байланыштуу чындык, укмуштуу, укулуктуу музыкалык сапат менен толгон. Ошону менен бирге айтайын дегенин кыскача, так, эц жыйынтыктуу, таамай айткан сонун тецештирYY, афоризм менен жаркыраган эц бир асыл сапаттары да бар" деп, жазылат котормонун баш сeзYHдe (Руставели, 1957). ДYЙнe элдеринин бир канча тилдерине которулган eлбeс-eчпeс поэманын грузин тилинен орусчага, орус тилинен кыргызчага оодарылган чыгарманын котормосуна саресеп таштайлы.

Кто созидателем вселенной был всесильно-всемогущим

И с небес дыханье жизни даровал всем тварям сущим,

Одарил земным нас миром многообразно цветущим-

От него ж цари с их ликом, одному ему присущим

Ааламды алдуу кылып жаратканым,

Баарына энчи бeлYп жашагандын,

Асмандан жердегиге кубат берип,

ДYЙнeнYH жарыкчылык жыргалдарын

Бир гана адамзатка жазып койгон,

Бийлигин eкYм кылып падышанын.

2.

Образ тел во всей вселенной создал ты, единый бог, Будь защитой мне, чтоб мощью сатану попрать я мог! Дай мне пыл миджнура, чтобы он меня до смерти жег, Облегчи грехи, чтоб к нему мы уносим в твой чертог

Бар жанга eз кесибин жазган алла, Жалгай тар, мени азгырбай шайтандарга! Бактысыз мажнундардын жалынын чач, Жанайын чын ашыктык оту алдында. ^йгузгун, CYЙYYДeгY кYнeeмдY кеч, 9зYHДYH ак барайын: сурагыца. 3.

Льва, который с честью носит и копье и меч Тамары-

Лалом щеки светом взоров солнцу блещушему пары,

Я ль дерзну прославить песней, хоть не жду за это кары?

Сладость высщую вкушает, кто узрел героя чары

Баатырды, жаасын тарткан Тамаранын

^р^м ^нуц баскан ай-ааламдын;

Мен билем ырга кошуп айтпай турган,

Берсе да айыптуулук жазаларын?

Кумары ыракаттын шондо канат;

Салтанат салтын ачсац кыраандардын.

Котормонун бет ачарында жогорку куплеттер ушундайча таржымаланат (Руставели, 1982) Так ушул баатырдык поэманын бактысынын ачылышы бир жагынан акын Алыкулдун чыгармачылыгынын ГYЛдeп турган учуруна туш келсе, экинчи жагынан чыгарманын духу, ак CYЙYYHYH дацазаланышы, кeркeмдYк касиети арбап, талант-илхамынын жалбырттап жанып турушуна eбeлгe болгон. Ошондуктан, тeрт туягы туйлаган аргымактын маараны кeздeй келаткан арышы сындуу ыр саптары окуган сайын кeз кубантып, жYрeк толкутуп эркин, шыр которулган. Баш сeзYндe башталган шыктын, демдин кYч -кубаты поэманын акыркы чекитине чейин темпинен жазбастан, окуялардын инерциясына байланыштуу бирде жай, бирде кYЦГYрeнYп, бирде таскактуу, бирде оболоп, чатыраган кубатынан жазбаган. Акын eзY да муну "Шота Руставелиге" деген ырында кубаттап берет:

Шота аба, чын достуктун эц кымбаты, Эр YЧYн, керек жерде ак кызматы. Жeнeй бер дагы сонун жерге алпарат, Алдагы мен берген ат- кыргыз аты.

Таарынба, белегимдин кeрдYH азын, Сынагын кандай экен ичин ачкын, Ал белек; сага тааныш-сулуу Нестан, Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Тариэл- сен кeргeндeй баа жетпес эр, Автандил- жYЗY жылуу акылман шер, ТYЗ талаа, бактуу калаа, тунук суулар... Баары бар... Тинатин кыз Yн салган жер. 31-декабрь, 1944-жыл, Койсары.

Тамара ханышанын тактыдагы ишмердиги, акылман-даанышмандыгы анын сырткы келбетинин сулуулугун ого бетер ажарлантып, бийлик башына келгендердин энчисине да ханышанын адилеттиги, акыйкат, адилдиги жазылса экен деген тилек оролот.

4.

Воспоем Тамар-царицу кровб слезя потоком красным, Я и раньше ей гимны, стих ведя путям по разным. Глаз-озер писал я чернью и пером, как стан, прекрасным. Песнь моя вонзится в сердце копием сердцеобразным

5.

Должен я, для песнопенья выбрав самый нежный лад, Восхвалить ресницы, брови, губы, косы как агат, И зубов хрусталь граненый, дивно выстроенных в ряд.

Твёрдый камень раздробляет и свинцовый мягкий млат! (Руставели, 1957, 26-бет.)

Ырдайлы Тамар-шааны KYЧ жеткенче, ^л кылып кeздYн жашын алда нече. Сайрагам тYрлeндYPYп ыр жолдорун Жарашат мактаганды мактай берсе! Сымбаты газ жацылткан сонун кeркY Эрге дацк, эбин таап келиштирсе.

Ал YЧYн эц сылык сeз тапмак керек Жазмакка кара чачы агаттай деп, Жана да эрин, кашын, кирпиктерин Жацылбай орду менен жакшы тецеп; Жылмайса жарк дей тYшкeн ак тиштери, Тим эле ирет менен тизген бермет!

Аялзатынын сулуулугун болгондо да ханышынын чырайын кулакка жатталып бYткeн оозеки элдик чыгармалардагы эпитеттерсиз, салкын кандуулук менен кемелине келиштире которуу чоц таланттын гана колунан келет.

Кто лишь раз иль два случайно рифму сплел, тот не поет. Пусть не мнит себя поэтом! С мастерством тут сходства нет. Строки раз-другой он свяжет, а стиха в них нет примет. Все ж кричит с упорством мула: "Вот поэзия расцвет!"

Кокустан эки сeздY кураштырган, ЖeнY жок акын атын ала турган! Урматтуу акын дацкын ал бербейт Сeз жыйнап улаштырган андан-мындан; Уялбай "акынмын" деп тeшYн кагат,

Ары жок, акылы жок, кээ бир наадан! (Руставели, 1982, 8-б.)

Саптардагы уйкаштык, строфалардын бирдейлиги, рифманын бири экинчисин кубаттаган тeп келишYYCY ушунчалык чеберчилик менен жасалганын карацыз. Акындык атак-наам тээ атам замандан келаткан чиелYY маселе. Уйкаштыгын келиштирип, мааниси менен мазмуну айтыла берип, кулакка жат болуп бYткeн жецил-желпи, жасалма саптарды курап, eзYн гений сезгендер канча! Поэзиянын жоопкерчилигин, поэзиянын талабын ырдын пырын эмес, ырдын ырын жарата алган акындар гана билет эмеспи.

"Жолборс терисин жамынган баатырды" окуган сайын, оозго салган башкача бир даамдуу момпосуйду гапга шимип, ошонун ырахатын бойго сициргенге аракеттенет эмесицби, ошол сыцары тeрт тарабы келишкен дастандын айрым гана жерлерин, айрым гана куплеттерин алып окуганга, анализдегенге аргасыз болуп турабыз.

Ростеван менен Автандил мергенчиликке чыгып жаа атышуудан "ким кыйын?" деп мелдеше кетишет. Автандилди eзY жанына алып жYPYп чоцойткон хан анын кeзгe атар мергендигинен шек санабаса да, сынап кeргYCY келет. 9зY да жаа атуунун кумарына бата албай жYргeн эле.

На заре подъехал витязь,- он стройнее лилий станом, Лалом лик его сверкает, весь он блещет в платье рдяном. В покрывале златотканном; меч с узорчатым чеканом. Приглашал царя, и белый конь вздымался великаном.

Тац CYPYЛДY, мына эми ^н чыгат Автандил шер алда качан болгон так. Алтын чалма, ак лилия мYчeсY Эр жарагы эр YCTYHдe шарактап; От жангандай, анын чолпон кeзYнeн Так TYЙYЛTYП мингени, боз аргымак.

«Лучщий я», -друг другу молвят, повторяя то не раз. Потещались и смеялись, не сводя друг с друга глаз. А затем рабы явились исполнять царя приказ,-Он велел: «Скажите правду нам без лести, без прикрас»

Те в ответ:» Доложим правду. Что не лжем,-судите сами,

«Царь, что вас мы с ним равняем-нам не высказать словами,

«На того вы не похожи, смертью хоть расправьтесь с нами,

«От его ударов падал зверь пред нашими глазами. (Руставели, 1957, 40-бет)

Хан ошондо: "Он эки кул бери кел!"-Деп чакырып ак калыстар айткыла, "Жаа тарткычтык бетке айтылчу ушул жер. Хан экен деп, eц жазмалык болбосун Он эки кул ким гап атты, айтып бер".

Он эки кул: "Таксыр башты кесип ал

Болгон ишти болгонундай чынды айтар-

Ак кулуцбуз Автандилге таксырым,

Жаа тартуудан келе албассыз барабар;

Бул баатырдын тарткан болот огунан

Эсеп жеткис ацга толду талаалар". (Руставели, 1982, 19-бет)

Эки арстан, эки баатыр мергенчиликтен кeнYлдeрY куунак, "каткан чери жYрeгYнeн жибип" кубанычтуу кайтат.

Араптын ханы Ростевандын жолборс терисин кийген баатырга жолуккан жерин котормочу ушунчалык чоц эргYY, чоц кайрат, чоц CYЙYY менен которот.

Шерстью пестрою наружу, был в тигровом он кафтане, Из такой же шкуры тигра голова его в тюрбане, Иноземного чекана плеть держал он толще длани.

Видеть дивное виденье пожелали в царском стане. (Руставели, 1957, 42-бет)

Кийингени чаар жолборс териси КYPKYPeгeн анык жолборс белгиси, Жолборс башын жасап алган башына, Жашын тeгeт, KYЧTYY белем, кейиши? Колунда бар eрмe жоон камчысы

Кайгысы оор, бул не болгон чет киши?...(Руставели, 1982, 21-бет)

Жолборс терисин жамынган шер оор кайгыдан улутунуп, алдына келген кишилерге карап койбостон, аргымагын алкынтып качып жeнeйт. Куугандарды камчы менен жыга чаап, артынан хандын eзY кууп келатканын кeрeт да, жерге кирдиби же асманга учтубу айтор, дароо кeздeн кайым болот... Тинатин Автандилди жолборс терисин кийген баатырды издeeгe жиберет.

Прикрывалась прелесть тела цельношитым горностаем, Головной убор бесценный ниспадал небрежным краем, В сердцегибельных ресницах чары плыли чёрной стаей, Белый блеск шеи волнами кос обильно обрамляем.(50-бет)

Жылт-жулт эткен бермет менен шурулар О эсеп жок, анын канча куну бар. Баа жетпеген кара кундуз кYрмeсY, КeзYн айтпа карагаттай тунук ал. Жерге тиет тестеп eргeн колоц чач

Кай бактылуу шердикисиц, сулуу жар...(Руставели, 1982, 28-бет)

«Так скажу я, -службой верной ты обязан мне вдвойне: « Ты, во-первых, воин храбрый, несравненный на войне. «Во вторых, ты ведь миджнур мой, не мерещится то мне!

«Так иди, найди, где витязь,-здесь иль в дальней стороне; (Руставели, 1957, 51-б.)

« Ты ищи его три года, обойди и дол и склон.

«Коль найдешь, явись с победой, речью страстной окрылен.

«Не найдещь, -тогда уверюсь в том, что призраком был он.

«Я с тобой встречусь свежей, как нетронутый бутон.

Эки TYрлYY тур^^ бар сeзYMДYH, Эки TYрлYY шооласы бар кeзYMДYн; Биринчиси - сен адамзат жолборсу, Экинчиси - мажнумсуц го eзYMДYн; Жалган эмес. Ошол шерди таап кел Аткар муну, тынар анан кeцYЛYM.

Бир жыл эмес, таамай Yч жыл карагын, Кeлгe TYШYП, кетсе дагы караанын Табарсыц дейм, таап кайтсац жаркыным, Мен да гYлдeп миц тYPдeнYп калармын. Таппай кайтсац, аянычтуу кeрeсYЦ

Кызыл ГYЛДYH соолуп калган сабагын.

Таланттуу котормочу А. Осмонов ушул атактуу котормосунун кыргызча биринчи басылышын жолдогон кириш сeздe анын Yч жыл ичинде, ал эми "Жазуучулук баянымда" он бир айда (1938-жылдын майы- 1939-жылдын апрели) которулганын айтат. Биздин оюбузча ушуну тактап коюунун зарылчылыгы бар.

Акын eзYHYн эскерYYCYндe: "Поэмадан ажырай албайм, кeп убактарда тац атканга чейин отурам. Окуйм, котором, тац калам, кубанам! ДYЙнeдe мен гана бактылуумун деп ойлойм!" деген "Жазуучулук баянында" (Руставели, 1940, 3-4-бб.).

Улуу дастандын котормосунун ар бир бeлYMY жeнYндe узак сeз кылууга арзыйт, ошентсе да биз окуянын сюжетине эмес, котормонун сапаттуулугуна, кeркeмдYк чеберчилигине басым жасап жатканыбыздан улам, бeлYмдeн бeлYмдeргe секирик жасоого аргасызбыз...

Тариэл жолборс менен кармашканын айтып бара жатты: "Ты безумец! - я воскликнул, осудив поступок льва.-"Как любимую обидеть? Проклянет тебя молва!" "Я сразил того ударом, кто попрал любви права. "Льву не знать уж пыток мира: раскроилась голова.

"Бросив мечь, схватил тигрицу и привлек в свои объятья,

"В память той желала лобзанья, от кого огнем объят я.

"Кровянил меня когтями хищный зверь, рыча проклятья,

"Я убил её нещадно, и безумцем стал опять я. (Руставели, 1957, 213-бет )

Кыйкырдым: "Арстан мунуц эрдик эмес,-Баатырлар CYЙгeнY YЧYH муну иштебейт! Качырып кылыч менен салып eттYм, Эч качан бир шилтемим текке кетпес! Арстан шер жерге барып кур деп TYШTY, Мындайлар далай болгон, бир гана эмес.

Кылычты мындай таштап басып бардым, Жолборсту эркелетип кучактадым. ТYШYнбeй CYЙYYДeгY ак жолума Матырды кeкYрeгYмe тырмактарын Али жаш, алтынданган кeрктYY ЖYHY,

Шондо да eлтYPYYгe кыя албадым. (Руставели, 1982, 170-171-беттер)

Айбандык инстинкке жецдирип жиберген "эркексинип жаш кабылан кYркYрeп KYЧTYYCYHYП YCтeмдYк кылганына" чадабаган баатыр, жолборсту качырып сайып, мерт кылат... Бирок eзY буга муцканып, катуу кайгыга батып, кeзYнeн кандуу жашын тeгeт. Адамдагы табият ыроологон мээрим баарына YCтeмдYк кылары ушул эмеспи.

Аталган поэманын TYПKY мацызы баатырдык менен таза CYЙYYHY дацазалоо эмеспи. А. Осмонов муну жакшы TYШYHгeн да, ушул эки сезимдин ички кайрыктарын кYчeтYп, боёгун тYрлeнтYп, ачык жана шардана айткан саптары кучтуу чыккан.

Адепте кыздар eзYн уяц тутмак,

Арзыбас жигиттерге уу жуттурмак, Кыз деген- кылактаган кызыл TYЛKY, Кыз деген- шылдырлаган тунук булак. Кыз деген- коцур жыттуу eмYр балы,

Кыз деген- он беш жашта бышкан бурак. (Руставели, 1982, 84-б.)

СYЙYYHYH -кeзYЦ кeрбeс тYрлeрY бар,

СYЙYYHYH - кулак укпас YндeрY бар,

СYЙYYHYH - кыш болсо да жайдан жыргал

YзYлбeс башка адамга гYлдeрY бар.

СYЙYYHYH - арфаларга бербей турган,

9зYHYH тарта турган KYYлeрY бар. (Руставели, 1982, 95-бет)

Жок, CYЙYY- ууктуруп кете албайсыц, Жок, eлYм- ажалсызга жете албайсыц. Дециздей мелт-мелт этет жаштык YMYт... Жок, KYЙYT- кайык менен кече албайсыц. Махабат жетишерлик ыза кылдыц,

Жок, eлYM - кайраттууну жеце албайсыц. (Руставели, 1982, 98-б.)

Алыкул Осмоновдун эркин которуудагы бир эрдиги поэманы жан дили CYЙYП, урматтап, чыгарманын деминде жашап, анын ар бир сабын жYрeгYнeн eткeрYп таржымалаган. Ал тургай айрым жерлеринде акындык илхамынын ээ-жаа бербеген кудуретине баш ийип, сюжеттен чыкпай, сюжетти бузбай, сюжетке ашыкча нерселерди кийирбей эле, "кылычты кызуусунда сок" дегендей, ойду терецдетуу, ойду оожалтуу, ойдун мацызын, eц-тYCYн жана музыкалуулугун дацазалоо максатын кeздeп, кeркeмдYк децгээлин кыл калемгердей чебер, кылдат иштеген.

Поэманын акыркы бeлYMYHдeгY Автандил менен Тинатиндин тою накта кыргыздын тоюн, кыргыздын шаан-шeкeттYH бергендей элес калтырат. Анткени, грузин элинин грузинче тоюн эмес, кыргызча тойдо жYргeндeй, башкы эки каармандын бактысына жетине албай, кубанабыз. Бул чыгарманын болгондо да котормонун таасири. Котормонун магниттей тартып алган куч-кудурети так ошол акындык таланттын децгээлинин бийиктигинен аныкталат эмеспи.

Автандил в тот день был взнесен высщим царственным обрядом, Тариэл сидит с ним вместе, озаренный нежным взглядом. Всех присутсвующих девы одаряют солнца златом,-Словно небо в мир разверзлось и два солнца стали рядом.

Автандил такты YCTYHдe кабагы ачык, Жыргалдуу ашыктыкка жарпын жазып, Тариэл кYЙee жолдош милдетинде Ширин сeз, таттуу ырларга жардамдашып. Дарежан ^н, Тинатин ай эки сулуу,

Чолпондой кeздY уялтып жаркырашып. (Руставели, 1982, 288-б.)

Ацгыча журт жыйналды, той башталды Ачышты жер алдынан шараптарды.

Ырчылар, комузчулар, оюнчулар, 93YH49 куруп жатты тамашаны. Ар адам сайранга мас, 93yh4G алек, Билинбейт KYH кечкирип, тац атканы... ххх

Алтын ээр, KYMYш токум жасалгалуу Фридон тогуз буудан алды тартуу. Кийимдер, зерден тиккен кымбат баалуу, Болбостур ак кагазга баарын жазуу. Ушундай телегейи тегиз ^нде Достордун кими кемчил, ким армандуу?... ххх

Кырк KYн той, кырк тYн оюн, кырк KYн сайран Болгондо кыркынчы тYн - бYттY майрам. Меймандар жай- жайына женеп жатты-Келишкен айлык сапар, алда кайдан Шол кырк KYн, бир ^нден да ылдам етYп,

Курдаштар, мына ошентип той таркаган. (Руставели, 1982, 289-б.)

"Жолборс терисин кийген баатыр" нечен сыноодон еткенден кийин мына буга ынандык: керсе, кылыч мизинде курчуп, туулган жердин кудурети менен байыган байыркы кыргыз тили белек тилдеги чыгарманы тYп нусканын кер^н чыгара эркин CYЙлетYYге ете дареметтуу экен. Журналист М. Тентимишев "Аны Алыкул деп аташкан"( Тентимишев, 2002,) деген китебинде "Манастын" тили котормого жана XX кылымдын социалдык езгерYштерYне мажиреелYк кылат деген айрым мацкурт "киргиздердин" тыянагы танканы кагаз топ менен капталга ургандай эле шоона эшпей калды деп жазгандарын тегунге чыгарды деген оюна толук кошулууга болот.

Жыйынтыктап айтканда, Алыкул Осмоновдун бул поэма-котормосу акындык талантынын туу чокусу катары бааланып, автору кыргыз акыны экенине айныксыз ишендирген, шык-талант дареметинин диапозону елчеесYЗ экенин далилдеген керкем деелет, керкем баалуулук, керкем санжыра.

17-18-кылымдарда агартуучу деген ат менен таанылган, Европадагы философтор: Декарте, Лок, Кант, Волтер, Ньютон, Адам Смиттин таасири менен адамдын езYмчYлдYГYн жактаган теориялар пайда болгон. Бул доор котормого жацы принциптерди алып келген, анда талаптардын идеалдуу сапатка жетишин негиздеди.

Форманын женекей болушун, эмоциянын кеп болбогонун жана котормонун которулуп жаткан тилдин маданиятына, керектеелерYне жана тYп нускага жакын болушун талап кылышкан.

КебYнче "вольный"- эркин котормону жакташкан, иштетишкен. Агартуучулук мезгилиндеги англис классиктеринин атасы деп эсептелген Джон Драйден эркин котормочулардын иштерин сынга алып, аларды асма жолдогу чынжыр менен салыштырган. Чыгарманын мазмуну ыйык жана касиеттуу болушу керек, ошондуктан аны сактоо керек деп эсептеген. Дж. Драйден темен^лерге кецул белYYHY зарыл деп эсептейт: биринчиден, метафаза-бул автордун сез^ аны эч качан езгертпестен сезме-

сез которуу керек экендигин айтат; экинчиден, парафраза - бул ыкманы Цицерондун маанисине карата которуу керек деген ойду кубаттап, ошондой болуу керек деген жыйынтыкка келген; имитация- бул котормочу тексти кандай тYШYнсе ошондой которуп, которулуп жаткан тилге ылайыкташтыруу керек деп берет (Караева ж-а Касымбеков, 2019).

Керкем котормонун принциптери диалектиканы мыйзамына, коомдук формациянын енYГYШYне жана адабий процесстердин децгэлине жараша мезгил талабына ылайык есYп-енYГYп, езгерYп турат. Ошондуктан анын принциптери женYнде сез болгондо, темен^ критерийлерди эске алып, аны бекем сактап, андан -ары енYктYPYYHYн зарылчылыгы бар деп эсептейбиз.

• керкем котормодо тYп нусканын форма менен мазмунун, стилин, елчемYн, CYреттее езгечелYктерY сакталбаса, анда улуттук поэзияга жацылык, новатордук ыкмаларды киргизYY кыйын. Котормодогу тYп нусканын езгечелYГY, мазмун менен формасы, интонациясы, ритми, уйкаштыгы толук сакталууга тийиш;

• керкем котормонун ролу, саясий жана маданий факторлорду эске албаганда, баа жеткис.+

• Бул эки элдин ез ара мамилеси, карым-катнашы, алдьщкы идеяларды жайылтуу, маданий баалуулуктарды алмашуу, ошондой эле достук, интернационалдык ац-сезимдин енYГYШYHYH жана чындалышынын кепYресY катары кызмат кылат;

• керкем котормонун жанры оригиналдуу жанрлардын катарында турууга толук укутуу, анткени чыгарманын бYTYHдей сюжеттик-композициясынын тутумун езYне баш ийдирип турат;

• керкем котормодо стилдик ыкмалардын ар кандай формаларын: тилдик каражаттардын элестYYЛYГYн жана таасирдYYЛYГYн артырууда предметтик жана лексикалык маанилерди ез орду менен колдонуу, фразеологиялык бирдиктерди ыктуу пайдалануу талап кылынат. Ошону менен бирге речтик композициянын децгээлин аныктоо, индивидуалдык- психологиялык жана эмоционалдык абалды ачык берYYHYн зарылчылыгы тилдик каражаттардын сапатынан байкалат;

• керкем котормонун таасири менен чыгармачыл дYЙнесY байып, жацы табылгаларды жараткан, жаны бийиктиктерди багындырган, жаны адабий агымдарды тYптееге кудуреттYY калемгерлердин есYШYне ебелге тYЗYлет.

Адабияттар

1. Жигитов С. (1998). Акындын эки емYPY. "Кыргызстан" Бишкек.

2. Ибраимова, Г. О. (2016). Керкем чыгармаларды которууда экстралингвистика лык факторлордун таасири. Вестник Международоного университета Кыргызстана №2 (30)

3. Искенов Б. (2020). Алыкулдун издери. (жацы табылгалар, изилдеелер) Бишкек.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

4. Караева З, Касымбеков Н. (2019). Котормонун теориялык жана практикалык негиздери Бишкек

5. Кацев А.С. (1999). Русская литература в переводах на кыргызском языке. Бишкек.

6. Любимов Н. (1983). Несгораемые слов. М. "Худ. литература".

7. Маршак С. (1972). Мастера поэтического перевода. Изд: "Прогресс", Москва.

8. Пушкин А.С. (1960). Кыргыз совет адабиятында. Баш сeзYH жазган К. Рысалиев. Ф. "Кыргызмамбас"

9. Руставели Ш. (1940). Жолборс терисин кийген баатыр. Фрунзе, Казан.

10. Руставели Ш. (1957). Витязь в тигровой шкуре. Сахелгами. Тбилиси.

11. Руставели Ш. (1982). Жолборс терисин кийген баатыр. Ф. "Мектеп"

12. Рыльский М. (1986). Искусство перевода. М. "Советский писатель"

13. Садыков А. (2005). ^ргам котормо тарыхы жана теориясынын маселелери. Бишкек.

14. Тентимишев М. (2002). Аны Алыкул деп аташкан, Бишкек. "Шуру"

15. Усубалиев Б (1994). ^ргам чыгармага лингвостилистикалык илик. Бишкек

16. Федоров, А. (1983). Искусство перевода и жизнь литературы. Ленинград: Советский писатель.

17. Чуковский К. (1964). Высокое искусство. М. "Искусство".

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.