Научная статья на тему 'ЖАҢЫ ДООРДОГУ КЫРГЫЗ ЧАРБАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ ЭКОНОМИКА В НОВУЮ ЭПОХУ KYRGYZ ECONOMY IN THE NEW ERA'

ЖАҢЫ ДООРДОГУ КЫРГЫЗ ЧАРБАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ ЭКОНОМИКА В НОВУЮ ЭПОХУ KYRGYZ ECONOMY IN THE NEW ERA Текст научной статьи по специальности «Экономика и бизнес»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Endless light in science
Область наук
Ключевые слова
household / Kyrgyz / era / Kokand / Russian / nomads

Аннотация научной статьи по экономике и бизнесу, автор научной работы — Дүйшеев Жеңишбек Аматисакович, Кочкорова Гүлзада Саттаровна, Салибаева Жайгүл Султановна

This work is deviled to considering and studying the nomads at their historical stages of life: a social structure, economy. Scientists have been discussing and arguing about the role played by nomads in the world history. The way of life of Kyrgyz nation at the end of nineteenth and the beginning of twentieth century is related to the nomadic type. The author of the article studies the life of Kyrgyz people from this aspect and points out its influence to the contemporaneity

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «ЖАҢЫ ДООРДОГУ КЫРГЫЗ ЧАРБАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ ЭКОНОМИКА В НОВУЮ ЭПОХУ KYRGYZ ECONOMY IN THE NEW ERA»

УДК: 947.051:301.2

ЖАЦЫ ДООРДОГУ КЫРГЫЗ ЧАРБАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ ЭКОНОМИКА В НОВУЮ ЭПОХУ KYRGYZ ECONOMY IN THE NEW ERA

ДYЙШЕЕВ ЖЕЦИШБЕК АМАТИСАКОВИЧ

тарых илимдеринин кандидаты, К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин профессору Жалал-Абад ш., Кыргызстан

КОЧКОРОВА ГYЛЗАДА САТТАРОВНА

К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин окутуучусу Жалал-Абад ш., Кыргызстан

САЛИБАЕВА ЖАЙГСЛ СУЛТАНОВНА

К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин окутуучусу, аспирант

Жалал-Абад ш., Кыргызстан

Annotation. This work is deviled to considering and studying the nomads at their historical stages of life: a social structure, economy. Scientists have been discussing and arguing about the role played by nomads in the world history. The way of life ofKyrgyz nation at the end of nineteenth and the beginning of twentieth century is related to the nomadic type. The author of the article studies the life of Kyrgyz people from this aspect and points out its influence to the contemporaneity.

Key words: household, Kyrgyz, era, Kokand, Russian, nomads.

КeчмeндYк тYШYHYГY тарых илиминде турмуш-тиричилик жана чарба ЖYPГYЗYYHYH белгилYY бир тибин тYШYндYPYY менен терец жана теребелдYY изилдееге алынып келе жаткан темалардан. Асыресе кийинки жылдары бул TYШYHYKTYH "бедели" оцбогондой артып турган кез.

Совет доорунда кeчмeнчYЛYк "чарба ЖYPГYЗYYHYH езгече формасы жана ага байланышкан жашоо YЛГYCY" катары каралып, негизинен мал чарбасы менен алектенген (аридная зона) аймактын жашоочуларын, айрым учурда ацчылар менен жыйноочулардын архаикалык чарбалык-маданий тибин тYШYндYPYY YЧYн колдонулган[1]. Эмгектин коомдук бeлYHYШYнeн улам мал чарбачылыгы чарба ЖYPГYЗYYHYH езалдынча тYPYнe айланат жана "кeчмeнчYЛYк" деп, ез жашоосун чарбанын бул жацы TYPY менен жYргYЗгeндeрдY "кечмендер" деп аташкан.

Ал эми Кыргызстанда жарыяланган адабияттарда "кeчмeнчYЛYк ("номадизм"-гр.-"кeчYY") - чарбачылыктын жана калк тиричилигинин малчылык менен байланышкан езгече формасы", - деп тYШYндYPYлeт [2]. КeчмeндYк доордун назариятына ке^л бурсак: "кечмен элдердин адамзат тарыхындагы орду жeнYндeгY талаш маселе азыркыга чейин тарыхчылар менен этнографтардын арасында басацдабай келатат"[3].

Айрым коом таануучулардын номаддар тууралуу илимий тыянактарга айланган жеке пикирлери боюнча "кечмендер эч нерсе тYЗгeн эмес, алардын колунан бир гана урунуу менен талкалоо келген"[4].

Кечмендер жeнYндeгY кыйыр жана жеткиликсиз маалыматтар менен чектелген А.Тоинби: "кeчмeндeрдYн коому тарыхы жок коом болуп саналат", - деген калпыс илимий тыянак чыгарган.

Баамыбызда тарых илиминдеги тоталдык концепциянын мултитарыхтык концепциядан айырмачылыгы-ушу кечмендерге карата жасаган мамилелеринде да ^PYHe^ Мында экинчиси (мултитарых) жашап еткен турмушка убакыт жана мейкиндик жагынан жакын туруп, биринчи концепция божомолдогон абстракцияга караганда реалдуу мYнeздY алат. Тарых илими "ДYЙнeлYк тарых" жана "айрым элдердин жана мамлекеттердин тарыхы"

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

деп бeлYнгeн сыяктуу эле тарыхчыларды да жалпы жана айрым элдердин тарыхчыларына ажыратуу зарылдыгы бар. Мында кандайдыр бир олуттуу, дYЙнeлYк маанидеги тарыхый окуя боюнча илимий тыянак чыгарууда биринчиси ce3CY3 тYPдe экинчилердин изилдeeлeрYнe, илимий тыянактарына таянуусу шарт. КeчмeндeрдYн адамзат тарыхындагы орду жeнYндeгY маселе боюнча бYTYм чыгарууда мына ушул жагдай эске алынбагандыгы жогорудагыдай талаш жана бир беткей баа берYYлeргe тYрткeн.

Мал жайытынын шартына жараша адабияттарда кeчмeнчYЛYктYн Yч формасы аныкталган. Тегиздикте же талаада жай мезгилинде тYндYккe, кыш келгенде тYштYккe- жылуу жакка ыктаган кeчмeндeрдYн (маселен-казактар) турмушу-меридиандык кeчYY деп аталып, чeлдe, кудукту байырлап, биринен-экинчисине орун которгон малчылардын турмушун (маселен-тYркмeндeр)чeлдYк кeчYY, ал эми eрeeндeгY кыштоодон-бийик тоолуу жайлоого кeчкeндeрдY(маселен-кыргыздар) тике кeчYY тYPYнe киргизишкен[5].

Талаа-TYЗДY бойлото жYргYЗгeн кыйратуучу согуштарынан улам батышка баскынчы (А.Акаев) катары таанылган кeчмeндeр азия чeлкeмYндe, анын ичинде Кыргызстан аймагында ДYЙнeлYк маданияттын элементтери болуп калган кайталангыс рухий жана материалдык маланияттын артефактын, YлгYлeрYн жаратышкан. Кылымдар бою кeчмeн турмушта катаал табият менен кармашып, ата-бабаларынан мураска калган жерлерди коргоо жана eздeштYPYY менен келечек муунга мурас катары eткeрYп берип турган. Кeчмeн элдин тарыхын терец изилдeeгe алган соц, кeчмeн: "Кыргыздар жана алардын Орто Азиядагы боордош элдердин тарыхын чет жердик баскынчыларга каршы кYрeштeрдYн тарыхы деп атасак болот",- деген тыянакка келген[6].

Кыргызстан аймагындагы кeчмeндeрдYн чет баскынчыларга каршы кYрeшYHYн тарыхый башаты eтe терецде жатканын окумуштуу eз эмгектеринде баса белгилейт. Орто кылымдагы тYрк, араб, монгол, кытай, eзгeчe XVI-XVII кк. манчжур-циндик жана жунгар баскынчылыгынан кeчмeн турмуштун ошол доордун шартына ылайыкталып тYЗYлгeнY сактап калган. Анткени кeчмeнчYЛYктYн жазылбаган, бирок катуу карманган эреже тартиптери ар убак коркунуч туудуруп келген сырткы душмандардын баскынчыл жортуулунан оцой кутулууга жана тездик менен кол курап, сокку урууга ыцгайлашкан. Окумуштуу Кушбек Yсeнбаев изилдeeгe алган Кокон хандыгынын тушундагы кeчмeн турмуштун eзгeчYЛYктeрY азыркы учурда да eз актуалдуулугун жоготпой келет. Кокон доору XVIII к. I жарымынан XIX к. акыркы чейрегине чейин созулуп, eзгeчe кайгылуу жана кандуу окуяларды кучагына камтыган. Бул окуялар кыргыз тарыхчыларынын кeз жаздымында калган жок. 0згeчe 50-60-жылдары Кыргызстандын XIX-ХХкк. тарыхын ар тараптуу изилдee башталган. 1953-57-жылдары Кыргызстандагы улуттук-кыймылдардын мYнeзY жана анын тарыхын мезгилдештирYY (1953-ж., Май), Орто Азия жана Казахстан элдеринин патриархалдык-феодалдык мамилелеринин мацызы (1954, январь-февраль), кыргыз элинин этногенези (1956, ноябрь), жана башка маселелер менен катар кeчмeнчYЛYктYн тарыхтагы ээлеген ордуна eзгeчe маани берилген. Ошол кездеги саясий идеологиянын жана советтик партиялык тeбeлдeрдYн кeрсeтмeлeрYн аткарууга аргасыз болгон тарыхчылардын айрымдары ушул теманын YCTYндe изилдeeлeрYн улантышкан. Бул жeнYндe кыргызтаануу илиминин жетектeeчY eкYЛY, Академик Б.Жамгырчинов: "Байыркы жана Орто кылымдык мезгилдердин кeптeгeн маанилYY тарыхый темалары эч ким тарабынан изилденбей жатса, XIX-XX кылымдардагы мезгилдер боюнча кээ бир теманы бир нече тарыхчылар изилдешип, мунун натыйжасында бирин-бири кайталоо, параллелизм тYЗYЛYп жаткандыгын чоц кемчилик катары эсептеш керек",- деп жазган. Ошого карабастан Кокон хандыгынын учурунда жана андан кийинки ТYркистан чeлкeмYHYн Россия империясы бийлеп турган мезгилдеги кыргыз элинин саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана тарыхый турмушун иликтeeдe Б.Жамгырчинов, А.Хасанов, К.Yсeнбаев, В.Плоских, В.Галицкий, А.Абышкаев сыяктуу окумуштуу тарыхчылардын эмгектери олуттуу салым кошту. Алардын ичинен eзгeчe Кушбек Yсeнбаевдин илимий изилдeeлeрYндe бул маселе кецири орунду ээлеген. Окумуштуу К.Yсeнбаев-тарыхый шартка жана кeчмeндeрдYн турмуш-тиричилигине тYЗдeн-тYЗ таасир эткен ички, сырткы саясий

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

кYчтeрдYн eзгeрYYлeрYнe карап, кыргыздардын жацы доордогу, социалдык-экономикалык тарыхын "Кокон доору", "Орус таасиринин мезгили" жана андан уланып чыккан "революциалык жогорулаштын дYркYрeгeн мезгилине" бeлYп изилдейт. К.Yсeнбаевдин XIX к. биринчи жарымындагы кeчмeндeрдYн коомдук-экономикалык абалын изилдeeгe арналган эмгеги "Кокон мезгилиндеги кыргыздардын коомдук-экономикалык мамилелери" деген аталышта жарык кeргeн. Автор изилдeeсYндe каралып жаткан маселе боюнча "архивдик документтердеги маалыматтардын жетишсиздигинен" жана "кыргыз тилиндеги жазылган булактардын жоктугунан улам кeпчYЛYк учурда тарыхый баяндар, уламыш, eткeн кYндeр тууралуу эскерYYлeр жана башка оозеки материалдарды" кецири колдонот. Монографияда аймактын географиясы тууралуу маалымат кецири берилип, кыргыз урууларынын жайгашкан жерлери, алардын саны тYЗ жана кыйыр маалыматтар менен такталат.

Кокон хандыгынын карамагына киргенден кийин деле кылымдардан бери келе жаткан кeчмeн жана жарым кeчмeн экстенсивдYY мал чарбасы кыргыздарда негизги орунду ээлеп кала берген. Академик Б. Жамгырчинов боюнча: "XIX кылымдын ортосунда кыргыздарда коомдук-экономикалык тYЗYЛYш патриархалдык мYнeздe болгон. Кыргыздарда феодалдык мамилелердин негизделиши жана eнYГYYCY ири мал чарбасына жана жайыт жерлерге болгон жеке менчик базасына таянган".

Номадизмдин (кeчмeндYк) теориясы боюнча кeчмeндYк чарбага эц ылайыктуу малдын тYрлeрY болуп - жылкы, кой, тee жана эчки эсептелет. К. Yсeнбаевдин аталган эмгектерине таяна айтсак, Кокон доорундагы кeчмeн кыргыздарда жогорку аталгандардан сырткары уй, топоз бакканы белгилуу.

Кeчмeн кыргыздар карманган малдардын биологиялык тYрлeрYHYн (порода) ылганышы, алардын саны, артыкчылыктары жана кооптуу болгон жугуштуу ооруларынын тYрлeрY жeнYндe орус саякатчылары Е.Тимковский, Г.С.Загряжский, М.Венюковдун маалыматтарын К.Yсeнбаев башка тарыхый булактар менен салыштырып, сын ^з менен пайдаланган. Маселен, жылкы жeнYндe Воронин жана Нифантьевдердин: "жылкылар чыдамкай жана тоодо жYPYYгe ыцгайлашкан" деген саптарын эл арасындагы жылкы тууралуу терген, жыйган маалыматтары менен бекемдеп: эти-тамак-ашка eзгeчe бешбармакка; териси-бут кийим, сабоо жана башкаларды жасоого; CYTY - суусундукка - кымыз, ал эми жал-куйруктарынын кылынан-элек, аркан, жиптердин жасалышын белгилейт. Уруу аралык чабыштардан жана сырткы кYчтeрдYн таасиринен улам кээ бир малдын тYрлeрY азайып кеткендиги жeнYндeгY боолгологондору да кызыктуу. Автордун ою боюнча мындай кагылышуулар, барымталар кeчYп-конууда жай кыймылдаган уй, кой , эчкилердин ыкчам кыймылдуу жылкыларга орун бошотушун камсыздаган. Жылкы андан сырткары байлыктын да белгиси болгон. Кимде жылкы ^п болсо, ага сый менен карашчу, ошондой эле ири акча бирдиги катары саналчу.

"Кыргызстандын жаратылыш жана географиялык шарттары: тоо мейкиндиктери, жексиз созулуп жаткан жайыттары, бетеге-тулацы мол eрeeндeрY, сууларынын кeптYГY, калкынын анча жыш эместиги жана аба-ырайынын мээлYYн континенталдуулугу кeчмeн жана жарым кeчмeн мал чарбасын eнYктYPYYгe жагымдуу шарт тYЗгeн", -деп бышыктайт eз кeз карашын окумуштуу. Кыштоого кeчeeрдe, кYЗдeeдe турган учурда жашоодо ар убак керектелYYЧY зарыл товарларга малдарын айырбашташкан. Соода жасоо YЧYн койлорун жана жылкыларын Анжиян, Наманган, Олуя-Ата, Кашкар жана башка шаарларга айдашкан.

Г.С. Загряжскийдин маалыматы боюнча кыргыздардын соода жYГYртYYлeрY Намангандык, Ташкенттик соодагерлер аркылуу ишке ашкан. Кыргыздар Орто Азиядагы мыкты соода борборлору катары эсептелген Кулжа, Кашкар, Ташкенттин жака белин жайлап жYрсe да eздeрY соода YЧYн мал айдашкан эмес. "Калыптанган эреже боюнча Ташкент, Самарканд, Андижан, Намангандык кeпeстeр кышка жуук кыргыздардын айылдарына кeчмeн турмушка зарыл буюмдарды алып келишип, малга айырбаштап кетишчY". Ташкент - уй жана кой этин керектеген негизги шаар болгон. "1870-жылы 7-октябрдан 1-ноябрга чейинки аралыкта мал сатуу жарманкесинде жалпы наркы 367000 руб.болгон 41350 баш мал айдалып келинип, 250000 рублдик соода болгон. ...1871-жылы июнь-июльда 91557 баш айдалып

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

келинген". КeчмeндeрдYн соода мамилелериндеги тажрыйбаларынын аздыгынан сарттар (соодагерлердин элет жериндеги демейки аталышы - Ж.Д., А.А.) кеп пайдаланышкан. Кыргыз фолклорунда орун алгандай "табагына тай берип, кочушуна кой берип" жер-жемиштерди сатып алышкан. Мында кыргыздарды жалац эле малчылык менен тиричилик кылган деп тYШYHYY туура эмес. "Кыргыздар eздeрY эмне керек болсо ошону гана eндYPYшкeн". Алардын арасында кол eнeрчYЛYк менен алектенгендери да болгон, бирок "суроо талаптын аздыгынан кол eнeрчY жашоосун жалац бул кесип менен eткeрe алмак эмес. Ошондуктан ага удаа эле мал асыраган".

Кокон доорундагы кыргыздардын кeчмeн турмушу да жер шартына байланыштуу жана саясий себептерден улам бири-биринен айырмаланып турган. Негизинен биз кeчмeн элдин eзгeчeлYктeрYнeн улам ТYштYк жана ТYндYк деп шарттуу бeлYп карасак да болчудай. Кушбек Yсeнбаевдин изилдeeлeрYндe мындай бeлYштYPYY ачык берилбесе да тигил же бул eрeeнгe тиешелYY айырмачылыктары кeрсeтYлeт. Маселен тYштYктeгY кeчмeн кыргыздардын тYндYктeгYлeрдeн айырмачылыгы (кайсы бир децгээлде артыкчылыгы)-кышка тоют камдагандыгында эле. Бул кeрYHYш окумуштуунун тYптYY эмгектеринин биринде архивдик жана оозеки материалдар менен белгиленет. Тоют камдоо-бул кeчмeн мал чарбачылыгынын жетишкен жактарынын бири болгон. Анткени айрым жылдары кар оор тYШYп, кыш узарып кетчY. Ушундай учурда кол караган малга тоют берилип, ^^eere чейин асыралчу. Кeчмeн кыргыздардын тYштYк бeлYГY ферганалык кeчмeндeрдYн катарын толуктаган, же "Ферганада кeчмeн элдин курамы: кыргыздардын, кыпчактардын, жарым отурукташкан тYрктeрдYн, кара-калпактардын жана карамуруттардын, кeчмeн eзбектердин eкYЛдeрYнeн турган". Мында кыргыздар сан жагынан жалпы ферганалык кeчмeндeрдYн олуттуу бeлYГYн тYЗгeндYГY белгиленет, же "Фергана eрeeнYндe 1870-ж. кeчмeн элден 600 000 (алты жYЗ миц) тYTYн калк жашаган (отурукташканы - 132-миц). КeчмeндeрдYн курамында бул жылдары казактар, кара-калпактар аз болгон. Алар негизинен кыргыздардан жана аз сандуу кыпчактардан турган". К^шнбаевдин соцку эмгектеринде белгиленгендей кыргыздарда кeчмeнчYЛYк eзгeчe TYPДY алат. Ошол убакта алар "жыл мезгилине жана климаттык шартка карата малдар менен утур бир жерге кeчYп-конуп жYPYшкeн. Атап айтканда кыштоодон кeктeмгe. Кeктeмдeн жайлоого,жайлоодон кYЗдeeгe, андан кайра кыштоого кeчYп конушуучу". КeчYп- конуунун мындай циклы кыргыздарда гана калыптанып, бYГYнкY кYндe да анын элементтери жашап келYYДe.

Соцку изилдeeлeр белгилегендей "илгертеден Фергана eрeeнYндe кыргыздар, eзбектер, тажиктер, кыпчактар жана тYрк тилдYY башка уруулар бирге жашап келишкен. Алар eзYлeрYHYн тарыхый-маданий жана чарбалык мYнeзY боюнча эки типти: отурукташкан жамаат-сартиййаны, кeчмeн жана жарым кeчмeн жамаат илатиййаны тYЗYшкeн. Аталган жамааттар ич-ара келишпес карама-каршылыкта турган эмес. Тескерисинче TYPДYY типтеги чарбалык жамааттардан турган органикалык бирдиктYY чарбалык-социалдык айкалышты калыптаган". Натыйжада "бири-бирисиз eнYгe албаган, отурукташканжана кeчмeн калктын уникалдуу жуурулушун, башка шз менен айтканда, тиричиликтин ферганалык вариантын калыптандырган". Илатиййаны тYЗгeн ферганалык кыргыз кeчмeндeр аймактын (хандыктын) саясий мамимлелерин чечYYДe таасирдYY кYчкe айланган. "Фергана кыргыздары Кокон хандыгын eзYHYн эле мамлекети катары туйган. Ошондуктан ТYштYк кыргыздарынын баш кeтeргeн бийлери Кокон ордосундагы саясатка аралашууга умтулган, аларды ордо жериген эмес, кайра eзYнe тарткан". Анткени "ферганалык кыргыздар Кокон амирлигинин жецишине да, жецилишине да, жакшылыгына да, жамандыгына да ортоктош болушкан". Хандыктын бардык мамлекеттик кызматтары кeчмeн eзбек, кыргыз, кыпчак элдеринин eкYЛдeрYHYн ортосунда бeлYштYPYЛгeн. Адатта кыргыз жана кыпчак тар аталык, мицбашы, амирлашкер, наиб (кургактагы аскерлердин башчысы), ынак (атчан аскерлердин башчысы), эшик ага (хан сарайынын башчысы) ж.б. кызматтарды алышкан [3]. Башкы бийлик YЧYн кYрeш: "илатиййа" (ТYштYк кыргыз кeчмeндeрY-Ж.Д.) ортосунда гана жYргeн. Тигил же бул жамаатттын ортосунда тец салмактуулук бузулганда "илатиййанын" eкYЛдeрY жакпаган ханды тактан

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

алып таштап, мамлекет башына тил алчаак жацы eкYмдарды коюу менен кeчмeн тегинен чыккан салттуу династияны жацылап, жоголгон тец салмактуулукту тез эле калыбына келтирип турушкан.

Кокон хандыгынын таасири Кыргызстандын тYндYГYнe анчалык жайылган эмес. Аны К. Yсeнбаев да тастыктаган: "Кокон хандарынын жана тeбeлдeрYHYн бийлиги Кыргызстандын TYШTYГYH жердеген уруулардын жашоосунда толук жайылган. Ал эми тYндYктe бул бийлик салыштырмалуу алсыз эле".

Академик Б.Жамгырчинов: "Кeчмeн малчылардын патриархалдык уруулук коому, отурукташып дыйканчылык кылган элдердикиндей айкын мYнeзгe айлана алган эмес. Кeчмeн малчылар айыл-айыл болуп кeчYп-конуп жашагандыктан алардын аймактык коомдошуусу бекем боло албаган. Кыргыздар уруу ичинде да бир атадан таркагандар болуп, туугандык ымаласына жараша жиктелише айылга уюмдашкан". ТYндYк кыргыздардын Кокон доорундагы жашоо шартына туура келет. КeчмeндeрдYн жерге жана малга болгон менчик мамилелери да К^шнбаев тарабынан фолклордук материалдарды чебер колдонуунун негизинде жеткиликтYY ачылган. Маселен, кыргыздардын жерге болгон мамилелерин жакшы билген Т.Байболотов, Т.Алымбеков ж.б. аксакалдардан: "Ар бир айылдын eзYнчe жайыттары жана жайлоолору бар болчу. Аларды айылдын баш кишилери башкарчу эле"- деген сeздeрYн, "кимдин жерин жердесец, ошонун ырын ырдайсыц" сыяктуу макалдарды орундуу колдонуп, ошол кездеги шартты даана CYрeттeйт. КeрсeтYЛгeн эмгекте кeчмeндeрдYн укук мамилелерине да кецири орун берилген. Сот иши казы жана бийлер аркылуу жYзeгe ашкан. Кокон хандары кылымдар бою бекем орногон "адатка" негизденип талаш чечкен бийлерди шариаттын жоболоруна карап бYTYм чыгара турган казылар менен алмаштыра баштайт. Бирок бул аракет аягына чыкпай, кeчYп-конгондо бийлердин бийлиги кала берген. Фергана eрeeнYндe гана алар (бийлер) диний билими бар казылар менен алмаштырылган. П.Рейнталдын: "Бардыгы мыйзамдан эмес, окуядан жана жеке мамиледен ^з каранды" деген белгилeeсY сот ишин аткаргандардын мYнeзYнeн кабар берет. Соттордун (бий, казы) адилетсиздиктерди бир нече мисалдар менен эмгекте кeрсeтYЛгeн. Ал эми Кокон доорундагы кыргыздардын социалдык тутуму жана негизги катмарлар: манап, датка, бек, бай тYШYHYктeрY этимологиясы менен кошо терец талдоого алынган.

Кыргыздардын коомдук курамы тууралуу: "Ар бир кыргыз уруусу TYPДYY элдер менен уруулардын eзYнчe биримдигин тYЗгeн. Маселен, сарыбагыштардын ичинде тeбeй, жетиген, чертки, келдике ж.б. ^п уруулардын жана уруктардын eкYЛдeрYн кезиктирYYгe болот" - деп, жана "таасирдYY инсандардын пайда болушу менен байланышкан уруулар же уруктар калыптанып калышы ^п учурайт. Белек, желдец, темир, болот уруктары ушундайча тYЗYЛгeн" - деп, TYHДYK кыргыздарынын этникалык генезисиндеги eзгeчeлYктeр жeнYндe жазат. Кушбек Yсeнбаев eзYHYн кeчмeндeр тууралуу кийинки изилдeeлeрYн орус оторчуларынын бул аймакка келиши менен байланыштырат. Окумуштуунун пикири боюнча Россиянын курамына кирYY процесси ошол кездеги кыргыздардын социалдык-экономикалык мамилелеринин жYPYШYндe чоц мааниге ээ окуя болгон.

КeчмeндeрдYн Кокон доорунан кийинки тагдыры Россия империясынын саясаты менен тыгыз байланышта. Бул маселенин изилдеген К.Yсeнбаевдин эмгеги "XIX к. экинчи жарымы - XX к. башындагы кыргыздардын коомдук-экономикалык мамилелери" (толугу: К.У. Усенбаев. "Общественно-экономические отношения киргизов (вторая половина XIX-начало XXвв.)" -Ф., 1980. 332 б.) деп аталган. Мында Россия империясынын курамына eTYY учурундагы кыргыздардын ж.б. коцшу элдердин кайгылуу жана баатырдык аракеттери, жашоо шарты, дини, маданияты жацы булактарды колдонуу менен изилдeeгe алынат. К.Yсeнбаев кeцYЛ бурган кыргыз тилиндеги араб графикасы менен жазылган "eтYHYчтeр" ("прощение") алгачкы булак катары кыргыз коомунун кeчмeнчYЛYк турмушундагы eзгeчeлYктeрYн даана ачып берет. "Оригиналдуу архивдик документтерди тартуу менен автор кыргыз коомчулугунун мYнeзY жана мацызын, жерге жана малга болгон менчиктин формаларын, манапчылыктын мацызын жацыча чагылта алган".

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

К^шнбаев аталган эмгегинде XIX к.экинчи жарымындагы Кыцргызстандын аймагы, административдик TYЗYЛYШY, калкы (саны), чарба тYрлeрY (малчылык, дыйканчылык, YЙ eнeрYШY, кол eнeрчYЛYГY, соода) боюнча изилдeeлeрдe колдонула элек архивдик маалыматтардын жана Улуттук академиянын тарых институтунун кол жазмалар фондундагы ушул доорго тиешелYY материалдарды дээрлик толук карап, иргеп, салыштырып, натыйжада тарыхый адилетщуу чечимдерди чыгарган. Эзгeчe эмгектин "кыргыздардын коомдук-экономикалык мамилелери жана алардын eзгeчeлYтeрY" деген бeлYMYндe Орто Азия, Казахстан жана Сибирдеги кeчмeн жана жарым кeчмeн элдердин дарегине батыш тарыхчылары тарабынан ыйгарылган "жарым кeчмeн элдер-уруулук TYЗYЛYШ стадиясында жашаган" деген бYTYмдeрYн, "илимге каршы" деп баалап, "феодализмдин тарыхы отурукташкан элдин тарыхы сыяктуу эле жерге болгон жеке менчикке негизденген кeчмeн жана жарым кeчмeн элдердин да тарыхы" деген тыянак чыгарып, кeчмeндeргe цивилизациянын бир топ жогорку баскычтарынан орун берет.

Кушбек Yсeнбаевдин кeчмeндeрдYн турмушун чагылдырган YЧYнчY эмгеги "Революциянын тацында" деп аталып, негизинен Кыргызстандын элинин Россиянын курамына киргенден кийинки тагдырында орун алган революциялык жогорулаштын мезгили иликтенет.

Окумуштуу бул учурдагы Россиянын борбордук райондорунан орус-украиндердин келиши жана алардын кeчмeн турмушун улап жаткан кыргыздарга кандай таасир эткенине eзгeчe кeцYЛ бурат. Келгиндердин таасиринен улам жергиликтYY элде да жерге болгон мамиленин мYнeзY eзгeрYп, кыргыздар арасында да отурукташуу башталган. 1917-жыл eткeрYЛгeн бYткYЛ Россиялык эл каттоонун материалдарына кайрылсак Кыргызстандын ТYштYГYндe, Фергана областында жашаган кыргыздардын 69,2 % отурукташып, 30,8% кeчмeнчYЛYктe жашаган. Ал эми Кыргызстандын ТYндYГY боюнча кeчмeнчYЛYккe байланыштуу маалыматтар жок. Бирок, бул тарапта тYштYккe караганда кeчмeндeрдYн пайызы басымдуулук кылышын жана орус келгиндеринин кeбYрeeк байыр алышын эске алсак, анда пайыздык катыш боюнча сезилээрлик eзгeрYY болбогонун болжоого болот.

Орус келгендеринин отурукташуусу жана чарба жYргYЗYY тажрыйбасынын бeтeнчeлYГY кыргыздарга таасирин тийгизип, отурукташуусун ылдамдаткан. Келгиндер менен жергиликтYY элдин мамилеси дайыма эле меймандостукка же чыдамкайлыкка (толеранттуулук) негизденип, сыдыргыга салгандай текши жYргeн эмес. Айрым учурда жергиликтYY эл тоого CYPYЛYп, eз жеринен биротоло айрылып калган учурлар да болгон. АтYГYЛ сырттан тон бычкан чиновниктер келечекте Кыргызстандын Россия YЧYн кандай кызмат кыла турганы жeнYндe тeмeнкYчe ойлорун билдиришкен. "Кыргыздар - тубаса малчы жана кeчYп жYргeн эл. Алардын кYЧY ушунда десе болот... Менин оюмча кыргыз калкынын алдына келечекте мына мындай милдеттерди коюубуз керек: 1) Биздин армиябызга жылкы беришсин. Ошондуктан биздин армиябызга керектYY жылкыларды eстYPYY YЧYн бардык кыргыздарды жылкычыга айландыруу керек... 2) кыргыздар эт, жYн, тери жана башка берYY YЧYн миллиондогон кой eстYPYшсYн... 3) кыргыздар атка абдан жакшы жYPYшeт, eTe кeрeгeч болушат, жол жYргeндe такыр адашышпайт, ошондуктан убагы келгенде биздин атчан аскерлерибизди толуктоо YЧYн алар биздин башкы кYЧYбYЗ болбосо да бир кыйла кeмeкчY кYЧYбYЗ болууга тийиш".

Жогоруда айтылган сeздeрдY ишке ашыруу YЧYн ТYркстан чeлкeмYндe кeчмeн элдерге текебердик менен оторчулук саясат жYргYЗYЛYп келген.

Борбордук Тян-Шандын, Таластын, Кетмен-ТeбeнYн, Памирдин, Алайдын, Чаткалдын жана башка тоолуу жерлердин калкы кой-эчкини, жылкыны, бодо малды, топозду, TeeHY кeп eстYPYшкeндYГYн окумуштуу баса белгилейт. 1913-жылы бир гана Пишпек уездинде жергиликтYY калктын 1 715 254 туяк малы болгон, ошонун ичинде 1 143 723 кой, 202 533 эчки, 209 170 жылкы, 139 996 бодо мал жана 19 812 Tee бар эле. Ушул уезддин жергиликтуу калкынын 84,89% кeчмeн жана жарым кeчмeн мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Бирок мындай абал ар дайым эле бир калыпта сакталып турган эмес. Аны Кушбек Yсeнбаев

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

кeчмeн турмуштагы eзгeрYYлeр менен байланыштырган. Ошондуктан eз эмгегинде окумуштуу Пржевальск уездине байланыштуу: "Жети-Суу кыргыздарынын бир кездерге атагы таш жарган мал чарбачылыгы азыркы убакта сан жагынан да сапаты жагынан да абдан тeмeн TYШYП баратат" - деп, даректYY документти келтирет. 1903-1910-жылдардын аралыгында аталган уездин калкынын колундагы малы кой-эчкилер боюнча 34,5%, бодо мал боюнча 18%, тeeлeр боюнча 77,7% азайып кеткени саналып чыккан. Анын себебин Кушбек Yсeнбаев: "малдын арасында "мацка", "жаталак", "карасан" деген жана башка жугуштуу ооруулар кeп тарап, алар да малдын ^6yh кырып кетип турган" деп тYШYндYрeт.

Малдын сан жагынан азайышы жергиликтYY калкты отурукташууга тYртYп, кeчмeн жана жарым кeчмeндeрдYн доору eзYHYн соцку жылдарын башынан eткeрYп жатканы менен байланыштуу болгону белгиленет. Кeчмeн кыргыздардын тарыхы социалдык-экономикалык абалы XIX-XX кылымдар чегиндеги жашоосу Президент А.Акаевдин пикири боюнча: "0Te бир кыйын-кысталыш шарттарда эл катары сакталып гана калбастан, ошондой эле eзYнe башка этностордун таасирлерин да сицирип алып, TYПKY бабаларыбыз тарабынан негизделген этностук артыкчылыктарын кeбeйтYп eстYPYY YЧYн биздин тоолук элибизден кандай гана улуттук чыдамкайлык, эрдик талап кылынбады..." [3.54].

Кыргыздардын жана аларга жанаша жашаган кeчмeн элдердин Жацы доордогу социалдык-экономикалык абалы тарыхчы Кушбек Yсeнбаевдин илимий ишмердYYЛYГYHYн TYPДYY жылдарында Yч баскычка бeлYHYп, терец чагылдырылды. Мындай аракеттин натыйжасында чeлкeмдe тарых илими "Общественно-экономические отношения киргизов, в период господства Кокандского ханства (XIX век- до присоединения Киргизии к России)", "Общественно-экономические отношения киргизов (вторая половина XIX- начало XX вв.)", "Революциянын тацында" деп аталганYч чоц монографияларда талданып, эгемендик жылдарында "Народные движения Средней Азии в XIX веке (по материалам Кыргызстана)" (1998), "Ормон хан" (1999) эмгектери менен толукталды.

Аталган эмгектердиги маалыматтар кeчмeн турмуштун улам барган сайын чарба ЖYPГYЗYYHYH башка тYрлeрY менен (eзгeчe дыйканчылык) болгон байланышын кYчeтYп баргандыгын тастыктап, андагы коомдук мамилелердин мYнeзYн, предметин жана эволюциялыкбагытын кeрсeтYп берет.

К. Yсeнбаевдин кeчмeндeрдYн турмушун чагылдырган монографияларынан улам, алардын жашоосунун кайталангыс YЛгYлeрY ДYЙнeлYк рухий жана материалдык маданияттын курамынан орун алышы бекемделет. Анткени 6y^h^ кYндeгY тарыхка кайрылуу, искусство жана маданияттагы "ретростил" кeчмeндeрдYн жашоосун рухий жактан таза жана "YЛГYЛYY" деп эсептейт.

Аталган монографиялар архивдик материалдарга ширелип, фолклор, уламыш, каада-салт элементтери жана андан уланып отурган KYHYMДYK жашоо менен диалектикалык байланышта каралып, тарыхый кeркeм мYнeздY алган. Ал эмгектерде колдонулган жана келтирилген фактылар, материалдар 6y^h^ кYндe тарыхый жактан тангыс аргумент катары кызмат кылат. XIX-XX к. башындагы окуяларга изилдeeсYн арнаган тарыхчыларга таяныч болот.

Ошентип, тарыхчылардын тыянактары боюнча XIX-XX к. алгачкы чейрегинде кыргыз элинин негизги кесиби кeчмeн жана жарым кeчмeн мал чарбачылык болгон.

АДАБИЯТТАР:

1. Большая Советская Энциклопедия. т.13. М., 1973;

2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы. т.3. -Ф., 1978;

3. А.Акаев. "Манас эпосу жана мамлекеттYYЛYк". Б;

4. Кыргыз Совет Энциклопедиясы. т.3. -Ф., 1978;

5. Кушбек Yсeнбаев. "Народные движения в Средней Азии в Х1Хв.". Бишкек-Ош. 1997;

6. Ташмамбет Кененсариев. Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый eнYГYYCY. Б. 2009;

7. Петр Кокайсл, Амирбек Усманов. История Кыргызстана глазами очевидцев. Б. 2012.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.