Научная статья на тему 'ПРОФЕССОР М. Н. НАЗАРОВДУН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ПРОБЛЕМАЛАР МЕНЕН ҮНДӨШТҮГҮ'

ПРОФЕССОР М. Н. НАЗАРОВДУН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ПРОБЛЕМАЛАР МЕНЕН ҮНДӨШТҮГҮ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
7
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
профессор М.Н.Назаров / математикалык билим берүү / мугалимдин чебердиги / компетенттүүлүк / professor M.N. Nazarov / mathematical education / teacher skill / competence

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Мейлихан Алтыбаева

Макала профессор Мадамин Назарович Назаровдун илимий-методикалык эмгектерин талдоого арналган. Макалада арадан кыйла убакыт өткөндүгүнө карабастан профессор М. Назаровдун математикалык билим берүүнүн уюштурулушу, окутуунун мазмуну жана сапаты, математика мугалиминин чебердиги жөнүндө көз караштары жаңыланган педагогикалык жагдайларга үндөшүп тургандыгы жөнүндөгү сөз болот.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

SCIENTIFIC AND METHODOLOGICAL WORKS OF PROFESSOR M. N. NAZAROV AND THEIR CONSONANCE WITH MODERN PROBLEMS OF EDUCATION

The article is devoted to the analysis of the scientific and pedagogical works of Professor Madamin Nazarovich Nazarov. It presents the views of Professor M. N. Nazarov about the organization of mathematics education, the content and quality of mathematics education, and the pedagogical skills of a mathematics teacher. The scientific and methodological beliefs of the professor are in line with the pedagogical views of our time, despite the fact that they were voiced by him several decades ago.

Текст научной работы на тему «ПРОФЕССОР М. Н. НАЗАРОВДУН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ПРОБЛЕМАЛАР МЕНЕН ҮНДӨШТҮГҮ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PEDAGOGY. PSYCHOLOGY

e-ISSN: 1694-8742

№2(3). 2023, 15-22

КААРМАНДАР Персоналии Personalities

УДК: 373

DOI: https://doi.org/10.52754/16948742 2(3) 2-2023

ПРОФЕССОР М. Н. НАЗАРОВДУН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРYYД0ГY ПРОБЛЕМАЛАР

МЕНЕН YНДeШТYГY

НАУЧНО-МЕТОДИЧЕСКИЕ ТРУДЫ ПРОФЕССОРА М. Н. НАЗАРОВА И ИХ СОЗВУЧНОСТЬ СОВРЕМЕННЫМ ПРОБЛЕМАМ ОБРАЗОВАНИЯ

SCIENTIFIC AND METHODOLOGICAL WORKS OF PROFESSOR M. N. NAZAROV AND THEIR CONSONANCE WITH MODERN PROBLEMS OF EDUCATION

Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна

Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна Altybaeva Meilikan Altybaevna

пед. илимд. канд., Ош мамлекеттик университетинин профессору

канд. пед. наук, профессор Ошского государственного университета Cand. of Ped. Sciences, Professor at Osh State University maltybaeva@oshsu.kg ORCID: 0000-0003-1469-3824

ПРОФЕССОР М. Н. НАЗАРОВДУН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН УЧУРДАГЫ БИЛИМ БЕРYYД0ГY ПРОБЛЕМАЛАР

МЕНЕН YНДeШТYГY

Аннотация

Макала профессор Мадамин Назарович Назаровдун илимий-методикалык эмгектерин талдоого арналган. Макалада арадан кыйла убакыт еткендугуне карабастан профессор М. Назаровдун математикалык билим беруунун уюштурулушу, окутуунун мазмуну жана сапаты, математика мугалиминин чебердиги женунде кез караштары жацыланган педагогикалык жагдайларга ундешуп тургандыгы женундегу сез болот.

Ачкыч свздвр: профессор М. Н. Назаров, математикалык билим беруу, мугалимдин чебердиги, компетенттуулук.

Научно-методические труды профессора М. Н. Назарова и их созвучность современным проблемам образования

Scientific and methodological works of Professor M. N. Nazarov and their consonance with modern problems of education

Аннотация Abstract

Статья посвящена анализу научно-педагогических The article is devoted to the analysis of the scientific and

трудов профессора Мадамина Назаровича Назарова. В pedagogical works of Professor Madamin Nazarovich

статье говорится о том, что взгляды профессора М. Н. Nazarov. It presents the views of Professor M. N. Nazarov

Назарова на организацию обучения математике, about the organization of mathematics education, the

содержание и качество математического образования, content and quality of mathematics education, and the

педагогическое мастерство учителя математики pedagogical skills of a mathematics teacher. The scientific

созвучны обновленным педагогическим ситуациям and methodological beliefs of the professor are in line with

наших дней, несмотря на то, что прошло несколько the pedagogical views of our time, despite the fact that they

десятилетий. were voiced by him several decades ago.

Ключевые слова: профессор М. Н. Назаров, математическое образование, мастерство учителя, компетентность.

Keywords: professor M. N. Nazarov, mathematical education, teacher skill, competence

Киришуу

Профессор М. Н. Назаров - бYткYл eмYPYн билим берYYгe арнаган, мугалим адистерди даярдоого барандуу салым кошкон, кесипкей, чыгаан илимпоз педагог. ОшМУнун (мурдагы Ош мамлекеттик педагогикалык инстититут - ОшПИ) биринчи бYTYPYYЧYCY (окуусун артыкчылык диплом менен аяктаган), студент кезинен эле педагогикалык кесипке, илимий изилдеелерге жeндeмдYYЛYГYн кeрсeтYп, активдYY студенттердин сап башында жYргeн.

Мадамин Назарович агайыбыздын eмYPYндeгY урунттуу учурларды белгилеп eтeлY:

1933-ж. - Ош областынын Араван районундагы Тепе-Коргон айыл eкмeтYндeгY Жацы Абад айылында терелген;

1940-ж. - «Жацы Абад» ашталгыч мектебинде 1 -класста окуп баштаган;

1948-ж. - «Уйгур Абад» 8 жылдык мектебинде 8-классты аяктаган;

1950-ж. - Араван районундагы К. Маркс атындагы орто мектепти ийгиликтYY бYTYргeн;

1951-ж. - Ош шаарында жацы ачылган ОшПИнин физика-математика факультетине студент болуп кабыл алынган;

1953-1955-жж. - Ош шаарындагы «25-октябрь» орто мектебинин кечки бeлYMYндe жумушчу жаштарга сабак берип, ОшПИдеги окуусун айкалыштырып иштеген;

1955-ж. - ОшПИни артыкчылык диплому менен аяктап, «орто мектептин математика жана физика мугалими» квалификациясына ээ болгон;

1955-ж. - Араван районундагы А. Навои атындагы орто мектебине математика мугалими болуп кабыл алынган;

1955-ж. - ноябрь айында Советтик Армияга кызмат етееге чакырылган;

1957-ж. - мектептин окуу бeлYMYHYн башчысы, директору;

1958-ж. - Араван районунун элге билим берYY бeлYMYHYн башчысы;

1961-ж. - ОшПИнин физика-математика факультетинин окутуучусу;

1964-ж. - ОшПИнин жогорку математика кафедрасынын улук окутуучусу;

1965-1982-жж. - математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы;

1971-ж. - педагогика илимдеринин кандидаты (13.00.02);

1076-ж. - Математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти;

1982-ж. - профессор (СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылган).

ОшПИге келгенден баштап эле Мадамин Назарович факультеттин, институттун коомдук турмушуна активдYY катышып, партиялык ж.б. тапшырмалар менен катар илимий теманын YCTYндe да YЗYPЛYY эмгектенген. Математиканы окутуунун методикасы боюнча Кыргызстандагы алгачкылардын бири болсо, ал эми республиканын тYштYГYндe биринчи илимдин кандидаты.

Талкуу жана изилдее жыйынтыктары

Мадамин агай негиздеген "Математиканы окутуунун актуалдуу проблемалары" аттуу илимий-методикалык семинар ушул кYнгe чейин ишин улантып келет жана ал кафедралык децгээлден ЖОЖдор аралык статуска кeтeрYЛдY. Семинардын мYчeлeрY "Назаровдун мектебинин eкYЛYбYз" деп сыймыктануу менен белгилешет.

Чынында эле профессор М.Н. Назаров ТYштYк Кыргызстанда математик-методисттердин мектебин тYЗYп кетти. Ал окутуунун жана тарбиялоонун актуалдуу

проблемаларына тиешелуу 100 ден ашун илимий эмгектерди (окуулуктар, окуу колдонмолор, илимий-методикалык макалалар, массалык популярдуу китептер ж.б.у.с.) бизге мурас катары калтырды. Математиканы окутуунун методикасы боюнча терт илимдин кандидатын даярдап, кептеген шакирттерди естурду.

Профессор М. Назаровдун эмгектеринде математиканы окутуунун турдуу аспектерине тиешелуу проблемалар кетерулуп, аларды чечуунун рационалдуу жолдору сунушталган. Профессор М. Назаровдун жалпы илимий-методикалык эмгектерин шарттуу турде теменку топторго белууге болот:

• математиканы окутуунун жалпы маселелерине арналган эмгектер;

• математиканы окутуунун атайын методикасына (конкреттуу материалдарды окутууга) арналган эмгектер;

• орто мектептин математикасы боюнча окуу китептер жана окуу колдонмолор;

• жогорку окуу жайдын студенттери учун окуулуктар жана окуу колдонмолор;

• математика боюнча класстан тышкаркы иштердин методикасына арналган эмгектер;

• окуучулардын ой жугуртуусун, мейкиндик элестеелерун енуктурууге багытталган эмгектер;

• математика мугалиминин педагогикалык чебердигине арналган эмгектер;

• математика боюнча алдьщкы педагогикалык тажрыйбасына жайылтуу багытындагы эмгектер.

• математика илимин популяризациялоого арналган эмгектер.

Профессор Назаров М.Н. бул эмгектерин мындан 30-40 жыл мурда жазган болсо да, анын математикалык билим беруунун мазмунуна, окутуунун уюштурулушуна, окутуу принциптерине, окутуунун сапатына, окуу процессинде мугалимдин ордуна карата ой-бутумдеру ушул кундерде ете актуалдуу экендиги аларды окуган ар бир мугалимге таасын сезилип турат. Агай окутуу процессиндеги мугалимдин ордуна ете зор маани берип, квалификациялуу мыкты мугалимди даярдоонун олуттуулугун ар дайым баса белгилеген.

Мадамин агайдын: "Мугалим окутуу, тарбиялоо процессиндеги негизги фигура. Бирок жаштарды окутуу, тарбиялоо, турмушка даярдоо жумуштарын бардык эле мугалимдер натыйжалуу, эффективдуу жургузе албастыгын байкоого болот. Практикада ата-энелер, окуучулар мугалимдерди тандап, сындап журушкендеру кеп эле учурайт. Окутуу, билим жана тарбия беруу, енуктуруу, кесипке багыт беруу, окууга, илимге кызыктыруу жумуштарын чебер, устат, ез кесибине берилген мугалимдер гана ийгиликтуу, натыйжалуу жургузе алышат. Ошол себептуу мектептер, чебер, устат, ез кесибин жакшы билген мугалимдер менен камсыз болгону абзел. Бирок, чебер педагог-мугалимдер езунен-езу эле боло койбойт. Аларды даярдоо, калыптандыруу зарыл" - деген бутуму, азыркы ФМББ бакалаврын даярдоого карата МББСтин талаптарында кесиптик компетенциялар катары берилет жана аларды окутуунун натыйжалары турунде бутуруучулер демонстрациялоого тийиш.

Мындай корутундулоого М.Н. Назаровдун мектептин катардагы мугалими, жетекчиси катары иш тажрыйбалары туртку берсе, кийинки изилдеечулук ишмердигинде аны эксперименттер аркылуу тастыктаган.

ОшПИ университет макамын алгандан баштап, окуу пландарынын вариативдYY бeлYктeрYHYн дисциплиналарын ЖОЖ eзY аныктай турган болуп калды. Профессор М. Назаров иштеп чыккан 36 сааттык "Математика мугалиминин педагогикалык устаттыгы" деп аталган атайын курстун программасы факультеттин окуу-методикалык кецеши тарабынан жактырылып, Окумуштуулар кецеши бекитип, ФМББ программасынын окуу планына кийрилген. Курстун лекциясын да, семинарларын да проф. М.Н. Назаров студенттерге eзY еткен. Бул курс болочок адистерди математика мугалиминин модели, окутуу процессиндеги мугалимдин ишмердик аракеттеринин спецификасы менен тааныштыруу максатын кездеген.

ЖYPГYЗгeн иштеринин натыйжаларын ал "Математика мугалиминин чебердигинин мацызы" (Назаров М.Н., Назаров М.М., 2002), "педагогикалык жумуштун техникасы", ж.б. макалаларында чагылдырган. Педагогикалык процесстин натыйжалуулугу мугалимдин аткаруу техникасынан, уюштуруу техникасынан кез карандылыгын белгилее менен, профессор М. Н. Назаров педагогикалык техникага темен^че аныктама берет: "Педагогикалык жумуштун техникасы - бул аны жогорку децгээлде аткарууга байланыштуу педагогикалык, психологиялык, дидактикалык жумушардын кецири тобу. Окутуу билим берYY, тарбиялоо жана eнYктYPYY жумуштарынын ийгилиги аны аткаруудагы педтехниканын максаттуу пайдаланышына байланыштуу болот".

Андан ары автор, педагогикалык техниканын тутумдук бeлYктeрYнe токтолот:

• окуу процесинде окуучуларды активдештирYY, аларга максаттуу суроо, проблема коё билYY, окутуучунун каражаттарын туура эффективдYY пайдалана билYY ж.у.с. сапаттары;

• мугалимдин CYЙлee речи, дикциясы, CYЙлee темпи;

• мугалимдин сырткы кeрYHYШY, кийими, баскан-турганы, адаттары;

• окуу процессин уюштурууга жeндeмY, мамилеси;

• окуучулар, ата-энелер, кесиптештер менен мамилеси;

• класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы жумуштары уюштура билYY жeндeмY;

• алдынкы педтажрыйбаны, илимдеги жацылыктарды YЙрeнYYгe, eздYк билимин eркYндeтYYгe кунттуулугу.

Профессор М.Н. Назаров тYЗгeн чебер математика мугалиминин моделиндеги компоненттер устат мугалимге тиешелуу сапаттардын жыйындысы катары аныкталса, азыркы педагогикалык парадигмада алар адистин кесиптик компетенттYYЛYктeрY катары белгиленет да, жацы мазмун менен толукталат. Мисалы, ФМББ программасынын бYTYPYYЧYCYнe минималдуу талаптар катары 17 кесиптик компетенция белгиленген (Жогорку кеситик билим берYYHYн мамлекеттик билим берYY стандарты, 2021). Алардын айрымдарын келтирели:

КК-1. Психологиялык жана педагогикалык компетенцияларды кесиптик маселелерди чечYY YЧYн колдонууга даяр жана педагогикалык изилдeeлeрдYн жыйынтыктарын кесиптик ишмердYYЛYктe колдоно алат;

КК-2. Методикалык маселелерди чечYY ыкмаларына ээ (моделдер, методдор, технологиялар жана окутуу ыкмалары) жана билим берYYHYн сапатын баалоо технологияларын колдоно алат;

КК-4. Окуучуларды турмушка ыцгайлашууга калыптандыруу (социализациялоонун)

ыкмаларына, методикасына, жолдоруна, техникасына ээ жана аларды болочок кесибин туура тандоого ыцгайлуу шарт тузе алат;

КК-5. Билим беруу программаларын ез алдынча тандоону билет, алар учун дидактикалык материалдарды тандап алат жана педагогикалык рефлексиянын негизинде окуу процессинде адаптация болгондон кийин аларды колдонууну билет;

КК-6. Программанын темаларынын жана белумдерунун езгечелуктерун эске алуу менен жана окуу планына ылайык предметтер боюнча сабактарды пландаштырууга жендемдуу;

КК-7. Профессионалдуу рефлексиянын негизинде ездерунун енугуусу учун милдеттерди коюуну билет;

КК-10. Окуу процессинин сапатын камсыз кылуу учун заманбап технологияларды, ыкмаларды, окуучулардын жетишкендиктерин диагностикалоо ыкмаларын колдонууга даяр;

КК-11. Ата -энелер, кесиптештер, социалдык енектештер менен баарлашууга даяр;

КК-12. Балдардын жаш курак жана индивидуалдык езгечелуктеруне жараша езгече билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен баарлашууга даяр;

КК-14. Окуучулар менен кайтарым байланышты узурлуу еткере алат;

КК-15. Окуучулардын чыныгы жеке тажрыйбага ээ болушуна кемектешет, аларды ой жугуртууге жана талдоого уйретет;

КК-18. Окуу кыйынчылыктары бар окуучуларды интеграциялоого жендемдуу (езгече билимге муктаж балдар) ж.б.

Келтирилген компетенциядардын маани-мацызын, б.а. алардын мугалимдин кандай иш-аракеттеринен керуне тургандыгын чечмелеену компетенция тушунугунен баштоо орундуу. Компетенция тушунугу биздин педагогикада жацы кылымдын башталышында пайда болду. 2010-жылдардан кийин билим беруудегу бардык децгээлдеги стандарттар компетенттуулук негизде иштелип чыкты. Бул терминди бирдиктуу тушунуу ушул кезге чейин болбогондугуна карабастан, окутууга компетенттуулук мамиле билим берууну реформалоонун зарыл шарты болуп эсептелет. Негизги булактарга кайрылсак, анда компетенцияны анык бир предметтердин жана процесстердин чейресунде сапаттуу жана енумдуу ишмердик учун аларга карата личносттун ез ара байланышкан сапаттарынын (билимдер, билгичтиктер, кендумдер, ишмердик жендомдер) жыйындысы катары тушунууге болот.

Кесиптик компетенттуулуктун тутумундагы "билуу" компоненти таанып-билуунун билуу жана тушунуу децгээлдерин ичине алса, "билгичтик" - студенттин алынган билимдерди колдонууга даярдыгын баалоого мумкундук берет, ал эми "ээ болуу" (владеть) компоненти таанып билуунун "жалпылаштыруу жана системалаштыруу" жана "нарк-насилдик баалуулуктар" децгээлдерин чагылтат. Ушул таризден алып караганда профессор М.Н. Назаров аныктаган окуу процессине чыгырмачыл мамиле, окутуунун мазмунун, формаларын, методдорун, контролдоонун жана баалоонун дидактикалык каражаттарын тактоо-белгилеп алуу жана бири-бирине шайкештикке коюу менен аны сабаттуу тузумдештуруу сыяктуу мунездемелерду камтыган педагогикалык чебердик окутууга компетенттуулук мамиледе педагогдун компетенттуулугу деп сыпатталат.

Жогоруда ММБСте белгиленген кесиптик компетенциялардын мазмунун М.Н. Назаровдун эмгектеринин аталышынан эле байкоого болот. Агайыбыздын "биз келечек

муунга билимдер аркылуу маданиятты, илимди, искусствону, каада-салтыбызды, традицияларды еткеруп беребиз" деген накыл сездерунун заманбаптыгына дагы бир ирет ынанып турабыз. Келечекти баамдай билген, акыл-парасаты жогору инсан, устатыбыз профессор М.Н. Назаров кезу бар кезде эле ар тараптуу ишмердиги бааланып, турдуу децгээлдеги сыйлыктардын ээси болгон:

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

• "Каарман эмгеги учун"медалы (1970);

• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин Ардак Граматасы (1972);

• "Эмгектеги мыкты жетишкендиктери учун" теш белгиси (1972);

• "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" теш белгиси (1972);

• "СССРдин эл агартуусунун отличниги" теш белгиси (1984);

• "Эмгек ветераны" медалы (1984);

• "Кеп жылдык каарман эмгеги учун" медалы (1988);

• "Дацк" медалы (2001);

• КРдин билим беруу жана илим министрлигинин, Ош шаардык, областтык партиялык комитеттердин, ОшПИнин, ОшМУнун Ардак грамоталары (1965-1999).

Албетте агай булардан да жогорку сыйлыктарга татыктуу инсан эле. Профессор М. Назаровдун илимий-педагогикалык эмгектери дагы ар тараптуу изилдеелерге муктаж. Мындай жумуштар агайдын шакирттеринин ишмердигинин кун тартибинен тушпей турган маселе.

Адабияттар

Алтыбаева М. (2018). Кесиптик билим берууде окутуунун натыйжаларын долбоорлоо маселелери: Окуу-методикалык колдонмо, 224.

Алтыбаева М.А., Назаров М.Н. (2004). Орто мектепте математиканы окутуунун методикасы: Студенттер жана мугалимдер учун окуу усулдук колдонмо. 2-басылышы, 235.

Доклады научно-методического семинара профессора М.Н. Назарова (1996), 64.

Жогорку кеситик билим берYYHYн мамлекеттик билим берYY стандарты [Багыты: 550200 Физика-математикалык билим беруу (бакалавр)] (2021).

Назаров М.Н. (1967). Математиканы окутуучунун айрым маселелери: мугалимдер YЧYн колдонмо. Фрунзе: Мектеп.

Назаров М.Н. (1969). Окуучуларды геометрия боюнча тузуу маселелерин чыгаруунун методдору менен тааныштыруу жалпы билим беруучу мектепте математиканы окутуунун тажрыйбасынан. Фрунзе: Мектеп.

Назаров М.Н. (1981). Мектеп математикасынын илимий негиздери: Педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери YЧYн окуу куралы. Фрунзе: Мектеп, 120.

Назаров М.Н., Абдугулова Г.С. (2002). Орто билим беруучу мектептердин математика курсунун программасы. Улуттук конкурска сунуш кылынган долбоор.

Назаров М.Н., Алтыбаева М.А. (1991). Математика боюнча класстан тышкаркы иштер: мугалимдер жана студенттер учун методикалык колдонмо, 95.

Назаров М.Н., Алтыбаева М.А. (1998). Атайын мектептеринде математиканы окутуунун айрым маселелери: физика-математикалык атайын мектептердин мугалимдерине жардам.

Назаров М.Н., Алтыбаева М.А., Мадраимов С.М. (1994). Математика 5-6: математиканы терецдетип окутуу YЧYн кошумча материалдар.

Назаров М.Н., Аттокурова А.Дж. (1996). Мектеп математикасында CYрeттeмe (сюжеттик) маселелерди окутуу: Мугалимдер YЧYн колдонмо.

Назаров М.Н., Касымбаев Б.А. (1996). Мектепте чиЙYY сабактарын eткeрYY жолдору.

Назаров М.Н., Касымбаев Б.А. (1996а). Математиканы окутуунун учурдагы кээ бир усулдары ПрофессорМ.И. Назаровдун илиимий-методикалык семинарынын докладдары, 15-18.

Назаров М.Н., Мадраимов С.М. (1985). Математиканы мектеп реформасынын талаптарында окутуунун маселелери [М.Н. Назаровдун редакциясы астында].

Назаров М.Н., Мадраимов С.М. (1989). Математиканы орто мектептеринде окутуунун тажрыйбасынан: математика мугалимдерине методикалык жардам.

Назаров М.Н., Назаров М.М. (2002). Математика мугалиминин чебердигинин мацызы. ОшМУнун жарчысы. Псих-пед. илимдер сериясы, 5, 49-55.

Назаров М.Н., Назаров М.М. (2000). Педагогикалык жумуштун техникасы: Ош жергесинде математика математикалык билимдердин калыптанышы. Илимий усулдук конференциянын материалдары, 75-77.

Назаров М.Н., Турдубаева К.Т. (2001). Математиканы окутуунун усулу боюнча eткeрYЛYYЧY лабораториялык жана практикалык жумуштар: ЖОЖдун студенттери жана мугалимдери, орто мектептин математика мугалимдери YЧYн методикалык колдонмо.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.