ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PEDAGOGY. PSYCHOLOGY
e-ISSN: 1694-8742
№2(3). 2023, 23-28
УДК: 37.9
DOI: https://doi.org/10.52754/16948742 2(3) 3-2023
НАЗАРОВ М. Н. - ИЛИМПОЗДОРДУН YЙ-БYЛeСYНYН БАШЧЫСЫ
НАЗАРОВ М. Н. - ГЛАВА СЕМЬИ УЧЕНЫХ NAZAROV M. N. IS THE HEAD OF A FAMILY OF SCIENTISTS
Мадраимов Сапарбек Мадраимович
Мадраимов Сапарбек Мадраимович Madraimov Saparb ek Madraimovich
пед. илимд. канд., А. Мырсабеков ат. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору
канд. пед. наук, профессор Ошского государственного педагогического университета им. А. Мырсабекова Cand. of Ped. Sciences, Professor at Osh State Pedagogical University named after. A. Myrsabekova
saparbek. madraimov@bk. ru
М. Н. НАЗАРОВ - ИЛИМПОЗДОРДУН YЙ-БYЛeСYНYН БАШЧЫСЫ Аннотация
Инсан терелгенде Алла таала бардык жендемдуулуктерду кошо жаратат, алардын кайсы бирин енуктуруп-естуруп кетуу уй-буледен, айлана чейреден. Тарбиядан жана билим алуудан боло тургандыгы шексиз. Чындыгында наристеде уйнену дунгуреткен чебер колдуу суретчу, касиетуу чексиз аааламдагы кубултарды багынтуучу астролог, дегеле жети ааламдын сырларын багынтуучу, изилдеечу илимпоз болуу ар пенденин пешенесине ар кандай жазылат туура. Бугун биз сез кылуучу инсан, езунун туруш-турпаты менен башкалардан айырмалануучу, езгече кулк мунезге ээ. 1955-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институн алгачкы артыкчылык диплому менен бутуруучусу педагогика илимдеринин кондидаты, профессор Назаров Мадамин агай женунде болуп жатат. М. Назаровдун уй-булесу математиктерден тураары (уй-буледе 6 математик), алардын 5еесу илимдин кондидаттары экендиги белгиленген. Демек, профессор М.Н. Назаров -илимпоздордун уй-булесунуц башчысы, уул- кыздарына татыктуу тарбия берген инсан экендиги белгиленген.
Ключевые слова: профессор М.Н. Назаров, математикалык билим беруу, мугалим, уй-буле, эмгек ишмердуулугу.
Назаров М.Н. - глава семьи ученых Аннотация
В данной статье анализируются актуальные проблемы формирования личности в условиях Кыргызстана, в частности, на примере семьи М.Н. Назарова. Особое внимание уделяется роли воспитания и обучения в развитии и формировании личности будущих учёных и педагогов. Именно воспитание и обучение являются основополагающими факторами в раскрытии талантов и способностей учащихся и студентов. Поэтому семья М. Назарова верила в могучую силу педагогики и с малых лет прививала детям веру и любовь к науке. В результате кропотливого труда из семьи М. Назарова вышли 6 математиков, из них 5 кандидатов наук. В статье широко освещается трудовой путь кандидата педагогических наук, профессора Мадамина Назарова, окончившего с «отличием» Ошский государственный педагогический институт в 1955 году. Таким образом, профессор М.Н. Назаров является главой семьи учёных, человеком, давшим своим сыновьям и дочерям достойное воспитание. В работе широко анализируется трудовая деятельность М.Н. Назарова, как педагога и крупного ученого, который внес большой вклад в развитие педагогической науки. Данный анализ трудовой и научно-педагогической деятельности М.Н. Назарова даст новый импульс в осмыслении роли современных наук.
Ачкыч свздвр: профессор М.Н. Назаров, математическое образование, учитель, семья, трудовая деятельность.
Nazarov M.N. is the head of a family of scientists Abstract
This article analyzes current problems of personality formation in the conditions of Kyrgyzstan, in particular, using the example of the family of M.N. Nazarov. Particular attention is paid to the role of education and training in the development and formation of the personality of future scientists and teachers. It is education and training that are the fundamental factors in revealing the talents and abilities of students. Therefore, M. Nazarov's family believed in the powerful power of pedagogy and instilled in their children faith and love of science from an early age. As a result of painstaking work, 6 mathematicians emerged from M. Nazarov's family, including 5 candidates of science. The article widely covers the career path of the candidate of pedagogical sciences, professor Madamin Nazarov, who graduated from the Osh State Pedagogical Institute with honors in 1955. Thus, Professor M.N. Nazarov is the head of a family of scientists, a man who gave his sons and daughters a decent upbringing. The work widely analyzes the work of M.N. Nazarov as a teacher and major scientist who made a great contribution to the development of pedagogical science. This analysis of the labor and scientific-pedagogical activities of M.N. Nazarov will give a new impetus to understanding the role of modern sciences.
Keywords: professor M.N. Nazarov, mathematical education, teacher, family, labor activity.
ш
Мен 1965-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика- математика факультетинин математика адистигине кирип, 1969-жылы аяктадым.
М. Назаров 3-курстан баштап математиканы окутуунун усулунан атайын семинарларды eтYп жYPДY. М. Назаровдун жетекчилиги алдында курстук иштерди жазып педагогикалык практикада математика предметин окутууга кириштим.
1969-жылы аталган окуу жайды аяктап азыркы Аксы районуна караштуу Кош-Дебе орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп, математика боюнча райондук, областтык олимпиадаларга окуучуларды катыштыра баштадым. Ал мезгилде областтык математикалык олимпиадаларга педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мадамин Назаров жетекчилик кылар эле.
1973- жылы Жацы-Жол районунун борбору Караван кыштагында Жацы-Жол, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун математика мугалимдеринин билимин eркYндeтYY курсу уюштурулуп, лектор катары М.Назаров келип калды. Ал мезгилде мен райондун борборундагы Ж.Бекенбаев атындагы мектепте иштечYMYн. Буга чейин райондук "Жацы турмуш" газетасына математиканы окутуу боюнча эки усулдук макала жарыялап, "Эл агартуу" журналына да макалаларды жазып даярдап койгон элем.
Агайдын аталган курста лекция окуп бошой калган мезгилде жазган макалаларымды кeрсeтYп, кеп кеп-кецештерин алдым. Макала жазуунун жол жоболорун YЙрeндYм. Ошентип агай менен тыгыз байланышып, математиканы окутуунун теориясы жана методикасы илимий багыты боюнча иштeeгe кириштим.
1974-1975-окуу жылы аяктап чeп жыйноодо жYргeн мезгилде, аксылык жигит ОМПИнин математика адистигинин бYTYPYYЧYсу Шырдаковдон математиканы окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент М. Назаров кат жазып жиберитир. Бул катта: "Кафедрада окутуучулук бир орунга конкурс жарыяланган эле. Эгерде илимий иш жасаймын десец, ушул конкурска катышып кeрбeйсYцбY?"- деген билдирYY жазылган экен. 03Yмчe терец ойлонуп кeрYп, катышса катышып кeрeЙYн деп Ошко жeнeп кеттим.
ОМПИнин физика-математика факультетине келип, математиканы окутуунун методикасы кафедрасында М.Н. Назаровго жолуктум.
«Жогорку окуу жайында иштеймин деген оюц бекем болсо, анда илимий иштер менен алектенип, илимдин кандидаты болушун зарыл. Жашоо YЧYн квартира жок. Айлык акы аз» -деп (ал мезгилде окутуучу 125 сом, ага окутуучу 185 сом, илимдин кандидаттары - 320 сом айлык акы алышчу) агайым мени кыйла ойго чeмYлттY. Бир аз тыныгуудан кийин агайга: "Менин жогорку окуу жайына келип иштемекчи болушумдун негизги максаты илимий чeйрeгe аралашып, eзYмдYн YCTYмдeн тынымсыз иштеп, сиздин кеп-кецешицизди угуп, илим багытында сиз менен бирге жакшы бир иштерди жасоо"- дедим.
Менин айткан ойлорума ынанып, кафедрада окутуучу болуп иштee YЧYн конкурска катышууга уруксат сураган мазмунда арыз жаздырды. Кийин агай мени факультеттин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент маркум С.Абдыкалыковго, ОМПИнин кесиптик кошунунун тeрагасынын орун басары, философия илимдеринин кандидаты, доцент маркум Ш.Базарбаевге, ОМПИнин окуу иштери боюнча проректору, физика-математика
илимдеринин кандидаты, доцент Е.С. Дударевге алып кирип, ацгемелешууден еткерду. Ошентип, 29-август куну ОМПИнин Окумуштуулар Кецешинин жыйыны болуп, анда конкурстук шайлоодон етуп кафедранын окутуучусу болуп калдым. Эзуме берилген предметтер боюнча сабак етуп, бош боло калганда агайдын сабактарына катышып, сабак етуунун кептеген ыкмаларын уйренууге жетиштим.
Профессор М.Назаров кафедранын бардык мучелеруне бирдей талаптарды коюп, анын жыйынтыгын чыгарууга аракет жасачу.
1978-жылы Киев шаарындагы М. Горький атындагы пединститутка окутуучулардын билимин еркундетуу учун 4 айлык курска чакыруу келип, ага математиканы окутуунун методикасы кафедрасынан эч ким жок болуп калат. Ал мезгилде мен студенттер менен айыл чарба жумушунда элем. Пахта теримде ез меенетумду етуп келсем, агай курска барып келбейсицби деп калды. Бул сунушка макул болуп илимий иштер боюнча проректорго кайрылсам: "Курстун башталганына бир ай болуп калды. Эзуцер суйлешуп кергуле. Эгерде ал жактан макул болушса женетебуз"- деп айтты. Агай мени ээрчитип алып суйлешуу пунктунан Киевге телефон чалып, алардын курска келе беруу женундегу макулдугун алып мени курска женеткен (Мадраимов, 2022). Бул мамилени агайдын шакиртине жасаган зор камкордугу деп эсептеймин.
Устатым профессор М.Н. Назаров менен бирге иштеп бир нече окуу-усулдук колдонмолорду жараттык. Айрыкча жацычыл-новатор окутуучулардын иш- тажрыйбаларын жазып, мектеп мугалимдерине жеткирууну биринчи планга койчу эле. Жацычыл окутуучулардын иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында мени Ала-Бука районундагы "1 -Май" орто мектебине педпрактиканы жетектее менен ошол мектептин директору, эл агартуунун мыктысы, математика мугалими, маркум П. Жуманазаровдун иш-тажрыйбасы боюнча окуу-усулдук колдонмо жазууну сунуш кылган эле. Бул мезгилде П. Жуманазаров жацычыл-новатор мугалим В.Ф. Шаталовдун иш-тажрыйбаларын уйренуп, езуне да жолугуп, анын иштее усулдарын терец ездештуруп иштеп жаткан мезгили эле.
"1-Май" орто мектебинде бир ай бою практиканттардын жетекчиси болуу менен шаталовчу атыккан П. Жуманазаровдун сабактарына катышып, иштее ыкмаларын уйренуп келип, устатым М. Назаров менен бирдикте 1989-жылы "Математиканы орто мектептерде окутуунун тажрыйбасынан" деген окуу-усулдук колдонмону жазганбыз. Муну айтып жатканымдын себеби М. Назаров тигил же бул проблеманы терец изилдеп жазганды катуу талап кылар эле.
Агай езу ишке алган М. Алтыбаева, С. Мадраимов, С. Жапаров аттуу окутуучулар илимдин кандидаттары болушуп, узурлуу эмгектенип жатышат. Ал эми агайдын тикеден-тике жетекчилиги астында Б. Касымбаев, А. Аттокурова илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болушту.
Профессор М. Назаров математиканы окутуунун теориясы жана методикасы боюнча Кыргызстандагы чыгаан усулчулардын бири болуп эсептелет (Ош МУнун жарчысы, 2008).
Ошону менен бирге агай балдарына да жакшы тарбия берип, баардыгын жогорку билимдуу, илимий даражалуу кылып чыгарды. Yй-бYлесY, балдары женунде учкай сез кылып етууну туура кердум.
Теменкуде маалыматтар боюнча Назаровдун уй-булесу математиктерден тураары (бир уй-буледе 6 математик), ошондой эле алардын бешеесу илимдин кандидаттары экендигин белгилееге болот.
Бул маалыматтардын негизинде профессор М.Н. Назаров-илимпоздордун YЙ-бYлeсYHYн башчысы болгон. Уулдарына, кыздарына татыктуу тарбия берген инсан эле.
Назаров Мадамин Назарович Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1955-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ош пединститунун 1-бYTYPYYЧYлeрYHYн бири. Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор.
Кеп жылдар бою "Математиканы кафедрасында башчы болуп иштеген.
окутуунун методикасы
1. Аялы Наралиева Мариям агай менен бирге окуп,окуу жайды бирге бYTYPгeн. Ош шаарындагы Ленин орто мектебинде математика мугалими, кийинчирээк окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп кеп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
2. Уулу, Мухаммед Назаров Ош мамлекеттик университетинде физика-математика факультетин аяктаган. Ленинград шаарындагы Герцен атындагы педагогикалык университетинин аспирантурасын аяктап, педагогика илимдеринин кандидаты даражасын ийгиликгуу коргогон. ОшТУ да эмгектенген.
3. Кызы, Назарова Махабат Мадаминовна ОшМУ нун физика-математика факультетинин математика адистигин аяктаган. Кеп жылдар бою Ош шаарындагы М. Ломоносов атындагы орто мектептин математика мугалими болуп иштеген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.
4. Уулу, Назаров Эркин Мадаминович Москва шаарындагы физика-техникалык университетин аяктаган. Ошол эле жерде аспирантурада окуп, физика-математика илимдеринин кандидаттык даражасын жактаган. Азыркы мезгилде ошол эле университетте мугалим болуп иштейт.
5. Кызы, Назарова Диларам Мадаминовна Новосибирский шаарындагы НГУнун математика адистигин аяктаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты. Азыркы мезгилде, ошол эле университетте иштеп жатат.
6. Кызы, Назарова Лазакат Мадаминовна (Жумаева). Бишкек шаарындагы медициналык академияны аяктаган. Азыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеп жатат. Медицина илимдеринин Phd.
Агай азыр болгондо, 90 жашка чыгып, балдары, небере-чеберелери, шакирттери менен той еткеруп алардын сыйлуу коногу болмок. Тилекке каршы андай болбосо да, уул-кыздары, неберелери чогулушуп 90 жылдыкты белгилеп жатышканына да шугур кылалы.
Агайдын элеси, окуучуларына жасаган мамилеси, окуучуларынын, шакирттеринин эсинде дайыма сактала бермекчи.
Литература
Мадраимов С. (2022). OмYP сызыгы жана замандаштар CYйлeшeт, 45. М.Н. Назаровдун фотоархивинен пайдаланылды Ош МУнун жарчысы (2008).