Научная статья на тему 'ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ – ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ'

ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ – ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
8
5
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
агай / тарыхчы / аалым / педагог / тарбиячы / автор / үлгү / тарбия / master / historian / scientist / teacher / educator / author / role model / education

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Абытов Байболот Капарович

Макалада кырк жылдан ашуун Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эмгектенип, байсалдуу өмүр сүрүү менен илимий, окуу-усулдук, педагогикалык, тарбиялык иш аракеттерин натыйжалуу турмушка ашырган, быйылкы жылы 75 жылдык мааракеси өтүп жаткан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, чыгыш, чөлкөм таануучу Жумали Адилбаевич Адилбаевдин көп кырдуу бейнесин чагылдырууга аракет жасалган. Биз Жумали Адилбаевичтин ишмердүүлүгүн бир нече багытта чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы, бир катар окуу-усулдук эмгектердин, монографиялардын автору таризинде кароого аракет кылдык. Кадырлуу каарманыбыздын өлкөбүздүн мектептерин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын тарыхчыларынын адис катары калыптануусуна өзгөчө салым кошкону баяндалат. Каарманыбыз өзүнүн нускалуу сөздөрү, чабыты кенен, мааниси терең ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык деңгээли, паам-парасаты, үлгүлүү жүрүшү менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, өз замандаштарына, кесиптештерине өзгөчө таасир эткенин баса белгилөөгө аракет кылдык.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ZHUMALI ADILBAEV – FAMOUS TEACHER, SCIENTIST AND EDUCATOR

We have made an attempt to reveal a diverse portrait, life activity, candidate of historical sciences, associate professor, orientalist and regional specialist Zhumali Adilbaevich Adilbaev, whose 75th birthday is celebrated this year. He is known as an eminent historian, a wonderful teacher, a tireless researcher, and a richly experienced teacher of many young generations of historians, both in our country and in neighboring countries. We examined his life activity in three aspects as a teacher, researcher and educator, which is what we managed to do. As a mentor, a historian of a number of higher educational institutions, he is respected by many generations of historians, secondary school teachers in all corners of our country, teachers of secondary specialized and higher educational institutions. Indeed, he made a huge contribution to the training of professional historians of the republic. Zhumali Adilbaevich, with his high culture, intellectual level, knowledge of national traditions and customs, exemplary manners, and his unique qualities of educating both the younger generation and the colleagues around him, stands out from his other contemporaries. In this way.

Текст научной работы на тему «ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ – ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№2(3)/2023, 1-6

УДК: 929.51

DOI: 10.52754/1694867X 2023 2(3) 1

ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ - ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ

ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ - ИМЕНИТЫЙ ПЕДАГОГ, УЧЁНЫЙ И ВОСПИТАТЕЛЬ ZHUMALIADILBAEV - FAMOUS TEACHER, SCIENTIST AND EDUCATOR

Абытов Байболот Капарович

Абытов Байболот Капарович АЬуtov Baibolot Kaparovish

т.и.д., профессор, Ош мамлекеттик университети

д.и.н., профессор, Ошский государственный университет Doctor of Historical Sciences, Professor, Osh State University babytov@oshsu.kg ORCID: 0000-0003-0267-5127

ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ - ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ Аннотация

Макалада кырк жылдан ашуун Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эмгектенип, байсалдуу 6MYP CYPYY менен илимий, окуу-усулдук, педагогикалык, тарбиялык иш аракеттерин натыйжалуу турмушка ашырган, быйылкы жылы 75 жылдык мааракеси eTYn жаткан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, чыгыш, челкем таануучу Жумали Адилбаевич Адилбаевдин кеп кырдуу бейнесин чагылдырууга аракет жасалган. Биз Жумали Адилбаевичтин ишмердYYЛYГYн бир нече багытта - чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы, бир катар окуу-усулдук эмгектердин, монографиялардын автору таризинде кароого аракет кылдык. Кадырлуу каарманыбыздын eлкeбYЗДYн мектептерин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын тарыхчыларынын адис катары калыптануусуна езгече салым кошкону баяндалат. Каарманыбыз eзYHYн нускалуу сeздeрY, чабыты кенен, мааниси терец ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык децгээли, паам-парасаты, YЛГYЛYY жYPYшY менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, ез замандаштарына, кесиптештерине езгече таасир эткенин баса белгилееге аракет кылдык.

Ачкыч свздвр: агай, тарыхчы, аалым, педагог, тарбиячы, автор, YЛГY, тарбия.

ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ - ИМЕНИТЫЙ ПЕДАГОГ, УЧЁНЫЙ И ВОСПИТАТЕЛЬ

Аннотация

Нами предпринята попытка раскрыть разнообразный портрет, жизнедеятельность, кандидата исторических наук, доцента, востоковеда и регионоведа Жумали Адилбаевича Адилбаева, 75 летия которого отмечается в нынешнем году. Он известен как именитый историк, замечательный педагог, неустанный исследователь, богатый опытами воспитатель многих молодых поколений историков, как нашей страны, так и ближнего зарубежья. Мы рассмотрели его джизнедеятельность в трёх аспектах -как педагога, исследоватьеля и воспитателя, что и удалось сделать нам. Его как наставника, историка ряда высшего учебного заведения, уважают многое поколение историков учителей средних школ на всех уголках нашей страны, преподователи среднеспециальных и высших учебных заведений. Дейсвительно он внёс огромный вклад в подготовке профессиональных кадров историков республики. Жумали Адилбаевич своей высокой культурой, интеллектуальным уровнем, знанием национальных традиций и обычаев, образцовыми манерами, присущими только ему качествами воспитания как молодого поколения, так и окружающих его коллег выделяется от других его современников. Таким образо.

Ключевые слова: агай, историк, учёный, автолр, педагог, образец, воспитатель.

ZHUMALIADILBAEV- FAMOUS TEACHER, SCIENTIST AND EDUCATOR

Abstract

We have made an attempt to reveal a diverse portrait, life activity, candidate of historical sciences, associate professor, orientalist and regional specialist Zhumali Adilbaevich Adilbaev, whose 75th birthday is celebrated this year. He is known as an eminent historian, a wonderful teacher, a tireless researcher, and a richly experienced teacher of many young generations of historians, both in our country and in neighboring countries. We examined his life activity in three aspects -as a teacher, researcher and educator, which is what we managed to do. As a mentor, a historian of a number of higher educational institutions, he is respected by many generations of historians, secondary school teachers in all corners of our country, teachers of secondary specialized and higher educational institutions. Indeed, he made a huge contribution to the training of professional historians of the republic. Zhumali Adilbaevich, with his high culture, intellectual level, knowledge of national traditions and customs, exemplary manners, and his unique qualities of educating both the younger generation and the colleagues around him, stands out from his other contemporaries. In this way.

Keywords: master, historian, scientist, teacher, educator, author, role model, education.

Введение

Быйыл биз 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Жумали Агай бYт eмYPYн, билимин, илимий-педагогикалык табылгаларын жана жандуу тажрыйбаларын, дараметин, ^ч-кубатын, максаттуу аракеттерин, тээ жаштайынан баштап жогорку билим берYY жаатына жумшап, ез салымын кошуп, ошол тармактын ат кетер^с тYЙшYГYн кeтeрYп, тарыхчыларга аттын кашкасындай таанымал болуп, болочок мугалимдерди, тарыхчыларды, Чыгыш жана аймак таануучуларды, юристтерди тарбиялоого арнап келген. Агай тынымсыз эмгеги менен турмуштун татаал жолун чаалыкпай баскан, чыгаан педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы таризинде таанымал. «Калк айтса калп айтпайт» - дейт элибизде, Жумали агай кептеген муундардын устаты экени талашсыз.

Дацазалуу жазуучу Ч.Айтматовдун "Коомдун зор кYЧY мугалимге жYктeлeт" - деп айтканы, анын терец мааниси, кеп жактуу мацызы бар. Ошол зор ^чке ээ болгон айтылуу агайлардын бири дал ушул Жумали агай.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылдан баштап eзY окуган Тарых факультетинин "Азия, Африка eлкeлeрYHYн тарыхы" кафедрасында эмгек жолун баштап, бир кафедрада 22 жыл талыкпай эмгектенген. Педагогикалык эмгек жолу 1970-92-жж. КМУ-КУУда, 1992-2000-жж. ОшМУда, 2000-2006-жж. ОГПИ-ОГПУда, 2007-2023-жж. кайрадан ОшМУда декандык, кафедранын профессору сыяктуу кызматтарды аркалап келYYДe.

Мен Жумали агайдын ишмердYYЛYГYн Yч жактан карагым келет:

Чыныгы педагог Жумали Адилбаевич турган турпаты, баардык аракети менен чыныгы педагог. БYт eмYPYн, Кецеш доорунда, азыр деле, университеттердеги оор, талыкпаган эмгекти, бийик интелектуалдык децгээлди, чоц маданиятты, тынымсыз изде-нYY-нY талап кылган, тарыхый eнYГYYCY катаал жана татаал, табышмактуу, кеп тараптуу, Чыгыш eлкeлeрYHYн тарыхын окутууга арнаган.

Элестетициздер, элет жеринде орто мектептен улуттук тилде билим алып, орус тилин толук eздeштYрe элек кезинде, республикабыздын жалгыз университетинин студенти болуп, окууну бYтeeрY менен Чыгыш eлкeлeрYHYн тарыхын изилдeeчY, аларды окутуучу кафедрада

иштеп калышы, боз жигит болгон Жумали агайга зор педагоги-калык, илимий жоопекерчиликти жуктегену анык.

Ачыгын айтканда идеологиялык диктат кучтуу болгон СССР кезиндеги, ошол жааттын корифейлери, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор: Н.А.Смирнов, Р.А.Ахрамович, Л.С.Васильев, М.С.Мейер, В.Ф.Васильев, А.А. Маслов ж.б. мектебинин улгусунде, ез табылгаларын кошуп, байытып, жергиликтуу жаштарга жеткиликтуу кылып окутууга жетишкен, сейрек педагог адистердин бири Жумали агай болгону анык. Мен алардын ичинен М.С.Мейер, В.Ф.Васильев менен эл аралык конференцияларда таанышып, баарлашып калдым. Алар Кецеш доорунда Азия, Африка елкелерун абдан терец ездештурген, СССР чыныгы Чыгыш таануучулары, чучугуна чейин интеллигент, маданияты жана интеллектуалдык децгээли ете жогору болгон окумуштуу, педагогдор экенине ынанган жайым бар.

Кецеш доорунда, коммунисттик идеологиянын диктаты кучтуу болуп турган учурда СССРдин жогорку окуу жайларында чет елкелердун, айрыкча СССРге каршылаш елкелердун тарыхын, ошол кездеги шарт-тарга ылайык окутуу абдан кыйын болгону талашсыз, аны бул жерде катышып олтурган КУУнун улуу муундагы агай-эжекелери тастыктап беришет. Ошондой женекей эмес шарттарда Жумали Адилбаевич Чыгыш елкелерунун тарыхын талыкпай изилдеп, изденип, уйренуп, тиешелуу окуу пландарын, жумушчу программаларды иштеп чыгып, кесиптештеринин купулуна толгон, студенттерге жеткиликтуу, тушунуктуу болгон, окуу-усулдук иштелмелерди даярдап, окуу жарая-нына киргизгени чоц иш болгону талашсыз.

Ошол кездеги Чыгыш елкелерунун тарыхын окутууну жакшыртуу багытында бир топ алгылыктуу окуу, усулдук иштерди жургузуп, окутуунун сапатын жогорулату таризинде кеп изденип, бир катар педагогикалык, усулдук жацы-лыктарды, окутуунун методологиясын, ыкмаларын толуктап, эскир-ген кез караштарды, ыкмаларды жацыртып, студенттерге жогорку децгээлде билим беруу учун кеп эмгектенген. Тарых жаатында мицдеген студенттерди окутуп, телчиктирип, жуздеген шакирттерди даярдаган.

Ушул багытта алып караганда Жумали агай Бишкекте да, Ошто да, езунун Чыгыш таануу мектебин тузуп, ез ишмердуулугун бугунку кунде да улантып келе жатканы, анын чыныгы педагог экендигин тастыктап турат.

Педагогикалык жаатта устаттык енердун туу чокусун багындырган, билим беруу дегенде ичкен ашын жерге койгон, ернектуу педагог, аты кыргыз тарыхчыларынын арасында аттын кашкасындай таанымал, билим беруу жаатында чоц улгу, дайыма суйлеген сезуне, кылган иши теп келген, бут емурун жаштарды тарбиялоого, аларды жаркын келечекке, тарыхчы мугалимдик кесипке даярдоого арнаган, езунун терец билими, чыгармачылык жигери менен келечек муунга дем берген, мекенибиздин сыймыктуу уулу, кеменгер окутуучу, агартуу тармагына, тарых илимине, билимине ез салымын кошкон окумуш-туу-педагог агайыбыз Ж.Адилбаев болгонун анын баскан жолу, азыркы ара-кеттери тастыктап турат.

Таасын аалым, илимпоз катары Ж.Адилбаевдин калыптануусуна зор таасир эткендер, аны окуткан, кийинчерээк чогуу иштешкен, кыргыз тарыхынын чыгаандары, корифейлери, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор: А.Хасанов, А.Чукубаев, Б.Зима,

С.Аттокуров, В.Петровец, Х.Мусин, Ж.Бактыгулов, З.Эралиев, М.Федоров, тарых илимдердин кандидаттары, доценттер: А.Рыскулов, К.Мамбеталиева, М.Жамгырчинов, Б.Урстанбеков, М.Оморов, В.Шелике, Т.Мурзабеков Г.Мохова, С.Искенова ж.б. олуттуу таасир эткени талашсыз.

"Жакшы ат кийин чабылат" дегендей, Жумали агайдын илимге баш оту менен ктиришкен мезгили, ез курдаштарына салыштырганда, бир аз кечирээк башталды. Педагог катары абдан такшалып, дасыккан тажрыйба алгандан кийин, 1994-жылы "1975-85-жж. Кыргызстанда улуттук жумушчу адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу" -аттуу тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактап, 1996-ж. доцент илимий наамын алган. Агайдын илимий темасы мага жакындан тааныш тема, анткеним мен ошол эле 1994-жылы "1965-70-жж. Кыргыз-станда жумушчу, инженердик-техникалык адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу" - аттуу темада кандидаттык диссертациямды жактап, мен да улуттук жумушчу жана инженердик-техникалык адистерди даярдоо меслесин козгогонмун.

Ачы-гын айтканда 90-жылдары деле улуттук жумушчу, инженердик-техни-калык адистерди даярдоо маселесине этият, тартынуу менен аяр мамиле жасалчу. Мурдагы убактарда улуттук адистерди даярдоо маслеси жабык, YCTYртен, терец талданбаган маселе болгону талашсыз.

Кеп жылдык илимий-педагогикалык, окуу-усулдук ишмердYYЛYктYн натыйжасы катары бир катар эмгектерди даярдап, басмадан чыгарып, кесиптеште-ринин, жаш адистердин назарына тартуулады.

ЭмYPY ернек болгон чыныгы педагог катары ар TYPДYY багытта, темада жазыл-ган илимий эмгектери, монографиялары аркылуу, болочок адистерди, дYЙнелYк тарыхтын алкагында Чыгыш маселелери боюнча кенен, терец жана оригиналдуу ой жYГYртYYге, Чыгыштын кайталангыс салттык, нравалык, маданияттык, кайталангыс руханий байлыктарын YЙренYYге, гуманизмдин Чыгыш YЛГYCYH, баалуулуктарын барктоого YЙретYп келет.

Агайдын олуттуу эмгектеринин катарында: "Некапиталистический путь развития Востока", "Методическая пособия по новой истории Азии и Африки", "Индиянын соцку тарыхы", "Чыгыш елкелерYHYн тарыхнаамэси-нин негизги маселелери", "Тарыхый окуялардын, аталыштардын жана тYШYHYктердYн энциклопедиялык сездYГY", "Кытайдын соцку тарыхы", "Япониянын соцку тарыхы" (1918-2010-жж.), "ДYЙне тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар согуштар жана революциялар мыйзам ченемдYYЛYктер жана келечек" (Дуйшонбаева А.Б. менен биргеликте) ж.б. атоого болот.

2010-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ТYштYк белYMYHYн Тарыхый-Мурас белYMYHYн башчысы катары бир топ илимий иштерди, долбоорлорду аткарганы алкоого татырлык керYHYш экендиги талашсыз.

Талыкпас тарбиячы таризинде Жумали Адилбаевич дайыма езYHYн нускалуу, таасирдYY сездерY, чабыты кенен, мааниси терец ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык децгээли, паам-парасаты, YЛГYЛYY жYPYШY менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, ез замандаштарына, кесиптештерине таасир эткенин кеп эле керYп жYребYЗ. Бир акылдуу инсан "Адамдын бактысы - жакшы мугалимден жакшы насаат угуп, жакшы тарбия алгандыгында"

деп айткандай, бул киши да eзYHYн жеткиликтYY, таасирдYY насааттары, олуттуу, орундуу сeздeрY менен кеп муундарды тарбиялай алды десек болот.

Кеп убакта адамдын ац сезимине туура, таамай айтылган сез менен таасир этYY, тарбия берYY жeндeмY дал ушул Жумали акада бар. Анын нускалуу бир топ сeздeрYн мен тээ 90-жылдардан бери кеп эле угуп келе жатам. Мисалы, Жумали агай кеп айткан накыл сездер, макал-лакаптар: "Жакшылыкка жакшылык ар адамдын иши, Жамандыкка жакшылык эр адамдын иши. Жамандыкка жамандык кем адамдын иши, Жакшылыкка жамандык кер адамдын иши"; «Жамандын жакшысы болгондон кере, жакшынын жаманы бол"; «Жакшы CYЙлeгeн дурус, жакшылап уккан андан да дурус» - деген таризде улуу-кичYYHY укканда ыраазы кылат.

Чыгыш элдеринин тарбиялык, адептик-руханий баалуулуктарын колдонуу менен жаш муундарга таалим-тарбия берYY Жумали Адилбаевичтин тарбиялык кредосу катары караса болот. Муну менен Жумали ака жаш муундарга жакшылык менен жамандыкты, адамзаттагы баалуулуктарды ажырата билгенди, акыркы мезгилдердеги коомчулукту деградация жолуна салып жаткан жат кeрYHYштeр - спирт ичимдиктерин ичYYДeн, бацгиликтен, сойкулуктан, кумар оюндарынан, CYткорлуктан, кылмышкерликтен, ар нерсеге кез карандылыктан алыс болууга чакырып, YндeгeнY алкоого татырлык кeрYHYш.

Чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы катары Жумали Адилбаев КУУда, ОшМУда бир катар чыгаан мамлекеттик, саясий ишмерлерди, тарыхчы илимпоздорду тарбиялап чыкканы да биз YЧYн чоц сыймык. Башканы коёлу аттуу-баштуу тарых илимдеринин докторлору, профессорлор С.С.Касмамбетовду, А.Асанкановду, Т.А.Абдрахмановду, А.М.Кылычевди, А.Акуновду, Б.Жумабаевди, Т.Чоротегинди, К.Таабалдиевди, Н.Алымкуловду, Т.Шейшекановду, М.Кожобековду, К.Молдокасымовду ж.б. атаса болот.

Менин баамымда бул адам eзY eкYнбeгeндeй байма-бай жана YлгYЛYY eмYP CYPYп келе жатат. Бир айылдын, eрeeндYн эле эмес бYткYЛ кыргыз журтчулугуна таанымал болгон, Жумали агайыбыз табиятынан тубаса окутуучу, чыныгы аалым, таасын окумуштуу, талыкпас тарбиячы, шыгы, жeндeмY жетишкен мыкты усулчу, мыкты жетекчи, бир катар жацы кез караштардын жана саамалыктардын демилгечиси жа-на ишке ашыруучусу катары маалым. Жумали аканин мындай асыл касиеттерин мен да жаштайыман кeрYп, жакындан билип, кептеген жакшы пикирлерди кесиптештеринен, замандаштарынан, абройлуу аксакалдардан угуп, дараметиме жараша ке^рек сезимим менен туюп келем. Элибиз сыйлап, урматтаган кадырлуу аксакал менен бYГYнкY кYндe да ар тYPДYY багытта баарлашуу мага зор ырахат, чоц дем берет. Анын акыл-насаатын, ой пикирин, элибиздин, жерибиз-дин еткен тарыхы, маданияты, каада-салты, Yрп-адаты, азыркы учурдун кeйгeйлYY маселелери, таалим-тарбиясы, учурдагы жаштардын адеп-ахлагы, абийири жeнYндeгY асылзат сeздeрY, ме-ни эле эмес кептеген адамдарды терец ынандырып eзYнe тартат.

Бекеринен касиетYY, накыл сeздYY, кыргыз эли байыртадан «алсызды кYчтYY кылган билим, адамды улуу кылган эмгек, билим тYгeнбeс казына, кенч, эмгек анын ачкычы» - деген нускалуу сeздeрYн айтпаса керек. Агайыбыз Жумали Адилбай уулу ушул нусканын eтeсYнe чыгып, билим, илим кенчин терецдетип казып, анын жемиштерин жаштарга тартуулап eмYP CYPYп келYYДe. Ошол эмгегинен баар таап, калайык калкка аттын кашкасындай белгилYY болду. Ар ким "ез эмгегинин YЗYPYн керет" - деген ошол эмеспи.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.