Научная статья на тему 'ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА ЧҮЙДӨГҮ СОЛТО УРУУСУНУН БОЛУШТУКТАРГА БӨЛҮНҮШҮ (1868-1891-ЖЖ.)'

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА ЧҮЙДӨГҮ СОЛТО УРУУСУНУН БОЛУШТУКТАРГА БӨЛҮНҮШҮ (1868-1891-ЖЖ.) Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Жетисуу облусу / Чүй өрөөнү / болуштук / болуш / санжыра / Токмок уезди / административдик саясат / XIX кылым / солто уруусу / Semirechensk region / Chui Valley / Volost / Volost governors / Genealogy / Tokmok district / Administrative policy / 19th century / Solto tribe

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Молдожунусов Кыргыйбек

Бул макалада чүйлүк кыргыздардын Орусия империясынын тушундагы саясий тарыхы, тагыраак айтканда, өрөөндөгү административдик өзгөрүүлөр, 1868-1892-жылдар аралыгында түзүлгөн болуштуктар жана айрым болуштардын санжырасы изилденди. Жетисуу (Семиречье) облусунун Токмок уездинин аймагында жаткан Чүй өрөөнүндө түзүлгөн болуштуктарды изилдөөдө ошол жылдары чыккан басылмалар тарыхый булак катары пайдаланылды. Ошондой эле, болуштардын кимиси кайсы уруудан болгондугун жана кайсы урук-топторду өзүнчө болуштукка бөлүп алгандыгын аныктап, тактоодо санжыралык-генеалогиялык маалыматтар менен тарыхый булактар салыштырылды. Чүй өрөөнүнүн батыш жана ортоңку бөлүгүн ээлеп турган солто уруусу 1868-жылдагы реформадан кийин төрт болуштукка, 70-жылдары 7 болуштукка ажыратылгандыгы аныкталды. Ар бир болуштуктагы 3 жылдык мөөнөткө шайланган болуштардын санжырасын кароонун натыйжасында алардын ар бири ак сөөк тукумдан болгондугу, демек, мурунку уруулук түзүлүш өзгөрүлбөй, сактала бергендиги маалым болду.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

VOLOSTS CREATED BY THE RUSSIAN EMPIRE ON THE TERRITORY OF THE SOLTO TRIBE IN THE CHUI VALLEY (1868-1891)

The article examines the political history of the Kyrgyz in Chui Valley of the Semirechensk region during the period of the Russian Empire. The administrative changes in the Chui Valley and the volosts that arose in 1868-1891 in the Tokmok district, as well as the genealogy of some volost administrators, are explored. To study the volosts of the Tokmok district, periodicals of that time were used as a historical source. Also, in order to determine which clan the volost governors belonged to and which clans they singled out in order to form new volosts, genealogical information was compared with historical information. The author determines that the Solto tribe, who lived in the western and central parts of the Chui Valley, after the reform of 1867-1868 divided into 4 volosts. As a result of examining the genealogies of volost governors, who were elected every 3 years, it was revealed that they all belonged to the manap class, that is, an aristocratic family. This confirms that even after the administrative reform, the clan-tribal structure of the Kyrgyz was preserved and descendants of the same former leaders were elected as volost governors.

Текст научной работы на тему «ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА ЧҮЙДӨГҮ СОЛТО УРУУСУНУН БОЛУШТУКТАРГА БӨЛҮНҮШҮ (1868-1891-ЖЖ.)»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№3/2024, 71-84

ИСТОРИЯ

УДК: 929.53:353

DOI: 10.52754/16948610 2024 3 7

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА 4Y^örY СОЛТО УРУУСУНУН БОЛУШТУКТАРГА Б0ЛYНYШY (1868-1891-ЖЖ.)

ВОЛОСТИ, СОЗДАННЫЕ РОССИЙСКОЙ ИМПЕРИЕЙ НА ТЕРРИТОРИИ ПЛЕМЕНИ

СОЛТО В ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЕ (1868-1891)

VOLOSTS CREATED BY THE RUSSIAN EMPIRE ON THE TERRITORY OF THE SOLTO

TRIBE IN THE CHUI VALLEY (1868-1891)

Молдожунусов Кыргыйбек

Молдожунусов Кыргыйбек Moldojunusov Kyrgyibek

илимий кызматкер, КРдин УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология

институту

научный сотрудник, ИИАЭ им. Б.ДЖамгерчинова НАН КР Researcher, the Institute of History, Archeology and Ethnology of the National Academy of Sciences of the Kyrgyz

Republic mkyrgyibek@gmail.com ORCID: 0009-0008-3625-9029

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА ЧYЙДeГY СОЛТО УРУУСУНУН БОЛУШТУКТАРГА БeЛYНYШY (1868-1891-ЖЖ.)

Аннотация

Бул макалада чYЙлYк кыргыздардын Орусия империясынын тушундагы саясий тарыхы, тагыраак айтканда, врввндвгY административдик взгврYYлвр, 1868-1892-жылдар аралыгында тYЗYлгвн болуштуктар жана айрым болуштардын санжырасы изилденди. Жетисуу (Семиречье) облусунун Токмок уездинин аймагында жаткан ЧYЙ врввнYндв тYЗYлгвн болуштуктарды изилдввдв ошол жылдары чыккан басылмалар тарыхый булак катары пайдаланылды. Ошондой эле, болуштардын кимиси кайсы уруудан болгондугун жана кайсы урук-топторду вЗYнчв болуштукка бвлYп алгандыгын аныктап, тактоодо санжыралык-генеалогиялык маалыматтар менен тарыхый булактар салыштырылды. ЧYЙ врввнYHYн батыш жана ортоцку бвлYГYн ээлеп турган солто уруусу 1868-жылдагы реформадан кийин тврт болуштукка, 70-жылдары 7 болуштукка ажыратылгандыгы аныкталды. Ар бир болуштуктагы 3 жылдык мввнвткв шайланган болуштардын санжырасын кароонун натыйжасында алардын ар бири ак сввк тукумдан болгондугу, демек, мурунку уруулук тYЗYЛYш взгврYлбвй, сактала бергендиги маалым болду.

Ачкыч свздвр: Жетисуу облусу, ЧYЙ врввнY, болуштук, болуш, санжыра, Токмок уезди, административдик саясат, XIX кылым, солто уруусу.

ВОЛОСТИ, СОЗДАННЫЕ РОССИЙСКОЙ ИМПЕРИЕЙ НА ТЕРРИТОРИИ ПЛЕМЕНИ СОЛТО В ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЕ (1868-1891)

Аннотация

В статье рассматривается политическая история чуйских кыргызов Семиреченской области в период Российской империи. Исследуются

административные изменения в Чуйской долине и волости, возникшие в 1868-1891 годах в Токмакском уезде, а также генеалогия некоторых волостных управителей. Для исследования волостей Чуйской долины Токмакского уезда использовались периодические издания того времени как исторический источник. Также, чтобы определить, к какому роду принадлежали волостные управители и какие роды они выделяли для того, чтобы образовать новые волости, сравнивались генеалогические сведения с историческими. Автор определяет, что племя солто, жившее на западной и центральной части Чуйской долины, после административной реформы 1867-1868 гг. разделили на 4 волости, а в 70-х годах - на 7 волостей. В результате рассмотрения генеалогий волостных управителей, которые избирались каждые 3 года, было выявлено, что все они принадлежали к классу манапов, то есть аристократическому роду. Это подтверждает то, что и после административной реформы родо-племенная структура кыргызов сохранилась и поэтому избирались как волостные управители потомки тех же прежних вождей.

Ключевые слова: Семиреченская область, Чуйская долина, волости, волостные управители, генеалогия, Токмакский уезд, административная политика, XIX век, племя солто.

VOLOSTS CREATED BY THE RUSSIAN EMPIRE ON THE TERRITORY OF THE SOLTO TRIBE IN THE CHUI VALLEY (1868-1891)

Abstract

The article examines the political history of the Kyrgyz in Chui Valley of the Semirechensk region during the period of the Russian Empire. The administrative changes in the Chui Valley and the volosts that arose in 1868-1891 in the Tokmok district, as well as the genealogy of some volost administrators, are explored. To study the volosts of the Tokmok district, periodicals of that time were used as a historical source. Also, in order to determine which clan the volost governors belonged to and which clans they singled out in order to form new volosts, genealogical information was compared with historical information. The author determines that the Solto tribe, who lived in the western and central parts of the Chui Valley, after the reform of 18671868 divided into 4 volosts. As a result of examining the genealogies of volost governors, who were elected every 3 years, it was revealed that they all belonged to the manap class, that is, an aristocratic family. This confirms that even after the administrative reform, the clan-tribal structure of the Kyrgyz was preserved and descendants of the same former leaders were elected as volost governors.

Keywords: Semirechensk region, Chui Valley, Volost, Volost governors, Genealogy, Tokmok district, Administrative policy, 19th century, Solto tribe.

Кириш сез

Орусия империясынын тушундагы болуштуктардын ар биринин тузулуу себебин, енугуу тарыхын, жайгашкан жерин, аймактык чегинин езгеруусун, айрым болуштуктардын жоюлушун жана башка административдик езгеруулерду изилдее маселеси кыргыз тарых илиминдеги негизги кейгейлерден болуп саналат. Анын устуне, ошол болуштуктарды башкарган болуштардын жана айыл бийлеринин аты-жену, емур баяны, санжырасынын да изилденип такталуусу кыргыз коомчулугун абдан кызыктырган маанилуу темаларга кирет. Болуштуктардын изилденуусу айрым жер-суу аталыштарынын тарыхый маанисин ачууда, айрым чегара маселелерин тактоодо жана айрым тарыхый инсандардын бейнесин ачууда да езгече роль ойномокчу. Ошондуктан, Туркстан генерал-губернаторлугуна кирген Жетисуу облусунун 1867-1891-жылдар аралыгындагы административдик тарыхы, анын ичинен Токмок дубанынын аймагында жайгашкан Чуй ереенундегу болуштуктар боюнча изилдеелердун тарыхый-илимий дагы, коомдук-саясий дагы мааниси зор десек болот. Чуй ереенунде XIX кылымдын 70-80-жылдарында тузулген болуштуктарды изилдее иши ез максатына жетуусу учун тиешелуу тарыхый булактарды таап, талдоо жана системалуу баяндоо милдети алдыга коюлмакчы.

Материалдар, методдор жана адабияттар боюнча обзор

Чуй ереенунде тузулген болуштуктар бул изилдввнYн предмети болгондуктан, изилдееде тарыхый булак катары ошол доордо чыккан басылмалар жана доорду кубелендурген архивдик документтер езгече ролду ойнойт. Бул изилдееде XIX кылымдын 70-жылдарында жазылган статистикалык комитеттин берген маалыматтары, Верный шаарынан чыгып турган «Публикации по Семиреченской области» гезитинин 1871-1883-жылдардагы сандары, «Семиреченские областные ведомости» гезитинин 1884-1892-жылдары чыккан сандары булак катары негизги материалдардын ордун толуктамакчы. Ошондой эле, болуш (болуштук башкарма) кызматында турган тарыхый инсандардын генеалогиясын тактоодо XX кылымдын башында жана андан кийин жазылган кыргыз санжырачыларынын эмгектерине кайрылабыз.

Кыргыз уруулары Орусия империясына каратылгандан кийин деле уруулук тузулуш езгербестен, мурунку уруубашчылардын урпактары гана кайрадан болуш болуп шайлана беришкен деп болжолдоодобуз. Ал учун болуштук башкармалардын ысымдарын кыргыз урууларынын санжыраларынан издеп, генеалогиясын салыштырып керуу зарыл. Ошондуктан, тарыхый маалыматтарды талдоодо салыштырма-тарыхый методу кецири колдонулду. Орусия империясынын 1867-1868-жылдардагы административдик реформасынан кийинки езгеруулер, Жетисуу облусунун административдик тарыхы боюнча изилдеелер казакстандык тарыхчылар тарабынан алгылыктуу изилденип келе жатат. Ал эми Кыргызстанда буга чейин болуштуктар жана болуштар боюнча учкай изилдеелер Д.Сапаралиев, Б.Борубашев, Н.Кубанычбек уулу, А.Тагайбекова жана башкалардын макалаларында гана камтылган (Сапаралиев, 2004; Борубашев, 2008; Кубанычбек уулу, 2023; Тагайбекова, 2013). Бирок, кайсы бир уезддеги же анын ичиндеги кайсы бир аймакта тузулген болуштуктардын езгеруу тарыхын теревдетип изилдее иши баштала элек.

Изилдввнун жыйынтыктары

Орто Азиядагы кыргыздар XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Орусия империясынын карамагында болгондугу маалым. Кыргызстандын тYндYГYндeгY уруулар XIX кылымдын 60-жылдарында каратылып, 1865-жылы бул аймак Оренбург генерал-губернаторлугунун жацы уюшулган ТYркстан облусуна киргизилген жана аны аскер губернатору М.Г.Черняев башкара баштаган (Джамгерчинов, 1966: 261-262). Ошол жылдын февралындагы съездде кыргыздар менен казактардагы чоц уруулардын ага-манаптары дайындалган. Ошондо орустар тарабынан дайындалган В.Мединский менен кецешип турууга милдеттYY болуп, ЧYЙ eрeeнYHYн батыш жана ортоцку бeлYГYн ээлеп турган солто уруусунун башына Байтик Канай уулу, ЧYЙ eрeeнYHYн чыгыш бeлYГYндeгY Кемин аймагында жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругун башкарууга Жантай Карабек уулу калтырылып, ал эми Ысык-^л аймагын ээлеген бугу уруусуна Зарыпбек Сасыке уулу ага-манап болуп дайындалган (Сапаралиев, 2004, 9-15-б). Демек, Орусия империясынын кыргыз жерлериндеги алгачкы административдик саясаты жумшак болуп, чоц уруулардын бийлерин гана «ага-манап» деп таанып, аларды ордунда калтырышкан жана уруулук тYЗYЛYштY eзгeртYшкeн эмес.

Бирок, андай кeрYHYш ^пад узаган жок, себеби 1867-жылы жацы административдик реформа жYргYЗYЛYп, ТYркстан облусу кецейтилген жана ТYркстан генерал-губернаторлугу болуп eзгeрYЛгeн. Ошондо Ысык-Кeл, ЧYЙ, Нарын кыргыздары тYндYГYндeгY казактар менен бирге генерал-губернаторлуктун курамындагы Жетисуу облусуна карап калышкан. ТYркстан генерал-губернаторлугун «жарым падыша» деп тааныла турган К.П. фон Кауфман башкара баштаса, Жетисуу облусунун аскер губернатору болуп Г.А.Колпаковский дайындалгандыгы маалым (Сапаралиев, 2004, 9-15-б). Жетисуу облусу ичинен Ысык-Кел, Токмок, Верный, Копаль жана Сергиополь деген 5 уездге бeлYнсe, анын экeeсY кыргыздарга таандык болгон (Кубатова, 2022, 30-б.). Тактап айтканда, Ысык-Квл уезди азыркы Ысык-Кeл облусуна туура келсе, ал эми ЧYЙ менен Нарын аймагы бир Токмок уездине бириккен. Токмок уездине Г.С.Загряжский, Ысык-Кeл уездине Томский начальник болуп, генерал-губернатор тарабынан дайындалышкан жана ошол уезд начальниктери административдик, полициялык бийликке ээ болушкан. Уезд начальнигинин улуу жана кичи эки жардамчысы болсо, кичи жардамчы кызматына гана кыргыздар дайындалууга укуктуу болушкан. Бул кызмат жоюлганга чейин кыргыз саясатчыларынан Токмок уездинде Сооронбай Кудаяр уулу, Байтик Канай уулу, ал эми Ысык-Кeл уездинде Токсоба Олжобай уулу, Чыныбай Тилекмат уулу (1871-77) уезд начальнигинин кичи жардамчылыгын, башкача айтканда, кыргыздар YЧYн эц жогорку кызмат ордун аркалашкан (Сапаралиев, 2004, 9-15-б).

1869-жылдагы статистикалык каттоого негизделген маалыматка караганда, Жетисуу облусунун Токмок уездинде ошол кезде кыргыздардын Багыш, Талкан, Солто, Бвлвкбай, Тынай, Темирболот, Сарыбагыш, Эсенгул, Борукчу, Курманкожо, Кулжыгач, Саяк, Нарын, Кетмен-Твбв деген 14 болуштугу жана казактардын Дуулат, Чуй, Секим, Жалангуз, Ыргайты деген 5 болуштугу кирип турган (Ежегодник... 1872: 167-175). Булакта кeрсeтYЛгeндeй, азыркы ЧYЙ облусунун аймагында кыргыздардын Багыш, Талкан, Солто, Бвлвкбай, Сарыбагыш жана Тынай болуштугу жайгашып турган. Демек, жацы административдик реформага ылайык, 1868-жылы ЧYЙ eрeeнYндeгY кыргыздар 6 болуштукка бeлYнгeн. Алардын ичинен солто уруусунун ордунда тYЗYЛгeн Багыш болуштугунда 1637 тYTYн, Талкан болуштугунда 1806, Солто болуштугунда 2031, ал эми Бeлeкпай болуштугунда 1153 TYTYH

тургандыгы катталган (Ежегодник... 1872: 168-169). Болуштуктарды башкарууга шайланган адамдардын генеалогиясын санжырадан карап, кайсы болуштукта кайсы клан устемдук кылганын байкоого болот. Болуштук система мурунку уруулук тузулушту туп тамырынан езгерте алган эмес, башкача айтканда мурунку бийлер эми шайлоо аркылуу ордунда кала бере турган болгон. Биздин байкообузга караганда, Чуй ереенунде алгачкы тузулген алты болуштуктун тертее: Багыш, Талкан, Солто жана Белекбай болуштугу солтолордон, ал эми экее: Сарыбагыш жана Тынай болуштугу сарыбагыштардын тынай уругунан турган.

Солто уруусунун болуштуктарга бвлYHYШY

Жалпы солтолордун мурунку бийи, кийинки ага-манабы болгон Байтык Канай уулу реформадан кийин 70-жылдары уезд начальнигинин кичи жардаамчысы болуп иштеген, бирок болуш болууга, мындайча айтканда ез ордун темендетууге умутулган эмес (Публикации... 1875: 13). Санжырада Байтиктин атасы Канай баатыр, анын атасы Тулеберди элчи, анын атасы Жамансарт бий, анын атасы Кошой бий, анын атасы Талкан бий, анын атасы Чаа бий деп айтылат (Бала Айылчы... 1994: 194). Солто уруусунда XVII кылымдан бери Чаа бийдин тукуму жетектеечу аксеек урук болуп келгендиги белгилуу. Чаанын эки уулунун урпактары урууну эки белуп башкаргандыктан, негизинен солтолор ез ичинен талкандар жана белекбайлар деп белунушкен, бирок ездерун бир чоц уруубуз деп эсептешкен. 1866-жылга карата солто уруусунун талкан уругу 5010 тутунден, белекбай уругу 2500 тутунден турган1. Бирок, колониалдык саясат талкан уругунун да, белекбай уругунун да ичинен атаандашкан топторду таап, бир урууну тертке белууге жетишкен сыяктанат. Ошондуктан, жацы тузулген болуштуктар да уруунун ички тузулушуне жана атаандашкан бийлердин кызыкчылыгына жараша уюштурулган десек болот. Архивдик материалдарга караганда, 1866-жылы солто уруусунда учбагыш уругу талкан уругунан езунче да каралган жана алар 900 тутунден турган. Талкан уругунун калган белугу «чомбагыш» деп да аталып, ез ичинен 5 ке белунген: канай, эшкожо, чыны, орто-кошой жана азамат тобу2. Кунтуу уругу «Азаматтын тобу» катары эске алынса керек. Алгачкы болуштуктар уюштурулганда Yчбагыштар Багыш болуштугуна белунуп, аларга чыны-карбоз урукчасынын бир белугу кошулган. Талкан уругунун чыны-карбоз тобунун башка белугу, ^нтуу жана эшкожо урукчалары Талкан болуштугуна кирген (Ежегодник... 1872: 167-169). 1866-жылы белекбай уругу 4 топко белунгендугу маалым: тата, чылпак, суумурун жана байсейит3. Кийин Солто болуштугунун курамын солто уруусунун талкан жана белекбай уруктарынын бириккен урукчалары: канай, бYтвш жана чылпак топтору тузген. Ал эми Белекбай болушутугунда белекбай уругунун байсейит урукчасы жана суумурун урукчасы жашаган (Ежегодник... 1872: 167-169).

Экинчи 3 жылдык меенетте (1871-1874-жылдары) да солто уруусунун 4 болуштугу болгондугун, бирок Солто болуштугунун ордуна Аламудун болуштугу пайда болгонун керебуз. Бул Солто болуштугунун аталышынын «Аламедин» деп езгерулгендугун тушундурбейт. Себеби, Солто болуштугундагы талкан уругунан канайлар менен бирге болгон белекбайлардын бутештер тобу 1871 -жылы езунче Аламудун болуштугуна белунуп кетишкен. Ал эми Байтык Канаев таандык болгон канайлар тобу 1871-жылы Талкан

1 Архивние и литературные выписки В.М.Плоских по истории Киргизии XVШ-XIX вв.

2 Архивние и литературные выписки В.М.Плоских по истории Киргизии XVШ-XIX вв.

3 Архивние и литературные выписки В.М.Плоских по истории Киргизии XVШ-XIX вв.

бoлyштyгyнa eтYшкeнбY же eздepYHYн кийинки Aлapчa бoлyштyгy oшoл жылы эле тYЗYлгвнбY белгиcиз. БелгилYY бoлгoнy, coлтo ypyycyнyн тaлкaн уругу 1871-жылы Бaгыш жaнa Taлкaн бoлyштyгyнa, aл эми бвлвкбaй уругу AлaмYДYн жaнa Бвлвкбaй бoлyштyгyнa бвлYHYп жaшaгaн.

Tвмвндв ap бир бoлyштyктaгы 3 жылдык мввнвткв шaйлaнгaн бoлyштapдын caнжыpacын кapaп квpвлY:

1. Aлгaчкы тYЗYлгeндe Бaгыш бoлyштyгyн Yчбaгыш жaнa чыны-кapбoз тoптopy тYЗYп тypгaн. 1871-жылы Бaгыш бoлyштyгyн бaшкapyyгa Aйылчы Taштaмбекoв, aл эми aгa кaндидaт бoлyп, bKpa^m Бaймендин шaйлaнгaн (Пyбликaции... 1871: 68). Caнжыpaдa Тaшmaмбек уулу Айылчы бoлyш тaлкaн уругунун ичинде Мoмoкoн бaaтыpдын ypпaктapынын apacындa кезигет. Caнжыpa бoюнчa, XVIII кылымдын биринчи жapымындa шлто ypyycyн бaшкapгaн Кoшoй бийдин Жaмaнcapт, Мoмoкoн, Бaймыpзa, Мaмбет, Кypткa, Tециз, Зapыл, Кoчкopбaй деген yyлдapы бoлгoн (Бaлa Aйылчынын... 1994: 71). Oшoндoн бери Жaмaнcapттын ypпaктapы coлтo ypyycyн бaшкapып келген. Биpoк, мoмoкoн yyлдapы тaлкaн уругунун ичинде жaмaнcapт yyлдapы менен aтaaндaшкaн тoп бoлгoндyгyн, oшoндyктaн, pефopмaдaн кийин aлap вздвpYнчв Бaгыш бoлyштyгyнa бвлYHYшквндYГYн квpYп тypaбыз. Oшoл мезгилде ЧYЙдв Aйылчы aTTyy эки aтaктyy aдaм бoлгoндyктaн, Taштaмбек уулу A^Lmbfflbi эл «^orç Aйылчы» деп aтaшкaн (Cыдыкoв 199G: 83). Кийинки мввнвттв дa, 1874-жылы бoлyш кaтapы дaгы бир жoлy AMbLmbi Taштaнбекoв бoлyш кaтapы шaйлaнып, aл эми кaндидaт бoлyп Caтыбaлды Typaтoв дaйындaлгaн (Пyбликaции... 1874: 68). Биpoк, бул yбaктa Бaгыш бoлyштyгy экиге aжыpaп, aндaн Кapaбaлтa бoлyштyгy бeлYHYп чыккaн. Бул жердеги мaaлымaттapдын чaтaшyycyн жoюy мaкcaтындa 1892-жылгa чейинки Tap^ixTa Бaгыш бoлyштyгyнaн эквв бoлгoндyгyн белгилей ^tyy керек. Taктaп aйткaндa, 1-Бaгыш бoлyштyгy мoмoкoн yyлдapынын apaкети менен тaлкaн ypyгyнaн бвлYHYп, 1868-1874-жылдapы eзYнчe тypгaн бoлyштyк бoлco, 1874-жылы aндaн Кapaбaлтa бoлyштyгy бвлYHYп чыккaндaн кийинки галган бoлyштyктy «^-Barara бoлyштyгy» деп aтacaк бoлoт. Aйылчы бoлyш бoлyштyгyнa 1877-жылы дaгы бoлyш бoлyп тaндaлгaн (Пyбликaции... 1877: 23). 1880-жылы гaнa aнын opдyнa Кypмaнaлы Aжин деген aдaм шaйлaнып келип, кийин Чoц Aйылчы caяcaттaн четтеген (Пyбликaции... 188G: 73-74).

2. Taлкaн бoлyштyгyн биринчи мввнвттв чыны-кapбoздopдyн бир бeлYГY, кYнтyy жaнa эшкoжo ypyкчaлapы тYЗYп тypгaндыгы мaaлым. Toкмoк уездинин нaчaльниги бoлyп иштеп кеткен Г.Зaгpяжcкий вз мaкaлacындa Taлкaн бoлyштyгyндa Дыйкaнбaй Жaнгapaчев, Aзaмaт Иcмaилoв жaнa Бaзapкyл деген aдaмдapдын тaacиpи кYчтYY экендигин aйткaн (Зaгpяжcкий 1871: 7). Чындaп эле, экинчи мввнвткв (1871-1874-жылдapгa) бoлгoн шaйлooнyн жыйынтыгындa эшкoжo тyкyмyнaн Дыйкaнбaй Жaнгapaчев, aл эми aгa кaндидaт бoлyп Typдy Кoктyбеpди дaйындaлгaн (Пyбликaции... 1871: 68). Caнжыpa бoюнчa, XVIII кылымдa жaшaгaн Жaмaнcapт уулу TYлвбеpди бийдин 8 уулу бoлгoн: Эшкoжo, ^тай, Чыны, Кapбoз, Taтыбек, Aлaбaй, Жaндeбeт жaнa Мaвдвбвт (Cыдыкoв 199G: 83). XIX кылымдын opтoлopyндa жaлпы ^лто ypyycyн бaшкapышкaн Эшкoжoнyн уулу Жaнгapaч бий менен Кaнaйдын уулу Бaйтик экввнYн yyлдapынын opтocyндa aтaaндaштык бap бoлгoн. Oшoндyктaн, биринчи бoлyштyктap тYЗYлгeндe, aлap экиге бвлYHYп, Жaнгapaчевдеp Taлкaн бoлyштyгyнa, aл эми Кaнaевдеp ^лто бoлyштyгyнa YCтвмдYк кылышкaн. Taлкaн бoлyштyгy мypдa 9 aйылдaн Typca, aлapдын caны 1874-жылы тврткв кыcкapгaн. Демек, жaцы пaйдa бoлгoн Aлaбyгa, Aлapчa жaнa Toгyз-Topo бoлyштyктapы Taлкaн бoлyштyгyнaн бвлYHYп чыккaн cыяктaнaт. ИзилдввбYЗДв мaaлым

болгондой, 1874-жылы байтик уулдары Аларча болуштугун, чыны-карбоздор Алабуга болуштугун, ал эми кунтуу уругу Тогуз-Торо болуштугун туптеп кетишкен.

1891-жылга чейинки «Талкан» деген аталышты алып журген уч болуштук женунде теменкулердуу билип коюубуз керек: 1) Талкан уругу экиге ажыраганда тузулген 1868-1871-жылдардагы 1-Талкан болуштугу; 2) 1874-жылы Талкан болуштугу учке ажыраганда Дыйканбай Жангарачевдин башкаруусунда калган 2-Талкан болуштугу; 3) 2-Талкан болуштугу жоюлуп, Байсал Байтыковдун башкаруусундагы Аларча болуштугунун «Талкан» деп езгертулуусунен кийинки 3-Талкан болуштугу.

Эшкожо уулдарына калган 2-Талкан болуштугуна Жангарач уулу Дыйканбай кийинки 1874-жылы да болуш катары тандалып, ал эми кандидат болуп Кекум Шооруков шайланган (Публикации... 1874: 68). 1877-жылы болуштук кызматка Илипбек Чолпонбаев деген адам шайланганын керебуз (Публикации... 1877: 23). Сыягы, ал Дыйканбайдын бир тууганы болгон Чолпонбайдын уулу болгон. Ал эми 1880-жылы Дыйканбай болуш кайрадан езу шайланып келген (Публикации... 1880: 73). Бирок, 1883-жылдан кийин Дыйканбай болуш Сокулук болуштугунун бир айылын гана башкарып калгандыгын керебуз (Семиреченские... 1888: 303). Демек, бул убакта 2-Талкан болуштугу жоюлуп, эшкожо уулдары менен чыны-карбоз тобу биригип, алар Сокулук болуштугун тузуп кетишкен.

3. Мурунку Солто болуштугунан белунуп чыккан Аламудун болуштугун башкарууга 1871-жылдын 8-февралында Рыспек Осмонбеков убактылуу дайындалгандыгы женунде маалымат бар (Публикации... 1871: 20). Санжырачы Э.Терекан уулу солто уруусунун белекбай уругунан Рысбек деген болуш чыккандыгын эскерет (Терекан уулу 1996: 62). Санжырада белекбайлар ез ичинен Байсейиттин жана Бутештун урпактары болуп белунушкендугу айтылат. Ошондуктан, бутеш тукуму Аламудун болуштугуна белунсе, ал эми байсейиттер Белекбай болуштугунда калышкан. Осмонаалы Сыдыковдун XX кылымдын башында жазган санжырасы боюнча, Бутештун уулу Жакып, андан Коёш, андан Осмонбек, анын уулу Ырысбек болгон (Сыдыков 1990: 82). Кийинки 1874-жылы, башкача айтканда, учунчу меенеттегу шайлоодо болуш катары Рустамбек Мыктыбеков, кандидат болуп Ормонбек Кубатов дайындалган (Публикации... 1874: 68-69). Санжыра боюнча, YрYCтембектин атасы Мыктыбек, анын атасы Кубат, анын атасы Байтеке, анын атасы Асан, ал эми Асан менен Коёш бир тууган болуп, алар БYтештYн Жакыбынан тарашкан. YрYCтембек болуштун кандидаты болгон Ормонбек менен болуштун атасы Мыктыбек бир тууган болгон (Сыдыков 1990: 82). Белекбайларда Кубаттын уулдары менен неберелери YCтемдYк кылат экенин 1871-жылы эле Г.Загряжский эскерткен (Загряжский 1871: 7). Бирок, бYтеш тобунда кубат уулдары гана жалгыз YCтемдYк кылган эмес, алар менен осмонбек уулдары тец тайлашканы керYнет. 1877-жылы Осмонбек уулу Ырысбек болуш кайрадан шайланып, ал 1880-жылы да утуп кеткен (Публикации... 1877: 23; Публикации... 1880: 73). Ал эми Мыктыбек уулу YрYствмбек болуш 1886-жылы жана 1889-жылы катарынан кайрадан болуш болуп шайланган (Семиреченские... 1885: 78; Семиреченские... 1888: 208).

4. Белекбай болуштугунун башкармалыгына кандидат болуп шайланган Тынай Кадыров 1871-жылы 1-майда ошол кызматы менен катар эле болуш болуп да дайындалгандыгы маалым (Публикации... 1871: 68). Кийинки меенет YЧYн 1874-жылы болуш катары Сулайман Корчин, кандидат болуп Кебеген Лепесов шайланган (Публикации... 1874: 69). Санжыра боюнча, Сулайман болуштун атасы Корчу, анын атасы Адычу, анын атасы

Кутумбет, анын атасы Байсейит, анын атасы Бeлeкбай (Каракчы) болгон (Тeрeкан уулу 1996: 48-49). Корчу уулу Сулайман болуш андан кийин да 1774-жылы, 1877-жылы катарынан болуш болуп шайлангандыгы маалым (Публикации... 1874: 69; Публикации... 1877: 23). 1880-жылы Этeгeн Толубаев деген адам 3 жылга болуш болгондон кийин кайра эле Сулайман болуш шайлана баштаган (Публикации... 1882: 177). Болуштук шайлоодо 1886, 1889, 1892-жылы да Сулайман Корчиндин eтYп кете бергендиги анын eз уругунда абдан таасирдYY манап болгондугунан кабар берет (Семиреченские... 1885: 78-79; Семиреченские... 1888: 245; Семиреченские... 1891: 97).

1868-жылдагы реформадан кийин Токмок дубанынын ЧYЙ eрeeнYндeгY солто уруусу тeрт болуштукка ажыраса, алты жылдан кийин алардан башка болуштуктар бeлYHYп чыга баштаган. YчYнчY мeeнeткe туура келген 1874-1877-жылдары ЧYЙ eрeeнYндe батыштан чыгышка карай солтолордун Карабалта, Багыш, Алабуга, Талкан, Аларча, АламYДYн, Бeлeкбай деген 7 болуштук жайгашып турган. Бул жерде Карбалта, Алабуга жана Аларча болуштуктары жацы пайда болгондугу кeрYHYп турат.

5. Карабалта болуштугу Багыш болуштугунан бeлYHYп чыккандыгын аныктаган мисалдар бар. 1871 -жылы Багыш болуштугунун 10 айылы бар болсо, 1874-жылы алар бешке кыскарып, бeлYнгeн бешee Карабалта болуштугунун 5 айылын тYЗYп калган. Багыш болуштугунун 1871-жылдагы №1 айылынын бийи Назармамат БYргин кийин 1874-жылы Карабалта болуштугунун №1 айылынын бийи болгон. Багыш болуштугунун №2 айылынын бийи Сейким Тойматовдун уулу Мамадияр Сейкимов кийин Карабалта болуштугунун №2 айылына бий болгон. Ушундай эле мисалды эки болуштуктагы Качыкин деген фамилиянын окшоштугунан да кeрYYгe болот. Ошентип, Багыш болуштугунан 1874-жылы бeлYHYп чыккан Карабалта болуштугун башкарууга Малабай Рустамов, ал эми кандидат болуп Жандарал Кучкачев шайланган (Публикации... 1874: 68). Башкалардан айырмаланып, бул болуштукта бир адамдын катаал YCтeмдYГY болгон эмес, шайлоого кезектешип тандалышкан сыяктуу. Мисалы, 1877-жылы Карабалта болуштугун башкарууга Сейким Тойматов шайланат (Публикации... 1877: 23). 1880-жылы Кучкач Качин болуш болсо, андан кийин 1883-жылы Дербиш Багышев болуш болуп тандалган (Публикации... 1880: 73; Публикации... 1882: 159). Алардан кийин Сабыркожо Бийбосунов (1886-89-жж.), Сейитказы Саламатовдор (1890-92-жж.) болуш болушкан (Семиреченские... 1885: 102; Семиреченские... 1888: 308).

6. Талкан болуштугунан бeлYHYп чыккан Аларча болуштугунда Байтиктин уулдары бийлик жYргYЗYшкeн. 1874-жылы жана 1877-жылы да болуш катары Байсал Байтыков, кандидат болуп Абдрахман Байтыков дайындалганы маалым (Публикации... 1874: 68; Публикации... 1877: 23). Байсал болуш 1880-жылы да кайрадан шайланып келген (Публикации... 1880: 73). Бирок, 1886-жылга келгенде Аларча болуштугу жоюлуп, анын тургундары кайрадан Талкан болуштугунун курамында эскериле баштаганын кeрeбYЗ. Сыягы, Аларча болуштугу eз аталышын Талкан болуштугу деп eзгeртYп, ал эми мурунку Талкан болуштугу жоюлган десек болот. Анткени, мурунку Аларча болуштугун башкарган Байсал Байтыков 1886-1889-жылкы мeeнeткe карата шайлоодо Талкан болуштугуна болуш болуп, ал эми Абдрахман Байтыков кандидат болуп тандалган (Семиреченские... 1885: 78). Демек, байтик уулдары «Талкан» деген ураанды талашып, Аларча болуштугун 1886-жылы Талкан болуштугу кылып eзгeртYYгe жетишишкен. Ал эми Дыйканбай болуш eз ээлигин Алабуга болуштугуна кошуп, аны Сокулук болуштугу деп eзгeртYшкeн.

Сурет №1. «Публикации по Семиреченской области и Кульджинскому району» гезитинин 1874-жылдагы №18 санынын кыргыз болуштуктары жвнYндв жазылган бети.

7. 1874-жылы Талкан болуштугу чачыраганда, Байтиктин атасы Канайдын бир

туугандары болгон Карбоз, Чыны жана башкалардын уулдары да eзYнчe бeлYHYп, Алабуга болуштугун уюштурууга YлгYPYшкeн. 1874-жылы Алабуга болуштугунда болуш катары Бай Карбозов, кандидат болуп Чолпонкул Тыналин шайланган (Публикации... 1874: 68). Бай Карбозов буга чейин 1871-1874-жылдары Талкан болуштугунун №4 айылынын бийи болсо, Чыны уулу Тойчубек №2 айылга бий болгон (Публикации... 1871: 68). Санжырачы Молдо Осмонаалынын айтканы боюнча, ТYлeберди уулу Чынынын Тынаалы, Дооран жана Тойчубек деген 3 уулу болсо, Тынаалынын уулу Чолпонкул ажы мектеп ачкан абдан билимдуу инсан болгон (Сыдыков 1990: 84-85). Тынаалы уулу Чолпонкул 1877-жылы, 1880-жылы, 1883-жылы катарынан болуш болуп шайлангандыгы белгилуу (Публикации... 1877: 23; Публикации... 1880: 73; Публикации... 1883: 159). Алабуга болуштугу 1885-жылдан кийин Сокулук болуштугу болуп eзгeрYп, 1886-1888-жылдарга карата аны башкарууга Чолпонкул Тыналин шайлангандыгы маалым (Семиреченские... 1885: 94). 1889-жылдан баштап Сокулук болуштугунда Жацгарач уулу Дыйканбай болуш бийликти колго ала баштаган (Семиреченские... 1889: 263; Семиреченские... 1891: 232).

Солто

Куитуу

Култуу

Чаа бий

Таякан бий Бапвкбай Тага Жоочалыш

Кошой бий Конурбай ж.б.

Жамансарт Оий Момокон Ьаатыр ж.Ь. Жайыл Ьаатыр ж.б.

Тулнберди Ьий ж.б. Алы бек ж. б.

Эшкожо Капай бий Чыны Карбос ж.б. I аштамбек ж.б.

Жангарач оии ж.о. ь литы к* маи;ш ж.о. л ынаалы ж.й ьаи ж.й. аимлчм ж.б.

ДмйканЬай ж.Ь. Ьайсал ж.О. Чолпонкул ж.б.

Схема №1. Солто уруусунун талкан уругунан чыккан болуштардын санжырасы.

Демек, кыргыздар Орусия империясына каратылгандан кийин Жетисуу облусуна кирген ЧYЙЛYK кыргыздар алгач 6 болуштукка бeлYHYп, кийин 9 болуштукка кeбeЙYп, кайра 8 ге кыскарган. ЧYЙ eрeeнYндeгY солтолордун 6 болуштукка, тынай уругунун 2 болуштукка бeлYHYШY 1891-жылга чейин сакталып тургандыгын 1893-жылга таандык картадан да болот. Ошол кезде ЧYЙ eрeeнYндe батыштан чыгышка карай Кара-Балта, Багыш, Сокулук, Талкан, Аламедин, Бвлвкбай, Тынай жана Сарыбагыш болуштуктары жайгашып турган (Волости... 1895). Солто уруусунун батыш четиндеги бир бeлYГY кийин Сырдарыя облусунун Олуяата YЙeзYHYн курамына кирип калгандыгы маалым. Мисалы, XX кылымдын башында Олуяатага караган солто уруусунун eкYЛдeрY Жайыл болуштугунда 1029 TYTYHДY, Талкан болуштугунда 1150 TYTYHДY тYЗYп турушкан (Материалы... 1911: 116-123, 284-291).

ЧYЙ eрeeнYндe кыргыздар менен жанаша эле башка улуттагы келгиндер да eздeрYнчe кыштактарды негиздешип, кийин алар бара-бара болуштуктарга уюшуп жашашкан. Кыргызстандын тYндYГYндe ЧYЙ жана Ысык-Кeл аймактарында Беловодское, Лебединское, Уйтал, Преображенское, Теплоключнеское сыяктуу келгиндердин кыштактары 1868-жылдан баштап эле пайда боло баштаган (Очерки... 1952: 170-174). Ошол доордо жашаган кыргыз акыны Молдо Кылыч eзYHYн «ЧYЙ баяны» деген ырында келгин орус, какол, дунган жана башкалар тарабынан Токмок шаарынын тYптeлгeндYГYн эскерген (Мурас... 1990: 80-83). 1907-жылга карата Пишпек уезди боюнча келгиндердин Лебединский, Беловодский, Вознесенский жана Токмок деген 4 болуштугу болгондугу маалым (Обзор... 1908: 23-26).

Тaблицa №1. Сoлmo ypyycyнaн mYЗYлгвн бoлyшmyкmapдын 1868-1891-жылдар аралыгындагы взгвpYY mapwxbi

XIX к. 1868-1870 1871-1873 1874-1879 1880-1885 1886-1891 Бяшкяруучу

ортосу (1-шяйлоо) (2-шяйлоо) (3-4-шяйл.) (5-6-шяйл.) (7-8-шяйл.) урук же клян

Yчбaгыш ЬБвгыш бoлymтyгy Kapaбaлтa бoлymтyгy Yчбaгыш

УРУгУ 2-Бвгыш бoлymтyгy

Талкан уругу Aлaбyгa бoлymтyгy Coкyлyк бoлymтyгy Чыны-карбоз

i-Taлкaн ôonymTyr-y

2-TaflRaH Эшкожо уулдары

^гуз-Topo КYнmyy

Corno бoлymтyгy Aлa-Apчa 3-Taлкaн Канай уулдары

Бвлвкбай УРУгУ Aflai^y^H бoлymтyгy БYmвш

Бeлeкбaй бoлymтyгy Бaйcейum

Тaлкуу

Opycra империя^^и тyшyндaгы aдминиcтpaтивдик caяcaтты изилдввдв бoлyштyктapдын взгвpYлмвлYY бoлгoндyгyн, бaшындa aз caндa бoлгoн бoлyштyктap бapгaн caйын мaйдaлaнып бвлYHYп, caнынын квбвЙYп oтypгaндыгын бaйкooгo бoлoт. Дегеле, бoлyштyк cиcтемa Opycra импеpияcы тapaбынaн бaшынaн эле жеpгиликтYY мaнaптapдын бийлигин aлcыpaтyy жaнa ypyyлapды мaйдaлaп бвлYп-жapyy мaкcaтындa oйлoнyштypyлyп, ишке aшыpылгaндыгы мaaлым. Бyгa кыpгыздapдын caлык твлввдвн кaчып, кaлктын caнын жaшыpyycy жaнa мaнaптapдын бoлyштyк бийлик YЧYн aтaaндaшyycy дa mapT тYЗгвн (Caпapaлиев 2GG4: 9-15). 198б-жылдaгы «^ркеган ^a^iH бaшкapyy жвнYндвгY токтомго» ылaйык, генеpaл-гyбеpнaтopгo oблycтyк бaшкapмaлыкты бaшкapгaн acкеp гyбеpнaтopy бaш ийип, aндaн твмвнкY тепкичте YЙeз нaчaльниги туруп, aгa бoлyштap бaш ийишкен (Джaмгеpчинoв 1959: 249). Aл кездеги уезддер aзыpкы биздин oблycтapгa Tyypa келгендигин эcке aлcaк, кыpгыздap aзыpкы гyбеpнaтop дapaжacынa дa квтвpYлв aлышкaн эмеc. Биpoк, aндaн твмвнкY кызмaт opyндapы 6yt кыpгыздapдaн тaндaлгaн. Уезддер aймaктык-геoгpaфиялык принциптерге ылaйык 1GGG-2GGG тYTYндвн тypгaн бoлyшmyкmapгa (вoлocть) бвлYнгвн, aл эми бoлyштyктap 1GG-2GG TYTYHДYY айылдардан тypгaн. A^rn бaшчылapы бoлyшкa, aл эми бoлyштap уезд нaчaльнигине бaш ийген. Бoлyштap, aлapдын кaндидaттapы жaнa aйыл бийлери (элдик cot) 3 жылга шaйлoo жoлy менен тaндaлып, кыpгыздapдын eздepYнeн дaйындaлышкaн. Бул кызмaттapгa пaдышaлыктын кoлoниaлдык caяcaтынa кapшы бoлбoгoн 25 жaштaн жoгopкy эркек aдaмдap дaйындaлyyгa укуктуу бoлyшкaн. Kapaпaйым кaлк шaйлooгo дoбyш жеткире тypгaн oh бaшы, элYY бaшы деген вкYлдвpY apкылyy гата кaтышышкaн. Биpoк, иш жYЗYндв эл уруу-урууга, ypyк-ypyккa бвлYHYп, кимдин тууган-тyyшкaны aтaaндaшыныкынaн квбYpввк жaнa кYчтYpeeк бoлco, oшoл кызмaт aлгaн (Caпapaлиев 2GG4: 9-15).

1886-жылдан 1891-жылга чейин Жетисуу облусунун аскер губернатору шайлоо eткeрбeстeн, болуштарды жана айыл бийлерин eз тандоосу менен дайындоого укуктуу болгон (Сапаралиев 2004: 9-15). Бул мезгилде кээ бир болуштар мeeнeтYнeн мурда кызматтан бошотулуп, алмаштырылгандыгын байкоого болот. Мисалы, 1887-жылы Бeлeкбай болуштугунда Корчу уулу Сулаймандын ордуна 0тeгeн уулу Кондубай, Багыш болуштугунда Кален уулу Кураманын ордуна Андаш уулу Молдокан, Талкан болуштугунда Байтык уулу Байсалдын ордуна бир тууганы Абдрахман, Тынай болуштугунда Кудаяр уулу Сооромбайдын ордуна анын уулу ДYP Сооромбаев дайындалган. КeрYHYп тургандай, кыргыз уруулары майда болуштуктарга бeлYнгeндeн кийин, ар бир болуштуктагы бийликти укумдан тукумга мурастай турган кландар пайда болгон. 1891 -жылы Токмок уезди Пишпек уезди болуп eзгeрYп, анын борбору Токмоктон Пишпек шаарына кeчкeндYГY маалым (Кубатова 2022: 3031). Андан кийин да болуштуктардын майдаланып, кeбeЙYYCY жана болуштуктарда ак сeeк манаптардын бийлигинин сакталуусу улана берген. Мисалы, 1915-1916-жылдары ЧYЙ eрeeнYндeгY эле кыргыздарга таандык болуштуктардын саны жыйырманын тегерегинде болгон (Сельско-хозяйственный... 1916: 10-11).

Ага карабастан, расмий мамлекеттик кызматта орду болбосо да, кыргыздардын ичинде болуштан да таасирлуу манаптар болгон. Кыргыздарда манаптардын таасири кYчтYY болгондугу жeнYндe Г.Загряжсикй минтип белгилейт: «анча-мынча учурду гана эске албаганда, онбашыдан болушка чейинки бардык кызматтарга адамдар шайланбай эле, дайындалышат, бирок орус администрациясы тарабынан эмес, уруу башчылары тарабынан». Ал мисал катары Кетмен-Тeбeдe Рыскулбек Нарботин, Борукчу болуштугунда Шамен Куттуксейитов, Темирболот болуштугунда Тeрeгелди баатырдын небереси Бектен дегендер болуштардан да таасирлуу болушкандыгын, болуштук кызматка алардын жигиттери отуруп жаткандыгын айткан (Загряжский 1871: 7). Мындай абал XX кылымдын башына чейин сакталып келгендигин билебиз. Мисалы, манап Шабдан Жантаев болуштук бийликке тиешеси болбосо да, расмий эмес уруу башчы катары кадырлуу болуп келгендиктен, анын уулу МeкYш 1916-жылдагы кeтeрYЛYштe чYЙлYк кыргыздар тарабынан хан шайланган (Солтоноев 1993).

Корутунду

XIX кылымдын 60-жылдары Орусия империясына каратылган ЧYЙ eрeeнYндeгY солто уруусунун башындагы Байтык Канаев жана тынай уругун башкарган Жантай Карабеков eз ордуларында калтырылып, аларга ага-манап деген титул берилген. Бирок, 1867-1868-жылдардагы административдик реформадан кийин Жетисуу облусуна болуштук система киргизилип, Токмок уездиндеги солто уруусу 4 болуштукка, ал эми тынай уругу 2 болуштукка бeлYнгeн. Болуштуктарды башкаруучулар YЧYн ар дайым 3 жылдык мeeнeткe шайлоолор eткeрYЛYп турса да, мурунку манаптар жана алардын туугандары менен уулдары гана шайлоодо жецYYЧY болуп, болуш болуп дайындалып турушкан.

Жацы болуштуктардын тYЗYЛYYCYнe биринчи иретте урук ичиндеги атаандашкан кландардын бийлик талашуулары жана аны ийгиликтYY пайдаланган колониялдык саясат себеп болгон. Ошол себептен солто уруусунун талкан уругу эки болуштукка бeлYHYп, Багыш болуштугунда момокон тукуму, ал эми Талкан болуштугунда жамансарт тукуму YCтeмдYк кылган. Кийин булардын ар бири экиге, Yчкe ажырап кете бергендигин кeрeбYЗ. Солто уруусунун бeлeкбай уругу да экиге ажыратылып, Солто (АламYДYн) жана Бeлeкбай

болуштуктары уюштурулган. Булардын бардыгы солтолордун мурунку лидери болгон Байтык Канаевдин таасирин азайтып, солтолордун биригуусуне жолтоолук кылган. Натыйжада, 80-жылдарга карата солто уруусу 6 болуштукка, тынай уругу 2 болуштукка ажырап, Чуй ереенунде ушундай 8 болуштук пайда болгон: Карабалта, 2-Багыш, Сокулук, 3-Талкан, Аламудун, Белекбай, Тынай жана Сарыбагыш болуштугу.

Адабияттардын тизмеси

1. Бала Айылчы санжырасы. Жусупов К. ж.б. (ред.). 1994. Кыргыз санжырасы. Бишкек: Ала-Тоо. 287 б.

2. Борубашов Б.И. 2008. «Кыргызстан в системе государственного устройства и управления Российского государства». Вестник КРСУ. Том 8. № 2. Бишкек: КРСУ. Стр. 109-116.

3. Волости и населенные места 1893 года. 1895. Семиреченская область. Выпуск 7. Санкт-Петербург.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

4. Джамгерчинов Б. 1959. Присоединение Киргизии к России. Москва: Издательство социально-экономической литературы. 435.

5. Джамгерчинов Б. 1966. Очерки политической истории Киргизии XIX века. Фрунзе: Кыргызстан. 429.

6. Загряжский Г. 1871. «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргиз». Туркестанские ведомости. №2. Ташкент.

7. Кубанычбек у. Н. 2023. «Болуштук жана болуштук башкаруу: XIXк. аягы -XXк. башы (Кыргызстандын туштук аймактарынын материалдарынын негизинде)». Вестник ОшГУ. №4. Ош: ОшМУ. 47-60-б. DOI: 10.52754/16948610_2023_4_6. EDN: IHKQAV.

8. Кубатова А.Э. Бикбулатова А.Р. (ред.). 2022. Татарское прсветительство и реформаторское движение в Кыргызстане (конец XIX- начало XXвека). Казань: АН РТ. 203.

9. Материалы по киргизскому землепользованию. 1911. Сырь-Дарьинская область. Аулиеатинский уезд. Том 1. Ташкент: Типо-Литография В.М.Ильина.

10. Молдо Кылыч. Чуй баяны. Жыйнакта: Мурас. Абдылдаев М.К. (туз.). 1990. Фрунзе: Кыргызстан. 448 б.

11. Обзор Семиреченской области за 1907 год. 1908. Верный.

12. Очерки по истории Киргизской ССР. 1952. Часть 1-я. - Фрунзе.

13. Публикации по Семиреченской области и Кулджинскому району. 1874. №18. Верный.

14. Публикации по Семиреченской области и Кулджинскому району. 1875. №2. Верный.

15. Публикации по Семиреченской области. 1871. №20. Верный.

16. Публикации по Семиреченской области и Кулджинскому району. 1882. №40. Верный.

17. Публикации по Семиреченской области и Кулджинскому району. 1880. №24. Верный.

18. Сапаралиев Д. 2004. «Система управления кыргызов в составе Российской империи 1855-1917 гг.». Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi. № 6 (12). Стр. 9-15.

19. Сельско-хозяйственный обзор Семиреченской области за 1915 год. 1916. Вып. 7. Верный.

20. Семиреченские областные ведомости. 1885. №21. Верный.

21. Семиреченские областные ведомости. 1885. №24. Верный.

22. Семиреченские областные ведомости. 1887. №192. Верный.

23. Семиреченские областные ведомости. 1888. №44. Верный.

24. Семиреченские областные ведомости. 1891. №22, 39. Верный.

25. Семиреченские областные ведомости. 1889. №43. Верный.

26. Маев Н.А. (ред.). 1872. Ежегодник: Материалы для статистики Туркестанского края. Вып.1. С-Петербург: Типография К.В.Трубникова. В сборнике: Межов В.И. (сост.) 1873. Туркестанский сборник. Том 59. Санктпетергбург: Министерство путей сообщения.

27. Сыдыков О., Карасаев Х. (ред.). 1990. Тарих кыргыз Шадмания: Кыргыз санжырасы. Фрунзе: Кыргызстан. 112 б.

28. Сыдыков О., Кожобеков М.Ч. (ред.). 2014. «Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа». Бишкек: Турар. 318 б.

29. Солтоноев Б., Жапиев Ж. (ред.). 1993. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. Бишкек: Учкун. 224 б.

30. Тагайбекова А. 2013. «История административно-территориального деления Кыргызстана до 1917 года». Наука и новые технологии. № 6. Стр. 71-74-б.

31. Терекан у. Э. 1996. Кыргыздын кыскача санжырасы. 2-китеп. Бишкек: Учкун. 224 б.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.