Научная статья на тему 'ФАРАОН МЕНЕН МУСА ПАЙГАМБАРДЫН БАЙЛАНЫШЫНА САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗ'

ФАРАОН МЕНЕН МУСА ПАЙГАМБАРДЫН БАЙЛАНЫШЫНА САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗ Текст научной статьи по специальности «Философия, этика, религиоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Библия / Куран / байыркы Египет / фараон / Муса пайгамбар / Bible / Quran / ancient Egypt / pharaoh / prophet Moses

Аннотация научной статьи по философии, этике, религиоведению, автор научной работы — Зууридинов Өскөнбай

Бул макалада Муса пайгамбар менен Фараон жөнүндөгү окуялар жана алардын өз ара байланышы каралды. Бийликтин эң күчтүү формасын түзгөн жана текеберчиликтин туу чокусуна жеткен Фараон феноменин түшүнүү үчүн байыркы Египетке таандык тарыхый булактар, эң башкысы Библия жана Курандагы маалыматтар салыштырылып, талдоого алынды. Изилдөөдө Фараон легендалуу каарман эмес, тарыхый инсан катары каралды. Белгилүү болгондой батыш окумуштуулары Муса пайгамбар менен фараондун окуяларын Библиянын негизинде талдоого алышкан. Бул изилдөөдө Библия жана Курандагы Муса пайгамбар менен Фараондун мамилелери жөнүндөгү окуялардын окшоштуктары жана айырмачылыктары көрсөтүлдү. Байыркы Египетке таандык тарыхый булактардан алынган маалыматтар Библия жана Курандагы окуяларды түшүндүрүүдө колдонулду. Өз кезегинде исламдагы тафсир аалымдары Курандын аяттарын чечмелөөдө Библиядагы маалыматтарды пайдаланышкан. Эмгекте Курандагы Муса пайгамбарга байланыштуу аяттарды чечмелөө жараянында байыркы Египетке таандык булактардан пайдалануу натыйжалуу боло тургандыгы баса белгиленди. Маселени изилдөөдө салыштырма-анализ ыкмасы зор роль ойноду. Бул ыкма аркылуу Муса пайгамбар менен Фараондун мамилелерин, Библия менен Куранда баяндалган окуялардын түпкүрүн терең ачып берүүгө мүмкүндүк түзүлдү.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

A COMPARATIVE ANALYSIS OF THE TALE OF PHARAOH AND PROPHET MOSES

This paper researches the stories of the Prophet Moses and Pharaoh, focusing on their relationship. Historical sources related to ancient Egypt, and most importantly, information from the Bible and the Quran, were compared and analyzed to understand the phenomenon of the Pharaoh, who represents the most powerful form of authority and reaches the peak of arrogance. The study considers Pharaoh as a historical figure rather than a legendary character. Western scholars have traditionally analyzed the stories of Prophet Moses and Pharaoh based on the Bible. In this study, the similarities and differences between the narratives of Prophet Moses and Pharaoh in the Bible and the Quran are identified. Historical sources concerning ancient Egypt have been used to explain the events described in both the Bible and the Quran. In turn, Islamic tafsir scholars have incorporated biblical information in their analysis of the holy scriptures of the Quran. The article emphasizes that the use of ancient Egyptian sources can only be effective in interpreting the scriptures related to Prophet Moses in the Quran. The comparative-analytical method plays a significant role in this study, allowing for a deep examination of the relationship between Prophet Moses and Pharaoh as described in both the Bible and the Quran.

Текст научной работы на тему «ФАРАОН МЕНЕН МУСА ПАЙГАМБАРДЫН БАЙЛАНЫШЫНА САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№3/2024, 145-158

ТЕОЛОГИЯ

УДК:

DOI: 10.52754/16948610 2024 3 13

ФАРАОН МЕНЕН МУСА ПАЙГАМБАРДЫН БАЙЛАНЫШЫНА САЛЫШТЫРМА

АНАЛИЗ

АНАЛИЗ СКАЗАНИЯ О ФАРАОНЕ И ПРОРОКЕ МУСЕ В СРАВНИТЕЛЬНОМ АСПЕКТЕ A COMPARATIVE ANALYSIS OF THE TALE OF PHARAOH AND PROPHET MOSES

Зууридинов вскенбай

Зууридинов Осквнбай Zuuridinov Oskonbay

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University oskonbayzuuridinov@gmail.com ORCID: 0009-0000-4903-0081

ФАРАОН МЕНЕН МУСА ПАЙГАМБАРДЫН БАЙЛАНЫШЫНА САЛЫШТЫРМА

АНАЛИЗ

Аннотация

Бул макалада Муса пайгамбар менен Фараон женундегу окуялар жана алардын ез ара байланышы каралды. Бийликтин эц кучтуу формасын тузген жана текеберчиликтин туу чокусуна жеткен Фараон феноменин тушунуу учун байыркы Египетке таандык тарыхый булактар, эц башкысы Библия жана Курандагы маалыматтар салыштырылып, талдоого алынды. Изилдееде Фараон легендалуу каарман эмес, тарыхый инсан катары каралды. Белгилуу болгондой батыш окумуштуулары Муса пайгамбар менен фараондун окуяларын Библиянын негизинде талдоого алышкан. Бул изилдееде Библия жана Курандагы Муса пайгамбар менен Фараондун мамилелери женундегу окуялардын окшоштуктары жана айырмачылыктары керсетулду. Байыркы Египетке таандык тарыхый булактардан алынган маалыматтар Библия жана Курандагы окуяларды тушундурууде колдонулду. вз кезегинде исламдагы тафсир аалымдары Курандын аяттарын чечмелееде Библиядагы маалыматтарды пайдаланышкан. Эмгекте Курандагы Муса пайгамбарга байланыштуу аяттарды чечмелее жараянында байыркы Египетке таандык булактардан пайдалануу натыйжалуу боло тургандыгы баса белгиленди. Маселени изилдееде салыштырма-анализ ыкмасы зор роль ойноду. Бул ыкма аркылуу Муса пайгамбар менен Фараондун мамилелерин, Библия менен Куранда баяндалган окуялардын тупкурун терец ачып берууге мумкундук тузулду.

Ачкыч свздвр: Библия, Куран, байыркы Египет, фараон, Муса пайгамбар.

АНАЛИЗ СКАЗАНИЯ О ФАРАОНЕ И ПРОРОКЕ МУСЕ В СРАВНИТЕЛЬНОМ АСПЕКТЕ

Аннотация

В этой статье рассматриваются истории о пророке Моисее и фараоне, их взаимоотношениях. Исторические источники, относящиеся к Древнему Египту, и, что наиболее важно, информация из Библии и Корана, были сопоставлены и проанализированы, чтобы понять феномен фараона, который является самой могущественной формой власти и достигает пика высокомерия. В исследовании фараон рассматривался как историческая фигура, а не как легендарный персонаж. Как известно, западные ученые проанализировали истории пророка Моисея и фараона на основе Библии. В этом исследовании выявлены сходства и различия между историями об отношениях пророка Моисея и фараона в Библии и Коране. Информация из исторических источников, относящихся к Древнему Египту, использовалась для объяснения событий, описываемых в Библии и Коране. В свою очередь, исламские ученые-тафсиры использовали библейскую информацию при интерпретации священных писаний Корана. В статье подчеркивается, что использование древнеегипетских источников может быть эффективным только в процессе толкования священных писаний, связанных с пророком Моисеем, в Коране. Огромную роль в изучении вопроса сыграл сравнительно-аналитический метод, с помощью которого глубоко раскрыты отношения между пророком Моисеем и фараоном, описанные в Библии и Коране.

Ключевые слова: Библия, Коран, Древний Египет, фараон, пророк Моисей.

A COMPARATIVE ANALYSIS OF THE TALE OF PHARAOH AND PROPHET MOSES

Abstract

This paper researches the stories of the Prophet Moses and Pharaoh, focusing on their relationship. Historical sources related to ancient Egypt, and most importantly, information from the Bible and the Quran, were compared and analyzed to understand the phenomenon of the Pharaoh, who represents the most powerful form of authority and reaches the peak of arrogance. The study considers Pharaoh as a historical figure rather than a legendary character. Western scholars have traditionally analyzed the stories of Prophet Moses and Pharaoh based on the Bible. In this study, the similarities and differences between the narratives of Prophet Moses and Pharaoh in the Bible and the Quran are identified. Historical sources concerning ancient Egypt have been used to explain the events described in both the Bible and the Quran. In turn, Islamic tafsir scholars have incorporated biblical information in their analysis of the holy scriptures of the Quran. The article emphasizes that the use of ancient Egyptian sources can only be effective in interpreting the scriptures related to Prophet Moses in the Quran. The comparative-analytical method plays a significant role in this study, allowing for a deep examination of the relationship between Prophet Moses and Pharaoh as described in both the Bible and the Quran.

Keywords: Bible, Quran, ancient Egypt, pharaoh, prophet Moses.

Киришуу

Фараон деген ысымды укканда байыркы Египетти жана Муса пайгамбардын окуясын элестетебиз. Анткени, Муса пайгамбардын окуясында терс каарман катары фараондун атын угуп келебиз. Диний адабияттарды окугандар болсо фараондун аша чапкан тарабы сынга алынганын билишет. Тарыхий личность катары Библия жана Куранда сез кылынган фараондун кимдиги бизге табышмак. Анткени, анда айтылгандардын тарыхий маалыматтар менен байланышын карап чыгуубуз керек.

Библияда жана Куранда фараон байыркы Египеттеги исраил уулдарын коркунуч катары керYп, алардын кебеЙYYCYн кеземелдегYCY келет. Ал YЧYн жацы терелген эркектерди елтYPYп, кыздарды тирYY калтырууну ойлойт. Чындыгында ошондой да болот. Дал ошол маалда Муса пайгамбар терелет жана ал да елтYPYЛYYCY керек болгон балдардын катарында болуп калат. Энеси жацы терелген Муса пайгамбарды сандыкка/себетке салып, сууга агызат. Себеттеги бала фараондун YЙ-бYлесYне агып барат. Алар баланын исраил уулдарынан экенин билишсе деле багып алышат.

Муса пайгамбар фараондун YЙ-бYлесYнде чоцоёт. Бирок, ал езYн исраил уулдарынан экенин билет. Фараондун аскерлеринен биреенY елтYPYп койгондон кийин коркконунан алыска качып кетет. Ал жерде Yйленет жана пайгамбар болуп дайындалат. Пайгамбар болгондон кийин фараонго барууга жана туткундагы исраил уулдарын боштондукка чыгаруу YЧYн ^решууге милдеттендирилет. Кудайдын колдоосу менен Муса пайгамбар жецет жана исраил уулдарын Египеттен алып чыгып кетет. Исраил уулдары Муса пайгамбардын башчылыгында дециздин жэээгине келгенде фараон оюн езгертYп, алардын артынан жетип келет. Кудайдын буйругу менен дециз экиге белYнет жана исраил уулдары ачылган жолдон качып етет.

Жогоруда кыскача айтылган окуялар тарыхий жана илимий маалыматтар менен да коштолгон. Биз аталган маалыматтарды эки тараптуу салыштыруу аркылуу анализдееге аракет кылабыз. Муса пайгамбардын окуясынан мYмкYн болушунча темабызга таандык белYмдердY гана алууга аракет жасадык. Ал эми Муса пайгамбардын емYр-баяны жана пайгамбарлыгы езYнче каралуусу керек болгон изилдеенY талап кылат.

Колдонулган адабияттарда Библия жана Курандын аттарын гана жазууну туура кердYк. Анткени, каалаган адам аталган булактардын езY каалаган тилдеги котормолорун окуй алат.

Байыркы Египет жана фараон

Фараон деген сез байыркы Египет тилинде "чоц Yй" деген маанини туюнткан. Аты айтып тургандай эле алгачкы доордо фараон деген сез падышанын сарайын жана ал жерде жашагандарды камтыган. Ал эми биздин заманга чейин (б.з.ч.) 1370-жылдарда падыша деген мааниде колдонула баштаганын керсеткен далилдер бар. Б.з.ч. 950-730-жылдар аралыгында падышанын аты менен бирге жазылып турган жана анын даражасын билдирген (Harman, 1996, 118-б). Библияда жалпы эле Египеттен сез кылганда фараон деген сез падыша деген мааниде колдонулат. Ал эми Куранда Жусуп пайгамбардын доорундагы Египеттин падышасы малик (падыша), Муса пайгамбардын доорундагы Египеттин падышасы фараон деп аталат. Бул тууралуу кез келгенде кайрадан сез козгойбуз.

Фараондордун тарыхы байыркы Египеттин дини менен тузден-туз байланыштуу. Фараонду тушунуу учун байыркы Египеттин динине кез чаптырууга туура келет. Куранда да фараон езун кудай катары таанытканы учун сындалган (Куран, 26/29, 28/38).

Байыркы Египеттин дини тарыхий процесс ичинде саясий жана маданий езгеруулердун таасиринен улам калыптанган. Ал бийликтин дини жана элдин дини болуп экиге белунген. Ибадатканаларда аткарылган жерелге жана салтанаттар бийликтин динин тузген. Ибадатканалар кудайлардын оруну катары кабыл алынган. Ошондуктан карапайым элге анын ичине кирууге тыюу салынган. Белгилуу учурларда гана карапайым эл ибадаткананын босогосун аттай алган, бирок ичине кире алган эмес. Анын натыйжасында карапайым эл да езунун динин пайда кылган. Аны элдин дини деп атасак болот. Элдин дини карапайым элдин кунумдук ез алдынча сыйынууларынын бутунун тузген (Sipahioglu, 2021, 27-29-бб).

Байыркы Египеттин тарыхында 2 мицден ашуун кудай катталган. Кудайлардын бирден кеп аты болгон жана турдуу керунуште суреттелген. Алгачкы доордо кудайлар егуз/уй/музоо сыяктуу жаныбарлардын туспелунде суреттелген. Дээрлик ар бир жаныбар кандайдыр бир кудай менен байланыштырылган. Адам елгенде гана кудайды ар тараптан таанып билет дегендиктен жаныбарлар аркылуу суреттелген кудайлар чыныгы кудайды чагылдырган эмес. Кудайлар да адамдар сыяктуу эле терелген, жашаган жана елген. Бирок, кудайлардын елуму адамдардын елуму сыяктуу болгон эмес. Кудайлар елум менен бирге жацыланып, жашарып турган. Ар бир кудайдын таасири езунун шаарынын чеги менен чектелгендиктен байыркы египеттиктер сыртка чыкканда башка кудайларга сыйынып кете беришкен. Алар башка элдин кудайларын да ездерундегу кудайлардын башкача аталышы катары кабыл алышкан. Ошондуктан башка элдин кудайларына да урмат керсетушкен (Sipahioglu, 2021, 30-35-бб).

Байыркы Египет мифологиясында дуйнену суу каптап турган делет. Суудан эц алгач Кун кудайы Ра кетерулген. Ранын шилекей жана тукуругунен Шу (аба) жана Тефнут (ным) пайда болгон. Алардын Геб (жер) жана Нут (асман) деген балдары болот. Нут ургаачы, Геб эркек кудай. Геб менен Нуттан Осирис, Исида, Нефтида, Сет аттуу кудайлар терелген (Çiftçi, 2010, 7-8-бб).

Осирис сарайда жок кезинде иниси Сет такты ээлеп алат. Сет бир табыт жасатып, агасы Осиристин урматына той еткеруп, табыттын ичине ылайык келгенге табытты белекке берерин айтат. Баары бирден жатып керет, акырында Осирис жатып кергенде табыттын оозун бекиттирип, Нил дарыясына чектурет. Осиристин аялы Исида сыйкырдуу кучтерун колдонуп, табытты Нилдин тубунен таап чыгат. Сет ага карабастан Осиристин денесин 14 белукке белуп, Египеттин аймагына чачат. Исида Осиристин денесин жыйнап, андан боюна бутуруп, Гор уулун терейт. Гор Сетке каршы курешет жана атасы Осириске езунун кезун берет. Осирис елум дуйнесунун падышасына айланат, уулу Гор бул дуйненун падышасы болот (Çiftçi, 2010, 19-20-бб). Мифтеги бул окуя менен фараондордун ортосунда байланыш тузулген.

Элген ар бир фараон Осирис менен бутундешсе, жацы бийликке келген фараон да Гордун колдоосуна ээ болгон. Ал эми Кундун кудайы Ра популярдуу боло баштаган доордо фараондор да Ра кудайдын уулу жана анын жер бетиндеги екулу боло баштаган. Ал кезде елген фараондор Ра тарабынан елумден куткарылып, аны менен бирге Кунге сапар алган. Амон деген кудай алдыга чыгып, Ра кудай менен биригип, Амон-Ра деген аталышка ээ болгондон кийин Амон-Ра фараондордун атасына айланган. Кийинчерээк Амон-Ра езунун орун басарын пайда кылуу учун дуйнеге фараон катары келип, каныша менен жуп боло

баштаган. Алардан терелген бала кудайдын уулу болуп эсептелген жана ал 63yhyh карындашына Yйленген. Анткени, ал кезде фараон кудайга айлангандыктан адамдардын кыздарына Yйлене албайт болчу. Геб кудай менен аялы Нуттун уулу Осирис кудай да езYHYн карындашы Исидага Yйленген. Осирис менен Исиданын жолу фараондорго YлгY болуп, алар да ездерYHYн карындашына YЙленYYHY адат кылган (Harman, 1996, 118-119-бб). Фараондордун генетикалык жактан оорулуу болуп, жаш кезинде эле оорудан еле бергенинин себеби бир туугандардын ортосундагы YЙленYYге байланыштырылат.

Байыркы египеттик падышалар алгачкы падыша-кудай Осиристин уулу Гор кудайдын аватарасы болуп эсептелген. Ал эми падыша такка чыккандан тарта кудайлык езгечелYкке ээ болгон жана елгенден кийин гана толук кудайга айланган. "Ка" деп аталган падышадагы кудайлык езгечелYк ал елгенден кийин такка отурган падышага етYп турган. Кудайлык езгечелYкке ээ болгон падыша башка кудайлардан айырмаланып, кудайлар менен адамдардын ортосундагы ортомчулук кызматты аткарган (Sipahioglu, 2021, 65-66-бб). Ошондуктан падыша кудайларга кызмат кылууга милдетщуу деп эсептелген. Бирок, падыша кудайларга кызмат кылууну да, елкенY башкарууну да бир учурда алып кетYYCY мYмкYн эмес эле. Ошол себептен падыша елкенY башкарууну толук колго алып, ал эми кудайларга кызмат кылуу YЧYн езYHYн екYлдерYн дайындаган. Падышанын кудайларга кызмат кылуу YЧYн дайындаган екYлдерY кечилдерди пайда кылган. Кечилдер падышанын атынан кудайларга арналган жерелгелердY аткарышкан жана кудайлардын кецYЛYн кетерYYге багытталган сыйынуулар менен алектенишкен. Кудайлар нааразы болгондо Египетти таштап кетет, анын натыйжасында елкеде башаламандык пайда болот деп ишенишкен (Sipahioglu, 2021, 69-70-бб).

Байыркы Египеттен сез кылганда мумия жана мумиялоо эске келет. Алар елгенден кийинки жашоонун тYбелYктYY экенине ишенишкендиктен мумиялоо аркылуу дененин тYЗYЛYШYн сактоону максат кылышкан. Осирис кудай елген кезде аны Анубис кудай мумиялаган. Ошондуктан мумиялаган кечилдер Анубис кудайдын маскасын кийип алышкан. Мумиялоо менен алектенген кечилдерди коом сыйлаган (Sipahioglu, 2021, 133-134-бб). Сыйкыр менен алектенген атайын кечилдер тобу да болгон. Сыйкыр менен алектенген кечилдердин колундагы жылан баштуу аса таят кецYЛДY бурат. Ал аса таяк Хека деп аталган кудайдын символу болгон (Sipahioglu, 2021, 210-б). Ушул жерде Муса пайгамбардын аса таягы эмне себептен жыланга айланганын ойлоп керсек болот. Хери хебет деп аталган атайын кечилдер классынын милдети ар доордо езгерYп турганы менен алар жалпысынан сыйкыр, тYш жоруу, диний тексттерди окуу жана аларды коргоо менен алек болушкан. Алар кат тааныгандыктан жана сыйкырдуу тексттерди окуп тургандыктан коомдо абройлуу адамдарга айланган. Ошондой эле сыйкырдуу тексттерди окугандыктары YЧYн адамдар алардан корккон. Муса пайгамбардын доорундагы сыйкырчылардын дал ошол хери хебет классына таандын кечилдер болгон деген божомол айтылат. Анткени, Тооратта Жусуп пайгамбар жана Муса пайгамбардын доорундагы сыйкырчылар хартумим деп аталган. Дал ошол хартумим деген сез хер хебеттин иврит тилиндеги айтылуусунан келип чыкканын жоромолдошот (Sipahioglu, 2021, 138-142-бб).

Байыркы Египет мифологиясында Апап деп аталган мифтик бир жандык болгон. Ал жамандык жана башаламандыктын символу катары чоц жылан же ажыдаар тYCпелYнде CYреттелген. Апап жылан/ажыдаар космос жарала элек кезде эле болгон деп айтылат. Ал ааламдагы бардык нерсени жутуп, дYЙненY космос жарала элек кездеги абалга кайтарууну максат кылган. Ошондуктан Апап жылан/ажыдаар ааламды кеземелдеп турган Ра кудайдын

башкы душманына айланган. Ра кудай туну кайыгы менен жолго чыкканда алдынан Апап тосуп, Ра кудайды кезу менен арбайт. Ра кудайга ким жардам бергиси келсе, ал да Апаптын кучунен тассирленет. Акырында Сет кудай Ра кудайга жардамга келип, Апаптын кучуне туруштук берет жана найзасы менен Апапты жецет (§amlioglu, 2020, 37-б). Бул учкай маалыматтар Муса пайгамбардын окуясын тушунууге жардам берет. Ал эми жогоруда Осиристин окуясында Сет кудай терс каарман катары керсетулду эле. Демек, Сет кудай байыркы Египет мифологиясында алгач оц каарман болгон деген жыйынтык чыгарып туралы.

Жалпысынан байыркы Египетте 30 династия екум сурген. Алгачкы династия б.з.ч. 3000-2800-жылдар аралыгында екум сурсе, акыркы династия б.з.ч. 380-343-жылдар аралыгында елкену башкарган (Hornung, 2004, 186-193-бб). Ар бир династия алмашканда байыркы Египеттин дининде да езгеруулер болгон. Анткени, бийлик алмашканда езуне караштуу же езу басым жасаган кудайларды алдыга чыгарганын божомолдосок болот. Биз учун б.з.ч. 1536-1292-жылдар аралыгында екум сурген XVIII династия менен б.з.ч. 1292-1188-жылдар аралыгында екум сурген XIX династия маанилуу. Анткени, биздин изилдееге байланыштуу окуялар дал ушул доор аралыгында болгон деген пикирлер айтылат.

Исраил уулдары жана Муса пайгамбар

Библиядагы маалыматтардын негизинде карай турган болсок, Жакып пайгамбардын Рашел, Леа, Зилпа, Билха аттуу терт аялы болгон. Леадан Жакыптын Рубен, Шимон, Леви, Иуда, Иссакар, Зебулун деген уулдары менен Дина аттуу кызы, Зилпадан Гад жана Ашер атуу уулдары, Рашелден Жусуп жана Бенямин аттуу уулдары, Билхадан Дан жана Нафтали аттуу уулдары терелген (Библия, Башталыш, 29/31-30/24, 35/23-26; Harman, 2013, 274-б). Жакып пайгамбардын аты Исраил болуп езгергенден кийин анын уулдары Исраилдин уулдары деп аталган. Ал эми Исраилдин уулдарынан таркаган урпак исраил уулдарын тузген. Натыйжада исраил уулдары 12 уруудан турган. 12 уруунун аталышы Исраилдин 12 уулунун аты менен аталган. Муса пайгамбар Египетте исраил уулдарынын Леви уруусунан чыккан уй-буледе терелген (Библия, Чыгуу, 2/1-10). Биз исраил уулдары деген аталышты бир улут катары, анын 12 уруусун да исраил уулдары деп аталган улуттун уруусу катары тушунсек болот.

Исраил жана анын уулдары азыркы Палестинанын аймагынан Египетке кантип барып калганы Библия жана Куранда айтылган. Бир туугандары бир себептен улам Жусуп пайгамбарды елтурмекчу болуп, кайра ал ишке барбай калышат. Библия боюнча бир туугандары Египетке бара жаткан кербенге Жусупту сатышат (Библия, Башталыш, 37/18-28). Куран боюнча да Жусупту елтурмекчу болуп, бирок кудукка таштап кетип калышат. Египетке бара жаткан кербен кудуктан суу алмакчы болгондо Жусупту керуп калышат жана аны Египетке алып барып кулчулукка сатышат (Куран, 12/9-20). Окуянын аягында Египетте Жусуп пайгамбардын мартабасы жогорулап, жооптуу кызматка дайындалат. Жусуп пайгамбар бир туугандарын да Египетке чакырат жана аларга жакшы шарт тузуп берет. Библия боюнча Жусуп пайгамбардан Муса пайгамбарга чейин 430 жыл етет (Библия, Чыгуу, 12/40). Исраил уулдары Египетте жалпысынан 215 жыл жашаган деген вариант да айтылат (Gürkan, 2012, 26; Gürkan, 2013, 188). Жусуп пайгамбардан Муса пайгамбарга чейин канча жыл еткену Куранда айтылбайт.

Жусуп пайгамбар елгенден кийин Египеттин бийлиги да алмашып, исраил уулдарын кулчулукка байлайт. Муса пайгамбар терелген кезде исраил уулдары кулчулукта ^н кечирип жаткан болчу. Библияда так айтылбайт, бирок Жусуп пайгамбарды тааныбаган башка падыша бийликке келгенде исраил уулдарынын кептYГYнен чочулап, кокус согуш чыкканда душман тарапка ооп кетсе, анда чоц кейгейге айланат деген ойго кабылат. Анын натыйжасында исраил уулдарын толук кеземелге алып, Питом жана Раамсес деген шаарларды курдуруп, исраил уулдарын эзип иштет. Анткен сайын исраил уулдары кебейе берет. Падыша исраил уулдарынын аялдары тереген кезде кыздарды тирYY калтырып, уулдарды етYPYYHY белгилYY аялдарга тапшырат. Дайындалган аялдар балдарды елтYPYYДен коркуп, башка шылтоо айтышат. Падыша жацы терелген уулдарды Нил дарыясына таштоого буйрук берет (Библия, Чыгуу, 1/8-22). Бул окуяга Куранда да ишарат кылынган. Куранда фараондун исраил уулдарынын балдарын елтYPYп, кыздарын тирYY калтырганы айтылат (Куран, 2/49, 7/127, 7/141, 14/6, 28/4, 40/25).

Муса пайгамбардын Нил дарыясына агызылуусу Библия жана Куранда эки башка баяндалат. Библияда Муса пайгамбар терелгенден 3 айдан кийин энеси себетке салып дарыяга агызат. Ага чейин энеси Муса пайгамбарды жашырып жYрет. Муса пайгамбарды дарыяга агызгандан кийин аны эжеси Мирям жашыруун кYзетYп барат. Фараондун кызы сууга чемYЛгенY кирген кезде себеттеги Муса пайгамбарды керYп калат жана аны кызматчыларына алдырат. Алар ошол замат эле Муса пайгамбардын исраил уулдарынан экенин билишет.1 Ошол жерде Муса пайгамбардын эжеси Мирям бебек^ эмизе турган биреенY таап бере аларын айтат. Фараондун кызы CYт эне табылса, анын акысын телеп беремин дейт. Мирям энесин чакырат жана Муса пайгамбарды езYHYн энеси эмизет. Фараондун кызы Муса пайгамбарды суудан чыгарып алганы YЧYн суудан чыккан деген мааниде Муса деп ат коёт. Ошентип Муса пайгамбар фараондун сарайында чоцоёт (Библия, Чыгуу, 2/1-10). Куранда болсо кудай тарабынан Муса пайгамбардын энесине уулун сандыктын ичине салып, дарыяга агыз деген кабар келет. Кудай Муса пайгамбардын энесине уулун кайтара турганын жана коркпоосу керектигин айтат. Муса пайгамбардын энеси кызын баланын артынан женетет. Муса пайгамбарды фараондун YЙ-бYлесY таап алганда эч кимди эмбей коёт. Муса пайгамбардын эжеси баланы эмизе турган биреенY таап бере аларын айтат. Ошентип кудай Муса пайгамбарды езYHYн энесине кайтарат. Муса пайгамбарды езYHYн энеси эмизет, бирок ал фараондун сарайында чоцоёт (Куран, 20/38-40, 28/7-13).

Библия боюнча Муса пайгамбардын атын фараондун кызы коёт. Куранда болсо ал тууралуу айтылбайт. Фараондун кызы суудан чыгарылды деген мааниде Муса деп ат койгон болушу мYмкYнбY? Фараондун кызы койгон ат канчалык чындыкка жакын деген суроолор изилдеечYлердY кызыктырган. Анткени, фараондун YЙ-бYлесY кудайдын YЙ-бYле мYчелерY болуп эсептелгендиктен кантип эле Муса пайгамбарга катардагы бир атты коюп коюшу мYмкYн деген суроо жаралат.

Куранда Муса деп айтылгандыктан биз да Муса дейбиз. Иудейлер Муса пайгамбардын атын Моше дешет. Орусча Моисей деген аталыш грекче аркылуу келип чыккан. Байыркы Египетте Муса деген атка окшоп кеткен фараондордун аттары болгон. Б.з.ч. 1493-жылы елген

1 Исраил уулдары Ибрахим пайгамбардан калган жерелгенYн негизинде уулдарын 8 кYндYк болгондо CYннетке отургузушат. Муса пайгамбар да ал кезде сегиз кунден еткен бебек болгонуна караганда ал да CYннетке отургузулган деп ойлосок болот. Фараондун YЙ-бYлесY CYннетке отургузулган бебектYн исраил уулдарынан экенин ошол аркылуу билишет деген ой келет.

Тутмос I жана анын аялы Яхмос, уулдары Тутмос II, Аменмос, Уаджмос, Рамос, Тутмос Пнин уулу Тутмос III (Adam, 2011, 22-23-бб). Аталган фараондор жана алардын уй-буле мучелерунун башында турган Тут, Ях, Амен, Уадж, Ра мучелер байыркы Египеттеги кайсы бир кудайлардын аттары болсо, ал эми кудайлардын аттарына кошумча жазылган -мос2 деген муче "уулу, терелген" деген маанини туюнткан. Ошонун негизинде Муса пайгамбардын атын фараондун уй-булесу койгонуна караганда, аны да кайсы бир кудайдан терелген деген мааниде койгон, бирок кандайдыр бир себептен улам кудайдын аты ечуп, "уулу, терелген" деген мааниге келген -мос мучесу гана калып, андан да Муса пайгамбардын аты келип чыккан деген илимий тыянак чындыгында орундуу (Adam, 2011, 39-40-бб).

Библияда Муса пайгамбар кулчулукта журген исраил уулдарынан бирееге болуша коём деп, аны камчылап жаткан египеттикти уруп елтуруп коёт. Ал окуя билинип калганда Мадиан аймагына качып кетет. Ал жакта жургенде фараон елуп, анын ордуна башка фараон такка отурат (Библия, Чыгуу, 1/11-23). Муса пайгамбардын доорундагы эки фараон ким болгон деген суроого изилдеечулер ошол эле Библиянын негизинде жооп беришкен. Алсак, Библияда Муса пайгамбар тереле элек кезди суреттегенде, ал жерде исраил уулдарын Египеттин падышасы кулчулукта иштетип, Питом жана Раамсес шаарларын курдурат. Ал эми б.з.ч. 1290-1224-жылдар аралыгында Пер Раамсес шаарын ошол кездеги фараон Рамсес II (б.з.ч. 12791213) курдурган деген маалымат бар. Ошонун негизинде Муса пайгамбардын доорундагы фараон Рамсес II болгон дешип, Муса пайгамбарды да б.з.ч. XIII кылымда жашап еткен дешет. Аны менен бирге исраил уулдарын Муса пайгамбардын башчылыгында Египеттен б.з.ч. 1447/1442-жылы чыккан деген пикирди айткан изилдеечулер да болгон. Алар деле Библиядагы падышалар I китебинин 6-бабынын 1-суйлемунде айтылган эсепке таянышкан. Алардын эсеби боюнча Муса пайгамбар жашаган кезде фараон Тутмос III (б.з.ч. 1479-1425) бийликте болгон (Adam, 2011, 12-13-бб).

Куранда Муса пайгамбардын доорундагы фараон "казыктардын ээси" деп айтылган (Куран, 38/12, 89/10). Байыркы Египетте обелиск деп аталган узундугу 30 метрге чейин жеткен таш мамылар орнотулган. Таш мамылардын учу пирамида керунушуне ээ болгон жана ага фараондун жашоосундагы маанилуу окуялар жазылган. Таш мамылардын учу алтын менен капталып, кундун нурун чагылдырып турган. Ушундан анын Кун кудайынын урматына орнотулганын тушунсек болот. Тутмос III орноткон таш мамыда ал Амон кудайдын уулу деп жазылган (Adam, 2011, 20-27-бб). Амон кудай XVIII династиядан тарта байыркы Египеттин эц башкы кудайына айланган (Çiftçi, 2010, 25-б).

Амон кудай менен байланыштуу Хамандан да сез кылууга туура келет. Куранда фараондун Хаман аттуу жакын адамынын аты аталган (Куран, 28/6, 8, 38, 29/39, 40/23, 36). Фараон ага бышырылган кыштан бийик мунара тургузууга буйрук берет жана ага чыгып Муса пайгамбардын кудайын керемун дейт (Куран, 28/38, 40/36). Библиянын Эстер (Есфирь) китебинде да Хаман аттуу бир адам бар. Ал падышанын жакын адамы жана кецешчиси болгон (Библия, Эстер, 3-9). Айрым изилдеечулер Библияда перс падышасы Артаксеркс I менен бирге

2 Биз колдонгон булактарда аталган муче -мосе деп айтылган. Ал эми орус булактарында андан -мос деп сез кылынгандыктан -мос деп керсетууге туура келди. Негизинен Тутмосе, Яхмосу, Амонмосе, Рамосе, Уаджмосе деп окуу керек. Ошондо Мусанын аты -мосе деген мучеден келип чыккан деген пикир тушунуктуу болмок. Кала берсе атактуу фараон Рамсестин аты да Ра кудайдан терелген, же Ра кудайдын уулу деген мааниге келгенин эске алганда, Муса пайгамбардын аты фараондордун уй-буле мучелерундей эле болгон деген пикирди туура керсек болот.

эскерилген Хамандын ордун Куран адаштырып алган дешкен. Чындыгында Библиядагы Хаман менен Курандагы Хаман эки башка адам экени айтылат. Курандагы Хамандын Амон кудай менен байланышы болушу мYмкYн (Kuzgun, 1997, 436-437-бб). Фараон падышанын езYHYн аты эмес, анын титулу болгондой эле Хамандын да падышанын жанындагы даражалуу кызматкердин титулу болушу мYмкYн деген салыштыруу бизге жол керсеткудей. 1906-жылы Египетте Ха деп аталган бирееге таандык бир мазар табылган. Иероглифтер анын XVIII династия доорунда жашаган маанилYY киши болгонун кесеткен. Египтологдордун пикиринде Ха башкы архитектор же кызматкерлердин башчысы деген маанини туюнтат. Демек, Ха адамдын аты эмес, анын титулу. Амон кудайдын атынын башына Ха кошулуп жазылганда Ха Амон деген ат пайда болот. Ал эми Ха Амон Куранда Хаман деп айтылган болушу мYмкYн. Тутмос III доорунда Менхеперрасенеб аттуу Амон ибадатканасынын башкы кечили жана башкы архитектору, ошондой эле уста-чеберлердин кеземелдеечYCY болгон. Эгер Хаман деген ат чындыгында "Амон кудайдын башкы кызматкери же архитектору" деген мааниге келген Ха Амон болсо, анда анын Куранда фараон бышкан кыштардан бийик мунара курууга буйрук берген Амон ибадатканасынын башкы кечили жана башкы архитектору Менхеперрасенеб болушу мYмкYн деген жыйынтыкка кошулсак болот. Анткени, Куранда айтылган Хамандын езгечелYГY менен фараон Тутмос III доорундагы Менхеперрасенебдин езгечелYГY окшоп кетет (Adam, 2011, 29-41-бб).

Фараон менен Муса пайгамбардын курешу

Муса пайгамбар Египеттен Мадианга качып баргандан кийин ал жерде YЙ-бYле кутет. Бир куну челде кYЙYп жаткан отту керYп, анын алдына барат. Библия боюнча Муса пайгамбар челде жYргенде тикенектуу бадалдын кYЙYп жатканын керет. Муса пайгамбар ечпей кYЙYп жаткан отко тацыркап келет. Дал ошол жерде оттун ортосунан кудайдын yhy угулат жана кудай Муса пайгамбар менен байланышат (Библия, Чыгуу, 3/1-6). Куранда болсо Муса пайгамбар YЙ-бYлесY менен бара жатканда алыстан отту керет. Ал жерге от алып келYY же жол суроо максатында барат. Муса пайгамбар отко жакын келгенде кудайдын yhyh угат (Куран, 20/10-11, 27/7-9, 28/29-30).

Библия боюнча кудай Муса пайгамбарды Египеттеги исраил уулдарына женетет. Бирок, Муса пайгамбар исраил уулдары сезYне ишенбей коёт деген санаркоо менен кудайдан бир белги сурайт. Кудай Муса пайгамбарга колундагы аса таягын жерге ташта дейт, жерге таштаганда жыланга айланат. Жыланды куйругунан карма дейт, Муса пайгамбар жыланды куйругунан кармаганда аса таякка айланат. Экинчи керемет катары Муса пайгамбар колун койнуна салып алганда кардай аппак болот, кайра салып алганда ез абалына кайтат. Исраил уулдары эки белгиге ишенбеген кезде, анда Нил дарыясынан суу алып жерге тегесYЦ, ал суу канга айланат дейт (Библия, Чыгуу, 4/1-9). Куранда кудай Муса пайгамбарга колундагы аса таягын жерге ташта дейт. Муса пайгамбар аса таягын жерге таштаганда жыланга айланат жана кайра аны коркпостон ал дейт. Кайра алганда жылан аса таякка айланат. Ошондой эле колун койнуца сал дейт, колу аппак болуп чыгат, кайра колун койнуна салып алганда езYHYн абалына кайтат (Куран, 20/17-22, 28/31-32).

Библияда Муса пайгамбар жакшы CYЙлей албайм деген кезде кудай жакшы CYЙлеген агасы Харундун жардам берерин айтат. Кудай Египеттеги Харунга Муса пайгамбарды кутуп алуу учун челге барууга буйрук берет (Библия, Чыгуу, 4/10-31). Куранда болсо Муса

пайгамбар жакшы суйлей албаймын деп, агасы Харунду жардамчы кылып берууну кудайдан езу суранат (Куран, 26/13, 28/34).

Библиядагы маалыматтардын негизинде Муса пайгамбар фараон Рамсес Пнин доорунда жашаган делген менен Муса пайгамбар Медиандан Египетке кайтканда фараон елуп, анын ордуна башка фараон такка отурат (Библия, Чыгуу, 2/23). Анда Муса пайгамбар Египетке кайтып келгенде Рамсес II елуп, анын уулу Мернептах такка отурган болот (Harman, 1996, 119-б). Египетте падышалар ереену деген ат менен белгилуу жерде байыркы Египеттин падышалары кемулген аймак бар. Ал жерде Рамсес II кемулген жер KV7 (Reeves, N. Wilkinson, R. H. 1996, 140-146-бб), анын уулу Мернептах кемулген жер KV8 (Reeves, N. Wilkinson, R. H. 1996, 147-149-бб) коду менен керсетулет. Курандагы маалыматтар Муса пайгамбардын доорундагы фараондун Тутмос III болгонун ишарат кылат. Тутмос III кемулген жер KV34 (Reeves, N. Wilkinson, R. H. 1996, 97-99-бб) коду менен керсетулет. Балким, Куранда сууда чегуп жаткан фараонго адамзатка сабак болуусу учун денецди сактайбыз деген аятты (Куран, 10/92) байыркы Египеттеги мумиялоо ыкмасы деп тушунгенубуз оцдур. Аталган фараондордун денелери мумиялоо ыкмасы менен кунубузге чейин жетип келген.

Библияда Муса пайгамбарды ата жана уул эки фараондун доорун керду дейт. Изилдеечулер аны Рамсес II жана Мернептах деп тушундурген. Морис Бюкай Мернептахтын мумиясын анализдеп, анын денесинде сууда тунчуккандагы же сууда тунчукканга чейинки травманын издерин байкаганын айтат. Демек, Морис Бюкай да сууда тунчугуп елген фараондун Мернептах экенин кабыл алат (Yildirim, 2005, 338-340-бб).

Ошондой эле Курандагы аяттардын негизинде Муса пайгамбардын доорундагы фараондун бир адам болгонуна басым жасагандар да бар. Алардын пикири боюнча Муса пайгамбарды багып алган, уйунде чоцойткон жана акырында аны артынан кууп барып сууга чегуп елген фараон бир адам болгон. Аргумент катары Курандын аяттарында фараондон сез кылганда бир адам мунезделет жана ал Муса пайгамбар жакындан тааныган фараон болгон дешет. Демек, бир фараон болгонуна караганда ал узун доор екум сурген болот. Ал критерийге Рамсес II менен Тутмос III туура келет. Бирок, ал фараондун Рамсес II болгонун, кала берсе ал сууга чегуп елгенун далил катары айтышат (Fatoohi-Al-Dargazelli, 2003, 121-136).

Библияда фараондун алдына Муса пайгамбар менен Харун келет жана Харун езунун аса таягын жерге таштаганда ал жыланга айланат. Фараон езунун сыйкырчыларын чакырат жана сыйкырчылардын ар бири таяктарын таштаганда жыланга айланат. Бирок, Харундун аса таягы сыйкырчылардын таяктарын жутуп алат (Библия, Чыгуу, 7/8-12). Куранда бир гана Муса пайгамбардын аса таягы жыланга айланат. Муса пайгамбар фараондун алдына келип эле аса таягын жерге таштаганда жыланга айланат. Муса пайгамбар колун койнуна салып алганда аппак тусте болот, кайра койнуна салып алганда езуне келет. Фараон жана анын кецешчилери аны сыйкыр деп ойлоп, шаардагы сыйкырчылар менен жарыштырууну кездешет жана сыйкырчылар чакыртылат. Эки тарап суйлешуу жургузгенден кийин сыйкырчылар таяктарын таштайт жана алар жыланга айланат. Муса пайгамбар таягын таштаганда жыланга айланып, сыйкырчылардын таяктарын жутуп алат. Ошол жерде сыйкырчылар жецилгендиктерин мойнуна алышат (Куран, 7/107-120, 10/79-81, 20/56-70, 26/32-46).

Муса пайгамбардын башчылыгында исраил уулдарынын децизди жарып етуусу да биздин темабыздын ичинде сез кылынуусу керек. Анткени, Муса пайгамбардын кудай тарабынан берилген белгилерине фараон ишенген эмес. Фараондун ага ишенбегенинин да

себептери болгон. Байыркы Египетте атайын сыйкыр менен алектенген кечилдер элди тац калтырган турдуу кез боёмо енерлерун керсетуп турган. Муса пайгамбардын кереметтерине фараондун ишенбегенинин себеби да ошондо болсо керек. Акырында фараон дециздин экиге белунгенун керуп туруп деле коркпостон дециздин ичине кирип кетет. Фараон жана аскерлерин суу кемуп калгандан кийин елушет. Байыркы Египет мифологиясында сууну жарган же суулардын ордун алмаштырган сыйкырчылар тууралуу уламыштар айтылган. Ошондуктан фараон жана анын аскерлери Муса пайгамабардын аларга керсеткен акыркы кереметин да сыйкыр катары кабыл алышкан деген пикирди туура керууге аргасызбыз (Sipahioglu, 2021, 209-216-бб).

Дециздин экиге белунген жери тууралуу Библияда учкай мааалымат айтылат. Кудай Египеттен чыккан исраил уулдарын Пи-Хахирот, Мигдол жана Баал-Цефон деп аталган аймактар кесилишкен жерге барып кутуп тургула дейт. Дал ошол жерде фараон жана аскерлери жетип келет. Муса пайгамбардын керемети менен дециз экиге белунет жана исраил уулдары ачылган жолдон децизди кесип етет. Фараон жана анын аскерлери да ачылган жолдон салганда дециз аларды кемуп калат (Библия, Чыгуу, 14/1-31). Учурда Пи-Хахирот, Мигдол жана Баал-Цефон деген жерлердин орду так аныкталган эмес. Ошондуктан Библиянын негизинде Муса пайгамбар жана коомунун дециздин кайсы жеринен жарып еткенун так айтуу кыйын. Куранда дециздин жарылганы айтылат, бирок анын кайсы жерде ишке ашканы тууралуу маалымат берилген эмес (Куран, 2/50, 7/136, 10/90, 20/77, 26/63, 44/24, 51/40). Куранда Муса пайгамбарды жацы терелгенде сандыкка салып таштаган суу жана Муса пайгамбар коому менен жарып еткен суу "аль-йамм" (Куран, 7/136, 20/39, 97, 28/7, 40, 51/40) деген сез аркылуу берилет. Анын натыйжасында Муса пайгамбарды агызган суу менен Муса пайгамбар жарып еткен суу бирби деген ойго келсек болот. Ошондо Муса пайгамбар жарып еткен суу Кызыл дециз беле, Нил дарыясы беле?

Айрым изилдеечулер Муса пайгамбардын фараон Рамсес II/Мернептах менен курешкенун айтса, Муса пайгамбар курешкен фараондун Тутмос III болгон деген кез караш да бар. Аталган фараондордун кумбездеру орун алган аймак Нил дарыясынын батыш тарабында жайгашкан. Муса пайгамбар исраил уулдарын чыгыш тарапка алып еткенун эске алганыбызда, Муса пайгамбардын башчылыгында исраил уулдары Нил дарыясын кесип еткен, ал эми фараондун башчылыгындагы аскерлер Нил дарыясында тунчуккан деген жыйынтыкка келсек болот.

Муса пайгамабар жана коому Египеттен кутулуп чыккандан кийин канча бир жыл челде жол журет. Ошол мезгилде Муса пайгамбар кудай менен суйлешуу учун тоого чыгып кетет. Муса пайгамбар кечиккени учун коому алтындан жасалган музоонун айкелине сыйынат. Библия боюнча исраил уулдары сыйынган алтын музоонун айкелин Харун жасайт (Библия, Чыгуу, 32/1-6). Куранда болсо алтындан музоонун айкелин Самирий атуу бирее жасайт. Харун аларга тоскоолдук кылууга аракет кылат, бирок кучу жетпей калат (Куран, 7/148, 20/88).

Муса пайгамбардын кечиккенин шылтоо кылып алтын музоонун айкелине сыйынган исраил уулдарынын кылыктарын байыркы Египеттин ишеними менен байланышта карасак Хатхор кудайга ишарат кылат. Байыркы Египет мифологиясында Хатхор суйуунун, мурзенун, асмандын кудайы болгон. Хатхор кудай суреттерде уй, же уй муйуздуу аял катары керсетулген. Ал Гордун аялы, же энеси болгон деген пикир бар. Ошондуктан Египеттин падышаларын эмизген сурету тартылган (Gündüz, 1998, 161-б). Фараон Тутмос III асканы

ойдуруп, Хатхордун урматына ибадаткана салдырган. Анын ичиндеги ыйык залда Хатхор кудайдын уй туспелундегу айкели болгон. Анын аркасына фараон Тутмос III чагылдырылган, ал эми уулу Аменхотеп II Хатхор кудайды эмип жаткан абалда тушурулген. Мындан башка суреттерду да негиз алып караганда, ал кезде Египетте уй культу кецири жайылган деген ойго келебиз (Adam, 2011, 23-24-бб). Исраил уулдары челде алтындан айкелин жасап сыйынган музоо да Хатхордун айкели болушу мумкун. Балким Бакара суреесундегу исраил уулдарынан уйду курмандыкка чалууну талап кылуу да алардын арасындагы Хатхор ишенимин толугу менен тазалоого байланыштуу болгондур (Куран, 2/67-71). Ошондой эле исраил уулдары челде табынган алтын музоонун айкелин байыркы Египеттеги Апис бука менен да салыштырышкан (Içik, 1991, 527-б).

Корутунду

Байыркы Египеттин дини тарыхынчалык бай жана ошончолук кызыктуу. Биздин замандан баштап эсептей турган болсок, Египеттин тарыхынан кунубузге чеийн дээрлик 5 миц жылдык доор етту. Ошонун ичинен 3 миц жылдык эбегейсиз доор Байыркы Египеттин тарыхына таандык. Кала берсе Европа цвилизациясынын очогу катары белгилуу грек маданиятынын да Байыркы Египеттен таасирленген жана анын кечурмесу деген пикир бекеринен айтылбагандыр.

Пайгамбарлар тарыхынан караганда, Жусуп пайгамбардан Муса пайгамбарга чейин исраил уулдары Байыркы Египетте жашады. Иероглифтерде исраил уулдары тууралуу маалыматтар кездешкени менен Жусуп жана Муса пайгамбар тууралуу азырынча так маалымат табыла элек. Анын негизинде Муса пайгамбардын окуяларын миф дегендер да болгон. Бирок, айрым изилдеочулер шашпай турууну, иероглифтер дагы деле табылып жатканын жана алардын толук окула элегин баса белгилешууде. Египет иероглифтерин Библиянын негизинде изилдешкенин да баса белгилеп коюу керек. Анткени, Библия менен Курандагы маалыматтар эки башка болуп калган учурлар кеп эле кездешет.

Фараон деген сез Байыркы Египеттин тилинде "чоц уй" деген маанини билдирген. Ал сез алгач падышалар жашаган сарайга карата колдонулса, бара-бара падышалардын уй-булесун, ал эми акырында падышанын титулун тушундуруп калган. Учурда фараон дегенде биз Байыркы Египеттин падышаларын элестетебиз. Библияда Египеттин бардык эле падышалары фараон деп аталат. Куранда езгече Муса пайгамбардын доорундагы Египеттин падышасы фараон деп аталып, Жусуп пайгамбардын доорундагы Египеттин башчысы малик, же биздин тилде жен гана падыша деп айтылат. Бул жагынан караганда, Курандагы маалымат тарыхий чындыкка далаалат кылууда.

Айрым изилдеечулер Муса пайгамбардын тушундагы фараондун Рамсес II жана анын уулу Мернептах болгонун айтат. Ал эми Муса пайгамбардын доорундагы фараон Тутмос III болушу мумкун деген кез караш да бар. Библия да, Куранда да Египетте исраил уулдарынын жацы терелген уулдары елтурулуп, кыздары тируу калтырылат. Фараон аны алдыдагы кандайдыр бир коркунучту алдын алуу максатында ишке ашырат. Рамсес II/Мернептах менен Тутмос III экеенун тарыхы салыштырылганда, Рамсес II/Мернептах доорунда Египет эбегейсиз кучтенуп, ал эми Тутмос III доорунда Египет саясий кризиске кабылганын керебуз.

Ошондуктан Муса пайгамбардын доорундагы фараондун Тутмос III болгон деген пикирге басым жасасак болот.

Эмне учун Муса пайгамбарда сыйкырдуу керунуштегу кереметтер берилди деген ойго кабылышыбыз мумкун. Ал кезде Байыркы Египетте сыйкырчылык жана медицина гулдеп турганын билебиз. Муса пайгамбардын аса таягы жыланга айланганын, ал эми колу аппак кардай болгонун кердук. Кызыгы, Муса пайгамбардын аса таягы жыланга айланганда езу коркуп качканын, ал эми фараондун эч кандай реакция керсетпегенун, аны сыйкыр деп ойлоп езунун сыйкырчылары менен жарыштырганын эки тарапты салыштырганда тушунебуз. Анткени, Муса пайгамбар сыйкырчылык енерду билген эмес, фараондун болсо сыйкырчылыктан кабары болгон. Куранда Муса пайгамбар менен жарышкан сыйкырчылардын таяктарын жыланга айланган Муса пайгамбардын таягы жутуп койгондо дароо жерге жабылып, Муса пайгамбардын кудайына баш ийгенин айтышат. Муну Куранды комментарийлегендер сыйкырчылардын ал иштин сыйкыр эмес экенин, акыйкат экенин биринчилердин болуп тушунгену менен байланыштырышат.

Байыркы Египетте сыйкырчылык гулдеп тургандыктан фараонго Муса пайгамбардын кереметтери еен учураган эмес. Муса пайгамбар керсеткен кереметтей сыйкырларды фараон керуп, угуп, билип журген. Ошондуктан ошончо кереметке да ишенген эмес. Акырында Муса пайгамбар сууну экиге белгенде анын ичине кирип кетип, сууга чегуп елет. Кантип эле экиге белунген суудан фараон корккон жок деген суроого да фараон аны сыйкыр деп ойлогон деп жооп берсек болот.

Исраил уулдары Египеттен чыккандан кийин челде Муса пайгамбардын жоктугунан пайдаланып алтын музоонун айкелине табынышат. Анын да Египеттеги Хатхор культу менен байланышта карадык. Балким Куранда исраил уулдарынан бир уйду курмандыкка чалгыла дегенде да журектерундегу Хатхорду биротоло жок кылуу учундур.

Библия жана Куран боюнча Муса пайгамбардын окуясын учкай гана салыштырып еттук. Бул езунче бир теманы тузгендуктен терец кирууну туура кербедук. Алдыда теманын уландысы катары ез алдынча изилденет деген умуттебуз.

Колдонулган адабияттар

1. Adam, B. (2011). Yahudilik ve Hiristiyanlik Açisindan Kur'an'in Tartiçmali Konulari. istanbul: Pinar Yayinlari.

2. Bucaille, Maurice. (2005). Tevrat, Inciller, Kur'an-i Kerim ve Bilim. çev. Suat Yildirim. istanbul: I§ik Yayinlari.

3. Çiftçi, M. K. (2010). Eski Misir Dininde Tanri ve Öte Dünya înanci. (Магистрдик диссертация). Selçuk Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Konya.

4. Fatoohi, Louay - Al-Dargazelli, Shetha. Musa ve Firavun/Çikiç Kitabi. çev. ibrahim Kapaklikaya, Ay§e Meral. istanbul: Gelenek Yayincilik, II. Baski, 2003.

5. Gündüz, §. (1998). Din ve înanç Sözlügü. Konya: Vadi Yayinlari.

6. Gürkan, S. L. (2012). Yahudilik (4-басылыш). istanbul: iSAM Yayinlari.

7. Gürkan, S. L. (2013). Yahudilik. Türkiye Diyanet Vakfi Islam Ansiklopedisi (43-т. 187-197-бб). istanbul: TDV Yayinlari.

8. Harman, О. F. (1996). Firavun. Tirkiye Diyanet Vakfi islam Ansiklopedisi (13-т. 118-121-66). istanbul: TDV Yayinlari.

9. Harman, O. F. (2013). Yakub. Tirkiye Diyanet Vakfi islam Ansiklopedisi (43-т. 274-276-66). istanbul: TDV Yayinlari.

10. Hornung, E. (2004). Misir Tarihi. (Которгон: Zehra Aksu Yilmazer). istanbul: Kabalci Yayinlari.

11. I§ik, E. (1991). Bakara Suresi. Turkiye Diyanet Vakfi islam Ansiklopedisi (4-т. 526-529-66). istanbul: TDV Yayinlari.

12. Kuzgun, §. (1997). Haman. Turkiye Diyanet Vakfi islam Ansiklopedisi (15-т. 436-437-66). istanbul: TDV Yayinlari.

13. Reeves, N. Wilkinson, R. H. (1996). The Complate Valley of the Kings: Tombs and Treasures of Egypt's GreatesPharaohs. USA: Thames & Hudson Ltd.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

14. Sipahioglu, M. (2021). AntikMisir'da Rahip Sinifi. Ankara: Ankara Okulu Yayinlari.

15. §amlioglu, i. E. (2020). Antik Misir Mitolojisinde Apep-Ra Duellosu ve Hz. Musa'nin Yilana Donu§en Asasi: Kar§ila§tirmali Bir Degerlendirme. Ankara Universitesi ilahiyat Fakultesi Dergisi 61(1), 31-57.

16. Би6лия.

17. Куран.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.