ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES
e-ISSN: 1694-8653
№1/2024, 40-47
УДК:
DOI: 10.52754/16948653 2024 1 5
КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН АЗЫРКЫ ТАРКАЛУУ ГЕОГРАФИЯСЫ
ГЕОГРАФИЯ СОВРЕМЕННОГО РАСПРОСТРАНЕНИЯ КИТАЙСКИХ КЫРГЫЗОВ GEOGRAPHY OF THE CURRENT DISTRIBUTION OF CHINESE KYRGYZ
Аташбаев Актилек Мелисбекович
Аташбаев Актилек Мелисбекович Atashbaev Aktilek Melisbekovich
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University
КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН АЗЫРКЫ ТАРКАЛУУ ГЕОГРАФИЯСЫ Аннотация
Макалада кыргыз элинин кытайлар менен жашташ эл болгондугу тарыхый географиялык жайгашуусу жер суу аттары жвнYндвгY топонимикалык маалыматтар такталды. Азыркы кытай аймагында жашаган элдердин тYпкY теги жвщндв географиялык тактоолордо азыркы элдер байыркы элдерден бвлYHYп калуу себептери аныкталды. Байыркы жазмалардагы элдердин урпактары азыркы кайсы эл экендигин далилдввдв негизги фактор боллуп саналат.
Ачкыч свздвр: кыргыздар, тарыхый абал, топонимика, элдердин теги, байыркы жылнаама.
ГЕОГРА ФИЯ СОВРЕМЕННОГО РАСПРОСТРАНЕНИЯ КИТАЙСКИХ КЫРГЫЗОВ
Аннотация
В статье уточнены, что кыргызы появились одновременно с китайцами, их историческое географическое положение, а также топонимические сведения о географических названиях. Причины отделения современных народов от древних были определены в географических уточнениях о происхождении народов, проживающих на территории современного Китая. Потомки народов в древних летописях являются ключевым фактором в доказательстве происхождения нынешнего народа.
GEOGRAPHY OF THE CURRENT DISTRIBUTION OF CHINESE KYRGYZ
Abstract
The article clarifies that the Kyrgyz appeared simultaneously with the Chinese, their historical geographical location, as well as toponymic information about place names. The reasons for the separation of modern peoples from the ancients were determined in geographical clarifications about the origin of the peoples living in the territory of modern China. The descendants of peoples in ancient records are a key factor in proving the origins of the present people.
Ключевые слова: кыргызы, историческое положение, топонимика, происхождение народов, древние летописи.
Keywords: Kyrgyz, historical position, toponymy, origin of peoples, ancient chronicles.
Кытайлык кыргыздардын азыркы таркалуу географиясын аныктоодо кыргыз санжырасындагы жана эпостогу орчундуу окуялар каралды
Байыркы доорлордогу кыргыздарды тактаганда теменде^дей маалыматтарды карадык «ТYрк, кыргыз казак жана хандар шежересинде» (1911) кыргыздар Ыйса Христоско чейин Тану-Ола тоосу менен Ала-Тоонун ортосунда жашаган эл. «Кыргыз» деген сез «тоо аралап жYPYYЧYлер», «тоо кезип жYPYYЧYлер» деген маанини берет. «Маджму атут-товарихте» кыргыздар терт тYPде жазылат; «кыргыздар», «гыздар», «чилгыздар» (кырк гыз), «хыркгыздар» (кыргыз). Тарыхый эмгектерде алар бир эл болуп, Орто Азиянын тYPДYY аймактарында жашагандыктан аттары бир аз езгерYп калган. «Чилгыз» деген сез тажикче «кырк кыз» дегенди билгизет. Тарыхый булактарга таянсак кыргыздар кытайлар менен жашташ байыркы эл, башаты Ыйса Христостон миц жылдар башта пайда болгон. Кыргыз этносунун калыптанышында алгылыктуу пикир катары К. Мусаевдин, «^рк, кыргыз, казак жана хандар шежереси» деген тарыхый жазманы, «Угузнамени», Кытай тарыхый жазмаларын негиз кылып алсак чындыкка келген болобуз. Алардын пикирлери боюнча кыргыздардын башатын «КYн» эли тYзет, алар сактардын урпактары.
Азирети Деет уста, Тешенин пулу тез тийбей,
Балта кылган эмеспи. Керки кылган эмеспи.
Балтанын пулу бат тийбей, Керкинин пулу кечигип,
Теше кылган эмеспи. Тулга кылган эмеспи
- деген «байитин» (ыр) кыргыз элинде гана сакталып калышы, кыргыздардын байыркы эл экендигин айгинелейт. Байите Темир иштетYY доору айтылат. Кыргыздар Евразия аймагында кыргыз каганаттын тYЗYп тургандыгы айтылып, каганаттын тYндYк чек арасы Аргын дарыясынын тYндYГY, чыгыш чек арасы Чоц жана Кичи ^цгей (Чоц жана Кичи Хинган) тоолору, «Улуу дубалдын» сырты; тYштYк чек арасы Капка-Тоо (Малиншань), Каспан-Тоо (Наньшань), Алтын-Тоо (Алтынтаг) тоолору батыш чек арасы Кашгар челYHYн батышындагы Опол-Тоо (Какшаал) аркылуу еткен Каганатка Мамырдын Сары челY (Жунгар Гобиси), Хангай тоолору да караган. Каганаттын ордосу Айдыц-КелдYн боюнда болгон. Каганат бир нече хандыктардан турган. Айдыц-Келде Манас хан кетерYЛYп, Кекче «тере» наамын алат. Эпосто бул аймак Манастын ата конушу, кыргыздардын жери болгондугу; «Ацырттын белин ашышып, Алтайдын тYЗYн басышып. Мамырдын Сары челYне. Кайта келди элине, Айдыц келдYн жээгине» (С.О.4-к) деп айтылат. Эпостогу фактыларга таянсак бул ордого Алтайдан 96миц адам караган. Алардын ичинде кыргыз, уйгур, калмак, казак ж.б. элдер болгон. Ордого ошондой эле Алты шаар уйгуру (Турфан, Аксу, Куча, Кашгар, Карашаар YрYмчY) баш ийген. Аларды эштектердин Жамгырчысы башкарганы эпосто; «Алты шаар уйгуру, азыркы сен улугу, Жамгырчынын аскерин, абац Бакай алганы» (С.О.,4-к.)-деп айтылат.
Кыргыздар жана турк элдери азыркы кYнде Чоц жана Кичине ^нгей зоодон (Чоц жана кичине Хинган чыг.) Дунайга, Сибирдин Обь жана Эне-Сай дарыяларынын алабынан (тYн) Тибеттеги Манас келYне чейинки (тYш) челкемде жайгашкан. Мындай чачыранды абалда жайгашуу байыркы кыргыз империясынын ошол аймактарда болгонун кабарлайт. Кытайдан чабылган элдин негизги езе^ ата-конушунда болгон Орто-Азияда калып, каршылык керсете
тургандар ар тарапка таркатылат. Алар азыркы мезгилде ар тYрдYY аймактарда жашап калган кыргыздардын eзeгYн тYЗYeт. Ал эпосто;
Бирее кетип Алтайга, Бирее кетип Кангайга. Бирее кетип Эренге, Бирее кетип теренге.
Бирее кетип Оролго, Жер Урунту Желпиниш, Тентип жYрeт шоолордо С.К. варианты) - деп берилет.
В. Плоских, В. Мокрынин «Кыргызстандан тышкары жашаган кыргыздар» (1990-ж.) деген эмгегинде кыргыздар Шынжанда жашай тургандыгы жeнYндe маалымат беришет. Борбордук Азиядагы кыргыздар жeнYндe так маалыматтар Ю.С. Худяковдун (1958-ж.), Оогандык кыргыздар жeнYндeгY маалымат А. Нуридиновдун (1991-ж.) эмгектеринен белгилYY• Ал эми Индиянын тYндYГYндeгY, Тибеттин Бука-Мангла тоосундагы кыргыздар жeнYндeгY маалыматтар кийинки мезгилдеги басма сез беттеринде байма-бай берилип, азыркы кытайлык кыргыздардын таркалган аймактарынын географясы такталып Тибетке чейинки аймактар кыргыздарга карап тургандыгы картада кeрсeтYлeт (карта, CYрeт).
1. Тарбагатай (Оркошор) кыргыздары. Монголия менен Казакстандын ортосунда, Тарбагатай тоосунун этегинде жашап, бYГYнкY кYнгe чейин белгисиз болуп келген эл. Оркошор кыргыздарынын саны 1990-жылдагы маалымат боюнча 1500 адам. Алар «Алатоону алты айланып 1820-жылдан башта келгенбиз» деп айтышат. Шынжандагы кыргыздардан 2000-2500 чакырым алыста, кыргыздар менен карым-катнашы болбогондуктан будда динин тутуп, Yрп-адаты калмактарга (монголдорго) окшоп калган. Бул эл жeнYндe тарыхчылар азырынча ез ойлорун айта элек. Эпосто теменкуче айтылат;
Калганьщ калгын буякка, Тарбагатай, Аратоо. Эдил суунун боюнда,
^н чыгыш жагьщ Шиберди Кербеген жерге баргын деп, Кыйнабаймын силерди (С.О.2к).
Оркошор, Майлы, Барлык тоолору тYЗДYктYн ортосунда орун алгандыктан Арал-Тоо (кийинчерээк Ара-Тоо) деп аталып калган. Бул элдин тYпкY теги Эдил жайыгына чейин барып, кайта ушул челкемге келгендиктен «Биз Ала-Тоону, алты айланып келгенбиз» деп айтышат.
2. БерY талаа кыргыздары. Кытайдын Шынжан аймагындагы Турфан (тYн.) жана Баграш-Кел чуцкурдуктарынын (тYш.) ортосунда жайгашкан БерY-Талаа жана Хайдык тоолорунун ереендерYнде жашаган эл. Элинин басымдуу белYГY кыпчак жана мундуз уруулары тYзет. Yрп адаттары уйгурлардыкына окшош. Дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенишет. Жан саны белгисиз. Айгыр Булак (1785 м), КYMYш (1794 м), Ушак-Тал, Чукур (2500 м) кыштактарында отурукташып жашашат.
3. Хайлар кыргыздары. Гандум Салх менен Мамбеттурдунун маалыматы боюнча (Жунго терезеси, 2011-ж., август) Харбинден 300 чакырым тYндYк-батышындагы Неньцзянь дарыясынын боюнда, Хайлар аймагында (4026 чарчы чак. аянтта) кытай, манжу, монгол, дунган, даур, эвенки, сибо, мяо этникалык топтор менен бирге жашашат. Уруулук тYЗYЛYШY боюнча хырхыстар ортыр, сандыр (алтар улусунун урпактары) деп белYHYшет. Ташка, даракка, отко сыйынышат. 0лYктY бакшылык ырым-жырымдар менен жерге коюшат. Курут, айран, быштак, май токоч жасашат. Ю.Янхунендин маалыматы боюнча (1982-ж.) Фуюйда 788, Цицинкарда 21, Хэйлунцзянда 1451, Цицзянда (Фуюйдан 15 км. аралыкта) жети YЙ-бYле ездерYн кыргызбыз деп каттатышкан. Азыркы кYнде Фуюйда 1200 кыргыз жашашат. Мындан тышкары бул аймакта чачыранды абалда 10-15 YЙ-бYлее болуп, малчылык менен жашаган кептеген кыргыз топтору бар.
4. Лобнор кыргыздары. Борбордук Азиядагы Лобнор (Лоп) келYHYн айланасында жашап, кийин келдYн аты менен «Лобу» деп аталып калган эл. Бул элдин езегун кыпчактар тYЗген. Лоп TYЗДYГYHYH чыгышындагы Кум-Майдан, Текши-Арш, Эрименин челдерY жана Ичкиликтин Кара-Тоосунда жашап, чыгыш каганаттын тYштYк-чыгыш чек арасында турушкан. Лоп кыргыздары (лобу); абор, мири, мишми, дафлы, апатани жана ака деген майда топтордон (уруулардан) турат. 1985-жылы 190 миц адамды тYЗген. Алар айрым окумуштуулар божомолдогондой XIII кылым, же 1703-жылдарда кечYPYЛYп келген эмес, байыркы доорлордон бери жашаган жергиликтYY кыпчак эли. Кийинки доорлордо кытайлашып кеткен. Будда динин карманышкан, Кыз Сайкалдын эли.
5. Санжы кыргыздары. Кытайдан Гума Ооданына караштуу Санжы тоосунун (5866 м) Санжы, Акбалык, Каракаш еерендерYнде тажиктер жана уйгурлар менен аралаш жашаган элдер. Негизги жайгашкан жерлери Кыргыз жангил (Раскем еренYнде), Коргон, ^н-Сазы (Каракаш ереенYнде) жана Акбалык (Дуба ереенYнде) айылдары. Кытайдын Ташкоргон-Тажик автоном облусуна карайт. Памирлик кыргыздар менен тектеш.Элинин езегYн нойгуттар жана тейиттер тYзет. Мусулман динин тутушкан эл. Басымдуу белYГY мал чарбасы менен алектенишет. Санжы кыргыздары женYндегY маалыматтар Реми Дордун, А. Песковдун, Грум-Грижимайлонун, Северцевдин эмгектеринде кеп кездешет.
6. Сары-Кол кыргыздары. Шынжандын тYштYГYнде Кец-Тоо (Кинтоу) менен Сары-Кол тоолорунун ортосундагы ереендерде жашайт. Жан саны так эмес. Кытай басма сез маалыматы боюнча Памир жанындагы тажиктердин курамына кирип, саны болжол менен 5-6 мицден ашпайт. Негизги жайгашкан жерлери Таш-Коргон-Тажик ооданынын Кек-Жар жана Сары-Кол ереендерY. Бул эл «Манас» доорунда Сары-Колдон Лоп келYне чейинки аймакты ээлеп турган нойгут уруусунун езегY, Акбалтанын ата конушу. Ал эпосто темен^че айтылат;
Нойгут журттан айрылган, Сагынам нойгут элимди
Акбалта кепти баштады. Кеп тиленем зор Манас,
Сагынам Сары-Кол жеримди, Мурадыма барайын (С.Каралаев.).
7. Турфан кыргыздары. Какшаал тоосундагы Бедел ашуусунан башталган Бедел суусунун Тоошкон-Дарыяга кошулган челкемYндегY Кара-Теке тоосунун Арал айылында турушат. Э. Дабанын маалыматы боюнча 300 тYTYнден ашык. «Манас» доорунан бери жашаган жана 1916-ж «YркYнде» барып калган кыргыздар. Негизинен дыйканчылык менен алектенишет. Турфан шаарында жашагандары соода-сатык иштерин жYргYЗYшет.Турфан кыргыздары женYндегY маалыматтар кенже эпостордо кеп кездешет.
9. Тебит кыргыздары. 2010-жж. чейин Тибет кыргыздары женYнде маалыматтар жокко эсе болуп келген. Тибет кыргыздары женYндегY алгачкы жолу 1940-1945-жж. Тибетке (Лхасага) жашыруун тапшырма менен эки ирет барып келген Суксуралы Кыдыралы уулунун маалыматында берилет. Анын маалыматы боюнча Тибеттин Бука Мангла (Бука жол) тоосунун этегиндеги Марка-КелYне жакын аймакта 40 YЙден турган кыпчак-кыргыздар жашашкан. Алар ездерYн кыргызбыз деп айтышат, будда динин кабыл алышкан, YPп-адаттары тибеттиктерге окшоп калган эл. Кийинки жылдары айрым кыргыз жарандардын барып келиши менен Тибет кыргыздары женYнде маалыматтар басма сез беттеринде, интернет булактарынан бериле баштады. Айбек Байымбетовдун маалыматтары боюнча («Кек Асаба», 20-июнь 2012-ж.) Раскем ереенYнде, Чырак салдыда (5012 м), Шацшидифан айлында (20дан ашык YЙде), Шайдылдада, КYбеде, Данкырда ж.б. аймактарда (3-4 тYTYнден 20-25 тYTYнге чейин) таш YЙлерде жашашат. Алар Шыцжацдан келген эмес, байыркы доордон бери жашап келген эл. Улуу империянын мезгилинде жашаган кыргыздардын урпактары. Тибетте 3миц кыргыз бар.
Ж. Султановдун маалыматтары боюнча («Де-факто» газетасы, №12-саны 2012-жыл) Тибеттеги кыргыздардын жан саны 20 мицдин айланасында. Кулжа, Бугу, Арсар, Жапма деген уруулары басымдуу. 100 жаштан жогору жашашат, 230 жашка чыккандары болот. В. Орозбаеванын маалыматтары боюнча кыргыздар Тибеттин тYштYк-батышындагы Кашмирден баштап Кара-Корумдан Тарим (Такла-Макан, Кашгар) челYне чейинки аймактарда (Хотен), Кекенор келYHYн айланасында, Раскем ереенYнде, Алтын тоонун (Алтынтаг, Куэнь-Лунь) арасында чачыранды абалда жашашат деп берет.
10. Кем-Алай (Гималай) кыргыздары. Кем-Алай жана Дац-Дуц (Памир) тоолорунун бириккен жеринде, Индиянын Жаму штатынын эц тYндYГYнде, дециз децгээлинен 3500-3600 м. бийиктикте жашайт. Булардын жан саны белгисиз, тYпкY теги Памирлик кыргыздар деп жазат Реми Дор. Анчалык кеп эмес бул эл ез тилин, маданиятын, YPп-адатын жоготкону мыйзамдуулук. ТYрк тукумунун кереит (кират) уруусуна кирет. Темирдин Индияга жасаган жортуулу мезгилинде ага кемек керсеткен. Эпосто алар «Жер урунтту Желпиниш, Тентип жYрет шоолордо»-деп берилет. Желпиниш Индияны, «жер урунту» деген сез Индия субконтиненти менен Азия континентинин урунган (тирешкен) жери Кем-Алай тоолорун тYШYндYрет.
11. Памир кыргыздары. Чоц жана Кичи Памир тоолорунда, негизги езе^ Тажик Республикасынын Мургаб районунда (12 миц), Аличур ереенYнде жашап, бул аймактын калкынын 82,2 % тYзет (1990-ж). Элдин езегYн ичкилик уруулары (тейит, кыдырша, кыпчак,
найман) тYзет. Ал эми Кичи Памирде 460 кыргыз (А. Нурдинов, 1991-ж.) дециз децгээлинен 4100-4200 м. бийиктикте жашайт. Булар Ооганстандык кыргыздар деп айтылып Эчки, Тесери деген айылдарга топтолгон. Чоц Памирдин езYнде 102 кожолукта 513 кыргыз жашап; кесек, тейит, найман, кыдырша, кыпчак, кызыл аяк, ж.б. уруулардан турат. Алар «Манас» дооруна чейин, Алооке кыргыздарды чапканда кеткен эл болушу реалдуу чындык. Ал эпосто «Бирее кетти Эренге (Иранга), Бирее TYШYП кетти терецге (тYпкYрге)-деп айтылат. Ошол «терецге» кеткен эл, Ооганстандын Чоц жана Кичине Памир тоолорунда, Пакистандын Пяндж, Вахжир, Гилгит ереенYнде жашаган, тажиктешип кеткен кыргыздардын езегYн тYЗгендYГY талашсыз.
12. Тибеттеги Алайкуу кыргыздары. Тибеттин Амдо аймагындагы (Нагчу округу) Алайкуу кыргыздары женYнде Ж. Султанов темен^че маалымат берет («Супер-Инфо», №.611.18 июль, 2014). Ал Тибеттеги Алайкуу кыргыздары менен Тибеттин борбору Лхасада жолугуп, бийик тоо арасындагы кыштакка Yч ашууну ашып, 12 кYн жол ЖYPYП жетет. Алардын арасында бир жыл жашап, салт-санаасын, жашоо шартын билип кайткан. Алардын саны 300 ге жетет. Эркектеринин кепчYЛYГY Баатыр, Эскен, Элек, БерY, Этек, Саты, ал эми кыздары Санаа, Ажар, БYбY, Омо, Кайры, Жэлегей деген атты алып жYPYшет. Маданияты байыркы денгеелде. Айылга жакын Карол-Дебе, Жым-Жырттык ереенY деген жерлери бар. Жер шарты ете катаал болгондуктан топоз багышат. Аларды 12-13 кYнде Лхаса шаарына алып келип кийим-кечеге алмашат, же сатышат. Эч качан урушушбайт, "барыбыз тецирдин перзентибиз"-деп, бирин-бири сыйлашат. Тутунган дини жок, болгону колдорун кекке кетерYп "Тецирим! берген сууца, абаца, тооцо ырахмат, бизге жакшылыкты бере кер"-деп гана сыйынышат. Таш YЙлерде жашап, биздикиндей буюм колдонушбайт. Кийимдери, YЙ буюмдарынын баары териден жасалган. Орукана, дарыкана, мектеп жок. Чеп дарылар менен дарыланышат. Туулгандыгы женYнде кYбелYк, паспорт дегенди билишпейт.
Тибеттеги Алайкуулуктар Тибеттин Амдоо аймагындагы (Нагчу округу) Тангла тоосундагы ереендердYн биринде жашагандыгы талашсыз. Амдоо аймагы аркылуу еткен машина жолу Лхаса-Ньенчен (7088 м), Нагчу-Атак-Мамыр-Тангла ашуулары (4933 м) жана Цинхай аймагы аркылуу Тарим челYне тYшет. ЭздерY жашаган жерине келиш YЧYн Нагчу кыштагынан чыгышка карай Ньенчен-Тангла тоосу аркылуу етYш керек. Ошондуктан, алар кыска жол болгон Лхаса-Жамдо ашуусу (5151 м)- Жамдо капчыгайы- Лхаруга ашуусу (5459 м)- Ньенчен ашуусу (5560 м) аркылуу Алайкуу капчыгайына келишкени илимий тактык,
13. Ооганстан кыргыздары. «Маджу атут-таворихта» «бурлан», «Тухфатт-таварих-и-ханиде» жана «Манас» эпосунда «катаган» деп айтылган бул эл, кыргыздын бир уруусу. Азыркы убакта негизги тобу Ооганстандын тYндYГYнде хорасындыктар, езбектер, караилер (кераиттер, фуладчи) деп; ирандагылары нафарлар, бахарли, инанлу, теймурташ, гирей, пичагчи, карагозлы деп аталат («Маджуми атут-таворих»; Абрамзон, 1990-ж; Бернштам-1946 ж; С.И. Брук, 1958-ж; Атлас народов мира, 1964-ж). Катагандар ошондой эле Орто Азияда жашайт. Эпосто катаган уруусунун жери «^н батышы жагында, КYЛДYY кыргыз катаган, Кундуз, Талкан жери бар. Кубайыс деген калаасы» (С.О., 2-к)-деп айтылат. Ыр саптарындагы Кенер азыр Кунар, Талкан-Таликан, Кундуз-Кундуз, Балык-Балх деп аталат. Ал эми Ооганстандын тYндYГYнде эц чоц аймак Катаган аймагы, Каракумдун уландысы Кубайстан челY деп аталат, (Атлас мира, 1954-ж).
14. Непалдагы Бакай уруусу. Непалдын Тибет менен чектешкен аймагында, Манас суусунун боюнда жашаган аз сандагы эл. Жашаган кыштагында Манас багы бар. Ричард
Хайдын маалыматы боюнча (2011-ж.) «Тецирге» тоок союп сыйынышат. Тоокту, малды жиликтешет. Курут, айран, cyt ичишет. Май токоч жасашат, терме согушат, термеси «гулче» деп аталат. Мындай термелер Тибетин башка аймактарында да кездешет. Yрп-адаттары кыргыздарга жакын. Айрымдары Непалдыктардыкындай. Е. Реклюнун маалыматы боюнча (1895) бул эл тYрк элинин бутагы, байыркы доордон бери жашаган, жергиликтYY эл. Гулче термесин Тибетте жашаган хорпа, накчу, голог, хыргыз, салар элдери колдонушат деп айтылат. (карта).
Адабияттар
1. Алексеев В.П. «В поисках предков». Антропология и история». М; 1972
2. Геродата. Истории. (котормо).М; 1993
3. Кляшторнай С.Г., Султанов Т. И. «Казахстан» летопис трех тысячелетия. Алматы; 1992
4. Грантовский Э.А. О восточно иранских племенах Кушанского ареала - Центральная Азия в Кушанскую эпоху М; 1975
5. Сулайманов Р.К. Проблемы родины Заратуштры и этнокультурная ситуация в Средней Азии, начало 1 тысячелетия до н. э.// Новое о древнем и средневековом Кыргызстане. Бишкек; 1999
6. Акишев К.А., Кушаев Г.А.«Древняя культура саков и усуней долины».Алма-Аты; 1963
7. Гумилев Л.Н. «Байыркы турктер». Бишкек; 1999
8. Матикеев К. Кыргыздардын тарыхый географиясы. Ош; 2004 Матикеев К Кыргыз, Манас жана тарыхый география. Бишкек; 2012
9. Матикеев К. «Борбордук Азия Манас доорунда». Ош; 1995
10. Матикеев К. "Кыргыз, Манас жана тарыхый география". Бишкек; 2012
11. Матикеев К. "Ыйык китептер, тарыхый жазмалар жана илим. Бишкек; 2015.
12. Ысак Уулу, С. Ичкилик урууларындагы кудалашуу салтынын езгечелуктеру (Кытайдагы кыргыздардын мисалында) (i) / С. Ысак Уулу, А. Сатыбалды Уулу // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 580-590. - DOI: 10.52754/16947452 2021 2 4 580. - EDN: FBBKUN.