ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES
e-ISSN: 1694-8653
№1/2023, 14-21
УДК: 494.3-3:413.1
DOI: 10.52754/16948653 2023 1 2
МОЛДО НИЯЗДЫН КОЛ ЖАЗМАЛАРЫНДАГЫ ЧАГАТАЙ ЖАЗМАСЫ
ЧАГАТАЙСКАЯ НАДПИСЬ В РУКОПИСЯХ МОЛДО НИЯЗА CHAGATAY INSCRIPTION IN THE MANUSCRIPTS OF MOLDO NIYAZ
Акынбекова Айман Усенбаевна
Акынбекоеа Айман Усенбаевна Akynbekova Aiman Usenbaevna
ф.и.к., доцент, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
к.ф.н., доцент, Кыргызская ГосударственнаяМедицинскаяАкадемия им. И.К. Ахунбаева Candidate of Philological Sciences, Associate Professor, Kyrgyz State Medical Academy named after. I.K.
Akhunbaev [email protected]
МОЛДО НИЯЗДЫН КОЛ ЖАЗМАЛАРЫНДАГЫ ЧАГАТАЙ ЖАЗМАСЫ Аннотация
Изилдее XIX-XX кылымдын 20-жылдарына чейин кыргыз элинде колдонулган чагатай тилинин мунездуу езгечелуктеру туурасында сез кылуу аркылуу кыргыз тилинин тарыхый улгулврунун туп нускаларын сактаган кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу, Молдо Нияз акындын кол жазмаларында колдонгон чагатай жазмасынын мунездуу взгвчвлуктвру туурасында илимий негизде иликтее максатын квздвйт.
Ачкыч свздвр: турк тилдери, чагатай тили, араб тили, тыбыш, тамга, кол жазма, уйгур жазуусу, жазма эстеликтер.
ЧАГАТАЙСКАЯ НАДПИСЬ В РУКОПИСЯХ CHAGATAY INSCRIPTION IN THE
МОЛДО НИЯЗА MANUSCRIPTS OF MOLDO NIYAZ
Аннотация
Исследование направлено на научно обоснованное изучение характерных черт чагатайского языка, используемых в рукописях поэта Молдо Нияза, основоположника кыргызской письменной литературы, который сохраняет оригиналы исторических образцов кыргызского языка, рассказывающих о характерных чертах чагатайского языка, используемого кыргызским народом до 20-х годов Х1Х-ХХ вв.
Abstract
The research is aimed at a scientifically based study of the characteristic features of the Chagatai language used in the manuscripts of the poet Moldo Niyaz, the founder of Kyrgyz written literature, who preserves the originals of historical samples of the Kyrgyz language, telling about the characteristic features of the Chagatai language used by the Kyrgyz people until the 20s of the XIX-XX centuries.
Ключевые слова: тюркские языки, чагатайский язык, арабский язык, звук, письмо, почерк, уйгурское письмо, письменные памятники.
Keywords: Turkic languages, Chagatai language, Arabic language, sound, writing, handwriting, Uighur writing, written monuments.
Киришуу
Кыргыз элинин байыркы жазуусунун болгондугун танып, Улуу Октябрь революциясына чейин кыргыздардын жазуусу жана адабий тили болбогон деген жацылыш кез караштардын айланасында жашап келдик. Бугунку кунде мындай маселенин тегерегинде талаш ой-пикирлерди айтуунун езу орунсуз жана сабатсыздык деп билебиз. Себеби жазуусуз эч бир элди элестетуу мумкун эмес. Жазуу аркылуу элдин тарыхынан кабар берилет. Мына ушул жагдайдан алганда, кыргыз эли езунун тарыхый-маданий енугуу, улут катары калыптануу жолунда жалиы турк тилдуу элдер сыяктуу эле жазуунун бир нече турлерун иайдаланышкан. Андай жазуулардын эц алгачкысы Орхон-Енисей жазуусу. Бул жазуудан кийин кыргыз эли колдонгон жазуунун экинчи туру - кеене уйгур жазуусу. Аталган жазуу Орто Азиянын кецири аймагына ислам дининин таркашы менен колдонуудан четтеген. Бирок Орто Азия жана Казакстан территориясында жашаган мусулман турк калктары тарабынан колдонулуп келген араб алфавита араб жана фарс адабий тилдеринин орфографиялык нормаларына ылайыктуу болгону менен, академик Б.М.Юнусалиев белгилегендей, башка сездерду жазууда чагатай адабий тилинин таасири алдында болушкан. Ушундан улам, бул жазууну заман талабына ылайык кепчулук турк элдери сыяктуу эле кыргыздар да ез тарыхында колдонгон жазуулардын тертунчу туру деп атайын белуп кароону туура кердук. Себеби тарыхта араб жазуусу 9-12-кылымдардагы араб халифаты куч алган мезгилге туура келсе, чагатай жазуусу Чынгызхандын экинчи уулу Чагатай бийликке келгенден кийин турк тилдеринин талабына ылайыкташтырылып, олуттуу реформалар жургузулгенден кийинки жазуу туру. Ушул доордон баштап "чагатай жазуусу", "чагатай тили", "чагатай маданияты", "чагатай адабияты" деген терминдер колдонулуп, бул жазуу Орто Азияда жашаган турк тилдуу элдеринин маданиятынын калыптанышына, осуп-енугушуне чоц салымын кошкон. Мындай керунуш XIX кылымдагы кыргыздардын тилин изилдеген бир катар тилчи-окумуштуулардын эмгектеринде белгиленген. Алсак, К. К. Юдахин, В. М. Плоских, С. К. Кудайбергенов ж.б. «Октябрь революциясына чейин сабаттуу кыргыздар кыргыз тилине ото начар ылайыкташтырылган араб алфавитин колдонушкан жана чагатай тили деп жазылган адабий тилдин улгулерун туурап жазышкан»,- дейт [5, 75-6.].
Мындай тарыхый маалыматтарга азыркы мезгилдеги белгилуу тарыхчы-окумуштуулардын да айткан пикирлери дал келет. Алсак, Кыяс Молдокасымов: "100 жылдар бою Стамбул шаарынын итепканаларынын биринде кыргыз тарыхчысы Зиябидин Магзунинин 1666 беттен турган "Фергана хандарынын тарыхы" деген эмгеги чагатай жазуусу менен кыргыз тилинде жазылган, - дейт. Ал эми Тынчтыкбек Чоротегин: "Алишер Навоинин жана Бабурдун сездугун даярдап жаткан биздин боордош езбектер кээ бир сездердун маанисин аныкташ учун К. К. Юдахиндин "Кыргызча-орусча" сездугун колдонушкан, - дейт [1, Азаттык радиосу].
Ушундай тарыхый маалыматтардан улам чагатай жазуусу турк каганатынын мамлекеттик тили болуп, анын ичинде кыргыздар ез тарыхында Х1Х-ХХ кылымдын 20-жылдарына чейин аны колдонгон деп айтууга толук негиз бар. Буга XIX кылымдагы Атаке баатырдын, Кыргыз бийи Олжобай Акымбек менен Мамбет Уметовдун, Шералы менен анын уулу Алгачынын Батыш Сибирдин генерал-губернаторуна жазган каты, Бугу уруусунун Россиянын карамагына еткендегу анттары сыяктуу араб алфавитинде жазылган эц алгачкы эстеликтердин тексттери далил боло алат. Мындай кеене жазма эстеликтер чагатай жазуу тили боюнча кептеген тарыхый материалдарды аныктоого мумкунчулук берет. Бул багытта орус
жана чет елкелук туркологдордун арасында кеп жылдар бою кызыгуулар жаралып, чагатай доорундагы бир катар жазма эстеликтердин тексттери, котормолору изилденип, тилдик комментарийлер менен жарык керген.
Антее да, бугунку кунге чейин кыргыз тил илиминде чагатай жазуусунун мунездемесу женунде жана ал (чагатай) доордо жазылган эмгектер боюнча айрым бир ой-пикирлер айтылып жургену менен, изилдеелер дээрлик жокко эсе. Бирок тилдин ар бир тарыхый доорундагы абалын билдирген жазма эстеликтерсиз эч кандай тил тарыхын ачуу мумкун эмес. Андыктан улуттун кызыкчылыгы учун мурас катары эсеителген чагатай тили боюнча элибиздин маалымдуулугун жогорулатуу зарыл.
Материалдар жана изилдее методдору
"Молдо Нияздын кол жазмаларындагы чагатай жазмасы" аттуу илимий макаланы изилдеенун негизги материалдары катары акындын КР УИАсынын архивинде чагатай жазуусу менен жазылган Молдо Нияз акындын кол жазмаларынын текстериндеги жалиы тузулуштегу, езгече тузулуштегу сейрек учураган тилдик каражаттар каралды.
Ал эми акындын кол жазмаларындагы чагатай тилинин элементтерин изилдеену коздеген максатына, алган багытына, мазмун-натыйжасына жараша интериретациялоо, байкоо жургузуу, транформациялоо, системалаштыруу, салыштыруу, сыиаттоо, анализ, тектештирме-тарыхый, методдору жана зарылдыгына жараша жалпылоо методдору колдонулду.
Тыянактар жана талкуулар
Тилдин тарыхын тактоо максатында кыргыз элинин Октябрь революциясына чейин колдонгон аймактык жазма тили, айрыкча, XIX кылымдагы Молдо Нияз сыяктуу акындардын кол жазмалары жана алардын чагатай тили менен болгон жакындык, тектештик маселелери атайын изилдеенун объектисине алынышы учурда кыргыз тил илиминде актуалдуу маселелердин бири.
Мына ошол революцияга чейинки кыргыз жазуучулары, алардын арасында Молдо Нияз колдонгон араб алфавитинин составында 28 тамга болгон. Ал тамгалар жалац гана унсуз тыбыштардын белгисин билдирген: v (ба), ^ (та), ^ (са), £ (жим), ^ (ха), £ (хо), ^ (дал), ^ (зал), j(po), j (за), ^ (син), ^(шин), ^ (сод), ^(зод), (то), ^(зо), £(айн), £(гойн), ^ (фа), о (коф), ^ (каф), J (лам), ^ (мин), и (нун), j (bob), ® (хе), ^ (ламалиф), ^ (я). Булар араб жана фарс тилдерине ылайыктуу болгондуктан, кыргыз тилинин унсуз тыбыштарын толук камсыз кыла алган эмес. Ошондуктан Октябрь революциясына чейин эле араб тамгаларынын кээ бирлерине кошумча чекиттерди коюу менен терт (^ (г), (ц), ^ (ПХ ^(ч), j' (в)) тамганы кошуп, жазыи келишкен [2, 6-6.]. Алардын айрымдары бир амга менен белгиленсе, айрымдары бир нече тамга менен белгиленген. Мисалы, бир эле [з] терт ¿(зал), j (за), -^(зо) (зод) тамга менен белгиленсе, [с ] уч (^ (син), ^(са), ¿^(сод), [т] эки ^ (та), -Ь (то) тамга, [х] уч £ (хо), £ (ха), (хе), [к] эки тамга ^ (каф), о (коф). Булар араб тилинин фонетикалык езгечелуктеруне ылайыкталып тузулгендуктен, ар бири ар башка айтылып, сездердун маанисин езгертуу касиетине да ээ болгон. Мисалы: ( ¿(зал) - (закир);
у (за) - ^ (пиаз); (зо) - (зориф); (зод) - (фарз); ^ (син) - ^ (сиз); ^
(са) - ^(сана); ¡^(сод) - ^ (сода); ^(та) - (турна); -^(то) - (тобиб); £ (хо) -^ (хоир); ^ (ха) - (хаким); л ( хе) - (гунах); ^ (каф) - ^^ (уйку); о (коф) - ^ (нак).
Ал эми ундуулер болгону уч тамга менен белгиленген: I (а), ^ (и), J (у). Бул болсо, кеп ундуу тыбыштары бар турк тилин толук камсыз кыла алган эмес. Натыйжада, араб тилинин ундууер системасындагы мындай кемчилик тарыхта далай чатак жараткан. Кийин унсуз тамгалардын устуне, астына сызыкча, утур, кош сызык, кош утур коюлуп, араб тилиндеги уч ундуу турк тилдериндеги 8, 9 - I [ а, э, е], ^ [ы, и], J [у, у, о, о] ундууге туура келген [3, 6-6.]. Тактап айтканда, фатха (-) белгиси унсуз тамгалардын устуне коюлуп, [а] тыбышын билдирсе, касра (^ ) тамганын астында келип [и] тыбышын билдирген. Дамма ( -) белгиси унсуз тамганын устунде келип [у] тыбышын билдирген. Алар жанаша турган унсуздерге карап езгерулген, бирок езгерулген варианты езунче тамга менен белгиленген эмес. Маселен, фатха белгиси (-) айрым унсуздер менен келгенде жоон окулуп, [а] тыбышын билдирсе, жумшак унсуздер менен келгенде ичке [е, э] -ни билдирген. Касра (-/) унсуз тамганын астында келип, жоон ундуу катары [ы], ичке ундуу катары [и] болуп окулат. Дамма ( - ) белгиси унсуз тамганын устунде келип жоон ундуу катары [у], ичке ундуу катары [у] болуп окулат. Бирок араб жазуусундагы ундуулерду жана айрым татаал унсуздерду билдируучу жогоркудай езгече белгилер чагатай жазуусунда ар дайым эле сактала бербегендиктен араб жазуусунан айырмаланган. Буга чагатай жазуусу менен жазылган Молдо Нияздын КР УИАсынын архивинде сакталган теменку кол жазмасы толук мисал боло алат жана анда араб жазуусунан айырмаланган чагатай тилине мунездуу теменкудей айырмачылыктар байкалат.
Кол жазмалар фондусу, инв.№ 147
1. Кол жазмада ундуулерду белгилеш учун алынган езгече белгилер (фатха, дамма, касра, сукун) байкалбайт. Мисалы: ^¿jÍS^ - Икикт (Иакикат); «акыйкат», ^j* - мрз (мираз); «мурас», - 'акли (акылы) «акылы», ¡»Ь - 'алм (ээлем) «аалам» ж.б. Мындай учурдатигил же бул сездун маанисин суйлемдун маанисине карай кыйынчылык менен аныктоого туура келет. Эгерде ундууну билгизген тамгалар жазууда колдонулса, ал сезду ар кайсы тилдин жана диалектилердин екулдеру ар башкача окуган. Мисалы, кыргыз тилинде "адам" сезу, езбек, тажик тилдеринде "одам" деп айтылса, кыргыз тилиндеги "ыраак" езбек, тажиктерде "ироок" деп айтылат.
2. Араб алфавитиндеги унсуз тыбыштар бири-бирине ете окшош болгондуктан алар чекиттердин саны менен айырмаланган. Бирок Молдо Нияздын кол жазмаларында андай чекиттердин бириктирилип жазылганын да байкоого болот.
3. Чекиттер ез ордуна коюлбай калса да, сез таптакыр башка маанини берип калат же сездун маанисин аныктоо ете кыйынчылыкты жаратат. Ушул сыяктуу керунуштер Молдо Нияздын кол жазмаларында сездердун кабатталыи жазылышынан байкалат. Аида устуне кабатталыи жазылган сездердун чекиттери астынкы сездердун чекиттерине аралашыи кеткенин акындын жогоруда кол жазмалар фондусунун.№ 147 инвентарынан алынган суреттен керууге болот.
4. Унсуз тамгалардын кээ бирлери алдынкы тамгалар менен кошулуп жазылса, айрымдары езунен кийинки тамгалар менен кошулуп жазылат. Ошондуктан кайсы тамга езунен алдынкы менен, кайсынысы арткы тамга менен кошулуп жазыларын да так билуу керек.
5. Бул сыяктуу керунуш сандарды жазууда да байкалат. Алсак, тамгалар оцдон солго, ал эми сандар солдон оцго карай жазылат. Мисалы: vjJ jv 23 l¿ljtaj ^jU ^jVliJj
[2, .3-6.] Мындай учурда оцдон солго карай жазып келе жаткан жазууну токтотуп, сан менен солдон онго карай жазууга туура келет.
6. Чагатай жазуусунда тыныш белгилер байкалбайт. Ошондой эле баш жана кичине тамгаларды ажыратып жазуучу дифференциалдык принциби да колдонулбайт. Чагатай орфографиясындагы мындай баш аламандык кол жазмаларда айрыкча араб-иран (м: заприцда, бандасан, гандасан, йашазаин, сраттасан, вазы, парандасан ж.б.) тилдеринен кабыл алынган сездердун тексттерде ташмалданышын, туура окулушун жана сездердун маанисин тушунууге бир топ кыйынчылыктарды жаратат.
7. Суйлемдердегу сездердун арасында ажырымдар байкалбай, жолдун башынан аягына чейин бириктирилип жазылат. Бул учурда да башка тилден кабыл алынган сездердун жигин ажыратуу мумкун эмес.
Бирок чагатай жазуусунун орфографиялык принциптерине таянып, араб алфавити менен жазылган кол жазма, окууда канчалык кыйынчылык келтирсе да, жана кыргыз тилинин фонетикалык езгечелугун билдире албаган кемчиликтери болгону менен, чагатай жазуусу ез учурунда коомдук маданиятыбыздын есушуне белгилуу роль ойногон.
Корутунду
Молдо Нияз сыяктуу улуу инсандардын жараткан улуу мурастары азыркы кундегу тилибиздин, адабиятыбыздын, маданиятыбыздын, тарыхыбыздын алгачкы булактары болуп саналат. Андыктан чагатай жазуусу менен жазылган кол жазмаларды окууда келтирилген жогоркудай кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз тилинин тарыхый езгечелуктерун сактаган кыргыз жазмасынын алгачкы улгулерунун туп нускаларын эл арасынан жыйноо, аларды кечуруп жазуу, аны муундан-муунга еткеруу, ошондой эле кечурулген кол жазмаларды улуттук-кенч, улуттук-мулк катары сактап, бапестее иштерин тынымсыз жургузуу зарыл. Себеби мындай жумуштар ХУ-Х1Х кылымдарда кыргыздар колдонгон китептердин репертуарын жана окуган китептердин чегин, еткендегу сабаттуу кыргыздардын илимий билимдеринин жана адабий табиттеринин кандай болгондугун аныктоого жана кыргыз тилинин тарыхый жазма эстеликтери текстологиялык багыттагы изилдеелерду жургузууге баалуу булак болуп бере алат.
Жыйынтыктап айтканда, Молдо Нияз колдонгон тилдик каражаттардын лингвистикалык, графикалык, лингвосемиотикалык, диалектилик жана башка езгочелуктеруне илимий негизде мунездеме беруу кыргыз тил илими учун теориялык жактан да, практикалык жактан да чоц мааниге ээ. Себеби кыргыз эли езунун басып откен узак, тарыхый, татаал жолундагы улуу руханий мурастарын ото бапестеп, кастарлап сактап калуу -учурдун кечиктирилгис шарты. Бул жагынан алганда, турк тилдуу кошуна мамлекеттердин айрым окумуштуулары ез улутунун артыкчылыгын, тил тарыхынын байыркылыгын аныктоо учун "чагатай тили" деп аталган турк тилдеринин орток мурасын окуп уйренууге, аларды ездерунун шыбагасына кебуреек энчилеп тартууга, ал тугул, менчиктеп алууга аракеттерди жасоодо. Мына ушундай жагдайда чагатай жазма тилине байланыштуу Молдо Нияз сыяктуу XIX кылымдагы жазгыч акындарыбыздын чыгармаларына лингвистикалык багытта илимий-теориялык жактан ар тараптуу изилдее иштерин жургузуу кечиктирилгис шарт. Анткени мындай багытта жургузулген илимий-изилдее иштери кыргыз элинин маданиятынын откендегусу менен азыркысынын ортосундагы реалдуу карым-катнашты, ар тараптуу лингвистикалык, лингвомаданий байланыштарды калыбына келтирууге кемек керсете алат.
Пайдаланылган адабияттар
1. «Азаттык» радиосу.27.01.15.саат: 13:46.
2. Арабаев И. Жазуу жолунда. [Текст] / И. Арабаев.// -Фрунзе, 1923. -3-6.
3. Карасаев Х.Камус наама. Б.: 1996, - 6 6.
4. Кол жазмалар фондусу, инв.№ 147.
5. Плоских В.М., Кудайбергенов С.К. Ранние киргизские письменные документы (Известия АНКиргизскойССР. Общественныенауки)Фрунзе. 1968, №4, -С.75.
6. ЮдахинК.К. Кыргызча-орусча сездук. М., 1940, -6 б.
7. Юнусалиев Б. М. "Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза" деген эмгектен кыскартылып алынган котормо //Ала-Тоо. 1989. -№1. -79 б.
8. Жеенбаев, Г. Т. Молдо Нияздын санатына 1898-жылдагы Анжиян кетерулушунун суреттелушу / Г. Т. Жеенбаев, А. К. Таабалдиева II Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Уо1. 1, N0. 4. - Р. 440-451. - Б01 10.52754/16947452 2021 1 4 440. - ББ№ РУМЬ2Б.
9. Султанова, М.Ш. XIX кылымдын экинчи жарымы XX кылымдын башындагы акындардын чыгармаларындагы тарыхый окуялардын чагылдырылышы / М. Ш. Султанова, Г. Абсамат Кызы II Вестник Ошского государственного университета. -2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 1107-1113. - DOI 10.52754/16947452_2021_2_4_1107. -EDN: EFTLDV.