Научная статья на тему '“МАНАС” ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН'

“МАНАС” ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
182
21
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
“Манас” үчилтиги / жалпы адамзаттык баалуулуктар / материалдык эмес маданият / манасчылар / оозеки салт / Manas trilogy / universal human values / intangible culture / storytellers / oral tradition

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Жылдызкан Канатбековна Абдиева, Жаркынай Төлөгөнова

"Манас" эпосунун үчилтиги – кыргыздын эки миң жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосун чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы экени айтылат. Демократиялык түзүлүштүн бекем орношу ар бир инсандын ыйман ызатын сактап, кастарлап, ыйык тутушуна жараша болоорун "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгында баса белгиленип көрсөтүлүүдө. Салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин стратегиялык максаттарынын бирине айлануусу зарыл. Өзүнүн чыгармачылык салтын кыргыз эли бүгүнкү чейин сактап келди Оозеки салткка ээ болуу “сабаттуулукка жете элек улут болуу” дегенди түшүндүрбөйт. Оозеки салт бул сабаттуу улуттар жоготуп койгон маданияттын бир түрү. Бул макалада «Манас» эпосунун изилдениш тарыхын иликтөөгө көңүл бурулуп, муундан-муунга өтүп, эл оозунда айтылып сакталып келген “Манастын” манасчылар тарабынан айтылып, сакталып калуусуна көңүл бурулду.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FROM THE HISTORY OF THE MANAS EPIC

The Manas trilogy is a golden treasure trove of folklore that reflects historical experience and spiritual life of the Kyrgyz for two millennia. The decree "On additional measures to study and popularize the trilogy of the epic "Manas" ("Manas", "Semetey", "Seitek") emphasizes that the lasting establishment of a democratic system depends on the preservation of the faith of each person. One of the strategic goals of the state should be the restoration of traditional spiritual and moral, universal human values, the creation of conditions for the systematic development of the intangible culture of folk art. The Kyrgyz people have maintained their creative tradition until today. Having an oral tradition does not mean "being a people who has not yet achieved literacy." Oral tradition is a form of culture lost by literate peoples. This article pays attention to the history of the study of the epic "Manas," as well as the preservation of "Manas," which was transmitted from generation to generation.

Текст научной работы на тему «“МАНАС” ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

e-ISSN: 1694-8610

№2/2023, 105-112

УДК: 947.1:93\99(575.2)(043.3) DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 13

"МАНАС" ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН

ИЗ ИСТОРИИ ИССЛЕДОВАНИЯ ЭПОСА «МАНАС» FROM THE HISTORY OF THE MANAS EPIC

Абдиева Жылдызкан Канатбековна

Абдиева Жылдызкан Канатбековна Abdieva Zhyldyzkan Kanatbekovna

т.и.к., доцент, Талас мамлекеттик университети

к.и.н., доцент, Талаский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Talas State University

Телегенова Жаркынай

Твлвгвнова Жаркынай Tologonova Zharkynai

Магистрант, Талас мамлекеттик университети

Магистрант, Талаский государственный университет Master's student, Talas State University

"МАНАС" ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН

Аннотация

"Манас" эпосунун Y4^nrara - кыргыздын эки миц жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосун чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы экени айтылат. Демократиялык тYЗYЛYштYн бекем орношу ар бир инсандын ыйман ызатын сактап, кастарлап, ыйык тутушуна жараша болоорун "Манас" эпосунун Yчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдее жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жeнYндe" жарлыгында баса белгиленип керсетYЛYYДе. Салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирYY, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу eнYктYPYY YЧYн шарттарды тYЗYY мамлекеттин стратегиялык максаттарынын бирине айлануусу зарыл. 93YHYH чыгармачылык салтын кыргыз эли чейин сактап келди Оозеки салткка ээ болуу - "сабаттуулукка жете элек улут болуу" - дегенди тYШYHдYрбeйт. Оозеки салт бул сабаттуу улуттар жоготуп койгон маданияттын бир тYPY. Бул макалада «Манас» эпосунун изилдениш тарыхын иликтееге кeцYл бурулуп, муундан-муунга eтYп, эл оозунда айтылып сакталып келген "Манастын" манасчылар тарабынан айтылып, сакталып калуусуна кeцYл бурулду.

Ачкыч свздвр: "Манас" Yчилтиги, жалпы адамзаттык баалуулуктар, материалдык эмес маданият, манасчылар, оозеки салт.

Из истории исследования эпоса «Манас» Аннотация

Трилогия «Манас» является золотой сокровищницей фольклора, отражающей исторический опыт и духовную жизнь кыргызов на протяжении двух тысячелетий. В постановлении «О дополнительных мерах по изучению и популяризации трилогии эпоса «Манас» («Манас», «Семетей», «Сейтек») подчеркивается, что прочное установление демократического строя зависит от сохранения веры каждого человека. Одной из стратегических целей государства должно стать восстановление традиционных духовно-нравственных,

общечеловеческих ценностей, создание условий для планомерного развития нематериальной культуры народного творчества. Кыргызский народ сохранил свою творческую традицию до сегодняшнего дня. Иметь устную традицию не значит «быть народом, еще не достигшим грамотности». Устная традиция -это форма культуры, утраченная грамотными народами. В данной статье уделено внимание истории исследования эпоса «Манас», а также сохранению «Манаса», который передавался из поколения в поколение, сохранялся устами народа.

From the History of the Manas Epic Abstract

The Manas trilogy is a golden treasure trove of folklore that reflects historical experience and spiritual life of the Kyrgyz for two millennia. The decree "On additional measures to study and popularize the trilogy of the epic "Manas" ("Manas", "Semetey", "Seitek") emphasizes that the lasting establishment of a democratic system depends on the preservation of the faith of each person. One of the strategic goals of the state should be the restoration of traditional spiritual and moral, universal human values, the creation of conditions for the systematic development of the intangible culture of folk art. The Kyrgyz people have maintained their creative tradition until today. Having an oral tradition does not mean "being a people who has not yet achieved literacy." Oral tradition is a form of culture lost by literate peoples. This article pays attention to the history of the study of the epic "Manas," as well as the preservation of "Manas," which was transmitted from generation to generation.

Ключевые слова: трилогия «Манас», общечеловеческие ценности, нематериальная культура, сказители, устная традиция.

Keywords: Manas trilogy, universal human values, intangible culture, storytellers, oral tradition

Киришуу

"Манас" эпосунун Yчилтиги - кыргыздын эки мин; жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосун чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы экени айтылат.

2022-жылы 23-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров "Манас" эпосунун Yчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдее жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жeнYндe" жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын негизинде тYЗYлгeн улуттук программанын максаты — салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирYY, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу eнYктYPYY YЧYн шарттарды тYЗYY. Программа стратегиялык максаттарга — кыргыз элинин маданиятын жана тилин сактоого жана eнYктYPYYгe багытталган (https://sputnik.kg/20220423/manastv-zhaivltuu-zharlvgv-1063891847.html).

Бул макалада "Манастын" манасчылар тарабынан муундан-муунга eтYп, эл оозунда айтылып, сакталып калуу тарыхына кeнYл бурулду.

«Манас» эпосунун жаралуу, калыптануу, eнYГYY сапары узак мезгилди баштан кeчYPYп, кeптeгeн байыркы маданият каражаттарын сактап келген.

"Манасты" билген, аны эл алдында аткарган адамдар жeнYндeгY алгачкы маалымат илимге XIX - кылымдын экинчи жарымынан баштап белгилYY. 1856-жылы казак элинин окумуштуусу Чохан Валиханов кыргыз жеринде болуп, ага кыргыздардын ырчысы (ырчы деп, кeлeмдYY чон чыгармаларды аткаруучуларды билдирген) келип жолуккандыгын, ал ырчы "Манасты" билерин жазган (Манас. Энциклопедия. 2-бeлYк.].

Кыргыздын биринчи фольклор изилдeeчYCY К. Рахматуллиндин «Манасчылар» аттуу эмгеги Фрунзе шаарында 1942-жылы жарык кeргeн. Ал китепти кыргыз тил, адабият жана тарых илим изилдee институту кыргыз тилинде даярдаган. Китеп «Манасчылардын чыгармачылык эмгеги» деген бeлYм менен башталып, мында манасчыларды эл акындарынын eзгeчe бир тYркYMY катары каралып жана аны Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Акмат Рысменде уулу, Жаныбай Кожек уулу eнДYY манасчылардын чыгармачылыгынын YлгYCYндe кeрсeтeт. Манасчылар эч качан «Манасты» жаттоо аркылуу эмес, алар YЙрeнYY жолу менен манасчы болуп чыгышат, деген ойду айтат жана бардык манасчыларда сюжет негизинен бир багытта eнYгeрYн белгилейт. Манасчылардын "Манастыв" айтуусунда идея жана сюжет жагынан бири-бирине карама-каршы турган вариант жок экенин, бардык варианттардын башкы идеясы кыргыз элинин боштондук YЧYн кYрeшY экендигин кeрсeтeт (Манас. Энциклопедия. 2-бeлYк).

"Манасты" кезегинде баатыр менен бирге жашаган Жайсан ырчы же Ырамандын ырчы уулу айтып баштаган деген божомолдоолор бар. Андан сон манасчылык eнeрдY алып жYргeн кийинки муундарга мурас кылып eткeрYп берген Х1Х-ХХ- ХХ1-кк. жашаган атактуу, талантуу манасчылар Келдибек Карбоз уулу (1800-1880), Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799-1887), Музооке (1800-1878),Чонду (1862-1912), Акылбек (1840), Тыныбек Жапы уулу (1846-1902), Найманбай Балык уулу (1847-1913), Кенжекара Калча уулу (18591929), Дыйканбай (1873-1923), Багыш Сазан уулу (1878-1958), Чоюке eмYP уулу (1880-1925), Тоголок Молдо (1860-1942), Шапак Рыменди уулу (1863-1956), Куйручук (1863-1940),

Сагымбай Орозбак уулу ( 1867-1930), Саякбай Карала уулу (1894-1971), Жацыбай Кожек уулу (1869-1942), Жакшылык Сарык уулу(1880-1934), Молдобасан Мусулманкул уулу (1883-1961), Мамбет Чокмор уулу (1896-1973), Дункана Кочуке уулу (1886-1981), Ыбырайым Абдрахман уулу (1888-1967), Акмат Рысменде уулу (1891-1996), Жусуп Мамай (1918-2014) женунде жана андан кийинки манасчыларыбыз Шаабай Азизов, Уркаш Мамбеталиев, Сейдирахманов Назаркул, семетейчи Сейдене Молдоке кызы, Каба Атабеков, Талантаалы Бакчиев, Деелет Сыдыков, Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Камил Мамдалиев ж.б.лар кепчYЛYк элдин жан дYЙнесYнен орун алып келет.

Манасчылык енер даяр сюжеттин YCTYнде иштеп, салттык белгилерди ездештYPYп, сактоого тийиш. Манасчы салттык белгилерди так билсе, ыгы менен туура пайдаланып, ез табылгалары менен байытып, енYктYре алса манасчы атка конот (Манас. Энциклопедия. 2-белYк).

Аталган манасчылардын варианттарынын баары эле варианттык талапка жооп берет деп айтышка, ошондой эле айрым манасчылардан билген тексти толук жазып албагандыктан негизги эпизоддор жок деп, алардын тексттерин варианттык акысынан ажыратууга да болбойт.

Эпостун Yч белYMYн тец айткан жана кагазга тYШYрген таланттуу Yлкен манасчылардын атын атасак, анда алар: Тоголок Молдо, Молдобасан Мусурманкул уулу, Шапак Рысмендиев, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Жацыбай Кожек уулу, Ыбырай Абдрахманов. Булардын ичинен Тоголок Молдо, Ыбырай Абдрахманов сабаттуу, жаза билген инсандардан болгондуктан, Yчилтиктин Yч белYГYн тец ез колу менен жазышып илимий фондуга еткерYШкен. Тоголок Молдонун Yчилтигинин бардыгы 98703 сап ыр, Ы.Абдрахмановдун "Манас" белYMY 17859 сап ыр, М.Мусулманкулов С.Байсалов менен А. Тай^рецов тарабынан жазылып алынган "Манас" жана "Семетей" 203 миц саптан турат, М.Мусулманкуловдон "Кедейкан", "Жацыл Мырза", "Курманбек", "Жаныш, Байыш" эпостору да кагазга TYШYPYЛген. Жацыбай Кожековдон Каюм Мифтаков "Семетейди" толук, "Манастан"YЗYнДY жазып алган. Алардын баары 19445 саптан турат. Шапак Рысмендеевдин Ж.Наматов кагазга TYШYрген Yчилтигинин ичинен "Манас" белYMYHYн келемY 24160 сапты TYзет. Багыш Сазановдун М.Багышов, Т.Абдыраков, Иноят Мусаев тарабынан жазылган "Манас", "Семетей", "Сейтек" чогуусу менен 101580 сап ырдан турат. Мамбет Чокморовдун варианты ("Манас", "Семетей", "Сейтек").

1959-1972жж. Академиянын Манас секторунун кызматкерлери Мундук Мамыров, Эсенаалы Абдылдаев жана манасчынын уулу Касымбек Мамбетов тарабынан жазылган. Трилогиянын жалпы келкмY 148557 сап ыр, о.э, Мамбет Чокморовдон узундугу 9700 метрге жеткен магнитофондук жазуусу тасмага тYШYPYлген.

Ооганстанда жана Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздардын арасында да "Манас"эпосу кецири тарагандыгы белгилYY. Официалдуу маалымат боюнча Шинжан автономиялуу районунда уйгур улутундагылар арасында да Манас айткан манасчылар бар. Мисалы, уйгур 1914-ж. терелген Муса Якуп манасчы катары таанымал. 1964-жылы Муса Якуптан "Алмамбеттин Бейжинден чыгышы" деген белYM 1140 сап келемYHде жазылып алынган.

Кытай Эл Республикасында 80ке жакын манасчы бар деп эсептелинет. Булардын арасында Эшмат, Жусубакун, Апай, Ыбырайым, Балбай, Жусуп Мамай, Осмон Нияз,

Кабылакун, Осмон Мати, Тере Жума, Сатыбалды Ажы, Шаабай Чолу, Орозо Кадыр сыяктуу атактуу манасчы, семетейчилер бар.

1960-ж. Пекиндеги Борбордук улуттар институту Шинжац уйгур автономиялуу районунун адабият кцркем енерчYлер бирикмесинин кызматкерлери менен бирдикте кыргыз аймактарына экспедиция уюштуруп, элдик оозеки адабияттын бир катар YлгYлерYн жана Кызылсуулук манасчы Эшматтан "Семетей менен АйчYректYн YЙленYШY" атуу белYмдY жазып алып, аны дароо уйгур жана ханзу тилдерине которушат."ТецирТоо", "Тарым" деген журналдарга жарыяланат. Кыргыз калкынын ичинде "Манас" аттуу улуу маданият бар экендиги тууралуу кытайдын расмий бийлигине жетип, бYткYл елкеге угулат.

1961-жылы Кытайлык бийликтин колдоосу менен Шинжац уйгур автономиялык районуна экинчи фольклордук экспедиция башталат. Бул экспедицияга Пекиндеги Борбордук институттун мугалими, окумуштуу Ху Чжень-Хуа, Кызылсуудан Алтын Yсейин ажы, Токтосун катышат. Фольклордук экспедицияда атактуу манасчы ЖYCYп Мамайдан Манас эпопеясынын 110000 ыр сабы, Эшмат манасчыдан 10000 сап ыр кагазга тYШYPYлет. Калган 20 дан ашык манаксчылардан 150000 сап "Манас" жазылып алынат. Жацылык катары белгилей кете турган нерсе Жусуп Мамайдын "Манасты"сегиз урпакка чейин ("Манас", "Семетей""Сейтек", "Кененим", "Сейит", "Асылбача, Бекбача", "Сомбилек" , "Чигитейди") айта тургандыгы белгилYY болот.

1966-ж. Кытайда "маданий революция" башталат, "Манас" эпосунун тYп нускасы Бейжинге алынып кеткен. "Маданий революция басацдаган мезгилде, 1978-ж кайрадан ЖYCYп Мамай Пекинге чакырылат. Ошол жылдан 1983-жылга чейин ЖYCYп Мамай "Манастын" 8 урпагын кайрадан жаздырып, бYTYрген.

1992-ж Какшаал "Манас" айтуу чогулушуна катышкан 40 манасчыдан улуу эпостун дагы далай материалдары жазылып алынган. БYГYнкY кунде Ж.Мамайдын вариантын кошпогондо 80 ден ашуун манасчыдан жазылып алынган "Манастын" 2 миллион саптан ашык ыр казынасы Кытайда архивде сакталып турат (Абакиров, 2016, 377-б.).

"Манас" Ооганстандагы Памирдеги кыргыздарда тараган. Азырынча бизге белгилYY француз тYркологу Реми Дордун Оогандык манасчыдан жазып алган "Манас" эпосунун 616 сап ыры гана белгилYY. Бул YЗYHДY 1991-ж. Фрунзе шаарында чыккан "Кыргыздар" атуу китепке жарыяланган. Реми Дор Манасты жазып алгандыгы женYHде темендегYДей дейт: "1972-ж мен Ооганстандын TYHДYГYHдегY Памир тоолоруна алгач экспедицияга барганымда оогандык кыргыздардын ичинде манасчы "Манасты" дурус билген бар бекен деп сурамжыладым. Улуу Памирде "Манас" айтып аты чыккан бир кыргыз бар деген маалымат алдым. Кийинки жылы дал ошол мени кызыктырган кишини издеп таптым. Ал адам улуу Памирдин чыгыш тарабындагы Зоркел деген кел боюндагы жайлоону ээлеген Осмоналы ажы деген байдын айылынан чыкты. Ашым Афез аттуу ошол адамды арац таптым. Ал Осмон ажынын малчысы экен, жайлоого кечYп калышкан экен, аябай убактысы тар экен, эптеп мага 3-4 саат гана убактысын белYп, анан TYH жарымында шашкан бойдон малына кете берди. Ал 51 жашта экен Ал сабатсыз кара тилин кайраган емYP бою тоо арасынан сыртка чыкбаптыр. Ал эки гана эпос билет экен. "Манас", "Кер уулу". Аларды бала кезинде ез жердеши ©мербай аксакалдан YЙренYпTYр. 1-август 1973-ж мен андан жазып алган "Манас 2616 сап ырды TYЗЦT. Аягы чорт YЗYЛYп токтолот (Кыргыздар, 1-том, 1991. 466-б.)

Реми Дор эпостун бул белYкчесY же^нде "Манастын Памирдеги YЗYHДYCY" аттуу макала жазып, француз басма сезYне жарыялаган. Макаласынды Реми Дор 616 сапка кецири илимий талдоо жYргYЗген.

1920 - жылдын башында эл чыгармачылыгын жыйноо комиссиясынын берген багыты алдында "Манасты" мурункудай туш келген жерден YЗYп, олуп-чолуп жазбастан, атактуу Yчилтикти -"Манасты", "Семетейди", "Сейтекти" ырааттуу толук жазып алуу идеясы пайда болот. Мындай демилгенин башында 1922-ж ошол туштагы белгилYY, ТYркестан АССРинин эл агартуу комиссариатында Кыргыз илимий комиссияны жетектеген Эшенаалы Арабаев турган.

1922-ж. С. Орозбаковдон "Манасты" системалуу TYPде жазып алуу жумушу башталган. Нарындагы жайлоолордун биринде С. Орозбаковдон "Манасты" жазып алуу кандайча башталгандыгын экспедициянын жетекчиси Каюм Мифтаков кYHделYГYHде мындайча эскерет: " Жыйылган элдин тегерегине Ыбырайды, Сапарбайды, Чаки Каптагаевди олтургузуп, бутка жаздык, анын YCTYне батнос коюп жаза баштадык. Экспедициянын мYчелерY туура метод менен иш башташкан. 1922-ж жай, куз айларында Сагымбайды ез эркине коюп Нарындын жайлоолорун кыдыртып, эл аралатып Манас айттырып, манасчыны езYне кенYMYш тарыхый шартта ырдатып, ошол кырдаалдарда эпостун саптарын кагазга тYШYрген. Дастандын "Манас" белYГYн толугу менен кагазга TYШYPYYHY мугалим, фольклорист Ыбырай Абдрахманов 4 жыл бою тынбай жазып олтуруп, жалгыз езY жYзеге ашырган

С.Орозбаковдон "Манас"жомогун жазып алуу оцой болгон эмес. Бул жумуш манасчы YЧYн моралдык жана материалдык кыйынчылыктардын YCTYнде еткен. Ы.Абдрахманов тарабынан 1926-жылы "Манас"белYГY толугу менен жазылып бYTкен. С.Орозбаковдон жазылып алынган тексттин келемY 180378 ыр жолун TYзет. Вариант кыргыз элинин салт-санаасын, YPп-адатын, ишеним тYШYHYктерYн, ыйман-абийир женYндегY кез караштарын, басып еткен жолунун урунттуу учурун кецири баяндайт.

"Сагымбайдын айткан "Семетейи" эц башкача кызык эле, жазылбай езY менен кетти", - деп эскерет Ы.Абдрахманов.

ХХ-кылымдын Гомери - Саякбай Каралаевдын алынган вариант тарыхтын, тагдырдын кыргыз элине берген бактысы.

1918-жылдан тарта Кызыл Армиянын катарында болуп, граждандык согушка катышып, Алмата, Бухара, Ашхабад, Жаркент жактарда совет бийлигинин душмандарын талкалоого катышып, Yя жылдан соц Ала-Тоого кайтып келген Саякбай ку^лдете Манас айтып, жомокчулук талантын курчутуп жYрген кези болгон. ТYгелбай Сыдыкбеков минтип эскерет:" Мен Караколдо окуп жYрген кезим. Манасчы келди деген соц коцшумдукуна бардым. Эшиктен терге чейин аял-эркек жык толуптур. Боз шинелди желбегей жамынып, терде олтурган арыкчырай, кызыл тоголок адам жаны эле айта баштаганбы? YнY улам ачыла, ыргагы улам кетерYле берип, алп сездерYн мендYPдей сабатып жибергенде тымып олтурган кишилер козголушуп -Э бали деп CYрей калышып турду. Ал улам кызып, улам кYПYлдеген сайын,тек кандайдыр бир жомоктогудай жер-суунун керкY кез алдыма келип, зор алп кетеленген кишилердин элестери керYHYп, укмуштай чоц аттардын туяктарынан чыккан дYбYрттер келип, биз олтурган YЙ толо кишилер баарыбыз бYTYндей ошо алп дYЙнеге аралаша бердик. Айтор мезгилдин етке^ сезилген жок (Сыдыкбеков, 1994, 77-б.).

1930-жылы Ленинграддан Чыгыш институтун бYTYPYп келген Кусейин Карасаев Саякбай Каралаевге жолуккан мезгилин "Манасчы Саякбай Карала уулун табышым" деген макаласында эскерет. Саякбайды эл ичинен табып, жаны манасчы менен таанышып, андан "Манасты" жазып алуу мына ушинтип башталган.

1930-40 - жж. жомокчунун оозунан эпостун бардык бeлYMдeрY жазылып алынган. "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Кенен", "Алымсарык", "Кулансарык" жазылып алынган. Бардыгы 500553 сап ырдан турат. Бул вариантты жазып алууга К.Жумабаев, Ж.Рисов, Ж.Бекбаев, К.Кыдырбаевалар катышып, бирок тексттин кeпчYЛYк бeлYГY кайра эле ошол Ы.Абдрахмановдун чалыкпаган кYЖYрмeн эмгеги аркылуу кагазга тYШYPYлгeн.

Манас изилдeeчYлeрдYн бирдиктYY пикири боюнча С.Карала уулунан 30-40--жж. жазылып алынган варианттар эпостун эн толук жана идеялык-кeркeмдYк келбети келишкен вариант болуп эсептелет. Мына ошентип, тарыхта биринчи жолу "Манастын" Yч бeлYMY тен ырааттуулукта жазылып, Yч илтик чыпчыргасы коробой жазмага тYшкeн.

Саякбайдын варианты "Манас" Yчилтигин бардык бeлYMдeрYHYн салттык окуяларын толук камтуу менен бирге анын бардык эпизоддорун жетеер жеринен жеткире CYрeттeгeнY менен айырмаланат ( Манас, Энциклопедия, 2-бeлYк.).

Орустун академиги В.Козин толкундануу менен мындай деген: "Мен кeп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын уккамын. Бирок, Саякбай Каралаев сыяктуу укмуштуудай таланттуу аткаруучуну гартен эмесмин. Мунун азыркы аткарган "Манасына" тил билбесек да TYШYHYП катуу таасирлендик. "Тил билбеген адамдын "Манасты" TYШYHYП жазуусу Саякбайдын эпостун мазмунун анын сeзYHдe гана эмес, манасчынын обонунда, интонациясында, эмоциясында, кeз жашында, мин кубулган YHYндe, кылдат кыймылында, мимикасында, пластикасында жашап жатат. Ошон YЧYH TYШYHYKTYY болуп жатат. Манасчы бир эле учурда акын да, обончу, композитор, актер дагы. Кыргыздардын илгертен "Манасты" тамшанып угуп келгени манасчылардын мына ушундай eзгeчe касиетине, eнeрYнe тыгыз байланышкан.

Манасчыларды гаргам мурас ээлери катары оозеки салттуулукту алып жYргeнYн жана аткаруучулугун иликтee келечек талап кылган маселелерден.

Адабияттар

1. Абакиров К. (2016) "Манас" таануу илиминин калыптанышы жана eнYГYШY. -YрYMЧY: Шинжан «Манас» изилдee борбору. - 377 б

2. Абдыракунов Т. (1990) Бабалардан калган сeз: Кыргыз фольклору жeнYHдe макалалар.. - Фрунзе: Адабият,. - 170 б. 9

3. Абрамзон С.Н. (1999) Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары. - Бишкек: Кыргызстан-Сорос фонду. - 896

4. Айтматов Ч. (1978) Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу - Манас /С.Орозбаковдун варианты боюнча. 1-китеп - Фрунзе,

5. Ауэзов М.О. (2011) «Манас» - киргизская героическая поэма». - Алматы: Издательский дом «Жибек Жолу».

6. Байгазиев С. (2014) "Манас" эпосунун руханий, адептик-философиялык, патриоттук улуу дeeлeттeрY жана педагогикалык асыл нарктары. - Бишкек: ОсОО "Алтын Тамга". - 600 б.

7. Бернштам А.Н. (1961) Эпоха возникновения эпоса «Манас». - Москва: АН СССР,.

8. Дор Реми. (1991) Манастын памирдеги YЗYHДYCY /француз тилинен которгон Л.Строилов. Даярдаган К.Ботояров. // Кыргыздар.- Бишкек. 465-491-бб.

9. Жолдошев Р. (1993) Сагымбай Орозбак уулу - тарыхчы-санжырачы // Манасчылар - кыргыз элинин руханий инсандары - Бишкек. - 69-70-бб.

10. Исаков Б. (1997) Манастын жети осуяты. - Бишкек.

11. Исаков Б., 9мYрбеков Т. (2005) Манас наама. Окуу китеби. - Бишкек. 751 бет.

12. Исаков Б. (20210 "Манас Алиппеси". Бишкек.- 654 бет.

13. .Кыдырбаева Р.З. (1993) Сагымбай Орозбаков «Манастын» салттарын сактап енYкTYPYYЧYCY. - Бишкек. -11-18-бб.

14. Кыдырбаева Р.З (2004) Мезгилдер, муундар жана манасчы. - Китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы: «Манас» жана манасчылар. II том. А.Акматалиевдин жалпы ред.астында. 11бас.- Бишкек.

15. Кыргыздар.1.том, Бишкек 1991. 466-бет.

16. Манас. Энциклопедия, I-белYк Бишкек. - 1995.

17. Манас. Энциклопедия, II-белYк Бишкек. - 1995.

18. Сыдыкбеков.Т. (1994) Улуу манасчы С.Карала уулуна алкыш. Китепте: Алп манасчынын албан элеси. Бишкек.

19. [https://sputnik.kg/20220423/manasty-zhajyltuu-zharlygy-1063891847.html].

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.