Научная статья на тему 'КАНЫКЕЙДИН САРАМЖАЛЫ - АЯЛЗАТЫНЫН ҮЛГҮСҮ'

КАНЫКЕЙДИН САРАМЖАЛЫ - АЯЛЗАТЫНЫН ҮЛГҮСҮ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
836
17
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
СОНУН АЯЛ / ЧЕБЕР / АТА МЕКЕН / КАМКОРДУК / САЛТ / БАТА

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Колдошев Мисирали Колдошович

Бул илимий макалада балбан Манастын сонун байбичеси Каныкейдин мыкты сапаттарынын бири - сарамжалы каралат. Каныкейдин сарамжалдуулук касиети Манас баатырдын жигиттеринин Чоң жортуулга даярдануу процессинде аларга арнап, чактап тиккен кийим-кечелеринде, жабдууларында, баатырдын аталаш тууганы “Көзкамандардын” алыскы “Жуушангыр” аталган жерден киндик каны тамган Ала-Тоо жергесине келгендеринде Каныкейдин аларга көрсөткөн камкордугу жана жапакечтиги даана көзгө урунат. Каныкей эң бышык материалды издеттирип таптырып, “кандагай” атыккан шымды мыкты балбан Кошой авасына атайын тиккен учуру, бул күтүүсүз белегине Кошой аябай кубанып, ыраазы болуп, Каныкейге жылуу каалоо-тилегин билгизип, анын көптөн бери арзуу, ниет кылып жүргөн уулдуу болуусуна жана ага Семетей деген ат коюп, ак тилегин айтып, батасын ыроолойт. Каныкей анын батасына абдан сүйүнүп, жүрөгү балкыйт жана Кошойдун батасынын кабыл болгону баяндалат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

CARING AND RESPONSIVENESS - THE BEST QUALITIES OF KANYKEI

This research article examines the best and excellent qualities - caring and responsiveness of Kanykei, a beautiful woman, the wife of the hero Manas. It is characterized how she showed concern, sewing uniforms for the soldiers in the process of preparing for the Great Campaign, when the “Kozkamans” - relatives on the line of Manas’s father, returned from a distant settlement called “Zhuushangyr” to the ancestral land - Ala-Too. Kanykei sewed trousers called “kandagai" from the most durable material for the hero - the warrior Koshoi, who was greatly touched by an unexpected gift for him and warmly thanked Kanykei, sincerely blessed her to give birth to a son and give him the name Semetei. Kanykei was very happy because afterwards Koshoi’s blessing came true.

Текст научной работы на тему «КАНЫКЕЙДИН САРАМЖАЛЫ - АЯЛЗАТЫНЫН ҮЛГҮСҮ»

ПЕДАГОГИЧЕСКИЕ НАУКИ

УДК: 39:398.22:371.036

КАНЫКЕЙДИН САРАМЖАЛЫ - АЯЛЗАТЫНЫН YЛГYСY

Колдошев Мисирали Колдошович

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университети, 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин, 330.

ЗАБОТЛИВОСТЬ И ОТЗЫВЧИВОСТЬ - ЛУЧШИЕ КАЧЕСТВА КАНЫКЕЯ

Колдошев Мисирали Колдошович

кандидат педагогических наук, доцент, Ошский государственный университет, 723500, Кыргызская Республика, г. Ош, Ленина, 330.

CARING AND RESPONSIVENESS - THE BEST QUALITIES OF KANYKEI

Koldoshev Misirali Koldoshovich

candidate of pedagogical sciences, associate professor,

Osh State University, 723500, Kyrgyz Republic, city of Osh, Lenina, 330.

DOI: 10.31618/nas.2413-5291.2022.1.76.572

АННОТАЦИЯ

Бул илимий макалада балбан Манастын сонун байбичеси Каныкейдин мыкты сапаттарынын бири -сарамжалы каралат. Каныкейдин сарамжалдуулук касиети Манас баатырдын жигиттеринин Чоц жортуулга даярдануу процессинде аларга арнап, чактап тиккен кийим-кечелеринде, жабдууларында, баатырдын аталаш тууганы "Кезкамандардын" алыскы "Жуушангыр" аталган жерден киндик каны тамган Ала-Тоо жергесине келгендеринде Каныкейдин аларга керсеткен камкордугу жана жапакечтиги даана кезге урунат. Каныкей эц бышык материалды издеттирип таптырып, "кандагай" атыккан шымды мыкты балбан Кошой авасына атайын тиккен учуру, бул кугуусуз белегине Кошой аябай кубанып, ыраазы болуп, Каныкейге жылуу каалоо-тилегин билгизип, анын кептен бери арзуу, ниет кылып журген уулдуу болуусуна жана ага Семетей деген ат коюп, ак тилегин айтып, батасын ыроолойт. Каныкей анын батасына абдан суйунуп, журегу балкыйт жана Кошойдун батасынын кабыл болгону баяндалат.

АННОТАЦИЯ

В данной научной статье рассматриваются лучшие и отменные качества Каныкея, прекрасной женщины, жены богатыря Манаса, как заботливость и отзывчивость. Характеризуется, как она проявляла заботу, сшивая обмундирования воинам в процессе подготовки к Великому походу, когда вернулись «Козкаманы» - родня по линии отца Манаса, из далёкого поселения, называемого «Жуушангыр», на исконную землю - Ала-Тоо. Каныкей шила брюки, называемые «кандагай», из самого прочного материала для богатыря - борца Кошою, который был сильно тронут неожиданным для него подарком и тепло отблагодарил Каныкея, искренне благословил её, чтобы она родила сына и дала ему имя Семетей. Каныкей была очень рада, потому что впоследствии сбылось благословение Кошоя.

ABSTRACT

This research article examines the best and excellent qualities - caring and responsiveness of Kanykei, a beautiful woman, the wife of the hero Manas. It is characterized how she showed concern, sewing uniforms for the soldiers in the process of preparing for the Great Campaign, when the "Kozkamans" - relatives on the line of Manas's father, returned from a distant settlement called "Zhuushangyr" to the ancestral land - Ala-Too. Kanykei sewed trousers called "kandagai" from the most durable material for the hero - the warrior Koshoi, who was greatly touched by an unexpected gift for him and warmly thanked Kanykei, sincerely blessed her to give birth to a son and give him the name Semetei. Kanykei was very happy because afterwards Koshoi's blessing came true.

Туйундуу сездер: сонун аял, чебер, Ата мекен, камкордук, салт, бата.

Ключевые слова: прекрасная женщина, рукоделие, родина, заботливость, традиция, благословение.

Key words: beautiful woman, handicrafts, homeland, caring, tradition, blessing.

Кыргыз элинин кеенербес мурасы - гениалдуу "Манас" эпосу элибиздин каада-салтын, урп-адатын, социалдык тузулушун, рухий баалуулуктарын чагылдыруу менен эчендеген кылымдарды карытып, муундан-муунга етуп,

оозеки турде сакталып келген. Ошол убактагы кыргыз элинин еткендегу тарыхын гана эмес, анын турмушунун, жашоо-тиричилигинин турдуу жагын: этникалык курамын, чарбасын, кунделук тиричиликтин салт-санаасын , адеп-ахлагын,

эстетикалык табиятын, журум-турумунун жол-жобосун, адамдык оц-терс сапаттарын, диндик тушунугун, астрономиялык, географиялык жана башка билимдерин кецири чагылдырган. Ал мезгилдин каада-салттарын, урп-адаттарын азыркы кунге чейин колдонуп келе жатабыз. Айталы Манас бааатырдын терелушу, анын балакатка жетиши, куда тушуу, калыц беруу жерегелерунен баштап, адамды жерге беруудегу салттарды да колдонобуз.

Кыргызда нускалуу сез айтылат эмеспи: "КYчтYY эркектин артында, кYчтYY аял турат" -деген. Анын сыцары Манас баатырдын да терт тарабы теп келишкен, сымбаттуу, акылдуу, кыраакы, колунан кеерY тегYлген ууз, мыкты жар гана болбостон, анын эц мыкты кецешчиси да болгон. Каныкей эненин образы бYГYнкY ^нвдн адамын езYне кудум магнит сымал тартып, суктантып, таалим-тарбиялык уюткулуу сабак болуп тургансыйт.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда:

" Узун чачтын ыктуусу, Ургаачынын мыктуусу. Кец кейнектYн тазасы,

Ургаачынын баашасы", - деп таасын CYреттейт. [1, 518-б.]

Ошондой эле, эр Манастын атасы Жакып бай Каныкейди алгачкы ирет кергенде: " Санирабига кыз экен, Сан сулуунун езY экен. Жылаа CYЙлеп, шынк этип, Акыл толгон кези экен", - деп мунездеп, [2, 417-б.], акылман сездерYн айткан.

Каныкей хандын кызы болгонуна карабай, женекей кийинип, акыл калчап иш тутуп, сарамжал болгон. Каныкей энебиздин асыл сапаттары женунде кеп кылганда, Чоц жортуулга аттанаарда Манас баатырдын кырк чоросуна энебиз баштаган чеберлер бYт кийимдерди даярдап берYYCYнен эле байкасак болот. Чоролордун кийимдерин тигYYде, алардын бычылыштарын, елчемдерYн дааналап билишип, такташып жана тигYY

технологияларында чыныгы ууз экендерин керсетYшкен жана жоокердин кийимдерин жылдын терт мезгилдеринде кийуYге ылайыктап жасашкан.

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча, Каныкей энебиз кыргыздын ыйык баш кийими болгон ак калпакты ойлоп тапкан деп айтылат. Андагы апапакай тоо сыяктуу, башка кийилгендеги, чокусуна кыпкызыл чок тагылып, астына капкара кец кыр салынып, кырк кYн кийсец кыргагына кир жукпаган, тигишине бит турбаган, Анжияндын ак шайысын, Намангендин сурпун пайдаланып, кандагай менен каптап, тармал ириктин жунYнен терт талаа кылып калпак тигип беришинин езY энебиздин акылмандыгын айгинелейт.

"Сарамжал", "сарамжалдуулук"

тYшунуктерYне сездYктерде темендегYдей тYШYндурме берилет.

Сарамжал 1. Тыкан, таза. 3. ет. Акылдуулук, баамчылдык. Жакшы экен келин Каныкей, Сарамжалын билгизди. ("Манас" С.О.) [5, 1074-б.] Сарамжалдуу (о человеке) заботливый, аккуратный, хозяйственный. [8, 712-б.]

Каныкей эненин дагы бир мыкты енерY - анык дарыгерлик касиети да болгон. Айталы, Манас баатыр согуштан оор жарадар болуп калганда, Каныкей Муздактын башы Муз жайлоого кечуп, салкынга конуп, эр Шуутуну жиберип, Мысыр менен Багдаттан "YПY", "апы" деген дарыларды алдырып, Манастын шилисиндеги жаратына жаап, кырма кызыл дарыны ичинен берип эмдеп, сакайтат.

Саякбай Каралаевдин вариантында: "Кайнатма кара дарыдан, Баягы кайран катын Каныкей, Жарасына салды эми, Ал чириктин баарысын, Кузгундатып тептирип, Тышынан сууруп алды эми. Кырма кызыл дарыны, Жецец ичинен баса берди эми, Ошондо ооруган жери басылып, Кабылан султан каныцдын, Умачтай кезY ачылып,

Кубаттанып терденип...", - делип, [2, 226-б.], Манастын жарасынын жецилдеши айтылат. Алмамбет катуу жараланган учурда да Каныкей ага даары берип, кайра урушка киргизет.

Ата-бабалардын "Бардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт" деген макалында нускалангандай, Каныкейдин сарамжалы, баамчылдыгы, парасаттуулугу жана уз-чеберчилик дарамети айтылуу Каркыра жайлоосунда еткерYлген Кекетейвдн ашында дагы бир жолу таасын билинет. Кошой абабыз калмактардын Жолой дее менен кYрешеер алдында, Кошойго бир топ шымдар чак келбей, ошодо Каныкей тиккен шым кылт дей эске тYшет. Каныкей башынан эле калк атасы Кошойго арнап, жYрген-тургандардан Кошойдун елчеесYн сураштырып, ага чактап тиккен шымына Кошой ыраазы болсо, анан чын жYрегYнен чыккан ак батасын берсе, Кошой абамдын батасы кабыл болуп, уулдуу болсок деп, кептен бери ынтызарланып журген болчу.

Алыс жана жакындан, тегеректYн терт бурчунан, дYЙне элдери чакырылган ошол дацазалуу ашта Каныкейдин бул тилеги орундалат. Эпосто Каныкей эненин арзуу-тилектери темендегYче мунезделет:

Бабам Кошой кийсе - деп, Бала Yчун жYрем ынтызар, Батасы мага тийсе - деп, Арнап кылган абаца, Андай женун айтпаган, Аралаш журген адамга. [4, 1548-б.] Айткан экен Каныкей Баатыр Кошой киер - деп, Ыраазы болсо кызматка, Бир байдасы тиер - деп, Чактаган экен Кошойго. ЖYрген менен тургандан,

влчеесун угуп ошого, Мусулманга ата - деп, Кызматка болсо ыраазы, Келиним эркек туусун - деп, Берер бекен бата - деп, Ойлоп кылган шым экен. [4, 1549-б.] Акжолтой келининин уз-чеберчилиги олуя Кошойдун купулуна толуп, кеедену келдей толкуп, Каныкейге аябай ыраазы болуп, алаканын жайып, кудай ак тилегибизди кабыл эткен болсо, келиним кыргызымдын намысына жараган мыкты азаматты тересун, анын аты Семетей болсун! - деп, батасын ыроолойт:

"Тилекти берсе бир Алда, Туулса мындан бир бала, Ургаачы болбой эр болсун, Аюу болбой, шер болсун, Атышканын алсын - деп, Курешкенун чалсын - деп, Катылышкан душманын вгеелесун темирдей, Акыры тууса эркеги Аты болсун Семетей! [4, 1551-б.] вткен бир замандарда сургунге айдалып, алыскы Жуушацгыр жергесин жердеп калган, кан Манастын атак-дацкын угуп, жакын туугандыгын билип, Ала-Тоого Манасты издеп келген Кезкамандардын окуясында Каныкей эненин сарамжалы жана кыраакылыгы даана кезге урунат.

Манаска карата жары Каныкейдин: "Сен тууганымды таптыц дегенсип, кееденуц толкуп, кубанычыц койнуца батпай, суйунуп турасыц; кересуц, кундердун биринде буларыц сага душмандык кылат" - деген таризде эскертуусун уккусу келбей, " Сен туугандарым менен менин мамилемди бузгуц келип жатат" - деп, кайра ага октолуп, Каныкейди катуу жемелей баштайт. Каныкей ийкемдуу, жапакеч жар экенин керсетуп, Кан Манастын койгон талабын эки кылбай, аларды зор камкордукка белеп, жардамын аябайт. Жашоосуна боз уйлерду тигип, аларга ыцгайлуу, жагымдуу шарт тузет; устундегу кийимдерин жацылайт. Азык-тулук менен камсыздайт. Ичип-жегенине тамак-аш, эгер жардам сурап келсе, ашыкчасы менен бергендиги баяндалат.

Жогоруда айтылгандардан теменкудей корутундуга келуу мумкун:

1. " Аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы -хан жакшы", " Эрди эр кылган да аял, эрди жер караткан да аял", - деп, кыргыз эл макалдарында нускалангандай, Манастын кандык улуу даражага жетишинде, майышпас баатырдыгында емурлук жары Каныкей эненин етеген эмгеги жана ээлеген орду ете чоц экенин езгече белгилее маанилуу;

2. Каныкейдин бийик жана урунтуу адамдык сапаттарынын бири - сарамжалы. Анын кичинекей

чактан тарта ац-сезиминде терец уялаган тарбиялуулугунда, илим-билиминде, табиятынан дээрлуу, зээндуу, сергек, зирек жан экенинде десек болот;

3. Каныкейдей энелердин сарамжалынын нускалуу керунуштеру эли-журтубузду тээ абалтан туптеп, ич ара камырдай жуурулуштуруп, ымалалаштырып, бириктирип келген. Анын "Ата салтын, эне адебин" жакшы, дааналап билгенинде жана жашоо-турмушунда башкаларга улгу, ернек болгудай колдоно билгенинде деп ойлойбуз.

Адабияттардын тизмеси:

1. Манас: С. Каралаевдин варианты боюнча [Текст] / Тузгендер: А. Жайнакова, А. Акматалиев; Сездукту даярдаган А. Мамытов; Суреттеру Т. Герцендики. - Б.: " Тулпар", 2010, - 1008 б. (На кыргызском языке).

2. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 1-китеп. [Текст] / Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институту; Суретчусу Б. Жайчыбеков. - Б.: Кыргызстан, 1995. -448 б. (На кыргызском языке).

3. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 2-китеп. [Текст] / Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институту; Суретчусу Б. Жайчыбеков. -Б.: Кыргызстан, 1995. -296 б. (На кыргызском языке).

4. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу. [Текст] / С. Орозбаковдун варианты боюнча. КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. Туз. С. Мусаев. -Б.: Хан-Тецир. -2010 б. (На кыргызском языке).

5. Кыргыз тилинин сездугу. -Б.: 2010. -1460 б.

6. Колдошев, М. Манас баатырга колукту болушкан аялдардын сапаттары жана касиеттери тууралуу / М. Колдошев // Материалы международной научно-практической конференции, посвящённой 215-летию видного общественного и политического деятеля Алымбек Датка Асан Бий уулу и 100-летию академика Муса Мырзапаязовича Адышева (27-28 ноября 2015 года). -Ош: Известия Ошского технологического университета, 2/2015. -Специальный выпуск. -176-180-бб.

7. Koldoshev, M.K., Bozhonov, Z.S. The peculiarity of the Kyrgyz people's democracy in the course of the choosing Manas as a Khan / M.K. Koldoshev, Z.S. Bozhonov // Palarch's Journal of Archaeology of Egypt/Egyptology, 17(7), (2020). -P. 5699-5703.

8. Кыргызча-орусча сездук: 40 000 слов / Под ред. К.К. Юдахина. -изд. 4-ое. - Б.: "Улуу Тоолор", 2015. -1092 с.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.