ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(4)/2024, 25-31
УДК: 398.91
DOI: 10.52754/16948874_2024_2(4)_3
КЫРГЫЗДАРДЫН НАНГА КАРАТА МАМИЛЕСИНИН МАКАЛДАРДА БЕРИЛИШИ ОТРАЖЕНИЕ ОТНОШЕНИЯ КЫРГЫЗОВ К ХЛЕБУ В НАРОДНЫХ ПОСЛОВИЦАХ BREAD IN KYRGYZ CULTURE: ON THE EXAMPLE OF FOLK PROVERBS
Тиленова ^лназ
Тиленова ^лназ
Tilenova Gulnaz
студент, Ош мамлекеттик университети студент, Ошский государственный университет Student, Osh State University
[email protected]________________________________ Мурзакметов Абдымиталип Камытович
Мурзакметов Абдымиталип Камытович Murzakmetov Abdymitalip Kamytovich т.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети к.и.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Osh State University [email protected]
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
КЫРГЫЗДАРДЫН НАНГА КАРАТА МАМИЛЕСИНИН МАКАЛДАРДА БЕРИЛИШИ Аннотация
Илгертен эле нан бардык тамактардын ичинен эц кадырлуусу болуп келген. Буудайдан, арпадан, жYгeрYдeн же кYPYчтeн жасалгандыгына карабай, ал адамдардын i<y'h сайын пайдаланчу негизги азыгы саналган. Ошол себептуу ага байланышкан макалдарды, жомокторду, табышмактарды, ырларды, ырым-жырымдарды, ишенимдерди дээрлик бардык элдердин фольклорунан учуратууга болот. Макалада кыргыздардын нанга болгон мамилеси макалдардын мисалында ачып берилет.
Ачкыч свзДвр: кыргыздар, кыргыз макал-лакаптары, нан, кыргыз элинин салттары, тыюулар
ОТРАЖЕНИЕ ОТНОШЕНИЯ КЫРГЫЗОВ К ХЛЕБУ В НАРОДНЫХ ПОСЛОВИЦАХ
Аннотация
С давних времен хлеб был самым ценным из всех продуктов питания. Независимо от того, изготовлено ли оно из пшеницы, ячменя, кукурузы или риса, это основной продукт питания, который люди употребляют каждый день. По этой причине связанные с ним пословицы, сказки, загадки, песни, обряды и поверья можно встретить в фольклоре практически всех народов. В статье на примере пословиц раскрывается отношение кыргызов к хлебу.
BREAD IN KYRGYZ CULTURE: ON THE EXAMPLE OF FOLK PROVERBS
Abstract
Since ancient times, bread has been the most valuable of all foods. Regardless of whether it is made from wheat, barley, corn or rice, it is a staple food that people eat every day. For this reason, proverbs, fairy tales, riddles, songs, rituals and beliefs associated with it can be found in the folklore of almost all peoples. The article reveals the attitude of the Kyrgyz people to bread using proverbs as an example.
Ключевые слова: кыргызский народ, кыргызские пословицы, хлеб, традиции кыргызского народа, табу
Keywords: Kyrgyz people, Kyrgyz proverbs, bread, traditions of the Kyrgyz, taboo
26
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
Киришуу
Адамзаттын пайдаланган азык-тYЛYктeрYHYн ичинде нанга езгече орун таандык деп айтсак жацылышпасак керек. Ал тYГYл жалац гана эт менен тамактанган алгачкы адамдардын дан азыктары менен тамактанууга етYШY алардын ац-сезимдYY адам катары калыптанышына да таасир эткен деген кез караштар бар. «Нан - жер бетиндеги эц байыркы азык. Ташка айланып калган нандын калдыктары байыркы адамдар турак кылган жайлардан табылган. Нан илгертен эле, азыркы кездегидей, ак жана кара тYPде бышырылган. Ак нан ар дайым кымбат турган. Ачыткы нандын мекени болуп Байыркы Египет эсептелери маалым.
Материалдар
Нан женYнде кептеген элдик санат сездер айтылат. Араб тилинде «нан», «азык», «жашоо» деген сездер бир эле сез менен берилет. Француздар адамды мактагысы келгенде «Нандай жакшы» деп айтышат (Любимцев, Вопросы..., 1995, б. 303). Европадагы эц байыркы, ташка айланып калган нан Швейцариянын батыш тарабында жYргYЗYлген археологиялык казуулар мезгилинде табылган. Адистер эсептегендей, ал болжол менен биздин заманга чейинки тертYнчY миц жылдыкта бышырылган экен (Любимцев, Знаешь..., 1995, б. 51). Бир жолу журналисттин: «Сиз адамзаттын эц улуу ачылышы деп эмнени санайсыз?» деген суроосуна Эйнштейн: «Нанды» деп жооп берген (Я познаю мир, 2001, б. 49). КерYHYп тургандай, нан байыркы мезгилдерден эле адамзаттын эц байыркы жана CYЙYктYY азыгы болуп келген. Бул нерсе, башкача айтканда нанга карата болгон урматтоо, сыйлоо сезими кыргыздарга да таандык. Биз аны кыргыздардын нан тууралуу макалдарынан да байкайбыз. Биздин чакан макалабызда дал ошол маселе тууралуу сез кылмакчыбыз. Кыргыздардын элдик билимдеринин макал-лакаптарында чагылдырылышы буга чейин айрым изилдеечYлердYн макалаларында колго алынган (Мурзубраимова, 2019; Мурзакметов, 2024).
Анализ
Алгач толгон-токой даамдардын ичинен эмне YЧYн нанга карата езгече мамиле жасалып калган деген суроого жооп издеп керелY. Буга анын эч качан кецYлге тийбей тургандыгы себеп болушу мYмкYн. Тамаша иретинде эт жеген жагынан карышкырдан кийин турган эл деп жYргенYбYЗ менен, кыргыздардын толук эмес, жарым кечмен эл болгондугун белгилей кеткибиз келет. Байыркы замандардан эле бабаларыбыз мекендеген жерлерге келген саякатчы, дин таратуучулар кыргыздар арпа, таруу, кYPYч сыяктуу дан эгиндерди азык катары пайдаланышарын жазып калтырышкан. Негизи, жалац эт жеп жашоого мYмкYн эмес, анткен адам кара сан оорусуна чалдыгат деген кез караш эл оозунда айтылып келет. Дагы бир себеп катары нандын этке караганда арзан экендигин да эске ала кетели. Эгерде малды сойгондо анын эти кыска убакыттын ичинде, жацы, бузула элек кезинде даамдуу саналып, желип кетсе, талаага естYPYлген данды узакка сактап, андан каалаган мезгилде алып бышырууга мYмкYн болгон. Башкача айтсак, нанды узакка сактоого да, YнемдYY пайдаланууга да мYмкYн болгон. Ушул сыяктуу сапаттары: арзандыгы, YнемдYYЛYгY, даамдуулугу, тоюмдуулугу нандын эч бир азык тец келе албаган оокатка айланышын шарттаган. Ошондон улам эл тарабынан «Баарынан нан улук» (Усупбеков, 1982, б. 89), «Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок» (Ата-бабалар табериги, 2011, б. 616) деген макалдар кеп кылымдык тажрыйбадан жаралганы талашсыз. Кеп кылымдык тарыхында бабаларыбыз оор кYндердY, кеп адамдардын емYPYн алган ачарчылыктарды да башынан
27
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
еткерген, андай мезгилдерде оюнан башка gYHYM даамдар эмес, бир гана нан кетпегендиги эстен чыкпай, кийинки урпактарга айтылып келген. «Кардьщ ачканда кам кемеч бал татыйт», «Карды ачкан нан тандабайт» (Ибрагимов, 2008, б. 331), «Карды ачкан нанга карайт, суука тоцгон кунго карайт» (Усупбеков, 1982, б. 100) сымал макалдар дал ошондой эс-тутумдан кабар берет.
Адам баласы YЧYн эц зарыл нерсе - бул тамак-аш, ал табигый муктаждык. Качан гана курсагы тойгондон кийин гана башка муктаждыктар жаралат. Бул жагдай «Ачтын кезу нанда болот, токтун кезу тондо болот» (Ата-бабалар табериги, 2011, б. 582) деген макалда таамай берилген. Бирок тамак ичYYге карата болгон зарылдык тYбелYктYY, ошол себептYY «Башканы танса да токочту танбайт» (Ибрагимов, 2008, б. 150) деп айтылат. Башка тамакты танса да, нандан баш тартуу кепкендYк, эсиргендик, кусур кылгандык катары бааланган. «Бирее нан сунса, жебеймин дебе, колуца ал, жебесец жебе, койнуца сал» (Ибрагимов, 2008, б. 176) деген макал да ошону эскертип турат. Азыркы кезге чейин кыргыздарда уйге келген ар кандай адамга: мейли тааныш, мейли бейтааныш болсун, нан ооз тийдирYY салты жашап келет. Элибиз тамак-аштын далай тYPYн пайдаланса да, нандан башка даамдан (эттен, майдан, CYттен ж.б.) ооз тиЙYYHY сунуш кылбайт, ушунун езY эле нандын эц башкы азык экендигин белгилеп турат. Алып чыккан нандан ооз тийбей кетYY да кесирлик катары каралып, андай учурда «ырысы жок» деген жаман сез айтылган. Орустардын конокторду нан-туз менен тосуп алган салты бар, Совет доорунда бул СССРдин бардык элдери тарабынан кабыл алынган. ЭгемендYYЛYкке жеткен соц гана кыргыздар бабаларыбыздын салты боюнча ак (май, кымыз сыяктуу CYт азыктары) менен тосконго еттук. Эгер нан негизги азык болсо, анда эмне YЧYн дагы деле орустардай нан-туз менен тосууну улантпай калдык деген суроо туулушу мYмкYн. Анын себебин бул экее орус маданиятында биздегиден башка мааниге ээ экендиги: нан - ден соолукту, туз - байлыкты билдирери менен тYШYндYPYYге болот (Любимцев, Вопросы..., 1995, б. 304). Бирок, биздин маданиятта башка мааниде болсо да, кыргыз тилиндеги «Даны жоктун - наны жок, наны жоктун - жаны жок», «Кардыцда нан болсо, билегицде жан болот» деген макалдарда (Ибрагимов, 2008, б. 197, 331) да нандын ден соолук, ал турмак емYP маанисинде кабылданары байкалат. Азырга чейин айыл жеринде балдар аскерге кызмат кылуу YЧYн, же алыска сапарга кетип жатканда нан тиштетип койгон ырым жасалат. Ал нандан жип еткерYп, дубалга илип коёт, элдик ишеним боюнча ал нан езYн тиштеген адамдын аман-эсен келишин (емYPYн) тилейт экен. Качан гана ошол адам кайтып келгенден кийин нандын калганын езYне жедирип коёт. Жаш бала кокус YЙде жалгыз калса, аны ар кандай жамандыктардан коргоо YЧYн жаздыгынын алдына нан жаздап койгон ырымды билбеген кыргыз баласы болбосо керек. Ал эми «Колунда токочу бар бала CYЙгYнчYк» деген макалдын: «Колунда бар, аттуу-баштуу кишилердин балдарын колунда бары да, жогу да эркелетип, берерге белегин таппайт. Ошол эле учурда бул макал ез баласын эркелетерге эч ким жок болуп, ез баласы ачка олтурганына карабай, ецгенYн баласына YЗYЛYп тYШYп, атасына бир керYHYп калайын деген далалаты ээ-жаа бербей, айланып, кагылып, «колунда токочу бар бала CYЙгYнчYк» экенин дагы бир жолу тастыктап турат» деп чечмелениши (Бекботоев, 2010, б. 197) нан байлыкты да билдирип турганын керсетет. Ошондо кыргыздарда нан ден соолукту да, емYPДY да, байлыкты да туюнтат десек жацылышпайбыз.
Албетте, емYP, емYPДYн уланышын камсыз кылган даам - бул нан экендиги анык. «Ачка менен токтун ортосу - жарты нан», «Нансыз тамак даамсыз», «Наны жок чайдан без,
28
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
кайыры жок байдан без» (Ибрагимов, 2008, б. 105, 442) деген макалдар аркылуу кыргыздар бул ыйык азыктын маанисин билдиришкен. Gmypyh элдик наркты, eHepgY изилдееге арнаган А. Акматалиев: «Эгер «Куранды» биз ыйык деп, дааратсыз кармоого ылаажы болбогон сымал, нан андан ыйык экендиги шариятта апачык айтылат. Анда «Жетпей турганда куранды бутуца коюп, нанды ал» дейт. Демек, бул нандын баа жеткис, елчееге эч мYмкYн эмес улуктугун билдирет» деп баяндап келип, андан ары: «Карыялар, байбичелер куурулган данды кайда жатса да алып-терип жешчY, балдарга тердирYYЧY. Эмне дегенде, чийки дан eсYn, урук алып келет. Куурулган данга убал тура. Тиги дYЙнeгe барганда Кудай-Таала тееге мингизип тердирет» (Акматалиев, 2000, б. 72-73) деген сыяктуу элдик ишенимдерди да кошумчалай кеткен. Нанды тебелесе же ажатканада отуруп нан жесе, кезу кер болуп калат деп балдарды коркутуу, каргануунун эц бир оору катары «Нан урсун!» деп каргануу саналары нанды ыйык деп саноодон, аны кадырлоого тарбиялоо максатынан жаралгандыгы шек туудурбайт.
Нанга карата болгон урматтоо, сый мамиле анын адамга eмYP улашы, куч-кубат бериши менен эле чектелбейт деп ойлойбуз. Анын дасторконго келиши оцой эле болбостугун «Бир кун кетмен чапкан нандын даамын билет», «Кетмен чапкан нанын жейт, ууру кылган жанын жейт», «Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда» (Ибрагимов, 2008, б. 170, 355) сыяктуу макалдар кeрсeтYп турат. Демек, нанга болгон урмат - аны тапкан адамга, эмгекке карата да болгон урмат, сый деп тYШYHYyгe болсо керек. Кыргыздарда кетмендин бетин тебелегенге карата болгон тыюу бар, бул нанды тебелегендикке барабар каралат. Дал ошондой мээнет менен келген нанды урматтоону «Мышыкка нан берсец дасторкон салып бер, болбосо кыямат кYHY таанып алат» (Ибрагимов, 2008, б. 439) деген макал да керсетет. Бирок, ачыгын айтсак, бул мисал макал-лакаптар жыйнагынан алынса да, ырасында макал эмес, элдик ишеним деп айтсак туура болот. Мындай жацылыштыкты жыйнакты TYЗYYЧY М. Ибрагимовдун кесиби филолог эмес, агроенержай адиси экендиги менен тYШYндYPYYгe болсо керек. Ал эми мышыкка нан бергенде да дасторконго салып берYY керек деген ишенимдин маанисин: «Бата тамакка эмес, ошол дасторконго тиленет. Мунун артында «басып-туруп тамак жебе, кeчYк басып ич, баш кийимди тамак ичээрде алба, бирeeнYн дасторконун сыйла» деген накыл жатат. Талаа-тузде, сапар жолдо, албетте, азыкты ичип-жеште дасторкон ордуна сeзсYЗ алдына бирдеме коёт. Жеп-ичип бYткeндeн кийин бата ошого тиленет» (Акматалиев, 2000, б. 261) деген чечмелее тYШYндYрe алат деп ойлойбуз.
Кыргыздарда айыл жеринде нан тандырга бышырылат. Нан жабар алдында тандырды ысырыктап алышат, бул тазалоо YЧYн, кокус анын ичине мышык кирип, аралап коюшу мYмкYн деген кооптонуудан улам аткарылат. Нан жабыштырылгандан соц балдар тандырдын артынан ары-бери eтпeшY керек, антсе нан тYШYп кетет деп тилдешет. Бирок чала бышып тYШYп кетип, кулге оонаган нанды да «ит жегир, куш жегир» деп тилдебей, аз-аздан сындырып, жеп коюу керек деп айтылат. Аял кишинин бул дYЙнeдe кылган эки гана ишинин - итке жугунду куйганынын жана тандырга нан жаап жатып, жанынан еткендерге ысык нандан сындырып, ооз тийгизгенинин гана сообу eзYнe тиет деген ишеним жашайт. «Нандын ысыгы жакшы, сeздYн бышыгы жакшы», «Тандыр башында нан кербе, карацгыда кыз кербе» (Ибрагимов, 2008, б. 442, 524) деген макалдар ысык нанга, тандырга карата болгон мамилени кыйыр турде болсо да керсетуп турат. Негизи, супарага, нан жапкан жецчеге, тандырга, дасторконго, кесееге тиешелуу ишенимдер нанга карата болгон сый мамиледен, урматтоодон улам жаралган деп саноого болот.
29
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
Кыргыздардын нанга карата мамилеси бир гана макалдарда эле берилбей, элдик тыйымдарда да камтылган. Мисалы, дасторконго нанды так койгонго болбойт, жубу менен коёт, eлYм болгон жерде гана так коёт. Ишиц тескерисинче кетет деп, нанды тескерисинен да койбойт. Жалац эркектер отуруп калган жерде нанды кичYYCY сындырат, жашы улуусуна сындырганга болбойт, антсе eзYHYн eмYPYн сындырат деп коюшат. Бул тыюунун улууларга урмат кeрсeтYY максатында жаралганында шек жок. Нанды тец бeлYп сындырат, четин тегеретип сындырган баланы тилдейт. Бир кол менен нан сындырбайт, нанды бычак менен кеспейт. Жаш бала нандын бетин сыйрып жесе, апасын, аркасын сыйрып жесе, атасын жейт деп, буга жол берген эмес. Нанды тактай катары пайдаланып, YCTYнe башка нерсени коюп кеспейт. Нандын ушандысынын YCTYнe жатсац, басырык басат деп, YЙДY таза карматкан. Тиштеген наныцды калтырып коюп, аны башка бирее жеп алса, ырыскыц ага оошуп етуп кетет деп эскертип турган (Мурзакметов, 2014, б. 121). Мына ушул айтылгандардын баары кыргыздардын нанга карата болгон мамилесинин бир эле чети, айрым YлгYлерY. Башкача айтсак, кыргыздарда нандын культу, ага карата ырымдардын, тыюулардын, этикет эрежелеринин езYнче бир системасы жаралган деп айтсак ашыкча кетпейбиз.
Жыйынтык
Тилекке каршы, учурда элибиздин сандаган кылымдардын ичинде жаралып, жашап, элди да сактап келген баалуулуктары улам куч алган ылдамдык менен езгерYп, унутулуп бара жатат. Буга эч кимди кунеелегенге да болбойт, бYTYндей адамзат Арстанбек акын айткандай, «устаранын мизинде оодарылган» дYЙнеде жашап жатат. Ааламдашуу шартында улуттук маданият, элдик нарк-насил, каада-салтыбыз гана жоголуп кетYYден сактап калчу кучке ээ. Муну даана ацдагандыктан Президентибиз С. Н. Жапаров 2022-жылы 20-майда «Улуттук нарк женYнде» Жарлыкка кол койгон эле. Анда: «Мицдеген жылдар мурун ез алдынча ээлик тYЗYп, ага кез карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоц жана кичине элдер менен тец ата мамиле жYргYЗYYДе натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эц негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жYPYм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дYЙнетаанымдарына шайкелишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. ... Азыркы мезгилде элибизге жацы кез караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жYргYзе берYY эмес, мезгил сынынан етYп, элдин кекурегуне уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирYY зарылчылыгы чыгып жаткандыгын белгилейбиз» деп керсетулген. Ошол маанилYY милдеттерди аткаруу, гимнибизде айтылган «бизге жеткен баба салтын, мурасын, ыйык сактап, урпактарга берYY» ишине ар бирибиз ез салымыбызды кошушубуз керек. 03YбYЗДYн чакан макалабызда биз кыргыздардын эц башкы азыкка - нанга карата мамилесинин макалдарда берилишин талдоого аракет жасадык жана бул ишибиз мындан ары да улана тургандыгын белгилей кетмекчибиз.
Адабияттар
1. Акматалиев, А. (2000). КыргызДын кеенербес доолоттор}. Бишкек: Шам.
2. Ата-бабалар табериги. (2011). ТYЗг. М. Каримов. Бишкек: Бийиктик, 2011.
3. Кыргызмакал-лакаптары. (1982). ТYЗг. Ш. Усупбеков. Фрунзе: Кыргызстан, 1982.
30
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
4. Кыргыз макал, лакап, учкул сезДеру. (2008). Жыйнаган: М. Ибрагимов. Бишкек: “ST.art. Ltd”.
5. КыргызДын кылымДарДы карыткан 1001 макал-лакабы. (2010). Ty3. С. Бекботоев. Бишкек: Учкун.
6. Любимцев, В.В. (1995). Вопросы и ответы. Москва: Дрофа.
7. Любимцев, В.В. (1995). Знаешь ли ты? Москва: Дрофа.
8. Мурзакметов, А. (2014). КыргызДарДын кеене ишенимДери жана тыюулары. Ош.
9. Мурзакметов, А. (2024). “Кыргыздардын этноботаникалык билимдеринин макал-лакаптарда берилиши”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, №3, 116-137. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610_2024_3_11. EDN: FTJBZY.
10. Мурзубраимова, Д. (2019). “Нан” концептинин макал-лакаптарда берилиши. Вестник Ошского госуДарственного университета, №3, бб. 154-157. EDN: ZAVJFK.
11. Я познаю мир: Дет. энцикл.: Кухни нароДов мира. (2001). Авт.-сост. А.Т. Гергова. Москва: ООО «Издательство АСТ».
31