Научная статья на тему 'КЫРГЫЗДАРДАГЫ «УЧА» САЛТЫ ЖАНА АНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ'

КЫРГЫЗДАРДАГЫ «УЧА» САЛТЫ ЖАНА АНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
4
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
«уча тартуу» / шыралга / шоролго / кыргыздар / монголдор / тунгус / буряттар / The ucha offering / Shyralga / Shorlogo / Kyrgyz / Mongol / Tungus / Buryat

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — О.К. Каратаев

Кыргыздарда архаикалык уча тартуу салты сакталып келет. Бул салт Сибирдин түрк жана тунгус тилдүү элдеринде да сакталып калган. Уча тартуунун уөгусу аөды уруулаштарынын ичинде бөлүп таратууну туюнткан. Аөдан келе жаткан мергенчиге “шыралга” (монголчо – шорлого) деп кайрылган уруулашына эттен бөлүшүүгө милдеттүү болгон. “Шыралга” деп кайрылган ар кимдин аөдын этинин бир бөлүгүн, терисин, башын алууга укугу болгон. Аөчы кыргыз каршысынан чыккан алгачкы адам “уча” деп айтса, анда атылган аөдын арткы санын омурткасы, териси менен кошо берген. Экинчи, андан кийинки жолуккан адамдарга аөдын этинин чүйгүн бөлүктөрүн берген. Айрым учурларда аөчынын өзү этсиз калган учурлар кездешкен. Ушул сыяктуу “уча бер!” деген расми хакас жана алтайлыктарда да орун алган. Түндүк алтайлыктарда “учаны” шаманга тартуу эткен, ал өз кезегинде эттен ооз тийип, андан соө башкаларга улуулатып же жашына карата ооз тийдиргени берген, жаштары “учанын” сөөгүнө доо кетирбестен этин тазалап жешкен. Архаикалык “уча” салты менен катар, тамакты тараткан “кешик” расмиси кыргыздарда бүгүн да сакталып келери маалым. Кыргыздарда “кешик”, “кешик берүү” расмиси сыйлуу, белгилүү коноктордун дасторконунан жаштарга жана кошуналарга тамак берүү дегенди туюнтат. Кыргыздарда “тойдун кешиги”, “улуу адамдын” устуканы ж.б. деген байыркы түшүнүктөр сакталып келет. “Уча” салты (расмиси) аөчылардын чөйрөсүндө калыптанган, бир атадан тараган уруудагы (урук) жашоо теөдемечилиги, байыркы уруулук коомдун өндүрүшү жана керектөөлөрү менен байланышкан. Кыргыздарда аө учурундагы олжону мергенчилердин арасында теө, бирдей бөлүштүрүү принцибине баш ийишкен. Антпесе тоолордун ээлери каарданышып, келечектеги аө уулоо ийгиликсиз болот деген ишеничте болушкан. Илимпоздордун пикирлерине караганда “уча” салты уруулук коомдун кулашы жана коөшулук обүинанын пайда болуу доорунда келип чыккан. “Уча” салты сыяктуу коомдогу жөрөлгөлөрдүн эө алгачкы белгилери алгачкы-обүиналык коомдун престиждүү экономикасына таандык болуп, анын өнүккөн доору неолиттик мезгилге туура келет. Социалдык шарттардын өзгөрүүсү менен биргеликте “уча” салты өзгөрүүлөргө учураган. Мисалы, бул салт кайсыл урукка таандык болгондугуна карабастан колдонула берген, Хакасияда болсо толук унутулуп калган. “Уча” расмисинин салттуу нормалары ашыкча болгон азык-түлүктөрдү так жана теө бөлүүнү талап кылган, уруктагы пайдалангандан ашкан азык-түлүк салтанатта берилүүчү сый-тамакка же үйлөнүү үчүн берилген белекке (калыө) айланган. “Уча” салты “Уча” салты адамдардын жашоо шартында материалдык жактан кыйынчылык жаралганда жардам берүүчү калыптанган коомдук гарантия болгон, социалдык градацияны камсыз кылган, куда-сөөктүк байланыштарды чыөаган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE CUSTOM OF “UCHA” FROM THE KYRGYZ PEOPLE AND ITS ORIGIN

There is an old Kyrgyz tradition named the“ucha tartuu”i.e. “sacral bone offer” whichhas been held by the Kyrgyzs since ancient times at feasts and receptions of distinguished, respected guests. This is the tradition of offering horseflesh, exactly a sacrum to the eldest guest of distinction or a very respected man. The sacrum is made from horseflesh. The Kyrgyzs slaughter a horse to show their respect to guests, cut it into pieces and then boil them. This ancient “ucha”i.e. sacrum tradition has been held and known as nemat among the Turkic-language ethnicities of Southern Siberia (Kuukiji, Kumandy, and Tuba) and in Tungus-languages, Evenks and Evens.“The Ucha tradition” has maintained a very significant role in Economic, Philosophical, Religious and Social life of Kyrgyz people. The main purpose of the “Ucha”ceremony is fair sharing of the hunters’ bags among the members of their tribes. Hunting, which was one of the main activities of social-economic structure, along with traditions and customs dealing with it, was of a great social, economic, religious and ritual significance amongst peoples and tribes living in a mountainous and forest areas, especially the Kyrgyzs. Also, there was another tradition called “shyralga, i.e. hunter’s gift”tradition which is related to hunting in the Kyrgyz culture. If one, who met a lucky hunter returning with a bulk of bag, called him saying “Shyralga”, according to the ancient tradition, the hunter would have to give a part of his gained trophy to the man. The imperative verb “shyralgala”, deriving from the noun“shyralga, means“to wish luck to a hunter. There were cases when even lucky hunters, who used to return home with a full bag, very often had to return with no piece because they were to share their bags, i.e. meat with those whom they met on their way home. Among the Siberian ethnicities (Evenks, Evens, etc.) there was a tradition to give the first met person an amount of meat from the hunter’s trophy, which would be equal to the person’s body and a part of the hunted animal’s skin if the hunter was lucky to capture a bigger animal, for example, a deer or an elk. This tradition is also common among Mongolian language ethnicities and it is named “shorlogo” in their languages. In Mongolian language, Buryats, the word “shorlogo” means “a piece of meat”or“sharing a piece of meat. The basic meaning of the“ucha tradition actually involves providing social equity, fair food share in hardships, mutual support, and a show of support to people according to their social age status qualities (children, elders). It is of a particular significance for those who meet by chance in bad weather conditions as they could help each other with food. This tradition also regulates and provides special rules and norms of extra food delivery. It contributes to and maintains the existing social-economic structure, mutual assistance and marital relationships. The“ucha tradition was the guarantee of assistance when people faced material hardship in their lives.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗДАРДАГЫ «УЧА» САЛТЫ ЖАНА АНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ»

Каратаев О.К., т.и.д., Кастамону университетинин профессору, Туркия

Каратаев О.К., д.и.н., профессор Университета Кастамону, Турция

Кыргыздардагы «уча» салты жана анын келип чыгышы Обычай "уча" у кыргызов и его происхождение The custom of "ucha" from the Kyrgyz people and its origin

Кыргыздарда архаикалык уча тартуу салты сакталып келет. Бул салт Сибирдин тYрк жана тунгус тилдYY элдеринде да сакталып калган. Уча тартуунун увгусу авды уруулаштарынын ичинде белуп таратууну туюнткан. Авдан келе жаткан мергенчиге "шыралга" (монголчо - шорлого) деп кайрылган уруулашына эттен бвлYШYYгв милдеттYY болгон. "Шыралга" деп кайрылган ар кимдин авдын этинин бир бвлYгYн, терисин, башын алууга укугу болгон. Авчы кыргыз каршысынан чыккан алгачкы адам "уча" деп айтса, анда атылган авдын арткы санын омурткасы, териси менен кошо берген. Экинчи, андан кийинки жолуккан адамдарга авдын этинин ЧYйгYн бвлYктврYн берген. Айрым учурларда авчынын вЗY этсиз калган учурлар кездешкен. Ушул сыяктуу "уча бер!" деген расми хакас жана алтайлыктарда да орун алган. ТYндYк алтайлыктарда "учаны" шаманга тартуу эткен, ал вз кезегинде эттен ооз тийип, андан сов башкаларга улуулатып же жашына карата ооз тийдиргени берген, жаштары "учанын" сввгYнв доо кетирбестен этин тазалап жешкен. Архаикалык "уча" салты менен катар, тамакты тараткан "кешик" расмиси кыргыздарда бYгYн да сакталып келери маалым. Кыргыздарда "кешик", "кешик берYY" расмиси сыйлуу, белгилYY коноктордун дасторконунан жаштарга жана кошуналарга тамак берYY дегенди туюнтат. Кыргыздарда "тойдун кешиги", "улуу адамдын" устуканы ж.б. деген байыркы тYШYHYктвр сакталып келет. "Уча" салты (расмиси) авчылардын чвйрвCYндв калыптанган, бир атадан тараган уруудагы (урук) жашоо тевдемечилиги, байыркы уруулук коомдун вндYPYШY жана керектввлврY менен байланышкан. Кыргыздарда ав учурундагы олжону мергенчилердин арасында тев, бирдей бвлYштYPYY принцибине баш ийишкен. Антпесе тоолордун ээлери каарданышып, келечектеги ав уулоо ийгиликсиз болот деген ишеничте болушкан. Илимпоздордун пикирлерине караганда "уча" салты уруулук коомдун кулашы жана ковшулук обYUнанын пайда болуу доорунда келип чыккан. "Уча" салты сыяктуу коомдогу жврвлгвлврдYн эв алгачкы белгилери алгачкы-обYUналык коомдун престиждYY экономикасына таандык болуп, анын внYкквн доору неолиттик мезгилге туура келет. Социалдык шарттардын взгврYYCY менен биргеликте "уча" салты взгврYYлвргв учураган. Мисалы, бул салт кайсыл урукка таандык болгондугуна карабастан колдонула берген, Хакасияда болсо толук унутулуп калган. "Уча" расмисинин салттуу нормалары ашыкча болгон азык-тYЛYктврдY так жана тев бвлYYHY талап кылган, уруктагы пайдалангандан ашкан азык-тYЛYк салтанатта берилYYЧY сый-тамакка же YйлвнYY YЧYн берилген белекке (калыв)

айланган. "Уча" салты "Уча" салты адамдардын жашоо шартында материалдык жактан кыйынчылык жаралганда жардам 6epYY4Y калыптанган коомдук гарантия болгон, социалдык градацияны камсыз кылган, куда-сввктук байланыштарды чываган.

У кыргызов и по ныне суYествует архаический обычай престижного распределения добычи под названием «уча» - букв. «крестец», «курдюк» или задняя часть туши барана, коня. Этот обычай распределения добычи широко распространены у тюркоязычных и тунгусоязычных народов Сибири. СуYность обычая «уча» заключалась в распределении части добычи своим соплеменникам. При обраYении к охотнику: «шыралга» (по монгольски - шорлого), последний обязан был поделиться трофеем. Указанный возглас предусматривал выделение почетной части добытого мяса любому встречному. Охотник-кыргыз, встретив кого-либо едуYUм с добычей, при слове «уча» брал заднюю ногу с частью позвоночника и шкуру, второй и третий встречный отрезали себе также лучшие куски мяса, в итоге охотнику не остается ничего. Аналогичный обычай под названием «уча бер!» (букв. дай крестец) был зарегистрирован у хакасов и алтайцев. Например, на Северном Алтае хозяин юрты преподносил лучшую часть мяса «уча» в дар шаману, «который, приняв, обрезывает мякоть, но не всю и дарит, кому захочет из почетных людей. Этот, отрезав себе, передает другому, обыкновенно старшему себя родственнику или чужому, который, отрезав себе, отдает всем находяYUмся, и тут же окончательно очиYают кости «уча», не повреждая их. Архаический обычай «уча» и распределение доли под названием «кешик», бытовали и бытует у современных кыргызов. В кыргызском языке словом «кешик» обозначаются остатки пиYU и питья со стола знатных и почетных гостей, которыми угоYают молодых или соседей, а также сам гостинец от угоYений на пиру. Таким образом, обычай «уча» возник в среде охотников и берет начало от охотничьих промыслов, ибо в «вступал в силу уравнительный закон, восходяYий к нормам коллективного производства и потребления родового строя. У кыргызов суYествовал равный дележ добычи независимо от вклада любого члена охотничьей артели. В противном случае горные хозяева могли рассердиться и не дать удачи в следуюYий раз. По мнению ученых условия действия обычая «уча» возникли в период разложения родового строя возникновения соседской обYUны. В зависимости от дальнейших социальных условий обычай видоизменился, с течением времени где-то им стали пользоваться в определенных случаях все, независимо от родовой принадлежности, например, в Хакасии он полностью исчез. Согласно исследованиям, обычай типа «уча» можно отнести к так называемой престижной экономике первобытно-родового строя, которая в зачаточном состоянии возникла еYе у охотников того времени, но ее расцвет пришелся на неолитический период. Традиционные нормы поведения требовали неукоснительного дележа излишних продуктов, которые принимали форму дара, брачного выкупа или пиуи, приготовленной для устройства праздника. Обычай «уча» гарантировал людям поддержку в случае нужды, ибо он обусловливал развитие взаимопомоYU, совершенствовал системы брачных связей и установления социальных градаций.

Ключевые слова: «уча тартуу», шыралга, шоролго, кыргызы, монголы, тунгус, буряты

There is an old Kyrgyz tradition named the"ucha tartuu"i.e. "sacral bone offer"

whichhas been held by the Kyrgyzs since ancient times at feasts and receptions of distinguished, respected guests. This is the tradition of offering horseflesh, exactly a sacrum to the eldest guest of distinction or a very respected man. The sacrum is made from horseflesh. The Kyrgyzs slaughter a horse to show their respect to guests, cut it into pieces and then boil them. This ancient "ucha"i.e. sacrum tradition has been held and known as nemat among the Turkic-language ethnicities of Southern Siberia (Kuu- kiji, Kumandy, and Tuba) and in Tungus-languages, Evenks and Evens."The Ucha tradition " has maintained a very significant role in Economic, Philosophical, Religious and Social life of Kyrgyz people. The main purpose of the "Ucha"ceremony is fair sharing of the hunters' bags among the members of their tribes. Hunting, which was one of the main activities of social-economic structure, along with traditions and customs dealing with it, was of a great social, economic, religious and ritual significance amongst peoples and tribes living in a mountainous and forest areas, especially the Kyrgyzs. Also, there was another tradition called "shyralga, i.e. hunter's gift"tradition which is related to hunting in the Kyrgyz culture. If one, who met a lucky hunter returning with a bulk of bag, called him saying "Shyralga", according to the ancient tradition, the hunter would have to give a part of his gained trophy to the man. The imperative verb "shyralgala", deriving from the noun"shyralga, means"to wish luck to a hunter. There were cases when even lucky hunters, who used to return home with a full bag, very often had to return with no piece because they were to share their bags, i.e. meat with those whom they met on their way home. Among the Siberian ethnicities (Evenks, Evens, etc.) there was a tradition to give the first met person an amount of meat from the hunter's trophy, which would be equal to the person's body and a part of the hunted animal's skin if the hunter was lucky to capture a bigger animal, for example, a deer or an elk. This tradition is also common among Mongolian language ethnicities and it is named "shorlogo" in their languages. In Mongolian language, Buryats, the word "shorlogo" means "a piece of meat"or"sharing a piece of meat. The basic meaning of the"ucha tradition actually involves providing social equity, fair food share in hardships, mutual support, and a show of support to people according to their social age status qualities (children, elders). It is of a particular significance for those who meet by chance in bad weather conditions as they could help each other with food. This tradition also regulates and provides special rules and norms of extra food delivery. It contributes to and maintains the existing social-economic structure, mutual assistance and marital relationships. The"ucha tradition was the guarantee of assistance when people faced material hardship in their lives.

Key words: The ucha offering, Shyralga, Shorlogo, Kyrgyz, Mongol, Tungus,

Buryat.

Ар бир элдин 63YH6 таандык кайталангыс маданияты, ага байланышкан каада-салттары, калыптанган расмилери бар. Каада-салттар, элдик расмилер аркылуу этностун заттык жана руханий маданиятын, чарбалык укладын, калк жашаган аймактын флорасы жана фаунасын, калктын кулк-мYнeзYн иликтеп YЙрeнYYгe болот. Мындан сырткары, каада-салттар, ага байланыштуу келип чыккан ар кыл салттуу расмилер этникалык мYнeзгe ээ болуу менен этностун (этнографиялык топтун) философиялык-диний тYШYHYктeрYHYн эволюциясынан да кабар берери анык.

Кыргыздын жашоосу менен байланышкан аш-тойлордо атайылап багышталып берилYYЧY тамак берYY аземдеринде атайын чакырылган сыйлуу конокторду тосууда байыртадан келе жаткан "уча тартуу" салты бар. Бул албетте, жакшылыкка

багышталып атайын союлуп, устукандалып бышырылган, сыйлуу коноктордун улуусуна, аксакалына же абройлуу мучесуне тартылуучу жылкынын учасы. Аш-тойлордо гана тартылуучу "уча тартуу" расмиси кыргыздарда конок тосуу жана узатуу маданиятынын кульминациялык эе жогорку чеги болот. Учага ээ болуу сый-урматын алган кадырлуу (абройлуу) конок (эркек киши) бул сый-тамактан ооз тийип, андан сое учанын этинен езу каалаган конок мучелеруне, чое сыйдын катышуучуларына да ооз тийгиздирип, даамын таттырат. Аш-тойдон, куда тосуудан ж.б. жакшылыктан кайткан, уча тартуу сыйына ээ болгон адам ез журтуна (уйуне, айылга) келип тууган-урук, колу-кошуналарга бул сый-тамактан ооз тийгизуу салты эзелтеден жашап келери маалым. Уча жана ага байланышкан каада-салт, ырым-жырымдар сакралдуу мааниге ээ. Бул байыркы салттын тундук алтайлыктарда (куу-кижи, куманды, тубалар) да болгондугун XIX к. христиан миссионери, этнограф В.И.Вербицкий ез эмгегинде эскерген. Ушул эле байыркы салт "немат" деген аталыш менен тунгус-манжур тилдуу элдерде (эвенк, эвен ж.б.) сакталып келери белгилуу.

"Уча" деп ичкилик кыргыздар койдун же эчки-улактын арткы белугун же карчыга менен куймулчакты аташары маалым. Ичкилик кыргыздарында (Лейлек, Баткен, Ноокат районунун бир белугу, Кадамжай ж.б.) Тажикстан (Жергетал, Мургаб кыргыздары), Эзбекстандын (кыргыздын ичкилик уруулары жайгашкан аймактары), Ван кыргыздарында (Туркия) кой-эчкинин карчыгасы жана куймулчагы "уча" деп аталып, сыйлуу конокко тартылуучу сый-тамак катары белгилуу. Мисалы, ичкилик кыргыздарында "учаны, кадырлув деп, эркектерге, дешту аялдарга беребиз" - деп айтылат (Юдахин 1965: 811). XIX к. тундук кыргыздарында болгон Ч.Ч.Валиханов (текестик бугулардын кыдык уругунда болгон) дасторконго алынып келинген тамактын эе сыйлуусу кой этиндеги "уча" болгондугун белгилегени бар (Абрамзон 1991:100). Демек, койдун карчыга эти (учасы) ысык-келдук кыргыздарда да сыйлуу деп эсептелген эркек кишиге карата багышталган кадырлуу жилик-муче болгондугун байкоого болот.

Арийне, кыргыздар локалдашкан аймактарда малдын этинин жиликтенип тартылышы кээ бир жергиликтуу езгечелууктерге ээ. Бул кыргыздардагы чарбалык укладдын калыптануусуна, тотемистик-сакралдык кез караштардын эволюциялык енугуусуне байланыштуу калыптанганы чындык. Мисалы, Чыгыш Памирде жана Чое Алайда аялдарга "буйрак" (куймулчак) тартылып, койдун карчыгасы конокторго тартылбайт. Ал эми Ноокат аймагында (муегуш жана каеды уруулары) -"куймулчак", Лейлек тарапта "уча" негизги жилик-муче катары тартылары маалым (Абрамзон 1991:101).

Ал эми, ое жана сол канат кыргыздарынын кепчулугунде, Чыгыш Памир кыргыздарында койдун куймулчагы куда тараптын аял-кишилерине (кудагый жана анын туугандары) улуулатып тартыла берет. Ошол эле учурда сол кыргыздарында (мисалы, басыздарда), чое алайлык наймандарда койдун карчыгасы коноктор келгенде казанга салынбайт, салт боюнча карчыга уй ээлеринин энчисине калат. Бул салттын да тотемисттик, ритуалдык-магиялык маанилери бар. Бул тууралу кийинчерээк сез болору бышык. Карчыга (орусча - крестец) - мааниси жагынан кыргый сымал жырткыч кушту туюнтат. Мисалы, "кары билет кааданы, карчыга билет сонону". Соно - ердектун бир туру (Юдахин 1965:354). Ушул макаланын автору 2003-ж. Тувада илимий экспедицияда болуу учурунда езгече кееул бура турган кызыктуу окуяга дуушар болгон. Кыргызстандан, Хакасиядан, Новосибирден

(Россия) келген тарыхчыларды тувалар (тывалар) кой союп коноктошкон эле. Тосуп алуучу тараптын берген тушундурмелеруне караганда жергиликтуу туваларда эе сыйлуу тамак катары багышталып союлган койдун "ужасы" (тувача "ужа") болору белгилуу болду. Койдун "карчыгасы" жана "куймулчагы" эе улуу деп таанылган сыйлуу конокко тартылат. Тувалардын салты боюнча конок кааласа койдун бышырылган этинин бул мучесун езу жеп, эгерде каалоосу болсо дасторкондош жолдоштору ж.б. менен белуше алган. Тувалардын салты боюнча сыйлуу коноктор эркек жана аял болсо, эркек "ужанын" карчыга белугун езуне калтырып, куймулчагын аял кишиге (ез аялы) ыйгара алган. Карчыганын омуртка тарабына кан акпасын учун сумбе сайып коюшкан. Тувалардагы бул салттык керунуш лейлектик кыргыздардан (кесек, тейит уруулары) байкоого болот. Албетте, бул этнографиялык параллелдер сезсуз турде илимий кызыгууну жаратары ырас.

Бугуну хакастарда жана туваларда салтанат же тойлор болгондо жайылган сый дасторконду "уча саларга" (хак. Ужа саларга) деп аташат. Бул термин кыргыз тилинде "уча салуу", "учанын этин тартуу" маанисин берет. Мисалга, Саян-Алтай турктерунде уйленуу тоюнда ири малдын учасын жана тешун казанга салышкан. Ал эми туваларда койдун бышырылган "уча этин" (тувача - "уча эди") куймулчагы менен ортого коюлуп, кожоюн тарабынан улуулатып тартылып, аягында жаш балдарга ооз тийгизишкен. Хакастарда "уча" деп аталган дасторконундагы сый эки кунге созулган (2:45). Бул параллел аркылуу жогорудагы ичкилик кыргыздарынын салты менен байланышта экендигин байкоого болот. Арийне, бул салттын байыркы мааниси мезгилдин етушу менен трансформацияга учураганын байкоого болот.

Эзгече, алтайлыктар менен тувалардын ортосундагы салттык жалпылыктарга токтолуп кетууге негиз бар. В.В.Радлов алтайлыктарда келген коноктордун эе сыйлуусуна карчыга менен куймулчакты ыраа этишкендиктерин байкаган. Таанымал этнограф Н.П.Дыренкова кыргыздарда уйленуу тоюнда болгондо езгече жиликтер катары койдун учасы жана тешу боло тургандыгын белгилеген. Мындай тойдо "уча" жана теш тайаке тарапка тартылып, ал ез кезегинде тешту жээнине еткеруп берген. Андан сое тамакка ооз тийилип, сый-тамак ез тартиби боюнча уланган. Бул параллелдерден кыргыздардын туштук Сибирдин элдери менен терее этногенетикалык жана салттык байланыштарын керууге болот. Туштук Сибирь элдериндеги "уча" салты тууралу этнографтар Ф.Я.Кон, Г.Г.Грумм-Гржимайло, Л.П.Потапов, В.Дулов, С.Вайнштейн, В.Я.Бутанаев ж.б ез эмгектеринде кайрылып етушкен.

"Уча" салтынын чарбалык-экономикалык, философиялы.к-диний, социалдык терее маанилери болгон. "Уча" салтынын негизги мазмуну олжону ез уруулаштары менен тее белушкендукте турган. Илим адамдарынын берген маалыматтарына караганда бул салттын келип чыгышы алгачкы уруулук (обуиналык-жамааттык коом) коомдогу мамилелер ыдырай баштаган мезгилге же коешулук жамааттык (обуина) чарбанын калыптана баштаган дооруна таандык. Байыркы урууларда аечылыктан -мал чарбачылыгы, жыйноочулуктан - дыйканчылыктын, андан кол енерчулуктун келип келип чыгышы илимге белгилуу. Ырас, алгачкы жамааттык коомдон тартып кечээ еткен жакынкы мезгилдерге чейин аечылыктын адам баласынын жашоосундагы ээлеген ролу зор болгон. Чарбалык укладдын бир тарамы болгон аечылык жана ага байланыштуу келип чыккан каада-салттар, ырым-жырымдар талаа, тоолуу-токойлуу аймактарда жашаган элдерде, урууларда, езгече кыргыздарда

чарбалык-экономикалык, диний-ритуалдык терее маанилери болгондугун соеку иликтеелер айгинелеп жатат.

Кыргыздарда аечылыкка (уучулукка) байланышкан "шыралга" салты болгон. Уудан жолдуу болуп кайткан мергенчиге жолуккан киши "шыралга" деп чакырса, анда мергенчи эзелки салт боюнча "шыралга" деп чакырган кишиге атылып алган аедын бир белYГYн берYYге милдеттYY болгон. Аедын этин алып, ыраазы болгон жолоочу "шыралгала" деп жооп айткан. Шыралгала - "аечылыктын ийгиликтYY болушун каалаймын, жолуе болсун" маанисин туюнтат (Юдахин 1965:922). Айрым учурларда ае уулоодон (уучулуктан) олжолуу кайткан мергенчилер YЙлерYне куру кол келген учурлар да кеп кездешкен. Себеби, "шыралга" деп чакырып, жолдон кезиккен адамдарга мергенчи атылып алган аедын эти менен белYШYYге милдетщуу болгон. Сибирь элдеринде (эвенк, эвен ж.б.) мергенчи ири жаныбарды, мисалга бугуну же багышты олжолосо, биринчи жолуккан кишиге анын тулку бою менен тее келген этти, терисинин бир белYГYн берген. Бул салт монгол rnwYY элдерде да кенен жайылган жана алардын тилинде "шорлого" деп айтылат. "Шорлого" монгол тилдуу буряттарда "бир кесим эт" же "бир кесим этти белYШYY" расмичи деген маанини билдирет. Мындай учурда ("Шорлого" деп чакырылса ?) аеды белYштYPYп жаткан мергенчилер "егне!" (кыргызча - "макулбуз !" маанисинде) - деп жооп беришкен. "Шорлого" деп айткан киши же жолоочу салт боюнча мергенчилердин аедын этин белYштYPYYCYнен ез тиешесин алган (Абрамзон 1991:105-112). "Шыралга" же "шорлого" термининин келип чыгышы тYрк-монгол тилдеринин чейресYне эмес, балким, ете байыркы жалпы алтай (протоалтай) тилдерине барып такалуусу мYмкYн. Саян-Алтай элдеринде "уча" салтына байланыштуу дагы бир кызыктуу социалдык керYHYш бар. Жее жYPYп аечылык кылган мергенчи тайгада атчан жYрген башка аечынын минген аты байланып турса "уча" деп чакырып байланган атты убактылуу минип кетYYге акысы болгон. Минген аты байланып турган аечы "уча" деп чакырган жолоочуга тааныбаса да атын берYYге милдеттYY болгон. Ырас, мингич атты убактылуу алган аечы атты ез ээсине кайтарып берYY милдетин алган. Демек, бул тее белYШYY расмиси коешулук обYина (жамаат) калыптангандан кийин келип чыккан. Себеби, бул чарбалык керYHYш коллективдYY (жамааттык) ае улоо жана анын жыйынтыгындагы аеды белYштYPYYДен айрымаланып турат.

Ал эми бул салт хакас, туваларда - "ужа" ("уча"), тунгус rnwYY эвенктерде -"нимат" деген терминдер менен аталат. Бул салттын келип чыгышынын неолит дооруна (жаеы таш доору) таандык экендигин белгилешкен изилдеечYлер Саян-Алтай элдеринде "уча" расмиси оболу жапайы жаныбарларга (бугу-марал, багыш, элик ж.б.), кийинчерээк ае терилYY кайберендерге тарагандыгына токтолушат (Вайнштейн 1961:59). "Уча" расмиси адамдардын тотемисттик ишенимдеринин, социалдык ез ара жардам керсетYY салтынын (обычное право) негизинде келип чыккан. Тотемизм бир гана жаныбарларга гана эмес, тоо-таш, бак-дарак ж.б. жансыз предметтерге сыйынууну да билдирет эмеспи. Жаратылыштын кубулуштарынын алдында алсыз болгон адамдар ае уулоо учурунда бул процесстин (ае уулоонун) ийгиликтYY болуусу YЧYн атайын диний ритуалдарды аткарышкан. Эгерде, ае уулоонун жыйынтыгы ийгиликтYY болсо, анда тоо-таштын, токойдун ээлери менен белYШYY расмисин аткарышкан. Себеби, байыркы адамдардын тYШYктерYнде кайберендер тоо ээлеринин менчик малдары болгон жана асман, жер духтарынын езгече кеземелYнде болушкан (2:45). Саян-Алтайдын тYрктерYHYн философиялык-

диний тYШYHYктeрYндe тоо-таштар адамдар менен бир туугандык байланышта турган имиш. Мисалы: "...енисей кыргыздарынын тYЗ урпактары болгон хакастарда тYпкY ата-бабалырынын бири тоо ээсинин кызына Yйлeнгeн экен. Ошондуктан тоого "агалар" (хак. аталар) деп жYГYHYп урмат кeрсeтYп турушчу. Эгерде аечынын мYнeзY жакшы болуп, тоо ээлерине урмат жасаса, ал жыйынтыгында "кежикке" ээ болгон...". "Кежик" - туваларда, хакастарда "олжо", "ийгилик" маанилерин туюнтуп, бYГYнкY кыргыздарда "кешик", "тойдун, жакшылыктын кешиги", "кешик берYY" дегенди туюнтат. Демек, жаратылышка аяр мамиле жасап, ага урмат-сый менен кeрсeтYлсe, e3 кезегинде жаратылыш да "кешигин" (жапайы андар) адамдардан аяган эмес экен тYШYHYк калыптанган.

Бул расми Сибирдин тYрк тилдYY элдеринде "сартых" деп да аталат. Мисалга, улуу адам e3 устуканын кичyyлeргe (eзгeчe жаY балдарга) узатса, ал e3 теeтуштары менен эт, CYт азыктарын теe бeлYШYшкeн. Эз кезегинде тартылган тамактын эe сыйлуусу салт боюнча (обычное право) жаш бeкeл (монг. "бeкeвYл) тарабынан дасторкондогу насиптештердин эe улуусуна тартылган. Тунгус тилдуу эвенктерде, эвендерде салт боюнча атылып алынган аeдын эe сыйлуу мYчeлeрY улууларга, кары кишилерге тартылган. Бул эт тартуу салтына атылып алынган аeдын териси да кирген (5;4). Кыргыз тектуу сары уйгурларда (сарыг угур) ритуалдык максатта курмандыкка чалынган малдын башы жана териси шамандарга (бакшы) тартылгандыгын тYрколог С.Е.Малов (1907-ж.) байкагандыгын жазган.

"Уча" салтынын тYпкY мааниси социалдык теeчиликти, катаал жашоо шарттарында азык-тYЛYктY теe бeлYштYPYYHY, eз ара жардамдашууну, адамдардын социалдык жаш eзгeчeлYктeрYнe (жаш балдар, кары-картаeдар) карата колдоо кeрсeтYYHY туюнткан. Жаратылыштын катаал шарттарында капысынан жолуккан адамдар бири-бирине жардам беруу (азык тYЛYк, тамак-аш), колдоо ^рштуу, бeлYШYY зарыл болгон. Ашыкча болгон азык-тYЛYктY бeлYштYPYYнун салттуу нормалары жана бул коомдук-экономикалык тартипти бекем сактоо социалдык жактан eз ара жардамдашууну, нике байланыштарын сактоону камсыз кылган. "Уча" салты адамдардын жашоо шартында материалдык жактан кыйынчылык жаралганда жардам берYYЧY калыптанган коомдук гарантия болгон, социалдык градацияны камсыз кылган, куда-сeeктYк байланыштарды чыeаган.

Адабияттар:

1. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сeздYк. -Фрунзе, 1965. - 893 б.

2. Бутанаев В.Я., Монгуш Ч. Обряды как отражение традиционный верований тувинцев и хакасов в XIX-XX вв.- Кызыл, 2005. - 200 с.

3. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко культурные связи. -Фрунзе, 1990. - 480 с.

4. Вайншейн СИ. Тувинцы-тождинцы. Историко-этнографические очерки. -M.,1961.-231 с.

5. Монгуш Ч. Обряды как отражение традиционных верований тувинцев и хакасов в XIX-XX вв.//Автореф.канд.дисс.-Абакан, 2005. - 23 с.

6. Karatayev O.K. (2013). «Ucha» tradition in Kyrgyz culture and its histori calethnographic//Black Sea-Черное Море) Yil 5 Sayi 18. P.88-94.

7. Ширина А.А. Нимат обычай делeжа у северных тунгусов // do.gendocs.ru.docs/index-301843.html

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.