Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН ӨНҮГҮШҮНӨ ИСЛАМ ДИНИНДЕГИ ТҮШҮНҮКТӨРДҮН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ'

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН ӨНҮГҮШҮНӨ ИСЛАМ ДИНИНДЕГИ ТҮШҮНҮКТӨРДҮН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ Текст научной статьи по специальности «Психологические науки»

CC BY
13
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
психологиялык термин / ыйман / ниет / ишеним / напси / ыклас / хадис / сүрө / аят / кызыгуу / каалоо / инсандын активдүүлүгү / максат / көңүл буруу / диний тарбия / psychological term / spirituality / intention / faith / nafs / sincerity / hadith / surah / verse / interest / desire / activity of personality / goal / attention / religious education

Аннотация научной статьи по психологическим наукам, автор научной работы — Маматали Мурзаев, Назира Караева

Макалада ислам динине байланыштуу психологиялык маанидеги “ыйман”, “ишеним”, “напси”, “ниет”, ”ыклас”, ”идрек” ж.б. түшүнүктөрдүн, терминдердин мазмуну талданып, алар диний китептер аркылуу эл ичине кеңири тарап жатышы, кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин өнүгүшүнө өзүнүн оң таасирин тийгизүүдө. Бул процесс орус тилиндеги психологиялык терминдерди кыргыз тилине так жана терең маанисинде которууга, алардын кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табууга мүмкүндүк жаратып жатат. Диний китептер, медреселерде берилген илим-билимдер аркылуу психологиялык маанидеги түшүнүктөрдүн, терминдердин эл арасына жайылышы кыргыз тилинде психологиялык терминдердин байышына, такталышына жана калыптанышына өзүнүн оң таасирин тийгизип жатканы ачып берилди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE INFLUENCE OF ISLAMIC CONCEPTS ON THE DEVELOPMENT OF PSYCHOLOGICAL TERMS IN THE KYRGYZ LANGUAGE

The article analyzes the content and psychological meanings, concepts, terms: “faith", "belief", "self", "intention", "will", "cognition" related to the Islamic religion, and it is shown that they are widely spread among the population through religious books that have a positive influence on the development of psychological terms in the Kyrgyz language. Also, it gives the opportunity to accurate and deep translation of psychological terms from Russian to Kyrgyz and finds their equivalents in the Kyrgyz language. It was revealed that the spread of psychological concepts and terms through religious books has a positive effect on the enrichment, clarification and formation of psychological terms in the Kyrgyz language.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН ӨНҮГҮШҮНӨ ИСЛАМ ДИНИНДЕГИ ТҮШҮНҮКТӨРДҮН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ»

ПСИХОЛОГИЯ

УДК 159.9:001.4

https://doi.org/10.52754/16948610 2023 1 13

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН

еиугушуие ислам дининдеги тушунуктэрдун

ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

МурзаевМаматали Султанович, психолог.и.к., доцент Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

mamatali54@mail.ru Бишкек, Кыргызстан Караева Назира Ормонбековна, улук окутуучу Ош мамлекеттик университети karaeva@oshsu.kg Ош, Кыргызстан

Аннотация. Макалада ислам динине байланыштуу психологиялык маанидеги "ьшман", "ишеним", "напси", "ниет", "ыклас", "идрек" ж.б. тYШYHYктврдYн, терминдердин мазмуну талданып, алар диний китептер аркылуу эл ичине кецири тарап жатышы, кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин внYгYШYнв вЗYHYн оц таасирин тийгизYYдв. Бул процесс орус тилиндеги психологиялык терминдерди кыргыз тилине так жана терец маанисинде которууга, алардын кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табууга мYмкYндYк жаратып жатат. Диний китептер, медреселерде берилген илим-билимдер аркылуу психологиялык маанидеги тYШYHYктврдYн, терминдердин эл арасына жайылышы кыргыз тилинде психологиялык терминдердин байышына, такталышына жана калыптанышына вЗYHYн оц таасирин тийгизип жатканы ачып берилди.

Ачкыч свздвр: психологиялык термин, ыйман, ниет, ишеним, напси, ыклас, хадис, сурв, аят, кызыгуу, каалоо, инсандын активдYYЛYгY, максат, квщл буруу, диний тарбия.

ВЛИЯНИЕ РЕЛИГИОЗНЫХ ПОНЯТИИ ИСЛАМА НА РАЗВИТИЕ ПСИХОЛОГИЧЕСКИХ ТЕРМИНОВ НА КЫРГЫЗСКРМ ЯЗЫКЕ

Мурзаев Маматали Султанович, к.психолог.н., доцент Кыргызский государственный университет имени Ишеналы Арабаева

маматалш54атаИ.П1 Бишкек, Кыргызстан Караева Назира Ормонбековна, старший преподаватель Ошский государственный университет

karaeva@oshsu.kg Ош, Кыргызстан

Аннотация. В статье проанализировано содержание и психологическое значения, понятий, термино: ыйман", "ишеним", "напси", "ниет", "ыхлас", "идрек" связанных с исламской религией, и показано, что они широко распространяются среди населения через религиозные книги, которые оказывает положительное влияние на развитие психологических терминов на кыргызском языке, дает возможность точно и глубоко переводить психологические термины с русского языка на кыргызский язык и найти их эквиваленты на кыргызском языке. Выявлено, что распространение психологических понятий и терминов через религиозные книги, оказывает положительное влияние на обогащение, уточнение и формирование психологических терминов в кыргызском языке.

Ключевые слова: психологический термин, духовность, намерение, вера, нафс, ихлас, хадис, сура, аят, интерес, желание, активность личности, цель, внимание, религиозное воспитание.

THE INFLUENCE OF ISLAMIC CONCEPTS ON THE DEVELOPMENT OF PSYCHOLOGICAL TERMS IN THE KYRGYZ LANGUAGE

Murzaev Mamatali Sultanovich, Candidate of Psychological Sciences, Associate Professor, Kyrgyz State University named after Ishenaly Arabaeva

mamatali54@mail.ru Bishkek, Kyrgystan Karaeva Nazira Ormonbekovna, Senior Lecturer

Osh State University karaeva@oshsu.kg Osh, Kyrgystan

Abstract. The article analyzes the content and psychological meanings, concepts, terms: "faith", "belief, "self', "intention", "will", "cognition" related to the Islamic religion, and it is shown that they are widely spread among the population through religious books that have a positive influence on the development of psychological terms in the Kyrgyz language. Also, it gives the opportunity to accurate and deep translation of psychological terms from Russian to Kyrgyz and finds their equivalents in the Kyrgyz language. It was revealed that the spread of psychological concepts and terms through religious books has a positive effect on the enrichment, clarification and formation of psychological terms in the Kyrgyz language.

Key words: psychological term, spirituality, intention, faith, nafs, sincerity, hadith, surah, verse, interest, desire, activity of personality, goal, attention, religious education.

Киришуу- ЖОЖдо болочок педагогдорду кесиптик жактан даярдоодо психология боюнча окутулуучу сабактардын топтому езгече орунда турат. Анткени болочок мугалим психологиялык дисциплиналарды YЙренYY аркылуу гана адам табиятын (психикасы жана анын процесстери, кубулуштары ж.б.), инсан табиятын, инсандын жекече езгечелYктерYн жана анын калыптанышынын мыйзам-ченемдYYЛYктерYн Yйренет.

Кыргыз тилинде психологиялык терминдер калыптаып бYтe электигинен стденттерге психологияны уйретууде терминдерди чечмелеп баруу максатка ылайыктуу.

Педагогикалык ЖОЖдордо жана колледжерде психология предметтеринин окутулуп жатышы, психология илими боюнча окуу китептердин кыргыз тилинде жазылышы жана айрым китептердин (Д.Карнеги ж.б.) которулушу, психологиялык терминдердин системасынын кыргыз тилинде тузулушуне туртку берYYдe.

Ушул жерде баса белгилей кетчY нерсе, акыркы 10-20 жылда Куран китеби баш болгон диний китептердин кыргыз тилинде басып чыгарылышы, эл ичине тарашы, эл арасына психологиялык тYШYHYктeрдYн тарашына алып келYYДe. Азыркы кезде ислам дининдеги психологиялык маанидеги тYШYHYктeр кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин eнYГYШYнe ез таасирин тийгизYYДe. Натыйжада орус тилиндеги психологиялык терминдерди кыргыз тилинде так жана терец маанисинде берYYгe мYмкYндYк жаратууда.

Изилдеенун каражаттары жана ыкмалары. Ислам дининдеги эц негизги тYШYHYктeр: ыйман, ишеним, напси, ыклас ж.б. терец психологиялык мааниге ээ экендигин баса белгилeeгe болот. Жогоруда аталган ислам дининдеги психологиялык тYШYHYктeрдYн маани-мазмуну терец, кецири жана eтe так экендиги талашсыз.

Биз макалабызда ислам дининдеги тYШYHYктeрдYн маани-мазмунун ачып кeрсeтYYгe жана алардын кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин eнYГYШYнe тийгизген таасирине токтолобуз жана аналитикалык жалпылоо, мазмунду чечмелеп талдоо ыкмалары аркылуу кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин eнYГYШYн ачыктайбыз.

Жыйынтыктар жана талкуулар. Ислам дининде ыйман эц негизги тYШYHYк болуп, татаал, ^п кырдуу, терец маанидеги тYШYHYк катары каралат. Ошондон ыймандын 70 бeлYГY (элементи) бар деп айтылат. Анын бир бeлYГY элементи болуп уяттуулук саналат.

Уяттуулук адамдын жYPYм-турумун eзгeчeлeнтYп туруучу eзгeчeлYк. Ошондон ислам дининде уяттуу адам гана ыймандуу боло алат деп айтылат.

Уяттуулук TYШYHYГYHYH мааниси орус тилинде совестливость, воспитанность, нравственность ж.б. сeздeр аркылуу берилет. Уяттуулук адамда эки TYPДYY болот:

1. Тубаса берилYYЧY уяттуулук.

2. Тарбия таасиринде адамдын eмYPYндe калыптануучу уяттуулук.

Ислам дининде ниет - эц негизги тYШYHYктeрдYн бири. Ал татаал, кеп кырдуу, терец мааниге ээ болгон тYШYHYк. Ислам дини ниетке езгече маани берет жана аны аракеттердин башаты катары карайт.

Хадисте "баары ниетке жараша болот" - деп айтылат. Ошондон ар бир адамдын ниетине жараша сооп жана жаза берилет.

Адам ац-сезиминде, акылында пайда болгон ойду, идеяны муктаждыктын элегинен eткeрYп, кeцYЛYндe ниетти жаратат. Шарт, кырдаал жана адам муктаждыгы eзгeргeн сайын ниет да eзгeрYп турат. Мына ошондон исламда ниет такай eзгeрYп туруучу касиетке ээ деп тYШYHYлeт. Ошондон улам ислам дининде ар бир амалдын башында, ортосунда жана аягында ниетти жацылап, кeзeмeлдeп туруу сунушталат. Мындан жан дYЙнe кыймылда экендиги, ниеттин напси таасиринен eзгeрYп кетYY ыктымалдуулугу жогору экендиги кeрYнeт.

Ислам дининде ниет бир канча мааниге ээ.

Ниет - каалоо катары умтулуу предметин аныктайт.

Ниет максат катары багыт берет жана кишини алдыга жетелейт.

Ниет - установка катары жYPYм-турумду аткаруунун маани-мазмунун аныктайт.

Психология илиминде установка деп, инсандын белгилYY бир жYPYм-турумду, иш аракетти аткарууга болгон ички психологиялык даярдыгын айтат [1:226]. М: азыркы кездеги саясатчылардын сeздeрYнe, убадаларына ишенбeeчYЛYктYн бар болушу (саясатчылар элди кайра-кайра алдай берип, кийин чындыкты, туура сeздY CYЙлeп жатса да, ага адамдын ишенбеши, кыжырданышы ж.б. саясатчылардын сeзYнe болгон установканын кeрYHYШY.).

Ниет-установка, бирок установка бейацдык децгээлде жана ац-сезимдик денгээлде болот деп айтылса, ниет ац сезимдYY гана болот. Установканын бейацдык децгээли напси тYШYHYГY менен байланышта каралат.

Ниеттин проекциясы, кeрYHYШY аракеттин жасалышына жана анын натыйжасына алып келет.

Жыйынтыктап айтканда, орус тилиндеги "установка" термининин кыргыз тилинде эквиваленти жок деп, "установка" деп эле колдонулуп келинген. Ал терминди ислам дининдеги "ниет" тYШYHYГY так чагылдырып турат.

Эми "ыклас", "напси" терминдерине токтололу.

Ислам дининде напси эц негизги тYШYHYк болуп, ислам дининде ыйман

менен напсинин байланышы eзeккY маселе катары каралат.

112

Ислам дининде напси - татаал, ^п кырдуу, терец маанидеги кeп катмарлуу тYШYHYк.

Шейх Ахмад ажы Абдуллаев "Такыбалардын жакшы кулк-мYнeзY" (орусчадан которгон К.Жаркынбаев. - Бишкек. 2020) аттуу китебинде адамдардын адеп-ахлагы жана коомдогу адеп-ахлак байланышта каралып, адамдын бут жYPYм-турумун аныктоочу нерсе катары напси (нафси) эсептелинет. Напсисин тазалоо аркылуу адам жакшы жYPYм-турумга ээ болот, анын жакшы жYPYм-туруму "коомдун адептуу болушуна алып келет" деген ой айтылат [2:5].

Биз напсини потребность маанисинде карай турган болсок, жогоруда айтылгандардан напси - керектик, муктаждык (потребность) ж.б. маанисин да чагылдыра тургандыгы даана кeрYнeт.

Напси - каалоо, кызыгуу деп которулганы менен маанилик жактан напси кец, кeп катмарлуу жана терец тYШYHYк.

Басымдуу тYрдe напси - квцулдун каалоосу маанисинде берилет. Ал эми каалоо кызыгуудан жаралат.

Психологияда адам YЧYH эмоционалдык мааниге ээ болгон гана объект кызыгууну жаратат деп айтылат.

КЫЗЫГУУ (интерес) - инсандын eзY YЧYH мааниге ээ болгон объектиге тандап мамиле жасоосу жана таанып билYY муктаждыгынын кeрYHYШY катары инсанды жацы максаттарга, ишмердYYЛYктeргe багыттайт, аракетке алып келет [1:120].

Психология илиминде кызыгуунун, каалоонун жаралуусу инсандын активдYYЛYГYHYн жаралышына алып келет жана мотив катары кызмат кылат. Мында кызыгуунун, каалоонун жаралуусу инсандын активдYYЛYГY менен байланыштуу каралат. Ал эми ислам дининде да напсинин пайда болуусунда кишинин каалоолорунун таасири кYчтYYЛYГYнe басым жасалат. Бирок психология илими менен ислам дининде напсинин жаралышын тYШYндYPYYдe айырмачылыктар бар. Алсак, ислам дининде напсинин пайда болуусунда кишиде каалоолордун жаралуусунда жин-шайтандардын да таасири кYчтYYрeктeй мааниде берилет. Себеби ац-сезимдYY денгээлде напси-каалоо, кызыгуу кишинин ыйманы менен жeнгe салынып ооздукталып, адеп эрежелери менен башкарылып турат. Айрым учурларда напсинин жаралуусунда ацдап билинбеген таасирлер да болот. Бул учурда напсинин пайда болуусунда, инсандын активдYYЛYГYHYн жаралышында шайтандын азгыруусунун кYчтYYЛYГY жана анын инсандын активдYулYГYн жаратуучу табиятка ээ экендигине басым жасалат.

Психология илиминде каалоону, кызыгууну инсан башкарып, жeнгe сала алса, ислам дининде напсини бардык адамдар эле башкарып, жeнгe сала албай турганын, ыйманы бекем инсандар гана напсини ооздуктай алат, башкара алат деп тYШYндYPYлeт. Ал эми ыйманы бекем эмес адамдар Шайтандын баШкаруусундагы напсинин жетегинде калып, ыйманга туура келбеген жYPYм-турумдарды жасайт деген ой YCтeмдYк кылат. Ошондон ислам дининде адамдын ыйманын бекемдee эц негизги рухий иш болуп саналат

Диний тарбия eзгeчeлYктeрYнe адамдын напсисин тарбиялоого басым жасалгандыгын айтууга болот.

СССР мезгилинде советтик тарбияда напси тарбиясы идеологиялык тарбиянын кeлeкeсYндe калган [3].

Азыр диний тарбиянын кYчeшY менен кыргыз элинде кайрадан адамдын напсисин тарбиялоо чоц мааниге ээ болууда.

Кыргыз элдик педагогикасында адамдын муктаждыгын калыптандыруу маданиятына тарбиялаган. Ал эми "Жакшы тамак калгыча, жаман курсак жарылсын" ж.б. сыяктуу макалдар ысырапкорчулукка жол бербee ж.б. ниетинде айтылган десек туура болот.

Ыклас Ислам дининдеги эц негизги тYШYHYктeрдYн бири болуп, татаалдыгы, кeп кырдуулугу менен eзгeчeлeнeт.

Ыклас Кудайдын ыраазычылыгы YЧYн аткарылган аракеттер (Кудайдын ыраазычылыгы YЧYн убактысын, кYЧYн сарптоо ж.б.).

Ыклас - бул ыймандын эц жогорку даражасы (Байхаки). "Ыймандууларга Ыклас менен иш кылууну буйрудум" [4] - дейт Аллах.

Ыклас - кeцYл буруу катары психика багытталган жана топтолгон предметти аныктайт.

Ыклас - абал катары кишини азыркы абалын, иш аткаруу eзгeчeлYГYн аныктайт.

Ыклас -установка катары жYPYм-турумду аткаруунун eзгeчeлYктeрYн, иш аракетти маанилYY жана мазмундуу аткарууну аныктайт.

Ыклас психологиялык установка катары кишинин динге мамиле жасаганда eтe берилип, eтe жоопкерчилик менен аракеттенYYCY жана жакшы натыйжага ээ болууга кYчтYY умтулуусунан кeрYHYYЧY eзгeчeлYк. Бир караганда ыкластын мааниси психология илиминдеги кeцYл буруу, анын eзгeчe TYPY болгон кунт коюу тYШYHYГYнe маанилик жактан жакын жана окшош болуп кeрYнeт. Бирок, андай эмес. Ыкластын мааниси eтe терец жана кец, ошондой эле ал жан дYЙнeнYн терецинде орун алган жана анын тYпкYPYндe жатып, жYPYм-турумга eтe кYчтYY таасир эте алчу кудретке ээ

114

болгон психологиялык кубулуш. Алсак, кeцYл буруу - кишинин психикалык ишмердигинин бир нерсеге (обьектке) багытталышы жана топтолушу, ал эми кунт коюу кeцYл буруунун ^чт^ кeрYHYШY болуп, бир нерсеге (обьектке) багытталган жана топтолгон психикалык ишмердиктин ^чт^ жана узак убакытка созулган абалы болуп саналат [1:113]. б.а. кунт коюу узак убакытка чейин, туруктуу тYPдe белгилYY бир нерсеге eтe берилип кeцYл буруу. Ушул жерде ыкласты кeцYл буруунун бир eзгeчe кeрYHYШY катары кароого болору белгаг^ болот.

Ыклас кунт коюудан eтe кYчтYYЛYГY жана жан дYЙнeнY камтуунун кецдиги менен айырмаланат жана адамдын бYт жан дили менен берилип, ишеними, ынанымы менен бир нерсеге eтe кYчтYY кeцYЛ буруусу, кeцYЛ топтоосу жана кунт коюусу болуп саналат. Ошондой эле ыклас нерсеге карата адамдын мамилесинин багытын жана мазмунун, мамиле жасоого болгон ички даярдыгын кeрсeтYп турат.

Психологияда кeцYЛ буруунун термелYY касиетине ээ экендиги, ошондон психикалык ишмердик белгилYY убакытка кeцYЛ бурулган объектиден башка объектиге кeцYЛ бурулуп кайра eз ордуна кайтып туруусу ишке ашып турары белгиленет. Ал эми ыклас болсо андай термелYY сапатка ээ эмес.

Ыклас учурунда, киши ыкластуу болгон учурда, нерсе (М: дин, куран YЙрeнYY ж.б.) бYт акыл-эсти eзYнe багынткандан, кишини шайтан азгыра албай калган абал тYШYHYлeт. Ошондон киши бир нерсеге ыклас койгондо кeцYЛДYн термелYYCY ишке ашпай, кeцYЛ буруу бир нерсеге (объектиге) каккан казыктай бекем орноп калган учурдагы кeцYЛ буруунун ишке ашуусу ыкласты пайда кылат.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктасак, ыклас кeцYЛ буруу, кунт коюу гана эмес, ошол эле учурда ишке инсандык мамиле да болуп саналат.

Ыкласты психикалык процесс гана эмес, eзгeчe настрой - жан дYЙнe абалы деп айтуу туура болот. Мында киши бут дитин, психикалык абалын ошол YЙрeнYЛYп жаткан объектиге ээ болууга багыттайт. Ушул жагынан алганда ыклас бул - психологиялык установка.

Ыклас установка катары кишинин динге мамиле жасаганда eтe берилип, eтe жоопкерчилик менен аракеттенYYCY жана жакшы натыйжага ээ болууга кYчтYY умтулуусунан кeрYнeт. Ошондон ислам дини жаш муундарды ыклас менен иш жасоого (айрыкча Куран аяттарын YЙрeнYYдe ж.б.) кeнYктYрeт.

Жыйынтыктап айтканда, ыклас кишинин мамилесинин багытын жана

мазмунун аныктоочу кYч болуп, адамдын бир нерсеге бYт жан дили менен

115

берилип, ага ете ky4tyy кeцYл буруусун багытталышын, топтолушун чагылдырат жана адамдын белгилYY бир нерсеге карата мамиле жасоого болгон ички даярдыгын билдирет.

Жогоруда айтылгандарды (ниет, ыклас ж.б.) дубанын мисалында терецирээк ачып берYYгe аракеттенебиз. Ислам дининде дуба Кудайга кайрылып, жардам суроо амалы болуп саналат.

Дуба - бул жен эле Аллахка кайрылып, жардам сурануу гана эмес, адамдын eзYндeгY кeйгeйлeрдY ачыктоосу жана андан арылууга eзYн багыттоосу, аракетти баштоону eзYнe ниет-установка кылуусу, eзYн оцдоо багытына кадам таштоосу [5]. Адам дуба кылуу аркылуу Кудайга кайрылуу аркылуу eзYнe кайрылат, e3Yra психологиялык настрой берет, eзYHYн установкасын бекемдеп, аракет жасоого шымаланып киришет, натыйжада дубада айтылгандар ишке аша баштайт. М: дуба кылганда «менин жYрeгYMY тазала, ыйманымды бекем кыл» - деп, Кудайдан тилеп олтуруп, e3Y^ буйрук берет, eзYн ошолорду аткарууга бYт денесине, ац-сезимине буйрук берYYгe жетишет, аны ишке ашырууга системаны аракетке алып келет. Бул жерде дуба аркылуу адамдын eзYн-eзY тарбиялоосу ишке ашат жана мындан дуба ислам дининдеги инсанды калыптандыруучу эн негизги фактор, метод, ыкма катары колдонулары кeрYнeт.

КYHYмдYк турмушта колдонулган тYШYHYктeр адамдын психологиясын тYШYндYPYYДe eзгeчe мааниге ээкендиги идрек тYШYHYГYнeн да ачык кeрYнeт.

Ислам дининде идрек - адамдын акылынын кыймыл-аракети, алдыга карай жылуусу, акылдын eнYГYШYHYн ошол адамдагы жеткен чеги катары кeрYHYШY.

ИдиректYY - акыл-эси кYчтYY жана eзгeчe деген маанини туюнтат. ...Анан, (Эй Мухаммад) айткын: «Кайып, (б.а., келечектин жана инсан идиреги жетип барбай турган бардык нерселердин билими) Аллага таандык... (Юнус CYрeсY; 10/20) [1].

Дымак - уровень притязаний. Дымагы чоц, бийикте ж.б. сeздeр кишинин умтулуусунун бийиктигин билдирет [3]. Кыргыз эли дымагы чоц эл. Ошондон баары эле чоц болгусу келет. Бир карасац начар сапаттай сезилет. СССР мезгилинде eзбектер складда иштегенди, кыргыздар аз акчага папке кeтeргeн ж.б. иштерде иштегенди жактырчу, ошого жараша алардын жашоо денгээли ар тYPДYY эле.

Корутунду. Кыргыз тилиндеги психологиялык терминдердин eнYГYШYнe, калыптанышына ислам дининдеги тYШYHYктeр eз таасирин

тийгизуудэ. Бул акыркы 20-30 жылдарда Куран китеби баш болгон диний китептердин кыргыз тилинде басылып чыгарылышы жана эл ичине тарашы, эл арасында ислам дининдеги психологиялык тYШYHYктeрдYн кецири жарыяланышы менен байланыштуу. Тилибизде ЖYPYП жаткан мындай процесс кептеген орус тилиндеги психологиялык терминдерди кыргыз тилинде так жана терец маанисинде берYYгe мYмкYндYк жаратууда. Ислам дининдеги ыйман, ишеним, напси, ыклас ж.б. психологиялык тYШYHYктeрдYн маани-мазмуну терец, кецири жана ете так. Орус тилиндеги кептеген терминдердин кыргыз тилинде эквивалента жок деп, кыргыз тилинде да орусча терминдер ("установка" ж.б.) колдонулуп келинсе, ислам дининдеги тYШYHYктeр кыргыз тилинде кептеген психологиялык терминдерди так чагылдырып бере тургандыгы белгилYY болду.

Адабияттар

1. Мурзаев М.С. Психологиялык тYШYHYктeрдYн жана терминдердин сездугу. /Тузген: Мурзаев М.С. - Б., 2022. -264 б.

2. Шейх Ахмад ажы Абдуллаев. Такыбалардын жакшы кулк-мYнeзY. //Орусчадан которгон К. Жаркынбаев. - Бишкек. 2020, -256 б.

3. Общая психология /Под ред. А.В. Петровского М.: 1998. 344 с.

4. Ыйык Куран: Маанилеринин кыргызча котормосу /Которгондор: АбдышYKYP Исаилов, ДYЙшeн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай. -Б.: 2009. 624 бет.

5. Имам Навави 40 хадис кыргызча котормосу жана тYШYндYрмeсY менен. - Б., 2013. -136

6.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.