Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЛДАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН РОЛУ ЖӨНҮНДӨ'

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЛДАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН РОЛУ ЖӨНҮНДӨ Текст научной статьи по специальности «Право»

CC BY
18
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Балдар иштери боюнча Комиссия / жашы жете электер / типтүү жобо / Commission on Affairs of Children / Minors / standard provision

Аннотация научной статьи по праву, автор научной работы — К. Токтомамбетова

Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүлүшү, аны жергиликтүү бийлик органынын өкүлүнүн жетектеп турушу эле баардык көйгөйлөрдү чече бербейт. Балдардын иштери боюнча комиссиялардын эӊ башкы көйгөйү болуп алардын башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен өз ара мамилелери боюнча так укуктук позициянын жоктугу саналат. Бул бүткүл профилактикалык системанын ишинин сапатын начарлатат жана кароосуз калуулардын жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча тутумдун мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйындатат деп эсептейбиз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ON THE ROLE OF THE COMMISSION ON CHILDREN'S AFFAIRS IN THE KYRGYZ REPUBLIC

The creation of a commission on children's affairs and the fact that it is headed by a representative of the local authorities will not solve all problems. The main problem of commissions on children's affairs is the lack of a clear legal position on their relationship with other state authorities, local governments and public associations. We believe that this worsens the quality of the work of the entire preventive system and complicates the interaction between the institutions of the system for the prevention of neglect and delinquency among minors.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЛДАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН РОЛУ ЖӨНҮНДӨ»

УДК:34.343

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЛДАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН РОЛУ ЖӨНҮНДӨ

Токтомамбетова К.К.,улук окутуучу Ош мамлекеттик университети Ош, Кыргызстан

Аннотация: Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүлүшү, аны жергиликтүү бийлик органынын өкүлүнүн жетектеп турушу эле баардык көйгөйлөрдү чече бербейт. Балдардын иштери боюнча комиссиялардын эц башкы көйгөйү болуп алардын башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен өз ара мамилелери боюнча так укуктук позициянын жоктугу саналат. Бул бүткүл профилактикалык системанын ишинин сапатын начарлатат жана кароосуз калуулардын жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча тутумдун мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйындатат деп эсептейбиз.

Ачкыч сөздөр: Балдар иштери боюнча Комиссия, жашы жете электер, типтүү

жобо.

О РОЛИ КОМИССИИ ПО ДЕЛАМ ДЕТЕЙ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ

Токтомамбетова К.К., старший преподаватель Ошский государственный университет

Ош, Кыргызстан

Аннотация: Создание комиссии по делам детей и то, что ее возглавляет представитель местной власти, не решит всех проблем. Основной проблемой комиссий по делам детей является отсутствие четкой правовой позиции по их взаимоотношениям с иными органами государственной власти, органами местного самоуправления и общественными объединениями. Считаем, что это ухудшает качество работы всей профилактической системы и усложняет взаимодействие между учреждениями системы профилактики безнадзорности и правонарушений среди несовершеннолетних.

Ключевые слова: Комиссия по делам детей, несовершеннолетних, типовое положение.

ON THE ROLE OF THE COMMISSION ON CHILDREN'S AFFAIRS IN THE

KYRGYZ REPUBLIC

Toktomambetova K.K., senior lecturer Osh State University Osh, Kyrgyzstan

Abstract: The creation of a commission on children's affairs and the fact that it is headed by a representative of the local authorities will not solve all problems. The main problem of commissions on children's affairs is the lack of a clear legal position on their relationship with other state authorities, local governments and public associations. We believe that this worsens the quality of the work of the entire preventive system and complicates the interaction between the institutions of the system for the prevention of neglect and delinquency among minors.

Key words: Commission on Affairs of Children, Minors, standard provision.

Коомдун саясий, социалдык-маданий жана экономикалык чөйрөлөрүндө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр кээде терс көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Мындай өзгөрүүлөр көбүнчө калктын аялуу катмарында - балдар арасында даана байкалат. Коомдук механизмдин өзгөрүшү балдардын кароосуз жана көзөмөлсүз калышынын өөрчүшүнө себепчи болот. Терс көрүнүштөрдүн ичинен, айрыкча жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун өсүшүн белгилөөгө болот. Мындай кырдаалда өзгөчө мамлекеттик органдар өзгөчө мааниге ээ, анткени, алардын иш-аракети балдардын укуктарын коргоо, кароосуздуктун алдын алуу жана жашы жете электердин кылмыштуу аракеттерин болтурбоо болуп саналат эмеспи?. Жашы жете элек адам тарабынан жасалган кылмыштын алдын алуу же бөгөт коюу кылмыштын кесепеттери менен күрөшүүгө караганда натыйжалуураак жана азыраак чыгымды талап кыла тургандыгы бардыгына маалым. Үй-бүлөдө жана андан тышкары жагдайларда жашы жете электердин укуктарын коргоо системасын калыптандыруу үчүн кризистик кырдаалдарды алгачкы этапта аныктоо абдан маанилүү деп эсептелет.

Аталган багытта, Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мыйзамдардын жетишээрлик топтому иштелип чыккан. Бул мыйзамдардын топтомунун ишке ашырылуусун камсыздоо системасын координациялоочу орган катары Балдар иштери боюнча комиссия иш жүргүзүп келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобонун 1-беренесине ылайык, балдар иштери боюнча комиссиялар кароосуз калуулардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу системасына тиешелүү органдардын жана мекемелеринин ишин координациялоо максатында түзүлүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат.

Балдар иштери боюнча комиссиялар социалдык профилактика системасы менен ювеналдык юстициянын ортосундагы көпүрө болуп саналат.

Балдар иштери боюнча комиссиянын курамы жана жетекчиликке алуучу жобосу жогоруда аталган Типтүү жобого ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан чечилет жана бекитилет.

Комиссия өз ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу боюнча жумуштарды аткарышат:

- аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоо чөйрөсүнө таандык болгон жарандардын өз ара кызматташуусун камсыздайт;

- турмуштук оор кырдаалга кептелген балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздайт;

- балдардын укуктарынын бузулуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрөт;

- жашы жете электер, алардын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жасалган административдик укук бузуулары жөнүндө материалдарды өз компетенциясынын чегинде карап чыгат.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, балдар иштери боюнча комиссия колегиалдуу орган болуп саналат жана өз курамына тиешелүү мекеме-уюмдардын, о.э. органдардын өкүлдөрүн камтыйт.

Анын курамына төмөнкүлөр кирет4:

• ички иштер органынын өкүлү;

• билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү;

• саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү;

4 Балдар иштери боюнча Комиссия жөнүндө Типтүү жобо тууралуу. Муниципалитет/ илимий-популярдуу журнал. http://www.municipalitet.kg/ky/article/full/1246.html

139

• балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык (жергиликтүү) бөлүмүнүн өкүлү;

• миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;

• жаза аткаруунун аймактык мамлекеттик органынын өкүлү;

• жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардык мэриянын өкүлү;

• турмуштук оор кырдаалда калган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды жана башка кызматтарды көрсөткөн жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.

Балдар иштери боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик бийлик органынын башчысына же шаар башчысына (мэрине) балдардын абалы жөнүндө ар квартал сайын отчет түрүндө маалымат берип турат. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органынын башчысынын орун басары, эгер шаар болсо, мэрияда социалдык маселелерди тейлеген вице-мэр балдар иштери боюнча Комиссиянын төрагасы болуп саналат. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органынын башчысы же шаардын мэри балдар иштери боюнча Комиссиянын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын балдар иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратына квартал сайын отчет берип турат.

Жашы жете электердин укуктарын коргоо, албетте, өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Балдардын иштери боюнча комиссиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат. Балдар иштери боюнча ар бир комиссия өз деңгээлинде жашы жете электерге карата укук бузуулардын алдын алуу системасынын субъекттери тарабынан аталган укук-милдеттердин, жумуштардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Коомдук системанын ийгиликтүү иштешинин негизги шарттарынын бири жалпы максаттарга жетүү үчүн анын курамын түзгөн бөлүктөрүнүн күч-аракетин жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, алардын өз ара аракеттенүүсүн

140

уюштуруу болуп саналат. Балдар иштери боюнча комиссиянын органынын жана жашы жете электердин укуктарын коргоонун профилактикалык тутумундагы субъекттери менен болгон өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу да өзгөчө мааниге ээ.

Өз ара аракеттенүү түшүнүгү (энциклопедиялык сөздүк боюнча) -кыймылдын, өнүгүүнүн объективдүү жана универсалдуу формасы болуп саналат, ал ар кандай материалдык системанын болушун жана структуралык уюштурулушун аныктайт.

Ефремованын сөздүгү5 боюнча алганда «өз ара аракеттенүү» деген сөздүн мааниси: биринчи учурда - объектилердин, чындыктын

кубулуштарынын бири-бирине тийгизген таасири, аларда өзгөрүүлөрдү пайда кылуу; экинчи учурда күжүрмөн тапшырманы аткарууда аскердик түзүлүштөрдүн (көбүнчө кызматтын ар кандай тармактарынын) макулдашылган аракеттери болуп эсептелет.

Ожеговдун сөздүгүнө6 таяна турган болсок, анда, өз ара аракеттенүү -бул бирин-бири колдоо дегенди билдирет. Өз ара аракеттенүүнү кубулуштардын байланышы деп түшүнүүгө болот.

“Өз ара аракеттенүү” түшүнүгүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн аныктамасы - “белгилүү бир максатка жетүү үчүн милдеттер, багыттар жана убакыт боюнча бардык күчтөрдүн жана каражаттардын макулдашылган аракеттери”.

Балдардын иштери боюнча бардык комиссиялар:

• жашоонун бардык чөйрөлөрүндө жашы жете электердин бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;

5 Ефремова, Т.Ф. (2000). Новый словарь русского языка. Толково-словообразовательный. М.: Русский язык

6 Ожегов, С.И. (1989). Словарь русского языка. М.: Русский язык.

141

• аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жашы жете электерди багуу, тарбиялоо жана дарылоо шарттарына көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашыруу;

• балдардын жана (же) ата-энелердин укук бузуулары жөнүндө иштерди кароо сыяктуу маселелерди чечүү максатында уюштурулат.

Ушуга байланыштуу балдардын иштери боюнча комиссиялардын иш-аракети жашы жете электердин кароосуз калуусун жана укук бузууларын алдын алуу боюнча бүтүндөй системанын өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Балдардын кароосуз калышынын, социалдык жетимдиктин жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн алдын алуунун натыйжалуу системасын түзүү коомдун ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү критерийлеринин бири болуп саналат. Буга уюштуруучулук, башкаруучулук, ченемдик-укуктук жана социалдык-педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган кароосуздуктун жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу системасынын бардык субъекттеринин күч-аракеттерин бириктирүү аркылуу гана жетишүүгө болот.

Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүлүшү, аны жергиликтүү бийлик органынын өкүлүнүн жетектеп турушу эле баардык көйгөйлөрдү чече бербейт. Балдардын иштери боюнча комиссиялардын эң башкы көйгөйү болуп алардын башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен өз ара мамилелери боюнча так укуктук позициянын жоктугу саналат. Бул бүткүл профилактикалык системанын ишинин сапатын начарлатат жана кароосуз калуулардын жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча тутумдун мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйындатат деп эсептейбиз.

Белгилүү болгондой, балдардын иштери боюнча комиссия кабыл алган бардык чечимдер юридикалык күчкө ээ эмес, ошондуктан милдеттүү түрдө

аткарылбайт. Бул факты тиешелүү мыйзамдык колдоолорго ээ болбогон комиссиялардын ишинин орду кандай болот? деген суроону жаратат. Ошондуктан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусунун , о.э. укук бузууларынын себептерин жана шарттарын жоюу боюнча комиссиялар тарабынан жиберилген бардык сунуштар көп учурда профилактикалык органдар тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай калууда.

Дагы бир кемчилик - бул комиссиялардын кызматкерлеринин арасында кыял-жоругу татаал өспүрүмдөр менен иштөө үчүн зарыл болгон кесиптик укуктук жана психологиялык билимдин жоктугу. Комиссияга өспүрүмдөрдү жана балдарды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктар берилген, андыктан комиссиянын кызматкерлерине укуктук билимдер жана курак психологиясын мыкты билүүчүлүк боюнча жогорку талаптар коюлушу керек.

Балдар иштери боюнча комиссиянын иши - бул адамдардын тагдыры, балдардын көйгөйлөрү менен күн сайын кагылышып туруу болуп саналат, бул деген ар бир баланын тагдыры үчүн зор жоопкерчилик тартууну айгинелейт. Балдарга кайдыгер эмес болуу, ишеним атмосферасын түзө билүү чоң демилгелүүлүктү жана чыдамкайлыкты талап кылат.

Адабияттар:

1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы N° 449 сандуу токтому.

2. Балдар иштери боюнча Комиссия жөнүндө Типтүү жобо тууралуу.

Муниципалитет/ илимий-популярдуу журнал.

http://www.municipalitet.kg/ky/article/full/1246.html.

3. Кудрявцев С.В., Дмитриев А.В. Правонарушения несовершеннолетних на современном этапе развития российского общества // Вестник экономической безопасности. 2017. № 4. С. 241.

4. Долгова, А. О. Административная ответственность родителей и лиц, их замещающих, за неисполнение обязанностей по содержанию и воспитанию несовершеннолетних в Российской Федерации : дис. ... канд. юрид. наук. - М., 2014.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо.

6. Арсланбекова, Р. А., Абдулмуталимова, З. М. Комиссия по делам несовершеннолетних как субъект профилактики право-нарушений несовершеннолетних // Казанская наука. - 2014. - № 11.

7. Дронова, Е. Н. Общественный контроль индивидуальной профилактической работы на базе комиссии по делам несовершеннолетних и защите их прав // Гуманитарные научные исследования. - 2014. - № 11.

Коваленко, И. А. Несовершеннолетние из неполных семей как один из объектов профилактической работы комиссии по делам несовершеннолетних // Вестник магистратуры. - 2012.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.