Научная статья на тему 'КАРАХАНДАРДА КЫЗДАРГА КОЮЛГАН ЫСЫМДАР (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК” СӨЗДҮГҮНҮН МИСАЛЫНДА)'

КАРАХАНДАРДА КЫЗДАРГА КОЮЛГАН ЫСЫМДАР (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК” СӨЗДҮГҮНҮН МИСАЛЫНДА) Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
2
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыз ысымдары / антропонимика / “Диван Лугат ат-Түрктөгү” антропонимдер / дезидератив / personal names / anthroponymic / anthroponyms in the “Divan Lugat at-Turk” / desiderative

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Абдимиталип Уулу Нурсултан

Ономастика тил илиминин ысымдар тармагын кучагына алган бөлүк. Ономастика илиминин антропонимика тармагы адам ысымдарын изилдөөгө багытталган. Адам аттарында элдин тарыхы, тарыхый аң-сезими, ишенимдери ж.б. катылып жатат. Айрым учурда унутулган сөздөр адам аттарында гана сакталып калат. Аны изилдеп, фольклорудк жана этнографиялык булактар менен салыштырып, белгилүү бир элдин коңшу элдер менен болгон маданий байланыштарын, жер аттарын ж.б. тактап алууга болот. Орто кылымдарда карахандар доорунун аалымы Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-Түрк” эмгегинде көптөгөн этнографиялык маалыматтар менен кошо адам аттары да берилген. Махмуд Кашгаринин эмгегинде негизинен эркектердин ысымдары берилген. Бирок ошентсе да алардын арасында карахандар доорунда кеңири тараган кыздарга коюлган аттар да катталган. Макалабызда карахандардагы кыздарга коюлган түрк тектүү ысымдарды классификациялап, аларды азыркы кездеги кыргыз коомунда кыздарга коюлган аттар менен салыштырып караганга аракеттендик.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FEMALE NAMES AMONG THE KARAKHANIDS (ON THE EXAMPLE OF “DIVAN LUGAT AT-TURK” OF MAHMUD KASHGARI)

Onomastics is a branch of linguistics that deals with the field of personal names. The anthroponymic section of onomastics deals with the study of human names. Often human names contain the history of the people, historical memory, beliefs, etc. In some cases, forgotten words in one language are preserved only in anthroponymic units. The study and comparison of names with folklore and ethnographic data can clarify the cultural history of the people. The work of the Karakhanid scholar Mahmud Kashgari’s “Divan Lugat at-Turk” contains a lot of ethnographic information related to the personal names of medieval Turks. But in the dictionary of Mahmud Kashgari, male names prevail. However, among them are also recorded names given to girls, widespread in the Karakhanid period. The article is devoted to the analysis of female anthroponyms “Divan Lugat at-Turk” from the point of view of the onomastic tradition of ancient Turkic literature.

Текст научной работы на тему «КАРАХАНДАРДА КЫЗДАРГА КОЮЛГАН ЫСЫМДАР (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК” СӨЗДҮГҮНҮН МИСАЛЫНДА)»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№2(4)/2024, 1-13

УДК: 81'373.231

DOI: 10.52754/16948874_2024_2(4)_1

КАРАХАНДАРДА КЫЗДАРГА КОЮЛГАН ЫСЫМДАР (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАН ЛУГАТ AT-TYPK” СOЗДYГYНYН МИСАЛЫНДА)

ЖЕНСКИЕ ИМЕНА У КАРАХАНИДОВ (НА ПРИМЕРЕ «ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТУРК» МАХМУДА КАШГАРИ)

FEMALE NAMES AMONG THE KARAKHANIDS (ON THE EXAMPLE OF “DIVAN LUGAT AT-TURK” OF MAHMUD KASHGARI)

Абдимиталип уулу Нурсултан

Абдимиталип уулу Нурсултан

Abdimitalip uulu Nursultan

Ph.D., улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

Ph.D., старший преподавательОшский государственный университет

Ph.D., Senior Lecturer, Osh State University

[email protected]

ORCID: 0009-0002-1689-0741

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

КАРАХАНДАРДА КЫЗДАРГА КОЮЛГАН ЫСЫМДАР (МАХМУД КАШГАРИНИН “ДИВАН ЛУГАТ АТ-TYPK” СOЗДYГYНYН МИСАЛЫНДА)

Аннотация

Ономастика тил илиминин ысымдар тармагын кучагына алган бeлYк. Ономастика илиминин антропонимика тармагы адам ысымдарын изилдееге багытталган. Адам аттарында элдин тарыхы, тарыхый ац-сезими, ишенимдери ж.б. катылып жатат. Айрым учурда унутулган сездер адам аттарында гана сакталып калат. Аны изилдеп, фольклорудк жана этнографиялык булактар менен салыштырып, белгилуу бир элдин коцшу элдер менен болгон маданий байланыштарын, жер аттарын ж.б. тактап алууга болот. Орто кылымдарда карахандар доорунун аалымы Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-ТYрк” эмгегинде кептеген этнографиялык маалыматтар менен кошо адам аттары да берилген. Махмуд Кашгаринин эмгегинде негизинен эркектердин ысымдары берилген. Бирок ошентсе да алардын арасында карахандар доорунда кецири тараган кыздарга коюлган аттар да катталган. Макалабызда карахандардагы кыздарга коюлган тYрк тектуу ысымдарды классификациялап, аларды азыркы кездеги кыргыз коомунда кыздарга коюлган аттар менен салыштырып караганга аракеттендик.

Ачкыч свзДвр: кыз ысымдары, антропонимика, “Диван Лугат ат-ТYрктегY” антропонимдер, дезидератив

ЖЕНСКИЕ ИМЕНА У КАРАХАНИДОВ (НА FEMALE NAMES AMONG THE KARAKHANIDS

ПРИМЕРЕ «ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТУРК» МАХМУДА КАШГАРИ)

Аннотация

Ономастика - раздел языкознания, занимающийся областью личных имен. Антропонимический раздел науки ономастики занимается изучением человеческих имен. Часто человеческие имена заключают в себе историю народа, историческую память, верования и т. д. В некоторых случаях забытые слова в одном языке сохраняются только в антропонимических единицах. Изучение и сопоставление имен с фольклорными и этнографическими данными может прояснить культурную историю народа. В труде караханидского ученого Махмуда Кашгари «Диван Лугат ат-Турк» содержится много этнографических сведений связанные с личными именами средневековых тюрков. Но в словаре Махмуда Кашгари преобладают мужские имена. Однако среди них зафиксированы и имена, данные девочкам, широко распространенные в караханидский период. Статья посвящена анализу женских антропонимов «Диван Лугат ат-Турк» с точки зрения ономастической традиции древнетюркской словесности.

(ON THE EXAMPLE OF “DIVAN LUGAT AT-TURK” OF MAHMUD KASHGARI)

Abstract

Onomastics is a branch of linguistics that deals with the field of personal names. The anthroponymic section of onomastics deals with the study of human names. Often human names contain the history of the people, historical memory, beliefs, etc. In some cases, forgotten words in one language are preserved only in anthroponymic units. The study and comparison of names with folklore and ethnographic data can clarify the cultural history of the people. The work of the Karakhanid scholar Mahmud Kashgari's “Divan Lugat at-Turk” contains a lot of ethnographic information related to the personal names of medieval Turks. But in the dictionary of Mahmud Kashgari, male names prevail. However, among them are also recorded names given to girls, widespread in the Karakhanid period. The article is devoted to the analysis of female anthroponyms “Divan Lugat at-Turk” from the point of view of the onomastic tradition of ancient Turkic literature.

Ключевые слова: женские личные имена, антропонимика, антропонимы в «Диван Лугат ал-Тюрк», дезидератив

Keywords: female personal names, anthroponymic, anthroponyms in the “Divan Lugat at-Turk”, desiderative

2

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

Киришуу

Адам баласынын жашоосундагы эц CYЙYHYчтYY учурлардын бири болуп ымыркайдын жарык дYЙнeгe келYYCY болуп эсептелет. Бирок жаш баланын тeрeлYYCY биологиялык кeрYHYш болсо, ага ысым берYY жeрeлгeсY адамды айбанаттар дYЙнeсYнeн айырмалап руханий eзгeчeлYк. Баланын жарык gYHHere келгенден кийинки алгачкы алган белгиси -анын ысымы. Адам баласы YЧYн eмYP бою анын ез иденттYYЛYГYн аныктоонун эц маанилуу TYPKYГY болуп анын ысымы саналат (Allport, 1961, б. 117). Адамдардын ысымы анын бYTYндeй жан-дYЙнeсYHYн символу. Адамдар кимдир бирее анын ысымын унутуп калса таарынат. Ушул себептен жацы терелген ымыркайга ат коюу коомдогу диний жана маданий идеологияны чагылдырган бир катар Yрп-адаттар жана жерелгелер менен коштолот. Балага ат коюу ырасымын орус этнографы А.К. Байбурин, “...жацы терелген баланы “маданиятка” кошуунун эц маанилYY механизми. Эгерде ушул убакка чейин болочок адамдын образы ритуалдык ыкмалар менен калыптанып, анын формасы жаралган болсо, ат коюлгандан кийин ал жацы сапатка ээ болот, ал семиосферанын объектисине, б.а. белгилYY, тааныла турган жана атала турган жанга айланат”, - деп белгилейт (Байбурин, 1993, б. 46).

Ысым балага жан берYyчY кургак сез эле эмес, адамдын эмоционалдык абалын чагылдыруучу белги. Балага ат берYY менен ата-эне андан чексиз ymYttYY абалда болуп, баланын келечегине карата жакшы тилектерди каалоого аракет кылат. Ошондуктан адамдын ысымы ата-эненин, аны менен бирге эл байлыгы, демек, тил байлыгы деп атоого болот. Тил жана тарых дайыма тыгыз байланышта болгондуктан ар бир адам аты eзYнe баа жеткис лингвомаданий маалыматтарды камтыйт. Айрым учурда бир элдин маданиятында таптакыр жок болуп кеткен же аз колдонулган маданий кeрYHYштeр адам аттарында сакталып калган учурлар кездешет. Алсак, кыргыз тилиндеги Бурканов, Бурканбаев, Бурканбек ж.б.у.с. ысымдар кецири кездешет. Арийне, бул сез тилибизге байыркы тYрктeрдYн буддизм дини менен тыгыз маданий карым-катнашта болгон кезде кирген жана “бут, идол” деген маанини билдирет (ДЛТ, 2005, б. 408). Учурда бул сез кыргыз тилинде фольклордук чыгармаларда жана адам аты катары гана кездешет. Бирок бул сeздYн тYпкYPYндe байыркы тYрктeрдYн маданиятында буддизм дининин да орду болгондугунун далилин кeрYYгe болот. Бул eцYттeн алып караганда антропонимиканын тарыхый булак катары мааниси зор деп ишенимдYY айта алабыз. Карахандарда жацы терелген балага ат коюу салты тууралуу буга чейинки изилдeeлeрYбYЗдe учкай сез кылганбыз (Абдимиталип уулу, 2022, б. 126-132).

Материалдар

Байыркы жана орто кылымдардагы тYрктeрдYн антропонимикасын изилдее YЧYн кептеген тарыхый булактарды пайдалануу зарыл. Байыркы тYрктeрдYн ысымдары латын, грек, кытай, мусулман булактары жана байыркы турк жазма эстеликтеринде чагылдырылган. Ал эми тYрк тилдYY элдердин антропонимикасы боюнча байыркы турк жазма эстеликтери, буддист уйгур жазуулары, Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” эмгеги менен кошо маанилуу булактардын бири катары Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-ТYрк” эмгегин айтууга болот. Бул эмгек орто кылымдагы турк элдериндеги белгилуу уруу-уруктардын (этнонимдер), жер-суу аттары (топонимика) жана адам аттары (антропонимика) боюнча баалуу маалыматтарга бай. Автор ез эмгегинин кириш бeлYГYндe китепте эмнелер эскерилип, эмнелер эскерилбегендигин белгилеп жатып мындай дейт, “Бул тилДеги (typk)

3

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

чет тилДен кирген сезДер жазылбаДы. Аял жана эркектин ысымДарынДа Да ушунДай. Мен тилДи туура YЙренYY Y4YH эц кецири тараган жана эц белгил}^ ысымДарДы гана эскерДим ” (ДЛТ, 2005, б. 68; DLT, 1939, б. 444; Dankoff&Kelly, 1982, б. 82). “Диванда” 105 же 110 адам ысымы катталып, анын ичинен 4-5 аял ысымы кездешет (Махпиров, 1997; Amanoglu, 2000, б. 5).

Махмуд Кашгари ез эмгегинде мусулман турктердун ысымдарын гана жазууну максат кылгандыгын жазганы менен китепте катталган адам аттарынын курамы ар турдууче. “Дивандагы” адам аттарын шарттуу турде араб, иран жана турк деп белууге болот (Amanoglu, 2000, б. 6). Биз бул белумде “Диванда” катталган турк тамырлуу ысымдарды азыркы кыргыз элинин антропонимикасы менен салыштырып караганга аракеттендик. Ал эми иран, араб тектуу адам аттары боюнча илимий адабияттар жетиштуу болгондуктан аларды эскеруу менен гана чектелдик.

Карахандардагы тарыхында эц урунттуу учур болуп, Сатук Буура-кагандын ислам динин кабыл алуусун айтууга болот. Ислам динин кабыл алган турктердун жашоосун жацы нукка бурулган. Жацы идеология кечмендердун саясий-экономикалык жана маданий жашоосунда олуттуу езгеруулерге себеп болгон. Албетте езгеруу турктердун антропонимикасына таасирин тийгизбей койгон эмес. Карахан екумдарлары ислам динин кабыл алгандыгынын белгиси катары ездеруне жацы мусулманча ысымдарды ыйгара башташкан. Алсак, карахандардын алгачкы мусулман каганы Сатук Буура-каган езуне Абд-ал-Карим деген мусулманча ысым алган (Джамал ал-Карши, 2005, б. 101; Закиров ж.б., 2022; Исаков, Реимов ж-а Бойтоева, 2023). Карахандарда исламдын кириши менен кирген аттарды алардын башка кагандарынын ысымдарынан кере алабыз. Мисалы, КаДыр, Иса, Муса, Али, МесуД ж.б. “Диванда” кездешкен арап жана иран тектуу ысымдардын кездешиши IX-XI кк. мусулман дининин жайылышы менен тыгыз байланыштуу.

“Диванда” кездешкен туркче адам аттарында турктердун ислам динин кабыл алганга чейинки урп-адаттары, диний тушунуктеру чагылдырган. Сездукте кездешкен адам ысымдарын классификациялап, аларды азыркы кездеги турк тилдериндеги адам аттары менен салыштыруу аркылуу антропонимикалык маданий кабыл алуучулукту тактоого болот. Биз бул белукте карахандардагы туркче ысымдардын мааниси, аларга байланыштуу ырым-жырым, ишенимдерди керсетуп, алардын азыркы кезде кыргыздардагы ат коюу салты менен салыштырып караганга аракеттендик. Карахандардагы адам аттарын кароодо Б. Аталай менен З. Ауэзованын котормосундагы “Диванды” пайдаландык. Бирок, тактоого муктаждык жаралган учурда Р. Данкофф менен А.Б. Эржуласундун котормолорун колдондук.

“Диванда” кездешкен ысымдарды азыркы кезде турк элдеринде кездешкен адам аттарыны менен салыштырууда теориялык базасыз элестетууге болбойт. Бул багытта турк антропонимикасынын толук классификациясын мажар туркологу-антропонимисти Л. Рашони жана орус антропонимисти В.А. Никонов тарабынан теориялаштырылган (Rasonyi and Baski, 2007; Никонов, 1974). Биз карахандардагы адам аттарынын маанисин чечмелееде ономаст В.А. Никонов тузген классификацияны колдондук. Ага себеп катары В.А. Никоновдун системасы тагыраак жана колдонууга ыцгайлуу деген пикирдебиз.

Орус ономасты, антропомисти В.А. Никонов турк тилдуу элдердеги адам ысымдарын классификациялап, аларды Дескриптив (суреттеме ысымдар), ДезиДератив (каалоо ысымдар)

4

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

жана меморатив (арноо ысымдар) деп негизги Y4 топко бeлYп караган (Никонов, 1974, бб.

85-130). Ар бир топ ичинде да майда топторго бeлYHYп кете берген.

Анализ

Жогоруда белгиленгендей “Диванда” 4-5 аял ысымы кездешет (Amanoglu, 2000, б. 5). Бул кeрYHYштY карахандар доорундагы патриархалдык абал менен тYШYндYPYYre болот. Бирок ошого карабастан Махмуд Кашгари ез эмгегинде карахандарда кыздарга берилген ысымдарды аз да болсо жазып калтырган.

Карахандарда сулуулуктун стандарты катары шыцга бойлуу, назик, кыр мурун кыздар эсептелген. Аны сездYктегY тал бо^лыг (тал бойлуу) деген сез далилдеп тургансыйт (ДЛТ, 2005, б. 856; DLT, 1941, б. 156). Автор тал сезYн жаш чыбыкты билдирип, сымбаттуу жана назик кишини, айрыкча кыз-келиндерди тал бойлуу деп аташарын белгилейт (азыркы кунде деле кыргыздар сымбаттуу, назик кыздарды тал чыбыктай ийилген деп салыштырат). “Диванда” шыцга бойлуу, сулуу кыздарды CYреттеген ыр сап кездешет,

Арды сени кыз боды аныц тал Йайлыр аныц Артучы бурны такы кывал Кыз бала келечектеги Сени чарчаткан кыз дын бою тал чыбыктай, Жаш арчадай ыргалат Кырдач мурду (ДЛТ, 2005, б. 389; DLT, 1939, б. 412). эне, балдарды тереген, аларга тарбия берген адам.

Карахандарда кагандын династиясынан чыккан, Афрасийябдын урпагы деп эсептелген ханзада, ханбийкелерге тарым деген термин колдонулуп, башка адамдарга колдонулган эмес. Ал эми кагандын YЙ-бYлесYнен чыккан аял кишилерге карата алтын тарым/терим деген термин колдонулган (ДЛТ, 2005, б. 374; DLT, 1939, б. 396). Мындай керYHYштY кийин

монголдордо Чыцгыз хандын тукумдарына берилген алтан уруг термини менен салыштырып кароого болот. Карахандарда кагандын YЙ-бYлесYнен чыккан аял, кыз-келиндерге алтын тарымдан башка катун деген титул да колдонулган (ДЛТ, 2005, 386; DLT, 1939, 410).1

“Диванда” кездешкен сездерден улам карахандар доорунда кыздарга канаттуу, есYмдYк, баалуу асыл таш же буюм же асман телолорунун аталышы колдонулган ысымдар берилген. Теменде карахандар доорунда кыздарга коюлган аттарды тизмектеп, алардын мааниси жана азыркы кунде колдонулушун керсеткенге аракеттендик.

Ай: Карахандарда кыздарга Ай деген ысым ыйгарылган. Аны Махмуд Кашгари эмгегиндеги ыр саптардагы кыйыр маалыматтан биле алабыз. “Диванда” мындай ыр саптары кездешет:

Келсе саца йолгыра

Узгун аны узгура

Барсын нару казгура

Келсе сага жол карай, Ойгот аны уйкудан. Барсын ары кайгыра,

1 Катун титулу тууралуу карацыз: Donuk, Abdulkadir. (1988). Eski Turk Devletlerinde idari-Askeri Unvan ve Terimler. istanbul: Turk Dunyasi Ara§tumalan Vakfi; Ozcan, Abdulkadir, “Hatun” // Islam Ansiklopedisi. — islam Arastirmalari Merkezi, 1997. — Vol. 16. — P. 499—500.

5

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

Сатты мениц Айымы Сатты менин АйымДы (ДЛТ, 2005, б. 612; DLT,

1940, б. 193).

Мисал катары берилген ырдын акыркы сабындагы “Айымы” ce3YH “Диванды” которгон изилдeeчYлeрдYн баары “ky«, канизек” деп которушкан (ДЛТ, 2005, б. 612; DLT, 1940, б. 193; Dankoff&Kelly, 1984, б. 363). Карахандар кулдарга алардын eцYHYн ак жYздYY болгондугунан улам Аяз деген ысым берген сыцары кундерге да Ай деген ысым беришкен сыягы. Ай ысымын кыздарга ак жYздYY, сулуу, назик болсун деп ыйгарышкандай.

Ал эми бул ысымдын тамыры байыркы турктердегу айга болгон кеене ишенимдерине барып такалат. Алсак, тарыхый булактарда байыркы хуннулар кун менен айды ыйык тутушкандыгы айтылат. Сыма Цяндын маалыматы боюнча, “Шаньюй ар тацДа кунго ЖYГYHYY учун хан чатырДан чыгат. Ал эми кечинДе айга ЖYГYнoт... Жортуулга аттанып жатканда ай жана жылдыздарга карашат. Ай толгондо жортуулга чыкса, ай жацырганда чегинишет...” (Бичурин, 1950, б. 50). Ал эми башка бир кытай тарыхый булагы “Суй-Шуда” тYрктeр да байыркы хуннулардай ай толгон учурда душманга каршы сапарга чыкканы айтылат (Таскин, 1968, б. 136, прим 109). Орто кылымдардагы уйгур кагандарынын титулдарында да ай менен кун символикасы кецири колдонулган (Gungor, 1994). “Огуз каган” дастанында Огуз кагандын экинчи уулунун ысымы айдын урматына коюлган, б.а. Ай-хан (Кононов, 1958). Карахандарда да айга болгон ишенимдин айрым элементтери “Диванда” эскерилет. Махмуд Кашгари эмгегинде карахандарда толгон айды колу менен керсетпейт деген тыюуну жазат (ДЛТ, 2005, б. 286; DLT, 1939, б. 288).

Ал эми кыргыз коому туугандык байланышты патрилинейлик багытта эсептегендиктен кыргыз санжырасы, фольклорунда негизинен эркек каармандардын ысымдары учурайт. Ономаст Шералы Жапаров кыргыз элинде кездешкен адам аттарын изилдеген эмгектеринде негизинен эркек ысымдарын гана белгилегендиктен аялдардын ысымдары тууралуу изилдеелер жокко эсе. Ушундай мYЧYЛYштYктeрдY эске алуу менен келечекте байыркы турктерде жана азыркы тYрк тилдYY элдерде аял ысымдарына арналган ономастикалык изилдeeлeрдYн жYргYЗYЛYШYн зарыл деп эсептейбиз.

Кыргыздарда да айга болгон кеене ишенимдер сакталып калган. Кыргыздар ай жацырганда айды карап ЖYГYHYП “Ай kopdYM, аман kopdYM, айДан аман, жылДан эсен ЖYpoлY, барчылык, токчулук болсун” деп тилек кылышкан (Каада-салттар. Ак баталар, 2003, б. 335).

Кыргыздардын антропонимикалык системасында ай компоненти кeрYHYктYY орун ээлейт. Эркек балдарга Айберген, Айбек, АйДолу, АйДын, АйДыц, АйДыцбек, Айбар, Айбарбек, Айымбек, Айымкул ж.б. ысымдар ыйгарылган (Жапаров, 2017, бб. 299-300). “Ай” сeзY колдонулган кыздардын ысымдары да популярдуу болуп, азыркы кезге чейин эл арасында абдан кецири тараган. Андай ысымдарга ернек катары кыздарга коюлган Айым, Айнур, Айгул, Толгонай, Толкунай, Айтолкун, Айкыз, Айжамал, Айнур, Айнуру, Айкан, Айсана, Аймира, Айчурок, Айымкан ж.б. айтууга болот. Мындай ысымдар кыздарга айдай сулуу, жамалы жарык, назик, сымбаттуу болсун деген тилек менен берилет.

Ас: “Диван Лугатта” “ас” сeзYHYн “ас же арс чычкан” жана “кун, канизектерге берилген ысым” деген эки мааниси кездешет (ДЛТ, 2005, б. 113; DLT, 1985, б. 80). Сыягы бул ысым кыздарга сулуу, назик болсун деген тилек менен коюлган. Анткени, ас чычкандын

6

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

териси аппак келип, баалуу деп эсептелет. Ас чычкандын териси карахандарда баалуу деп саналып, кунумдук жашоодо колдонулгандыгынын далили Жусуп Баласагындын “Кутадгу Билиг” чыгармасында да берилет. Анда:

Тумен йылда 6epY тул эрдим тулас

Бу тул тоны сучлуп еруц ке?тим ас (Kutadgu Bilig, бейт, 84).

Котормосу:

Миц жылДан бери тул элем, бозоргон

Тул кийимди чечип, ак астан кийдим тон.

Бул ыр саптарда карахандар доорунда аял карасын чечип, ак кийдиси болгон учурда астан жасалган ичик тон кийгендиги CYрeттeлeт.

“Ас” ысымы эркектерге да кеп берилген. Мысыр мамлYктeрYHYн екумдары Ал-Мансур Калаундун доорунда, Сафад шаарынын башчысы, кийин Сирияда мамлYк аскерлеринин оц канатынын башчысынын ысымы да Ас болгон. Мындан сырткары мамлYктeрдe Ас-Бай, византиялык тYрк тeктYY аскер башчы Ас-кан, VIII к. хазарларда Ас-таркан ж.б. адам аттары кездешет (Rasonyi and Baski, 2007, б. 78).

Турумтай: Карахандарда кыздарга чыйрак, сымбаттуу болсун деген максатта алгыр куштардын аталышынан улам ысымдар ыйгарылган. Мындай кeрYHYштY карахандар доорундагы исламга чейинки тYШYHYктeрдYн карапайым элдин арасында сакталып кала бергендигинин белгиси катары баалоого болот. “Диванда” эркек балага да, кыз-келиндерге да берилген Турумтай деген ысым тууралуу маалымат бар. Махмуд Кашгари бул ысым ац улоодо колдонулган жырткыч куштун аталышынан улам эркектерге ат катары да, лакап катары берилет деп белгилейт (ДЛТ, 2005, 925; DLT, 1941, 243). СeздYктYн башка жеринде мындай Турумтай аттуу кун тууралуу ыр сап кездешет. Ыр сапта,

КуДа, кайын кoрYШTY, Кайчы куда болушту. Эми тишим камашты, Алды Турумтайымы.

Тунур кайын булушту, Кыркын такы колушты. Эмди тишим камашты, Алты “Турумтайымы”.

Бул ыр саптарда кайчы куда болуп, калынга Турумтай аттуу кунду алып, кийин кызын бербей койгондо ичи ачышкан адам тууралуу айтылат (ДЛТ, 2005, б. 553; DLT, 1940, б. 110). Карахандардагы адам ысымдарын изилдеген ономаст окумуштуулар мындай ысымдын кыз-келиндерге берилгенин белгилешкен эмес (Atalay, 1935; Amanoglu, 2000; Махпиров, 1997; Rasonyi and Baski, 2007). Чамасы бул ысым эркектерге да коюла бергендиктен маани берилбей калган (Rasonyi and Baski, 2007, б. 803).

Кыргыздарда Турумтай аттуу ысым кыз-келиндерден сейрек учурайт. Интернет булактарындагы ачык маалыматтардан Чекирова Турумтай, Бейшенкулова Турумтай, Жеенчороева Турумтай, Сейдилде кызы Турумтай деген ысымдарды кездештире алдык жана бул ысымдар орто же улуу муундун екулдеруне мунездуу экендиги аныкталды.2 Мындан улам карахандарда кыз-келинге берилген Турумтай азыркы кунде кыргыз антропонимикалык системасында сейрек коюлуп калган ысым деп жыйынтык чыгарууга негиз бар деп ойлойбуз.

2 Республиканки кеп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо женунде https://cbd.minjust.gov.kg/5-

5431/edition/491915/kg; https://tizme.gov.kg/view/public/tik list public regional.xhtml

7

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

Каз: “Диванда” легендарлуу Афрасийябдын кызы Каз аттуу аялдын ысымы кездешет (ДЛТ, 2005, б. 851; DLT, 1941, б. 149). Махмуд Кашгари Афрасийябдын кызы Каз жашап, оюн курган жер каз ойны (Каз оюну) деп аталып, Казвин шаарынынын келип чыгышышын Афрасийябдын кызынын ысымы менен байланышырып чечмелегенге аракеттенген. Ce3dYKTYH ушул эле жеринде каз ердектер TYPKYMYHgerY каз сымалдар тобуна кирген канаттуунун аталышы катары да берилген.

Кыргыздарда каз менен байланышкан ысымдар сейрек кездешет. Талаа материалдарыбыздын негизинде кыргыздарда Казгул деген ысымды аныктай алдык. Ал эми eрдeктYн ургаачысынын аталышынан келип чыккан Соно, Сонайым, Чурок, Айчурок сыяктуу кыз аттары кецири тараган.

Качач (Жибек): Жибек байыркы тYрктeрдe эц баалуу материал катары бааланып, мартабалуу адамдар гана колдоно алышкан. Эц алгач Байыркы Кытайда колдонулуп баштаган жибек кеп етпей кытайлыктардын тышкы саясатында маанилYY рычагдардын бирине айланган. Хань доорунда Жер Ортолук дециз менен Кытайдын ортосундагы соода жолу Улуу Жибек Жолу деп аталып, ал адамзат тарыхындагы маанилYY экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды бириктирген стратегиялык жол болуп саналган. Кытайлыктар жибекти тYрктeрдYн ата-бабалары болуп эсептелген хуннуларды колго алуу YЧYн пайдаланган. Мындай саясат кийин деле тYрктeргe каршы колдонулган. Кытайлыктардын жибекти тышкы саясатта кeчмeндeрдY колго алуу максатын кечмендер eздeрY да жакшы билишкен. Орхондон табылган Билге каган жазма эстелигинде мындай саптар кездешет, “Табгач боДун сабы сучиг, агысы йумшак эрмиш... bodun sabi sugig, agisi yum§ak ermiy.. Сучиг сабыца йумшак агысыца артуруп YKYШ турук боДун, олту'’" (Кытай калкынын сeзY таттуу, жибеги жумшак имиш... (Алардын) таттуу сeздeрYнe, жумшак жибегине алданып (эй) тYрк калкы, кеп кырылдыц) (Tekin, 1998, бб. 58-59).

Сыма Цянь хунну ак сeeктeрY кытай жибегине куштар болуп, ез мартабасын жогорулатуу максатында жибектен кийим кийишкендигин белгилейт. Монголиянын Ноин-Ула аймагынан табылган хуннуларга таандык кeрYCтeндeрдe жибектен жасалган кийимдер табылган (Руденко, 1962). Байыркы турктер Орто Азияны караткандан кийин Жибек Жолунун басымдуу бeлYГYнe кeзeмeлдYк кылышып, согдулуктардын ортомчулугу менен кытай жибегин Иранга жана Византияга сатып турушкан (Гумилев, 1967, бб. 44; Кляшторный и Султанов, 2009, б. 117; Hansen, 2012, бб. 195-196). 629-жылы бутпарас кечили Сюань-Цзяндын Суяб шаарында тYрк каганы менен жолугушуусунда анын жашыл жибектен тон кийип, башына жибектен боо байлаганын, кагандын жанындагы тархандар (дагань) ачык тYCтeгY жибек кийим кийишкенин белгилейт (МИКК, 2003, бб. 60-61).

Байыркы тYрктeрдeгY жибекчилик eнeрY тууралуу илимий адабиятта кецири изилдеелер бар (Ogel, 1978, бб. 389-405; Zieme, 1997, бб. 149-155). Орто Азияда жибектин мааниси карахандар доорунда деле актуалдуулугун жоготкон эмес. Карахандардын KYHYMДYK жашоосунда тYркYн-тYркYн жибектин колдонулгандыгы “Дивандагы” маалыматтардан байкоого болот. Ал эми Махмуд Кашгари эмгегинде карахандар доорунда отуз алты материалдын тYPYн белгилеп, анын ичинен жибекке байланышкан он жети сeздY белгилейт (ДЛТ 2005; Gen?, 1997, бб. 305-306; Alan, 2020, бб. 23-42).

Байыркы тYрктeрдe кымбат баалуу жибектин кецири колдонулушун анын адам аттарында чагылдырылгандыгынан да кере алабыз. “Диванда” карахандар куцдорго Качач

8

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

аттуу ысымды беришери айтылат. Бул сез “кытай кымкабы, барча, жибек” дегенди билдирген (ДЛТ 2005, б. 679; DLT 1940, б. 285). Англис тYркологу сэр Ж. Клосон езYHYн эмгегинде бул сездY карахандарда жибектин бир тYPYн билдирген барчын сезY менен салыштырып кароо керектигин белгилейт (EDPT, 1972, б. 590).

Карахандарда куцдерге жибектин аталышынан берилген Качач ысымы жана сезY азыркы кезде кыргыз тилинен кездештире албадык. Арийне, кыз балага жибектин аталышынан ысым ыйгаруу тYрк тилдYY элдерде кецири тарагандыгын баса белгилегибиз келет. Анын ичинде кыргыздарда Жибек, Кызжибек, Акжибек, Барчын, ^лбарчын, Айбарчын, Шайыгу:1 ж.б.у.с. ысымдар кецири тарап, азыркы кунде деле кыздарга коюлуп келYYДе.

КYMYш: “Диванда” карахандарда кыздарга асыл таштардын аталышынан улам коюлган ысымдар ыйгарылгандыгын керYYге болот. Махмуд Кашгари карахандар кыздарына Кумуш деген атты коюушарын жазат. Автор тYрктерде бул сездYн “кyмYш металл, кyмYштен куюлуп жасалган дирхам жана кундерге берилген ысым” сыяктуу маанилери болгондугун жазган (ДЛТ, 2005, б. 353; DLT, 1939, бб. 370-371). Андан сырткары КYMYш деген ат эркек балдарга да коюлгандыгын керYYге болот. Махмуд Кашгари карахандар кулдарга алардын ак жумалдуулугунан улам “кyмYштей таза кул” маанисин билдирген КYMYШ Тигин деген ысымды мисал келтирет (ДЛТ, 2005, б. 389; DLT, 1939, б. 413). Бул кез карашты кыйыр турде колдогон этнонимди айта алабыз. ТYрколог Нурдин Усеев кытай булактарында жана енисей жазма эстеликтеринде енисей кыргыздары YЧYн колдонулган кeмYл / KYMYЛ (кыт. цзуй-ю этнониминин мааниси байыркы туркчедегу

ку.мушту билдирип, енисей кыргыздарынын ак жYЗДYYЛYГYнен улам аларга етме мааниде колдонулуп калганын белгилейт (Усеев, 2022). Карахандардын жацы терелген балага мындай ысымды беришине эмне себеп болушу мYмкyн?

Бул суроого KYMYШTYH эц байыркы доорлордон баштап эле колдонула баштаганын себеп катары кароого болот. Жаратылышта даяр тYPде кездешип, аны согуу жана куюу оцой болгондуктан дYЙнедегY кеп маданияттарда жакшылык алып келYyчY металл катары каралган. Ошондуктан кyмYштен жасалган кооздук буюмдар байыркы доорлордон бери батыш жана чыгыштагы археологиялык маданияттарда кецири кездешет (Максимов, 1981; Смирнов, 1909). Ал эми Кыргызстандын аймагында ортоцку жана соцку коло дооруна таандык кyмYш буюмдар табылган (История Киргизской ССР, 1984, б. 113). Ал эми карахандар доорунда кyмYш тыйындар хандын бийлигин расмий таанылгандыгынын белгиси катары каралган (Кочнев, 2005, б. 98). ТYрк-монгол элдеринде кyмYштYн символикалык мааниси болгон. Бул элдердин дYЙне таанымында кyмYш да жогорку дYЙненYн символу болгон, бирок семантикалык жактан Ай жана тYнкY асман менен байланышта болгон. Эгерде алтын эркектин символу болсо, кyмYш аялды билдирген металл болуп саналган.

Бул челкемдYн калктарынын фольклордук ритуалдык тексттеринде алтын менен кyмYш ар дайым бири-бири менен айкалышып, бирин-бири толуктаган металл катары туруктуу тYPде кездешет. Андан сырткары бул металлдар Космостун бYTYндYГYн жана ирээттYYЛYГYн билдирип, анын мейкиндигин жашоонун уюгу катары мYнездеп турган (Павлинская, 2005, б. 324). Аны кыргыз фольклорундагы Манасты CYреттееде колдонулган “Алтын менен кyмYштYн, ШиреесYнен бYткендей” деген саптардан да керYYге болот.

9

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

Жогоруда белгилеп кeрсeткeнYбYЗдeй кYMYш тYрк-монгол элдеринде аялдын, назиктиктин, сулуулуктун, аруулуктун символу болуп саналган. Ошондуктан кыздарга КYMYш деген ысымды беришкен.

Кыргыздар да кYMYшкe жогору маани берип, жакшылык алып келген асыл таш катары баалашкан. Кыргыздарда кYMYш кооздук буюмдарын таккан аялдардын кYнeeлeрY кечирилет деген ишеним болгон.3 Кыргыз элинин кол eнeрчYЛYГYндe аялдардын кооздук буюмдары, ат жабдыктар кeбYнчe кYMYштeн жасалган (Антипина, 1962; Абрамзон, 1990; Кыргызы, 2016). Ал эми Орто Азиянын XVI кылымдагы тарыхы боюнча баалуу маалыматтарды камтыган “Зийа ал-кулуб” (ЖYрeктeрдYн нурланышы) эмгекте кыргыздар кYMYштeн бут жасашып, аны даракка илишип, ага сыйынышаарын жана кYMYш бутту талбийа-и жакар деп аташары белгиленген (МИКК, 2002, б. 199). Бул маалыматтардан улам кыргыздар кYMYшкe езгече маани бергендигин билYYгe болот. Кыргыздардын кYMYшкe болгон езгече маани бергендиги адам ысымдарында да жацсыган. Айрыкча жацы терелген кыз балага аруу, сулуу, назик, жарык болушун каалаган Кумуш, КYMYшай, КYMYШкан, КYMYШтай, АйкYMYШ ж.б. ысымдар ыйгарылып, азыркы кезде деле кеп коюлган ысымдардын катарын толуктайт. Ал эми эркектерде КYMYШ, КYMYшбай, КYMYшбек, Кумушалы, КYMYШкул, КYMYШтай деген аттар катталган (Абрамзон, 1949, б. 107; Жапаров, 2017, б. 346).

Жыйынтык

Жалпылап алганда “Диванда” эскерилген беш аялзатынын ысымынын ичинен экее,

б.а. Ай жана КYMYШ азыркы кезде деле кыргыз кыздарына кеп коюлган ысым экендигин белгилей алабыз. Ал эми жибекти билдирген Качач ысымы унутулганына карабастан кыргыздарда жибектин атынан коюлган Барчын, Жибек сыяктуу ысымдар учурда деле кеп коюлган аттардын катарын толуктайт. Ал эми карахандарда кыздарга коюлган Турумтай жана Каз кыргыз кыздарында сейрек кездешкен ысымдардан экендигин айтууга болот. Ал эми Ас учурда кыздарга коюлбай калган ысымдардан.

Жыйынтыктап айтканда карахандардагы ат коюу ырасымы eзYнe тYрктeрдeгY исламга чейинки кеене ишенимдерин камтып, изилдeeчYлeр YЧYн тарыхый-этнографиялык, ономастикалык жана лингвистикалык булак болуп бере алат. Айрыкча, “Дивандагы” айрым адам ысымдары кыргыз антропонимикасында мааниси унутулуп, бирок сакталып калган аттардын маанисин чечмелееде баа жеткис тарыхый маалымат. СeздYктeгY кептеген ысымдардын азыркы кезде да ат катары коюлуп келе жаткандыгы тYрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын карахандардын элдик ишенимдерин дале болсо жашатып келе жаткандыгынан кабар берет.

Пайдаланылган адабияттар

1. Абдимиталип уулу, Н. (2022). “Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов”. Вестник Ошского

3 Этнограф, т.и.к., Мурзакметов Абдымиталиптин берген оозеки маалыматы.

10

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

госуДарственного университета, №3, 126-132. DOI:

https://doi.org/10.52754/16947452_2022_3_126. EDN: DUMQTV.

2. Абрамзон, Саул, М. (1949). “Рождение и детство киргизского ребенка (Из обычаев и обрядов тяньшанских киргизов)”. Сборник музея антропологии и этнографии, т. XII. Москва: Издательство, Изд-во АН СССР.

3. Абрамзон, Саул, М. (1990). Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе: “Кыргызстан”.

4. Антипина, Клавдия, И. (1962). Особенности материальной культуры и приклаДного искусства южных киргизов. По материалам, собранным в южной части Ошской области Киргизской ССР. Фрунзе: Издательство Академии Наук Киргизской ССР.

5. Байбурин, Альберт. К. (1993). Ритуал в траДиционной культуре. Структурносемантический анализ восточнославянских обряДов. Санкт-Петербург: Наука.

6. Бичурин, Николай, Я. (Иакинф). (1950). Собрание свеДений о нароДах обитавших в СреДней Азии в Древние времена. I. Москва-Ленинград: Издательство Академии Наук СССР.

7. Гумилёв, Лев, Н. (1967). Древние тюрки. Москва: Наука.

8. Жапаров, Шералы. (2017). АДам аттары - эл байлыгы. Тогузунчу (толукталып) бас. Бишкек: Улуу Тоолор.

9. Закиров, М.А., Закирова, А.С., Сабиров, Р.К., Чыналиева, М.И. (2022). Распространение ислама у кыргызов. Вестник Ошского госуДарственного университета. История, №1, бб. 38-47. DOI: 10.52754/1694867X_2022_1_5. EDN: VGAVNC.

10. Исаков, К.А., Реимов, Р.М., Бойтоева, С.С. (2023). Кыргызстандын аймагында диндердин тогошуусу жана карым-катышы (орто кылымдар мисалында). Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, №2(2), бб. 21-27. DOI: 10.52754/16948823_2023_2(2)_4. EDN: KENOUN.

11. История Киргизской ССР. (1984). Том первый. С древнейших времен до середины XIX в. Гл. ред. В.М. Плоских. Фрунзе: Кыргызстан.

12. КааДа-салттар. Ак баталар. (2003). А.Акматалиевдин жалпы ред. астында. Бишкек: “Шам”.

13. ал-Карши, Джамал. (2005). Ал-Мулхакат би-с-сурах. История Казахстана в персиДских источниках. T.I. Введение, перевод с арабского-персидского, комментарии, текст, факсимиле Ш.Х. Вохидова, Б.Б. Аминова. Алматы: Дайк-Пресс.

14. аль-Кашгари, Махмуд. (2005). Диван Лугат ат-Турк. Перевод, предисловие и комментарии З.-А.М.Ауэзовой. Индексы составлены Р.Эрмерсом. Алматы: Дайк-Пресс.

15. Кляшторный, Сергей, Г, и Султанов, Турсун, И. (2009). ГосуДарства и нароДы Евразийских степей, от Древности к Новому времени. 3-е изд., испр. и доп. СПб, «Петербургское востоковедение».

16. Кононов, Андрей, Н. (1958). РоДословная туркмен. Сочинение Абу-л-Гази, хана хивинского. Москва, Ленинград: Издательство Академии Наук СССР.

17. Кочнев, Борис, Д. (2006). Нумизматическая история КараханиДского каганата (9911209 гг.). Ч.1. ИсточниковеДческое исслеДование. Москва: София.

18. Кыргызы. (2016). Отв. ред. А.А. Асанканов, О.И. Брусина, А.З. Жапаров. Москва: Наука. (Серия: Народы и культуры).

11

Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024

19. Максимов, Михаил, М. (1981). Очерк о серебре. 3-е изд, перераб. и доп. Москва: Недра.

20. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана (второе издание). (2002). Отв. редактор В.А. Ромодин. Бишкек: Издание Кыргызско-Турецкого университета “Манас”, 32.

21. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. (2003). (Извлечения из китайских источников II в. до н.э. - XVIII в.). Том 2. Отв. редактор К. Джусаев. Бишкек: Издание Кыргызско-Турецкого университета “Манас”, 45.

22. Махпиров, Валерий У. (1997). Имена далеких предков, Источники формирования и особенности функционирования древнетюркской ономастики. Алматы: Гылым.

23. Никонов, Владимир, А. (1974). Имя и общество. Москва: Наука.

24. Павлинская, Лариса, Р. (2005). “Наборные пояса в культурах Сибири XIX - начала XX

в. ” Украшения нароДов Сибири. СМАЭ РАН. T.LI. СПб, Изд-во “Наука”.

25. Руденко, Сергей, И. (1962). Культура хунну и Ноинулинские курганы. Москва-Ленинград: Изд-во АН СССР.

26. Смирнов, Яков, И. (1909). Восточное серебро. Атлас древней серебряной и золотой посуды восточного происхождения, найденной преимущественно в пределах Российской империи. СПб: Издание Имп. Археологической Комиссии ко дню 50-летия её деятельности.

27. Таскин, Всеволод, С. (1968). Материалы по истории сюнну (по китайским

источникам). [Выпуск первый]. Москва: Наука.

28. Усеев, Нурдин. (2022). “Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтеринде кыргыздардын бир аты, кYMYл этноними”. Международная научно-практическая конференция “Политогенез и культурогенез средневекового Кыргызстана и сопредельных стран, новые взгляды и перспективы изучения” посвященная памяти известного кыргызского востоковеда Омуркула Караева (1930-2002), 17 ноября, 2022

г, Бишкек.

29. Alan, Sumeyra. (2020). “Divanu Lugati't-Turk'te yer alan kumas terimleri ve kelime kokenleri uzerine bir degerlendirme”. RumeliDE Dil ve Edebiyat Arastirmalari Dergisi. Sayi, 20 (Eylul), 23-42. https,//doi.org/10.29000/rumelide.791077.

30. Allport, Gordon.W. (1961). Pattern and growth in personality. New York: Holt, Reinhart & Winston.

31. Amanoglu, Ebulfez. (2000). “Divanu Lugat-it-Turk'deki Ki§i Adlari Uzerine.” Ataturk

Universitesi Turkiyat Arastirmalari Enstitusu Dergisi. Sayi 15, 5-13.

https,//dergipark.org.tr/tr/download/article-file/32693.

32. Arat, Resid Rahmeti. (1947). Kutadgu Bilig. I. Metin. istanbul: Milli Egitim Basimevi.

33. Atalay, Besim. (1985). Divanu Lugat-it Turk Tercumesi. Cilt I. Ankara: Turk Tarih Kurumu Basimevi.

34. Atalay, Besim. (1985). Divanu Lugat-it Turk Tercumesi. Cilt II. Ankara: Turk Tarih Kurumu Basimevi.

35. Atalay, Besim. (1985). Divanu Lugat-it Turk Tercumesi. Cilt III. Ankara: Turk Tarih Kurumu Basimevi.

36. Atalay, Besim. (1935). Turk Buyukleri veya Turk Adlari. ikinci Basim. istanbul: Devlet Basimevi.

12

ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024

37. Clauson, Sir Gerard. (1972). An Etymological Dictionary of Pre-Thirteenth Century Turkish. Oxford: Clarendon Press.

38. Dankoff, Robert [with James Kelly]. (1982). Mahmud al-Ka§Yan Compendium of The Turkic Dialects (Divanu LuYat at-Turk). T.I. Harvard University Printing Press.

39. Dankoff, Robert [with James Kelly]. (1984). Mahmud al-KasYari Compendium of The Turkic Dialects (Divanu LuYat at-Turk). Т. II. Harvard University Printing Press.

40. Dankoff, Robert [with James Kelly]. (1985). Mahmud al-KasYari Compendium of The Turkic Dialects (Divanu LuYat at-Turk). Т. III. Harvard University Printing Press.

41. Donuk, Abdulkadir. (1988). Eski Turk Devletlerinde idari-Askeri Unvan ve Terimler. istanbul: Turk Dunyasi Ara§tirmalari Vakfi.

42. Geng, Re§at. (1997). Kaggarli Mahmud'a Gore XI. Yuzyilda Turk Dunyasi. Ankara, Turk Kulturunu Ara§tirma Enstitusu.

43. Gungor, Harun. (1994). “Uygur Kagan Unvanlarinda Kun ve Ay Tenri Kavramlarinin Kullanili§i”. XI. Turk Tarih Kongresi - Ankara, 5-9 Eylul 1990. Kongreye Sunulan Bildiriler. II, 511-517 ss. Ankara: Turk Tarih Kurumu.

44. Hansen, Valerie. (2012). The Silk Road, A New History. New York: Oxford University Press.

45. Ogel, Bahaeddin. (1978). Turk Kultur Tarihine Girig. V. Turklerde Giyecek ve Suslenme (Gokturklerden Osmanlilara). Ankara: Kultur Bakanligi.

46. Ozcan, Abdulkadir. (1997). “Hatun”. TDV islam Ansiklopedisi. Cilt. 16, s. 499—500. istanbul: islam Ara§tirmalari Merkezi,

47. Rasonyi, Lazslo. (1963). “Turklukte Kadin Adlari.” Turk Dili Aragtirmalari Yilligi-Belleten. Cilt. 11, ss. 63-87. https,//dergipark.org.tr/tr/pub/belleten/issue/38262/442516.

48. Rasonyi, Laszslo, жана Baski Imre. (2007). Onomasticon Turcicum, Turkic Personal Names, Parts I-II. Indiana University: Denis Sinor Institute for Inner Asian Studies.

49. Tekin, Talat. (1998). Orhon Yazitlari. Kul Tigin, Bilge Kagan, Tunyukuk. istanbul: Simurg.

50. Zieme, Peter. (1997). ‘Silk'and ‘Wad'in Old Turkish Terminology. Turk Dilleri Aragtirmalari, 7, ss.149-155.

Интернеттен алынган маалыматтар

1. Республиканын кеп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жeнYндe https://cbd.minjust.gov.kg/5-5431/edition/491915/kg (колдонулган кYHY: 20.08.2024)

2. 6зYЦYздY тизмеден тактацыз

https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml (колдонулган кYHY: 20.08.2024)

13

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.