Научная статья на тему 'ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАН, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРДЫН ИШМЕРДИГИ ТАРЫХТА ЖАНА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА'

ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАН, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРДЫН ИШМЕРДИГИ ТАРЫХТА ЖАНА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
улуттук көтөрүлүш / Исхак Асан уулу Полот хан / кошок ырлары / фольклордук материалдар / Кокон хандыгы / Аксы өрөөнү / national uprising / Ishaq Asan uulu Polot Khan / Songs of lamentation / folklore materials / Kokand Khanate / Aksy valley

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Сулайманов Эртабылды Жолдошевич, Анарбекова Венера Эркинбековна

Илимий изилдөөлөр Кокон хандыгы мезгилинде Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы багытталган улуттук боштондук күрөштүн активдүү жетекчилеринин бири Исхак Асан уулу Полотхандын саясий ишмердүүлүгү тууралуу баяндалат. Анда илимий адабияттардагы изилдөөлөргө салыштырмалуу эл арасынан топтолгон этнографиялык материалдардын негизинде информаторлордун өз оозунан жаздырылып алынган кошок ырлары дагы мисал келтирилди. Ошону менен катар көтөрүлүшкө катышкан Мамыр Мерген уулу, Исхактын жан жөкөрү Абдылдабектин жана Баткен аймагында болгон дагы бир активдүү кол башчыларынын бири Молдо Ашырдын эрдиктери дагы айтылат. Изилдөөнүн өзгөчөлүгү жалпы эле көтөрүлүштүн келип чыгуу себептери, жүрүшү, жыйынтыгы тууралуу фольклордук материалдар тарыхый-этнографиялык өңүттө анализденди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ACTIVITIES OF ISHAK ASAN UULU POLOT KHAN, MAMYR MERGEN UULU, ABDYLDYBEK, MOLDO ASHYR IN HISTORY AND ORAL FOLK ART

In this scientific research is told about the political activities of Ishaq Asan uulu Polotkhan, one of the active leaders of the national liberation struggle against the oppression of the Kokand Khanate during the Kokand Khanate. It also provides examples of mourning songs of informants, recorded from the mouth of the informants themselves on the basis of ethnographic materials collected among the population compared with research in the scientific literature. It also tells about the heroism of Mamyr Mergen, about the heroism of the brave warrior Abdyldabek and one of the active military leaders who took part in the uprising of the Batken valley of Moldo Ashyr. The peculiarity of the researches is that folklore materials about the causes, course and results of the uprising were generally analyzed from a historical and ethnographic point of view.

Текст научной работы на тему «ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАН, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРДЫН ИШМЕРДИГИ ТАРЫХТА ЖАНА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№1(4)/2024, 192-202

УДК: 947:93/398.5

DOI: 10.52754/1694867X 2024 1(4) 24

ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАН, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРДЫН ИШМЕРДИГИ ТАРЫХТА ЖАНА ЭЛДИК ООЗЕКИ

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА

ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАНА, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРА В ИСТОРИИ И УСТНОМ НАРОДНОМ ТВОРЧЕСТВЕ

THE ACTIVITIES OF ISHAK ASAN UULU POLOT KHAN, MAMYR MERGEN UULU, ABDYLDYBEK, MOLDO ASHYR IN HISTORY AND ORAL FOLK ART

Сулайманов Эртабылды Жолдошевич

Сулайманов Эртабылды Жолдошевич Sulaymanov Ertabyldy Zholdoshevich

т.и.к., профессор, Жалал-Абад мамлекеттик университети

к.и.н., профессор, Джалал-Абадский государственный университет Candidate of historical sciences, Professor, Jalal-Abad State University

sulertab@,mail.ru_

Анарбекова Венера Эркинбековна Анарбекова Венера Эркинбековна Anarbekova Venera Erkinbekovna

т.и.к., Борбор Азия эл аралык медициналык университети

к.и.н., Международный медицинский университет Центральной Азии

Candidate of historical sciences, Central Asian International Medical University [email protected] ORCID: 0009-0007-6993-4986

ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ ХАН, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРДЫН ИШМЕРДИГИ ТАРЫХТА ЖАНА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА

Аннотация

Илимий изилдеелер Кокон хандыгы мезгилинде Кокон хандыгынын эзYYCYнв каршы багытталган улуттук боштондук кYрештYн активдуу жетекчилеринин бири Исхак Асан уулу Полотхандын саясий ишмердYYЛYГY тууралуу баяндалат. Анда илимий адабияттардагы изилдеелерге салыштырмалуу эл арасынан топтолгон этнографиялык материалдардын негизинде информаторлордун ез оозунан жаздырылып алынган кошок ырлары дагы мисал келтирилди. Ошону менен катар кетерYЛYшке катышкан Мамыр Мерген уулу, Исхактын жан жекерY Абдылдабектин жана Баткен аймагында болгон дагы бир активдуу кол башчыларынын бири Молдо Ашырдын эрдиктери дагы айтылат. ИзилдеенYн езгечелYГY жалпы эле кетерYЛYштYн келип чыгуу себептери, жYPYШY, жыйынтыгы тууралуу фольклордук материалдар тарыхый-этнографиялык ещтте анализденди.

Ачкыч свздвр: улуттук кетерYЛYш, Исхак Асан уулу Полот хан, кошок ырлары, фольклордук материалдар, Кокон хандыгы, Аксы ереенY.

ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСХАК АСАН УУЛУ ПОЛОТ

ХАНА, МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ, АБДЫЛДЫБЕК, МОЛДО АШЫРА В ИСТОРИИ И УСТНОМ НАРОДНОМ ТВОРЧЕСТВЕ

THE ACTIVITIES OF ISHAK ASAN UULU POLOT KHAN, MAMYR MERGEN UULU, ABDYLDYBEK, MOLDO ASHYR IN HISTORY AND ORAL FOLK ART

Аннотация

В научных исследованиях рассказывается о политической деятельности одного из активных руководителей национально-освободительной борьбы направленной против угнетения Кокандского ханства Исхака Асан уулу Полотхана. В статье также приводятся примеры траурных песен информаторов, записанных из уст самих информаторов на основе этнографических материалов, собранных среди населения к сравнению с исследованиями в научной литературе. Также рассказывается о подвигах Мамыра Мергена, храброго воина Абдылдабека и одного из активных военачальников Молдо Ашыра которое принявший участие в восстании в Баткенской долине. Особенность исследования состоит в том, что на основе фольклорного материала проанализирована в историко-этнографическом аспекте о причинах, ходе и результаты восстания.

Abstract

In this scientific research is told about the political activities of Ishaq Asan uulu Polotkhan, one of the active leaders of the national liberation struggle against the oppression of the Kokand Khanate during the Kokand Khanate. It also provides examples of mourning songs of informants, recorded from the mouth of the informants themselves on the basis of ethnographic materials collected among the population compared with research in the scientific literature. It also tells about the heroism of Mamyr Mergen, about the heroism of the brave warrior Abdyldabek and one of the active military leaders who took part in the uprising of the Batken valley of Moldo Ashyr. The peculiarity of the researches is that folklore materials about the causes, course and results of the uprising were generally analyzed from a historical and ethnographic point of view.

Ключевые слова: национальное восстание, Исхак Асан уулу Полот хан, песни причитания, фольклорные материалы, Кокандское ханство, Аксыйская долина.

Keywords: national uprising, Ishaq Asan uulu Polot Khan, Songs of lamentation, folklore materials, Kokand Khanate, Aksy valley.

Киришуу

XIX к. II жарымында Кыргызстанда, езгече ТYштYк аймактарында тарыхый олуттуу окуялар болгону белгилYY. Кыргызстандын Россияга каратылыш процесси ал мезгилдеги окуялардын чордону болучу. Кокон хандыгынын кYHY тYгенYп бара жаткан. Аны менен кошо туштук кыргыз урууларынын мамлекетгYYЛYГY жоголуу коркунучуна кабылып, кыргыз элинин азаттык кYрештерY ошол кездеги коомдук-тарыхый турмуштун негизи максатына айланган. Тарыхтын логикасы мындай кырдаалда эркиндик YЧYн кYрешкен кайсы бир чыгаан инсанды жаратат эмеспи. Так ошол тарыхый инсан Исхак Асануулу Полот хан (1844-1876) болчу.

Окумуштуу Т.Кененсариев Исхак Асан уулу Полот хандын негизги изилдеечYлерYHYн бири. Ал езYHYн акыркы эмгектеринин биринде бул инсанды "кыргыз элинин баатыры, тарыхый улуу инсан жана мамлекеттик ишмер" деп атап, азаттыктын ири кYрешкери катары баалаган (Кененсариве, 2015, 66-б.).

Эл-жердин боштондугу YЧYн кYрештY чаг

ылдырып берYYДе тарыхый ырлар ете жогору децгээлге жеткен. Бул ырлардын мазмунунда Кокон хандыгынын кысымына, андан кийин Орусия падышасынын басып алуучулук саясатына каршы элдин башын бириктирип кетерYЛYшке чыккан эр-азаматтардын кYрештерY данкталган.

1873-жылы жаз алды менен башталган алгач Кокон ханы Кудаярдын аксым саясатына каршы, кийин Россиянын оторчул басып алуусуна каршы курешке чыккан ферганалыктардын 1873-76-жылдардагы элдик кыймылынын жетекчилигинин езегY Исхак Асан уулу Полот хан болгондугу тарыхый изилдеелерден кенен маалым. Ошол кезде 29 жашка чыккан Исхак Асан уулунун «Полот-хан» деген ат менен Аксынын Сафед-Булан кыштагында миндеген кутлук - сейит, найман, саруу, кытай урууларынын катышуусу менен ак кийизге салынып хан кетерYЛYШY улуу кыймылдын башталышы болгон (Набиев, 1973, 282-бб.; Кененсариев, 1997, 12-б.).

КетерYЛYштYн Аксы очогу менен байланышкан окуялары элдин эсинде бYГYнкY мезгилге чейин сакталып калган. Эл арасынан материал жыйнап жYрген учурубузда бул керYHYштYн кYбесY болдук. Чаткал ереенYнде "Кызыл Токой" деп аталган айылда кетерYЛYшке байланыштуу элдик кошокто:

"Кызыл жаян кан агып,

Кыргын согуш, болгон дешет.

Кызыл Токой ошондон-

Аталып калган дешет... " - деп айтылат экен элдик арман, кошок ырларында (Мырзабаев, 2003.).

1874-жылдын 1-августуна чейин Сафид-Булан, Чартак, Жаны-Коргон чептери алынып, Касан шаарынын коменданты Тере-Коргонго качып кетип, шаар согушсуз ээленген. Шаардыктар кетерYЛYшке кошулуп, Полот хандын кошууну Тере-Коргон чебин талкалап, Наманганды камаган (Кененсариев, 1997, 14-б.). Тере-Коргондун беги Саранчы бий 500 сарбазы менен кетерYЛYшке кошулуп, кийин анын акЕ^д^ жетекчисине айланган. Мындай керYHYш Чаткал районунун Курулуш айылынын тургуну Малика Тажиматованын айтуусунда теменде^дей сYретгелет:

"Кудаяр хандын тушунда, Илинген баатырлар да,

Калкы менен кас болуп. Жай казылып квмулбвствн,

Катуу согуш болгон дешет мурункулар, Дагы деле ач кыйкырык,

Ал согушта, ар бир дарак бутагына. Онтогон ундвр угулат, эч бир

взгврбвствн" (Тажиматова, 2004.).

Аксы кетерYЛYШYнен чочулаган Кудаяр хан, аларга каршы Абдырахман аптабачы, Иса Олуя, Науман пансат баштаган 7000 сыпайдан жана 1000 сарбаздан туруп, жакшы куралданган жазалоочу отряд жиберген. КетерYЛYшчYлер бетгешYYде женилип, мерт болгондор арбын болуп, алардын ичинде жетекчилердин бири Мусулманкул кез жумган. Момун Чаткалга, ал эми Исхак бир аз жигиттери менен Ала-Буканын Чанач

капчыгайына чегинген. Саранчы бий баштаган топ хандын жазалоочу аскерин Кызыл-Токой капчыгайында кармап турууга аракеттенген, бирок, талкаланып калган.

Аптабачынын жазалоочу аскери караламан эл, коргоосуз калган айылдарды катуу бYЛYндYрген. Айыл-кыштактар аёосуз ерттелYп, Ала-Бука ереещнде эле даргага асылгандардын саны 1000ден ашты деп булактар билдирет. Айрыкча, Ала-Бука, 9рYктY, Касан-Сай ереенYнде жашаган тургундар Жолдош пансаттын жазалоочуларынын куралынын мизине тушуккан (Yсенбаев, 1993.). Бул окуя элдик арман, жоктоолордо мындайча айтылат:

"Кырчылдашып кармашып, дем берип

Кыйкырышып

Кайраттанып бири-бирин, Кайра тур, - деп ар кимисин. Качыратып таш чайнап, Кыжырданып кыл чайнап, Толгон кучун жыйнашып. Чымырканып чыдашып, Жыгылып кетпес учун, адам эй! Тизе бугуп калбас учун, оо жан ээй! Колун сермеп, урунганды туткакташып.

Тал-дарактын бутактарын бургакташып, Тике турган экен ар бир жоокер. Калдайган кара топ болуп, Кара тоого тец болуп. Турган экен бирге болуп ар бир жоокер, Адамдан да, талдан да жылжып кандар

Баардыгы кошулуп чоц суу менен бирге агып,

Аттицай, кец дуйнв турган экен тарып-тарып..Г (Тажиматова, 2004.).

агып.

Жазалоочулар бет келген адамдарды елгYPYп, аялдарды, балдарды жана карыларды да аяшкан эмес. А тYГYЛ «дарга орун жок болгондуктан дарактын бутактарына да» асылышкандыгы илимий изилдеелерде берилген ^сенбаев, 1993.). «Кызыл-Токой баяны» аттуу элдик кошокто:

"СYйвнгвн талын аяп. Суу болуп, алсыз болуп,

Сынбаса экен, чыдаса экен, Сууга тамган аккан канды карап.

Сурданып, душманына тике карап. Найза учуна, жаа огуна квщрвгун тосуп

турду" (Тажиматова, 2004.).

- деген кейиштуу саптар да бул окуяны ырастайт.

Фергана челкемунде элдик кыймылдар бир эле мезгилде кеминде терт жерде башталган. Алар: Аксы, Эки-Суу арасы, Алай жана ТYштYк-Батыш очоктору. ТYштYк кыргыз уруу башчылары 1873-жылдын ноябрында Кожент уездинин башчысы барон Нольдеге кетерYЛYштYн чыгыш себебин билдирген кат беришкен (Кененсариев, 1997, 9-б.). Ал каттагы маалыматтарына караганда, кетерYЛYшке 42 уруу же 132500 тYTYн кыргыз, кыпчактар катышкан. Эгер ар бир тYTYндY кары-картан, жаш балдарды кошкондо орточо 4-5 кишиден турат деп эсептесек, анда кетерYЛYшке тиешеси бар калктын саны 530-650 мин адамды тYЗмек (Плоских, 1977, 312-б.; Yсенбаев, 1990.). Албетте, ал кезде Фергана ереенунде мынча кыргыз жашаган эмес, чамасы тизмеге кыпчактар, кечмен езбектер, тYрктер жана каракалпактар да кошулган болсо керек. Ошентсе да аталган сан кетерYЛYштYн масштабын айкын белгилеп турат. К.Yсенбаевдин изилдеелерYнде аталган 42 уруунун кай бирлеринин аттары берилет: Мисалы, басыз, мундуз, найман, кесек, тейит, кыдырша, бостон, каратейит, кутлук-сейит, кызыл-аяк, жору, берY, тооке, монгуш, кыпчак, кыргыз-кыпчак, кытай, абагат, каман, тамга, саяк, катаган нойгут, кушчу, карабагыш жана башкалар (Усенбаев, 1960, 72-б.).

1874-жылы июль айында Чаткал тоо этектеринде кыймыл кайрадан башталган. Исхак эми Полот хан деген ат менен кетерYЛYште чыныгы жетекчиликти колго алган да, кабары Аксы челкемYне гана эмес, Фергананын башка тоо этектерине, шаарларга, ал турсун Ташкенттеги орус бийликтерине да дайын болгон.

Апкаарып калган Кудаяр хан кетерYЛYштY басууга чамасы келбегендиктен 1868-жылдагы кокон-орус вассалдык келишимге ылайык Ташкентте турган отор бийликтерин "жардам бергиле" деп улам суранып жатып,

жардам келбегендиктен, 1875-жылдын июль айында Кожент аркылуу Typkctrh крайынын чектерине карай качып кеткен.

Натыйжада, элдик кыймыл улам алоолонуп олтуруп, бул кырдаалда ТYркстан генерал-губернатору, "жарым-падыша" К.П.фон-Кауфманды элеттиктердин бул к^рвшрт тыптыйпыл басып гана койбостон, Кокон хандыгын биротоло империяга каратуу чечимине келген да, чон аскер менен 1875-жылдын август айында хандыктын Кожент тарабынан басып кирген.

Падышалык бийлик Полот хандын вCYп бара жаткан таасиринен чоочулап, ага каршы 1875-жылы эле Yч согуштук экспедиция уюштурган. 1875-жылдын август-сентябрь айларындагы I аскердик ж\^шкв генерал-губернатор К.П.Кауфман e3Y жетекчилик кылса, октябрь-ноябрдагы II жYPYштY генерал В.Н.Троцкий, ал эми 1875-жылдын декабрынан 1876-жылдын жай мезгилине чейинки III согуштук жYPYштY генерал М.Д.Скобелев жетектеген (Молдокасымов, 2015, 76-б.).

Молдо Исхак кышында Алайда, из жашырып жYргвн жеринен, 1876-жылдын 18-февралдан 19-февралга караган тYHY, Скобелев жиберген адамдар тарабынан туткунга алынган. Ал акыркы кYЧY калганча кармашып жатып колго тYшквн. Архивдик материалдарынын сурак кагаздарында Молдо Исхак Орусия басып алган аймактарда элдин боштондук YЧYн кYрвшкв тартылышынын жана колдоого алынышынын башкы себеби катары, падышачылыктын жер маселесин туура чече албаганы болду деп тYШYндYргвн. Молдо Исхак эркиндик YHyH курвштв вЗYн кандай кайраттуу алып жYрсв, влум алдында вЗYHYн тайманбастыгын, эр жYрвктYYЛYГYн кврсвтв алган (Молдокасымов, 1994.).

1876-жылы 1-мартта Маргалан шаарында ордонун бет мандайындагы аянтта Молдо Исхак дарга асылган. Исхак ошол кезде болгону 32 жашка келген болчу. Анын влум алдындагы кайраттуулугу элди дагы бир жолу тан калтырып, кыска жана даназалуу вмYPY, вз элин эркиндикке ээрчиткен эрендин жаркын элеси элинин эсинде тYбвлYк сакталып калды (Молдокасымов, 1994, 79-80-бб.) жана "азаттыктын" идеясын тYбвлYк таштап кетти (Кененсариев, 2009, 320-б.).

КвтврYЛYштYн 1873-жылдын жазында башталган дагы бир орчундуу очогу Эки-Суу-Арасында мундуз уруусунан чыккан 35 жаштагы Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астындагы кушчу, мундуз, багыш, басыз, карабагыш уруулары катышкан кыймыл болчу. КвтврYЛYш Жалал-Абад, Сузак, Ханабад кыштактарын каптаган. Ал бир топ вз денгээлинде кубаттуу жана ордо бийлигине зор коркунуч келтирген (Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар, 2002, 88-б.). Тарыхчы Б.Жумабаев да "Мамыр баатырдын 1873-76-жж. ТYштYк кыргыз квтврYЛYШYндвгY ролу аябай зор болгондугун" белгилеп кетет (Жумабаев, 1990, 82-б.).

Бирок, Кудаярхандын Мамырга каршы жиберген чон армиясынын кYЧY менен квтврYЛYш 1873-жылы кYЗгв маал талкаланып, квтврYЛYшчYЛвр Тогуз-Торо, Кетмен-Твбв врввндврYнв качып кетишкен. Хандын качкындарды кайтарып берYY жвнYндвгY втYHYЧY Токмок уездинин башчысы тарабынан аткарылып, козголончулардын бир бвлу^ Анжыян вилаетине кайтарылган. Бирок Мамыр баштаган жYЗдвй жигит 1873-жылдын 1874-жылга караган кышында кийинки жылкы кYрвшкв даярдануу YЧYн Алай тараптагы адигинелерге втYп кеткен. Кай бир маалыматтарда Мамыр андан ары Кашкарга барып, кыргыздарды Кудаярга каршы YндвгвнY айтылат (Хасанов, 1961, 90-б.). Бирок анын аракеттери ийгиликке жетпеген сон кайрадан Кара-Кулжага кайтып, кышында Алайдагы кыргыздарды квтврYЛYшкв чакырып, эрте жазда Тогуз-Торого втквн. 1874-жылы жазында орус бийликтеринен колдоо издеп, аларга букара болууга макулдугун билгизип, кат жазып да квргвн (История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX века, 1996, 220-б.). Бирок анын 1868-жылкы орус-кокон келишими жвнундв кабары жок эле. Албетте, орус бийлигинен кабар келген жок. YмYTYн Yзгвн Мамыр Фергана чвлквмYнв кайткан (Кененсариев, 1997, 195-б.).

Мамыр 1874-жылдын майына карата олуттуу куч топтой алган. Кара-Кулжа чвлквмундв 5-6 мин кишиден турган квтврYЛYшчYлвр анын жетекчилиги астында жаны кYч менен к^рвшкв чыгып, Коргон-Бардан сепилин алышкан жана Анжыян шаарына чабуул коюшкан. Бирок, женилип калышты. Мамыр Мерген уулу Капка врввн^нв (Нарын чвлквм^) качып кеткен, бирок Кудаяр хандын орус бийлигине жеке втYHYЧY менен Токмок уездинин башчысынын буйругуна ылайык Мамырды Осмон деген досунун жардамы менен алдап 1874-жылы 15-июлда колго тYШYPYшквн (Кененсариев, 2009, 122-б.).

Элдик санжыраларга таянган изилдввлврдв Мамыр баатырдын CYPYнвн корккон Кудаяр хан: «Мамырды кармап берсен, бYт хандыгым менен сен жакка втвм» - деп, падыша вкмвтYHYн элчилигине убада берген имиш. Кара башы бир хандыкка татыган Мамыр баатыр Токмок уездинин начальниги тарабынан 1874-жылы

кармалып, бир кабарда 1876-жылы, бир кабарда Анжиян шаарында 1881-жылы асып влтYPYлгвн делет (Молдокасымов, 2015.).

Андан кийин Мамырды квтврYЛYштYн чордонунан алыстатуу жана орус ээликтериндеги кыргыздарды Кокон тополоцуна тартууга мумкунчулугун жоготуу" максаты менен Лепси уездине (Казахстан) камакка алышкан (Абдрахманов, 2009.). Мамыр Токмокко айдалып келгенде комуз сурап, арман кYY чертип, эл менен коштошкон. Ошол куу эл арасында "Мамырдын кYYCY" деген ат менен азыркы учурга чейин чертилип келет (Болсуналиев, 1991.). Куунун мазмунунда элдин башынан втквргвн кыйын турмушу, Кокон хандыгынын алык-салыгы жана тоолук кыргыздардын кыздарын ордонун кызжатноого (гаремге) алып кеткендиги да баяндалган. Мындай окуя кылымдар бою калктын эсинен чыкпай жYргвнYнв диссертациянын автору да кубв болгон. Мисалы, 2003-жылы материал жыйноо иши жYPYп жаткан кезде Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун Курулуш айылынын жашоочусу 82 жаштагы Тажиматова Малика эне Кокон хандыгына деп кыргыз YЙлврдY тигишип, жасалгалап, жада калса ордого сулуу кыздарды YЙгв кошуп алып кетип турганын чоц энесинен укканын айтып берген (Тажиматова, 2004).

1877-жылы гана энесинин суранычына байланыштуу Мамыр Мерген уулу Анжыян уездине тымызын квзвмвлдвнуп туруу укугу менен кайтып келген (Авазов, 2014, 33-б.). "Абдылдабектин арман кошогу" аттуу жоктоо ырында Мамыр Мерген тууралуу:

"...Тилла калкан кийинип, -DmedY катмар тец сайып,

Жоо дегенде CYùyHYn, Баатыр Мамыр баш болуп.

Эцкейиште эр сайып. Айтса квЦYл каш болуп..."(Жумабаев, 1990,

85-б.).

- деген саптар менен баатырды сурвттвгвн.

Ошондой А.Х.Хасанов дагы эле эл арасында:

"Алтын кылыч болоттон,

Мамыр чыккан Колоттон "

- деген ыр саптары да сакталып калгандыгын белгилейт (Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар, 2002,

89-б.).

Мамыр азаттык идеясынан вмYPYHYн акырына чейин кайткан эмес. 1877-78-жылдары ал "Жетим хандын козголоцуна" катышып, бир топ окуялардан кийин 18-сентябрда Булат Тартамышев жана Наркул Алакул деген эки жолдошу менен кармалган. Мамырдан Кокон шаарынын кадыр барктуу аксакалдарынын жана туугандарынын атынан Мухаммад Алибек мввр баскан газаватка катышуу макулдугун билдирген документтер алынган. Мамыр баатырдын вЗYHYн туусу болгон. Ошол туунун бир аз белгиси сакталып калган жана мундуз уруусунун калпагында тартылган (Ажыматов, 2015).

1878-жылдын 22-декабрында аскердик талаа соту кыргыз Мамыр Миргиниевди (Мамыр Мергеновдун орус тилдYY булактардагы аталышы) алгач 15 жылга рудникке каторгалык ишке айдоо вкYMYн чыгарганы менен кийин ал влум жазасына взгвртYЛYп, Анжиян шаарында 1879-жылдын 25-январында орус бийликтери тарабынан асылып влтYPYЛгвн (Авазов, 2014, 35-36-бб; Абытов, 2011.).

Калган козголоцчулар Сибирге сургунгв айдалган. Алардын арасында кыргыз жазгыч акын Молдо Калбек Муса уулу да болуп, 10 жыл бою Сибирде квргвн кордугун ырга кошуп, жазып калтырган. Молдо Калбек Муса уулунун жазганына караганда, ал Кокон хандыгы учурунда квптвгвн окуяларга кYбв болуптур (Мусабеков, 2012, 12-б.). Калбек Муса уулунун ырларында:

"ТYрмвгв отургузду орус шаасы, Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч. СYргYнгв айдашты жалаа менен Шылтоосу - Мамурга кошулду деген Кайгы менен вткврдYм тиричилик, Карап квр ал жазылган квк дептерден.. »,

- деп, Сибирге CYргYнгв айдалганынын себебин жана мезгилин вЗY ачык жазып калтырган (Молдокасымов, 2003).

Абдылдабек (1843-1876) Исхактын жан жвкврY 1875-жылдын октябрынан январына чейин Кокон шаарынын коменданты болуп туруп, Кудаяр хандын мураскери Насирдин бектин кошуундарын, орус жазалоочуларын шаарга киргизбей коргоп турган. Инилери Баатырбек, Мамытбек жана Асанбектер орустарга каршы куралдуу квтврYЛYшкв аттанышкан.

Абдылдабек Квкчв, Олжоке, Сарттар ж.б. уруктардан чон кол курап, ГYЛчвдвн 25 чакырым жогору Жацырык тар капчыгайында кармашка камынат. 24-апрелде генерал М.Д.Скобелевдин кошууну ГYЛчвдвн чыгып Терек-Даван жолу менен Абдылдабектин турагы Жанырык капчыгайына жвнвгвн. 25-апрелде 3 саатка созулган согушта Абдылдабектин 1500 жигити жоонун бир нече жолку чабуулунун мизин майтарып, катуу каршылык кврсвтYшквн. Бирок, чегинYYгв мажбур болгон (Кененсариев, 2009, 326-б.).

Генерал М.Д.Скобелев алайлык кыргыздарды Россиянын карамагына биротоло вткврYY максаты менен 1876-жылдын июль-август айларында "Алай аскерий-илимий экспедициясын" уюштурган. Отряддын курамында Кыргызстандын тYндYГYнвн атайын чакырылган Шабдан Жантаев жигиттери менен болгон.

Июль-август айларында болуп втквн бир топ окуялардан сон, квтврYЛYш женилип, Абдылдабек баштаган азганакай топ Шугнан аркылуу Ооганстанга втYп, ал жакта Меккеге бара жатканда Абдылдабек каза болгон. Анын yctyto майор М.Е.Ионов Кашкардан кайтып, Ооганстанга втYп бара жаткан Курманжан датканы колго тYШYPYп, 29-июлда Чон Алайдагы Арчалуу деген жердеги М.Д.Скобелевдин лагерине алып келишкен (Кененсариев, 1997, 299-б.).

Бул окуя Абдылдабектин атынан берилген арман ырда:

"Алты канат ак YüdY, Жети жашар уулумду,

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Алты айлана капшырдым, Жаркынбайга тапшырдым

Алты жашар уулумду, Жетим ашын ичирбей,

Жаркынбайга тапшырдым. Жетим тонун кийгизбей.

Жети канат ак YйдY, Боюга бычып тон кылсын,

Жети айлана капшырдым. Асырап-сактап чоц кылсын" (Жумабаев,

1990. 85-б.).

Ал эми Абдылдабектин зайыбынын кошогунда:

"Суранчы датка Алыбек, Бостонкул, Бото бек. Дубана датка, Тойчубек, Ичкиликке баш болуп,

Кайтып калган эмеспи... " (Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар, 2002, 250-б.).

Ата-бабасынын туулган жеринен алыста жYPYп, куса болуп, санаа тартып ооруп, вмYPYHYн акыркы ирмемдеринде вЗY менен кан кечкен жолдош-жоролоруна Абдылдабектин айткан керээзи Т.Касымбековдун романында чагылдырылган (Касымбеков, 1998, 648-б.). Ошондой эле Мургабдык карыя Мыйманбай Мамытовдун айткан кошогунда:

"Уай, Омарбек датка аке, Кызыл-Артты ашыргын.

Чыгып ла кетсе жанымды. ГYЛYшвгв жашыргын,

Алып кет ЖYктвп тецимди Эгиз квтвр кабырды .

[сввгYмдY], Ыйлабай кылгын сабырды,

Арканды беш кат бYктвй квр. Асанбек, Маамыт жигарым" (Жумабаев,

1990, 86-б.)

Г YЛYшв карап жуктвй квр, -деп керээз айткан.

Жигити Акбалбан, жатындашы Баатырбек бир айдан ашык жол жYPYп, Абдылдабектин жYрвгYн тYбвЛYккв жашырып, акыркы втYHYЧYн аткарышкан.

Отуз жаштан жаны втквн Абдылдабекке арналган казалдагы бул саптарда анын вмYPYHYн эрте кыйылгандыгы твмвндвгYчв берилет:

МYнвЗYндв бийликти, зордук-зомбулукту CYЙгвн Абдылдабек хандыктын жергиликтYY таяныч-тиреги болуп кызмат кылат. Ал Газаваттын (ыйык согуштун) жактоочусу болгондугуна карабастан, квз карашындагы инсандык ички-тышкы карама-каршылыктары менен бирге эле вз элинин азаттыгынын курманы болгон. Курманжан датканын Абдылдабекти жоктоосунда:

"Атац сымал арстан ЖYрвк жан элец,

А бирок да вжврлYктв чалац ай...

Айыптабайм: KYрвШYЦ ак, ишиц ак,

Эл жер YЧYн, ислам YЧYн турдуц так...

Жагдай шартка, бирок, маани бербедиц,

Дал ошондо, сенин катац билсец нак... " (Абдыраманов, 2007, 238-б.).

Абдылдабектин ийгиликсиз болсо да кыргыз элинин кызыкчылыгы учун кылган иш аракети, нечен кылымдардан бери ата-бабабыз мекендеп келген касиеттуу жергебизди коргоодо сырттан келген куч-кубаттуу баскынчылар менен болгон тендешсиз кYрвшY келечек муундардын ар-намысын козгоп, аларды патриоттук духта тарбиялоодо зор салым кошмокчу.

Исхак Асан уулу Полот хандын жетекчилиги астында башталган элдик квтврYЛYштYн Баткен аймагында болгон дагы бир активдуу кол башчыларынын бири Молдо Ашыр жвнундв свз кылууну чечтик. Анткени, бул инсан тууралуу эл арасында азыркыга дейре кошок ыры сакталып калган. 9з мезгилинде Зардалы, Суу-Башы, Кара-Булак врввндврYн мекендеген тоолук кыргыздардын Кокон хандыгы жана орус бийлигине каршы квтврYЛYшкв активдYY катышкан Молдо Ашырдын кызы Дилпигардын кошогунда:

"Баш YстYнв от жаккан,

Ташкенттин элин топ чапкан.

Муз YстYнв от жаккан,

Бухардын элин топ чапкан " (Курбанбеков, 2015, 155-б.).

1876-жылы 18-июнда ичкиликтердин нойгут уруусунун бийи Молдо (Молло) Ашырдын жетекчилигинде Зардалы айылы орус колонизаторлоруна каршы квтврYЛYшквн. Аны басуу учун Чимион уездинин башчысы Лящевский менен Сполатбогдун орус-казактардан турган отряды Зардалыны ала албай артка чегинген.

Кайрадан 21-июндан 23-июнга чейин орус отрядынын аскер башчысы Сполатбог 100двй аскери менен Кан кыштагынан Зардалы врввнунун Ноожайлак жайлоосуна жвнвгвн. Молдо Ашыр 600двй жигити менен душманды кутуп жаткан. Чалгынчылар Топхана деген айылда колго тушуп, Талаа айылында Мырзашты влтурушвт, ал эми Каримкул качып кутулган. Молдо Ашырдын колун жене албай, Зардалы, Двгмвн айылдарын врттвшквн (Серебренникова, 1897, 27-28-бб.; Кененсариев, 1997, 291-б.). Орус бийлигинен кооптонгон Молдо Ашыр баш баанек издеп, Каратегин врввнунв качып кеткен. М.Д.Скобелев Алай жана Баткен чвлквмунвн качып втквн квтврулушчулврду кайтарып беруу жвнундв Каратегин беги Райым Шаага кат жвнвтквн. Райым Шаа Ашыр Молдону орустарга туткундап берген.

"... Жан сапарыц келген жок, Бул каафырды берген жок. Кыз чыгарып, уул Yйлвп. Кызматыцы квргвн жок,

Кыргызда сендей Yлквн жок. Минген атыц чарчады, Миц куралдуу кошунуц.

Асты - астынан таркады..." (Тарыхый

ырлар, кошоктор жана окуялар, 2002, 544-б.).

Коконго барып корктуц беле бек атам? Коцшу журтум деп барсац, Кармап берди Каратегиндин Улугу. Коконго карап айдады, Орок мурун сарбаздар, Ойноп колуц байлады.

Коконго барып корктуц беле бек атам? Шаарга барып шаштыц беле бек атам? Карацгы тамга камалып,

Кишендегенде канттиц экен бек атам (Курбанбеков, 2015).

Орус бийлиги Кокон шаарында Молдо Ашырды соттоп, Иркутскийге CYргYнгв айдаган (Курбанбеков, 2015, 156-б.).

1873-76-жж. Улуттук-боштондук кыймыл женилген. Бирок орус баскынчылары кыргыз элинин "Эркиндик!" деген рухун жене алган жок. Муну кийинки тарыхый окуялар - 1898-жыл, 1916-жыл далилдеди.

Колдонулган адабияттар

1. Абдрахманов, С. Улуттук баатыр унутулабы? [Текст] / С. Абдрахманов // Кыргыз Туусу. - 2009. - 31 март.

2. Абдыраманов, Ш. Тарыхтаргы ак тактар [Текст]: тарыхый изилдоо / Ш. Абдыраманов. - Бишкек: Аянт, 2007. - 256 б.

3. Авазов, Э. А. Анжиян квтврYЛYШY [Текст]: Фергана врввнундв^ азаттык кYрвштврYHYн тарыхынан / Э.А. Авазов. - Ош: [Б-сыз], 2014. - 191 б.

4. Бейсембиев, Т. К. Кокандская историография. Исследования по источниковедению Средней Азии XVIII-XIX веков [Текст] / Т.К.Бейсембиев. - Алматы: Print-S, 2009. - 1263 с.

5. Болсуналиев, Ч. "Мамырдын кYYCY" [Текст] / Ч. Болсуналиев // Бишкек шамы. - 1991. - 15 март.

6. Жолдошова, К. Ж. кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши / К. Ж. Жолдошова // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология. -2023. - No. 2(2). - P. 49-56. - DOI 10.52754/16948874_2023_2(2)_6. - EDN INMDHX.

7. Жумабаев, Б. Абдылдабек жана анын мезгили [Текст]: Кокон хандыгынын тушундагы 1873-1876 ж. кырг. квтврYЛYШY ж-дв / Б.Жумабаев // Ала-Тоо. - 1990. - № 10. - 82-84 б.

8. История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX века [Текст]: программа трансформации гуманитарного образования в Кырг. Респ. -Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1996. - 220 с.

9. Серебренников, А.Г. К истории Кокандского похода [Текст] / А.Г.Серебренников // Военный сб. -1897. - № 9. - С. 5-28.

10. Касымбеков, Т. Сынган кылыч [Текст]: тарыхый рома / Т.Касымбеков. - Фрунзе: Кыргызстан, 1998. -712 б.

11. Кененсариев, Т. Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий внYГYYCY [Текст] / Т. Кененсариев. - Бишкек: Бийиктик, 2009. - 392 б.

12. Кененсариев, Т. Искак Полот хан (1842-1876) - Азаттыктын ири курвшкери [Текст] / Т.Кененсариев // Искак Асан уулу Полот хан (азаттык жана мамлекеттYYЛYк). - Бишкек, 2015. - 8 - 67 - б. - ("Тарых жана мурас" тYрмвгY).

13. Кененсариев, Т. Исхак Асан уулу Полот хан [Текст] / Т.Кененсариев. - Бишкек: [Б-сыз], 1997. - 80 б.

14. Кененсариев, Т.К. Кыргызстандын Орусияга каратылышы (1855, 1863, 1868, 1976) [Текст] / Т. Кененсариев. - Бишкек: Кыргызстан, 1997. - 360 б.

15. Койчуманова, Г. К. Устное народное творчество как начало философской поэзии / Г. К. Койчуманова, Т. Т. Эралиева // Вестник Ошского государственного университета. - 2020. - Т. 2, № 1-4. - С. 119-124. - EDN EVHOSI.

16. Курбанбеков, Т. Молдо Ашыр - ез доорунун азаттыгы учун кYрвшквн инсан [Текст] / Т.Курбанбеков // Искак Асан уулу Полот хан (азаттык жана мамлекеттуулук). - Бишкек, 2015. - 153 - 156 - б. - ("Тарых жана мурас" турмегу).

17. Курманжан датка. К. Рыскуловдун жыйнаган материалдарынан (келининин кошогу) Ысмайыл Эшмамбет уулунун дептеринен 1963-жылы жазып алган К.Рыскулов [Текст] // Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. - Бишкек, 2002. - С. (Эл адабияты. сер. 19-т.). 222 - 223 - б.

18. Кыдырова, Б. А. Элдик оозеки чыгармалар-элдик тарбиянын мектеби / Б. А. Кыдырова // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 269-275. - DOI 10.52754/16947452_2021_2_4_269. - EDN KIGHWP.

19. Мамыт уулу, М. Абдылдабектин арманы [Текст] / Мамыт уулу М. // Ала-Тоо. - 1990. - № 10. - 82 - 88

- б.

20. Молдокасымов, К. Исхак Молдо - Кокондун акыркы ханы [Текст] / К.Молдокасымов // Заман Кыргызстан. - 1994. - 18, 25-нояб.; 2 - дек.

21. Молдокасымов, К.С. Исхак Молдо (Полот хан) - Кокондун акыркы ханы [Текст] / К.С.Молдокасымов // Искак Асан уулу Полот хан (азаттык жана мамлекеттуулук). - Бишкек, 2015. -67 - 80-б. - ("Тарых жана мурас" турмегу).

22. Мусабеков, А. Мамырбек баатыр [Текст] / А. Мусабеков. - Ош, 2012

23. Набиев, Р.Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр-хана) [Текст] / Р.Н.Набиев. - Ташкент: Фан, 1973. - 119 с.

24. Наливкин, В. Краткая история Кокандского ханства [Текст] / В.Наливкин. - Казань: Тип. Императ. унта, 1886. - 215 с.

25. Плоских, В.М. Киргизы и Кокандское ханство [Текст] / В.М.Плоских. - Фрунзе: Илим,1977. - 368 с.

26. Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар [Текст] / туз. ж-а баш сездерун жаз. С.Егембердиева, А. Акматалиев; А.Акматалиевдин жалпы ред. астында. - Бишкек: Шам, 2002. - 544 б. - ( "Эл адабияты" сер. 19-т. ).

27. Усенбаев, К.У. Присоединение Южной Киргизии к России [Текст] / К.Усенбаев. - Фрунзе: Изд-во АН КиргССР, 1960. - 190 с.

28. Yсенбаев, К. вткендун кайрыктары. 1873-1876. Кокон кетерулушу [Текст] / К^сенбаев // Кыргыз маданияты. - 1990. - № 14/15.

29. Yсенбаев, К. Тарыхтын катаал жылдары. Кокон кетерулушу [Текст] / К^сенбаев // Эркин Тоо. - 1993. - 30 июнь; 7 июль.

30. Хасанов А.Х. Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50-70-е гг. XIX в. [Текст] / А.Хасанов. - Фрунзе: Киргизучпедгиз, 1961. - 183 с.

Интернет материалдары

31. Абытов, Б. Нузуп бий и Алымбек-датка: выдающиеся кыргызские государственные деятели XIX в. [Электронный ресурс] / Б. Абытов. - Режим доступа: // http://www.akipress.org/kghistorv/news: 14103/2223 октября 2014. - Загл. с экрана.

32. Молдокасымов, К. Молдо Калбек Муса уулу анжыяндык [Электронный ресурс] / К. Молдокасымов. -Режим доступа: //http: www. azattyk. org/a/1203679.html. январь 02, 2003. - Загл. с экрана.

Талаа материалдары (информаторлор)

33. Ажыматов, Мамырбек (Мамыр Мергендин кыбырасы). Кошок [Текст]. - Базар-Коргон району, Колот айылы. - 2015.

34. Мырзабаев, Сасалим. Кошок [Текст]. - Чаткал району, Ак Таш айылы. - 2003.

35. Мырзабаева, Санаш . Кошок [Текст]. - Чаткал району, Ак-Таш айылы. - 2003.

36. Тажиматова, Жумаш, Тажиматова Малика. Кошок [Текст]. - Чаткал району, Кызыл Токой айылы. -2004.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.