УДК 331.103.34+54.
ХИМИЯЛЫК БИЛИМ БЕРYYДe ТАРЫХЫЙ МАТЕРИАЛДАРДЫ
ПАЙДАЛАНУУ
АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА
Табигый илимий билим 6epYY кафедрасынын доценти, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Кыргызстан
МИРЛАНТ КЫЗЫ НУРБИЙКЕ
Магистрант,
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Кыргызстан
Аннотация: Аталган макала мектептин химия курсунда тарыхый материалды колдонуу маселелерине арналган. Химия сабагында колдонулган тарыхый фактылар жана маалыматтар окуу материалын мацыздуу кылып, предметке кызыгууну жаратат. Химияны окутууда тарыхга кайрылуу принциби окуучулардын предмет жвнYндв билим алуусуна, алардын таанып билуу активдуулугун калыптандырууга вбвлгв тузвт.
Ачкыч свздвр: тарыхга кайрылуу принциби, химиянын тарыхы, химия, , класстан тышкаркы иш.
ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ИСТОРИЧЕСКИХ МАТЕРИАЛОВ В ХИМИЧЕСКОМ ОБРАЗОВАНИИ
АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА
Доцент кафедры естественно-научного образования , Жалал-Абадский государственный университети им.Б.Осмонова, Жалал-Абад, Кыргызстан
МИРЛАНТ КЫЗЫ НУРБИЙКЕ
Магистрант,
Жалал-Абадский государственный университет им.Б.Осмонова, Жалал-Абад, Кыргызстан
Аннотация: Данная статья посвящена вопросам использования исторического материала в школьном курсе химии. Исторические факты и сведения, используемые на уроках химии, делают учебный материал более содержательным, вызывают интерес к предмету. Принцип историзма в обучении химии способствует приобретению учащимися знаний о предмете, формированию у них познавательной активности.
Ключевые слова: принцип историзма, история химии, химия, внеклассная работа.
Азыркы учурда химияны окутуунун актуалдуу маселелеринин бири -химиялык билим берYYHYн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Бул мамлекеттик билим берYY стандартынын жацы талаптары менен шартталган [7]. Окуучулардын химиялык билим алууга болгон ац-сезимдYY умтулуусу жана бул предметти YЙрeнYYгe болгон кызыгуусу болмоюнча бул кeйгeйдY чечYY мYмкYн эмес.
Илимий педагогикалык изилдeeлeрдYн жана педагогикалык тажрыйбалардын негизинде темен^ дидактикалык принциптер иштелип чыккан:1) акыл эстYYЛYк жана активдYYЛYк принциби; 2)кeрсeтмeлYYЛYк принциби; 3) системалуулук жана ырааттуулук принциби; 4) бекемдик принциби; 5) жеткиликтYYЛYк принциби; 6) илимийлYYЛYк принциби; 7)теориянын
ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"
практика менен байланышы принциби; 8) тарыхга кайрылуу принциби; 9) улануучулук принциби; 10) гумандуулук принциби ж.б. [5]
Тарыхга кайрылуу принциби - илимдин негиздерин окутууда анын eнYГYY тарыхын, eнYГYYДeгY карама-каршылыктар, ар кандай илимий багыттардын пайда болушу, илимдин тYPДYY тармагын eнYктYPYYДe окумуштуулардын кошкон салымы жeнYндeгY материалдардын берилишин шарттайт. Бул принципти аткарууда тeмeнкY жоболор эске алынат: 1) коомдук мамилелердин, аларды таанып-билYYHYн жетишкендиктеринин натыйжасында илимде пайда болгон маселелерин тYШYндYPYY; 2) кайсы бир ачылыштын ачылар алдында окумуштуунун алдына коюлган маселелердин мазмунун белгилee; 3)илимий ачылыштардын тарыхын тYШYндYPYY жана тажрыйбалардын YлгYCYн демонстрациялоо;4)окумуштуулар пайдаланган фундаменталдуу тажрыйбаларды мектеп шартында кeрсeтYY; 5) ачылган кубулушту, закон ченемдYYЛYктeрдYсапаттык жана сандык жактан мYнeздeeчY атайын тYШYHYктeрдY илимге киргизYYHYн этаптарын аныктоо жана аларды логикалык удаалаштыкта тYШYндYPYY; 6) окумуштуулардын жасаган корутундусунун оригиналдуу берилиши жана алардын кийинки eзгeрYYлeрY менен окуучуларды тааныштыруу; 7) окумуштуунун ачкан жацылыктарынын практикада колдонулушун жана анын адамзат жашоосундагы ордун так аныктоо; 8) айрым окумуштуулардын жалпы дYЙнe таанууга, адамзат цивилизациясын eнYктYPYYгe кошкон жеке салымынын маани-мацызын ынанымдуу далилдер менен ачып кeрсeтYY, алардын патриоттук жана улуттар аралык сезимин жогорку децгээлде кeрсeтYY ж.б.
Тарыхый маалыматтарды окуу предметине киргизуу окуу материалын мацыздуу кылат, окуучулардын кабыл алуусун жецилдетет, алардын предметке болгон кызыгуусун туудурат, андан тышкары билим беруунYн гуманитардык багытын бекемдeeнYн маанилуу ыкмасы болуп саналат.
Химия илиминин тарыхынын маселелерин бир гана сабак учурунда эмес, сабактан тышкаркы убакта да, ошондой эле химиялык ийримдерде да атайын тематика катарында киргизуугe болот.Тарыхый маалыматтарды eзгeчe мектептин химия курсунун алгачкы этабында окуу программасынакиргизуу маанилуу. Мунун eзY окуучулардын мотивациясын, предметке болгон кызыгуусун калыптандырат. [1,2].
Учурдагы жалпы билим беруучY мектептердин химия боюнчаокуу программаларында тарыхый маалыматтарга атайын сааттар берилген эмес (химиялык элементтердин мезгилдик законунун ачылыш тарыхын, атомдун тYЗYЛYШYн кошпогондо) [12].
Химияны окутуу процессинде тарыхый маалыматтарды колдонуу билим берууну гумандаштыруунун маанилуу элементи болуп эсептелет, таанып билуу кызыгуусунун eнYГYШYн камсыз кылат [ 3]
Тарыхый материалды колдонуунун негизги максаты - фактылык материалдарды гана колдонуу аркылуу окуучулардын окуу материалына болгон кызыгуусун жогорулатуу эмес, ошону менен бирге эле окумуштуулардын илимий ишмердуулYГY жана eмYр баяны, илимий ачылыштар, элементтердин ачылыш тарыхы жeнYндe айтып беруу да маанилуу болуп эсептелет [4].
Н.Е. Кузнецова мектептин химия курсунун мазмунун жана тYЗYЛYШYн тандоодо тарыхга кайрылуу принцибин сунуштайт[6].
Химик-методист С.Г. Шаповаленко [12] химия курсун eздeштYруудe тарыхга кайрылуу принцибин колдонуунун тарбиялык маанисинкeрсeтeт, анын пикири боюнча улуу химик-окумуштуулардын eмYр баяны, илимий ишмердуулYктeрY жeнYндe окуучуларга айтып беруунYн eзY зор тарбиялык мааниге ээ экендигин белгилейт. Ал эми Д.М. Кирюшкин жана В.С. Полосин [8]илимдин тарыхындагы маалыматтарды окуу предметинин мазмунуна киргизуу билим беруучYЛYк жана тарбиялык мааниге ээ экендигин кeрсeтYшкeн.
Г.М. Чернобельская [13] мектептин химия предметинин мазмунуна коюлган дидактикалык талаптардын ичинен илимдин бул тармагында адамзат тарабынан топтолгон чыгармачылык ишмердуулYк тажрыйбасын колдонуунун маанилуулYГYн белгилейт.
ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"
Химия предметинин химиянын тарыхы менен байланышы илимий билимдерди конкреттештирYYгe жана тактоого, программанын материалдарын терец eздeштYPYYгe, теориялык жоболорду тYШYндYPYYгe мYмкYндYк берет, билимдин сапатын жогорулатып, окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырат [9,10].
Мектепте химияны окутууда тарыхый материалдарды колдонуунун темендегудей ыкмаларын сунуштайбыз.
1. Дидактикалык оюндар. Окуучулардын ой жYГYртYYCYн eнYктYPYп,чыгармачылыгын ойготуп, сабакка болгон кызыгуусун арттырат.
2. Тарыхый эксперимент. Тарыхый ыкма окуучуларга заттын касиетин билYYДe жана аны eндYPYштe колдонууда эксперименттин ролун туура баалоого, окумуштуулардын изилдeeлeрYн тYШYHYYгe, эмгекти урматтап, баалоого жардам берет.
3. Тарыхый мазмундагы квйгвйлвр. Химияны окутуунун дагы бир ыкмасы - химиялык маселелерди чыгаруу [6]. Химиялык маселелерди чыгаруу химия илиминин негиздери боюнча билимдерди eздeштYPYYHYн маанилYY аспектиси болуп саналат. Бул учурда тeмeнкY дидактикалык принциптерди ишке ашырууга мYмкYнчYЛYк тYЗYлeт:1) окуучулардын e3 алдынчалуулугун жана активдYYЛYГYн камсыз кылуу; 2) терец билим алууга жетишYY; 3) окуу материалын турмуш менен байланыштыруу; 4) химиялык билимди кесипке багыттап окутуу аркылуу ишке ашыруу.
4. Закондордун алгачкы (тарыхый) формулировкасы.
Аларды азыркы формулировкалар менен салыштырып, илимдин eнYГYШYн байкоого болот.
5. Химиялык тYШYHYктврдYн калыптанышындагы этимологиялык принциптер.Бул учурда окуучуларга химиялык элементтердин аталыштарынын этимологиясын, заттардын касиеттерин окуп YЙрeнYYДe жана окумуштуулардын аттары менен аталган реакцияларды изилдeeдe алардын ачылыш жагдайлары жана тарыхы, ачылган жылы, бир эле учурда ачылышты жасаган окумуштуунун eмYP баяны, илимий ишмердYYЛYГY менен таанышууга мYмкYнчYЛYк тYЗYлeт.
6. Теориялардын пайда болушунун негизги этаптары жвнYндв баяндама (хронографтар). Бул маалыматты окуучулар YЧYн атайын стенддерин жасоодо тигил же бул теориянын eнYГYY жолун ачык-айкын элестетYY YЧYн, ошондой эле тигил же бул теориянын eнYГYШYнe кайсы окумуштуулар эц чоц салым кошконун билYY YЧYн колдонсо болот.
7. Химик окумуштуулардын тарбиялык мааниси бар цитаталарын.
Химия сабагында гана эмес, бYTYндeй окуу процессинде да колдонууга болот.
8. КврYHYктYY химиктердин вмYPY жана илимий ишмердYYЛYгY боюнча кызыктуу маал ыматтар.
Тилекке каршы, химия сабактарында убакыттын аздыгынан жана окуу материалынын кeлeмYHYн чоцдугунан улам тарыхый маалыматтарды колдонууга дайыма эле мYмкYнчYЛYк боло бербейт. Ошондуктан химиянын тарыхына байланыштуу окуу материалдарын класстан тышкаркы иш-чараларда чагылдыруу чоц роль ойнойт.
Жыйынтыктоо:
Ошентип, окуу процессинде тарыхый материалдарды колдонуу предметтик окутуунун мейкиндигин кецейтип, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттырат, жеке e3Y^e3Y eнYктYPYYгe eбeлгe тYзeт, мугалим менен окуучулардын ортосунда гана эмес, топтордогу окуучулардын арасында да чыгармачылык кызматташтыктын атмосферасын тYзeт. Бул окуучулардын билим сапатынын бир кыйла жогорулашына алып келет.
АДАБИЯТТАР:
1. Азимов А. Краткая история химии: Развитие идей и представлений в химии / Пер. с англ., предисл. З Гельмана. - СПб.: Амфора, 2012. - 281с.
2. Биографии великих химиков / Под ред. К. Хайниг.- М.: Мир,1981. - 386с.
3. Всеобщая история химии. Возникновение и развитие химии с древнейших времен до XVII века. - М.: Наука, 1980. - 399 с.
4. Джуа М. История химии. - М.: Мир, 1966.- 452с
5. Э.Мамбетакунов,Т.М.Сияев.Педагогиканын негиздери.-Бишкек, "Турар", 2022.-3686.
6. Методика преподавания химии: Уч.пособие для студентов педагогичес-кихинститутов по химическим и биологическим специальностям. / под ред. Кузнецовой Н.Е. - М.: Просвещение, 1984. - 415с.
7. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берYY уюмдарында 8-11 -класстары YЧYн «Химия» боюнча предметтик стандарты, Бишкек - 2022, 83б.
8. Соловьев Ю.И. История химии. Развитие химии с древнейших времён до конца XIX века. - М.: Просвещение, 1983. 368 с.
9. Степин Б.Д. Занимательные задания и эффектные опыты по химии. - М.: Дрофа, 2002. -432 с.
10. Штремплер Г.И., Хохлова А. И. Методика решения расчетных задач по химии. - М.: Просвещение, 2001. - 208 с.
11. Фигуровский Н.А. История химии. -М.: Просвещение, 1979. -311с.
12. Химия. Жалпы билим берYYЧY уюмдар YЧYн программа (8-11- класстар).- Бишкек, 2023. -42бет.
13. ЧернобельскаяГ.М. Основы методики обучения химии. - М.: Просвещение,1986.