Научная статья на тему 'НАУЧНАЯ И ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСТОРИКА-УЧЕНОГО ТАШМАНБЕТА КЕНЕНСАРИЕВА В ОШЕ'

НАУЧНАЯ И ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСТОРИКА-УЧЕНОГО ТАШМАНБЕТА КЕНЕНСАРИЕВА В ОШЕ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Ташманбет Кененсариев / илимий ишмердүүлүк / педагогикалык тажрыйба / Ош мамлекеттик университети / тарых илими / Кыргызстан / билим берүү / методология / студенттерди окутуу / Tashmanbet Kenensariev / scientific activity / pedagogical experience / Osh State University / historical science / Kyrgyzstan / education / methodology / student training

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Арстанов Сабыркул Абдиманапович

Бул макалада белгилүү тарыхчы жана окумуштуу Ташманбет Кененсариевдин Ош шаарында жүргүзгөн илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү терең талданат. Макалада анын Кыргызстанда, анын ичинде Ош мамлекеттик университетинде илимдин жана билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, айрыкча тарых илиминдеги жетишкендиктери жана педагогикалык тажрыйбасы чагылдырылган. Автордун илимий изилдөөлөрү жана Ош мамлекеттик университетинде аткарган иштери да кенен баяндалып, алардын учурдагы коомдук жана билим берүүчү мааниси талкууланган. Т.Кененсариевдин жетекчилигиндеги илимий иштер жана анын тарыхый-методологиялык изилдөөлөрүнүн натыйжалары да макалада терең изилденет. Ошондой эле, анын илимий кызматкерлерди тарбиялоо жаатындагы ролу баса белгиленген.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE SCIENTIFIC AND PEDAGOGICAL ACTIVITIES OF HISTORIAN-SCHOLAR TASHMANBET KENENSARIEV IN OSH

This article provides an in-depth analysis of the scientific and pedagogical activities of the renowned historian and scholar Tashmanbet Kenensariev in the city of Osh. The article highlights his contribution to the development of science and education in Kyrgyzstan, particularly at Osh State University, and his achievements in the field of historical science and pedagogical experience. The author’s scientific research and work at Osh State University are also thoroughly examined, with a discussion of their current social and educational significance. The article delves into the scientific works supervised by T. Kenensariev and the results of his historical and methodological research. Additionally, his role in the training of scientific personnel is emphasized.

Текст научной работы на тему «НАУЧНАЯ И ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСТОРИКА-УЧЕНОГО ТАШМАНБЕТА КЕНЕНСАРИЕВА В ОШЕ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№1(4)/2024, 69-74

УДК: 930.1:378 (575.2)

DOI: 10.52754/1694867X 2024 1(4) 8

НАУЧНАЯ И ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСТОРИКА-УЧЕНОГО ТАШМАНБЕТА КЕНЕНСАРИЕВА В ОШЕ

ТАРЫХЧЫ-ОКУМУШТУУ ТАШМАНБЕТ КЕНЕНСАРИЕВДИН ОШТОГУ ИЛИМИЙ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДYYЛYГYНeН

THE SCIENTIFIC AND PEDAGOGICAL ACTIVITIES OF HISTORIAN-SCHOLAR TASHMANBET KENENSARIEV IN OSH

Арстанов Сабыркул Абдиманапович

Арстанов Сабыркул Абдиманаопович

Arstanov Sabyrkul Abdimanovich

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университети

Кандидат исторических наук, доцент, Ошский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Osh State University

Sarstamv@,oshsu.kg

НАУЧНАЯ И ПЕДАГОГИЧЕСКАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ ИСТОРИКА-УЧЕНОГО ТАШМАНБЕТА КЕНЕНСАРИЕВА В ОШЕ

Аннотация

Бул макалада белгилуу тарыхчы жана окумуштуу Ташманбет Кененсариевдин Ош шаарында жYргYЗгвн илимий жана педагогикалык ишмердYYЛYГY терец талданат. Макалада анын Кыргызстанда, анын ичинде Ош мамлекеттик университетинде илимдин жана билим беруу^н внYГYШYнв кошкон салымы, айрыкча тарых илиминдеги жетишкендиктери жана педагогикалык тажрыйбасы чагылдырылган. Автордун илимий изилдввлврY жана Ош мамлекеттик университетинде аткарган иштери да кенен баяндалып, алардын учурдагы коомдук жана билим берYYЧY мааниси талкууланган. Т.Кененсариевдин жетекчилигиндеги илимий иштер жана анын тарыхый-методологиялык изилдввлврYHYн натыйжалары да макалада терец изилденет. Ошондой эле, анын илимий кызматкерлерди тарбиялоо жаатындагы ролу баса белгиленген.

Ачкыч свздвр: Ташманбет Кененсариев, илимий ишмердYYЛYк, педагогикалык тажрыйба, Ош мамлекеттик университети, тарых илими, Кыргызстан, билим беруу, методология, студенттерди окутуу.

ТАРЫХЧЫ-ОКУМУШТУУ ТАШМАНБЕТ THE SCIENTIFIC AND PEDAGOGICAL

КЕНЕНСАРИЕВДИН ОШТОГУ ИЛИМИЙ ЖАНА ACTIVITIES OF HISTORIAN-SCHOLAR

ПЕДАГОГИКАЛЫК ИШМЕРДYYЛYНвН TASHMANBET KENENSARIEV IN OSH

Аннотация

В данной статье подробно анализируется научная и педагогическая деятельность известного историка и ученого Ташманбета Кененсариева в городе Ош. В статье отражен его вклад в развитие науки и образования в Кыргызстане, в частности, в Ошском государственном университете, а также его достижения в области исторической науки и педагогический опыт. Также подробно рассмотрены научные исследования автора и его работа в Ошском государственном университете, обсуждено их современное общественное и образовательное значение. В статье глубоко изучены научные работы под руководством Т.Кененсариева и результаты его историко-методологических исследований. Также подчеркнута его роль в подготовке научных кадров.

Abstract

This article provides an in-depth analysis of the scientific and pedagogical activities of the renowned historian and scholar Tashmanbet Kenensariev in the city of Osh. The article highlights his contribution to the development of science and education in Kyrgyzstan, particularly at Osh State University, and his achievements in the field of historical science and pedagogical experience. The author's scientific research and work at Osh State University are also thoroughly examined, with a discussion of their current social and educational significance. The article delves into the scientific works supervised by T. Kenensariev and the results of his historical and methodological research. Additionally, his role in the training of scientific personnel is emphasized.

Ключевые слова: Ташманбет Кененсариев, научная деятельность, педагогический опыт, Ошский государственный университет, историческая наука, Кыргызстан, образование, методология, подготовка студентов

Keywords: Tashmanbet Kenensariev, scientific activity, pedagogical experience, Osh State University, historical science, Kyrgyzstan, education, methodology, student training.

Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университети Кыргызстандагы эц алгачкы жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Анын тарыхы 1939-жылы 10-августта Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин токтому менен ачылган эки жылдык Мугалимдер институту менен башталат. Ош мугалимдер институтунда алгач 3 факультет: тарых, филология жана физика-математика факультеттери болуп, 10 окутуучудан жана 150 студенттен турган чакан жамаат менен ез жумушун баштаган [4].

Азыр тарыхка айланган бул мезгил айрыкча ТYштYк Кыргызстандын билим берYY мейкиндигиндеги ете татаал, ошону менен бирдикте олуттуу бурулуш жылдардан болгон. Коомдук турмуштагы прогресстердин кепчYЛYГY мугалимдердин армиясына кез каранды болгон. Тарыхый фактылар тастыктагандай, мугалим билим берYYЧY гана эмес, кыргыз жеринде жацы коомдук - экономикалык мамилелерди орнотууда мамлекеттин эц негизги таянычы катары каралган. Айыл жерлеринде мугалим окуучулар YЧYн гана эмес бYTYндей калк YЧYн жацы доордун жарчысы, илим билимдин жацылыктын жандуу образы, маданият таратуучу, маданият жаратуучу субьект катары кабылданган.

Жылдан-жылга есYп бараткан эл агартуу системасынын муктаждыктарын ез мезгилинде татыктуу аткарып келген, мугалимдер институттары кийинчерээк коомдук турмуштун есYп-енYГYYCYн канааттандырбай калган. 1950-жылдардын башында СССРде педагогикалык билим берYY тармагы реформаланып, ез алдына коюлган милдетти ийгиликтYY аткарышкан мугалимдер институттары жабылышкан же толук орто мектептер YЧYн адистерди даярдоочу педагогикалык институттар болуп езгертYле баштаган. СССР Министрлер Советинин 1951-жылдын 24-майындагы №1759 токтомуна, Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1951-жылдын 26-июнь айындагы №511-193/1 токтомуна ылайык Ош мугалимдер институту - Ош мамлекеттик педагогикалык институту катары кайра тYЗYЛген [4].

Жаштардын тагдырына, талантына, таамай таасирин тийгизип, келечегине кеменгерлик жол керсетYп келген тажрыйбалуу мугалимдер, доцент, профессорлор анын чыныгы байлыгы, башкы деелетY экендиги талашсыз. Тарыхка сереп салсак, бул жагынан ОшМУ ар дайым ооматтуу болуп келгенин керебYЗ. Университет тарыхында ездерYHYн татыктуу эмгеги менен айырмаланган бир катар инсандардын арасында тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин ысмы орун алып келет.

Агай бир топ жыл Республикабыздын жогорку билим берYY чейресYнде YЗYPЛYY эмгектенYY менен бирге илим менен да кызуу алектенип, барандуу эмгектерди жаратты. Эз эмгек жолунда агай Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети, Дипломатиялык академия ж.б. жогорку кесиптик билим берYY мекемелеринде иштеди. Болгондо да жетекчи кызматтарда ректор, проректор кызматтарында эмгектенип, ошол окуу жайлардын ар тараптуу енYГYШYне чоц салым кошкондордун катарын толуктайт. Педагогикалык ишмердиги менен катар эле, тарых илиминин актуалдуу маселелерин изилдеенY уюштурууда да айгайдын эмгеги езгече ийгиликтYY болду десек жацылышпайбыз.

Ушул жерден Ташманбет агайымдын Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен байланышына токтоло кетким келди. Агайдын да, анын шакирти катары менин да емYP жолубузда бул окуу жайдын орду чоц деп ойлойм. Агай бир топ жыл (19852006) ОшМУда улук окутуучулуктан баштап белYм башчы, декан, проректор кызматтарында эмгектенди. Докторлук диссертациясын да Ошто иштеп жYPYп ийгиликтYY коргоду, алгачкы аспиранттары да ушул жерде агайга шакирт болушту. Ал шакирттеринин арасында мен да

кошулганыма, ез мезгилинде агайым жетектеген факультетти азыр шакирти катары мен жетектеп жатканыма сыймыктанам.

ОшМУнун тарых факультетинде агай декан болуп иштеген мезгилде (1988-1993) окуу-тарбиялык иштер менен бирге тарых илимдеринин актуалдуу маселелерин изилдееге, структуранын материалдык-техникалык базасын чыцдоого чоц кецул бурула баштаган. Мисалы, 1989-жылы Т.Кененсариев тарабынан тарых факультетинин студенттери учун "Студенттин илимий изилдее иштери" окуу-усулдук колдонмосу даярдалып, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан. Бул колдонмо узак жылдар бою илимге кызыккан жаштар учун алгачкы багыт беруучу курал катары пайдаланылып келди.

Дагы бир фактыны белгилеп кетпесек болбойт. Ошол кездеги тарых факультетинин студенттери агайдын тарыхый карталарды плакаттарга ез колу менен чоцойтуп тартып, атайын картаграфиялык фонд даярдагандыгын азырга чейин эскерип келишет. Бул мезгилде елкебузде "Кайра куруу" саясаты башталып, билим беруу жаатында да демократиялык системанын белгилери пайда боло баштаган. Мына ушундай кырдаалда, Кыргызстандын туштугундегу жалгыз ЖОЖ болгон Ош мамлекеттик педагогикалык институтун жамаатынын арасында Т.Кененсариев жетектеген тарых факультети айырмаланып турган. Маселен, 1989-жылы тарых факультетинин студенттери Кыргыз ССРинде кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берууну алгачкылардан болуп демилгелеп чыгышкан. Бул демилге республикабыздын коомчулугу тарабынан колдоого алынып, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети тарабынан "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили женунде" мыйзамы кабыл алынган.

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендуулукке ээ болушу менен, улуттук билим беруу системасында бир катар кайра тузуулер жана езгеруулерге жол ачылды. Кыргыз Республикасынын туштук регионун социалдык-экономикалык жана маданий енугуусун камсыз кылуу учун, 1992- жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №202 Жарлыгы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту - Ош мамлекеттик университети болуп кайра тузулген.

1992-жылы окуу жайдын жацы статусуна байланыштуу, тарых факультетинде да структуралык езгеруулер жасалган. Факультетте юриспруденция адистиги ачылып, структура тарых-укук факультети аталышына ээ болгон. Жацы адистикти ачууга тиешелуу ченемдик-укуктук документацияларды даярдоо, материалдык-техникалык жана кадрдык базаны тузуу милдетин декан Т.Кененсариев ийгиликтуу ишке ашырган. Факультетте мурунку кафедралар менен катар «Кыргызстандын тарыхы», «Мамлекет жана укук теориясы» кафедралары жацыдан ачылган. 1996-1997- жылдары факультетте социалдык иштер, чыгыш таануу адистиктери жацыдан ачылган. Студенттердин контингентинин бир топ кебейгендугуне байланыштуу жана заман талабын эске алып, 1996-жылы тарых факультетинен юридика, 2000-жылы философия жана башкаруу технологиялары, 2001 -жылы эл аралык мамилелер факультеттери белунуп чыккан.

Т.Кененсариев 1993-1995-жылдары ОшМУнун улук илимий кызматкери (докторант) катарында илимий изилдее ишин улантып, 1995- 1998-жылдары ОшМУнун доценти болуп эмгектенген. Бул аралыкта докторлук диссертациясын даярдап, 1998-жылы 9-апрелде Бишкекте КР УИАсынын Тарых институтунда тарых илимдеринин доктору наамын алуу учун илимий диссертациясын ийгиликтуу коргогон. Темасы: "Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий енугуусу". Илимий насаатчысы - КР УИАсынын муче-кабарчысы, профессор Кушбек Yсенбаев болгон [1].

1998-жылдан Т.Кененсариев ОшМУнун профессору, 1999-жылдын май айынан ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, 2003-2006-жылдары 1-проректору болуп иштеген. Бул аралыкта ал чоц окумуштуу, таланттуу уюштуруучу катары кыска убакыттын ичинде университетте студенттердин санынын eсYШYнe, кадрдык жана илимий потенциалдын сапаттык жактан жакшырышына, окуу-материалдык, техникалык базанын чьщдалышын жолго коюуга eзYHYн чоц салымын кошо алды. Мисалы, 2002-жылы ОшМУ кезектеги мамлекеттик аттестациядан ийгиликтYY eтYп, 2004-жылы 60тан ашык адистикке жацы лицензия алган [8]. ОшМУ структуралык жактан eнYккeн: 10 билим берYY жана илим изилдее институту, 19 факультет, 3 атайын орто окуу жайы болгон, кафедралардын саны 112ге жеткен, 66 адистик боюнча 25 мицден ашуун студент окутуунун 4 тYPY боюнча билим алышкан. Алардын 400re жакыны алыскы чет eлкeлeрдeн келишкен.

ОшМУда бул жылдары илимий иштердин масштабы кецейип, Ош шаарынын 3000 жылдыгына (2000-ж., сентябрь) жана Кыргыз мамлекеттYYЛYГYHYн 2200 жылдыгына (2003-ж., апрель) арналган эл аралык конференциялар профессор Т.Кененсариевдин тYЗдeн-тYЗ жетектeeсY менен ийгиликтYY eткeрYЛгeн. Университетте жыл сайын чыгуучу монографиялардын, окуу китептеринин, окуу-усулдук колдонмолордун саны да e^e^ Мында Т.Кененсариевдин демилгеси жана жетекчилиги менен чыгарылган "Реннесанс. Все про Ош..." альманахын eзгeчe белгилесек болот. 2005-жылы профессор Т.Кененсариев Улуу Британияда (Кембридж) жайгашкан Эл аралык биографиялык Борбордун "2005-жылдын Эц мыкты педагогу" наамынын лауреаты болгон [3].

Профессор Т.Кененсариев 400ге жакын илимий эмгектердин автору болуп саналат. Анын «Кыргызстандын Орусияга каратылышы», «Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий eнYГYYCY», «Кокон хандыгы жана кыргыздар», «Искак Асан уулу Полотхан», «Алымкул аталык», «Культурогенез кыргызского народа», «Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане во 2-й половине XIX-начале XX вв.», «Менин мамлекетим, Моя страна, My State», Кыргызстан Орусиянын колониясы. (Кыргыздар. 14 томдук. -7-том), "Кыргызстан оторчулук доорунда" ж.б. монографиялары, окуу-усулдук колдонмолору кыргыз, орус, англис, eзбек, кытай, иран тилдеринде жарык кeргeн [9].

Агайдын жетекчилигинде Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелерин изилдешкен, учурда да изилдee иштерине активдYY катышып жатышкан 30га чукул докторанттар, аспиранттар жана изденYYЧYлeрдeн турган илимий мектеби калыптанды. Агайым шакирттерине дайыма илим жолунда туура жол кeрсeтYп тарбиялады. Чындыгында сeз менен эле эмес иши менен тарбиялады. Республикабызда же чет eлкeлeрдe болобу кандай илимий конференциялар ж.б. иш-чаралар болсо дайыма шакирттерин чакырып турчу. Агайдын ушундай колдоосу менен шакирттери eлкeбYЗдe эле эмес, чет eлкeлeрдe eткeн бир катар эл аралык илимий конференцияларга катышып жYPДYк. Ар бир чоц, кичине болобу илимий иш-чараларга агай дайыма жацы темаларда, кызыктуу докладдары менен даярданып келип катышчу. Бул агайдын eзYн, илимди терец сыйлаганы деп билем.

Кeп жылдар бою агайдын студенти, аспиранты, шакирти болгондуктан, анын кандай устат экенин байкоо мYмкYнчYЛYГYнe мен да ээ болдум. Ар дайым агайдын мыкты сапаттарына суктанганымды жашырбайм. Ал бардык чeйрeдe, бардыгы YЧYн YЛГY боло алды. Жогорку билим берYY системасындагы инновацияларды eздeштYPYY жаатында агай дайыма эц биринчи жана активдYY YЙрeнYYЧY - устат болду. Эт^н кылымдын 90-жылдары эле Ош шаарында компьтерди колдонгонду эц алгачкылардан болуп агайдын YЙрeнгeндYГY

мунун далили. Илим изилдее процессин оптималдуу уюштурууну ичтен билген чебер илимпоз катары иш алып барды. Кыргыз тарыхнаамасында бир катар концептуалдуу илимий жыйынтыктарды сунуштаган окумуштуулардын алдыцкы катарында экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. "Жакшынын ^3Y етсе да сезY, жасаган иши тYбелYк калат" дегендей учурда агайдын экинчи, тYбелектYY емYPY башталды. Ал баштаган жумуштар уланып жатат жана дагы улана бермекчи. Агайдын адамгерчилик ернектерY да жаштар YЧYн, шакирттери YЧYн езYнче нуска, чоц сабак болууга татыйт.

Демек жогоруда келтирилген аргумент жана фактылардын негизинде профессор Ташманбет Кененсариевдин Оштогу педагогикалык жана илимий ишмердYYЛYгYн белгилее менен, учурда кыргыз тарыхнаамасында бир катар концептуалдуу илимий жыйынтыктарды сунуштаган окумуштуулардын алдыцкы катарында экендигин баса белгилеп кетмекчибиз.

Пайдаланылган адабияттар

1. Абдрахманов К.Т., Керимов К.К. Кененсариев Ташманбет. Окумуштуу женYнде сез // Кыргыз мамлекетинин кыскача тарыхы жана тарыхчы илимпоздор. -Бишкек, 2003.

2. Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах // Под ред. акад. У.А.Асанова. - Бишкек, 2002.

3. Библиографиялык маалымат (60 жылдык мааракеге карата). КРнын билим берYYCYне эмгек сицирген кызматкер, т.и.д., проф. Ташманбет Кененсариев женYнде. -Жалал-Абад, 2009.

4. Исаков К., Шаимкулов О. Ош мугалимдер институнан башталган жол. -Ош, 2014.

5. Кененсариев Ташманбет женYнде маалымат // Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. -Б.,2003.

6. Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

7. Ошский государственный университет. 50 лет (1991-2001). Под ред. акад. Б.М.Мурзубраимова. - Ош, 2001.

8. ОшМУ. Билим берYY сапарында 60 жыл. Жооптуу ред. Жумабаева Т.Т. -Ош, 2012.

9. Чоротегин Т. Кокон тарыхын жацыча жазган агай. Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган кYнделYк баян // https://www.azattyk.org/. 5-сентябрь, 2019-ж.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.