Научная статья на тему 'ЧЫГЫШ ОЙЧУЛУ МАХМУД КАШГАРИ-БАРСКАНИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ'

ЧЫГЫШ ОЙЧУЛУ МАХМУД КАШГАРИ-БАРСКАНИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
23
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Чыгыш ойчулу / Махмуд Кашгари-Барскани / педагогикалык идеялар / Pedagogical ideas / orientalist / Mahmud Kashgari Barskani

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — С.К. Тажибаева, А.Ж. Шайимкулов, А.Ш. Таирова

Бул илимий макалада орто кылымдардагы белгилүү чыгыш ойчулу Махмуд Кашгари-Барсканинин педагогикалык идеялары анализделет

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

PEDAGOGICAL IDEAS OF THE EASTERN THINKER MAHMOUD KASHGARI-BARSKANI

Pedagogicall ideas eastern scientist Mahmud Kashgari and Akhmet Isevi lu this scientific article analyzed pedagogical ideas of famous eastern scientists Mahmud Kashgari and Akhmet Isevi.

Текст научной работы на тему «ЧЫГЫШ ОЙЧУЛУ МАХМУД КАШГАРИ-БАРСКАНИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ»

Г

УДК : 3 7 . 0 13

Тажибаева С.К., т.и.к., ОшМУнун доценти, Кыргызстан Шайимкулов А.Ж., ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан Таирова А.Ш., ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан

Тажибаева С.К., к.и.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан Шайымкулов А.Ж., преподаватель ОшГУ, Кыргызстан Таирова А.Ш., преподаватель ОшГУ, Кыргызстан

Чыгыш ойчулу Махмуд Кашгари-Барсканинин педагогикалык идеялары Педагогические идеи восточного мыслителя Махмуда Кашгари-Барскани Pedagogical ideas of the Eastern thinker Mahmoud Kashgari-Barskani

Бул илимий макалада орто кылымдардагы белгилYY чыгыш ойчулу Махмуд Кашгари-Барсканинин педагогикалык идеялары анализделет.

Ачкыч свздвр: Чыгыш ойчулу, Махмуд Кашгари-Барскани, педагогикалык идеялар.

В данной научной статье даётся анализ педагогических идеях известного востоковеда в средневековья Махмуда Кашкари Барскани.

Ключевые слова: Востоковед, Махмуд Кашгари Барскани, педагогические

идеи.

Pedagogicall ideas eastern scientist Mahmud Kashgari andAkhmet Isevi lu this scientific article analyzed pedagogical ideas of famous eastern scientists Mahmud Kashgari and Akhmet Isevi.

Key words: Pedagogical ideas, orientalist, Mahmud Kashgari Barskani.

Махмуд Кашгари XI кылымдагы Тецир Тоолук typk калктардан чыккан энциклопедист, аалым,тилчи, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог, агартуучу болгон.Анын туулган жана дYЙнeдeн кайткан жылы тууралуу так маалыматтарга караганда кайчы пикирлер арбын.Тарыхчы Омелян Прицактын божомолу боюнча Махмуд 1029-жана 1038-жылдардын аралыгында Кара-Кагандар сулалесине таандык Барсган (Барскоон) шаарында туулган.Анын атасы ошол мезгилде Ысык-Кел дубанын бийлеп турган Хусейин ибн Мухаммеддин дал e3Y болушу ыктымал [17]. Кыргыз тарыхчысы 0мYркул Каревдин божомолу боюнча Махмуддун атасы Хусейин Мухаммед уулу Караханийлер мамлекетинин тYЗYЛYШYнe байланыштуу ал Кашкар шаарына ^4Yn баргандан кийин тeрeлYШY мYмкYн [12].

Анын бир катар мурастарынын ичинен бизге жеткени бир гана "ТYркий сeздeр жыйнагы". В.В.Бартолддун божомолу боюнча "Диван" Багдад шаарында жазылган [9]. Ал эми П.К.Жузе жана башка окумуштуулардын пикиринде Махмуд Кашгари эмгегин e3Y жашаган Кашкар шаарында жазган [17]."Дивандын" эч бир жеринде Багдад шаары эскерилбегендиктен кeпчYЛYк окумуштуулар акыркы пикирди акыйкатка жакын кабылдап келишет.

СeздYк биринчи жолу эски кол жазмаларды топтоо жана жарыялоо боюнча кeрYHYктYY ишмер Али Эмири (1857-1923) тарабынан Стамбул шаарында табылган. Мурасты иретке салып, китеп кылып жарыялап, ага экинчи eмYP тартуулоодо e3

мезгилинин беделдYY аалымы К. Рифат кеп кYЧYн жумшаган [23,5]. Анын арыбас ак ниет эмгегинин натыйжасында мурас 1917-1919-жылдарда 3 томдук китеп болуп жарыкка чыккан. Мурас тYрк тилине Бесим аталай тарабынан которулуп,1941-жылы Анкарадагы Аллаеддин Кырал басмасынан жарык керген [1]. Азыркы учурда сездYк езбек,казак,уйгур^рк, азербайжан, орус тилдерине которулуп,жарык керген. Учурда "Дивандын" крыгызчага которулган эки варианты бар [15],[16].

Мурас ар кайсы жылдары А. Жаферогу, М. Ш. YлYкташыр, Жежен Рамазан, В.В. Бартольд, С.Г. Кляшторный, А. Н. Кононов, Х.Г. Мачявкин, Э. Н. Маджип, А. Рустамов, Х.У. Усманов, Х.Хасанов, И.Я. Стеблева сыяктуу окумуштуулар тарабынан ар кандай келемде изилденген. Ал эми кырыгз илиминде Махмуд Кашгари жана анын мурасы боюнча А. Абдыразаков [5], К.Артыкбаев [7], Г. Жамангулова [10], Т. Чоротегин [23], Д.Б. Сатаркулов [18], И. Султаналиев [20],М. Толубаев [21], Б.Ж. Усманбетов [22] жана башкалардын эмгектери жарык керген. Кыргыз окумуштууларынын Махмуд Кашгаринин сездYГY тууралуу илимий ой пикирлери атайын конференцияда угулуп , ал материалдар "Махмуд Кашгари жана кыргыз маданияты" (2011) деген ат менен ез алдынча жыйнак катары жарык керген. Ал жыйнактын курамында мурастын педагогикалык аспектине арналган макалаларга да орун берилген[6].

СездYктYн педагогикалык таанымдык табияты.

"Махмуд Кашгаринин "ТYрк тилдер сез жыйнагын" тил илиминин гана казынасы катары кароо акыйкаттыка жатпайт. Бул пикир мураска кайрылган окумуштуулардын дээрлик баары тарабынан ырасталган.

Мурастын мазмунунун кеп кырдуулугу женYнде сез кылганда академик А. Н. Коновдун, И.Я. Стеблевалардын пикирлерин эске албай коюуга болбойт. "Диван" женYнде А.Н. Кононов мындай деп жазат:"Бир катар тYркий тилдердин грамматикасы жана лексикасы ете дилгир жана ете кылдат байкоолорунун сездYн толук маанисиндеги алтын бYртYкчелерYнен болуп, ошондой эле Хакандык (кара кагандык) тYрктер, тYркмендер, огуз йагма, чигил кырыгздар тууралуу баа жеткис лингвистикалык, фольклордук, географиялык тарыхый маалыматтарды биздин замага жеткирип береген бир турпатка ээ болгон чыгарма" [13], [19]. Ал эми И.Я. Стеблева "ТYрк тилиндеги байыркы адабияттар" деген эмгегинде: "Диван лугат ат-тYрк" камтылган поэтикалык тексттердин композициясын кайрадан тYЗYп чыккан соц аларды аскер, махабат, анекреонот, эллегия, табият, адеп-ахлактык мифология жана турмуш- тиричилик сыяктуу не бир тYркYн темаларга арналган, бир бYTYн чырмалышкан чыгарма деп кароого мYмкYндYк берет"- деп жазат [19,410]. В.А. Звегинцевдин пикиринде "ТYркий тилдер сез жыйнагы"- чыныгы тYрк энциклопедиясы. Тил кубулуштарын сыпаттоо жана бай материалдарын чогултуп, жыйноо жагынан бул эмгек езгече орунда турат.

Ушул е^ттен алып караганда белгилYY кыргыз тарыхчысы Т.Чороевдин "Махмуд ибн Хусейин Ал Кашгари" жана анын "ТYркий тилдер сез жыйнагы" [23] аттуу изилдеесY мурастын мазмунун тYпкY вазийпасын туура тYШYнгендYк менен аткарылгандыгынан кабар берет. Окумуштуу Махмуд Кашгаринин тагдырынын табышмактары, анын мурасынын пайда болушу , таркалышы, табылышы, анын структурасы, тематикасынын кеп кырдуулугу, энциклопедиялык мазмуну тууралуу омоктуу ойлорду айткан.

Ал эми А. Акматалиев сездYктYн кыргызча басылышынын баш сезYнде анын

энциклопедиялык табияты тууралуу "...СeздYктYн негизиндеги ошол мезгилдеги керкем мурастын YлгYлeрY тууралуу жанан алардын бYГYнкY кYнгe чейин сакталып, азыркы адабий тилибизде жандуу колдонулушу,ошону менен бирге поэтикалык тексттердин философиялык-этикалык, керкем эстетикалык маанисинин актуалдуулугу,ролу жeнYндe кенири сез кылууга болот"-деген пикирин билдирген [16, 7].

Демек, Махмуд Кашкари тYрк элдеринин ез доорундагы энциклопедиясын тYЗYYгe жетишкендиги бYГYн кYДYк жаратпаган акыйкат. Мында байыркы тYрк тилдYY элдердин таалим-тарбия маданияты жалпы эле билим берYY салттары тууралуу тарыхый педагогикалык изилдeeлeрY YЧYн кемек болчу фактылык материалдар да арбын.

Задисинде педагогика ар кандай мурасты баалоодогу,эц обол анын ошол доордогу рухий асылдандыруучу кубатына,бYГYнкY кYндeгY адамдар YЧYн тааныткыч жана тарбиялык маанисине езгече басым жасайт.Ушуга байланыштуу жалпы эле Чыгышта сан мицдеген даанышмандардын, ойчул акылмандардын илимий таанымга ээ мурастары байыртан келаткан синкреттик,эмприкалык ан-сезим алкагында топтолгон, жыйнакталган философиялык поэтикалык формада жаралып келгендигин эскере кетYY абзел. Буга ал мезгилдеги али ез алдынча тармактарга бeлYнe элек,илимий тааным практикасынын децгээли да орчундуу себеп болгон.

Илимий тармактарды жаратууда энциклопедиялык мазмунга умтулуу тYрк тилдYY окумуштуулардын фарс жана араб тилдеринде CYЙлeгeн, кат тааныган калктарды мYлдe тYрк урууларынын курамы, тарыхы, адеп салттары, нускалуу сeздeрY, жеринин географиялык eзгeчeлYктeрY,тирикчилик шарттары менен таанышууда бирден бир алгылыктуу, бирден бир жемиштYY натыйжаларга жетYYгe умтулган изги тилектери менен тыгыз байланышта болгон.

ТYркий элдердин чыгаан аалымы, ар наамысчыл атуулу катары Махмуд Кашгари да дал ушундай бийик мYдeeлeрдY кеземел туткандай туюлат. Буга аалымдын эмгекти жазууга киришYY алдындагы "ТYрктeрдYн тилдери байгеге тец чамал келаткан кош аттар сьщарындай араб тили менен атаандашып жаткандыгын билдируу максатында"- деген асыл тилеги мисал боло алат [15,33].

Аны н мындай ички дымагы, ак тилегинин жYзeгe ашкандыгы "тYркий сeздeрдY жыйнайбыз, жагдайларын усулдарын баяндайбыз, эрежелерин тYШYндYрeбYЗ, бeлYHYштeрYн ыраттуу тартипке салып сапаттайбыз- деген шартыбыз бар эле, анын толук жYзeгe ашырдык"- же "ТYрк, туркмен, огуз, чигил, йагма, кыргыздардын калааларын жана накыл сeздeрYн зээнге туттум. Акыркы алардын ар бир уруусунун тилин ете кылдыт жат алдым, (жыйнадым) тартибин ете татынакай, ете сымбат кат кылдым"- деген сeздeрYндe да билдирилген [15,32].

"Дивандын" структурасы, мазмуну, маалыматтардын ырааттуу жайгаштырылышы жагынан белгилYY елчемде аны энциклопедиялык мазмундагы "окуу китеп" катары кабылдоого мYмкYндYк берет.

Махмуд Кашгари "Диван" аркылуу тYрк элдеринин келечек муундары ата-тегин, эне тилин, арбактуу Yрп-адат, каада салттарын,санат-осуяттарын кадырлап, баалап, алардан сабак алышын тилек кылып минтип жазган: "0нYГYп-eссeм деген максатта илерилeeнY каалагандарга туура багыт, кенен жол ачтым, аларга бул китеп улуулукка, бийиктикке чыгара турган тепкич, шаты болуп берет" [15,32]. Бул тикеден-тике даанышман таалимчи, агартуучунун аруу тилеги. Демек, келээр муунду

мурдагы билим тажрыйбалар менен тааныштыруу жана typk дYЙнeсYHYн TYnTyy нарк- нускаларынын YлгYCYндe тарбиялоо сeздYктYн мазмунундагы орчундуу максаттардын бири болгондугун танууга болбойт.

СeздYктeгY "... улуулукка, бийиктикке чыгара турган тепкич, шаты болуп берYYЧY" баалуулуктар эмнелер? Бул суроого жооп издee сeздYктYн мазмунундагы педагогикалык баалууктарды тыкыр изилдеп чыгуу зарылдыгын жаратат. Биз китебибиздин бул бeлYMYHYн алкагында сeздYктeгY билим берYY, тарбияга тиешелYY терминдер жана тYШYHYктeрдY, балдарды YЙ-бYлeдe кароо, багуу, торолтуу ден-соолугун сактоо жана коргоо, балдар оюндары жана оюнчуктары, тарбиялоонун мазмуну жана ыкмалары тууралуу маалыматтарды учкай талдоого аракет кылдык. Мындан тышкары сeздYктeгY айрым YГYт-насыяттардын, макалдардын тарбиялык маанисин талдоого алдык.

СeздYктeгY салттуу педагогикалык терминдер жана тYШYHYктeр.

Махмуд Кашгари сeздYГYHYн педагогикалык таанымдык баалуулугун арттырып турган касиеттеринин бири-андагы ошол доорго таандык педагогикалык тYШYHYктeр жана терминдер. Бул кабиледе аталган сeздYктY тYрк тилдYY элдердин улуттук илимий-педагогикалык терминдерин тактоо Y4YH баа жеткис илимий казына катары кароого болот. СeздYктe "алиф", "билге"- "аалым, акылман, даанышман, билгич" деген маанилерде колдонулат. Буга байланыштуу "даанышман, акылман, акылдуу бекти: билге бек дешет, уйгурлардын ханын кeл билге хан- акылы кeлдeй терец хан дешет эле"- деген CYЙлeмдeр кездешет [15,37]. Анын негизин "билди" этиши тYзeт. "0г"- акыл, зээн, эс дегенди билдирет. Акылдуу, зээндYY жана улгайган, насаат айткан карыя аксакалдарга "ere" деп кайрылышкан. Жалпылап айтканда "Yre, ere"-"акылдуу, тажрыйбалуу", акыл-эстYY кишилерге берилген мYнeздeмe катары колдонулган [15,37]. Биздин пикирибизде "YЙрeтYY", "YЙрeнYY" ("билик Yгрен"-илим Yйрeн!), тYШYHYктeрYHYн уцгусунда дал ошол "eг" сeзY жатат. ТYп маанисин тYЗмe-тYЗ чечмелегенде башкалардын акылына, кесилишине канык, eз алдынча ойлон, акылыцды eстYP деген мазмунга ээ. Бул шз азыркы тYркчeсYндe "eгрен" , хакастарда "уген", уйгурларда "угэн", азербайжан, башкыр, татар элдеринде "ойрэн", тYркмeндeрдe "оврен", казактарда "уйрен", якуттарда "уорэн" деп айтылып, бирдей маанини, кандайдыр бир eнeргe, адамгерчиликтYY адат- салттарга ээ болуу деген тYШYHYктY билдирет. Демек, тYрк элдери тYп замандан эле адамдын eсYп-eнYГYYCYHYн башкы eбeлгeсY тарбиячы менен тарбиялануучунун ац-сезимдYY, максаттуу иш аракеттерине байланыштуу боло тургандыгын жеткилец тYШYнгeн. Таалим-тарбия айдыцынан караганда сeздYктe эц кeп колдонулган терминдердин бири "билиг". Ал илим ("билиг Yгрен"- илим Yйрeн!), акыл жана даанышмандык (" узакы билгелер"- илгерки даанышмандар) маанисине келет [15,37].

СeздYк орто кылымда Карахан мамлекетиндеги китеп маданияты жогору болгондугунан да кабардар кылат. Муну сeздYктeгY "битик" (китеп, кат) сeзYHYн арбындыгы жана ар тYPДYY иш-аракет контектинде колдонулгандыгынан баамдай алабыз. СeздYктe китеп окууга YЙрeтYY ишмердYYЛYГY "Ол маца битик окытты" -Ал мага китеп (ж.б.) окутту, "ол битик окутсады"

- Ал битиг (китеп) окуткусу келди- деген мисалдар менен тастыкталган [15,379]. Албетте, ал учурда китептердин ^6y адамдардын акыл парасатына акыл кошуп, адеп-ахлак, рух дYЙнeсYн тазартууга багытталган. Муну сeздYктeгY "ол маца билик Yгрэтти"- Ал мага билик (китеп) YЙрeттY, адеп-ахлак жана даанышмандыкты да"-

деген CYЙлeмдeр айгинелеп турат. Махмуд Кашгари мурасы боюнча typk элдеринде тамганы "YЖYк" дешкен [15,167]. Буга байланыштуу сeздYктe "бу не YЖYк ол"- бул кандай тамга?-деген CYЙлeм мисал келтирилет. Карахан мамлекетиндеги китеп маданиятынын eнYГYШY китеп окуу усулдарын да eнYктYргeн. Буга байланыштуу мураста китепти муундап окуу усулу боюнча "битиг YЖYкледи"- китепти эжелеп (муундарга бeлYп) окуду- деген маалымат берилген. Мураста YЙрeнYYЧYлeрдYн e3 ара кeмeктeшYп китеп окуу формасы да болгону "ол мениг бирле битик окышды"-Ал мени менен (бирге) китеп окушту сыяктуу CYЙлeмдeр аркылуу билYYгe болот. Бул CYЙлeмдeр эки адамдын жарышып, эрегишип, ошондой эле жардамдашып окугандыктаоын билдирет. Мындан тышкары сeздYктe адамдын кeцYЛYн таап жылдырбай арбап алуучу таасирдYY китептер да болгону" бу битик ол кишини окытган"- Бул (кeлeмдYY) китеп кишини кайра-кайра окууга мажбурлай берYYЧY- деп билдирилген.

СeздYктe eрнeктYY ошондой эле нарксыз инсан типтеринин бир катарынын мYнeздeмeлeлY орун алган. Дене-^ч жагынан башкалардан айырмалуу инсандарды "кYчлYк билеклик киши"- кYчтYY билектYY киши- деп аташкан [15,867}. СeздYктe "ер киши" термини да ^п учурайт. Ал сeз эркек кишини айырмалоо YЧYн колдонулган. Ошону менен бирдикте кeпчYЛYк учурда эркек кишинин тигил же бул чeйрeдeгY эрдикке тете айырмалуу сапаттык мYнeздeмeсY болуп эсептелет. Алсак, бардык тYрк элдеринде "ер" TYШYHYГYHYH аркасында алдуу- кYчтYYЛYк, кайраттуулук, тайманбастык, баатырдык сыяктуу тYШYHYктeр жатат. Ушуга байланыштуу сeздYктe бирде" бу ер ол ташык йер дан кубурган" (ал деген) ташты (ж.б.) жерден омкоргон) (1836)- деп айтылса, бирде "бу ер ол ажыг тозурган" (бул эр (ал деген) ач (адамды) тойгузган), "бу ер ол черик тубулган" (бул эр (ал деген)- жарык (жол ачуучу), салгылашууда топту жарган киши)- деп айтылат [15,879]. СeздYктeн бул сeз адамдардын интеллектуалдык чeйрeдeгY артыкчылыгын мYнeздee YЧYн колдонулганын да кeрe алабыз. Алсак, "битиклик ер"- кол жазмасы кооз (колу сулуу) эр киши катары мYнeздeлeт. Даанышман, акылман жана илимдYY кишини "биликлик киши" дешкен [15,867]. Ал эми колунан кeeрY тeгYЛгeн eнeрлYY, уста, чебер кишини "уз киши"- дешкен.

Нарксыз инсандардын катарына" Удуз", "Уйа" сыяктуу жана башка инсандардын типтери берилген. "Удуз"- eз жерин, уруусунун, элинин, шаарынын алдындагы уулдук парызын жеткилец аткарбаган, ал тургай eз ата мекенине, эли-журтуна кыянатчылык кылууда кайра тартпаган манкурт сымал инсандар. "Удуз" сeзY котур деген маанини билдирет. Мекенине, эне тилине кыянат мамиле кылган улуттук иденттYYЛYГY тайыз инсандар азыр да кездешет. СeздYктe бул типтеги инсандардын осол жоруктары "ТилкYY eз ининге YPсе удуз болур", "ТYЛKY eз ийининен жийиркенсе котур болот"- деген макал аркылуу ашкереленет. Ал эми "уйа"- адеп-ахлаксыз, руханий дYЙнeсY жакыр, уят сыйыты жок, ачкeз инсандардын мYнeздeмeсY [15,185].

"Тавар учун тенгри одламадып Уйа кадаш оглыны чынла богар" Малк-мYЛк YЧYн, Тецирди эсине келтирбей Кичинекей бир тууганын муунтат.

Учурда тYЙYндYY тYШYHYктeрдY тактоо ата мекендик педагогика илиминде эц

орчундуу маселеге айланды. Башка тилден калька жолу менен которуп алуу практикасы eзYHYн жемишин жеткиликтYY бербей келет. Бул кeйгeйдY чечYYHYн бирден бир ишенимдYY жолу Махмуд Кашгаринин сeздYГY сыяктуу тил казыналарын мезгилдин талаптарына ылайык колдонуу болуп эсептелет. Тарбиялоонун мазмуну жана ыкмалары.

Махмуд Кашгаринин сeздYГYндeгY "огул игтилди" ("ogul ikdildi") деген сeз "баланын тарбиялангандыгын, балага тарбия берилгендигин" туюнткан кeп жактуу тYЙYндYY тYШYHYк. Мындан балдарды тарбиялоо программалоо мYнeзгe ээ экендигин жан алардын тарбиялангандыгынын чен-eлчeмдeрY да боло тургандыгын баамдоого болот. СeздYктeгY тарбиялоонун натыйжасынын мYнeздeмeсYн кыз бала энеси менен жип ийрYYДe жарышты" деген сYЙлeмдeн да даана кeрe алабыз.

СeздYктe орун алган "ол оглын ташлатты" ("ал уулун таштаттырды") деген CYЙлeмдeн ал мезгилде балдардын аталар балдарын бeлeк-бeтeн жерлерге атайын таалим-тарбия алуу Y4YH салты болгондугун кeрeбYЗ. Ал жерде ата-эне камкордугунан тышкары жашап, кандайдыр бир eнeр кесипке ээ болуунун татаал TYЙШYГYH "оглын ышка тыгыратты" (" уулун иш жасоону тууратты") жана "эр оглын иште чыгрылтты" (" эр уулун иште чыйралтты, бышырды") деген CYЙлeмдeрдeн байкайбыз. Балдарын eз алдынча мээнет, тYЙшYк, эмгекке чегерип турмушка бышыруу YЧYн eз YЙ, eлeц тeшeгYнeн алыс бeтeн бирeeнYн колуна тапшырып, тарбиялатуу салттын " Манас" эпосунан да кeрYYгe болот. Манасты туура тарбиялоо максатында мал чарба ишине, турмушка дасыккан таалимчи Ошпурга тапшырышат. Баланын дээр-зээнин, келечегин айныбай тааныган акылман карыялар аны туура eстYPYп жетилдирYY YЧYн eзгeчe камкордуктарды кeрYшeт. Ошенти улуулардын eрнeгY элдик оюндардын эреже-тартиптеринин негизинде Манаста эр жYрeктYYЛYк, калыстык, адилдик, боорукерлик сыяктуу сапаттар кичине кезинен эле кeрeнгeлeнeт.

СeздYктe балдарды сeздYн кYЧY менен акыл-насаат айтып тарбиялоо менен бирдикте айрым тунгуюк кырдаалга кептелгенде кулактан чоюу, чыбык менен чабуу сыяктуу тарбиялоо усулдары да колдонула тургандыгы тууралуу маалыматтар бар. Буга байланыштуу макалдарда айтылга: "кeтек женнеттен чыкма" ("kotek cennetten cikma"), мааниси жагынан "эгер кыздын кетирген катасын убагында туралабасан кийин eкYHYп каласын" дегенди билдирет. Ал эми кулак чоюу методу "ол оглан кулакын эзитти" (ol oglin kulakin ezitti"), " ол оглын кулаклады" (ol oglin kulakladi"), "ол оглы кулакы эздYPДи" ("ol ogli kulakin ezdurdi") деген CYЙлeмдeр аркылуу берилген. "Оглан йувылды" ("oglan yuwildi") деген CYЙлeмдe "бала тентек кылбай калды, акылына кирип калды" деген сeздeр бул ыкманын натыйжасы болгонун тастыктайт. "Ол оглын кeчYкледи" ("ol ogling kocikledi")- " ал уулунун кeтeнYнe чапты"; "огланыг ^^еди" ("oglaning kotledi") - "балага каршы жаман аракеттерди жасады"; "ол огланыц кeтлетти" ("ol oglaning kotletti") - "ал уулун эсине келтирди"; "ол оглын чыбыртты"(" ol oglin cibirtti") - "ал уулун чыбык менен сабады" деген CYЙлeмдeрдeн балага карата коркутуу, жазалоо методунун колдонулгандыгын тастыктайт.

Колдонулган адабияттар:

1. Абдыразаков А. ТYрк атанын балдары болсок...же рун башаттары. ТИКА, Анкара, 1995.-73-6.

2. Алимбеков А. Тецир Тоолук аалым Махмуд Кашгари жана анын мурасындагы

салттык педагогикалык билимдер//Махмуд Кашгари жана кыргыз маданияты. Бишкек, 2011.-342 б.

3. Артыкбаев К. Акыйкат сабагы.- Б.: Адабият, 1991 - 288 б.

4. Асанов Т. Санжыра жана салттуу педагогикалык маданият.//Кыргыз эл педагогикасы: изилдеелер, табылгалар/ТYЗ. С.И. Асанов Т. Иптаров-Бишкек-1998.-121 б.

5. Бартольд В.В., Сочинения,т. V, 83-6; БА, I, XV б.; В.И.Беляев. Арабские источники по истории туркмен и Туркмении IX- XIII вв. — В сб. «Материалы по истории туркмен и Туркмении», т. 16 Л., 1938, 31-6.

6. Жаманкулова Г.Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы, 1т. Б.,2014.-431 б.

7. Жузе П.К.. Thtpfurus Linguarum Turcorum. - «Известия Восточного факультета Азербайджанского университета», т. И, 1927, 29-31-6.; Х.Хасанов. Махмуд Кошгарий. Тошкент, 1963, 8-10-66.

8. Караев 0. Историко-географические данные, сообщаемые Махмуда Кашгари//Советская тюркология, Баку, 1972, №1 -111- с.

9. Кононов А. Н. Махмуд Кашгарский и его труд «Дивану лугат аттурк//Советская Туркология-1972.-№ 1.- С. 18-23.

10. Марков Е.Н. Путевые очерки Кокандского ханства//Русский вестник .-1893 кн-68 с.

11. Махмуд Кашгари. ТYрк тилдеринин сездYГY - Дивану Лугати 'т-турк (Туркий тилдер сез жыйнагы) Которгондор: И. Абдувалиев., Т. Ахматов., Оморов А., Султаналиев И., Толубаев М.-1 -том. ЖалалАбад. 2016.- 435 б.

12. Махмуд Кашгари. ТYрк тилдеринин сездYГY - Дивану Лугати 'т-турк: I том / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков; баш созду жазган А.Акматалиев. - Бишкек: Avrasyapress, 2011. - 906 бет.

13. Прицак О. Mahmud Kasgari. kimdir? - «Turkiyat Mesmuasi»,cilet x.Istambul, 1953, 243-244-66.

14. Сатаркулов Д. Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати-т- тYрк» сез жыйнагы жана кыргыз тили.-Автореф. Канд. Дисс. Бишкек, 2002.-24 б.

15. Стеблева И.В. Турк тилиндеги байыркы адабият//Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт/ТYЗ.К. Жусупов .-Бишкек. 1991. - 410-415-66.

16. Султаналиев И. Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати-т- турк»- жана азыркы кыргыз тили. Бишкек, 2001.- 89 б.

17. Толубаев М. Каратаева С. Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-т-турк» сездYГYндегY макал-лакаптар. -Бишкек: Бийиктик басмаканасы. - 2010.-22-6.

18. Усманбетов Б.Ж. Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати-т- турк» эмгегиндеги турмуш-тиричиликке байланыштуу тYШYHYктердY туюндурган лексикалык каражаттар (этнолингивистикалык анализ) - Б.: 2016,-312 б.

19. Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати-т-турк» сез жыйнагы: (1072-1077) / Жооптуу ре-дактор 0мYркул Караев. - Бишкек: Кыргызстан, 1997. - 169 б.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.