ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(2)/2023, 23-29
УДК: 894.341
DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 3
Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН К0РК0МДУК АКСИОЛОГИЯЛЫК
МАЗМУНУ
ХУДОЖЕСТВЕННО-АКСИОЛОГИЧЕСКОЕ СОДЕРЖАНИЕ ПРОИЗВЕДЕНИЙ Ч.
АЙТМАТОВА
ARTISTIC-AXIOLOGICAL CONTENT OF CH. AYTMATOV' S WORKS
Кошалы кызы Бекзада
Кошалы кызы Бекзада Koshaly kyzy Bekzada
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственныйуниверситет Master, Osh State University bekzada koshaly@gmail.com
Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН К0РК0МДУК АКСИОЛОГИЯЛЫК
МАЗМУНУ
Аннотация
Адамзаттын кеп кылымдык керкем-эстетикалык тажрыйбасында анын чыгармачыл екулдеру тарабынан нечендеген кеенергус керкем деелеттер жаратылып, кийинки муундарга елбес-вчпвс таберик катары калтырылган. Аларды аксиологиялык ецутте изилдеп, деелеттук табиятын, маани-мазмунун ачуу азыркы адабият таануунун алдында турган кечиктирилгис милдеттерден болуп саналат. Биз макалада Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата мына ушул ьщгайда адабият таануучулук изилдее жургузууге аракеттендик. Кыргыз адабиятынын кыртышында енугуп, кийин дуйнелук адабияттын аренасына чыккан Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жалпы адамзмттык баалуулуктарды, керкем деелеттерду аксиологиялык асиектиде иликтее - учур талабы, макаланын актуалдуулугу ушунда.
Ачкыч свздвр: кыргыз адабияты, Чынгыз Айтматов, аксиология, философиялык ойлор, керкем сез каражаттары, жазуучунун чеберчилиги.
ХУДОЖЕСТВЕННО-АКСИОЛОГИЧЕСКОЕ СОДЕРЖАНИЕ ПРОИЗВЕДЕНИЙ Ч. АЙТМАТОВА
Аннотация
За многовековой художественно-эстетический опыт человечества его творческие представители создали бесчисленное множество художественных шедевров, оставленных как бессмертный дар будущим поколениям. Их изучение с аксиологической точки зрения, раскрытие их природы и значения является одной из актуальных задач, стоящих перед современным литературоведением. В данной статье мы попытались провести литературоведческое исследование творчества Ч. Айтматова. Аксиологическое исследование
общегуманистических ценностей и художественных ценностей в творчестве Ч. Айтматова, сложившихся на почве кыргызской литературы и позднее вышедших на арену мировой литературы, является потребностью настоящего времени, и в этом состоит актуальность статьи.
ARTISTIC-AXIOLOGICAL CONTENT OF CH. AYTMATOV'S WORKS
Abstract
Over the centuries of artistic and aesthetic experience of mankind, its creative representatives have created countless artistic masterpieces, left as an immortal gift to future generations. Their study from an axiological point of view, revealing their nature and meaning is one of the urgent tasks facing modern literary criticism. In this article we tried to conduct a literary study of the work of Ch. Aitmatov. An axiological study of general humanistic values and artistic values in the works of Ch. Aitmatov, which developed on the basis of Kyrgyz literature and later entered the arena of world literature, is the need of the present time, and this is the relevance of the article.
Ключевые слова: кыргызская литература, Чингиз Айтматов, аксиология, философская мысль, средства художественной выразительности, писательское мастерство.
Keywords: Kyrgyz literature, Chingiz Aitmatov, axiology, philosophical thought, means of artistic expression, writing skills.
Киришуу
Макаланын максаты - замандын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларын аксиологиялык жагдайда иликтееге алуу, кыргыз элинин аксиологиялык таанымына байланышта кароо. Буга ылайык теменку милдеттерди алдыга коюлду:
1. Адабияттык аксиологиянын теориялык-методологиялык ебелгелерун иликтее, керкем деелет тушунуктерунун илимий-теориялык негиздерин аныктоо;
2. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы кыргыз элинин аксиологиялык таанымына мунездеме беруу;
3. Жазуучунун керкем деелеттерге карата кез караштарын белгилее;
4. Кыргыз адабиятчыларынын Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы керкем деелет маселелерине карата пикирлерин талдоого алуу жана прозасынын тарыхый-адабий, керкем-эстетикалык маани-мазмунуна айрым талдоо жургузуу.
Иштин теориялык-методикалык негиздерине келеек, адабият таануу илиминин Асаналиев К., Садыков А., Эркебаев А., Жантаев А. сыяктуу кыргыз адабиятчы-сынчыларынын эмгектеринде айтылган жалпы кыргыз адабияты жана андагы аксиология женундегу омоктуу ой-жугуртуулер, талдоолор жана бутумдер макаланын жазылышына белгилуу елчемде теориялык-методологиялык таяныч болду.
Негизги белум
Кыргыз профессионал жазма адабиятындагы керкем деелеттерду аксиологиялык аныктоодо жазуучулардын чыгармаларына токтолууга туура келет. Аксиология (грекче axia -баалуулук жана logos - окуу) - баалуулуктар женунде окуу болуп андагы негизги нерсе -баалуулук женундегу тушунук. Баалуулук этикалык, эстетикалык, диний, укуктук, саясий, экономикалык ж.б. болуп белунет (Литературный энциклопедический словарь, 1987, б. 52). Баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дуйнесунун тузулуш курамы тууралуу философиялык окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социалдык факторлору, адам топтору менен байланышы женундегу илим. Ал башка философиялык, ошондой эле езунче илимий дисциплиналардын баалуулуктук аспекттерин, ал эми кыйла кецири мааниде - социалдык, керкем жана диний практиканын буткул спектрин, жалпы адамзат цивилизациясы менен маданиятын иликтеену да камтыйт (Новая философская энциклопедия, 2010, б. 62).
Ошентип аксиологиянын адам турмушунун ажырагыс бир белугун тузген материалдык жана руханий туундуларды да изилдееге мумкунчулугу жетиштуу. Анын методологиясын илимдин турдуу тармактарында, мисалы, адабият таанууда ыктуу пайдалануу жакшы натыйжаларды берет. Деелеттер дуйнесунде болсо, керкем деелеттер да маанилуу коомдук-маданий, керкем-эстетикалык орунду ээлешет. Биз макалада улуу калемгер Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында карап жаткан керкем деелеттердун тутумунда акын-жазуучулар жараткан прозалык, поэтикалык улгулер да башкы саптарда турат. Ошентип, аксиология адам баласынын керкем тажрыйбасын, маданий турмушун, жалпы эле маданиятын да иликтее озуйпасын езуне ала алат. Керкем тажрыйбанын ичинде адабият, керкем-адабий туундулар да жатаары езунен езу тушунуктуу.
Жалпылап айтканда, рухий же керкем деелеттерге карата ойчулдардын пикирлеринде белгилуу бир ундештук орун алган, керкем нарктарга коюлуучу талаптар эзелтен адилетуулуктун, кооздук менен жакшылыктын орун алышына негизделип келген. Аксиология илимий тармак катары XX кылымда гана чындап туптелсе да, адам баласы эзелтен бери эле ез колунан буткен керкем чыгармаларга деелеттук мамиле жасап келген. Мына ушул фактыны билуу учурда кыргыз адабият таануусунда аксиологиялык иландагы изилдеелерду жургузуу зарыл экендигин тастыктайт. Ал эми кыргыз адабиятынын кыртышында енугуп кийин дуйнелук адабияттын аренасына чыккан Ч.Айтматовдун чыгармаларын аксиологиялык иликтее учур талабы болуи турат (Алиева, 2020; Осекова, 2020, б. 154).
Баалуулук - бул адамдардын сезимдери баарынан жогору туруучу жана ara умтулууга, абай салууга, сыйлап, таанып, урматтап мамиле кылууга болуучу нерсе, ал адам, социалдык топ жана жалпысынан алганда коом учун айлана-чейредегу объектинин (жаратылыш, коомдук турмуштун кубулуштарында кездешуучу жакшылык жана кара санатайлык, сылыктык жана оройлук, сулуулук жана керксуздук ж.б.) оц жана терс мааниси (Борбугулов, 1995, б. 292).
Жогорудагылардан байкалгандай, деелеттерду адам баалайт жана ажырымдайт. Ошентии, «баалуулук» тушунугу келер чакта да, учур чакта да, еткен чакта да орун алат жана жашоо кечирет. Чынында Ч.Айтматовдун чыгармаларында каармандардын тиричилигинде, жан дуйнесунде ушул аталган уч чак терец байланышкан учурлар арбын кездешет. Бул бардык доорлордогу керкем-эстетикалык туундуларга бирдей мунездуу. Кайсыл гана мезгилдин болбосун керкем-адабий чыгармасында ошол ез доорунун руханий-материалдык, моралдык-этикалык деелеттеру чагылтылат. Ар бир адамдын турмуштагы деелеттук багыт алуусу ар башка. Женекей мисал келтирсек, биреелер - байлыкты, бийликти карай умтулат, башкалар - карапайым жашоо кечирет. Айрымдар табиятынан боорукер, кээ бирее болсо таш боор. Так ушул адамдын деелеттук багыт алуусу адабий чыгармада да сезсуз чагылат. Ошол себеитен керкем чыгармаларда бири бирине карама-каршы каармандар кездешет. Мисалы, "Кылым карытар бир кундегу" Эдигей-Сабитжан, "Гулсараттагы" Танабай-Кочкорбаев ж.б. Деелеттук багыт же ориентир - бул адамдын дуйнеге болгон мамилесин жана анын ишмердуулугунун мотивдерин женге салган руханий кубулуш. Жазуучунун кыргыз элинин аксиологиялык таанымына мунездеме беруусу керкем чыгармада персонаждар мына ошол ез улутунун баалуулуктарына жараша тузулгенунен жана ачылганынан байкалат. Ошондой эле ар бир адамдын езуне тийиштуу мунездеру, сапаттары болот. Бир адам ылгый жаман мунездерге, ал эми башкасы жалац жакшы мунездерге ээ болбойт. Кандай гана адамда болбосун жакшы-жаман касиет-саиаттар аралаша жашайт. Чыгаан калемгерлер дал ушуну туура авдап, ез персонаждарын турдуу, карама-каршы сапаттарга эгедер кылышат. Бул айтылгандар персонаж тушунугу олуттуу аксиологиялык мазмунга ээ экенин кабарлап турат (Темиркулова и др. 2021, 532).
Керкем адабияттын адамдын руханий турмушунан орун алганына нечен кылым болду. Бирок анда дамамат чагылтылуучу тубелук темалар алиге чейин жашап келет. Мисалы, кайсы гана кылымдын, кайсы гана доордун, кайсы гана элдин адабиятын албайлы, мыкты делген чыгармаларына кайрылбайлы, алардан сезсуз емур-елум, суйуу-жек керуу, жакшылык-жамандык, ак-кара ж.б. евдуу онтологиялык темаларды кездештиребиз. Булар адам болмушунун маселелерине байланыштуу керкем чыгармачылыктын темалары. Адам
болмушу болсо кылымдан кылымга сапар арытып улана берет. Аны турдуу доорлордун калемгерлери ез чыгармаларында тартып беришет. Ар бир чыгарма конкреттуу бир темага, же темалар комплексине байланат. Адам болмушу маанилуу езгербегенуне байланыштуу чыгармачылыктагы темалар да анчейин езгербейт. Ушул себептен керкем чыгармачылыкта тубелук темалар тушунугу орун алат.
Керкем адабияттагы идеал, же эстетикалык идеал коомдун езгеруусуне жараша, анда устемдук кылган баалуулуктарга жараша алмашылат. Эстетикалык идеалды турмушка ашырууда адамдын чыгармачыл ишмердуулугунде эркиндиктин болушу абзел (Литературный энциклопедический, 1987, б. 113). Бул жерде баамга урунган нерсе - эркиндик. Ал болсо адам турмушундагы эц жогорку деелеттердун бири. Андыктан идеал термини аксиологиялык мазмунга ээ экенин элес албай коюуга жарабайт. Ч.Айтматовдун "Жамийла" повестинде адамдын ички эркиндиги, ез тагдырын, бактысын тандоо эркиндиги тууралуу сез болот. Жамийла чечкиндуулук менен Даниярды тандап, аны менен емур кечирууну чечет (Осекова, 2021, б. 1089). Бул туурасында М. Борбугуловдун оюн мисалга тартсак: "Суреткердин эстетикалык идеалы адабият чыгармасында анын тузген образдары аркылуу керунет", - дейт (Борбугулов, 1995, б. 181). Асылдык категориясы теориялык эмгектерде кооздук, сонундук, сулуулук деп да айтылып келет. Ал эми сулуулук маанилуу философиялык, эстетикалык деелет болуп саналат. Андыктан идеал тушунугу терец аксиологиялык маани-мазмунду кетеруп турарынан кумен саноого эч бир негиз, эч кандай шылтоо жок.
Эстетикалык окууда "Так очищение оказывается далеким от всякого чисто эстетического удовлетворения, не впадая, однако, в излишний морализм. Трагическое очищение есть очищение в уме, а не эстетическое, но ум - выше чувства и энерги", - деп белгиленет (История эстетической мысли, 1982, б. 200). XX кылымдагы кыргыз профессионал жазма адабиятынын, асыресе, кыргыз прозасы менен поэзиясынын элге кецири белгилуу улгулеруне дал ушундай адам жан дуйнесун тазартуучу касиет-сапат таандык. Ч.Айтматовдун таасирлуу чыгармалары окурманды ичтен бир силкинтип, анын жан дуйнесун аруулантып, моралдык-этикалык тазаланууга туртуучу кучке, же катарсистик касиетке эгедер. Аларда суреттелген жеке адам трагедиясы жалпы дуйнелук адамзаттык трагедиянын кебуреек керсетмелуу мисалы болот: Толгонайдын согуш езгерткен тагдыры, Танабайдын адилеттик учун курешу, Филофейдин адамзат тагдыры учун туйшелуусу буга далил.
Ошентип дээрлик бардык адабият таануучулук тушунуктер деелеттук мазмунга ээ болушат. Адабият таануунун езунде, анын терминологиялык арсеналында керкем чыгармаларды аксиологиялык изилдеенун негиздери салынган. Ошондуктан кыргыз же ар кандай башка адабият таанууда аксиологиялык мазмундагы изилдеелердун пайда болуусу мыйзам ченемдуу жана эбак бышып жетилген процесс болуп саналат жана ara биз карап жаткан Ч.Айтматовдун чыгармалары кучтуу объект болот.
Чьщгыз Айтматов 1963 -жылы жаш жазуучулардын республикалык кецешмесинде баяндама жасап, анда жаш калемгерлерге бир топ олуттуу насааттарын айткан. Ошол сезунде залкар жазуучубуз езу да бир кезекте керкем енерге, керкем адабиятка жана анда жаратылган керкем туундуларга карата баёолук мамиле кылып, бардык китептер жакшы деген ойдо жургендугун айткан: "Эгерде азыр менин ишимде аздыр-кептур ийгиликтер болсо, - дейт ал, - ошол ийгиликтер мен окуган китептеримди жаман-жакшыга ылгай баштаганымдан тартып
башталды. Бир кездерде мен учун дегеле начар китеп деген болгон эмес. Китеп да начар болчу беле деген ойдо жургем. Кийин езум жаза баштаганымда да, сынчылардын талаш-тартыштарына кеп тушуне берген эмесмин. Качан гана адабияттын ички курулуш маселелерин, образдуу керкем сездун жана куру кооз, жугуму жок сездун, чыгармада суреттелген чыныгы сулуулукту жана жасалма сулуулукту таанып, сын кез менен карай баштагандан тартып, ез ишиме да башкача карай баштадым. Адабиятты тааный билуу адамга дароо эле келе койбойт. Аны учун адам кеп окуп, кеп иштеп, дуйнелук пскусстводон бир катар кабардар болуу зарыл" (Айтматов, 1988, б. 19-20). Ч. Айтматовдун суйлеген сезундегу ойлор азыр деле актуалдуулугун жогото элек. Жыйынтыгында ал жаш калемгерлерге мындайча каалоо-тилек айтат: "Азыркы адамдын журегун, сезимин бийлейбиз десецер, ara чоц-чоц философиялык ойлорго толгон, чыныгы поэзияга сугарылган, адамдардын копиясы эмес, тируу, элестуу, ой-санаасы жакшылыкка умтулган образдары бар чыгармаларды берууге бел байлагыла. Балким ал граждандык поэма, балким ал трагедия, балким ал уй-булелук драма же новелла болор. Айтор, формасын кийин изилдеп аларбыз. Негизгиси - таланттуу жазылган, азыркы окуучуну толкундатуучу кучтуу чыгарма болушу керек" (Айтматов, 1988, б. 17). Ал эми мыкты чыгармаларды жаратуу учун мыкты билимге ээ болуу зарыл экени чындык эмеспи. Ошондуктан Ч.Айтматов жаштарга дуйнелук искусстводо эмне болуп жатса, ошонун баарын билгенге аракеттенгиле дейт. Бул чыгармачылык изденуунун туйшугун нечен ирет башынан еткерген, анын ысыгына куйуп, суугуна тоцгон адамдын айтар сезу. Бул сездерден улам адабияттын эц башкы чен-елчемдеру катары адилеттуулук менен адилетсиздиктин, жакшы менен жамандын, ак менен каранын, тазалык менен ыпластыктын, сулуулук менен ажарсыздыктын карама-каршылыктуулугу женундегу тыянак чыгат. Дуйнелук адабияттын тарыхында аты калган далай калемгерлер ез чыгармаларында мына ушулар тууралуу кеп кылышкан, чыныгы керкем деелеттун нарк-кунарын аныктоо аракетин жасашкан ойчулдар да мына ушуларга басым жасашкан. Демек, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун керкем деелетке карата кезкарашы да ушул маанайда болгону табигый нерсе. Бул илгертеден бери эстетикалык таанымда орун алып келе жаткан салттуу тушунуктер.
Мына ушул суроо-жоопту талдап келип, керунуктуу кыргыз адабиятчысы ЛУ кубаева айтат: "Терт тарабы теп келген» чыгарма гана мезгил сынынан кебелбей етуп, улам кийинки урпактарга рухий кулазык болуп, тубелук жашары чындык" (Укубаева, 2004, б. 112). Ушул бир суйлемде керкем деелеттук табиятка ээ керкем енер чыгармасынын бейнеси камтылган десек болот. Кыргыздын атын дуйнеге биринчи болуп тааныткан улут сыймыгы Ч.Айтматовдун ез чыгармачылыгында жараткан керкем туундуларынын бардыгында акыйкаттык чагылдырылып, сулуулук дацазаланып, жакшылык моралдык жецишке ээ болуп турат. Демек, ал езунун адабий ишмердуулугунде чыныгы керкем деелет, чыныгы керкем енер чыгармасы уч деелетке - таанып-билуучулук деелетке, эстетикалык деелетке, адеп-ахлактык деелетке ээ болууга тийиш экендигин далилдей алган.
Ошентип, залкар калемгерибиз Ч. Айтматовдун чыгармаларында, маектеринде керкем деелет маселесине карата айткан ойлору абдан кызыктуу жана теориялык жактан баалуу.
Корутунду жана алынган натыйжалар
1. Адамзаттын тарыхында жаратылган дээрлик бардык керкем-адабий чыгармаларда сезсуз турде ар кыл деелеттер камтылып, деелеттук мазмундагы ой толгоолор жасалат.
2. Адам баласы эзелтен бери эле ез колунан буткен керкем чыгармаларга деелеттук мамиле жасап келген жана ушул фактыны билуу учурда кыргыз адабият таануусунда аксиологиялык пландагы изилдеелерду жургузуу зарыл экендигин тастыктайт, ал эми кыргыз адабиятынын кыртышында енугуп кийин дуйнелук адабияттын аренасына чыккан Ч.Айтматовдун чыгармаларын аксиологиялык иликтее учур талабы болуи турат.
3. Кыргыз же ар кандай башка адабият таанууда аксиологиялык мазмундагы изилдеелердун иайда болуусу мыйзам ченемдуу жана эбак бышып жетилген процесс болуп саналат жана ara биз карап жаткан Ч.Айтматовдун чыгармалары кучтуу объект болот.
4. Ч.Айтматовдун таасирлуу чыгармалары окурманды ичтен бир силкинтип, анын жан дуйнесун аруулантып, моралдык-этикалык тазаланууга туртуучу кучке, же катарсистик касиетке эгедер.
5. Жазуучунун кыргыз элинин аксиологиялык таанымына мунездеме беруусу керкем чыгармада персонаждар мына ошол ез улутунун баалуулуктарына жараша тузулгенунен жана ачылганынан байкалат.
Колдонулган адабияттар
Айтматов, Ч. (1988). Биз дуйнвну жацыртабыз, дуйнв бизди жацыртат. Фрунзе: Кыргызстан.
Алиева Ф.Э. (2020). Феномен памяти в творчестве Чингиза Айтматова. Вестник Ошского государственногоуниверситета, Т. 2, №1-4, сс. 43-46. EDN: SAGPMJ.
Борбугулов, М. (1995). Адабият теориясы: окуу китеби. Бишкек: Шам. Жантаев, A.C. (2011). "Ч. Айтматов керкем деелеттер женунде". Известия вузов. №4, 292-294.
История эстетической мысли. (1982). В 6-ти т. T.I. Древний мир. Средние века в Европе. Москва: Искусство.
Литературный энциклопедический словарь. (1987). Под ред. В.М. Кожевникова, П.А. Николаева. Москва: Советская энциклопедия.
Новая философская энциклопедия. (2010). В 4 т. T.I. Ред.: В. С. Степин, А. А. Гусейнов, Г. Ю. Семигин, А. П. Огурцов. Москва: Мысль.
Осекова Т.К. (2020). Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы керкем салыштыруулар. Вестник Ошского государственногоуниверситета, No. 2-4, сс. 158-165. EDN: LSPJSQ.
Осекова А.К. (2021). Согуш темасынын Чыцгыз Айтматовдун чыгармаларында берилиши. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 1071-1076. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_1071. EDN: JDDNXD.
Укубаева, Л. (2004). Чыцгыз Айтматов: эстетика жанаулуттук негиз. Бишкек: Турар.