ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES
e-ISSN: 1694-8653
№2/2024, 64-71
УДК:
DOI: 10.52754/16948653_2024_2_8
БАЙЫРКЫ ЧЫГЫШТЫН УКУК ЭСТЕЛИКТЕРИ КАТАРЫ МАНУ ЖАНА хаммурапи мыйзамдарына салыштырма мYнeздeмe
СРАВНИТЕЛЬНАЯ ХАРАКТЕРИСТИКА ЗАКОНОВ МАНУ И ХАММУРАПИ КАК ДРЕВНЕВОСТОЧНЫХ ПРАВОВЫХ ПАМЯТНИКОВ
COMPARATIVE CHARACTERISTICS OF THE LAWS OF MANU AND HAMMURAPI AS ANCIENT EASTERN LEGAL MONUMENTS
Токтакун кызы ^лнура
Токтакун кызы Гулнура
Toktakun kyzy Gulnura
т.и.к., улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети к.и.н., ст.преподаватель, Ошский государственный университет
Candidate of History, Senior Lecturer, Osh State University
[email protected] _______________________________ORCID: 0000-0001-5773-2673________________________ Жумабаева Айдана Исрабиловна
Жумабаева Айдана Исрабиловна Jumabaeva Aidana Israbilovna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University
Чыгыш таануунун маселелери, №2/2024
БАЙЫРКЫ ЧЫГЫШТЫН УКУК ЭСТЕЛИКТЕРИ КАТАРЫ МАНУ ЖАНА хаммурапи мыйзамдарына салыштырма мYнeздeмe
Аннотация
Сунушталган макалада Байыркы Чыгыштын укук эстеликтери катары Хаммурапи жана Ману мыйзамдарына салыштырма MYH03g0M0 берилип, алардын негизги 0зг0Ч0ЛYкт0рY, алардын азыркы укук системасындагы орду талданат. Илимий макала эц байыркы укук эстеликтери - Хаммурапи мыйзамдары менен Ману мыйзамдарынын 0зг0Ч0ЛYкт0рYH0 укуктук мYH0зд0M0 берип, алардын тарыхый калыптануу этаптарын талдоону максат кылат. Байыркы укуктук актылар бири-бирине окшош мYH0зд0лг0HY менен алардын 0’^'И0 тиешелуу 03Г0Ч0ЛYкт0рY бар. Изилдеещ'н методологиялык негизин салыштырмалуулук, хронологиялык жана системалык методддор тY30т. Илимий изилд00HYн жыйынтыгында автор т0м0нд0цд0й тыянак чыгарат. Байыркы чыгыштын укук эстеликтери катары Ману жана Хаммурапи мыйзамдарына салыштырма мYH0зд0M0 берууд0 Хаммурапи мыйзамдарында диний ырым-жырымдардын жок экендиги к0зг0 урунат. Ошондой эле адамзат тарыхындагы алгачкы так мыйзамдык акт катары карасак болот. Ал эми Ману мыйзамдарында укуктун YCтемдYГY диний жана моралдык нормаларга тыгыз байланышып, к0бYнэсе дин менен укук аралашып кеткендигин байкоого болот.
Ачкыч свзДвр: Хаммурапи мыйзамы, Ману мыйзамы, Байыркы Чыгыш, байыркы укук, адат укугу, укуктун тарыхы, укуктук эстеликтер, коомдук статус
Сравнительная характеристика законов ману и хаммурапи как древневосточных правовых памятников
Аннотация
В предлагаемой статье дается сравнительная характеристика законов Хаммурапи и Ману как памятников права Древнего Востока, анализируются их основные отличия и место в современной правовой системе. Целью научной статьи является придание правового характера древнейшим памятникам права -законам Хаммурапи и законам Ману, а также анализ этапов их исторического становления.Так как древние правовые акты схожи по своей сути, они имеют свои особенности. Методологическую основу исследования составляют сравнительный, хронологический и систематические методы. В результате научного исследования автор приходит к следующим выводам. При сравнении законов Ману и Хаммурапи как правовых памятников древнего Востока заметно отсутствие в законах Хаммурапи религиозных обрядов. Его также можно рассматривать как первый четкий правовой акт в истории человечества. С другой стороны, в законах Ману верховенство права тесно связано с религиозными и моральными нормами, и можно заметить, что религия и право часто смешиваются.
Comparative characteristics of the laws of manu and hammurapi as ancient eastern legal monuments
Abstract
The proposed article provides a comparative description of the laws of Hammurabi and Manu as legal monuments of the Ancient East, analyzes their main differences and place in the modern legal system. The purpose of the scientific article is to give a legal character to the most ancient legal monuments - the laws of Hammurabi and the laws of Manu, as well as to analyze the stages of their historical formation. Since ancient legal acts are similar in essence, they have their own characteristics. The methodological basis of the study is comparative, chronological and systematic methods. As a result of the scientific research, the author comes to the following conclusions. When comparing the laws of Manu and Hammurabi as legal monuments of the ancient East, the absence of religious rites in the laws of Hammurabi is noticeable. It can also be considered as the first clear legal act in the history of mankind. On the other hand, in the laws of Manu, the supremacy of law is closely related to religious and moral norms, and it can be noted that religion and law are often mixed.
Ключевые слова: закон Хаммурапи, закон Ману, Древний Восток, древнее право, обычное право, история права, правовые памятники, социальный статус
Keywords: Law of Hammurabi, Law of Manu, Ancient East, ancient law, customary law, history of law, legal monuments, social status
65
Вопросы востоковедения, №2/2024
Киришуу
Байыркы Чыгыш тарыхый, укуктук, маданий жана цивилизациялык феномен болуп саналат. Бул жерде адамзаттын ohytyy тарыхында биринчи жолу коомдук жана саясий институттар, мамлекет, укук жана дYЙнeлYк диндер калыптанга. Укуктун алгачкы эстеликтери негизинен эц кецири таралган каада-салттарды жана калыптанган соттук практиканы бириктирген [1]. Бул алардын толук эместигинен, бир катар институттар менен нормалардын eнYкпeгeндYГYнeн жана алардын казуисттик мYнeзYнeн келип чыккандыгын ачыктайтю Анткени укуктук норма абстракттуу тYPде эмес, конкреттYY иш тYPYнде бекитилген. Байыркы Чыгыш укугунун жалпы белгилери Байыркы Чыгыш eлкeлeрYндe жамаат жана ири патриархалдык YЙ-бYлe сыяктуу коомдук формалардын узак убакыттан бери жашап келгендиги менен мYнeздeлeт. Байыркы Чыгыш укугунда YЙ-бYлe жана мурастык укуктун бардык нормаларында аялдар менен балдардын баш иЙYYЧY, деградацияланган абалы, аялдар менен эркектердин мурастык укуктарынын тецсиздиги ж.б. сыяктуу бирдиктYY мYнeздeгY белгилерди байкоого болот [6]. Байыркы Чыгыш коомдорунда мамлекет менен катар укук да eнYГYп-eскeн. Ал бир катар жалпы белгилерге ээ:
- ал кулдардын деградацияланган позициясында кeрYнгeн социалдык тецсиздикти тYЗдeн-тYЗ бекемдеген;
- таптык тецсиздик болгон;
- дин жана адеп-ахлак бири-бири менен ажырагыс байланышта болгон.
- укук ченемдери Байыркы Чыгышта мурда калыптанган жана аларга багытталган жYPYм-турумдун калыптанган YлгYлeрYнe негизделген.
Байыркы коомдо мамлекет жок болгон учурда кeпчYЛYк YЧYн негизинен сабаттуу калк арасында ар кандай укуктук билимдер пайда болгон. Аларда камтылган укуктук эрежелер менчик, YЙ-бYлeлYк, диний, таптык мамилелерди женге салып, негизинен укуктук, диний жана этикалык нормалардын езегун тYЗгeн. Алардын катарына байыркы чыгыштагы Хаммурапи жана Ману мыйзамдарын кошууга болот.
Хаммурапи кодекси байыркы укук женYндегY эц маанилYY маалыматтардын бири болуп саналат. Анткени анда укуктун дээрлик бардык тармактары камтылган. Кодекс 282 пункттан турат. Хаммурапинин мыйзамы - байыркы Вавилон коомундагы кептеген укуктук маселелерди камтыган [2]. Хаммурапи падышанын мыйзамдары - байыркы Вавилондук укуктун маанилYY эстелиги болуп саналат. Хаммурапи падышанын мыйзамдары байыркы Вавилондун укук турмушунун негизин тYЗYп, бул мыйзамдар адат укугунун нормаларын, сот практикасын жана императордун указдарынын тикеден-тике жазмасы болуп саналат. Хаммурапинин мыйзамдары тарыхта биринчи укуктук документ, анда сословиелик - таптык белYHYштер, жеке менчикке кол салгандын каардуу жазаланышы, кулдарга кол салуучулук ыраттуу чагылдырылган. Ошондой эле, кул кожоюнун менчиги катары саналып, аны уурдоо жана качкан кулду жашыруу елYм менен жазаланган. Мыйзамдардын кириш сезYнде падышаны «Кудайдан корккон дацктуу ез калкы YЧYн, елкенYн биримдиги YЧYн камкор падыша» катарында дацазаланат. Мыйзамдардын жоболору падышалык - храмдык мамилелерди, территориясында жасалган кылмыш YЧYн общинанын коллективтYY жоопкерчилигин, уруу - тектик TYЗYЛYШTYH адаттарын укук жагынан бекемдеп женге салган. Укуктун байыркы чыгыштык башка эстеликтериндей эле Хаммурапинин мыйзамдарында кылмыш-жаза укугунун нормалары процессуалдык нормалар менен алмашып, мYлктYк мамилелерди жендейт. Мыйзамдар дин, диний ырым-жырымдар менен тыгыз байланышта болгон. Кылмыштын эц оору диний ырым - жырымдарга мYнездYY укук бузуулар,
66
Чыгыш таануунун маселелери, №2/2024
жергиликтYY кудайларга ишенбегендик менен чын ыкластан эмес мамиле жасоо, антты бузуу кылмышы, жалган кунее коюу, уурулук, тоноо, ата-энелерге жана улууларга урмат-сый кылбай мамиле жасоо, ойноштук кылуу ж.б. кылмыштар болгон. Кунееден кылмыштан кутулуу YЧYн жазалоонун езгече ырым-жырымын гана кылбастан, ce3CY3 турде чын дилден екунуу да чоц мааниге ээ болгон. Вавилондук сот адилеттигинде диний ант берYY чоц роль ойногон. Жалган кубе болуу, жалган жеринен айып кою менен катар ант берYY кылмышына мыйзамдардын биринчи беренелери кокусунан арналган эмес. Себеби алар езгече кунелуу жана оор кылымыш катары эсептелген.
Хаммурапинин мыйзамдарына укук техникасынын эц эле женекейлYГY укук нормаларынын формалдуулугу, ырым-жырымдар менен, каймана маанидеги процедура (тартип) менен тыгыз байланыштуулука мунездуу болгон. Мисалы, жерди жана кулду бирееге берYYДе сезсYЗ тYPде кат жYЗYнде келишим тузуу жана кYбелердYн кезYнче жYргYЗYY талап кылынган. Хаммурапинин мыйзамдарында жалпы эле байыркы чыгыштык нормаларга мYнездYY болгон бир катар нормалар да каралган. Мисалы, чарбалык иштерге мамлекеттин тYЗден-тYЗ кийлигишYYCY, врачтардын, курулушчулардын, корабль куруучулардын эмгек акыларынын елчемYн бекитYY, кол енерчYHY, малды жана кемени жалдаганда теленуучу акынын елчемY, CYткорлордун проценттик акыларынын, эгинге коюлуучу баалардын денгээли женунде нормалар ж.б. кездешет. Хаммурапинин мыйзамынын бир тобу атайын келишимдерге арналган. Барымтага жерди эле эмес, ез YЙ - бYлеесYHYн мYчелерYн да берууге уруксат берилген. Керт башын, мулкун, жерин убактылуу пайдаланууга беруу келишимдери ете эле оор мYнезде болгон. Жерди ижарага алган адам TYЩYMДYH Yчтен эки белугун ижара акысына телебестен, жерди жакшыртылган тYPYнде кайрып берууге милдеттуу болгон [3]. Жеке адамды жалдаганда врачтар менен айыл чарба кызматкерлеринин жана алар менен кулдардын ортосунда акы телеенYн чоц айрымалары болгон: айыл чарба кызматкерлерине врачтарга караганда эки эсе, кулдарга караганда беш эсе кымбат телешкен. Жерди иштетYyчY жалданма жумушчунун шарттары да оор болгон. Айдоо жерлерде эгин естYрбеген, дандын тукумун уурдаган, кожоюндун малын алсыраткан жалданма кызматчы дан эгин да телеп, Yстек да тарткан, YCтектY телебей кою елYм жазасына тартылган, анын эки бутун эки азоо байталдын куйругуна байлап елтYPYшкен. Тапшырма беруу жана сактоо келишимдери соода тармагында кат жYЗYнде тYЗYлген, аны бузгандыгы YЧYн эки тарап тец Yстек телем телее менен кутулушкан.
Никелешуу жана YЙ - бYлеелYк мамилелерди женге салуу патриархалдык мYнезде болгон. Нике кыюунун алдында куйее бала же анын атасы менен колуктунун атасы ортосунда белгилуу бир келишим тYЗYлген. Ошол эле учурда, куйее кыздын YЙ-бYлесYне белгилуу бир суммадагы акча телеп берген. Келишим белгилуу бир жоопкерчиликти - моралдык жана материалдык жоопкерчиликти жYктеген. Эгерде куйее никеден баш тартса, анда ал берген акчанын да, нике белегин да кайтарып берууну талап кыла албайт. Эгер колукту же анын уй-бYлесY баш тартса, анда алар эки эселенген сумманы кайтарып беришкен. Балдар адатта, атасы каза болгондон кийин жана YЙ-бYлелYк мYлктY мураска алгандан кийин гана толук кандуу болушкан. Хаммурапинин мыйзамдары боюнча кээ бир балдарга тиешелуу укуктук эске алчу жагдайларды айта кетсек. Мисалы, атасы уулуна эки жолу оор кунее жасаса аны мурастан ажыратканга укуктуу болгон. Ошондой эле, ата кулдун балдарын езунун балдары катары тааный алганга да мумкунчулук берилген. Ал эми атасы каза болгондон кийин, алар мыйзамдуу балдары менен бирдей негизде мурастан ез улушун алышкан. Бирок ал аларды атабаса да, ал елгенден кийин дагы алар эркиндикке жана энелерине да ээ болушкан. Бул
67
Вопросы востоковедения, №2/2024
учурда, алар мындан ары мурасты талап кылганга укуксуз болушкан. Жесир аял да Хаммурапи мыйзамы боюнча белгилYY бир мYлктYк укуктарга ээ болгон. Ал себин жана кYЙeeсY берген жесирдин YЛYШYн алганга укуктуу болгон. Эгерде кYЙeeсY tupyy кезинде жесиринин YЛYШYн калтырбаса, анда ал мурастан бир мураскордун YЛYШYне окшош YЛYш алган.
Манунун мыйзамдары - байыркы индиялык укуктун эстелиги болуп саналат. Байыркы Индиянын социалдык - экономикалык жана мамлекеттик eзгeчeлYктeрYн чагылдырган укуктук эстелик катары таанымал. Алардын ичинде дхармашастраларга - диний жана укуктук тыюу салуу эрежелерине (дхармаларга) езгече роль таандык. Дхарма - бул ар бир укук ишенимине татыктуу жарандын жYPYм-турумунун нормасы, анын жашоосун аныктаган милдеттYY эрежелердин жыйындысы. Бул норма бир эле учурда диний, моралдык жана укуктук мазмун менен жуурулушкан. Дхармашастралар коомдун социалдык - таптык карама - каршылыктарынан болгондугуна байланыштуу брахмандар тарабынан тYЗYлгeн. Алар адат укугунун нормаларына, калыптанган сот практикасына жана падышалык указдарга таянып, eздeрYHYн диний - этикалык, укуктук тYШYHYктeрY менен TYPДYY доорлордон жана кез-караштардан алынган материалдар менен толукташкан. Дхармашастралардын арасында Манунун мыйзамдарына езгече орунду ээлейт. 03YHYH таптык мазмуну боюнча Манунун мыйзамдары байыркы Индиялык коомдун эксплуататордук тeбeлдерYHYн - брахмандар менен кшатрийлердин эркин билдирип, кулчулуктун жана эмгекчилер массаларын эксплуатациялоонун башкы формаларын бекемдеген. Ману мыйзамдары бир гана укуктук эрежелердин жыйындысын эмес, ошондой эле адамдын KYHYMДYK турмушунда жетекчилик кылууга тийиш болгон диний жана жарандык нормаларды билдирет. Мыйзам чыгаруучу бул кодекске адамдын жYPYм-турум эрежелерин, философтордун, теологдордун жана индиялык башкаруучулардын башкаруу, укук жана этика боюнча кез караштарын чагылдырган. Байыркы Индия мыйзамдарынын эц белгилYY укук эстелиги катары таанылып келет. Индиянын тYШYHYГYнде бул жен гана мыйзамдык кодекс эмес, адамды KYHYMДYK жашоодо жетектеши керек болгон диний жана жарандык эрежелер. Мыйзамдар эстеп калууга ыцгайлуу болуш YЧYн сап тYPYнде жазылган. Жалпы 2685 макала дхарма (тагдыр) болгон.
Ману мыйзамдарында кылмыш жана жаза укугунун бар болуп, арбын колдонулушу болушу курч социалдык карама-каршылыктардын далили катары мYнезделет. Адамдар тоноочулуктан, зордук-зомбулуктан, мыйзамсыздыктан, уурулуктан ж.б. кеп жапа чегишкен. Мыйзамдар кылмыш-жаза жоруктары боюнча беренелер менен толтурулган [4]. Алсак, уурулук, мYлктY, малды уурдоо, каракчылык, адамдарды уурдоо, киши елтYPYY, денеге оор залал келтирYY, жалаа жабуу, каралоо, ойноштук, сойкулук, аракечтик жана башкалар. Бул кылмыштардын «ассортименти» турмуш-тиричилик каражаттарынан ажыраган, четте калган калктын массасынын бар экендигин далилдейт. Ману мыйзамы боюнча кылмыштар темендегудей тYрлерге белYнген :
1. адамга каршы;
2. менчикке каршы;
3. YЙ-бYлеге жана адеп-ахлакка каршы;
4. мамлекетке каршы
Жаза кылмыштын оордугуна жана кылмышкердин социалдык абалынажараша болгон. Жогору даражадагы адамдар укук бузуулар YЧYн азыраак жоопкерчилик тартышкан. Бул кебYнче айып телее менен чектелген. Жазалардын тYрлерY.
1. ар кандай керYHYштегY елYм жазасы - устунга кагуу, керебетке же отко KYЙГYЗYY, сууга чектYPYY ж.б.;
68
Чыгыш таануунун маселелери, №2/2024
2. чачын кыруу (брахмандар Y4YH чачын кыруу eлYм жазасына барабар болгон);
3. денесине зыян келтирYY (манжаларын, колдорун жана буттарын кесип алуу);
4. айып телее;
5. айдап жиберуу;
6. камоо.
Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин оорчулугу шудралардын мойнуна тYшкeн. Мисалы, брахман киши елтYргендYГY YЧYн екYHYШY керек болчу жана эц начар учурда чачын кыркып алган. Демек, теменку варнадан келген ууру eлYм жазасына тартылган. Шудраны eлтYргeндYГY YЧYн брахман баканын, карганын же иттин баасына барабар айып телеген. Жазалоо системасы деталдуу тYPде иштелип чыккан. Дхарманы бузганы YЧYн адам бул дYЙнеде жана башка дYЙнеде да жазаланат деген ишенимти карманышкан. Мисалы, кYЙеесYне кыянаттык кылган аял дYЙнеде жек керYндY болуп, елгенден кийин чеенYн курсагына тYШYп, коркунучтуу ооруларга кабылат деген ишеним болгон. Ал эми жазалар даражасына карай жецил жана оор болуп белYнген. Жазалоо объектилери тил, кез, кулак, мурун, колдор жана буттар, тулку жана репродуктивдYY органдар (кебYнче талион принцип боюнча) болгон.
Сот иштери боюнча айтсак, Байыркы Индиядагы сот падыша сарайынан жана брахман сарайынан турган. Королдук ордосунун курамы: падыша, 2 брахман (мыйзамдар боюнча адистер). Белгилей кетсек, соттук процесстер падышанын расмий жана милдеттуу KYHYMДYK милдети болгон. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам падыша сот адилеттигин жYргYзе албаса, анда 3 мYчеден турган брахмандардын соту иштеген: Ригведа (логика), Агор Веда (этимология) жана Самоведа (ритуалдык) дифференциация боюнча адистер. Брахмандар Ведадагы эц мыкты эксперттер болгон. Эгерде екум эксперттер тарабынан чыгарылган болсо, анда бул чечимди 1 миллиондон ашык адам колдоп чыкса дагы, мындан ары жокко чыгаруу мYмкYн эмес болгон. Соттук териштируулер формалдуу эмес болгон, сурак соттук маселелерди чечYYHYн негизги ыкмасы болгон. Жарандык жана жазык сот ендYPYШYHYн ортосунда так айырма болгон эмес. Соттук иштер кызыкдар тараптар тарабынан козголгон. Тараптар талаш маселеде тиешелYY далилдерди керсетYY менен сотто езYHYн чындыгын керсетYYге аракет кылышкан. Башкача айтканда, далилдер сот процессинде чоц роль ойногон. Ману мыйзамы боюнча сот процесси негизинен жарыш мYнезYнде болгон. Жабырлануучу же кредитор езY кYбелерY менен жоопкерди сотко алып келтиришкен. КYбелердYн керсетмелерYне чоц маани берилген. Доого кызыктар болгон адамдар, бир туугандар, касташкандар, мурдакы жалган кYбелYГYHYн бети ачылгандар, ооруга чалдыккандар, оор кунее кылгандар кубе катарында тартылууга укуксуз болушкан. Айрым бир езгече убакта, башка куболор жокто гана кулдар, карыялар, балдар кубю боло алышкан. Болгон окуяны ез кезY менен кергендердYн керсетмелерY баалуу деп таанылган [5].
Манунун мыйзамдарында YЙ бYлееде аял езгече орунду ээлеген. Нике курагы эркектер YЧYн 20 жаштан кем эмес, кыздар YЧYн 12 жаштан жогору болуш керек болгон. Кээ бир учурларда кыздарга 8 жаштан жогору уруксат берилген. Идеалдуу никеде кыздын жашы кунее баланын жашынын Yчтен бирине туура келиши керек деген ишеним болгон. Кыз менен кYЙеенY тандоо ата-эненин каалоосуна жараша болуп, жаштардын варна жана кастадагы орду сезсYЗ эске алынган. Болочок жубайлардын пикири дайыма эле эске алынган эмес.Нике расмий YЙленYY аземине чейин, болочок жубайлар ата-энелери менен жашап, кеп учурда бири-бирин керYшпеген. YйленYY Yлпет тоюнан кийин жацы Yйленгендер куйее баланын YЙYне барышып, атайын курмандык чалышкан. Кыз берYYДе сеп дагы чоц роль ойногон.
69
Вопросы востоковедения, №2/2024
Келиндин атасы кызынын себи Y4YH чоц чыгымга учурап, натыйжада кедей 6myp бою карыз болуп калган учурлар да кездешкен. Ману мыйзамы YЙ бYлeeлYк мамилелерде моногамияны тааныган. Нике бузулбас деп эсептелген. Аялга кYЙeeсYн жана балдарын калтырууга тыюу салынган. Аял кYЙeeсYнe баш ийип жашашы керек болгон. Байыркы Индиянын мыйзамдарында кeбYнчe аялдын статусу, атYГYл YЙ-бYлелYY да, кYЙeeсYHYн алдында гана милдеттери бар укуктардын толук эмес субъекти катары жазылган. Аялы - арызданбаган кызматчы катары каралган. Эгерде аялы бала теребесе, кYЙeeсY биринчисинин макулдугун сурабай эле, экинчи аял алууга укуктуу болгон. Эреже боюнча елген аялдын MYЛKY кYЙeeсYнe еткен. Мыйзам аялдын мYлкYн алты категорияга белген: кудалашууда, келишимде, YЙленYY YлпетYнде берилген, CYЙYY белгиси катары берилген, ошондой эле эне менен атанын бир тууганынан алынган мYлк. Аял езYHYн MYЛKYHYH айрым тYрлерYн гана тескей алган. Ажырашкан аял адатта, мYлктYк укуктан ажыратылган. Аял кайра турмушка чыга алган эмес, бирок ал теменку кастадагы эркек менен мамиле тузсе, аны катаал тагдыр кYTYп турган. Манунун мыйзамдарына ылайык, аны иттерге жеш YЧYн аянтка эл алдында ыргытышкан.
Илимий изилдеенYн жыйынтыгында Байыркы Чыгыштын укук эстеликтери болгон Хаммурапи жана Манунун мыйзамдарында биз окшоштуктарды да, айырмачылыктарды да табабыз. Айырмачылыктар биринчи кезекте тексттин берилишине байланыштуу. Байыркы Чыгыш укугунда YЙ-бYле жана мурастык укуктун бардык нормаларында аялдар менен балдардын баш иЙYYЧY, деградацияланган абалы, аялдар менен эркектердин мурастык укуктарынын тецсиздиги ж.б. сыяктуу бирдиктYY мYнездегY белгилерди байкоого болот. Байыркы Чыгыш коомдорунда мамлекет менен катар укук да енYГYп-ескен. Ал бир катар жалпы белгилерге ээ:
- ал кулдардын деградацияланган позициясында керYнген социалдык тецсиздикти тYЗден-тYЗ бекемдеген;
- таптык тецсиздик болгон;
- дин жана адеп-ахлак бири-бири менен ажырагыс байланышта болгон.
- укук ченемдери Байыркы Чыгышта мурда калыптанган жана аларга багытталган жYPYм-турумдун калыптанган YлгYлерYне негизделген.
Салыштырмалуу Ману мыйзамдары Хаммурапи мыйзамдарынын кодексине караганда так тYЗYЛYшке ээ. Хаммурапинин мыйзамдары Чыгыштын кепчYЛYк башка байыркы эстеликтеринен айырмаланып, Хаммурапи кодекси жеке укуктук нормалар YЧYн ыйык диний мотивациянын дээрлик жоктугу менен мYнезделет. Бул анын адамзат тарыхындагы биринчи таза мыйзамдык акт экендигинен кабар берет. Ману мыйзамдарында материалды берYYHYн белгилYY бир логикасын байкоого болот. Ману мыйзамдарында укуктун YCтемдYГY диний жана моралдык нормаларга тыгыз байланышып, кебYнэсе дин менен укук аралашып кеткендигин байкоого болот.
Колдонулган адабияттар
1. Тайгараев Р.А. НАСЛЕДСТВЕННОЕ ПРАВО В ДРЕВНЕМ РИМЕ. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2018. №. 12. C. 65-66
2. Интернет ресурс: https://studfile.net/preview
3. Керимбаев М.К. Чет елкелердYн мамлекети менен укугунун тарыхы. Бишкек 2006. 39-
5.
70
Чыгыш таануунун маселелери, №2/2024
4. Тайгараев Р.А. ПРАВОВАЯ ХАРАКТЕРИСТИКА ДРЕВНЕГО РИМСКОГО ГОСУДАРСТВА. Известия ВУЗов Кыргызстана. 2018. №. 12. C. 34-36
5. Иловайский Д. И. Разыскания о начале Руси. Вместо введения в русскую историю. Москва 2015. 51 с.
6. Шнейдер, В. М. Преодоление европоцентризма в изучении истории стран Востока / В.
М. Шнейдер // Вестник Ошского государственного университета. История. - 2023. - № 2(3). - С. 109-116. - DOI 10.52754/1694867X_2023_2(3)_15. - EDN PZIBNX.
71