ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES
e-ISSN: 1694-8653
№2/2024, 49-57
УДК: 340
DOI: 10.52754/16948653 2024 2 6
БАЙЫРКЫ ЧЫГЫШ eЛКeлeРYНYН УКУКТУК НЕГИЗДЕРИ (БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ ЖАНА БАЙЫРКЫ ВАВИЛОНДУН МИСАЛЫНДА)
ПРАВОВЫЕ ОСНОВЫ СТРАН ДРЕВНЕГО ВОСТОКА (НА ПРИМЕРЕ ДРЕВНЕГО
ЕГИПТА И ДРЕВНЕГО ВАВИЛОНА)
LEGAL FRAMEWORK OF THE COUNTRIES OF THE ANCIENT EAST (ON THE EXAMPLE
OF ANCIENT EGYPT AND ANCIENT BABYLON)
Токтакун кызы ^лнура
Токтакун кызы Гулнура Toktakun kyzy Gulnura
т.и.к., улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети
к.и.н., ст.преподаватель, Ошский государственный университет Сandidate of History, Senior Lecturer, Osh State University [email protected]
_ORCID: 0000-0001-5773-2673_
Нийматжан кызы Нуризат
Нийматжан кызы Нуризат Niymatjan kyzy Nurizat
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh state university
БАЙЫРКЫ ЧЫГЫШ eЛКeлeРYНYН УКУКТУК НЕГИЗДЕРИ (БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ ЖАНА БАЙЫРКЫ ВАВИЛОНДУН МИСАЛЫНДА)
Аннотация
Макалада Байыркы Чыгыш влквлврYHYн укуктук нормалары, укук системасынын взгвчвлYктврY Байыркы Египет жана Байыркы Вавилондун мисалында терец изилденген. «Байыркы Чыгыш» тYШYHYГY чоц географиялык аймакты ээлеп, вЗYнв Байыркы Египет, Байыркы Месопотамия, Байыркы Кытай, Байыркы Индия сыяктуу влквлврдY вЗYнв камтыйт. Байыркы Чыгыш влквлврY ДYЙнвлYк маданияттын калыптанышына эбегейсиз зор салым кошкон. Бул мамлекеттердин укук тарыхын изилдввнYн эц маанилYY аспектиси болуп кул ээлввчYЛYк коомдун укугу буюм катары эсептелген кулдардын социалдык тецсиздигин, эркин адамдардын сословиелик тецсиздиги менен тыгыз байланышта болгондугу менен мYнвздвлвт. Байыркы Чыгыштын укугу дин менен, диний мораль менен тыгыз байланышкан. Байыркы Чыгыштык мамлекеттердин укугунун негизги булагы болуп кылымдар бою калыптанып келген адат эсептелген. Ошондой эле, Байыркы Чыгыш аймактарында башка аймактарга караганда эртерээк отурукташкан дыйканчылык сугат системасы негизделген. Элдер салыштырмалуу туруктуу тYШYм ала баштагантан жер иштетуу, товар алмашуу, соода - укук мамилелери, башка элдер менен байланыш тYЗYY бир топ эрте внYкквн.
Ачкыч свздвр: байыркы укук, цивилизация, Байыркы Чыгыш, Байыркы Египет, Байыркы Вавилон, укук эстеликтери, адат укугу
Правовые основы стран Древнего Востока (на примере Древнего Египта и Древнего Вавилона)
Аннотация
В представленной статье рассмотрены правовые нормы стран Древнего Востока, особенности правовой системы на примере Древнего Египта и Древнего Вавилона. Понятие «Древний Восток» занимает большую географическую территорию и включает в себя такие страны, как Древний Египет, Древняя Месопотамия, Древний Китай, Древняя Индия. Страны Древнего Востока внесли огромный вклад в формирование мировой культуры. Важнейший аспект изучения правовой истории этих государств состоит в том, что социальное неравенство рабов, которые рассматривались как правовой объект рабовладельческого общества, тесно связано с социальным неравенством свободных людей. Право древнего Востока тесно связано с религией и религиозной моралью. Основным источником права древневосточных государств был обычай, формировавшийся веками. Также на Ближнем Востоке ирригационные системы были созданы раньше, чем в других регионах оседлого земледелия. Земледелие, обмен товарами, торгово-правовые отношения, установление контактов с другими народами развивались гораздо раньше, поскольку люди стали получать относительно стабильные урожаи.
Ключевые слова: древнее право, цивилизация, Древний Восток, Древний Египет, Древний Вавилон, памятники права, обычное право
Legal framework of the countries of the Ancient East (on the example of Ancient Egypt and Ancient Babylon)
Abstract
The presented article examines the legal norms of the countries of the Ancient East, the features of the legal system using the example of Ancient Egypt and Ancient Babylon. The concept of "Ancient East" occupies a large geographical territory and includes such countries as Ancient Egypt, Ancient Mesopotamia, Ancient China, Ancient India. The countries of the Ancient East made a huge contribution to the formation of world culture. The most important aspect of studying the legal history of these states is that the social inequality of slaves, who were considered as a legal object of slave society, is closely related to the social inequality of free people. The law of the Ancient East is closely related to religion and religious morality. The main source of law in the ancient Eastern states was custom, which had been formed over the centuries.Also, in the Middle East, irrigation systems were created earlier than in other regions of settled agriculture. Agriculture, exchange of goods, trade and legal relations, the establishment of contacts with other peoples developed much earlier, since people began to receive relatively stable harvests.
Keywords: ancient law, civilization, Ancient East, Ancient Egypt, Ancient Babylon, legal monuments, customary law
Киришуу
Байыркы Чыгыш eлкeлeрYHYн укук тарыхы бир катар eзгeчeлYктeргe ээ. Алардын бири болуп eндYPYШY натуралдык мYнeздeгY бир коомдун (община) чегинде кол eнeрчYЛYк менен дыйканчылык айкалышып, бирок ага карабай товар - акча укук мамилелери кеч eнYккeндYГY менен мYнeздeлeт. Чыгыш коомчулугунда жерге болгон жеке менчик укугунун eсYп-eркYндeшY узак убакытты eзYнe камтыган. Жерге ээлик кылууга эркин дыйкан, дыйкандардын коомчулугу, храмдар (чиркeeлeр) жана башкаруучусу аркылуу мамлекет укуктуу болгон. Коомдук жерлердин басымдуу бeлYГYн башкаруучулар менен храмдар ээлеп турушкан. Бул жерлерде падышалык - храмдык чарбалар eтe эле эрте тYЗYЛYп, ал акырындап мамлекеттин менчигине eтe баштаган [4].
Байыркы Чыгыш eлкeлeрYндe таптардын уюшуу процесси социалдык ар турдYYЛYктeн жана акырындап Yч таптын пайда болушунан кабар берген. Алсак:
- кулдар табы;
- эркин майда eндYPYYЧYлeрдYн табы;
- YCтeмдYк кылуучулардын табы.
Андан сырткары дыйканчылыкта, ак сарайда иштеген жана кызмат eтeгeн аристократия, соттор, армиянын командалык курамы, дыйкан коомунун eз алдынча тeбeлдeрYHYн да коомдо даражасына карата орду болгон. Бул таптардын ортосунда бири биринен так ажырата турган социалдык чектер болгон эмес. Мисалы, кeз каранды калктын ар тYPДYY категориялары жашап, алар эркин адамдар менен кулдардын ортосунда, эркин майда eндYPYшчYлeр менен YCтeмдYк кылуучу таптын ортосунда болушкан жана ар тYPДYY укук абалын ээлешкен [1].
Байыркы Чыгыш eлкeлeрYндe кулчулук турмуштун бардык тарабына зор таасирин тийгизип турган. Ал дыйкан коомчулугуна терец сицип, коомдун психологиясын аныктаган коомдук жана YЙ-бYлeeлYк мамилелерди eркYндeткeн. Бирок ошону менен катар Чыгыш eлкeлeрYHYн ар биринде eзYнe тиешелYY айкын eзгeчeлYктeр да кездешкен. Мисалга алсак, Байыркы Вавилондо ири падышалык - храмдык чарба салыштырмалуу eзгeчeлeнгeн коомдук - жеке чарба менен бирге эриш-аркак жашаган. Бул жерде кулдардын жана eздeрYHYн коомдук участкаларынан ажырап калган ^з каранды адамдардын эмгеги кецири колдонулган. Ошону менен eнYккeн падышалык - храмдык чарба дыйкандарды салык жактан бир топ бошоткон. Кул ээлeeчYЛYк коомдун eнYГYШYHYн eзгeчe жолу Байыркы Египетке тиешелYY. Ал эми Байыркы Индиядагы кул ээлeeчYЛYктYн eзгeчe шарты жана адамдардын укуктук абалы Байыркы Индиялык коомдун тeрт варнага бeлYHYШY менен мYнeздeлeт. Аларга:
- брахмандар;
- кшатрийлер;
- вайшилер;
- шудралар кирет.
Бул коомдогу адамдардын жиктелYYCY ^ш^ген касталардын иерархиялык сословиялык бeлYHYШY менен тыгыз байланышкан. Бул жерде укуктук мамилелер сословиелик - варналык, касталык мамилелер менен жуурулушуп кеткендигин байкоого болот. Ошону менен бирге Индияда б.э.ч. 1-миц жылдыктарда эле феодализмдин жана жеке укук мамилелеринин элементтери пайда боло баштаган. Мисалга алсак, арендалык мамилелер, жерди белеке берYY практикасы, брахмандардын жерди мурастоосу, менчик укук мамилелери ж.б. айтсак болот.
Кул ээлeeчYЛYктYн eнYГYШYHYн eзгeчe картинасы Байыркы Кытайда байкалган. Бул жерде кул ээлиги менен катар башкаруучу байлар тарабынан коомдук (общиналык) -дыйкандарды ЭЗYYHYH системасы эрте кылыптандыгы менен мYнeздeлeт. Бул система
адегенде коомдук талааларда иштеп берYY формасында, анан дыйкандардын участкаларынан алынган тYШYмдYн бир бвЛYГYн тартып алуу аркылуу рента - салыкты вндYPYY жолу менен ишке ашырылган.
Байыркы Чыгыш коомундагы саясий уюмдар да взгвчв мYнвзгв ээ. Бул жерлерде мурасталуучу жана чексиз монархия тYPYнДв квбYнчв «чыгыш деспотиясы» калыптанган. Анда монарх вЗY жеке мыйзам чыгаруучу жана жогорку сот катары чечим чыгаруу укугуна ээ болгон. Чыгыш деспотиясы - бул катуу полициялык режими аркылуу бийлик вЗYнв тиешелYY бардык аймака катуу квзвмвл жYргYЗгвн борборлоштурулган мамлекет. Байыркы Кытай жана Байыркы Египетте жогоруда биз айткан чыгыш деспотиясынын квпчYЛYк элементтери байкалат. Кытайда император кудай катарында эсептелген. Ага «асмандын уулу» деген ысым ыйгарышып, ал ыйык адам катары анын взгвчв ырым - жырымдары болгон. Демек, унификацияланган дYЙнвЛYк квз карашты калыптандырууга жана башкаруучу кудайды дацазалоого чакырган мамлекеттин идеологиялык функциясы алдыда турган. Байыркы Чыгыш коомунда башкаруунун республикалык формасы да кезешкен. Алсак, Финикиянын жана Месопотамиянын алгачкы шаар - мамлекеттеринде вкYм CYргвн. Алардын кээ бири олигархиялык республика болуп, анда бийлик тектин аристократиясына таандык болгон. Ал тургай Месопотамиянын жана Маурилердин мамлекеттеринде падышалык бийлик чексиз, мурасталуучу, мыйзам чыгаруучу, соттоочу функцияга ээ болгон эмес. Падыша жвн гана катардагы адам катары каралып, кудай катары ыйык саналбаган. Бардык башка мамлекеттер сыяктуу эле Байыркы Чыгыштык монархиялык жана республикалык мамлекеттер таптык YCтвмдYк кылуунун жана ЭЗYYHYH куралы катарында чыгып, квптвгвн чарбалык, аскердик, финансылык ж.б. функцияларды аткарган. Алардын жардамы менен YCтвмдYк кылуучу тап вз элин жана башка элдерди талап - тоногон.
Чыгыш влквлврYHYн укук тарыхына квз чаптырсак адаттагыдай эле мамлекет менен укук бирге калыптанган. Байыркы Чыгыш влквлврYHYн укугунда бир катар жалпылыктар бар болуп, кул ээлввчYЛYк коомдун укугу буюм катары эсептелген кулдардын социалдык тецсиздигин, эркин адамдардын сословиелик тецсиздигин бекемдеген. Байыркы Чыгыштын укугу дин менен, диний мораль менен бекем байланышкан. Байыркы Чыгыш мамлекеттеринин укугунун негизги булагы болуп кылымдар бою калыптанып келген адат эсептелген. Адаттар коомдук эреже катары узак убакыттар бою ооз эки тYPДв муундан-муунга втYп келген. Жацы таптык мYнвз менен толукталган, мамлекет тарабынан уруксат берилген жазуу жYЗYндвгY укук нормалары (брахмандардын компиляциялары) пайда болгон учурдан кийин да, адат укуктун алгачкы эстелиги катары ордун жоготкон эмес. Укуктун алгачкы эстеликтери негизинен квбYрввк тараган адаттарды, турукташкан сот практикасын сактаган. Алардын толук эместиги, бир катар институттар менен нормалардын толук иштелип чыкпагандыгы, кYмвндYY мYнвздYYЛYГY мына ушундан келип чыккан. Анткени укук нормасы жалпыланып абстракттуу тYPДв берилбестен, конкреттYY окуяны мыйзам аркылуу туура чечYY тYPYндв берилген. Укук нормаларында эски тектик тYЗYЛYштYн нормалары да кенен чагылдырылган. Убакыттын втYШY менен бул нормалар мYЛктYYЛврдYн пайдасына кызмат кылып, кедейлердин укуктарын чектвв тарабына взгврYп кеткен. Жалпылап айтканда, Байыркы Чыгыштык укук коомдо патриархалдык чоц YЙ - бYЛввнYн калдыктарын бир топ даражада сактоо менен динди жогору туткандыгы менен айырмаланат. Байыркы Чыгыш влквлврYHYн укуктук негиздерин, укуктук взгвчвЛYктврYн изилдввдв Байыркы Египет жана Байыркы Вавилон мамлекеттеринин орду чоц. Ошондуктан авторлор Байыркы Чыгыш
eлкeлeрYHYн укук тарыхын жана тажрыйбасын ачып берYYДe жогоруда аталган эки мамлекетке токтолууну туура кeрYштY.
Байыркы Египет мамлекети.
Африканын тYндYк-чыгышында Нил дарыясынын тeмeнкY агымында жашаган Байыркы дYЙнeнYн маанилYY цивилизациясынын тарыхый аймагынын жана маданиятынын аталышы. Байыркы Египетте ирригациялык курулуштарды салууга аскер туткунундагы кулдардын эмгегин кенен пайдаланган Нил суусунун eрeeнYндe калыптанган. Египетте таптык коом б.э.ч. 4-миц жылдыктын биринчи жарымында пайда болгон. Ал эми мамлекет болсо ошол миц жылдыктын экинчи жарымында тYЗYЛгeн.
Байыркы Египеттин тарыхы бир катар мезгилдерге бeлYнeт:
- Алгачкы падышачылыктын мезгили (б.э.ч. 3100 - 2800- жылдар);
- Байыркы же эски падышачылыктын мезгили (б.э.ч. 2800 - 2100-жылдарга жакын );
- Ортоцку падышачылыктын мезгили (б.э.ч. 2250 - 2100 - жылдарга жакын);
- Жацы падышачылыктын мезгили (б.э.ч. 1575 - 1087-жылдарга жакын);
Байыркы, Ортонку жана Жацы падышачылык мезгил аралыгы Египеттин чарбалык жана саясий жактан начарланышына алып келген. Жацы падышачылыктын Египети - ал кошуна элдерди жецип алган тарыхтагы биринчи дYЙнeлYк держава болуп саналат. Анын курамына Сирия, Нубия, Ливия, Палестина ж.б. аймактар кирген. Жацы падышачылыктын аягында Египеттин саясий кYЧY тeмeндeйт. Ал жецип алуучулардын олжосу, адегенде персиялыктардын, кийин римдиктердин олжосу болот.
Коомдук жана мамлекеттик тYЗYЛYШY. Байыркы Египетте чарбалык жана коомдук негизги бeлYкчe айылдык коом (община) эсептелген. Анын ичинде коом ыдырап, айыл чарбасы ылдамдатылып, кошумча тYШYмдeрдY адегенде коомдук тeбeлдeр, андан кийин борборлоштурулган мамлекет ээлеген. Байыркы Египеттин социалдык курамы да мицдеген жылдардын ичинде тYЗYЛYп кийин eзгeрYYгe дуушар болгон. Негизги таптардын тYЗYЛYШY б.э.ч. 4-миц жылдыктардын аягында кYчeгeн. Ошол мезгилде уруу - тектик аристократиядан, соттордон, бай коомдон турган YCтeмдYк кылуучу социалдык катмар пайда болгон. Ал катмар улам барган сайын коомдогу дыйкандардын калыц массаларынан бeлYHYп, акырындап татаал ирригациялык ситеманы башкаруу функциясын ишке ашырып, борборлоштурулган мамлекетти тYЗYYгe кeмeктeшeт. Анын экономикалык жана саясий кубаттуулугу eсeт. Байыркы Падышачылыктын убагынан бери сакталган падышанын указдарында, храмдардын жана алар жайгашкан жердердин укуктары жана артыкчылык - жецилдиктери, аристократияга жана храмдарга тартууланган жерлер жeнYндeгY кYбeлYктeрдe кeрсeтYЛгeн.
Падышалык чарбаларда жана ак сeeк байлар менен чиркeeчYЛYPДYн чарбаларында кeз каранды эрксиз адамдардын ар тYPДYY категориялары: аскер туткундарынан кулдар, тектештер, «падышанын малайлары» эмгектенишкен. Египетте кулдарды сатышкан, са- тып алышкан, мураска беришкен, белеке тартуулашкан, кээде жерге отургузуп, мYЛк берип, TYШYMYHYH жарымын алышкан. Ошондой эле карызданган египеттиктер eзYн eзY кулдукка саткан, кылмышкерлерди кулга айлантуу да практикаланган.
Байыркы Египетте Фараондун бийлиги мурасталган. Фараон эц жогорку диний кызматкер жана кудай деп эсептелинген. Мамлекеттеги TYШYM, адилеттYYЛYк, коопсуздук, мамлекетттин келечегинин баары падышага тиешелYY болот деп эсептешкен. Падышанын дарегине карата айтылган ар кандай сeздeр, бийлигине болгон социалдык каршылык динге каршы жасалган кылмыш катары каралган. Фараон мамлекеттик бийликтин жогорку алып жYPYYЧYCY катары мамлекеттин жер фондусуна укугу чексиз болгон. Мамлекеттик кулдар
менен бирге жерди байларга, чиновниктерге, сотторго, усталарга ж.б. адамдарга белеке берYYгв укуктуу болгон. Фараон борборлоштурулган административтик аппаратты жетектеп, бардык жогорку чиновниктерди дайындаган. Кол алдындагы кызматкерлерге жерди белеке тартуулаган жана вЗY каалаган титулдарды ыйгарган. Чиновниктер бир эле учурда чарбалык, диний, аскердик, сот ишмердигин жYргYЗв алышкан. Байыркы Египетте укуктун булагы адат болуп саналган [2].
ЖергиликтYY башкаруу. Оокат - жайлуу дыйкандардын вкYЛдврYнвн турган коомдук (общиналык) кецештер жер-жерлердеги чарбалардын жана администрациянын органдары болушкан. Алар жер берYY актысын катташкан, жасалма сугат тармагын байланыштуу иштери квзчмвлгв алышкан. Аймактагы дыйканчылыктын внYГYШYнв кYЗ салып турушкан. Ортоцку падышачылыкта борбордук аппараттын кYч алышына байланыштуу общиналык кецештер да, чоц эмес мамлекеттердин вкYЛдврY - монархчылар да вз алдынчалыгын жоготушкан. Жацы падышачылыкта влкв областарга жана эки чоц округга - ТYштYк жана ТYндYк Египетке бвЛYнгвн. Бул аймактарды падыша дайындаган чиновниктер башкарган.
Армия. Байыркы Египетте туруктуу армия болгон эмес. Армия согуш операциясын жYргYЗYY, кулдарды, башка мулкту басып алуу учурунда гана ыктыярдуу адамдардан куралган. Мындай согуштук жYPYштвргв катышуу пайдалуу иш болгон. Даярдалган офицерлер болгон эмес. Тышкы сооданын внYГYШY, мамлекеттин чек араларынын кецейиши, чек аралык чептерди, таяныч пункттарын, флотту курууну, ошону менен бирге туруктуу армияны тYЗYYHY талап кылган. Атайын аскердик ведомство - «курал жарак YЙY» Египетте эц эле эрте тYЗYЛYп, ал армияны куралдандырууну, чептерди курууну башкарган. Эзгвчв каармандыгы жана сицирген эмгеги YЧYн жоокерлер жер участкалары менен, кулдар менен, мал менен сыйланышкан. Египетте кадрдык офицерлер, падышанын жеке башын сактоочу гвардия эрте тYЗYЛгвн. Жаш падышачылыкта активтYY тышкы саясатка байланыштуу согушка жвндвмдYY чоц армия тYЗYЛвт. Жоокерлерди атайын аскердик окуулардан жана машыгуулардан вткврYШYп, атчандар жана жввлвр менен катар согуш двцгвлвктврY да тYЗYЛвт. Армия адегенде полициялык функцияларды да аткарган. Жацы падышачылыктын мезгилинде ал функцияны атайын полициялык отряддар аткарып калышкан.
Сот иштери. Египет коомунун внYГYYCYHYн бардык мезгилдеринде сот администрациядан бвЛYнгвн эмес. Байыркы падышачылыкта жергиликтYY соттун функциялары негизинен вЗYн-вЗY башкаруунун коомдук органдарында топтоштурулган. Алар жер, суу талаш - тартыштарын, YЙ - бYЛвв жана мурастоо мамилелерин карашкан. Номдордо падышанын соттору болуп «кудай чындыгынын соттору» деген наам алып жYPYYЧY монархчалар эсептелген. Падышалык соттордун ишмердигинин YCтYнвн жогорку квзвмвлдYктY фараондун вЗY жYргYЗгвн. Фараон мамлекеттик кылмыштар менен вЗYнв байланышкан жашыруун иштерди текшериш YЧYн ишенимдYY адамдарынан турган взгвчв кырдаалдык сот коллегиясын дайындай алган. БелгилYY сот функцияларын храмдар да аткарып, зор диний авторитетке ээ болгон.Бул кудайдын атынан CYЙлвгвн соттун чечимин падышалык чиновниктер да талашка сала алган эмес. Жалпылап айтканда, Байыркы Египет мамлекетин фараонсуз элестетYY мYмкYн эмес. Мамлекеттик бийлик Байыркы Египетте бюрократиянын внYГYШY менен бирге внYкквн. Байыркы Египеттин мамлекеттик аппаратынын взгвчвЛYктврY жана анын ички тYЗYЛYШY мындан ары да изилденYYгв тийиш.
Байыркы Вавилон.
Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миц жылдыктын экинчи жарымы биздин заманга чейинки 4-кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын
жээгинен орун алган. Б.э.ч.. 2-мицинчи жылдарда Байыркы Вавилон мамлекетинин пайда болушунан мурда Месопотамияда таптык коомдун жана мамлекетгин калыптанышынын узакка созулган тарыхы болгон. Бул жерде 4-миц жылдыкта эле ирригациялык иштерди жYPГYЗYY менен байланышкан дыйканчылык гYЛдeп eнYгe баштаган. Бул жерде биринчи шаар - мамлекеттер жер ээлери туруктуу жашаган жерлеринде б.э.ч. 4-миц жылдыктын аягында жана 3-мицинчи жылдыктын башында эле пайда боло баштаган. Шаарларда башкаруунун жeнeкeй аппараты тYЗYЛYп, ал сугат жерди эсепке алуу, чиркeeлeрдYн чарбасы, ырым -жырым, коомдук иштер менен алектенген жана акырындап жацы функциялары бар мамлекетик аппаратка айланган. Таптык ажырым Кош eзeндYн жээгинде жашаган шумерлер менен аккад урууларында алгачкылардан болуп пайда болгон. Алар ТYштYктe Шумер, ТYндYктe Аккад деп Кош eзeндYн эки бeлYГYн ээлешкен. Шумер цивилизациясынын биринчи борбору Урук болгон. Шаарлардын эц байыркысы Аккад, ал Евфраттын оц жээгине жайгашкан. ЭлкeнYн тарыхында Байыркы Вавилондук падышалардын ору чоц. Алсак, Хаммурапи падышанын учурунда (б.э.ч. 1792-1750-жылдар) аябай гYЛдeгeн. Анын чек аралары Персия булуцунан Сирияга чейинки аймакты кучагына алган.
Калктын укуктук абалы. Вавилондун социалдык курамы eтe татаалдыгы менен айырмаланган. Анын себеби Байыркы Вавилондун экономикасынын кeп кырдуулугунда жана товар-акча мамилелеринин башка элге салыштырмалуу жогорку децгээлде eнYккeндYГYнe байланыштуу. Коомдук турмушта кулчулук eз таасирин социалдык мамилелерге, идеологияга, психологияга жана укукка тийгизген. Ошону менен бирге кулдун эмгеги eндYPYштYн басымдуу тармагында пайдаланылган. Жацы Вавилондук падышачылыкта кул кeбYнчe жерди ижарага алып турган. Кээ бир кулдар эркин адамдар сыяктуу eздeрYHYн чарбасын жYргYЗYшкeн.
Вавилон коомчулугунда обочолонгон эки топ болгон: авилумдар (жогорку абалды ээлешкен) жана мушкенумдар (падышага кызмат кылып, артыкча коргонуу укугуна ээ болушкан). ЭзYYЧYлeрдYн катарына падышанын жана храмдардын чиновниктери, соодагерлер, CYткорлор кирген.
Хаммурапинин мыйзамы - Байыркы Вавилон коомундагы кeптeгeн укуктук маселелерди камтыган байыркы укук эстеликтеринин бири катары белгилYY. Хаммурапи падышанын мыйзамдары - Байыркы Вавилондук укуктун маанилYY эстелиги болуп саналат. Хаммурапи падышанын мыйзамдары Байыркы Вавилондун укук турмушунун негизин тYЗYп, бул мыйзамдар адат укугунун нормаларын, сот практикасын жана императордун указдарынын тикеден-тике жазмасы болуп саналат. Хаммурапинин мыйзамдары тарыхта биринчи укуктук документ, анда сословиелик - таптык бeлYHYштeр, жеке менчикке кол салгандын каардуу жазаланышы, кулдарга кол салуучулук ыраттуу чагылдырылган. Ошондой эле, кул кожоюнун менчиги катары саналып, аны уурдоо жана качкан кулду жашыруу eлYм менен жазаланган. Мыйзамдардын кириш сeзYндe падышаны «Кудайдан корккон дацктуу eз калкы YЧYн, eлкeнYн биримдиги YЧYн камкор падыша» катарында дацазаланат. Мыйзамдардын жоболору падышалык - храмдык мамилелерди, территориясында жасалган кылмыш YЧYн общинанын коллективтYY жоопкерчилигин, уруу - тектик TYЗYЛYШTYH адаттарын укук жагынан бекемдеп жeнгe салган. Укуктун Байыркы Чыгыштык башка эстеликтериндей эле Хаммурапинин мыйзамдарында кылмыш-жаза укугунун нормалары процессуалдык нормалар менен алмашып, мYЛктYк мамилелерди жeндeйт. Мыйзамдар дин, диний ырым-жырымдар менен тыгыз байланышта болгон. Кылмыштын эц оору диний ырым - жырымдарга мYнeздYY укук бузуулар, жергиликтYY кудайларга ишенбегендик менен чын ыкластан эмес мамиле жасоо,
антты бузуу кылмышы, жалган кYнвв коюу, уурулук, тоноо, ата-энелерге жана улууларга урмат-сый кылбай мамиле жасоо, ойноштук кылуу ж.б. кылмыштар болгон. ^нввдвн кылмыштан кутулуу YЧYн жазалоонун взгвчв ырым-жырымын гана кылбастан, свзсYЗ тYPДв чын дилден вкYHYY да чоц мааниге ээ болгон. Вавилондук сот адилеттигинде диний ант берYY чоц роль ойногон. Жалган ^бв болуу, жалган жеринен айып кою менен катар ант берYY кылмышына мыйзамдардын биринчи беренелери кокусунан арналган эмес. Себеби алар взгвчв кYнвЛYY жана оор кылымыш катары эсептелген. Хаммурапинин мыйзамдарына укук техникасынын эц эле жвнвквйлYГY укук нормаларынын формалдуулугу, ырым-жырымдар менен, каймана маанидеги процедура (тартип) менен тыгыз байланыштуулука мYнвздYY болгон. Мисалы, жерди жана кулду бирввгв берYYДв свзсYЗ тYPДв кат жYЗYндв келишим тYЗYY жана кYбвлврдYн квЗYнчв жYргYЗYY талап кылынган. Хаммурапинин мыйзамдарында жалпы эле Байыркы Чыгыштык нормаларга мYнвздYY болгон бир катар нормалар да каралган. Мисалы, чарбалык иштерге мамлекеттин тYЗдвн-тYЗ кийлигишYYCY, врачтардын, курулушчулардын, корабль куруучулардын эмгек акыларынын влчвмYн бекитYY, кол внврчYHY, малды жана кемени жалдаганда твлвнYYЧY акынын влчвмY, CYткорлордун проценттик акыларынын, эгинге коюлуучу баалардын денгээли жвнYндв нормалар ж.б. кездешет.
МYЛктYк мамилелер. Байыркы Вавилондун укук булактары кврсвтквндвй падыша, храмдар, жеке адамдар жерге ээлик кылууга укуктуу болушкан. Падыша менен храмдын менчик жерлери адамдардын ар тYPДYY категорияларына: жоокерлерге, сотторго, соодагерлерге берилген. Хаммурапинин мыйзамынын бир тобу атайын келишимдерге арналган. Барымтага жерди эле эмес, вз YЙ - бYЛввCYHYн мYчвлврYн да берYYгв уруксат берилген. Керт башын, MYЛKYH, жерин убактылуу пайдаланууга берYY келишимдери втв эле оор мYнвздв болгон. Жерди ижарага алган адам TYЩYMДYH Yчтвн эки белYГYн ижара акысына твлвбвствн, жерди жакшыртылган тYPYндв кайрып берYYгв милдеттYY болгон. Жеке адамды жалдаганда врачтар менен айыл чарба кызматкерлеринин жана алар менен кулдардын ортосунда акы твлввнYн чоц айрымалары болгон: айыл чарба кызматкерлерине врачтарга караганда эки эсе, кулдарга караганда беш эсе кымбат твлвшквн. Жерди иштетYYЧY жалданма жумушчунун шарттары да оор болгон. Айдоо жерлерде эгин встYрбвгвн, дандын тукумун уурдаган, кожоюндун малын алсыраткан жалданма кызматчы дан эгин да твлвп, Yствк да тарткан, YCтвктY твлвбвй кою вЛYм жазасына тартылган, анын эки бутун эки азоо байталдын куйругуна байлап влтYPYшквн. Тапшырма берYY, сактоо жана жолдошчулук келишимдери соода тармагында кат жYЗYндв тYЗYЛгвн, аны бузгандыгы YЧYн эки тарап тец Yствк твлвм твлвв менен кутулушкан.
НикелешYY жана YЙ - бYЛввЛYк мамилелер. Yй-бYЛввЛYк укук мамилелерин жвнгв салуу Байыркы Вавилондо патриархалдык мYнвздв болгон. Бирок Байыркы Вавилондук аялды толук бойдон укуксуз деп айтууга болбойт. Себеби ал ^бв боло алган, кYЙввCYHYн же уулунун квЗYнчв келишим тYЗв алган, YЙ-бYЛввЛYк мамилелерге кулдар да аралаша алышкан. Мисалы, аялы баласыз болсо, тукум кYЦДвн алынган. Эркин адамга бала тврвп берген ^ц кYMYшкв сатылбаган, ээси влгвн соц эркиндикке чыгарылган. Нике келишим менен бекемделген, келишимди ^йвв менен келиндин атасы эквв тYЗYшквн. Кээ бирде кYЙввнYн кулчулук абалы да никеге тоскоол боло албаган. Никенин эц эле кецири тараган шарттарынын бири сатык баасы (тархатум - калыц) болгон, аны ^йвв колуктусунун YЙ-бYЛввCYнв жумушчу KYЧYH жоготкондугу YЧYн ордун толуктоо иретинде твлвгвн. Адегенде задаток (библиум) твлвнYп берилген. НикелешYY келишими кYЙвв тарабынан бузулса ал задатканы да, сатык баасын
(берген калыцын) да жоготууга алып келген. Нике аялдар YЧYн гана моногамдуу болгон. КYЙeeсY болсо кYЦY менен, же башка аял менен жашоого, андан балалуу болууга, баласын асырап алууга укуктуу болгон [3]. Патриархалдык мамилелер эри менен аялын гана эмес, атасы менен балдарын да байланыштырган. Атасы балдарынын YCTYнeн eмYP жана eлYм укугун билбеген. Бирок оор карызына берYYгe, кызын кYчкe салып адамга эрге берYYгe, оор кYнeeсY YЧYн уулун мураскорлуктан же мураска алуучу YЛYШYнeн ажыратууга укуктуу болгон. Бул жагдай Вавилондо осуят боюнча мурастоонун укуктук институту пайда боло баштаганын айгинелейт. Жалпы эреже болуп YЙ-бYлeeнYн чегинде мыйзам боюнча мурастоо эсептелген. Эркек балдары атасынан калган MYЛKTY тец бeлYштYPYп, eз YЛYштeрYн мураска алышкан, кыздары сеп алышкан. Эгер балдары ар башка энелерден же кYЦдeрден туулуп, бирок атасы тарабынан моюнга алынган болсо бардыгы мурастоо укуктарында тендештирилген.
Коомдук жана мамлекеттик TYЗYЛYШ. Вавилондо мамлекеттик уюмдун башаты болуп мамлекет - шаарлар эсептелген. Алардын башында падыша eзY туруп, падыша «текти башкаруучу», «храмды тYптeeчY» деп аталган. Шаарларда коомчулуктун (общинанын) чогулушу, аксакалдардын кецештери eткeрYЛгeн. Анда башчыны шайлоо менен бирге укуктарын да аныкташкан. Коомдук чогулуштар мыйзамдарды кабыл алышкан. Ал мыйзамда финансы, сот, коомдук тартипке байланыштуу нормаларды иштеп чыгышкан. Падышалык бийлик Байыркы Вавилондук падышачылыкта борборлуштуруунун бийик даражасына жеткен.
Сот TYЗYЛYШY. Хаммурапиге чейинки мезгилде коомдук, храмдык соттор, алардын кецештери жана чогулуштары иштеген. Хаммурапи падышалык адамдардын ишин караган жана падышалык сотторду киргизген. Бул жерде сот инстанциясы такыр эле болгон эмес. Падышанын соттору менен катар полициянын, сот аткаруучуларынын, секретарлардын, храмдардын да соттору болгон. Алар коомдук маселелерди чечYYДe маанилYY роль ойногон.
Жыйынтык
Жалпылап айтканда, Чыгыш eлкeлeрYHYн укук тарыхына ^з чаптырсак мамлекет менен укук бирге калыптанган. Байыркы Чыгыш eлкeлeрYHYн укугунда бир катар жалпылыктар бар болуп, кул ээлeeчYЛYк коомдун укугу буюм катары эсептелген кулдардын социалдык тецсиздигин, эркин адамдардын сословиелик тецсиздигин бекемдеген. Байыркы Чыгыштын укугу дин менен, диний мораль менен бекем байланышкан. Байыркы Чыгыш мамлекеттеринин укугунун негизги булагы болуп кылымдар бою калыптанып келген адат эсептелген.
Колдонулган адабияттар
1. Керимбаев М.К. Чет eлкeлeрдYн мамлекети менен укугунун тарыхы. - Бишкек. 2006.
2. Интернет ресурс: https://naukaru.ru/ru/nauka/article/38787/view
3. Саггс Г.С. Величие Вавилона. История древней цивилизации Междуречья / пер. с анг. Л.А.Игоревского. Москва 2012. 464 с.
4. Зууридинов, 0. Фараон менен Муса пайгамбардын байланышына салыштырма анализ / 0. Зууридинов // Вестник Ошского государственного университета. - 2024. - N0. 3. -Р. 145-158. - БОТ 10.52754/16948610 2024 3 13. - EDNМЮТМБ.