Научная статья на тему 'ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНДА ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ'

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНДА ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
туруктуу өнүгүү / интеграция / туруктуу өнүгүү максаттары / билим берүү программалары / болочок мугалимдер / баалоо каражаттары / sustainable development / integration / sustainable development goals / educational programs / future teachers / evaluation tools

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна, Сооронбаева Каухар Акылбековна

Туруктуу өнүгүү максаттарын билим берүүдө ишке ашыруу үчүн аныкталган көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүү жолдорун окуу пландарына жана программаларына интеграциялоо максатка ылайык. Изилдөө жогорку кесиптик билим берүүдө болочок адистерди даярдоо практикасына туруктуу өнүгүү идеяларын интеграциялоонун, туруктуу өнүгүү компетенцияларын калыптандыруунун жолдорун аныктоо жана конкреттүү мисалдар менен тастыктоо максатында жүргүзүлдү. Изилдөөдөн алынган жыйынтыктар болочок мугалимдерде туруктуу өнүгүү компетенцияларын калыптандыруу, туруктуу өнүгүү натыйжаларына жетиштирүү үчүн туруктуу өнүгүү идеяларын окуу процессине, б.а. окуу пландарына, жумушчу программаларга, практикаларга, сабактардын иштелмелерине, баалоо каражаттарына, окутуу технологияларына интеграциялоого өбөлгө түзөт. Изилдөөдө туруктуу өнүгүү максаттарын билим берүү программаларына интеграциялоонун жолдору Ош мамлекеттик университетинин билим берүү программаларынын мисалында көрсөтүлдү.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна, Сооронбаева Каухар Акылбековна

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

WAYS TO IMPLEMENT THE SUSTAINABLE DEVELOPMENT GOALS IN EDUCATIONAL PROGRAMS

In order to achieve the Goals of Sustainable Development in education, it is advisable to integrate solutions to the identified problems and tasks into curricula and programs. The study was carried out to identify and confirm by concrete examples the ways of integrating the ideas of sustainable development into the practice of training future specialists of higher professional education, the formation of sustainable development competencies. The results obtained as a result of the study are related to the process of teaching ideas of sustainable development for the formation of sustainable development competencies in future teachers, to achieve the results of sustainable development, i.e. promotes integration into curricula, work programs, practices, lesson plans, assessment tools, learning technologies. The study shows the ways of integrating sustainable development goals into educational programs on the example of educational programs of Osh State University.

Текст научной работы на тему «ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНДА ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PEDAGOGY. PSYCHOLOGY

e-ISSN: 1694-8742

№ 1(4). 2024, 75-83

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРYYНYН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА ПРАКТИКАСЫ Теория и практика профессионального образования Theory and practice of vocational education

УДК: 378.14.015.62

DOI: https://doi.org/10.52754/16948742 1(4) 9-2024

ТУРУКТУУ GHYrYY МАКСАТТАРЫН БИЛИМ BEPYY ПРОГРАММАЛАРЫНДА

ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ

ПУТИ РЕАЛИЗАЦИИ ЦЕЛЕЙ УСТОЙЧИВОГО РАЗВИТИЯ В ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫХ ПРОГРАММАХ

WAYS TO IMPLEMENT THE SUSTAINABLE DEVELOPMENT GOALS IN

EDUCATIONAL PROGRAMS

Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна

Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна Altybayeva Meilikan Altybaevna

пед. илимд. канд., Ош мамлекеттикуниверситетинин профессору канд. пед. наук, профессор Ошского государственного университета Cand. of Ped. Sciences, Professor at Osh State University maltybaeva@oshsu.kg ORCID: 0000-0003-1469-3824

Сооронбаева Каухар Акылбековна

Сооронбаева Каухар Акылбековна Sooronbaeva Kaukhar Akylbekovna

улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети старший преподаватель, Ошский государственный университет senior lecturer, Osh State University kasooronbaeva@gmail.com ORCID: 0000-0001-8420-7495

ТУРУКТУУ GHYrYY МАКСАТТАРЫН БИЛИМ БЕРYY ПРОГРАММАЛАРЫНДА

ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ

Аннотация

Туруктуу eHYrYY максаттарын билим берууде ишке ашыруу учун аныкталган кейгейлерду жана маселелерди чечуу жолдорун окуу пландарына жана программаларына интеграциялоо максатка ылайык. Изилдее жогорку кесиптик билим берууде болочок адистерди даярдоо практикасына туруктуу енугуу идеяларын интеграциялоонун, туруктуу енугуу компетенцияларын калыптандыруунун жолдорун аныктоо жана конкреттуу мисалдар менен тастыктоо максатында жургузулду. Изилдееден алынган жыйынтыктар болочок мугалимдерде туруктуу енугуу компетенцияларын калыптандыруу, туруктуу енугуу натыйжаларына жетиштируу учун туруктуу енугуу идеяларын окуу процессине, б.а. окуу пландарына, жумушчу программаларга, практикаларга, сабактардын иштелмелерине, баалоо каражаттарына, окутуу технологияларына интеграциялоого ебелге тузет. Изилдееде туруктуу енугуу максаттарын билим беруу программаларына интеграциялоонун жолдору Ош мамлекеттик университетинин билим беруу программаларынын мисалында керсетулду.

Ачкыч свздвр: туруктуу енугуу, интеграция, туруктуу енугуу максаттары, билим беруу программалары, болочок мугалимдер, баалоо каражаттары.

Пути реализации целей устойчивого развития в образовательных программах

Ways to implement the sustainable development goals in educational programs

Аннотация

Для реализации Целей устойчивого развития в образовании целесообразно интегрировать пути решения выявленных проблем и задач в учебные планы и программы. Исследование проводилось с целью выявить и подтвердить на конкретных примерах пути интеграции идей устойчивого развития в практику подготовки будущих специалистов высшего профессионального образования, формирования компетенций устойчивого развития. Результаты, полученные в результате исследования, связаны с процессом обучения идеям устойчивого развития для формирования компетенций устойчивого развития у будущих учителей, для достижения результатов устойчивого развития, т.е. способствует интеграции в учебные планы, рабочие программы, практики, планы занятий, инструменты оценки, технологии обучения. В исследовании показаны пути интеграции целей устойчивого развития в образовательные программы на примере образовательных программ Ошского государственного университета. Ключевые слова: устойчивое развитие, интеграция, цели устойчивого развития, образовательные программы, будущие учителя, оценочные средства.

Abstract

In order to achieve the Goals of Sustainable Development in education, it is advisable to integrate solutions to the identified problems and tasks into curricula and programs. The study was carried out to identify and confirm by concrete examples the ways of integrating the ideas of sustainable development into the practice of training future specialists of higher professional education, the formation of sustainable development competencies. The results obtained as a result of the study are related to the process of teaching ideas of sustainable development for the formation of sustainable development competencies in future teachers, to achieve the results of sustainable development, i.e. promotes integration into curricula, work programs, practices, lesson plans, assessment tools, learning technologies. The study shows the ways of integrating sustainable development goals into educational programs on the example of educational programs of Osh State University. Keywords: sustainable development, integration, sustainable development goals, educational programs, future teachers, evaluation tools.

Киришуу

Туруктуу eHYryY максаттары (ТЭМ) коомдун, экономиканын иштеши жана адамдын жер планетасы менен ез ара аракеттенYYCYндe чечилиши талап кылынган татаал социалдык, экономикалык жана экологиялык проблемалардын кецири спектрин камтыйт. Бул проблемалардын чечилишинде билим берYY, изилдеелер, инновациялар жана лидерлик ете маанилYY экендигин белгилеп коюу керек. Мектептер, окуу жайлар билимдерди жаратышат, жайылтышат, изилдeeлeрдY жYргYЗYшeт, алардын натыйжаларын практикада колдонуу кeндYмдeрYн калыптандырышат.

ТЭМ - бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда тецсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишYY, глобалдык климаттын eзгeрYШYн токтотуу жана коопсуз дYЙнeнY куруу, биздин урпактардын татыктуу жашоосу YЧYн ресурстардын жетиштYYЛYгYн камсыздаган 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу eнYГYYHYн (ТЭ) экономикалык eсYш, социалдык интеграция жана айлана чeйрeнY сактоо сыяктуу 3 негизги аспектисинен турган тец салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды eзYнe камтыйт. Алар глобалдуу жана универсалдуу мYнeздe болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу eзгeрYY мYмкYндYГYнe жол берет (Туруктуу eнYГYYHYн максаттары, 2024).

Ал эми 17 максаттын эч бирине билим берYYCYЗ жетYY мYмкYн эмес. Окутуу рентабелдуу жана эффективдYY болушу, бYTYPYYЧYлeрдY реалдуу дYЙнe шарттарында кесиптик ишмердикке даярдоо YЧYн ЖОЖдор билим берYY программаларына жана башкаруу, административдик ишмердикке инновацияларды, информациялык-коммуникативдик технологияларды кийирип жатышат (Malik, 2018). Алар аркылуу билим берYYHYн сапатын жакшыртуу, окутуу натыйжаларынын, кесиптик ж.б. ишмердик YЧYн зарыл компетенттYYЛYктeрдYн калыптануу децгээлин жогорулатуу маселелери чечилиши камсыздалууда.

Ошондуктан ылайыктуу учурда окуу планына ТЭМдYн бардык максаттарын эмес, айрымдарын гана кийирYY мYмкYнчYЛYГYн да пайдалануу керек (Туруктуу eнYГYY YЧYн билим берYYHY илгерилетYY: аймактык перспективалар жана тажрыйба, 2022), (Учебники в интересах устойчивого развития, 2019). Мындай мYмкYнчYЛYктY билим берYYДe пайдалануу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген "2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын eнYктYPYYHYн Улуттук стратегиясында" белгиленген (2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын eнYктYPYYHYн Улуттук стратегиясы, 2018). Анда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Туруктуу ЭHYГYYHYH Максаттарына жетYYгe умтулат деп керсетулет. Ага ылайык региондордо жана бYткYЛ республика боюнча ТЭМге жетишYYHYн реалдуу натыйжаларга алып келе турган иш чаралары белгиленген.

Учурда мектеп мугалимдеринен да предметтерди окутууда окуучуларда ТЭМ кeндYмдeрYн, «ийкемдуу кeндYмдeрдY», «жашыл кeндYмдeрдY» калыптандыруу талап кылынып жатат (Мамедов жана авт., 2015), (Шайденко, 2017). Англиянын экономика жогорку мектебинин профессору М. Барбер «Билим берYY системасынын сапаты анда иштеген мугалимдердин сапатынан жогору боло албайт» (Barber & Mourshed, 2007) деп белгилеген. Ошондуктан, мугалим адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу аркылуу мектептик

билимдин сапаты, андан кесиптик билим берYYHYн сапатын арттырууга жетишYYгe болору шексиз.

Жогорку кесиптик билимдин сапатын тYЗYYчYлeP болуп билим беруу программаларынын, билим берYYHYн ресурстук камсыздалышынын, ПО курамдын, ошону менен бирге билим алуучунун сапаты эсептелет. Коюлган проблемага тиешеси бар катары жогорудагы тYЗYYчYлeрдYн биринчисине токтолууну туура кeрдYк. Жогоруда белгиленген директивалык документтеги милдеттерди жYзeгe ашыруу максатында ОшМУда даярдалып жаткан бардык децгээлдеги адистиктердин билим берYY программалары (ББП) иликтeeгe алынган. Изилдee ТЭМ идеяларын НББПларга интеграциялоонун жолдорун аныктоо максатында жYргYЗYлгeн.

Материалдар жана методдор

ОшМУда кабыл алынган НББПлардын структурасына максаттар жана милдеттер, окутуунун натыйжалары (ОН), окуу планы, жумушчу окуу планы, БКФ жана окуу планга кирген дисциплиналардын аннотациясы камтылышы милдеттYY. НББПга ТЭМ идеяларынын интеграцияланышы тууралуу маалыматтар курстардын аннотацияларын иликтee аркылуу изделди. НББПлардын анализи тeмeнкYлeрдY кeрсeттY:

2021-22-окуу жылынан баштап «Филологиялык билим берYY» багытынын «Чет тили» профилинин окуу планында 2 кредиттик «Устойчивое развитие в образовании» ЖОЖ компоненти болочок мугалимдерди ТЭМ менен тааныштырууга арналган курс катары кийрилген. Анда негизинен ТЭ YчYн билим берYYHY чет тили предметин окутууда ишке ашыруунун ыкмалары каралат.

Окуу-методикалык кецештин ПО курам YчYн ТЭМ маселелерине арналган атайын тренинг-семинарларынын жана Евробиримдиктин Конрад Аденауэр фонду каржылаган долбоордун жYзeгe ашырылышынын таасири астында 2019-20-окуу жылында педадистиктердин окуу планына «Коопсуз билим берYY чeйрeсYн (ББЧ) тYЗYY» 2 кредитке эсептелген ЖОЖ компоненти кийирилген. Анын максаты келечектеги мугалимдердин билим берYYHYн жацы парадигмасында иштeeсY YчYн заманбап тобокелдиктер, чакырыктар жана коркунучтар шарттарында коопсуздуктун экологиялык, маалыматтык, психологиялык жана физикалык аспектилерин эске алуу менен заманбап билим берYY чeйрeсYн уюштуруу компетенцияларын калыптандыруу жана eнYктYPYY. Бул дисциплина аркылуу болочок мугалимдер ТЭнYн 11, 13, 14, 15-максаттарын жYзeгe ашыруунун жолдору менен таанышат жана атайын ыкма-кeндYмдeргe ээ болушат.

Изилдеенун натыйжалары жана талкуу

Биздин изилдeeлeр ББПларга ТЭМдYн идеяларын интеграциялоо ар тYPДYY ыкмалар менен жYзeгe ашырылышы мYмкYн экендигин кeрсeттY.

ТЭМдY ББПларга интеграциялоо окуу жайдын миссиясына, ББПнын максаттарына, ОНдерине, МББСтеги компетенцияларга интеграциялоо аркылуу ишке ашат. Анын негизинде окуу пландары, жумушчу окуу пландар, дисциплиналардын окуу-методикалык комплекси (ДОМК), баалоо каражаттарынын фонду (БКФ) жана окутуу технологиялары тиешелеш тYPдe ТЭМгe интеграцияланат (Сооронбаева, 2023). Адегенде ТЭМдYн идеяларын анын максаттарына интеграциялоону Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) ишке ашырылып

жаткан «Физика-математикалык билим берYY» магистрдик программасынын мисалында чечмелеп кeрсeтeлY. Окумуштуулар кецешинин чечимине ылайык Ош мамлекеттик университетинин жацы «жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу внYгYYcYнв салым кошуучу заманбап адистерди даярдоо» миссиясы кабыл алынган.

Окуу жайда ишке ашырылып жаткан билим беруу программаларынын максаттары окуу жайдын миссиясын ишке ашырууга багытталган болушу шарт. Ал эми ББПнын максаттарын ишке ашыруу YЧYн анын окутуу натыйжалары ошол мазмунду камтып туруу керек. Демек, максаттар да туруктуу eнYГYYгe багытталып, ББПнын окутуу натыйжалары да туруктуу eнYГYYHY камсыздай турган мазмунда болушу абзел. Ал эми ошондой мYнeздeгY окутуу натыйжаларын алуу YЧYн окутуу мазмуну, методдор жана технологиялар, баалоо каражаттары да ага ылайыкталган болот (Исаков, Атабаев, 2023).

2021-жылы КРнын билим берYY жана илим министрлиги тарабынан бекитилген «Физика-математикалык билим беруу» багыты боюнча мамлекеттик билим беруу стандарттарында (1-таблица) туруктуу eнYГYYHY камсыздоого багытталган кесиптик компетенциялар белгиленген (ГОС ВПО КР, 2021 а), (ГОС ВПО КР, 2021Ь).

1-таблица. «Физика-математикалык билим беруу» багыты боюнча ТОгв багытталган компетенциялар

Бакалавриат Магистратура

КК-3: Туруктуу eнYГYY YчYн инсанга багытталган билим берYYHYн принциптерине ылайык билим берYY процесси YЧYн оптималдуу педагогикалык шарттарды тYзe алат (сергек жашоо образы, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, энергиянын натыйжалуулугу, маданий кeп тYPДYYлYк, гендер, инклюзия ж.б.) КК-2: Жогорку мектепте профилдик дисциплиналарды окутууга даяр, eзYHYн кесиптик чeйрeсYндe туруктуу eнYГYY принциптерин колдонууга жана окуп жаткандарды окутуу жана туруктуу eнYктYPYY учун билим берYY чeйрeсYн калыптандырууга жeндeмдYY.

Жогоруда Т0МдY камсыздоого багытталган компетенциялар педагогикалык адистиктердин мамлекеттик билим беруу стандарттарында минималдуу талап катары белгиленген. Аны калыптандырууга окуу пландагы бир нече предметтер иштешет, алардын айрымдарынын таасири ^чтуу болсо, кээ бир предметтердин аз гана таасири бар. Билим беруу программаларын ишке ашыруу алгоритмине ылайык Т0МдY камсыздоонун схемасын тeмeнкYчe кeрсeтYYгe болот (1-сYрeт):

ЖОЖдун миссиясы

ББПнын Те максаты

ББПнын Те ОН Те компетенциялар

Дисциплинанын Те ОНдери 1-сурвт. Жогорку кесиптик билим берYYдe ТеМду камсыздоонун схемасы

Жогорудагы схема боюнча ТЭ идеяларын ББПларга инеграциялоонун бир нече ыкмаларын кeрсeтYYгe болот:

1. Окуу планына жацы дисциплина (курс) кийируу

Туруктуу eнYГYY максаттары боюнча билимдерди, билгичтиктерди, кeндYмдeрдY калыптандыра турган атайын курсту иштеп чыгуу аркылуу окуу планга жацы курсту кийирYYгe болот. Албетте, курстун мазмуну ТЭМдYн бардык максаттарын камтыса, окуп-YЙрeнYYЧYлeр YЧYн бир кыйла жыйнактуу болмок. Ал эми окутуп-YЙрeтYY жагынан мындай курсту кийирYY кыйла проблемалуу, анткени мындай курсту окутууга кайсы квалификацияга ээ адис керек экендиги бир манилYY анык эмес. Мындай адис экология, экономика, климат, укук, энергетика, медицина ж.б. социалдык маселелер боюнча компетенттYY болууга тийиш.

Мындан сырткары окуу планында кийирилген курстардын санын кeбeйтYY менен мыкты адистерди даярдоо проблемасы чечилип бYтпeйт. Негизги билим берYY программасынын максатына, анда белгиленген окутуунун натыйжаларына ылайык окуу планы иштелип чыгары белгилYY. Окуу планына дисциплиналарды кийирYYHYн тартиби боюнча окуу курсу базалык бeлYккe же вариативдYY бeлYккe (ЖОЖ компоненттери жана элективдYY курстар) кирет. ЖОЖ компоненттерине дисциплиналарды кийирYYHYн ОшМУда белгиленген тартибине ылайык окуу-методикалык кецеши (ОМК) тарабынан жактырылган, ОшМУнун Окумуштуулар Кецеши бекиткен курстар кийирилиши керек.

ОшМУнун практикасында акыркы окуу жылдары жацы дисциплиналар кийирилген учурларды мисал катары келтирели.

Жогоруда белгиленген ТЭМ кeндYмдeрYн, жашыл кeндYмдeрдY калыптандырууга багытталган «Коопсуз билим берYY чeйрeсY жана климаттын eзгeрYШY» 4 кредитке эсептелген ЖОЖ компоненти педагогикалык адистиктердин бакалавриат окуу пландарына киргизилген. Бул дисциплинанын максаты - ыкчам eзгeрYЛYп жаткан дYЙнeнYн шарттарына ылайык билим берYY процессин долбоорлоого, тYЗYмдeштYPYYгe жeндeмдYY уюштуруучулук-башкаруучулук кeндYмдeргe ээ болгон мугалимди даярдоо. Ал эми калыптандыруучу компетенциялар: КК-3. инсанга багытталган билим берYYHYн принциптерине жана туруктуу eнYГYY YЧYн (сергек жашоо образы, жаратылышты коргоо, айлана-чeйрeнY башкаруу, энергиянын натыйжалуулугу, ^п тYPДYYЛYк маданияты, гендер, инклюзия ж.б.) билим берYYгe ылайык окуу процесси YЧYн оптималдуу шарттарды тYЗYYгe жeндeмдYY, КК-14. Жандуу жаратылыштын туруктуулук принциптерин жана антропогендик факторлордун таасири астында анын eзгeрYY жолдорун тYШYнeт, глобалдуу экологиялык кeйгeйлeргe (айлана-чeйрeнYн абалы, климаттын eзгeрYШYнe ыцгайлашуу, жаратылыш ресурстарын жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу маселеси) системалуу талдоо жYргYЗYYгe жeндeмдYY; КК-18. Адамдар менен табигый чeйрeнYн ортосундагы коопсуз туруктуу eз ара аракеттенYYHY камсыз кылуу YЧYн баалоо жана чечимдерди кабыл алуу кeндYмдeрYнe ээ.

2. Курстун мазмунуна ТОМ менен байланышкан атайын темаларды кийируу

Жогоруда атайын дисциплинаны кийирYYHYн татаалдыгы белгиленди. Демек, бул

кeндYмдeрдY окуу процессинде студенттерде калыптандыруунун башка жолдорун да издee керек. Ушундай жолдордун бири катары окуу пландагы дисциплинанын мазмунуна ТЭМ идеяларын интеграциялоону кeрYп турабыз. Мисалы:

а) «Юриспруденция» адистигинин окуу планындагы «Эл аралык укук» дисциплинасынын жумушчу программасынын мазмунуна ТЭМдYн 5-максатына «Гендердик тецдик» карата 2 тема интеграцияланган.

Ошол эле сыяктуу, б) «Эл аралык мамилелер» адистигинин окуу планындагы «Эл аралык укук» базалык дисциплинасынын мазмунуна анын логикасына шайкеш «Эл аралык экологиялык укук» темасы кийрилген. Тема ТЭнYн 11, 13, 15-максаттарына тиешеси болуп, СЛК-3, ПК-8 компетенцияларын калыптандырууга иштейт: СЛК-3. Эл аралык келишимдерде eнYГYY тенденцияларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын геосаясий мейкиндиктеги ролун жана ордун, Кыргызстандын региондорунун жана башка 11 жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин абалынын саясий жана укуктук eзгeчeлYктeрYн, алардын Кыргыз Республикасы менен болгон мамилесин аныктоого жeндeмдYY, КК-8. ДYЙнeлYк процесстер боюнча билиминин негизинде негизги эл аралык проблемалар жана адам укуктары боюнча Кыргызстандын позициясын кесип^й жана компетенттYY талдап, тYШYндYрe алат,

в) «Физика-математикалык билим берYY» программасында «Кыргыз Республикасында жалпы жана орто билим берYYHYн мамлекеттик билим берYY стандарттарын жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу» тандоо курсунда ТЭге карата 2 тема берилген. Бул темаларда жашыл кeндYмдeр, аларды окуучуларда калыптандыруунун жолдору, ТЭ YЧYн билим берYY жана аны ишке ашыруу боюнча жалпы тYШYHYктeр берилет.

3. Курстун темаларынын мазмунуна ТОМ идеяларын интеграциялоо

Курстун мазмунуна атайын ТЭМгe багытталган тема кийирYY мYмкYнчYЛYГY болбогон учурда деле ТЭМдYн 17 максатынын кайсы бирин eтYЛYYЧY темадан алынуучу натыйжа же калыптандырылуучу компетенциялардын компоненттери менен байланыштырууга боло тургандыгын eз практикабыздан байкадык (Сооронбаева, 2023), (Altybaeva жана авт., 2023).

ФМББ бакалавриат программасында «Математикалык билим берYYДeгY изилдeeлeрдYн негиздери» курсунун «Физика-математикалык билим берYYДeгY актуалдуу илимий маселелелер» темасын окутууда ТЭYББ принциптерин ишке ашыруунун алкагында математикалык билим берYYДeгY учурдагы актуалдуу проблемалары талкууланып, талданат.

ФМББ магистратура программасында «Илимий изилдeeлeрдYн методдору жана методологиясы» предметинин «ИзилдeeнYн темасын издee жолдору» темасын окутууда теманы учурда коомдо актуалдуу болуп жаткан маселелерди талдоо, чечYY жолдорун сунуштоо аркылуу ишке ашырылат, ошондой маселелердин бири катары ТЭМдY ишке ашыруу болуп саналат.

4. Дисциплина учун тузулген кенугуулердун, маселелердин мазмунуна ТОМ идеяларын интеграциялоо

Окуу планындагы ар кандай курстун eздeштYPYЛгeндYГY, студенттерде ал курстан кYTYЛYYЧY натыйжалардын алынгандыгы, курска тиешелYY компетенциялардын калыптангандыгы негизинен эле баалоо каражаттары аркылуу текшерилет. Баалоо каражаттарын ар бир дисциплина боюнча окутуучу иштеп чыгат. Баалоо каражаттарынын тYрлeрY ^п: кeнYГYYлeр, маселелер, тесттер, кейстер, эссе, долбоордук тапшырмалар ж.б.у.с. Бул жерде окутуучунун мYмкYнчYЛYктeрY арбын, ал эми математикалык дисциплиналарды маселелер чыгаруусуз элестетYY мYмкYн эмес. Ошондуктан темага ылайыктуу маселенин мазмунун ТЭМ менен байланыштыруу мYмкYнчYЛYГY eтe кeп. Алар статистикалык маалыматтар, чоцдуктардын арасындагы кeз карандылыктар, жалпак (2D), мейкиндик (3D) формалар, процесстердин кубулуштардын орун алуу ыктымалдыгы, прогноздоо ж.б. менен байланышкан кYндeлYк жашоо тиричиликтеги проблемалар.

ФМББ программасында Математиканы окутуунун методикасы предметинин баалоо каражатын мисалга келтирели:

- Мугалимдин жана окуучулардын ишмердигин «Окшош eзгeртYп тYЗYYлeр. Фигуралардын окшоштугу» темасы боюнча сабактын инсанга багытталган окутуу принциптерине жана ТеYББге ылайык долбоорлогула:

- сабактын темасына логикалык жана математикалык анализ жургYЗГYлe;

- предметтик стандартты жана 10-11-класстар YЧYн математикасынын программасын эске алуу менен сабактын максатын аныктагыла;

- ТеYББ жана инсанга багытталган окутуунун принциптерин ишке ашыруу YЧYн мотивациялоо этабын, окутуунун методдорун жана ыкмаларын колдонууну демонстрациялап бергиле.

Жогорудагыларды жыйынтыктап, ТеМдY ББПларга интеграциялоонун жолдорунун схемасын тeмeнкYчe берYYгe болот (2-сYрeт):

2-сурет. ТеМду ББПларга интеграциялоонун жолдору

Корутунду

Университетте НББПга ТеМдYн жYзeгe ашырылышына мониторинг жургYЗYYдe окуу пландарындагы курстардын аннотацияларын биз аныктаган 4 ыкма аркылуу ТенYн 17 максаттарынын кайсылары ББПларга интеграциялангандыгын, кайсы максаттарды интеграциялоонун YCTYндe иштee керектигин аныктоого мYмкYндYк берет.

НББПлардын сапатын баалоодо ТеМдY интеграциялоо кeрсeткYчтeрY анын актуалдуулугуна да обьективдYY баа берYYгe шарт тYзeт.

Демек, ТеМдY интеграциялоодон НББПнын сапаты жакшырат, ал билимдин сапатынын жакшырышына алып келет.

Адабияттар

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын внYктYPYYHYн Улуттук стратегиясы (2018) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген, 150. Государственный образовательный стандарт высшего профессионального образования Кыргызской Республики (2021а). Направление: 550200 Физико-математическое образование, Квалификация: магистр.

Государственный образовательный стандарт высшего профессионального образования Кыргызской Республики (2021b). Направление: 550200 Физико-математическое образование, Квалификация: бакалавр.

Исаков Т. Э., Атабаев А. А. (2023) Жогорку кесиптик билим беруу программалары боюнча окутуунун натыйжаларын иштеп чыгуунун усулу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология. 2 (3), 52-57. DOI: 10.52754/16948742_2(3)_7-2023. EDN: VLAYSC

Мамедов, Н. М., Винокурова, Н. Ф., Демидова, Н. Н. (2015). Феномен культуры устойчивого развития в образовании XXI века. Вестник Мининского университета, 2(10), 6.

Сооронбаева, К. А. (2023). Кесиптик билим берYYдв студенттерди туруктуу eнYгYY натыйжаларына жетиштирYYHYн жолдору (с. 22-26). «IV Международное книжное издание стран Содружество Независимых Государств / "Лучший педагог - 2023": IV международная книжная коллекция научно-педагогических работников.

Туруктуу eнYгYYHYн максаттары (2024) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Www.gov.kg. https://www.gov.kg/ky/p/sustainable_development

"Туруктуу енугуу учун билим берууну илгерилетуу: аймактык перспективалар жана тажрыйба" (2022). Субрегионалдык (Кыргызстан, Казакстан, Озбекстан) конференциянын материалдары.

Учебники в интересах устойчивого развития (2019). Руководство по внедрению. UNESCO MGIEP, 204.

Шайденко, Н. А. (2017). Общая характеристика образования в контексте устойчивого развития. Образование личности, 2, 56-60.

Altybaeva, M. A., Sooronbaeva, K. A., Avazova, E. T., Raykhan Zh. Turganbaeva. (2023). Formation of Competencies for the Sustainable Development of Future Teachers of Mathematics. Advances in Global Change Research, 73, 39 7-403. https://doi.org/10.1007/978-3-031-19979-0_42

Barber, M. & Mourshed, M. (2007) Consistently high performance: Lessons from the world's top performing school systems McKinsey & Company.

Malik, R. S. (2018). Educational challenges in 21st century and sustainable development. Journal of Sustainable Development Education and Research, 2(1), 9-20.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.