ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ЭКОНОМИКА
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ЭКОНОМИКА JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. ECONOMICS
e-ISSN: 1694-8734
№1(4)/2024, 164-171
УДК: 341.6
DOI: 10.52754/16948734 2024 1(4) 23
ТУРУКСУЗДУК ШАРТТАРДА БАНКРОТТУК ИНСТИТУТУНУН ЗАМАНБАП КeЙГeЙЛeРY: ТЫШКЫ ЖАНА ата мекендик аспектилер
СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ИНСИТУТА БАНКРОТСТВА В УСЛОВИЯХ ТУРБУЛЕНТНОСТИ: ЗАРУБЕЖНЫЙ И ОТЕЧЕСТВЕННЫЙ АСПЕКТЫ
MODERN PROBLEMS OF BANKRUPTCY INSTITUTION IN TURBULENCE CONDITIONS:
FOREIGN AND DOMESTIC ASPECTS
Кулуева Чинара Раимкуловна
Кулуева Чинара Раимкуловна Kulueva Chinara Raimkulovna
Э.и.д., профессор, Ош мамлекеттик университети
Д.э.н., профессор, Ошский государственный университет Doctor of Economics, Professor, Osh State University
ch. kulueva@mail. ru_
Сеитова Каныкей Болотбековна Сеитова Каныкей Болотбековна Seitova Kanykey Bolotbekovna
Э.и.к., доцент, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университети
К.э.н., доцент, Кыргызский экономический университет им. М. Рыскулбекова Candidate of Economics, Associate Professor, Kyrgyz Economic University named after. M. Ryskulbekova
Турдубаева Айпери Бакытбековна
Турдубаева Айпери Бакытбековна Turdubaeva Aiperi Bakytbekovna
Магистрант, Ош мамлекеттик университети
Магистрант, Ошский государственный университет Master's student,Osh State University
Мамажанова Апиза Мухаматнабиевна
Мамажанова Апиза Мухаматнабиевна Mamazhanova Apiza Mukhamatnabievna
Магистрант, Ош мамлекеттик университети
Магистрант, Ошский государственный университет Master's student, Osh State University
ТУРУКСУЗДУК ШАРТТАРДА БАНКРОТТУК ИНСТИТУТУНУН ЗАМАНБАП KetoeMGPY: ТЫШКЫ ЖАНА АТА МЕКЕНДИК АСПЕКТИЛЕР
Аннотация
Макалада "кудуретсиздик" жана "банкроттук" экономикалык категорияларынын ортосундагы ез ара байланыш жана алардын классификациясы кецири талкууланат. Базар экономикасынын эц маанилуу институту катары банкроттуктун ролу аныкталган. Банкроттуктун кээ бир кейгейлерY реформалануучу экономикадагы эц актуалдуу кейгейлердYн бири катары ачыкталды. Заманбап шарттарда банкроттук институтунун толук кандуу концептуалдык негиздеринин жоктугу аныкталган, бул банкроттук институтунун деталдуу механизмдерин жана методологиялык негиздерин толук кандуу иштеп чыгууга мYмкYндYк бербегендигинен кабар берет. Антикризистик чаралардын тутумун кабыл алуу менен банкроттук институтун башкаруудагы чет елкелYк тажрыйбалар каралды.
Ачкыч сездер: банкроттук, кудуретсиздик, экономикалык жана укуктук негиздер, банкроттук жол-жоболору, карыз тараптын финансылык абалы, реалдуу жана жасалма банкроттук.
СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ИНСИТУТА БАНКРОТСТВА В УСЛОВИЯХ ТУРБУЛЕНТНОСТИ: ЗАРУБЕЖНЫЙ И ОТЕЧЕСТВЕННЫЙ АСПЕКТЫ
Аннотация
В статье подробно рассматриваются вопросы соотношений экономических категорий
«несостоятельность» и «банкротство» и их классификация. Определена роль банкротства как самого значимого института в рыночной экономике. Раскрыты некоторые проблемы банкротства как одна из актуальнейших в любой реформирующейся экономике. Выявлено отсутствие полноценных концептуальных основ института банкротства в современных условиях, что не дает возможности разработать детальные механизмы и методологические основы института банкротства. Рассмотрен зарубежный опыт по управлению институтом банкротства с принятием системой антикризисных мероприятий.
Ключевые слова: банкротство, несостоятельность, процедуры банкротства, экономические и правовые основы, финансовое состояние должника, реальное и фиктивное банкротство.
MODERN PROBLEMS OF BANKRUPTCY INSTITUTION IN TURBULENCE CONDITIONS: FOREIGN AND DOMESTIC ASPECTS
Abstract
The article discusses in detail the relationship between the economic categories "insolvency" and "bankruptcy" and their classification. The role of bankruptcy as the most significant institution in a market economy is determined. Some problems of bankruptcy are revealed as one of the most pressing in any reforming economy. The lack of full-fledged conceptual foundations of the institution of bankruptcy in modern conditions has been revealed, which does not make it possible to develop detailed mechanisms and methodological foundations of the institution of bankruptcy. Foreign experience in managing the institution of bankruptcy with the adoption of anti-crisis measures by the system is considered.
Key words: bankruptcy, insolvency, bankruptcy procedures, economic and legal foundations, financial condition of the debtor, real and fictitious bankruptcy.
Банкроттуулук - учурдагы базар экономиканын эц MaaHRnYY институту болуп саналат. Анын еткеел шарттарда нормалдуу иштеши аталган институттун толук кандуу концептуалдык негиздеринин жоктугунан, жетишээрлик иштелип чыкпаган жана енYГYY жолундагы тиешелYY укуктук тутумдун негизинде улам кыйынга турары, ce3CY3 тYPде банкроттуулук механизминин мазмунун жана eлкeбYЗгe мYнeздYY болгон кудуретсиздик институтунун маанилYYЛYгYHYн баалабоого алып келишинен келип чыгат [9].
Иш жYЗYндe кудуретсиздиктин бирдиктYY классификациясы жок болгон шартта банкроттуулуктун колдонулуп жаткан тYрлeрYн тутумдаштыруу, банкроттук институтунун методологиялык негиздерин изилдее кeйгeйлeрYнe кeцYЛ бурууну жогорулатуу YЧYн зарыл, анткени, ал кийинчерээк иш жYЗYндe банкроттуктун эц натыйжалуу чечимин табууга кемектешет. Белгилей турган нерсе, сунуш кылынган классификация ез ара кез каранды факторлордун негизинде шарттуу мYнeзгe ээ экендигин жана алардын мYнeзYн аныктоочу артыкчылыктуу фактордун негизинде шарттуу тYPдe бeлYYгe мYмкYн экендигин эске алуу зарыл.
Ошентип, компаниянын телем жeндeмдYYЛYГYHYн тeмeндeшYнe жана начарлашына алып келген факторлорго жараша айрым авторлор банкроттуулуктун Yч негизги тYPYн бeлYп керсеткенге аракеттеништи [5]:
1. бизнестин банкроттуулугу, ишкананы, маркетинг стратегиясын, же колдо болгон ресурстарды пайдаланууда натыйжасыз башкаруу менен байланышкан;
2. менчик ээсинин банкрот болушу, биринчи кезекте, менчик ээсинде eндYPYЛгeн продукцияга суроо-талап, акылга сыярлык маркетинг саясаты, кадимки материалдык жана эмгек ресурстары менен женекей кайра eндYPYштY жYзeгe ашыруу YЧYн зарыл болгон инвестициялык ресурстардын жетишсиздигинен келип чыккан;
3. eндYPYштYн банкрот болушу, биринчи эки фактордун таасири астында эскирген жабдуулардан же катуу атаандаштыктан улам ишкана атаандаштыкка жараксыз продукция чыгарганда. Ишкананын мындай абалын eндYPYштY жарым-жартылай же толук кайра профилдештирYY жолу менен гана eзгeртYYгe болот, ал эми башкаруучуну алмаштыруу же иштеп жаткан eндYPYшкe финансылык салымдарды кeбeйтYY сыяктуу башка чаралар натыйжасыз болот.
Заманбап реалдуулукту эске алуу менен экономикалык кез караштын негизинде жогорудагы классификация абдан негиздYY кeрYнeт. Белгилей кетсек, авторлордун басымдуу кeпчYЛYГY банкроттуктун тYрлeрYн айырмалоодо мыйзамдардан, бул TYШYHYKTYH укуктук аныктамасынан, ал эми юридикалык адабияттарда укуктук институт катары банкроттукка езгече кeцYЛ буруу менен логикалык эске алуунун негизинде келип чыккан TYШYHYK катары эсептешкен.
Бул тезис 19-кылымдан баштап кудуретсиздик тYрлeрYнe бeлYнгeн дYЙнeлYк банкроттук мыйзамдын тарыхы менен тастыкталат. Классификация критерийлери катары тeмeнкYлeр каралган: 1) ийгиликсиздикке алып келген себептердин мYнeзY; 2) карыз тараптын ишмердYYЛYГYHYн мYнeзY. Экономикалык ишмердYYЛYк жактан караганда негизинен банкроттуктун себептерине биринчи критерий жогоруда кeрсeтYЛгeн классификацияга жакын жана тиешелYY деп белгилесек болот.
Учурда банкроттук кецири TYШYHYK катары экономикалык жана каржылык практикада колдонулуп, тиешелYY адистер тарабынан кецири изилденип жана сунушталып жогорудагы классификация менен алмаштырылган, [3,2], ага ылайык:
1. реалдуу банкроттук - бул ишкананын же уюмдун eзYHYн жана карыздык капиталынын иш жYЗYндeгY жоготууларынан улам телее жeндeмдYYЛYГYн калыбына келтире албагандыгы
менен мунезделет. Бул учурда, компания же чарба субъектиси мыйзамдуу турде банкрот катары жарыяланат.
2. техникалык (убактылуу, шарттуу) банкроттук - ишкананын кудуретсиздиги дебитордук карыздын чоц келемунун фонунда анын карызын телеенун олуттуу кечиктирилишинен, даяр продукциянын ашыкча топтолушунан келип чыккандыгын билдирет, жыйынтыгында, чарба субъектисинин активдери анын карыздарынын келемунен ашып кеткен учуру. Мында кризиске каршы тиешелуу зарыл чараларды керуу, санация жолдорун иштеп чыгуу жана уюштуруу менен компаниянын банкрот экендигин юридикалык жактан таануудан баш тартса болот.
3. кылмыштуу банкроттук, анын максаты башкаруунун макулдугу менен карызкор болуп калган чарба субъектисинин мулкун атайылап басып алуу болуп саналат, ал бир гана жеке кызыкчылыктарда гана эмес, абийирсиз насыя беруучулер тарабынан атайын кысымга алынган учурда да пайда болот. Бул учурда, банкроттук, айрыкча, рыноктук экономиканы тузуунун баштапкы этабында Кыргызстанда абдан ачык керунуп турган кылмыштуу бизнестин бир туру болуп калат. Эреже катары, кылмыштуу банкроттуктар ар кандай жолдор менен жасалма карыздарды тузуу же алуу менен, ошондой эле ишкананын мурдагы жетекчилигин жана катышуучуларын аны башкаруудан толук четтетуу менен байланышкан.
Ата мекендик мыйзамдарга ылайык [1], телем жендемдуулугун атайылап жоготуу менен байланышкан кылмыштардын арасында теменкулер белунет:
- банкроттук учурундагы укукка каршы аракеттер;
- атайылап банкрот болуу;
- ойдон чыгарылган банкроттук.
Бул багыттагы окумуштуулар-изилдеечулер жылдан жылга банкроттуктун экономикалык жаратылышын изилдееге багыт алышкан. Алардын арасындагы Б.И. Колб менен макул болбой коюуга болбойт. Ал кылмыштуу банкроттуктун социалдык коркунучун карызды телееден атайылап качуу жолу менен экономикалык ишмердуулуктун негизги инструменттери болгон карыз алуу жана насыя институттарынын ишмердуулугуне жасалма негизсиз шек келтируу, алардын репутациясына жана жылдап тапкан авторитеттерине келеке тушуруу максаттарын кездегенун далилдеп чыккан [4].
Криминалдык банкроттук кейгейлер, балким, кылмыш-жаза мыйзамдарында анчалык так аныкталбаган, бирок базар экономикасы бар кепчулук елкелер учун мунездуу экендигин белгилей кетуу маанилуу. Мисалы, АКШнын мыйзамы кылмыштуу банкроттукка карата тиешелуу эрежелерди камтыйт, ал "банкроттук алдамчылык" деп да аталат жана башка биреенун кызыкчылыгы учун банкроттук процессти козгоо учун активдерди жашыруу, жок кылуу, басып алуу жана документтерди бурмалоо боюнча атайылап жасалган аракеттерди билдирет [8].
Венгрия мамлекетинин Кылмыш-жаза кодекси банкроттук укук бузуулар катары бухгалтердик эсепти туура жургузуу эрежелерин бузууну жана узгултуксуз ишкердик ишмердуулуктун принциптерин бузууну же карызкордун мулкун атайылап кыскартууну (мисалы, карызкордун мулкуне атайылап жетекчи тарабынан зыян келтируу, жалган келишимдерди тузуу, атайын убытокторду келтируучу ж.б.у.с.) аныктайт, бул насыя беруучулердун талаптарын канааттандырууга мумкунчулук бербейт.
Германиянын жана Польшанын Кылмыш-жаза кодекстери сотко кудуретсиздик женунде арызды ез убагында бергендиги учун жоопкерчилик женунде, ошондой эле жалган банкроттук (активдерди алып коюу) женунде жоболорду камтыйт, мында банкроттук боюнча жоопкерчилик иштин бардык катышуучуларына коркунуч келтирет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыштуу банкроттуктун бул тYрлeрY жана алар боюнча жоопкерчилик ар кандай мыйзам актылары менен так женге салынат, бирок ошол эле мезгилде аларды иш жYЗYндe аныктоонун ийгилигине кепилдик бербейт [1].
Кыргызстандын практикасында банкроттук процесс башталгандан тартып же карыз тараптын банкроттук процессинде атайын администрациялоо жол-жобосу колдонулушу мYмкYн, ал карыз тарап-юридикалык жакты жоюу ыкмасы же реструктуризациялоо ыкмасы менен жеке ишкерди банкрот деп таануу тeмeнкYдeй жол-жоболор аркылуу мыйзам чегинде жYргYЗYЛYШY мYмкYн:
1) санация ыкмасы (6-статья);
2) реабилитациялоо (7-статья);
3) жарашуу келишими (71-статья);
4) атайын администрациялоо (5-статья) [1].
Жалган банкроттуктун белгилерин аныктоо карыз тараптын арызы боюнча банкроттук процесси козголгон учурда арбитраждык башкаруучу тарабынан жYзeгe ашырылат. Анын белгилерин аныктоо эки этапта жYргYЗYлeт, текшерYY аткаруу eндYPYШY козголгонго чейинки 2 жылдан кем эмес меенетте жYргYЗYлeт. Биринчи этапта изилденип жаткан мезгил YЧYн эсептелген карызкордун телее жeндeмдYYЛYГYн мYнeздeгeн коэффициенттердин маанилерине жана динамикасына талдоо жYргYЗYлeт.
ИзилдeeнYн жYPYШYндe (эгерде коэффициенттер кудуретсиздик критерийлерине жооп бербегени аныкталса, б.а. компания eзYHYн карыздарын телей алат), экинчи этапта карызкордун операцияларынын колдонуудагы мыйзамдарга ылайыктуулугу аныкталат. Базар экономикасы шарттарына ылайык келбеген учурда тYЗYЛгeн, карыз тараптын кудуретсиздигинин eсYШYнe алып келген бYTYмдeр аныкталат [1]:
1. карызкордун MYЛKYHYH ликвиддYYЛYГY аз мYЛккe алмаштырууга багытталган бYTYмдeр;
2. карыз тарап YЧYн ачык эле жагымсыз шарттарда тYЗYЛгeн, ошондой эле MYЛK менен жасалган, ансыз карыз тараптын негизги иши MYMKYH болбогон бYTYмдeр;
3. карыз тараптын MYЛK менен камсыз кылынбаган милдеттенмелеринин келип чыгышы менен байланышкан, ошондой эле eтYмсYЗ MYЛKTY сатып алууга алып келген бYTYмдeр.
Белгилей кетсек, бул процесстин биринчи этабында чарба субъектилеринин финансылык-экономикалык абалы начарлаганда кыянаттыктарды диагностика ыкмасы менен женге салуу YЧYн иштелип чыккан документ - арбитраждын жетекчиси тарабынан жасалма жана атайылап банкроттуктун белгилерин текшерYY эрежелери - негизинен терец талданбайт жана тиешелYY натыйжаны бербейт, YdYPTeH маалымат даярдалып калышы mymkyh.
Иш жYЗYндe ата мекендик чарбалык субъекттердин жана компаниялардын эсеп саясатынын eзгeчeлYктeрYнe байланыштуу ошол ишканалардын чыныгы абалын чагылдыра албагандыгы, тармактын жабык маалыматтарына байланыштуу чарба субъектилеринин ишмердYYлYГYHYн eзгeчeлYктeрYн эсепке алуу mymkyh эместиги, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун тез-тез бурмаланышынан, талдоо эрежелери тарабынан сунушталган финансылык отчеттуулукка ылайык эсептелген коэффициенттердин маанилерин жана динамикасын талдоо сунушталат. Ошол эле учурда, Эрежелер тарабынан "коэффициенттердин маанилеринин олуттуу начарлашы" TYШYHYГY киргизилиши керек, ал "изилденип жаткан мезгилде кeрсeткYчтeрдYн маанилеринин алардын кандайдыр бир белгилYY чейректик мезгил ичинде бул кeрсeткYчтeрдYн маанилеринин тeмeндeшYHYн темпи алардын маанилеринин тeмeндeшYHYн орточо темптеринен жогору " экендигинен кабар берет [5].
Ошол эле учурда, каржылык пландаштыруу банкрот болуу ыктымалдыгын баалоо жана банкрот болуу ыктымалдыгын тeмeндeтYY YЧYн ишкананын каржылык пландоосунун ажырагыс
белугу болуп саналат. Ишкананы банкрот катары классификациялоонун тушунуктеру жана критерийлери жогоруда белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзамы [1] тарабынан аныкталат.
Рынок шарттарында ишканалардын банкрот болуу ыктымалдыгы ишкананын финансылык ез алдынчалыгын жана кез карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча кыска меенеттуу милдеттенмелерди жабуу учун накталай жана материалдык жугуртуу каражаттарына барабар болгон колдо болгон акча каражаттарынын жетиштуулугу менен бааланат.
Ишкананын банкротсуз иштешин камсыз кылуучу шарттар математикалык турде теменкуче чагылдырылган [7] :
АК+КСФС + ЗКНС > П5; (1)
Мында, АК - акча каражаттары;
КСФС - кыска меенеттуу финансылык салымдар;
ЗКНС - запастар жана кошумча нарк салыгы.
Банкрот болуу ыктымалдыгын баалоону тактоо учун банкрот болуу ыктымалдыгынын такталган керсеткучу аныкталат, мында эсептеелер компаниянын бардык резервдерин эмес, алардын сатыла турган белугун гана эске алат:
АК + КСФС + ЗКрНоСд > П5 (2)
мында, - ЗКНоСд сатыла турган запастын бир белугу теменку формула боюнча эсептелет: ЗКрНСд = ЧЗжМ + МЖан + ДП + БЗ +КНС (3)
ЧЗжМ - чийки заттар жана материалдар;
Мжан - естуруп жана бордоп семиртуудегу мал жандыктары;
ДП - кампадагы даяр продукция;
БЗ - башка запастар;
КНС - сатып алынган активдерге кошумча нарк салыгы.
Банкрот болуу ыктымалдуулугунун даражасын баалоо максатында теменку 1-таблицада келтирилген шарттуу ишкананын банкрот болуу ыктымалдыгын баалоо шкаласы колдонулушу мумкун.
Банкрот болуу ыктымалдуулугунун орточо жана жогорку даражасы менен кредитордук карызды жабуу учун дебитордук карыздын жетиштуулугу кошумча бааланат:
НК < ДК<1, (4)
Мында, НК - насыялык карыз;
ДК<1 - бир жылга жетпеген меенетте теленуучу дебитордук карыз. Таблица 1. - Банкрот болуу ыктымалдуулугунун даражасын баалоо критерийлери [7]
Кыска меенеттуу милдеттенмелерди акчалай жана материалдык жугуртуу каражаттарына эквиваленттуу акча
каражаттары менен камсыздоо, %
Банкрот болуу ыктымалдыгынын темен^ >100
даражасы
Банкрот болуу ыктымалдыгынын ортоцку 75 - 100
даражасы
Банкрот болуу ыктымалдыгынын жогорку <75
даражасы
Ошентип, ишканалардын иштешинин eзгeчeлYктeрYнe, алардын экономикалык мамилелердин калыптанган тутумундагы ордуна, аймактык эл чарба комплексинде жана тиешелYY тармакта [6] ойногон ролуна жараша ар кандай процедуралар сунушталышы mymkyh:
• ишкананын толугу менен сатыкка коюлушу;
• ишкананы акционердик коомго трансфопмацияланышы жана инвестициялык сатыкта, коммерциялык аукциондо же конкурста акциялардын контролдук пакетин сатуу;
• тышкы башкаруунун жол-жоболорунун процедураларын колдонуу;
• капиталды бир убакта реструктуризациялоо жолу менен инвестициялык аукциондордо сатуу жолу;
• eндYPYштeрдY диверсификациялоо;
• банкроттук жол-жоболорунун процессинде ишкананын ез алдынча активдерин маанилYYлYГYн сактоо MYMKYHЧYЛYГY менен бирдиктYY MYЛKTYK лот сатуу жолу менен ишкананы юридикалык жак катары жоюу;
• мамлекеттик эмес каражаттардын негизинде санациянын алкагында реструктуризациялоо саясатын жYргYЗYY.
Демек, банкроттук жол-жобо мамлекеттик менчиктеги ишканаларга да, менчиктин башка тYPYндeгY ишканаларга да тиешелYY экендигин белгилей кетYY керек. Ишканалардын кудуретсиздиги жана телем жeндeмдYYЛYГYHYн начарлап темендеп кетиши жeнYндe тиешелYY мыйзамдардын негизинде eндYPYштY кайра уюштуруу, натыйжалуу суроо-талаптагы продукцияны eндYPYY YЧYн багытты eзгeртYY, ишканаларга инвестиция тартуу, акырында экономиканы калыбына келтирYY жумуштарын квалификациялуу ишке ашырууга mymkyh^k берет.
Колдонулган адабияттар:
1. Закон Кыргызской Республики от 15 октября 1997 года № 74 «О банкротстве (несостоятельности)» (Введен в действие Законом КР от 15 октября 1997 года № 75)
2. Гаврилова В.Е. Банкротство в России: вопросы истории, теории и практики. М., 2007. С. 57; сайт финансовой компании BG Finance. URL: http://bg-finance.ru/bankrotstvo_predprij atij a_i_ego_posledstvij a.php
3. Жарковская Е.П., Бродский Б.Е., Бродский И.Б. Антикризисное управление: учебник. 5-е изд. М., 2008. С. 22. Колб Б.И. Объективная сторона криминальных банкротств // Законность. 2001. № 1. С. 13-15.
4. Колб Б.И. Объективная сторона криминальных банкротств // Законность. 2001. № 1. С. 13-15.
5. Коловангин П.М., Рыбаков Ф.Ф. Экономическое реформирование России в XX веке. СПб., 1996. С. 102
6. Kulueva, C.R., Ismanaliev, K.K., Seitova, J.B., Turganbayeva, G.P., Tokosheva, J.A. //Targeting ESG Initiatives in the Formation of Financial Mechanisms for the Development of Bordering Territories of Kyrgyzstan. /ISBN 978-303092303-7, 978-303092302-0. DOI 10.1007/978-3-030-92303-7_29. Smart Green Innovations in Industry 4.0 for Climate Change Risk Management pp 481-489. https://link.springer.com/chapter/10.1007/978-3-031-28457-1_49
7. Финансовый менеджмент: Учебник. - 2-е изм., перераб. И доп. / Под ред. Д.э.н., проф. А.М. Ковалевой. - М.: ИНФРА-, 2009. -336 с. - (Высшее образование).
8. См.: Гл. 18, §152 Кодекса США (18 USC § 152). URL: http://definitions.uslegal.com/c/criminal-bankruptcy/
9. Худайбергенов, Б. Б. Институт неплатежеспособности как институт правового регулирования санации и банкротства / Б. Б. Худайбергенов // Вестник Ошского государственного университета. - 2020. - № 1-3. - С. 260-264. - EDN: TSQDZD.