Научная статья на тему 'ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТҮРКСТАНДАГЫ “МУСУЛМАНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИНЕ” КАРАТА МАМИЛЕСИ'

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТҮРКСТАНДАГЫ “МУСУЛМАНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИНЕ” КАРАТА МАМИЛЕСИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Орусия / империя / Түркстан / мусулманчылык маселеси / мамиле / Russia / empire / Turkestan / Muslim issue / attitude

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Авазов Эрнис Абдыманапович

Макалада Россия империясынын мамлекеттик-конфессиялык саясатынын маанилүү аспектилеринин бири катары "мусулманчылык маселесинин" калыптануу жана өнүгүү тарыхына сереп салынды. Аталган мамиленин алкагында Кафумандын “Исламга этабар бербөө” башкаруу курсунун маанисин жана анын ордун ачып берүүгө аракеттер жасалды. Падыша өкмөтүнун империянын мусулман калктарына карата саясаты көп жактуу болгондугу ачып берилди. Мындай саясат отурукташкан жана көчмөн калктын мусулмандык жана диний фанатизм деңгээлине жараша жүргөндүгү белгиленди. Элдик көтөрүлүштөрдүн жыйынтыгында дин саясатын, мусулманчылыкка карата кайра карап чыгуу аракеттери бир нече жолу болгондугу ачылып берилди. Автор падышачылыктын диний көтөрүмдүүлүк принцибине негизделген Түркстандагы мусулмандарга карата саясаты мусулман калкына динди таңуулоого жана ачык диний басмырлоону ишке ашырууга жол койбогон деген тыянакка келген.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE ATTITUDE OF THE RUSSIAN EMPIRE TO THE “MUSLIM QUESTION” IN TURKESTAN

The article provides an overview of the history of the formation and development of the “Muslim question” as one of the most important aspects of the state and confessional policy of the Russian Empire. Within the framework of this approach, attempts were made to clarify the meaning and place of Kafuman's management course on ignoring Islam. It was revealed that the policy of the tsarist government towards the Muslim population of the empire was multifaceted. It was noted that such a policy was formed in accordance with the level of Islam and religious fanaticism among the settled and nomadic population. It is revealed that as a result of popular uprisings, attempts were repeatedly made to revise religious policy towards Muslims. The author concludes that the policy of tsarism based on the principle of religious tolerance towards Muslims in Turkestan prevented the imposition of religion on the Muslim population and the implementation of open religious discrimination.

Текст научной работы на тему «ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТҮРКСТАНДАГЫ “МУСУЛМАНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИНЕ” КАРАТА МАМИЛЕСИ»

ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ

ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES

e-ISSN: 1694-8653

№1/2024, 16-24

УДК: 947,083(043.3)

DOI: 10.52754/16948653 2024 1 2

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН TYPKCТАНДАГЫ "МУСУЛМАНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИНЕ" КАРАТА МАМИЛЕСИ

ОТНОШЕНИЕ РОССИЙСКОЙ ИМПЕРИИ К "МУСУЛЬМАНСКОМУ ВОПРОСУ" В

ТУРКЕСТАНЕ

THE ATTITUDE OF THE RUSSIAN EMPIRE TO THE "MUSLIM QUESTION" IN

TURKESTAN

Авазов Эрнис Абдыманапович

Авазов Эрнис Абдыманапович AvazovErnisAbdymanapovich

т.и.к., доцент, Жалал-Абад мамлекеттик университети

к.и.н., доцент, Джалал-Абадский государственный университет Associate Professor, Jalal-Abad State University ernis-ist@mail.ru

ОРУСИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТYРКСТАНДАГЫ "МУСУЛМАНЧЫЛЫК МАСЕЛЕСИНЕ" КАРАТА МАМИЛЕСИ

Аннотация

Макалада Россия империясынын мамлекеттик-конфессиялык саясатынын маанилYY аспектилеринин бири катары "мусулманчылык маселесинин" калыптануу жана eнYГYY тарыхына сереп салынды. Аталган мамиленин алкагында Кафумандын "Исламга этабар бербее" башкаруу курсунун маанисин жана анын ордун ачып берYYгe аракеттер жасалды. Падыша eкмeтYнун империянын мусулман калктарына карата саясаты кеп жактуу болгондугу ачып берилди. Мындай саясат отурукташкан жана кечмен калктын мусулмандык жана диний фанатизм децгээлине жараша жYргeндYГY белгиленди. Элдик кeтeрYЛYштeрдYн жыйынтыгында дин саясатын, мусулманчылыкка карата кайра карап чыгуу аракеттери бир нече жолу болгондугу ачылып берилди. Автор падышачылыктын диний кeтeрYмдYYЛYк принцибине негизделген ТYркстандагы мусулмандарга карата саясаты мусулман калкына динди тацуулоого жана ачык диний басмырлоону ишке ашырууга жол койбогон деген тыянакка келген.

Ачкыч свздвр: Орусия, империя, ТYркстан, мусулманчылык маселеси, мамиле.

ОТНОШЕНИЕ РОССИЙСКОЙ ИМПЕРИИ К "МУСУЛЬМАНСКОМУ ВОПРОСУ" В ТУРКЕСТАНЕ

THE ATTITUDE OF THE RUSSIAN EMPIRE TO THE "MUSLIM QUESTION" IN TURKESTAN

Аннотация

В статье представлен обзор истории становления и развитии "мусульманского вопроса", как одного из важнейших аспектов государственно-

конфессиональной политики Российской империи. В рамках данного подхода были предприняты попытки прояснить значение и место управленческого курса Кафумана по игнорированию ислама. Было выявлено, что политика царского правительства в отношении мусульманского населения империи была многосторонней. Отмечалось, что такая политика формировалась в соответствии с уровнем мусульманства и религиозного фанатизма у оседлого и кочевого населения. Выявлено, что в итоге народных восстаний неоднократно предпринимались попытки пересмотра религиозной политики в отношении мусульманства. Автор приходит к вывод, что политика царизма основанная на принципе религиозной терпимости к мусульманам в Туркестане, препятствовала навязыванию религии мусульманскому населению и осуществлению открытой религиозной дискриминации.

Abstract

The article provides an overview of the history of the formation and development of the "Muslim question" as one of the most important aspects of the state and confessional policy of the Russian Empire. Within the framework of this approach, attempts were made to clarify the meaning and place of Kafuman's management course on ignoring Islam. It was revealed that the policy of the tsarist government towards the Muslim population of the empire was multifaceted. It was noted that such a policy was formed in accordance with the level of Islam and religious fanaticism among the settled and nomadic population. It is revealed that as a result of popular uprisings, attempts were repeatedly made to revise religious policy towards Muslims. The author concludes that the policy of tsarism based on the principle of religious tolerance towards Muslims in Turkestan prevented the imposition of religion on the Muslim population and the implementation of open religious discrimination.

Ключевые слова: Россия, империя, Туркестан, мусульманский вопрос, отношение.

Keywords: Russia, empire, attitude.

Turkestan, Muslim issue,

Киришуу

XIX кылымдын 80-жылдарынын ченинде Борбор Азиядагы мусулман ээликтеринин Орусия империясына каратылуу жараянынын аякташы интеграциялоо маселесин кYн тартибине койгон. Бул чeлкeмдeрдY саясий жана социалдык-экономикалык планда жана кайсы бир децгээлде руханий eцYттe да бир бYTYн империялык мейкиндикке бириктирYY маселеси болчу. Бул багытта Орусия империясынын мамлекеттик-конфессиялык саясатын мYнeздeгeн терминологиялык аппаратта «Мусулманчылык маселеси» деген тYШYHYк пайда болгон. Мындай жагдай бул жаатта аздыр кeптYP тажрыйбасы бар Орусия империясы YЧYн тааныш болгондугуна карабастан, негизги калкы мусулмандар болушкан мурдагы Бухара эмирлигинин жана Хива, Кокон хандыктарынын айрым айырмачылыктарга ээ болуусу бийликтер YЧYн кооптонууну жараткандыгы бышык. Анын орчундууларынын бири аталган чeлкeмдe тээ байыртадан бери эле кeчмeн, жарым кeчмeн жана отурукташкан жамааттардын удаалаш ыстыкоомат этYYCY болгон. Ушул жагдайлар падыша eкмeтYHYн ТYркстандагы мусулманчылык маселесине карата мамилесин жана диний саясатынын негизги багыттарын шарттаган жана анын эволюциялануусун алып келген. Анын ишке ашырылышы, жYPYШY жана жыйынтыктары колониялык доордон тарта бYГYнкY ^нге чейин изилденип келе жаткан актуалдуу маселелердин бири болуп саналат (Авазов, 2021; Закиров и др., 2022; Исакова, 2020).

ИзилдeeнYн максаты катары XIX к. аягы ХХ к. башындагы ТYркстандагы мусулманчылык маселесине карата мамилесинин мацызы менен мазмунун жана жыйынтыктарын талдоого алуу белгиленди. Белгиленген максатка ылайык, тeмeнкY изилдeeчYЛYк милдеттер коюлду:

-Мусулманчылык маселесин тарыхый башатын жана эволюциясын чагылдыруу;

-ТYркстандын мусулман калктарынын рухий турмушуна карата диний кeтeрYмдYYЛYк принцибине негизделген "исламга этабар бербee" саясатынын маанисин жана жыйынтыктарын ачып берYY.

ИзилдeeнYн каражаттары жана ыкмалары. Изилдeeдe мусулманчылык маселесинин тарыхый башаты, анын айланасындагы кeз караштардын эволюциясын чагылдырууда себеп-натыйжа байланышта кароодо, системдик жана салыштырмалуу баа берYYДe жалпы илимий изилдee ыкмалары менен катар тарых илиминин спецификалык тарыхый-салыштырмалуу, тарыхый-системалык, тарыхый-генетикалык ыкмалары колдонулду. Изилдeeдe историзм, тарыхый обьективдYYЛYк жана диалектикалык биримдик принциптери жетекчиликке алынды. Маселенин булактык базасын илимий эмгектер тYЗДY.

Жыйынтыктар жана талкуулар. ТYркстандагы мусулман ээликтери каратылганга чейин орус падышачылыгы дин улуттук-мамлекеттердин аныктоочу негизги чен бирдиктердин бири болгон учурларда мусулман калктары менен жолдору кесилишкен эле. Алсак, XVI кылымдын ортосунан тарта Волга-Урал аймагындагы татарлар биринчилерден болуп Орусия мамлекетинин курамындагы жалгыз мусулман калкы болгондуктары маалым. "Алардын жыйынды тYШYHYк менен "бeтeн элдик", "бeтeн жерлик",- деп атап коюу басмырлоочулук болгон эмес. Сибирь элдеринин классификациясында этноцентризмди жокко чыгарган жана чет элдиктердин тигил же бул тобунун мамлекеттик бийлик менен болгон мамилесинин

мYнeзYн гана аныктаган"тынч", "тынчы жок эмес", "ясактык" ж.б. терминология YCтeмдYк кылган" (Коваляшкина, 2005,51-52-6.).

XVIII кылымдын аягында Орусиянын курамына Казань, Астрахань, Ногой жана Крым хандыктары, андан кийин казак жYЗдeрY киргенден кийин ал жерди байырлашкан мусулман калктары империядагы манилYY жамааттардан болуп калган. Мындан улам XVIII кылымдын аягынан баштап эле Орусияда мусулманчылык маселеси империялык саясаттын кYн тартибинде турган. Ушундай шартта 1773-жылы Екатерина II диний кeтeрYмдYYЛYк принцибин жарыялаган Ага ылайык мындан ары мусулмандарга карата мамиле анын негизинде болушу мыйзамдык жактан бекитилген. Ага дейре 1767-жылы Екатерина II Мыйзам чыгару Уложенние комиссиясын чакырып eлкeнYн мыйзамдарын системалаштыруу анын милдети катары белгиленген. Алар тарабынан Орусиянын тарыхында биринчи жолу укуктук саясаттын жана укуктук системанын принциптерин иштеп чыккан "Наказ" аттуу документ кабыл алынып, диний толеранттуулук жана анын практикалык башталышын женге салуучу жоболор киргизилген. Бул документ Орусиянын келечектеги мыйзамдары жана тYЗYЛYШY боюнча императрицанын кез карашын чагылдырган философиялык-укуктук мYнeздeгY трактат болуп, 22 бeлYмдeн жана 655 беренеден, кириш сезден, корутундудан жана эки кошумчадан турган. Бир кылымдан кийин белгилYY орус тарыхчысы В.О.Ключевский орус императрицасынын иши жeнYндe «Каршылыктарга жана кыскартууларга карабастан, Екатерина eзYHYн чыгармасын саясий керээзи катары карап абдан ыраазы болгон. Ал басылмага чыга электе эле ал тууралуу куржунунда болгондун баарын тегуп, eмYP бою бир дагы сез айтпай турганын, анын ишин кeргeндeрдYн баары бир ооздон ушуну жетишкендиктин туу чокусу деп айтышаарын жазгандыгын» (Ключевский, 1990, 816-б.) белгилеген. Андан кеп етестен эле 1773-жылы жогорудагы «О терпимости всех вероисповеданий» аттуу Жарлыгын чыгарган. Ага ылайык ислам Орусия империясында расмий тYPдe таанылган дин болуп калган. Мындан улам жарлыктын кабыл алынышы падышачылыктын диний чейреде^ саясатынын теориялык башаты болуп калгандыгын кeрYYгe болот. Ал мурдагы башкаруучулардан айырмаланып мусулманчылыкка бегет коюу боюнча айрым тоскоолдуктарды алып салган. Эске салсак, орус падышачылыгында христиан ынанымдагылардан башкаларын "басурман", "бесурменин", "бусурман" ж.б. аталыштар менен атап келишкен. Мындай аталыштар Алтын Ордонун мусулманчылыкты кабыл алган калктарына карата да айтылгандыгы маалым.XVII кылымга таандык кээ бир документтерде "бусулман" деген ортоцку форма да кездешет. Демейки айтымда мындай атоолор ХХ к. баш чендерине чейин эле колдонулуп келген. 1788-жылы Екатерина II Орусиянын ичиндеги жана Сибирдин бардык мусулмандарын бириктирген бирдиктYY органды - Оренбург мусулмандар диний жыйынын тYЗДYргeн. Мусулмандардын диний уюмдарынын тYЗYЛYШY мусулман коомунун турмушунун тYPДYY чeйрeлeрYндe мамлекеттик кeзeмeлдY орнотууга жардам берген.

"Мусулманчылык маселеси деген тYШYHYк изилдeeчYлeрдYн пикири боюнча, бул империянын курамындагы мусулман букараларынын бар экендигин жана алардын БYткYЛ Орусиялык мамлекетке кошулуу зарылдыгын таануу гана эмес, ошондой эле «мусулман дYЙнeсYндe улуттук жана диний ойгонуунун белгилеринин пайда болушун»( Воробьева, 1997, 44-55-б.) билдирген. Бул багытта дээрлик мусулман духовенствосу болбогон аталган хандыктардагы мусулман калктарына карата саясат eзYнчe мамиле тYЗYYHY шарттаган. Тактап айтканда диний миссионерлике жана ынанымдары боюнча кодулоочулукка жол коюлбастан,

диний кeтeрYмдYYЛYк принциби жетекчилике алынган. Орусиянын тYркстандыктарга карата саясаты агартуучулук идеологиянын алкагында аныкталган. Ал А.Фергюсондун адамзаттын тарыхы eзYHYн eнYГYYCYндe бир катар этаптарды баштан кечирип бардык элдерге мYнeздYY жапайы абалдан, варварчылык аркылуу цивилизацияга чейин басып eтYYCY жeнYндeгY коомдун eнYГYYCYHYн этаптуу концепциясына негизделген (Фергюсон , 2000, 95-96-б.). Мындан улам ТYркстанда мусулманчылыкка карата мамиле да ушундай eцYттe калыптанган. "Ушундай шартта ТYркстан крайынын тYЗYYЧYCY деп эсептелген биринчи генерал-губернатор К.П. фон Кауфман(1818-1882)жергиликтYY элдин динине карата eзYHYн «мусулманчылыкка этибар бербee» (игнорирование) курсун колдонууну ылайык кeргeн. Бул саясат ТYркстандагы ислам ири дин борборлорунан тосулуп калгандыктан, уюштуруучулук формасы жок болгондуктан акырындык менен кыйроого учурайт, тагыраак айтканда анын жергиликтYY элге тийгизген таасири, мусулмандар YЧYн салтуу болгон фанатизм азаят деген ой жорууларга негизделген» (Авазов, 2013, 17-б.). "Крайдын биринчи генерал-губернатору фон Кауфман атактуу миссионерлердин жана илимпоздордун пикирлерин карманып, жергиликтYY элдердин орустарга ассимиляцияланышына толук кызмат кыла турган окуу жайларын тYЗYYгe аракет кылган. Кауфман билим берYYHY «цивилизациянын» артыкчылыгынын символу катары караган" (Sahadeo, 2007, 50-б.). Мындай саясатка башынан эле каршы турушуп, аны колдонууга болбостугун айтып келишкен же болбосо аталган курсту алмаштыруу жана eзeртYYлeрдY кийрYYгe аракеттенишкен кауфмандын айрым мураскорлору, агартуучулар жана миссионерлер болушкан. Орус жана жергиликтYY балдарды биргелешип окутуу YЧYн Кауфман сунуш кылган мектептер бир аздан кийин бир аз eзгeртYЛгeн формада ачыла баштаган. Ошол кездеги таасирдYY агартуучу жана миссионер Н.Остроумовдун аракети менен бул окуу жайларда Кауфмандын долбооруна карама-каршы келген диний дисциплиналар киргизилген. Н.Остроумов ошентип расмий саясаттын YCYнeн аз да болсо жецишке жетишкен.

Албетте тили, дини жана жашоо образы, салт-санаасы бeлeк элдердин укуктук мамилелерин жацыдан иштеп чыгуу же жалпы орусиялык укуктук мейкиндикке кошуп коюу толук мYмкYн эмес болчу. Андыктан жергиликтYYлeрдYн eздeрYнe кeндYм болгон шариаттын же адаттын негизинде убактынча иш алып баруу бир топ орундуу болгон. Бул максатта" этибар бербee саясаты" абдан зарыл жана коопсуз болгондугу талашсыз. Бирок, ага карабастан диний жагдай менен байланышы бар айрым окуялардын орун алышы аталган башкаруу курсунун айланасында кээ бир eзгeртYYлeрдY кийрYYгe аргасыз кылган. Алардын бири 1892-жылы Ташкентте орун алган "Холера бунту" же "Ташкент кeтeрYЛYШY" деп аталган окуя болгон. 1892-жылдагы холера эпидемиясы 14-августта башталып, ноябрдын аягында аяктаган. Полиция менен элдин ортосунда жанжал келип чыгып, ал кeтeрYЛYшкe айланган. Ал ар кандай имиш имиштер, баалардын eсYШY, элдердин жашоосунун оордоп кетиши, эпидемиядан eлгeндeрдYн сeeктeрYн коюу маселелеринен улам келип чыккан. Мында башкы маселе исламга каршы келген eлгeндeрдYн денелеринин eрттeлYШY болгон. Бул жагдайга кайрылган изилдeeчY, тарыхчы, Карлтон университетинин профессору, Чыгыш Европанын, Кавказ аймагынын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча адис Джефф Сахадео окуяны мындайча CYрeттeгeн: "1892-жылы Орусия менен Европага бара жаткан Орто Азияны каптаган холера эпидемиясы Орусиянын ТYркстан губерниясынын борбору Ташкенттеги империянын кeз карашын жана практикасын eзгeртYYгe алып келген. Эпидемия орус колонизаторлору менен негизинен мусулман болгон жергиликтYY калктын ортосундагы eз ара

кез карандылыкты жаратып, этникалык зордук-зомбулукту да ачыкка чыгарды. Падышалык чиновниктер жана орус келгиндери 1892-жылы июнь айында исламга негизделген жергиликтYY маданияттын принциптерин бузган антихолера чараларына каршы нааразычылык акциясын аеосуз басышкан"(Sahadeo, 2007, 50-б.). Ошентип экстремалдык кырдаал рухий жуурулушунун абалын ачыктап койгон.

Ташкент кeтeрYЛYШYнe караганда да алда канча ачык диний чакырыктар менен коштолгон экинчи мындай учур башында ферганалык мусулмандардын руханий лидерлеринин бири Мадали- Дукчи эшен турган 1898-жылдагы Анжиян кeтeрYЛYШY болгон. Диний фанатизмдин кeрYHYШY боюнча башка аймактарда алда канча алдыда болгон Фергана eрeeнY бийликтердин катуу кeзeмeлYндe болгондугуна карабастан аталган окуянын жYЗ бериши бийлик тeбeлдeрYн, агартуучулуктун eкYЛдeрYн кайрадан мусулманчылык маселесинин алкагындагы талаш тартыштарга алып келген. Профессор Т. Кененсариевдин пикиринде "колониялык саясаттын орусташтыруу принциби жер гана эмес бардык сфераларда чагылып, ал турсун дин, руханий жактан да кeрYнe баштап, Анжиян кeтeрYЛYШYбY же башкабы сeзсYЗ чыгуусу зарыл болуп калган да, иш жYЗYндe Дукчи эшендин козголоцу келип чыкан"(Кененсариев,1999, 68-69-б.). Бир топтору балээнин баарын кауфмандык башкаруу курсунан кeрYШYп, аны eзгeртYY сунуштарын беришкен.Бул айрыкча генерал губернатор С.М. Духовскийдин ишмердYYЛYГY менен байланыштуу болгон. Ал бул багытта бир топ циркуляр, нускамаларын иштеп чыгып, аскерий жана жарандык бийликтин аткаминерлерин мусулманчылык менен тааныш болууга милдеттендирген. Согуш министрине жазган 1898-жылдын 8-августундагы №5594 пикиринде Закавказьядагыдай, бирок муфтийи жок, шариат менен тааныш, тYрк жана перс тилдерин билген орустардан терага же цензор башында турган Дин башкармалыгын тYЗYYHY сунуштаган (ЦГА РК. Ф.64. оп. 1. д.5578.лл. 30-35). С.М. Духовский 1899-жылы eзYHYн карамагындагы гана эмес башка аймактардагы мусулманчылыкты женге салуу боюнча иш чаралардын программасын камтыган «ТYркстандагы ислам» аттуу отчетун сунуштаган. Ички иштер министрине "ТYркстандагы мусулмандардын дин иштери боюнча башкармалыгын тYЗYY жeнYндeгY" жашыруун катында:"Миц-Дебеде^ катастрофа, туземдик калкттардын eзYнe берилген дин тутуу эркиндигин ашкере пайдалануу фактысын кeрсeттY, эми элге магометан калкынын рухий турмушуна аралашпай келген екмет туземдиктердин тутунган диндери саясий максатты кездеп, орнотулган тYЗYЛYшкe каршы чыгуунун булагы катары кызмат eтeeсYнe чыдай албай тургандыктарын тез арада ынындыруу зарылдыгы келип чыкты" (ЦГА РК. Ф.64. оп. 1. д.5578.лл. 30-35),-деп билдирген.

КeтeрYЛYштeн соц, 1886-жылдагы Жобого айрым eзгeртYYлeр киргендиги маалым. Ага ылайык, башкарууга участкалык приставдардын, уезд башчыларынын жардамчыларынын кийрилYYCY жана алардын орус офицерлеринен болуусу, туземдиктерден котормочулар гана алынуусу кeрсeтYЛгeн. Бул мурдагы курстан чыккан айырма болгон. Бирок, С.М.Духовскийдин YHY Петербургда угулган эмес. Мындай жагдайды ТYркстанды ревизиялоо учурунда сенатор К.К.Пален да белгилеген. "Анын Диний башкармалык тYЗYY идеясынан жыйынтык чыккан эмес. ИИМ, ТИМ жана Согуш министрлигинде талкууланган соц, ТYркстандагы исламды мамлекеттик женге салууда эч нерсени eзгeртYYHYн кажети жок деп чечишкен" (Арапов, 200, 141-б.). Жыйынтыгында мындай аркеттер болуш башкаруучуларын шайлоону алып салуу, орус келгиндерин челкемде кeбeйтYYмусулманчылык мекемелерине кеземел кYчeтYY, орус -тузем мектептерин кeбeйтYY сыяктуу иш чаралар менен коштолгон.

1904-жылы падыша eкмeтY eлкeнYн мусулман калкы YЧYн мусулмандардын кYHYмдYк турмушундагы ар кандай чектeeлeрдY жоюуга багытталган жацы эрежелерди иштеп чыга баштаган. Ички иштер министрлигине ар кайсы аймактарда, анын ичинде ТYркстанда жацы муфтияттарды тYЗYY милдети жYктeлгeн. "Орто Азиядагы кызматтарынан ажырап калуудан чочулаган аскер министрлиги 1905-жылдын май айында ТYркстан генерал-губернатору Н.Н. Тевяшевге eкмeткe муфтияттарды TYЗYYHYH зыяндуулугу тууралуу документ даярдоону буюрган. Тевяшев Орто Азияда эч качан «официалдуу диний уюмдар» болбогондугун жана эзелтен бери ал эч кимдин кeзeмeлYндe болбогондугун кeрсeтYп сунуштама берген. Тевяшев кырк жыл бою бийлик туура жолдо келе жаткандыгын, анткени этибарга албоо принциби эч кандай тYШYнбeстYктeрдY жараткан эместигин жана алып келбей тургандыгын белгилеген. Ал муфтияттын TYЗYЛYШY ТYркстандын мусулман диниятчыларын eзгeчe кастага айлантып, империянын кызыкчылыгына зыян келтирип, анын ирилешине eбeлгe болорун белгилеген" (Бахтурина, 2016, 36-б.). Маалым болгондой 1917-жылга чейин мусулман диниятчылыгы атайын органга баш ийген эмес, бул жатта eкмeт Кауфмандын саясатын уланткан.

Мусулманчылык маселесинин жанаданышынан улам айрым чектeeлeргe, тыюу салууларга карабастан мусулмандык билим берYY системасы модерницацияланып, крымдык татар агартуучуларынын таасири астында жадидизм кыймылы келип чыккан. Анын таасири шаар жерлеринде кYчтYY болгон. "ТYкстандагы колониялык бийликтер убакыт eткeн сайын бул жерде татар диспорасынын кeбeЙYШYHYн " пайдасынан зыяны кeп экендигин байкай баштаган. Анткени, Орусиянын eзYндe да татар улутундагы калк башкалардан, атугул орустардын кeпчYЛYГYнeн да билимдYYPeeк болуп,Х1Х кылымдын 70-80-жылдарында эле татарлардын, айрыкча Казань, Уфа, Крым татарларынын арасынан билимдуу агартуучулар чыгып, турк тилдYY элдердин укуктары, алардын келечеги, демократия жeнYндe ойлоно баштаган болчу"(Кененсариев,2019,506-б.) Мындан улам бийликтер салттык мусулман мектептерине ийкемдYY мамилдеде болуп, ал эм жадид мектептеринен кооптоно башташкан. Агартуучулук майданындагы атаандаштыктын кYч алышы мусулманчылык маселесинин чагылышынын жыйынтыгы болгондугу талашсыз. Мындан улам бийликтерди кооптондуруп келген мусулман калктарынын биригYYCY жYргeн. Ал 1905-жылдагы Биринчи орус революциянын мезгилинде айкын кeрYнe баштаган. 1905-жылы июнда Верный шаарына Николай II падышанын дарегине мусулман жыйынын TYЗYY, балдарга эне тилинде билим берYY YЧYн медресе, мектептерди ачуу, мыйзам чыгаруу органдарына жергиликтYY элдердин eкYЛдeрYн киргизYY eтYHYЧY менен кайрылуу жолдонгон. Бул тенденциялар аталган революция жылдарында абдан ачык-айкын кeрYнe баштап, петиция eнeктYГY башталган. Орус бийликтерине, борбордук eкмeткe империянын Казань, Вятка, Уфа, Пермь, Самара, Оренбург губернияларынын мусулман аймактарынан кайрылуулар тYшe баштаган. Кыргыз жергесинде атйылуу Шабдан батырдын петициясы да ушул мезгилге туура келген. 1905-жылдын 30-июнунда ал кыргыз элинин суроо-талабы боюнча даярдалган петиция туурасында Пишпек уездинин начальнигине кат менен кайрылган. Кайрылууда Николай II падышанын дарегине мусулман жыйынын TYЗYY, балдарга эне тилинде билим берYY YЧYн медресе, мектептерди ачуу, мыйзам чыгаруу органдарына жергиликтYY элдердин eкYЛдeрYн киргизYY eтYHYЧYкелтирилген. Ошондой эле Жети-Сууда Мусулмандардын диний жыйынынын TYЗYY жана ага Мусулмандарды башкарууга тиешелYY бардык маселелерди ага eткeрYп берYY сунушталган. Албетте бийликтер аталган инсанга мындай иштерден оолак болууну эскерткендиги маалым. Бул мезгилде мусулман лидерлеринин саясатка багыт алуусунун

башталгандыгын байкоого болот. Алардын айрымдарын Орусиядагы мусулмандардын жалпы кeйгeйлeрYн KeTepYn чыгуу Y4YH Мамлекеттик Думанын мусулман фракциясынын ишине катышууга TYPTKeH.

Ушундай жолдор менен мусулманчылык маселеси 1917-жылга чейин биротоло чечилген эмес. Бийликтер ар кандай нааразчылыктардын же кeтeрYЛYштeрдYн булагы катары "панисламистик", "пантюркстик" eцYттeргe басым жасоосун уланта беришкен. Бирок, советтик ашынган атеистик саясат сыцары мусулманчылыкка каршы радикалдуу кадамдарга барган эмес. Анткени колониялык аймактарда стабилдYYЛYктYн болушу империянын башкы кызыкчылыктарынын бири болгон. Бул максатта мусулманчылыкка карата мамиледе анын эки жактуулугун белгилeeгe болот. Бул болсо, бир жагынан, мамлекеттин чет-жакаларын eнYктYPYY жагынан империянын ички аймактарына мYмкYн болушунча жакындаштыруу мYдeeсY болсо, экинчиден, жергиликтYY мусулман калктарынын рухий турмушунун eзгeчeлYктeрYн айрымдарын эске алуудан кeрYнгeн. ТYркстан генерал-губернатору (18671917) eкYм CYргeн мезгилдердеги орус eкмeтYHYн диний саясаты ТYркстандын биринчи генерал-губернатору К.П. фон Кауфман тарабынан кийрилген "исламга этибар бербee" саясаты тYпкYЛYГYндe eзгeргeн эмес. Анын мураскорлорунун тушунда диний саясатты кайра карап чыгуу аракеттери бир нече жолу жасалган, бирок радикалдуу кадамдар жасалган эмес.

Корутунду. Колониялык саясаттын негизги принциптеринин бири болгон диний кeтeрYмдYYлук принцибин жетекчиликке алган "исламга этибар бербee саясаты" тeмeнкYдeй жыйынтыкка алып келген:

Биринчиден, Орусиянын каратылып алынган мусулман калктары жашаган аймагында ислам маселесине байланыштуу мамилеси бир беткей болбогон.Мындай мамиледе отурукташкан жана кeчмeн калктардын арасындагы мусулманчылыктын жана диний фанатизмдин таасирине жараша калыптанган. Экинчиден, мусулман калктарына карата дин тацуулоо жана диний ачык кодулоочулук болгон эмес. YчYнчYдeн, миссионердик иштер ачыктан ачык христиан динин жайылтууга багытталган эмес.ТeртYнчYдeн, этибар албоо саясаты жергиликтYY мусулман калктары YЧYн колониялык доордо ьщгайлуу болгон.Анын натыйжасы мусулман калктарынын тилектешитигинин бекемеделиши менен Мамлекеттик думада мусулмандар маселесинин кeтeрYЛYШYн да шарттаган. Бешинчиден, мусулманчылыкка карата катуу чараларды кeрYY аракеттери элдик боштондук кыймылдарынын кYчeшYнe жана анын жыйынтыктарына байланыштуу кез кезде кeтeрYЛYп турган.

Адабияттар

1. Авазов Э.А. К.П. фон Кауфмандын "Исламды этибарга албоо" саясаты жана аны eзгeртYY аракеттери// Кыргызстан тарыхынын маселелери.- 2013.-№1-2. 17-б.

2. Авазов, Э. А. XIX К. Аягы ХХ К. Башындагы Орусия империясынын ТYркстандагы билим берYY саясатындагы атаандаштык жана анын жыйынтыктары (Фергана eрeeнYHYн мисалында) / Э. А. Авазов // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 3. - P. 133-142. - DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_133. - EDN: TRVWUZ.

3. Арапов Д.Ю. Императорская Орусия и мусульманский мир .М. 2000 С.-141.

4. Бахтурина А.Ю. Управление в Туркестанском крае накануне и во время восстания 1916 г. //Восстание 1916 года в Туркестане: документальные свидетельства общей трагедии: сб. док. и материалов / МГУ им. М. В. Ломоносова,Ин-т всеобщ. истории РАН ; [сост., авт. предисл., вступ. ст. и коммент.Т. В. Котюкова]. - М.: Марджани, 2016. - С.36.

5. Воробьева Е.И. Власть и мусульманское духовенство в Российской империи (втор. пол. XIX в. - 1917 г.) // Исторический ежегодник. 1997. С. 40-55.

6. Распространение ислама у кыргызов / М. А. Закиров, А. С. Закирова, Р. К. Сабиров, М. И. Чыналиева // Вестник Ошского государственного университета. История. - 2022. -№ 1. - С. 38-47. - DOI: 10.52754/1694867X_2022_1_5. - EDN: VGAVNC.

7. Исакова, Ф. Р. Формирование национальной интеллигенции в Туркестане в начале ХХ века / Ф. Р. Исакова // Вестник Ошского государственного университета. - 2020. - № 13. - С. 65-70. - EDN: KSTWVB.

8. Кененсариев Т. Кыргызстан оторчулук доорунда (1855-1917). Бишкек.: МахрпП;, 2019.506-б.

9. Кененсариев Т. Анжиян кeтeрYЛYШY жана колониялык саясат. // Все про Ош.Вып. 2. -Ош, 1999. -.68-69-б.

10. Коваляшкина Е.П. «Инородческий вопрос» в Сибири. Концепция государственной власти и областническая мысль. Томск, 2005. С. 51-52.

11. Ключевский В. О. Происхождение, составление и источники Наказа. Цензура и критика Наказа. Содержание Наказа. Мысль Наказа // Курс русской истории. Лекция 77. М., 1990 С. 816.

12. Фергюсон А. Опыт истории гражданского общества. М., 2000. С. 95-96.

13. Sahadeo J. Russian Colonial Society in Tashkent, 1865-1923. Bloomington, IN: Indiana University Press, 2007 Р.50.

14. ЦГА РК. Ф.64. oa 1. д.5578.лл. 30-35.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.