Научная статья на тему 'БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ'

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
компетенция / компетенттүүлүк мамиле / баалоо / тест / компетенттүүлүккө багытталган маселелер / ишмердүүлүк / өздөштүрүү / түшүнүү / калыптандыруу / колдонуу / competence / competency-based approach / assessment / test / competency-oriented tasks / activity / development / understanding / formation / application

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович, Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна

XXI-кылымдын башында Кыргызстан билим берүү системасынын маңызын жаңылоо жана модернизациялоо менен дүйнөлүк билим берүү процесстерине активдүү катышууну көздөп, өз позициясын күчтөндүрүүгө жана кеңейтүүгө басым жасай баштады. Мындай жаңы системанын негизги айырмачылыгы катары билим берүү борбору окуучуга тарапка көбүрөөк ыкталат дагы, башкы натыйжа катары окуу процессинин жүрүшүндө окуучунун ээ болгон компетенцияларын белгилөөгө болот. Мында окуу процесси компетенттүүлүк мамилеге басым жасоо менен түзүлөт, б.а. предметти өздөштүрүүдө зарыл болгон компетенцияларга ээ болушуна. Ошондуктан компетенттүүлүк мамиле билим берүү ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн ишке ашырган мамиле, мында окуу процесси практикалык натыйжаларга багытталат. Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) сабакты салттуу уюштурулуусун өзгөртөт. Салттуу сабакта билим менен көндүмгө көбүрөөк маани берилет жана топтолгон билгичтиктерди практикалык ишмердүүлүктө колдонуунун көндүмүн арттырат. Ал эми компетенттүүлүккө багытталган маселелерде башкы маани окуучуларды “турмуштук” маселелерди чечүүгө үйрөтүүгө берилет. Сабактын түрдүү этаптарында компетенттүүлүктү калыптандырууга болот, б.а. ишмердүүлүктүн түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болуу, личносттук сапаттарды өнүктүрүү аркылуу жүрөт.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович, Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE USE OF COMPETENCE-ORIENTED TASKS IN THE FORMATION OF COMPETENCIES IN MATHEMATICS LESSONS IN ELEMENTARY SCHOOL

At the beginning of the 21st century, Kyrgyzstan aimed to actively participate in global educational processes by renewing and modernizing the essence of the educational system, and began to focus on strengthening and expanding its position. The main difference of such a new system is that the educational center is more oriented towards the student, and as the main result, it is possible to establish the competences acquired by the student during the learning process. Here, the learning process is created with an emphasis on the competence approach, i.e. to have the necessary competencies in mastering the subject. Therefore, the competence approach is an approach that realizes the nature of educational activity, where the learning process is focused on practical results. Competency-focused learning (CFL) change the traditional organization of the lesson. In a traditional lesson, more importance is given to knowledge and skills and it increases the ability to apply the accumulated knowledge in practical activities. And in competence-oriented issues, the main importance is given to teaching students to solve "life" problems. Competence can be formed at different stages of the lesson, i.e. acquiring the necessary skills to perform the type of activity, is carried out through the development of personal qualities.

Текст научной работы на тему «БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ПЕДАГОГИКА. ПСИХОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PEDAGOGY. PSYCHOLOGY

e-ISSN: 1694-8742

№ 1(4). 2024, 7-14

ОКУТУУНУН ЖАНА ТАРБИЯЛООНУН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ Теория и методика обучения и воспитания Theory and methodology of education and upbringing

УДК: 3.37.02

DOI: https://doi.org/10.52754/16948742 1(4) 1-2024

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ КОМПЕТЕНТНОСТНО-ОРИЕНТИРОВАННЫХ ЗАДАЧ ПРИ ФОРМИРОВАНИИ КОМПЕТЕНЦИЙ НА УРОКАХ МАТЕМАТИКИ В

НАЧАЛЬНОЙ ШКОЛЕ

THE USE OF COMPETENCE-ORIENTED TASKS IN THE FORMATION OF COMPETENCIES IN MATHEMATICS LESSONS IN ELEMENTARY SCHOOL

Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович

Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович Barpybaev Turdumambet Rysbekovich

химия илимд. канд., доцент, Инновациялык технологиялар жана энергетика институту, Таш-Көмүр ш. канд. хим. наук, доцент, Институт инновационных технологий и энергетики, г. Таш-Кумыр Cand. of Chemical Sciences, Institute of Innovative Technologies and Energy, Tash-Kumyr city

turdumambet@mail. ru ORCID: 0000-0002-9027-1204

Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна

Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна Toktomambetova Zhamilyakan Sakibayevna

пед. илимд. канд., Инновациялык технологиялар жана энергетика институту, Таш-Көмүр ш. канд. пед. наук, Институт инновационных технологий и энергетики, г. Таш-Кумыр cand. of ped. sciences, Institute of Innovative Technologies and Energy, Tash-Kumyr city

jami t@mail.ru ORCID: 0009-0002-7999-7407

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ

Аннотация

XXI-кылымдын башында Кыргызстан билим берүү системасынын маңызын жаңылоо жана модернизациялоо менен дүйнөлүк билим берүү процесстерине активдүү катышууну көздөп, өз позициясын күчтөндүрүүгө жана кеңейтүүгө басым жасай баштады. Мындай жаңы системанын негизги айырмачылыгы катары билим берүү борбору окуучуга тарапка көбүрөөк ыкталат дагы, башкы натыйжа катары окуу процессинин жүрүшүндө окуучунун ээ болгон компетенцияларын белгилөөгө болот. Мында окуу процесси компетенттүүлүк мамилеге басым жасоо менен түзүлөт, б.а. предметти өздөштүрүүдө зарыл болгон компетенцияларга ээ болушуна. Ошондуктан компетенттүүлүк мамиле - билим берүү ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн ишке ашырган мамиле, мында окуу процесси практикалык натыйжаларга багытталат. Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) сабакты салттуу уюштурулуусун өзгөртөт. Салттуу сабакта билим менен көндүмгө көбүрөөк маани берилет жана топтолгон билгичтиктерди практикалык ишмердүүлүктө колдонуунун көндүмүн арттырат. Ал эми компетенттүүлүккө багытталган маселелерде башкы маани окуучуларды “турмуштук” маселелерди чечүүгө үйрөтүүгө берилет. Сабактын түрдүү этаптарында компетенттүүлүктү калыптандырууга болот, б.а. ишмердүүлүктүн түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болуу, личносттук сапаттарды өнүктүрүү аркылуу жүрөт.

Ачкыч сөздөр: компетенция, компетенттүүлүк мамиле, баалоо, тест, компетенттүүлүккө багытталган маселелер, ишмердүүлүк, өздөштүрүү, түшүнүү, калыптандыруу, колдонуу.

Использование компетентности- The use of competence-oriented tasks in the formation of

ориентированных задач при формировании competencies in mathematics lessons in elementary

компетенций на уроках математики в начальной school школе

Аннотация

В начале XXI-века Кыргызстан становиться активным участником обновления и модернизации мировой образовательной системы и вместе тем растирает и укрепляет свою позицию. В таком случае основным обновленным результатом является то что, образовательный центр сдвигается в сторону ученика и в процессе обучения результатом является формированные компетенции. Учебный процесс составляется на основе компетентностного подхода, т.е. на основе необходимых компетенций для освоения предмета. Поэтому компетентностный подход реализуется образовательной деятельностью направленный на практический результат. Компетентностно-ориентированные задачи меняют традиционную организацию урока. В традиционном уроке больше внимания уделяется на знание и навыкам и тем самым применению умений в практической деятельности. А в компетентностно-ориентированные задачах основное внимание уделяется на решении “жизненных” задач. На разных этапах организации учебного процесса можно формировать компетентность, т.е. это осуществляется путем деятельности выполнения навыков, развитием личностных качеств.

Abstract

At the beginning of the 21st century, Kyrgyzstan aimed to actively participate in global educational processes by renewing and modernizing the essence of the educational system, and began to focus on strengthening and expanding its position. The main difference of such a new system is that the educational center is more oriented towards the student, and as the main result, it is possible to establish the competences acquired by the student during the learning process. Here, the learning process is created with an emphasis on the competence approach, i.e. to have the necessary competencies in mastering the subject. Therefore, the competence approach is an approach that realizes the nature of educational activity, where the learning process is focused on practical results. Competency-focused learning (CFL) change the traditional organization of the lesson. In a traditional lesson, more importance is given to knowledge and skills and it increases the ability to apply the accumulated knowledge in practical activities. And in competence-oriented issues, the main importance is given to teaching students to solve "life" problems. Competence can be formed at different stages of the lesson, i.e. acquiring the necessary skills to perform the type of activity, is carried out through the development of personal qualities.

Ключевые слова: компетенция, компетентностный Keywords: competence, competency-based approach, подход, оценивание, тест, компетентностно- assessment, test, competency-oriented tasks, activity, ориентированные задачи, деятельность, освоение, development, understanding, formation, application. понимание, формирование, применение.

Киришүү

Учурда билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуунун айланасында компетенция, компетенттүүлүк, компетенттүүлүк мамиле сыяктуу түшүнүктөр байма-бай колдонулуп жатат. Аларды ишке ашыруунун жолдору кеңири талкууланып, натыйжалуу жыйынтыктар мектепке чейинки, жалпы билим берүү, орто жана жогорку кесиптик билим берүүдө алынууда. Алардын ичинен башталгыч мектептеги математика сабагында компетенцияларды калыптандырууга компетенттүүлүккө багытталган маселелерди колдонуунун жыйынтыгын талдап көрөлү.

Талкуу жана изилдөөнүн натыйжалары

Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) сабакты салттуу уюштурулуусун өзгөртөт. Салттуу сабакта билим менен көндүмгө көбүрөөк маани берилет жана топтолгон билгичтиктерди практикалык ишмердүүлүктө колдонуунун көндүмүн арттырат. Ал эми компетенттүүлүккө багытталган маселелерде башкы маани окуучуларды “турмуштук” маселелерди чечүүгө үйрөтүүгө берилет. Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) түрдүү предметтерди өздөштүрүүгө карата мотивацияны жогорулатуунун ыкмаларынын бири, биринчиден, маселелерди чыгаруунун үстүндө иштеп жатканда окуучу маселени чыгарууга карата мамилесин өзгөртөт; экинчиден, компетенттүүлүккө багытталган маселелер ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн талап кылат; үчүнчүдөн, ишмердүүлүктү колдонууну жана өздөштүрүүнү ишке ашыруу үчүн билим берүүдөгү кырдааалды моделдөөгө мүмкүнчүлүк берет; төртүнчүдөн, окуучулардын предметке карата болгон кызыгуусун арттырууга жана өздөштүрүүгө карата ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт (Алтыбаева, 2021, 127-б.).

Даяр түрүндөгү берилген билимге караганда, көйгөйлүү маселелердин үстүндө иштегенде окуучуларда кызыгууну коштогон ой-жүгүртүү ишмердүүлүгү активдешүү менен эмоционалдык жактан канааттанууну жаратат жана алардын эске тутуу сезиминде бекемделет. Мындай активдүү өз алдынча ой-жүгүртүү ишмердүүлүк жаңы байланыштардын, инсандагы жекече касиеттердин, аң-сезимдин оң касиеттерин калыптандырууга алып келет.

Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) белгилеп кеткендей турдүү типтеги сабактарга колдонулса болот, мисалы, жаңы материалды өздөштүрүү, билимди бекемдөө, билимдерди комплекстүү пайдалануу, билимдерди жалпылоо жана системалаштыруу, сабакты көзөмөлдөө, баалоо жана корректирлөө.

Сабактын түрдүү этаптарында компетенттүүлүктү калыптандырууга болот, б.а. ишмердүүлуктүн түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болуу, личносттук сапаттарды өнүктүрүү аркылуу жүрөт (Тургунова & Бабаев, 2022). Компетенттүүлүккө багытталган маселелерди түзүүгө карата бир нече маселелерди карап көрөлү (Алтыбаева, 2021, 127-б.).

Баалуулук-маанилүү компетенцияны өнүктүрүү. Окуучу өзү үчүн бүгүнкү сабакта кандай маселени өздөштүрөт, кийинки сабакка кандай даярдануусу зарыл экендигин так аныкташы керек. Окуучуларда математиканын башка илимдер менен биргеликте кароо мүмкүнчүлүгү бар экендигинен канааттануу сезими тарбияланат (Мамлекеттик билим берүү стандарты, 2022), (Алтыбаева, 2021, 127-б.). Башкача айтканда, арифметикалык жана геометриялык прогрессиянын мүчөлөрүнүн суммасын өздөштүрүүнүн тереңинде маанилүү экономикалык ой бар экендигин, проценттерди билүү менен бай болуу мүмкүнчүлүгү

ачылгандыгын баамдайт. Мында окуучуларга төмөнкү маселелерди чыгаруу үчүн берүүгө болот:

- Зыгырдын үрөнүндө 20% май бар. 700кг зыгырдан канча май сыгып алууга болот? Зыгырдын майынын адамдын денсоолугуна пайдалуу экендиги тууралуу эмнелерди билесиңер? Кошумча адабияттардан маселенин жообун тапкыла.

- Дүйнөдө эң туздуу Өлүк деңиз экендиги белгилүү, анын 1кг суусунда 300мл туз бар. Ал эми 200г деңиз суусунда канча грамм туз бар экендигин аныктагыла. Адамдын денсоолугу үчүн деңиз суусунун кандай пайдасы бар экендигин билип келгиле.

- Астрономияда аралыкты ченөөнүн бирдиги колдонулат, ал “жарык жылы” деп аталып, сандык жактан 9,464012км барабар. Күндөн биздин галактика Саманчынын жолуна чейинки аралыкты эсептегиле, ал 28миң жарык жылына барабар экендиги белгилүү.

- Майрамга карата 19 балмуздак сатып алынды, 2 окшош коробкага 6дан балмуздак, калган балмуздактар 3 коробкага салынды. 3 коробкада канча балмуздак бар?

- 600г 16% спирттеги йоддун эритмесине анын 10% йоддун эритмесин алуу үчүн канча грамм спиртти кошуу керек?

Мында биз окуучулар өздөрү кызыккан багыттарды тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшүү менен жогорудагы компетенциянын калыптанышына түрткү беребиз.

Жалпы маданий компетенция. Бул компетенция стандарттуу эмес, таанып-билүүчүлүк, тарыхый, ыр түрүндө берилген маселелерди чыгарууда өнүктүрүлөт, ошондой эле жаңы теманы көйгөйлүү ыкмада тартуулаганда өзгөчө эффективдүү болот, башкача айтканда мугалим көйгөйдү окуучунун жеке көндүмүнө таянычтуу кырдаалды түзөт. Мында сабаттуу, логикалык жактан удаалаштыгын калыптандыруу үчүн математикалык сөздүктү түзүүгө, математикалык жат жазууну жазууга, математикалык терминдерди жана сан атточторду колдонууга, сабаттуу жазууга багытталышы керек. Чоңдуктарды өзгөртүүнү процент менен жүргүзүүгө маселелерди түзүү жана ролдук оюндарды, мисалы, “Сиз почтальонсуз”, “Сиз мейманкананын администраторусуз”, “Сиз салык инспекторусуз” оюндарын колдонуу дагы компетенцияны өздөштүрүүгө жана калыптандырууга жакшы шарт түзөт. Маселелерди процент менен чыгарууну түшүнүү ар бир адамга керек, бул теманы өздөштүрүү менен биз каржылык, демографиялык, экологиялык, социалдык ж.б. багыттарды өздөштүрөбүз.

Маселелерге мисалдарды келтирели:

- Аба кандай учурда таза болгондугуна карбастан, анда чаң дайыма болот. Биз мурун аркылуу дем алганда, ооз аркылуу дем алганга караганда чаңдын 60% көп кармалып калат. Ооз менен дем алганга караганда, мурун аркылуу дем алганда канча эсе көп чаң кармалат. Биздин мамлекетибиздин таза аба көйгөйүнө карата саясаты тууралуу кандай кабарыңыз бар.

- Шаардын тургандарынын ичинен таза кыргыз тилинде, башкалары орус тилинде гана, үчүнчүлөр эки тилде тең сүйлөшөт. Кыргыз тилинде калктын 85%, орус тилинде - 75% сүйлөшөт. Шаардын тургандарынын ичинен канчасы эки тилде сүйлөшөт?

- Шаардын калкы жылына 1/50 санга өсүүдө. Канча жылдан кийин шаардын калкы үч эселенет? Кандай социалдык программаларды чечүү зарылчылыгы келип чыгат?

- Абанын температурасы күн ичинде 70дан 260 Цельсияга чейин өзгөрүп турду (температуранын өзгөрүү графиги берилет). Абанын өзгөрүүсүнүн графигин фаренгейт боюнча сүрөттөгүлө (берилген график боюнча).

Берилген компетенцияны өнүктүрүүнүн дагы бир ыкмасы катары текшерүү иштерин жүргүзүү эсептелет, б.а. тест түрүндө жүргүзсөк болот. Мында компетенттүүлүк мамиленин негизинде алып караганда окуучулар ишмердүүлүктүн натыйжасында жалпы окуунун билгичтик менен көндүмдөрүнө ээ болушат (Бекбоев, 2004, 24-б.). Тесттердин үстүндө иштөө окуучуларды кийинки берилүүчү сыноолорго (жалпы республикалык тестирлөөгө) көнүктүрүү да карайт. Ошондой эле тесттер менен иштөодө маселелерди түзүүдөгү мүчүлүштүктөрдү да аныктоого көмөктөшөт. Сабактын жыйынтыгын чыгарууда окуучулардын көңүлүн сабактын математикалык гана түзүүчүлөрүнө бурбастан, жалпы маданий түзүүчүсүнө да көңүл бурулушу керек.

Изилдөөчүлүк компетенция. Бул компетенцияны калыптандыруу үчүн окуучуларга зарыл изилдөөчүлүк мааниси бар варианттагы маселелер сунушталат, мисалы, мобилдик байланышты камсыздаган компания үч тарифтик планды сунуштады:

Таблица 1.

Тарифдик план Абоненттик төлөм 1 мүнөт сүйлөшүү үчүн төлөм

Убакытты чектөө менен Айына 135 сом 0,3 сом

Комбинацияланган Айына 450 мүнөт үчүн 255 сом Айына 450 мүнөт үчүн 255 сомдон сырткары 1 мүнөткө 0,28сом

Лимит жок Айына 380 сом 0 сом

Абонент арзан тарифтик планды тандады, ага негиз болуп айына 650 мүнөт сүйлөшүү жүргүзө тургандыгы болду. Эгерде чынында эле айына 650 мүнөт сүйлөшсө, анда абрнент канча суммадагы акча каражатын сарптайт?

- Нурайда театрдагы кечки спектакль үчүн билети бар. Эгерде Нурай 15 мүнөт жыйналууга убакыт кетирсе жана жөө 6 км/саат ылдамдыкта басса, анда 10мүнөт кечигет. Эгерде Нурай 15 мүнөт жыйналууга убакыт кетирсе жана Азамат менен 20км/саат ылдамдыкта барса, анда алар театрга спектакль башталганга чейин 3 мүнөт эрте келишет. Спектакль башталганга чейин канча убакыт калгандыгын аныктагыла.

Мындай маселелерди чыгаруу менен биз окуучуларда көйгөйдү чечүү, максатты коюуну жана пландуу ишмердүүлүктү жүргүзүү сыяктуу компетенттүүлүгүн калыптандырабыз (Бекбоев, 2004, 24-б.).

Маалыматтык компетенция. Тиричиликтен келтирилген мисалдар жана анын негизинде түзүлгөн маселелер мугалимге окуучуларда маалыматтык компетенцияны калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Сабактан кийинки сабака “биринчи булактардан алынган маалыматтардын” деңгээлин жогорулатуу зарыл, аны менен окуучуларды учурдагы дүйнөнүн маалыматтык мейкиндигине адаптацияланууга даярдайбыз. Бул этапта колдонмо муноздөгү маселелерди колдонуу максатка ылайыктуу болот. Аны менен окуучуда маалыматтык компетенция гана калыптанбастан, турмуштук тажрыйбасы топтолот (Алтыбаева, 2017). Мында окуучуларга карата дифференциалдык мамиле жасоо керек. Мисалы, ата-энеңердин иштеген мекемесинин акыркы 3-5 жыл аралыгындагы натыйжаларын билгиле, анын негизинде диаграммы түзгүлө, жыйынтыгн чыгаргыла.

Кыймыл жана буюмдардын наркына карата эсеп жүргүзүү маселелери да жакшы ыкмалардын бири. Ага практикалык сабакка зарыл болгон маалыматтардын базасын түзүп алуу аркылуу даярданууну 2-3 жума алдын баштайбыз. Окуучулар маалыматтарды топтошот, маалыматтарды алуунун жолдорун үйрөнүшөт, диаграмма, графиктер, таблицалар менен

иштөөнү үйрөнүшөт. Топтолгон маалыматтарды мугалим сабакка колдонуунун жолун түзөт. Мисалы, интернетти колдонуу менен сабакка керектүү материалдарды табуу жана чыгаруу (узундуктардын жана салмактардын таблицасы) ж.б. (Павлова, 2009).

- Мунаранын бийиктиги 60 аршин, бул чоңдукту метр чоңдугуна которгула, узундуктун чен катышын билип алгыла.

- 1 литр бензин 2006-жылы 42,5 сом болгон, ал эми 2023 -жылы 42% жогорулады, 2023-жылдагы бензиндин баасын эсептегиле.

- 1 кВТ/саат электрэнергиясынын наркы 2 сом 10 тыйын турат. Электр үтүгү 1 саат ичинде 2 кВТ/саат энергия сраптайт. Үтүк менен 2 күн: биринчи күнү 5 саат, экинчи күнү 7 саат жуулган кир үтүктөлсө , эки күндо срапталган электрэнергиясынын наркы канча сом болот?

Социалдык-эмгектик компетенциялар. Мындай компетенцияларды ишке ашырууда к обунчө оюн технологиялары кеңири колдонулат. Оюн технологиясынын атуулдук, байкоочунун, керектөөчүнүн, сатып алуучунун, өндүрүүчүнүн социалдык-эмгектик чөйрөдө укуктарын коргоо боюнча ролдорду аткарууда окуучулар эмгек базарындагы кырдаалды талдоодогу көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу эмгек жана жарандык өз ара мамилердин этикасына ээ болот.

“Куруучулар” оюнунун катышуучулары - жумушчу өз сменинде 36 тетиктин ордуна 45 тетик даярдады. Чыныгы жасалган тетик план боюнча жасалуучу тетиктин канча процентин түзөт? Жетекчи катары бул жумушчуну кантип сыйлайт элең?

- Жаңы алмуруттарды кыргатуудан 18% алынат. Ал эми 45кг кургатылган алмурутту алуу үчүн канча жаңы алмурут керек? Эгерде 120кг жаңы алмурутту кургатсак канча кургатылганы алынат. Биздин убактагы шарттарда мындай иш жүргүзүү ыңгайлуубу?

Маселе “Сен сүрөтчүсүң”: координаталык тегиздикте берилген координаталардын жардамы менен кесиндилерди чекит аркылуу туташтырсак, фигура пайда болот. Теңдемени чыгаргыла, калтырылган координаталардын ордуна тамырдын маанисин жазгыла.

Коммуникативдүү компетенциялар. Компетенциянын бул түрү мектептин окутуу системасында жаңы эмес, аны ишке ашырууда түрдүү коллективдүү (коммуникативдүү) ыкмалар (дискуссия, топтук иштер, жуп болуп иштөө ж.б.) колдонулуп келет. Сабакта колдонуу менен окуучуларда төмөнкү көндүмдөр калыптанат: диалог түзүү, кызматташтык, толеранттуулук, сыйлоо жана конфликтерди жаратпоо ж.б.

Мына ошентип, окуучу тигил же башка компетенцияны жеткиликтүү деңгээлде өздөштүргөндүгүнө ынануу үчүн ага белгилүү ишмердүүлүк аркылуу гана аткарыла турган маселелерден тапшырма берүү керек.

Компетенттүүлүккө багытталган маселелерди туура түзүү керек? Алар эмнеси менен салттуу маселелерден айырмаланышат?

Биринчиден, бул ишмердүүлүккө байланышкан маселелер; экинчиден, алар практикалык, турмуштук кырдаалды мүнөздөйт; үчүнчүдөн, ал окуучу үчүн актуалдуу материалдан түзүлөт; төртүнчүдөн, анын түзүлүшү төмөнкү элементтерди камтыйт: аракеттерди, мисалы, колдонгула, иликтегиле, аныктагыла, түшундүргүлө, тапкыла, билип алгыла. Стимул белгиленген (эгерде ...., анда ....). Маселелерде стимул окуучуну аларды чыгарууга мотивациялайт, стимул кыска болушу шарт (үчтөн көп эмес), окуучуну негизги мазмундан алагды керек. Берилген маселе боюнча маалыматтык булак (текст, таблица, график, статистикалык маалымат ж.б.) көрсөтүлүшү зарыл, б.а. текшерүүнүн каражаты болуш шарт (Алтыбаева, 2021, 127-б.).

Учурда адабияттарда компетенттүүлүккө багытталган маселелер арбын, бирок берилген маселелерди белгилүү компетенцияларды калыптандыруу үчүн иштеп чыгууга болот. Бир эле маселе көбүнчө бир нече компетентүүлуктөрдү калыптандыруу үчүн шарттардын түзүлүшүнө негиз боло алат. Мисалы, берилген маселени карап көрөлү: үч аңгеме 34 бетти түзөт. Биринчиси 6 бетти, экинчиси 3 эсе үчүнчүдөн аз. Экинчи аңгеме канча бетти түзөт, - бул компетенттүүлүккө багытталган маселе болуп эсептелбейт. Бирок, эгерде маселеге туура шарттарды кошумчаласак, анда ал компетенттүүлүккө багытталган болот, мисалы, китеп боюнча беттердин бөлүнүшүн айланма диаграмма (проценттерин көрсөтүү менен) боюнча түзгүлө десек.

Эгерде көнүгүүдөгү “сан удаалаштыгын уланткыла: 1, 3, 5, 7, 9 ”дегенге “ удаалаштыкты төмөнкү ыкмалар менен бергиле: n-мүчөсүнүн формаласы менен, таблица менен, сөз түрүндө” деген сүйлөмдөр менен кошумчаласак, анда ал компетенттүүлүккө багытталган маселе болуп калат.

Дагы бир мисал, 8 класстын алгебрасынан көнүгүү: теңдемелердин системасын чыгаргыла, маселеге кошумчалайбыз: “чыгарууга сунушталган ыкмалардын ичинен бул системага тиешелүүсүн тандагыла (графикалык метод, жаңы алмаштыруучуну киргизүү методу, кошуу методу, орун алмаштыруу методу). Өз тандооңузду негиздеңиз”. Мында окуу тапшырасы компетенттүүлүккө багытталган болуп калат. Мына ошентип, окуу китебиндеги маселелерди да компетенттүүлүккө багытталган маселелерди түзүүгө колдонууга болот (Павлова, 2009).

Жыйынтык

Компетенттүүлүккө багытталган маселелерди пайдалануу менен окуп-үйрөтүү маалыматты бекем өздөштүргөнгө алып келет, б.а. предметке болгон кызыгууну, чыгармачылык менен активдүүлүктүн өнүгүшүнө, окуучунун баамчылдыгына, маалыматты кабылдоо жана иштеп билгичтигин, бутүм чыгара алуу жөндөмдүүлүктөрүн артырат.

Мына ошентип, компетенттүүлүккө багытталган маселелер окуучуларда компетенттүүлуктү калыптандырууда да чоң мааниге ээ, ал эми мугалим ошол компетенттүүлүктөрдү камтыган маселелерди түзүүгө дайыма чыгармачылык менен иштөөсү зарыл.

Компетенттүүлүккө багытталган маселелерди окуу процессинде колдонуу жана иштеп чыгуу өзгөчөлүктөрү төмөндөгүдөй:

- маселенин аталышы,

- калыптануучу компетенциялардын түрү,

- стимул (эгерде ..., анда ...)

- жекече-маанилүү таанып-билүүчүлүк суроо (маселенин мааниси),

- берилген суроо боюнча маалыматтардын топтому (текст, таблица, график, статистикалык маалыматтар ж.б.),

- маалыматтардын негизинде суроолордун топтому,

- маселени аткаруу үчүн бланк (эгерде түзүлүштүк жоопторду камтыса),

- жооп,

- текшерүү каражаты (баалоо бланкы, ачкычы).

Стимул окуучуну маселени чыгарууга мотивациялайт, маселедеги кырдаалды же башка шарттарын камтыйт, алар маалыматтын булагынын ролун аткарышат:

- окуучуну маселени туура аткарууга мотивациялайт;

- практикалык, турмуштук кырдаалды түзөт;

- зарылчылыгы болгон учурда маалыматтын булагынын функциясын аткарат.

Окуучунун өз алдынча билим алууга карата даярдыгын калыптандыруу үчүн кээ бир теориялык материалды өз алдынча окууга жана даярданууга сунуштоо зарыл, мисалы, маселе түзүү, баяндама жазуу ж.б. Кээде бир эле маселе бир нече компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу учүн шарттарды түзүп калышы ыктымал. Негизинен компетенттүүлүккө багытталган маселелер аркылуу мугалим компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу үчүн жогоруда белгиленген маселелерди өзү түзүшү керектигин белгилеп кетебиз.

Адабияттар

Алтыбаева, М. (2017). Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды иштеп чыгуу. Наука. Образование. Техника, 3-4(60), 54-59.

Алтыбаева, М. ж.б. (2021). Математика боюнча компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар: методикалык колдонмо.

Бекбоев, И. Б. (2004). Инсанга багытталган окутуунун технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (2022). КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 22-июлундагы №393 токтому.

Павлова, Л. В. (2009) Познавательные компетентностью задачи как средство формирования предметно-профессиональной компетентности будущего учителя математики. Известия Российского государственного педагогического университета им. А. И. Герцена, 113, 169-174. [Электрондук ресурс]: http://lib.herzen.spb.ru/text/pavlova113%20169%20174.pdf

Тургунова, Д. М. & Бабаев М. (2022) Окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү окутуунун сапатын жогорулатуунун фактору катары. ОшМУнун Жарчысы. Педагогика. Психология, 1(1), 28-34. EDN: EEXWMU

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.