Научная статья на тему 'НУРМОЛДОНУН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ'

НУРМОЛДОНУН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ Текст научной статьи по специальности «Философия, этика, религиоведение»

CC BY
6
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
каада-салт / дин / философия / рухий кенч / рухий кризис / tradition / religion / philosophy / spiritual heritage / spiritual crisis

Аннотация научной статьи по философии, этике, религиоведению, автор научной работы — Итигулова Жылдыз Кайбалиевна, Токтогулова Н.М

Тарыхка кайрылсак кат-сабаты жоюлбаган ата-бабаларыбыз көркөм өнөрү менен таалим-тарбия берип келгенине күбө болобуз. Бирок, илим-билим, техника өнүккөн доордогу коомдо бир катар кемчиликтер оркойуп чыга келди. Маданиятсыздык, чала сабаттуулук, адеп-ахлактын төмөндөшү, ыймандын азайышы, жырткычтык сапаттардын күчөшү, кайдыгерлик, ыпластык улам өсүп баратат. Коомубуз рухий кризиске туш болду. Мындай шартта келечек муундарга нуска болуп бере турган улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий асыл нарктарга жана жалпы адамзаттык рухий кенчтерге кайрылуу, аларды турмушта колдонуу учурдун талабы болуп калууда. Себеби, руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому. Рухий кризисттен чыгуунун жолу Конфуцийдин сөзү менен айтканда элдик каада-салтты жандандыруу, жайылтуу, “каада-салт бар жерде гана ыйман да күчтүү”.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ETHICAL AND MORAL IDEAS OF NURMOLDO

If we turn to history, we can find that the upbringing of our ancestors was largely based on oral art. However, in a society where science and technology flourishes, a number of shortcomings have been identified. Such qualities as ignorance, illiteracy, immorality, indifference, cruelty all continue to increase. We can safely say that modern society is faced with a spiritual crisis. In this context, the time has come to turn to national spiritual values and universal spiritual treasures, which will serve as a model for future generations, and put them into practice. This is because human society without spirituality is a society of beings. The way out of the spiritual crisis is the reconstruction and dissemination of folk customs and traditions, according to Confucius, "where folk wisdom flourishes, morality is stronger there."

Текст научной работы на тему «НУРМОЛДОНУН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 15-20

ФИЛОСОФИЯ

УДК: 165.9

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 3

НУРМОЛДОНУН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ НРАВСТВЕННО-ЭТИЧЕСКИЕ ИДЕИ НУРМОЛДО ETHICAL AND MORAL IDEAS OF NURMOLDO

Итигулова Жылдыз Кайбалиевна

Итигулова Жылдыз Кайбалиевна Itigulova Yildyz Kaibalievna

ф.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.ф.н., доцент, Ошский государственный университет Ph.D., qssociate professor, Osh State University

Токтогулова Н.М

Токтогулова Н.М Toktogulova N.M

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University

НУРМОЛДОНУН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК ИДЕЯЛАРЫ

Аннотация

Тарыхка кайрылсак кат-сабаты жоюлбаган ата-бабаларыбыз көркөм өнөрү менен таалим-тарбия берип келгенине күбө болобуз. Бирок, илим-билим, техника өнүккөн доордогу коомдо бир катар кемчиликтер оркойуп чыга келди. Маданиятсыздык, чала сабаттуулук, адеп-ахлактын төмөндөшү, ыймандын азайышы, жырткычтык сапаттардын күчөшү, кайдыгерлик, ыпластык улам өсүп баратат. Коомубуз рухий кризиске туш болду. Мындай шартта келечек муундарга нуска болуп бере турган улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий асыл нарктарга жана жалпы адамзаттык рухий кенчтерге кайрылуу, аларды турмушта колдонуу учурдун талабы болуп калууда. Себеби, руханиятсыз адам коому - бул макулуктардын коому. Рухий кризисттен чыгуунун жолу Конфуцийдин сөзү менен айтканда элдик каада-салтты жандандыруу, жайылтуу, “каада-салт бар жерде гана ыйман да күчтүү”.

Ачкыч сөздөр: каада-салт, дин, философия, рухий кенч, рухий кризис.

НРАВСТВЕННО-Э ТИЧЕСКИЕ ИДЕИ НУРМОЛДО Аннотация

Если обратиться к истории, можно обнаружить что воспитание наших предков во многом основывалось на устном художественном творчестве. Однако, в обществе где процветает наука и техника был выявлен целый ряд недостатков. Такие качества как невежество, безграмотность, безнравственность, равнодушие, жестокость все продолжают усиливаться. Можно смело сказать, что современное общество столкнулось с духовным кризисом. В этом контексте настало время обратиться к национальным духовным ценностям и общечеловеческим духовным сокровищам, которые послужат образцом для будущих поколений, и применять их на практике. Это потому, что человеческое общество без духовности есть общество существ. Выходом из духовного кризиса является воссоздание и распространение народных обычаев и традиций, по выражению Конфуция, «где процветает народная мудрость, там сильнее нравственность».

Ключевые слова: традиция, религия, философия, духовное наследие, духовный кризис.

ETHICAL AND MORAL IDEAS OF NURMOLDO Abstract

If we turn to history, we can find that the upbringing of our ancestors was largely based on oral art. However, in a society where science and technology flourishes, a number of shortcomings have been identified. Such qualities as ignorance, illiteracy, immorality, indifference, cruelty all continue to increase. We can safely say that modern society is faced with a spiritual crisis. In this context, the time has come to turn to national spiritual values and universal spiritual treasures, which will serve as a model for future generations, and put them into practice. This is because human society without spirituality is a society of beings. The way out of the spiritual crisis is the reconstruction and dissemination of folk customs and traditions, according to Confucius, "where folk wisdom flourishes, morality is stronger there."

Keywords: tradition, religion, philosophy, spiritual

heritage, spiritual crisis.

ХХ1-кылым илимий-техникалык прогресс жогорку чекке жеткен, эл аралык коммуникациялык бирдиктүү система түзүлгөн, адамзат коому дүйнөлөшкөн кылым болуп калды. Бирок, дүйнөлөшүү доору өзүнүн терс көрүнүшү катары чоң проблемаларды да пайда кылды, алсак адамзат коому эң жогорку руханий жакырлануу, бузулуу, булгануу чегине жеткендиги жашыруун эмес. Руханий жакырчылык адамзатты деградацияга, өлүк маданиятка, жапайы цивилизацияга, экологиялык бузулууга алып келди. Коомдо адамдык рухий нарк-насил кеткенде: адамдар рефлексттик каалоолорго моюн сунуп, коомдук турмушта аморалдык кылмыштар көбөйүп, ач көздүк, адилетсиздик, кайрымсыздык, адам өлтүрүү, бачабоздук, зордук-зомбулук, кароосуз калуу, жетим калуу, баңгилик, аракечтик, дене сатуу, адам сатуу сыяктуу проблемалар тамырлашарын турмуш далилдеп көрсөтүүдө. Андыктан учурдун эң көйгөлүү проблемасы-бул жалпы адамзаттын руханий жакырчылыгын жоюу, рухий нарк-дөөлөттөрүн көтөрүү, адамдык нравалык моралды кайра жаратуу, коомдук турмуштун дүйнөлөшүп бараткан аморалдык, жапайылык, уятсыздык жактарын токтотуу, келечек муунду туура калыптандыруунун жолу катары рухий баалуулуктардын мазмунун ачып көрсөтүү макаланын максаты болду.

Байыркы замандан баштап ушул күнгө чейинки ойчулдар өздөрүнүн философиялык дүйнөгө болгон көз караштарын көркөм чыгармаларында, илимий эмгектеринде мисалы: Сократ, Конфуций сыяктуу даанышмандар кыскача учкул сөздөрү (афоризмдер), диалогдору аркылуу билдирип келишкен. Дүйнөгө болгон көз караштарын, философиясын билдирүү ойчулдар тарабынан ар түрдүү формада, анын ичинде көркөм чыгармалар аркылуу берилиши (Ж.Балсагын, М.Кашкари, Асан Кайгы, кийинчерээк даанышмандар Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок) мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. “Эл канчалык көп убакыт жашаса, элдик тарбиялоо ошончо убакыт кошо жашап келген”,-[1, 29б] деп улуу орус педагогу К.Д. Ушинский туура белгилегендей, элдик тарбиянын изи тарыхтын байыркы тереңине сүңгүп кетет. Демек, биринчи тарбиянын элементтери элдин турмушунан, күнүмдүк практикасынан алынган десек жаңылыштык болбойт.

Кандай кырдаал болсо да ар бир улут, ар бир эл өзүнүн идентификациялануусун издеп, руханий асылдуулуктары аркылуу гана дүйнөлүк маданиятта өзүн сактап калаары шексиз. Албетте, ар бир элдин өзүнүн улуттук бай традициялары бар. Алсак, айрым эл өздөрүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, музыка, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ой-кыялын, максатын, көркөм өнөрүндө: санат-дастандарында, жомокторунда, эпосторунда, айтыштарында, ырларында, күүлөрүндө жана макал-лакаптарында сактаган. Демек, руханий жакырчылыктын жолуна түшпөй, өткөн тарыхыбыздагы улуу инсандардын, жалпы эле кыргыз элинин жашоого, өнүгүүгө болгон акылман мурастарына таянуу менен учур талабына дал келе турган рационалдуу жолдорду таап, келечек муундарды рухий кризистен сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ынансак болот.

Улутубуздун тарыхый жашоо тажрыйбасынын квинтэссенциясы топтолгон элдик бай мурастары биз үчүн көөнөргүс рухий дөөлөт. “Түркүн жылда, түркүн заманда өз убагына жараша зиректер миң жылдап жыйылган элдин мүлкүн өздөштүрүп, колдорунан келишинче өнүктүрүп, көркүнө көрк кошуп шөкөттөп, ар түркүмдөнтүп келишкен. Өзүнчө өңү, өзүнчө тили бар бир тайпа калк болгонунан бери катсыз келген бул калкта сөз өнөрүндөгү төкмөлүк өзүнүн турмуш жагдайына, ой санаасына ылайык көрүнүш болгон. Ойлору кагаз аркалуу эмес,

төгүп ырдоо менен жаралып, элге таралып, төкмө ырчы бойдон келе беришкен. Бул ырчылар бүтүндөй бир журттун теңир таануу, дүйнөнүн башы менен аягы, жашоо эрежеси, зорлук менен боорукерлик түшүнүгү, элчилик, достук парызы, деген ой туйгуларын, ой жыйымдарын бир өзөккө жүз тилик тасманы бир өргөн сыяктуу бир бүтүн жумуру фалсафа тизимге жыйнашкан” [2, 550б.].

Андай дөөлөттөр тутумун ойчулдук, чечендик, көрөгөчтүк, мүдаристик ишмердиктер аркылуу философиялык көз караштарды өзүнө сиңире алган даанышман Нурмолдо Наркулдун чыгармачылыгын айтсак болот. Ал ХГХ-кылымдын аягы XX-кылымдын башында (1838— 1920) Ала-Букада жашап өткөн улуу акын, акын гана эмес, учурунда дубанга белгилүү мударис, медреседе бала окуткан таланттуу агартуучу-педагог да болгон. Анын өз тушунда окуу-тарбия ишинде көрсөткөн өрнөк-таалими жана калтырган этикалык-нравалык идеялары биз үчүн табылгыс мурас. Окуучу, шакирттеринин эскерүүлөрүнө таянсак, Нурмолдо маданияты бийик, чебер устат болгон.

Элден дин безер, эссиздер ырыс кесер,

Бирдин кесепети миңге - миңдики түмөнгө өтөр.

Эченден кун кетер, эселектер баш кесер,

Ыйман асманга безер, ошондо жакшылар,

Сактантса сактандыңар, сактантпаса карыңар

Акыр заманга капталдыңар,- [3, 62 б.]

деген ыр саптары дүйнө өнүгүп, өзгөргөн сайын улам жаңы маданият үстү-үстүнө кошулуп отуруп бүгүнкү күндөгү кыргыз коому кептелген көйгөйлүү көрүнүш пайда болуп, кыргыз дүйнөнү кыргыздын көзү менен көрбөй, тааныбай кала турганын туйгандай, коомдук өнүгүүгө объективдүү маани берип жакшылык менен жамандыкты, адал менен арамды туура аңдап билүүгө, адеп-ахлакка, этияттыка, тартипке чакырган коңгуроодой угулат.

Нурмолдонун түшүнүгүндө “билим” адамдын аң-сезимин өстүрүүчү, таанып билүүсүн өркүндөтүүчү жана анын негизинде адеп-ахлакты калыптоочу күчкө ээ жана коомдун рухий деңгээлин көтөрүүдө негизги орунда турат. Билим, агартуучулук адамзат коомунун ар кандай формасынын маданий динамикасындагы негизги фактор болуп саналат. Дегеле маданият түшүнүгүн билимсиз, агартуусуз элестетүүгө болбостугун:

Башыңа кыйын иш түшсө,

Акылман табат айласын.

Марткерлер чыкса калкындан,

Жалпы журт көрөт пайдасын, - [3, 67 б.]

деп айтканынан адамды байлык-мансабына эмес, алган билимине, ички маданиятына карап баа берүү кылым кыйырын кечкен кыргыз салты болуп келгенин баамдоо кыйын эмес. Ушул улуу салтты ыйык туткан эл нечен доордун кыйырын басып өтүп, кандай күн болбосун, ар качан билимге, маданиятуулукка умтулганы, тарбияга маани берип жашап келишкени көрүнүп турат.

Нурмолдонун чыгармачылыгы элдин тагдырын ар тараптуу: жашоо-тиричилик, жоопкерчилик, үй-бүлө шарттары, салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш жана башка ушул сыяктуу маселелерди кеңири жана толук камтыган даанышмандык поэтика гана эмес, бүткүл кыргыз элинин этноруханий казынасы десек ашыкча болбос. Анда өткөндүн үнү гана эмес,

жаңынын жаңырыгы да бар, патриоттук сезимдерди ойготуп, Мекенди көздүн карегиндей сактоого, улут үчүн кам көрүүгө, жигиттик намыс үчүн күрөшүүгө:

Чындыгы үчүн коомдун,

Карабаймын көзүңө.

Жөн-жайын билбей касташсаң,

Жаным курман элиме!- [3, 70 б.]

деген чакырыктар жатат. Акын өмүрүнүн акырына чейин агартуучулук чыгармачылык ишмердүүлүгү менен өз элинин сабаттык, билимдик потенциалын, рухий деңгээлин көтөрүүгө, байыртадан калыптанып, толукталып келаткан этномаданий баалуулуктарды сактап калууга жана өнүктүрүүгө чын дилден аракеттенген.

Тарбия адамдардын инсандык калыптанышындагы өтө татаал процесс экени баарыбызга белгилүү. Ал моралдык укук жана нормаларды, баалуулуктарды өз ичине камтыйт, андыктан туура тарбиялоо, келечекке туура багыт берүү өз мезгилине, коомдун өнүгүп-өзгөрүүсүнө жараша болоорун эрте эле эске салгандай:

Обонун таап ырдасаң, үнүң болгой замана,

Тарбияңа жараша уулуң болгой замана [3, 91 б.].

Албетте, салт-санаа муундан муунга өтүп, өзүнүн нукуралыгын жоготпойт жана эл унутпай, колдонуп, сактап келгени менен баалуу. Анын тамыры тереңге кетет, өзөгү мурдатан калыптанып келген, бирок мезгилдер өткөн сайын каада-салттар да өзгөрүлүп барат. Бул нерселер нормалдуу эле көрүнүш, анткени илгерки мезгилдеги салттар менен кийинки мезгилде пайда болгон жаңы жөрөлгөлөрдүн арасында айырмачылыктар арбып, күн сайын жашоо өзгөрүлүп баратат. Ааламдашуу шартында чек аралар акырындык менен жоюлган сыяктуу, маданий чек аралар да билинбей жоголуп барат.

Учурда компьютердик программалар басымдуулук кылып, руханий-ыймандык өнүгүү четтеп, пайда болгон вакуумду Батыштык маданияттын стандарттары жана ирээтсиз стихиялуулук ээлеп бараткандай. Бугунку интернеттеги ылганбаган маалыматтар, музыка, оюндар өспүрүмдөрдү тез эле азгыра алды. Андыктан, коомду каптаган рухий кризистин шартында жаштарды тарбиялоого нуска болуп бере турган улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий адептик-ыймандык асыл нарктарга жана жалпы адамзаттык моралдык-нравалык кенчтерге көңүл буруу мезгилдин талабы болуп калууда. Нурмолдонун:

Заман жаман дегенге, зарлап кайгы жегенге,

Табыш лаазым бир айла,- [3,55 б]

дегениндей, массалык маалымат каражаттарында, теле-радиодо улуттук колориттеги берүүлөрдү көбөйтүү, жеткинчектер үчүн атайын берүүлөрдү уюштуруу, орто мектептерде жана ЖОЖдордо этика-эстетика, адеп сыяктуу сабактарга басым коюу, (кино, искусство, музыка, театрды өнүктүрүү, алар аркылуу кооздукту, сулуулукту, гармонияны таанытуу) коомдук иш-чараларды уюштуруу, жарнамаларды чыгаруу, жайылтуу учурдагы актуалдуу маселелердин бири.

Тарыхый мурастар улуттун маданий баалуулуктар казынасын калыптоо менен бирге эле коомдун социомаданий өнүгүүсүнүн өзөгүн түзүп турат. “Элдик мурасты үйрөнүү -маданиятты диалектикалык түшүнүүгө, коомду ыймандык тазалоого көмөк көрсөтүүчү

байыркы наркталган баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоого, ошондой эле өткөн муундардын тажрыйбаларын өздөштүрүүгө, азыркы учурду таанууга жана келечекти көрө билүүгө ачкыч болуп саналат” [4, 49 б.].

Демек, улуттун рухий дөөлөттөрүн терең өздөштүрүү, аны пайдалануу учурдун инструктивдүү идеологиялык ориентири болору талашсыз. Албетте, биз өз каада-салтыбызды, маданиятыбызды, тарыхыбызды коргоп, сакташ үчүн дайыма, ар убакта аракет көрүшүбүз керек, анткени рухий баалуулуктардын түгөнгүс булагы - элдин өзү. “Руханиятсыз адам коому - бул макулуктардын коому”. Улуу Кытай философу Конфуцийдин сөзү менен айтканда: “Рухий кризисти чечүүнүн жолу элдик каада-салтты колдонуу, каада-салт бар жерде гана ыйман да күчтүү” [5, 279б].

Колдонулган адабияттар

1. Байгазиев С. - Педагогикалык руханият - Бишкек, 2008; 29, 25 б-т.

2. Касымбеков Т. Кел кел. - Бишкек,- 2019. 550б.

3. Итигулова Ж.К. “Нурмолдо Наркулдун дүйнөтаанымына тарыхый-философиялык анализ” диссертация- 2007, 62; 67; 70; 87; 91б.

4. Нарынбаев И.А. Возникновение и развитие философии как науки в Кыргызстане. -Бишкек, - 2000. 49б.

5. Душенко К.В. Мысли и изречения древних. -Мосвка, - 2008. 279б.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.